Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

 

«Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

1-берене. 

«Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1997-ж., №3, 126-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

 

9-беренинин 1- бөлүгүндө

- 13-пункт «кызматтарды көрсөтүү ишинде» деген сөздөрдөн кийин «үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (банктар аралык процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүү иштеринде» деген сөздөр менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 37, 38-пункттар менен толукталсын

«37) финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган уюм тарабынан, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн кабыл алынышы жана өткөрүлүшү боюнча кызмат көрсөтүү иштеринде

38) финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган уюм тарабынан, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүү иштерине.» 

 

2-берене. 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Президенти