«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП)  

«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору милдеттүү камдык талаптар боюнча ченемдик укуктук базасын, атап айтканда, милдеттүү камдык талаптарды сактоо регламентин жана алардын сакталбашы үчүн айыптык санкцияларды колдонбоо шарттарын өркүндөтүү максатында даярдалган.  

Ошол эле учурда, акча-кредит саясатынын бул инструментинин концептуалдык аспектилери мурдагыдай эле калууда. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунун алкагында төмөнкүлөр каралат: 

1). Улуттук банк Башкармасы тарабынан милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн каралган камдык активдеринин курамын директивдүү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү

Колдонуудагы ченемдик укуктук базага ылайык, милдеттүү камдык талаптарынын сакталышы эсебине киргизүү үчүн алгылыктуу активдердин тизмеги «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун текстинде келтирилген. Учурдагы жогорку белгисиздиктин шарттарында, бул ченем милдеттүү камдык талаптарды аткаруу регламентин ийкемдүү жөнгө салуу процессин татаалдаштырат, анткени банк сектору менен коомдук талкуулоо үчүн кошумча убакыт талап кылынат. 

Ошондой эле, буга байланыштуу техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү да сунушталууда. 

2). Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам Пакеттик клиринг системасынын, Автоматташтырылган тоорук системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иштери токтотулган учурларда милдеттүү камдык талаптарынын аткарылбай калышы үчүн айыптык санкцияларды колдонбоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү.  

Мындай муктаждык айрым банктарда 2020-жылдын октябрь айындагы саясий туруксуздук мезгилинде милдеттүү камдык талаптарынын сакталышында кыйынчылыктар келип чыккандыгы менен шартталган. Ушул учурда, потенциалдуу тобокелдиктердин орун алышын алдын алуу максатында, Улуттук банк жогоруда аталган системаларды өчүрүп салууга аргасыз болду. Бул кырдаал жалпысынан базалык мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптардын сакталбай калышынын себебинен болду. 

Сунуш кылынган чара, банктарга милдеттүү камдык талаптарды алар тарабынан келип чыкпаган техникалык себептерден улам сактабагандыгы үчүн айыптарды төлөөгө кошумча чыгымдарды болтурбоого мүмкүндүк берет. 

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Ченемдик укуктук актынын бул долбоорун кабыл алуу социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси болгон, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоору коомдук талкууга жана жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүлөт. 

Ушуга байланыштуу, долбоор боюнча материалдар коомдук талкуулоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражаттарды бөлүү каралбайт. 

Иштелип чыккан токтом долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуучу таасирди талдоо талап кылынбайт. 

 

 

Долбоор 

Улуттук банк  

Башкармасынын 2020-жылдын  

____- _____________  

№ ___________________ 

токтомуна карата  

тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП)  

«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Милдеттүү камдар жөнүндө” жобонун: 

- 3-пунктунун төртүнчү абзацындагы «катышы» деген сөздүн алдына «курамы,» деген сөз менен толукталсын; 

- 7-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Камдык активдер бул, милдеттүү камдык талаптарынын сакталышы эсебине киргизүү үчүн Улуттук банк тарабынан аныкталган банктардын активдери.»; 

-14-пунктундагы «банктын Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттар суммасынын жана банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин» деген сөздөр «Улуттук банк тарабынан аныкталган камдык активдерде» дегенге алмаштырылсын; 

- 15-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 19-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 20-пунктундагы «банктын Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттар суммасынын жана банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин» деген сөздөр «Улуттук банк тарабынан аныкталган камдык активдеринде» дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун: 

- төртүнчү абзацындагы «Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин жана жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин» деген сөздөр «Улуттук банк тарабынан аныкталган камдык активдеринин суммасынын» дегенге алмаштырылсын; 

- жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан айыптык төлөм төмөнкү учурларда өндүрүлбөшү мүмкүн: 

- банкка тике банктык көзөмөл режими же болбосо убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде; 

- милдеттүү камдык талаптарды аткарбоого алып келген форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам Пакеттик клиринг системасынын, Автоматташтырылган тоорук системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иштерин токтотуу.»; 

- «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.