Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 28-декабрындагы 

N 95\4 токтомуна карата 

тиркеме 

Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча 

НУСКОО 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-июнундагы № 2019-П-13/33-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Нускоо Улуттук банк тарабынан жөнгө салуучу жана лицензиялануучу банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары финансы-кредит уюмдары) кассирлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жеке адамдар жана юридикалык жактар менен эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда улуттук валютанын шектүү банкнотторун жана монеталарын таап алууда (мындан ары шектүү банкноттор/монеталар) иш алып барууларынын негизги максаттарын, милдеттерин жана тартиптерин аныктайт. 

2. Ушул Нускоого ылайык, финансы-кредит уюмдардын кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүн жасалма акча жасоочулуктан коргоонун натыйжалуу системасын түзүүгө, жасалма банкноттордун/монеталардын бетин ачуу боюнча натыйжалуу чараларды жүзөгө ашырууга жана алардын андан ары колдон-колго өтүп кетишин четтетүүгө багытталууга тийиш. 

3. Шектүү банкноттор жана монеталар бул, бир катар техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан чыгарылгандыгына шектенүүнү жараткан банкноттор/монеталар. 

4. Шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгында алардын техникалык спецификациясы анык банкноттордун техникалык спецификациясына дал келбегендиги белгиленсе, алар жасалма катары таанылат. 

5. Шектүү банкноттор/монеталар экспертизадан өткөрүү үчүн Улуттук банкка, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары Финансы полициясы)/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин (мындан ары ИИМ)/Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары УКМК) жакын жайгашкан бөлүмүнө берилүүгө тийиш. 

6. Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын күч структуралары менен жасалма банкнотторду/монеталарды табуудагы биргелешкен аракеттери "Улуттук банктын, Ички иштер министрлигинин, Финансы полициясынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Адилет министрлигинин жана Сот департаментинин жасалма акча жасоочулукка каршы күрөшүүнүн алкагында кызматташуусу жөнүндө" Келишимдин шарттары менен регламенттелет. 

2. Финансы-кредит уюмдардын кассирлеринин шектүү банкнотторду/монеталарды табуудагы иштери 

7. Финансы-кредит уюмдарынын касса кызматкерлеринин колунда банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү үчүн детекторлор жана жабдуулар, ошондой эле маалымдама жана методикалык материалдар менен камсыз болууга тийиш. 

Сунушталган детекторлор жана жабдуулар: 

- чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү); 

- жарыкка салып караганда банкноттун аныктыгын текшере алган жабдуу; 

- ультракөгүш нурун чыгарган булак; 

- өлчөө сызгычы; 

- инфракызыл нурдун чагылышында байкалган коргоо белгилерин текшерүү үчүн жабдуу; 

- банкноттогу магниттик коргоо белгилерин текшерүүчү жабдуу  

8. Коммерциялык банктардын депозиттерди тартууга лицензиясы бар финансы-кредит уюмдарынын касса кызматкерлери төлөм каражаттарынын аныктыгын текшерүү боюнча окуудан көзкарандысыз окуу борборлордон өтүүсү жана ага ылайык сертификат алуусу зарыл. 

9. Шектүү банкноттор/монеталар табылган бардык учурларда, атап айтканда: 

1) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (мындан ары - кардар) нак акчаларды кабыл алууда; 

2) кассирлер тарабынан кардарлардан кабыл алынган нак акчалардын арасында шектүү банкнотторду/монеталарды табууда; 

3) финансы-кредит уюмдардын кассаларына ревизия жүргүзүү учурунда шектүү банкнотторду/монеталарды табышкан кассирлер же башка адамдар аларды алып салуу боюнча чараларды ушул Нускоонун талаптарына ылайык кабыл алууга милдеттүү

10. Кардарлардан нак акчаларды кабыл алып жатканда шектүү банкноттор/монеталар табылган шартта, кассир кардарга экспертизадан өткөрүү жөнүндө арыздын бланкасын толтуруу үчүн берет (1-тиркеме). Кардар арыздын бланкасын толтуруудан баш тартса, анда, кассир өзү шектүү банкноттордун/монеталардын табылышынын жагдайын толук жазып толтурууга тийиш. Арыздын бланкасындагы бардык пункттар толук жана түшүнүктүү толтурулууга тийиш. 

11. Кардарга экспертизага кабыл алынган шектүү банкноттун суммасы боюнча, алардын номиналын, санын жана сериялык номерлерин көрсөтүү менен квитанция берилет (2-тиркеме). 

12. Финансы-кредит уюмдарында нак акчаларды эсептөөдө шектүү банкноттор/монеталар табылган учурда кассир, экспертизадан өткөрүү жөнүндө арызды өз атынан толтурууга жана аны банкнот/монета менен бирге Улуттук банк мекемесинин бириндеги Жүгүртүү кассасына (мындан ары Жүгүртүү кассасы) же болбосо Финансы полициясынын/ИИМ/УККМ аймактык башкармалыгынын жакын жерде жайгашкан бөлүмүнө бир иш күнү ичинде жөнөтүүгө милдеттүү

13. Кассир шектүү банкноттун табылгандыгы фактысы жөнүндө өзүнүн жетекчилигине же башка ыйгарым укуктуу адамдарга токтоосуз маалымдоого милдеттүү

14. Арыз менен кошо финансы-кредит уюмдарынын кассирлери тарабынан эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда табылган бардык жасалма банкноттор/монеталар Жүгүртүү кассасынан Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө, (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнө/Областтык башкармалыктардын кассалык операциялар тобуна) же Финансы полициясынын/ИИМ/УККМ жакын жайгашкан бөлүмүнө коштомо кат менен бирге, бир жумуш күнү ичинде жөнөтүлүүгө тийиш. 

15. Шектүү банкноттор/монеталар табылган ар бир учурда, Улуттук банктын областтык башкармалыктары экспертизадан кийин ушул Нускоонун 21-пунктуна ылайык белгиленген формада бул жөнүндө Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө маалымдоого тийиш. 

16. Нак акчаларды Улуттук банкта (же Улуттук банктын областтык Башкармалыктарында) эсептөөдө жана иргөөдө шектүү банкноттор/монеталар табылып калган учурда, Улуттук банктын ченемдик документтерине жана нускоо материалдарына ылайык иш алып баруу зарыл. 

17. Финансы-кредит уюмдары шектүү банкнотторго байланыштуу бардык аракеттерди бүткөрүүгө жана бул тууралуу кардарларга 10 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү

3. Шектүү банкнотторду/монеталарды Улуттук банкта экспертизадан өткөрүүнүн тартиби 

18. Шектүү банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү же Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын Акча жүгүртүү бөлүмү/кассалык операциялар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүү үчүн акы төлөнбөйт. 

19. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча протокол толтурулат (3-4-тиркемелер) жана экспертизанын корутундусу экспертизадан өткөрүү жөнүндө келип түшкөн арызга кошо тиркелет. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн начальниги (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/Областтык башкармалыгынын начальниги) документтердин туура толтурулгандыгын текшерет, протоколду жана арыздын бланкасындагы экспертизанын корутундусун өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрөт. 

20. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жана Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/Областтык башкармалыктарынын кассалык операциялар тобу шектүү банкноттордун/монеталардын экспертизасына байланыштуу бардык жол-жоболорду бүткөрүүгө жана шектүү банкноттордун/монеталардын табылган жери боюнча экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү

21. Республиканын банк тутумунда табылган жасалма банкноттордун/монеталардын борборлоштурулган эсепке алуусун Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жүргүзөт (5-тиркеме). 

22. Жылына эки жолу жасалма банкноттор/монеталар боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдоо үчүн Улуттук банктын областтык башкармалыктары Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө ошол аймакта табылган жасалма банкноттор/монеталар жөнүндө маалыматты белгиленген формага ылайык жөнөтүүгө милдеттүү (6-тиркеме). 

4. Экспертиза өткөрүлгөндөн кийин шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу 

23. Эгерде шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча алар анык банкнот/монета катары белгиленсе (1): 

1) экспертиза үчүн жоопкерчиликтүү адам экспертизанын корутундусу менен арызды банкнот/монета менен бирге Жүгүртүү кассасына жөнөтөт. Кассир кардарды экспертизанын корутундусу менен тааныштырат, кардар аны менен таанышкандыгын арызга кол коюу менен тастыктайт жана кассир кардарга эксперттик корутундуда көрсөтүлгөн сумманы берет. Арыз Жүгүртүү кассасынын кассалык документтерине тиркелет, ал эми кардардын өтүнүчү боюнча ага арыздын көчүрмөсү берилиши мүмкүн. Кардар кассирге шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууда берилген квитанцияны кайтарып берүүгө тийиш. 

24. Эгерде, шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгында алардын жасалма (2) экендиги тастыкталса, банкнотко "ЖАСАЛМА" деген штамп коюлат. Мында: 

1) экспертиза үчүн жоопкерчиликтүү адам экспертизанын корутундусу менен арызды Жүгүртүү кассасына жөнөтөт. Кассир кардарды экспертизанын корутундусу менен тааныштырат, кардар аны менен таанышкандыгын арызга кол коюу менен тастыктайт. Кардар кассирге шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууда берилген квитанцияны кайтарып берүүгө тийиш. Арыз Жүгүртүү кассасынын кассалык документтерине тиркелет. Кардардын өтүнүчү боюнча ага арыздын көчүрмөсү берилиши мүмкүн; 

2) жасалма банкноттор/монеталар кардарга кайтарылып берилбейт жана алмаштырылбайт. 

25. Жасалма банкноттор/монеталар үчүн материалдык жоопкерчиликти төмөндөгү учурларда: 

1) нак акчаларды финансы-кредит уюмдарына тапшыруу учурунда кардар мойнуна алат; жасалма банкноттордун/монеталардын суммасы тапшырылуучу акчалар боюнча көрсөтүлгөн суммада эсепке алынбайт; ал эми банктын кассири ушул нускоонун 10-17-пункттарына ылайык иш алып барууга милдеттүү

2) финансы-кредит уюмдарынын кассирлери тарабынан таңылчактагы нак акчаларды кайрадан эсептеп чыгууда жана иргөөдө, жасалма банкноттор/монеталар табылган финансы-кредит уюмдун кассири жоопкерчилик тартат. 

26. Экспертизага жоопкерчиликтүү адамдар жасалма банкнотторду/монеталарды экспертиза жүргүзүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде, тергөө ишин жүргүзүү үчүн алардын табылган орду боюнча Финансы полициясынын/ИИМ/УККМ мекемелерине беришет. 

27. Жасалма банкнотторду/монеталарды Финансы полициясынын/ИИМ/УККМ мекемелерине тергөө ишин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү, Жасалма банкнотторду/монеталарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык жүргүзүлөт (7-тиркеме). Акт эки нускада түзүлөт, анын бири жасалма банкноттор/монеталар менен бирге, арыздын жана протоколдун көчүрмөсү менен Финансы полициясынын/ИИМ/УККМ жакын жердеги бөлүмүнө берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын документтеринде сакталат. 

28. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жасалма банкноттордун/монеталардын жаңы түрлөрү табылган учурда бул тууралуу республиканын калкына токтоосуз маалымдайт. 

(1) Анык банкноттор/монеталар Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган банкноттор/монеталар. 

(2) Жасалма банкноттор/монеталар - банкноттордун жана монеталардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча жасалма катары таанылган банкноттор/монеталар. 

  

 

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

1-тиркеме 

  

_________________________________________________________________________________________ 

(уюмдун аталышы жана дареги) 

_________________________________________________________________________________________ 

(банкнотту/монетаны экспертизага тапшырган адамдын аты-жөнү

_______________________________________________________________________________________ 

(паспорттук маалыматтары жана катталган дареги) 

  

№ ______ АРЫЗ 

Төмөндөгү шектүү банкнотторду экспертизага кабыл алууңузду өтүнөм: 

  

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Сериялык номери 

Табылган учуру 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__-жыл "___" _______________ Колтамгасы ____________________________________________ 

(арыз ээсинин аты-жөнү жана колтамгасы  

20__-жыл "___" ____________________ № _________ ЭКСПЕРТИЗАНЫН КОРУТУНДУСУ: 

_________________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын экспертиза жүргүзгөн мекемесинин аталышы)_________________________ 

_________________________________________________________________________________ 

Экспертиза жүргүзүлдү:  

_________________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________________ 

(экспертиза жүргүзгөн адамдын аты-жөнү жана колтамгасы)) 

 

Нак акча менен иш алып баруу 

башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн 

начальниги (же Улуттук банктын Акча 

жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык 

башкармалыгынын начальниги):____________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана колтамгасы) 

Экспертизанын корутундусу менен тааныштым:_______________________________________________ 

(Кардардын аты-жөнү жана колтамгасы) 

 

(Бардык пункттарды таза жана түшүнүктүү толтурсаңыз!) 

 

  

  

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

2-тиркеме 

  

_____________________________________________________________________________________ 

 20__-жылдын "____" _________________ № _________________ 

КВИТАНЦИЯ 

Экспертизага ______________________________________ сом _____________ тыйын 

(сан жана жазуу менен) 

суммасында __________________________________________________________даана шектүү банкноттор кабыл алынды. 

Банкноттун сериялык номери:_________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

Банкнотту кабыл алган адамдын аты-жөнү жана кол тамгасы 

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(мекеменин аты) 

 

20__-жылдын "___" _________________ 

  

 

(Улуттук банктын корутундусу менен таанышкан соң, квитанцияны берип койсоңуз!) 

  

 

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

3-тиркеме 

 __________________________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын экспертиза өткөргөн мекемесинин аталышы) 

20__-жылдын "____" _________________ № ______ ЭКСПЕРТИЗАНЫН ПРОТОКОЛУ 

 Шектүү банкнот __________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________________ келип түштү 

(уюмдун аталышы жана дареги, же кардардын аты-жөнү,  

_________________________________________________________________________________________ 

катталган орду же үй дареги, паспорттун № жана сериясы) келип түштү

  

Экспертизанын жыйынтыгында төмөндөгүлөр белгиленди: 

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Сериялык номери 

Саны 

Шектүү банкноттун өлчөмү, мм х мм (мм х мм - банкноттун техникалык спецификациясына ылайык өлчөмү

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

1. Кагаздардын сапаты (УФ жарыгында көрүнүшү

2. Суу белгиси 

3. Суу белгиси-электротип 

4. Өтмө регистр 

5. Коргоо тилкелери 

6. Булалардын сапаты (УФ жарыгында көрүнүшү

7. Голограмма, фольга 

8. SPARK элементи (5000 сомго) 

9. Жашыруун сүрөттөлүш 

10. Алдыңкы бетиндеги сүрөттөлүштүн рельефтүүлүгү 

11. Микротекст 

12. Басуунун ыкмасы 

13. УФ жарыгында көрүнгөн сүрөттөлүштөр 

14. ИК жарыгында көрүнгөн сүрөттөлүштөр 

15. Кошумча маалыматтар (өзгөчөлүктөрү): 

КОРУДУНДУ: 

_________________________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________________________ 

Экспертиза жүргүзүлдү: ____________________________________________________________________ 

(экспертиза жүргүзгөн адамдын аты-жөнү жана колтамгасы) 

Нак акча менен иш алып баруу 

башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн 

начальниги (же Улуттук банктын Акча 

жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык 

башкармалыгынын начальниги):______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана колтамгасы) 

  

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

4-тиркеме 

  

 _________________________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын экспертиза өткөргөн мекемесинин аталышы) 

 

20__-жылдын "____" _________________ № _______ ЭКСПЕРТИЗАНЫН ПРОТОКОЛУ 

Шектүү монета ___________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________келип түштү 

__________________________________________________________________________________________ 

(уюмдун аталышы жана дареги, же кардардын аты-жөнү

__________________________________________________________________________________________ 

катталган орду же үй дареги, паспорттун № жана сериясы) келип түштү

  

Экспертизанын жыйынтыгында төмөндөгүлөр белгиленди: 

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Саны 

Шектүү монетанын диаметри, мм (мм монетанын техникалык спецификациясына ылайык) 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Металлдын сапаты 

2. Даярдоо ыкмасы 

3. Аверседеги жана реверседеги сүрөттөлүштүн рельефтүүлүгү 

4. Гурт 

5. Кошумча маалыматтар (өзгөчөлүктөрү): 

  

КОРУТУНДУ:  

_________________________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________________________ 

Экспертиза жүргүзүлдү: ____________________________________________________________________ 

(экспертиза жүргүзгөн адамдын аты-жөнү жана колтамгасы) 

Нак акча менен иш алып баруу 

башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн 

начальниги (же Улуттук банктын Акча 

жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык 

башкармалыгынын начальниги):______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана колтамгасы) 

  

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

5-тиркеме 

Улуттук Улуттук банкка келип түшкөн жасалма банкноттор жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР БАЗАСЫ 

№ 

Номиналы 

Банкнот үчүн сериялык номери 

Чыгарылган жылы 

Келип түшкөн күнү 

Келип түшкөн булактар, көрсөтүлсүн: - жеке адамдын аты-жөнү, дареги; - юрид. жактын дареги; - кайра эсептөө кассасынын же Улуттук банктын иргөө тобунун актысынын №, таңычагынан/ кабынан жасалма акча табылган коммерциялык банктын аталышы 

Жасалма акчаны даярдоо ыкмасы (жасалма акчаларды кодификациялоо) 

Саны 

Толтурулган күнү 

Эскертүү (протоколдун №) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

6-тиркеме 

20__-жылдын "__" ________ "___" _______чейинки мезгил ичинде табылган улуттук валютанын жасалма банкноттору жана монеталары жөнүндө 

ОТЧЕТ 

Номиналы 

Банкнот үчүн сериялык номери 

Чыгарылган жылы 

Келип түшкөн күнү 

Келип түшкөн булактар, көрсөтүлсүн:  

- жеке адамдын аты-жөнү, дареги;  

- юрид. жактын дареги;  

- кайра эсептөө кассасынын же Улуттук банктын иргөө тобунун актысынын №, таңычагынан/кабынан жасалма акча табылган коммерциялык банктын аталышы 

Жасалма акчаны даярдоо ыкмасы (жасалма акчаларды кодификациялоо) 

Финансы полициясына/ИИМ/УККМ жөнөтүлгөн күнү 

Эскертүү (протоколдун № жана экспертиза жүргүзүлгөн күн) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Улуттук банктын Акча жүгүртүү 

бөлүмүнүн/областтыкбашкармалыгынын начальниги): ______________________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана колтамгасы) 

Башкы адис __________________________________________________________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана колтамгасы) 

 

 

Улуттук валютанын шектүү 

банкноттору жана монеталары 

менен иш алып баруу 

боюнча Нускоого 

7-тиркеме 

20__-жылдын жасалма банкнотторду кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча 

№ ____ АКТЫСЫ 

__________________________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын мекемесинин аталышы) 

атынан ____________________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы) 

___________________________________________________________________________ өткөрүп берди  

(укук коргоо органы) 

атынан ___________________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы) 

төмөндөгү опистерге ылайык, жасалма банкнотторду/монеталарды өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырышты. 

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Банкнот үчүн сериялык № 

Саны 

Жасалма акчаны даярдоо ыкмасы 

Келип түшкөн булактар 

Протоколдун № 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Тиркемелер: 

жасалма банкноттор/монеталар 

___________________________________________даана 

  

арыздын көчүрмөсү 

___________________________________________барак 

  

протоколдун көчүрмөсү 

___________________________________________барак 

  

 

Улуттук банктын өкүлү _____________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кол тамгасы) 

Финансы полициясынын/ИИМ/УККМ өкүлү __________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кол тамгасы) 

Кызматтык күбөлүгү _______________________________________________________________________