Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 

токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу  

эрежелери жөнүндө жобо  

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 31-январындагы № 2/1, 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12, 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 15/5, 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА)) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

   

Жободо Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги №15/5 токтомунун редакциясына ылайык).  

   

I бөлүк. Жалпы жоболор  

   

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ (анын ичинде жүгүртүүдөн алынуучулар), жасалма белгилерин камтыбаган, зыян келтирилбеген, бирок төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон банкноттор жана монеталар Кыргыз Республикасынын төлөө күчүндөгү банкноттору жана монеталары болуп саналат:  

а. кир чалган, эскирген, айрылган, сүрүлүп калган, көзөнөкчө болуп бир аз тешилген, чекелерине жазылып, так түшкөн, штамптардын оттисктери коюлган, бурчу, чети тытылган, бирок банкноттун аянтынын 50 пайызынан көбү сакталып калган банкноттор;  

б. айрым бир зыянга учураганы менен алдынкы, арткы бетиндеги (аверс/реверс) сүрөттөлүштөрү жана баштапкы калыбы жана салмагынын кеминде 80 пайыздан сакталып калган монеталар.  

2. Төлөө күчүндөгү банкноттор/монеталар эсептешүүлөрдө жана төлөөлөрдө бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан эч кандай чектөөлөрсүз кабыл алынууга тийиш.  

3. Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктарда алмаштырууга болот:  

3.1 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилерди камтыбаган, төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон банкнотторду алмаштырууга болот:  

а. фрагменттерин негизинен жоготкон (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) бирок аянтынын кеминде 80 пайызы сакталып калган банкноттор;  

б. бир банкнотко тиешелүү болгон бир же бир нече фрагменттерди чаптоо аркылуу (фрагменттердин санын эсепке албаганда) банкноттун баштапкы аянтынын кеминде 80 пайызын түзгөндөй болуп кураштырылган банкноттор;  

в. түсү өзгөргөн, бирок жарыкка салып кароодо сүрөттөлүштөрү так көрүнгөн банкноттор;  

г. даярдоочунун бракка жол берүүсү.  

3.2 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, бирок төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон монеталар:  

а. баштапкы формасынын өзгөрүшү (ийилип, мырыйган, өгөлгөн), бирок аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү сакталган;   

б. жогорку температуранын жана башка алардын өзгөрүшүнө түрткү берген кесепеттүү жагдайлардын таасири (эритилген, оюлуп калган, түсүн өзгөрткөн);  

в. даярдоочунун бракка жол берүүсү.  

4. Коммерциялык банктар, эгерде аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса, ушул жобонун 1 жана 3-пунктуларында көрсөтүлгөн банкнотторду/монеталарды түздөн-түз кабыл алгандан кийин жарактуу1 банкноттун/монетанын эквиваленттүү (алмаштырылган) суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү аркылуу, же коммерциялык банкта ачылган банк эсебине чегерүү жолу аркылуу алмаштырууга милдеттүү. Эгерде банкнот/монета шектенүүнү жаратса, анда мындай банкноттор/монеталар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына экспертизага жөнөтүлүп, Улуттук банк аларды алмаштырган учурда алмаштырылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мекемелеринде (мындан ары - Улуттук банк) төмөнкүлөр алмаштырылып берилүүгө тийиш:  

5.1 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, бирок төмөнкүдөй жагдайларга туш болгон банкнотторду 100 пайыз суммасында алмаштырууга болот:  

а. олуттуу фрагментин жоготкон (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) бирок аянтынын кеминде 51 пайызы сакталып калган банкноттор;  

б. бир банкнотко тиешелүү болгон бир же бир нече фрагменттерди чаптоо аркылуу (фрагменттердин санын эсепке албаганда) банкноттун баштапкы аянтынын кеминде 51 пайызын түзгөндөй болуп кураштырылган банкноттор;  

в. түсү өзгөргөн, бирок жарыкка салып кароодо сүрөттөлүштөрү так көрүнгөн банкноттор;  

г. даярдоочунун бракка жол берүүсү

д. укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 31-январындагы № 2/1 токтомунун редакциясына ылайык).  

5.2 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, баштапкы аянтынын 50 пайызын сактап калган (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) банкноттордун номиналынан 50 пайыз суммасында. Аянтынын 50 пайызга жетпегени сакталып калган банкноттор кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт.   

5.3 Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, салмагынын 80 пайызы сакталган шартта аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү калган жана төмөнкүдөй жагдайларга туш болгон монеталардын номиналынын 100 пайыз суммасында:  

а. баштапкы формасы өзгөрүп калган (ийрейген, мыйрылган, өгөөлөнгөн), бирок аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү сакталган;  

б. жогорку температуранын жана башка алардын өзгөрүшүнө түрткү берген кесепеттүү жагдайлардын таасири (эритилген, оюлуп калган, түсүн өзгөрткөн);  

в. даярдоочунун бракка жол берүүсү.  

Зыянга учураган, аянтынын 80 пайызынан азы сакталып калган монеталар кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт.  

6. Улуттук банк, эгерде аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса, ушул жобонун 1 жана 5-пунктуларында көрсөтүлгөн банкнотторду жана монеталарды түздөн-түз экспертизага кабыл алгандан кийин жарактуу банкноттун жана монетанын эквиваленттүү (алмаштырылган) суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү аркылуу, же коммерциялык банктардын биринде жеке адамга же юридикалык жакка ачылган банк эсебине чегерүү жолу аркылуу алмаштырууга милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

 

II бөлүк. Банкнотторду жана монеталарды экспертизага кабыл алуунун тартиби  

   

7. Банкноттор жана монеталар алмаштырууга жана экспертизага анын аныктыгын жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө жана экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө анда белгилөөгө боло тургандай түрдө берилүүгө тийиш.  

8. Банкноттун күйүп калгандан кийинки үбөлөнгөн чети, ошондой эле химикаттар менен иштетилген банкноттор экспертизаны жана алмашууну жүзөгө ашырууда купюралардын бөлүгүн жоготуп албоо үчүн скотч же желим менен чапталууга тийиш.  

9. Жуулган жана нымдалып калган банкноттор, ошондой эле үзүндү фрагменттерден турган банкноттор жука кагаздын бетине бириктирилип чапталган түрүндө берилет. Эгерде банкнот ар кандай банкноттордун бөлүгүнөн түзүлсө, анда ал бир нече өзүнчө банкнот катары каралат.  

10. Жугуштуу оорулар тараган жерден түшкөн банкноттор экспертизага кабыл алынбайт жана Кыргызстандагы каратумоого (чумага) каршы станциянын адистери дезинфекциялык тазалоодон өткөрүүгө тийиш, тазаланып жана ал боюнча тиешелүү корутунду алынгандан кийин, дезинфекцияланган банкноттор экспертизага кабыл алынышы мүмкүн.  

11. Банктын кассири зыянга учураган банкнотту/монетаны өтүнүч каттын негизинде алмашууга кабыл алат (1-тиркеме). Өтүнүч менен кайрылган адамга экспертизага кабыл алынган банкноттун/монетанын суммасын жана санын көрсөтүү менен квитанция берилет (2-тиркеме). Эгерде банкнот/монета экспертизадан өткөрүүнү талап кылбаса, банктын кассири эскилиги жеткен2 банкнотту/монетаны жарактуусуна алмаштырып берет, мында эч кандай документтер толтурулбайт.  

12. Аянтынын 80 пайызынан көбүрөөгү сакталып калган банкноттор коммерциялык банктарга алмашууга өткөрүлөт. Ал эми аянтынын 50 пайызынан 80 пайызына чейин сакталган банкноттор Улуттук банкка экспертизага берилет. Аянтынын 50 пайызынан аз сакталып калган банкноттор кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт.  

13. Банкноттун/монетанын төлөө күчүнө экспертиза Улуттук банк тарабынан беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Протокол түзүлүп, ага экспертиза жүргүзгөн адам кол коет (3-тиркеме). Банкнотту экспертизадан өткөрүү Протокол башкы документ болуп саналат жана анын негизинде банкнотторду алмашуу же андан баш тартуу тууралуу акыркы корутунду чыгарылат.  

14. Банкноттун/монетанын төлөө күчү аныкталгандан кийин өтүнүч менен кайрылган адамга экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн банкнот жана монета көрсөтүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкандан кийин, өтүнүч менен кайрылган адам экспертизага кабыл алынгандыгы жөнүндө квитанцияны кайтарып берүүгө жана арызга кол коюуга тийиш. Бетине «АЛМАШТЫРЫЛСЫН» же «АЛМАШТЫРУУДАН БАШ ТАРТЫЛГАН» деген штамп коюлган банкноттор жана зыянга учураган монеталар кардарга кайтарылып берилбейт.  

15. Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин, аламаштырылып берилүүгө тийиш болгон банкноттун/монетанын суммасы банкнотту жөнөткөн банктын эсебине чегерилет. Акчанын чегерилиши жөнүндө маалымат банкнотту түздөн-түз жөнөткөн банкка же анын филиалына маалымдалат (4-тиркеме).  

16. Ушул жобонун 1, 3 жана 5-пунктуларында көрсөтүлгөн зыянга учураган банкнотторду/монеталарды жарактууга алмаштыруу, ошондой эле бир нарктагы банкнотту/монетаны Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда башкасына алмаштыруу суммаларды чектөөсүз жана кызмат акысыз жүргүзүлөт.  

Коммерциялык банктарда зыянга учураган банкнотту/монетаны алмаштыруудан же бир нарктагы жарактуу банкнотту/монетаны башкасына алмаштыруудан мыйзамсыз баш тарткан учурда, коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 210-беренсине ылайык жоопкерчиликке тартылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12, 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

17. Жасалма белгилери камтылбаган, ушул жобонун 1, 3 жана 5-пунктуларында көрсөтүлгөн зыянга учураган, жүгүртүүдөн алынуучу, бирок кабыл алынып жана алмаштырылып берилүүгө тийиш болгон банкноттор/монеталар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, ушул жобонун 2, 4 жана 6-пунктуларында каралган тартипте кабыл алынат жана алмаштырылып берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

18. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ болбогон, же жасалма акча белгилерин камтыган же ушул жобонун 1, 3 жана 5-пунктуларында көрсөтүлбөгөн зыяндарга учураган банкноттор жана монеталар (анын ичинде ортосунан бөлүп айрылып, башка банкнот менен толукталып чапталган, бетинде «ҮЛГҮ» деген сөз жазылган банкноттор), ошондой эле аянтынын 50 пайызга жетпегени сакталып калган банкноттор жана баштапкы салмагынын 80 пайызынан азы сакталган монеталар төлөөгө жөндөмсүз болуп саналат жана алмаштырылып берилбейт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

19.Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан нак акча кабыл алууда шектенүүнү жараткан3 (жасалма4) банкнот/монета табылган учурда, мындай банкнот/монета алынып салынууга тийиш, шектүү банкнотаны/монетаны алып коюуда арыз жазылып (5-тиркеме), кардарга квитанция берилет (6-тиркеме).  

Шектүү банкнот/монета экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш, эгерде экспертизанын жыйынтыгы алардын аныктыгын тастыктаса, анда кардарга мурда алынып коюлган банкноттун/монетанын суммасы кайтарылып берилет. Мында кардар ага берилген квитанцияны кайтарууга тийиш. Жасалма банкнот/монета аныкталган учурда кассирдин андан ары аракет көрүүсү Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 токтому менен бекитилген «Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө» нускоодо аныкталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 31-январындагы № 2/1, 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

20.Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкнотторуна/монеталарына түшүрүлгөн сүрөттөрдү же сүрөттөр түшүрүлгөн кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) мыйзамсыз пайдаланган жана көчүрүп чыгарган жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 214-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-13/49-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

_______________________________ 

Ушул жободо колдонулган терминдер:   

1. Жарактуу банкноттор жана монеталар - банкнотко баа берүү боюнча бекитилген критерийлердин чегинен чыкпаган, бир аз эле зыянга учураган анык банкноттор жана монеталар.  

2. Эскилиги жеткен банкноттор - банкнотко баа берүү боюнча бекитилген критерийлердин чегинен чыккан, зыянга учурашынан улам нак акча жүгүртүлүшү үчүн жараксыз болгон анык банкноттор.  

3. Шектенүүнү жараткан банкноттор жана монеталар - бир катар техникалык мүнөздөмөлөрү, алар Улуттук банк тарабынан эмитирленгендигинен шектенүүнү жараткан банкноттор жана монеталар.  

4. Жасалма банкноттор жана монеталар - банкноттордун жана монеталардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча жасалма катары таанылган банкоттор жана монеталар.  

 

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого 1-тиркеме 

 

Дареги_______________________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________________________ 

(уюмдун аталышы же өтүнүч менен кайрылган жактын аты-жөнү

 

Арыз 

Улуттук валютанын зыянга учураган банкнотторун/монеталарын экспертизага кабыл алууңузду өтүнөм: 

№ 

Номиналы 

Сериясы жана номери 

Чыгарылган жылы 

 

 

 

 

 

 

 

 

____________________________________________________________ алынган 

(кардар кандай жагдайда банкнотту/монетаны алган) 

 

20__-жылдын «__» ____________________ Арыз ээсинин кол тамгасы _____________________ 

Улуттук банктын 20_______ - жылдын ___________№__________ экспертизасынын корутундусу 

_____________________________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын экспертизага банкнотторду/монеталарды кабыл алган мекемесинин аталышы) 

 

100% номиналында алмаштырыла турган банкноттор/монеталар 

50% номиналында алмаштырыла турган банкноттор 

Алмаштырылууга жатпаган турган банкноттор/монеталар 

 

 

 

 

 

 

Алмаштыруу ____________ сом____ тыйын суммасында жүргүзүлөт. 

Экспертизанын корутундусу менен тааныштым; берилүүгө тийиш болгон сумма алынды. 

20__ -жыл «____» ______________________ Арыз ээсинин кол тамгасы ________________________ 

(Бардык пункттарды таза жана түшүнктүү толтурууну өтүнөбүз!)Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого 2-тиркеме 

 

________________________________________________________________________________________ 

(банкнотту/монетаны экспертизага кабыл алган мекеменин аталышы) 

20________- жылдын «____» _______________ №_________ арызга карата 

 

КВИТАНЦИЯ 

Экспертизага___________________________________сом_______тыйын 

(цифра жана жазуу менен

суммасында ___________________________________ даана зыянга учураган банкнот/монета кабыл алынды

 

Банкноттордун сериялык номерлери: _____________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________ 

Кошумча маалыматтар: __________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________ 

Банкнотту/монетаны кабыл алган адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы жана кол тамгасы _______________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________ 

20___- жылдын «____» ____________________ 

 

(Экспертизасынын корутундусу менен таанышкандан кийин  

квитанцияны кайтарып берүүнү өтүнөбүз!) 

 

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого 3-тиркеме 

 

____________________________________________________________________________________________________ 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экспертизаны жүзөгө ашырган мекемесинин аталышы) 

 

20__ -жылдын «_____» _____________ № ____ протоколу 

 

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун/монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо  

 

_____________________________________________________________________________________________________________________________________ келип түшкөн. 

Иликтөөнүн натыйжасында төмөндөгүлөр аныкталды: 

№ 

Банкнот/монета жөнүндө маалымат 

Аянты % менен 

Ячейка тилкелери 

Алмашуу жөнүндө корутунду 

 

Номинал 

Чыккан жылы 

Сериясы 

Номери  

50% жетпеген 

50% 

50% ашкан 

97 

ашпаган тилке  

97-103 

103 тилкеден ашык  

Алмашты-рылбайт  

50% алмашты-рылат 

100% алмашты- 

рылат 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_______________________________________________________ ___________________________ 

(Экспертизаны жүзөгө ашырган адамдын аты-жөнү) (кол тамгасы) 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого 4-тиркеме 

 

 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы Сиз жөнөткөн улуттук валютанын зыянга учураган ________ сом ___________ тыйын суммасындагы банкнотторун/монеталарын экспертизадан өткөрдү жана аларды _________ сом ______ тыйын суммасына алмаштырды. 

Көрсөтүлгөн сумма банктын _______________________________________________________ 

_____________________________________________________________ эсептешүү эсебине чегерилди. 

Акчаны алуу үчүн Сиз паспортуңузду же Ким экендигин тастыктаган документтериңизди алуу менен _________________________________________________________________________________ 

__________________________ дареги боюнча жайгашкан мекемеге кайрылуу зарыл.  

 

Нак акча менен иш алып 

баруу башкармалыгынын начальниги  

 

Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого 5-тиркеме 

 

 

__________________________________________________________________________________________ 

(уюмдун аталышы жана дареги

_______________________________________________________________________________________ 

(банкнотту экспертизага тапшырып жаткан адамдын аты-жөнү

__________________________________________________________________________________________ 

(паспорттук маалыматтары жана каттоодо турган дареги

 

___________ АРЫЗ 

Шектенүүнү жараткан төмөнкү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууну өтүнөм

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Сериялык номери 

Табылган жагдай 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20_____ - жылдын «___» ____________________ 

 

Кол тамга _____________ (арыз ээсинин аты-жөнү жана кол тамгасы

20__ -жылдын «__» ____________ ЭКСПЕРТИЗАНЫН КОРУТУНДУСУ №______ 

__________________________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын экспертизаны жүзөгө ашырган мекемесинин аталышы

__________________________________________________________________________________________ 

Экспертиза ___________________________________________________________тарабынан жүргүзүлдү

(экспертизаны жүзөгө ашырган адамдын аты-жөнү жана кол тамгасы

 

Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн (же Улуттук банктын областтык башкармалыгынын нак акча менен иш алып баруу бөлүмүнүн) начальниги: 

________________________________________________________________________________________  

(аты - жөнү жана кол тамгасы) 

 

Экспертизанын корутундусу менен тааныштым: ________________________________________________ 

(кардардын аты-жөнү жана кол тамгасы

 

 

(Бардык пункттарды таза жана түшүнктүү толтурууну өтүнөбүз!)Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого карата 6-тиркеме 

 

20_____- жылдын «_____» _____________________ №______ арызга карата 

 

КВИТАНЦИЯ 

 

Экспертизага _____________________________________________сом ____тыйын суммасында  

(цифра жана жазуу менен

 

_______________________ даана шектенүүнү жараткан банкноттор/монеталар кабыл алынды

Банкноттордун сериялык номерлери:  

________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________ 

Банкнотту/монетаны кабыл алган адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы жана кол тамгасы 

__________________________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________________________ 

(мекеменин аталышы

20___-жылдын «____» ___________ 

 

 

(Улуттук банктын экспертизасынын корутундусу менен таанышкандан кийин  

квитанцияны кайтарып берүүнү өтүнөбүз!)