Доолбор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «__»__________ №____ 

токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, 

жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо 

   

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында Автоматташтырылган торук системасы аркылуу (мындан ары АТС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын (мындан ары текстте «Улуттук банктын ноталары») чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартибин аныктайт.  

2. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5, 20, 21-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текстте «Улуттук банк») тарабынан жүзөгө ашырылат.  

3. Улуттук банктын ноталары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленүүчү мамлекеттик баалуу кагаз болуп саналат.  

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын ноталары боюнча милдеттенмелерге ээ болбойт.  

5. Улуттук банктын ноталары боюнча каттоо номерлерин ыйгаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү менен Улуттук банк ортосунда 2010-жылдын 13-сентябрындагы №201 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу тартиби жана мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестрин жүргүзүү жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

6. Улуттук Банктын Автоматташтырылган торук системасынын иши (мындан ары-АТСтин иши боюнча Жобо) боюнча Жободо белгиленген эрежелер жана шарттар азыркы Жобого жайылтылат.  

2. Аныктамалар жана атоолор 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, АТСтин иши боюнча Жободогу бекитилген аныктоолор жана терминдер колдонулат. 

7. Аукцион Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча операциялардын формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу эн жогорку  дисконттолгон баадан башталат жана Улуттук банк үчүн алгылыктуу шарттарда калган билдирмелерди канааттандырууда аяктайт;  

8. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу - Улуттук банктын ноталарын акыркы тооруктарда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча аукциондон тышкары сатуу;   

9. Тике катышуучулар Улуттук банктын ноталар рыногунда Улуттук банк менен иш алып барууга тиешелъъ келишим тъзъшкён анын финансы-кредит мекемелери, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;  

10. Кыйыр катышуучу аукциондун тике катышуучусу болуп саналбаган, МБКды сатып алууга тике катышуучулар болуп саналган финансы-кредит мекемелери аркылуу билдирме берген жеке адам, юридикалык жак;  

11. Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун негизги параметрлери - өзүнө Улуттук банктын ноталарынын аукционун өткөрүү күнүн, аларды кошумча жайгаштыруу күнүн, чыгаруунун каттоо номерин, чыгаруу көлөмүн, чыгаруу жана төлөө күнүн камтыган маалыматтар;   

12. Канааттандыруу баасы билдирмелерди канааттандыруу менен аяктаган баа; 

 

3. Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн, тейлөөнүн жана төлөөнүн жалпы шарттары 

13. Улуттук банктын ноталары акчакредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылат. Улуттук банктын ноталары акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан пайдаланылуучу акчакредит саясатынын каражаты болуп саналат.  

14. Улуттук банктын бир нотасынын номиналдык наркы 10 000 (он миь) сом.  

15. Улуттук банктын ноталары жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 күн болгон дисконттук баалуу кагаздар болуп саналат.  Улуттук банктын башка мооноттогу ноталарын Улуттук банктын Башкармасы аныктайт. 

16. Улуттук банктын ноталары кагазсыз формада чыгарылат.   

17. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу боюнча комитети (мындан ары текст боюнча - Комитет) Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жөнүндө: көлөмү, мөөнөттүүлүгү, аукционду өткөрүү күнү, ошондой эле Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштырууну жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алат 

18. Улуттук банк Улуттук банктын ноталарын чыгаруу параметрлери  жөнүндө маалыматты Улуттук банкынын веб-сайттында жана АТСте жарыялайт; 

19. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу параметрлери тике катышуучуларга АТС жана факсимилдик байланыш аркылуу тааныштырылат. 

20. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу, аукциондук негизде АТС аркылуу жүзөгө ашырылат жана Улуттук банк белгилеген эрежелерге ылайык башка ыкмада да жүргүзүлөт.  

21. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болгон юридикалык жактар жана жеке адамдар Улуттук банктын ноталарынын ээси боло алышат.  

22. Улуттук банктын нота ээлери, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске албаганда, Улуттук банктын ноталары менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашыра алат.  

23. Улуттук банктын ноталары менен операциялардан салык алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.  

 

4. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жана жүгүртүүгө чыгаруу 

24. Улуттук банктын ноталары аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки иш күнү чыгарылат. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жөнүндө чечим Комитет тарабынан кабыл алынат жана Комитеттин отурумунун протоколунда чагылдырылат.  

25. Нота чыгарылган күн Кыргыз Республикасында иш эмес күн болуп саналса, Улуттук банктын ноталарын чыгаруу кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт, мында Улутук банктын ноталарын төлөө күнү дагы тиешелүүлүгүнө жараша жылдырылат.  

26. Улуттук банктын ноталарын жүгүртүү ноталар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана аларды төлөө күнүнөн бир күн мурда аяктайт.  

27. Экинчилик рынокто Улуттук банктын ноталары менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү келишүүгө аларды иш күндөрү жүгүртүлгөн мезгилде гана уруксат берилет.  

28. Билдирмелерди аукционго берүү, аукионду иштетүү жана бекитүү убактылуу тартиби АТСтин иши боюнча Жобо менен аныкталат.  

 

5. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу 

29. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу Улуттук банк тарабынан, өткөрүлүүчү аукциондордо АТС аркылуу жүзөгө ашырылат. Эгерде аукцион күнү Кыргыз Республикасында иш эмес күн болуп санала турган болсо, аукцион кийинки иш күнүндө өткөрүлүп, мында Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жана төлөө күнү дагы тиешелүүлүгүнө жараша жылдырылат.  

30. Аукционго үчтөн кем адам катышса аукцион өткөрүлбөй калган, ал эми эмиссия жайгаштырылбай калган катары таанылышы мүмкүн. Акуционду өткөрүлбөй калган катары таануу жөнүндө чечим Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.  

31. Жарыяланган эмиссиянын көлөмү Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү жогорку денгээлде өзгөрүлмөлүү болгондо жүзөгө ашырылбай калышы же кыскарышы мүмкүн. Эмиссиянын көлөмүн жүзөгө ашырбоо же кыскартуу тууралуу чечим Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.  

32. Аукциондо Улуттук банктын ноталарын сатып алууга билдирмени АТС аркылуу тике катышуучулар гана бере алышат. Кыйыр катышуучулар, Улуттук банктын ноталарын тике катышуучулар болуп саналган финансы-кредит мекемелери аркылуу сатып ала алышат.  

33. Аукциондор анда билдирмелер аларда көрсөтүлгөн баалар боюнча канааттандырыла тургандай ыкмада өткөрүлөт. Билдирмелер атаандаштык  негизде гана канааттандырылат.  

34. Билдирмелерди аукционго берүү убакыт регламенти, аукционду иштеп чыгуу жана бекитүү АТСтин иши боюнча Жобо менен иретке салынат 

   

6. Аукционго катышууга билдирмелерди тариздөө жана сунуштоо тартиби 

35. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча билдирмелер аукцион өткөрүлгөн күнү тике катышуучулар тарабынан сунушталат, оңдолот жана/же кайта чакыртылып алынат.  

36. Тике катышуучулар болуп саналган финансы-кредит мекемелердин билдирмелери өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  билдирмени да камтышы мүмкүн.  

37. Финансы-кредит мекеме болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.   

38. Тике катышуучунун атаандаша алган сунушту камтыган өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

· билдирменин саны 5-тен ашпайт,  

· ар бир билдирме боюнча баалуу кагаздардын саны - 10 бөлүнөт,  

· бир билдирмеде баалуу кагаздардын минималдуу саны кеминде - 10 даана. 

39. Тике катышуучунун өздүк билдирмелериндеги баалуу кагаздардын жалпы саны жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын санынан артпоого, б.а. өздүк билдирмелердин суммардык көлөмү номиналы боюнча чыгарылыш жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

40. Бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт. Бир кардардан берилген билдирменин максималдуу көлөмү Улуттук банктын ноталарын чыгаруу көлөмүнөн артпоого тийиш.  

41. Сатып алуу баасы жана сатып алуу наркы 1 (бир) тыйынына чейинки тактык менен көрсөтүлүүгө тийиш.  

42. Тариздөө тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес деп таанылып, аукционго катыштырылбайт.  

43. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондогу катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. 

44. Аукциондун жыйынтыктары Комитеттин Төрагасы тарабынан аукцион ёткёрългён кънъ бекитилет. Комитеттин Төрагасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: аукциондун жыйынтыктарын бекитүү; ушул Жобонун 30 жана 31-пункттарына ылайык эмиссиянын жарыяланган көлөмүн кыскартуу же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу.  

45. Кабыл алынган чечим тике катышуучуларга АТС аркылуу маалымдалат. Аукциондун жыйынтыктары бекитилген учурда тике катышуучуларга суроо-талаптын жана жайгаштыруунун көлөмү, орточо салмактанып алынган баа жана кирешелүүлүк, билдирмелердин максималдуу баасы жана канааттандыруу баасы, тике катышуучулардын саны маалымдалат; ар бир тике катышуучуга анын аукционго катышуусунун жыйынтыгы боюнча ал тарабынан сатылып алынган Улуттук банктын ноталарынын саны жана наркы өзүнчө АТС аркылуу маалымдалат.  

 

7. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштырууну жүзөгө ашыруу  тартиби 

46. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу Улуттук банктын  ноталарын тиешелүү мөөнөткө жайгаштыруу боюнча акыркы тооруктарда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча АТС аркылуу жүзөгө ашырылат. Улуттук банктын ноталарынын акыркы аукциону өткөрүлбөгөн катары таанылса, аларды кошумча жайгаштыруу Улуттук банктын ноталарын тиешелүү мөөнөткө жайгаштыруу боюнча акыркы аукционундо аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча жүргүзүлөт.   

47. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштырууну жүзөгө ашыруунун зарылдыгы жөнүндө чечим жана Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу параметрлери орун алган рыноктук коньюнктурага жараша Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.  

48. АТСке кошулган тике катышуучулар кошумча жайгаштыруу укугуна ээ. Кыйыр катышуучулар билдирмелерди тике катышуучулар болуп саналган финансы-кредит мекемелери аркылуу берүү менен кошумча жайгаштырууга катыша алышат.  

49. Улуттук банк, катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш 

50. Тике катышуучу болуп саналган финансы-кредит мекеменин билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  топтолгон билдирмелерди да камтышы мүмкүн. Финансы-кредит мекеме болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.    

51. Тике катышуучунун өздүк билдирмеси номиналдык наркы боюнча 100000 сомдон кем болбоого тийиш, баалуу кагаздардын саны 10го бөлүнүүгө тийиш. Өздүк билдирменин номиналдык нарктагы максималдуу көлөмү тиешелүү эмиссия боюнча Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн артпоого тийиш.  

52. Бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт. Бир кардардан берилген билдирменин максималдуу көлөмү Улуттук банктын ноталарын чыгаруу көлөмүнөн артпоого тийиш.   

53. Тике катышуучулардан берилген билдирмелер боюнча суроо-талаптын көлөмү Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн артып калса, анда баалуу кагаздарды бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде  жүргүзүлөт. 

54. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу жыйынтыктарын Комитеттин Төрагасы бекитет.  

55.  Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу жыйынтыктары тике катышуучуларга АТС аркылуу тааныштырылат.   

   

8. Эсептешүүлөр 

56. Улуттук банктын ноталарынын аукционунун жана ноталарын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөр Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнү жүзөгө ашырылат.   

57. Тике катышуучулар Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнүндө, жайгаштыруу жана/же кошумча жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга берилген билдирмеге ылайык, Улуттук банктын сатылып алынган ноталарынын санына төлөө үчүн өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик/кезектеги эсебин улуттук валютадагы жетиштүү акча каражаттары менен камсыз кылат. 

58. Билдирме үчүн жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт. Эгерде тике катышуучунун сатылып алынган Улуттук банктын ноталарына төлөө үчүн корреспонденттик/кезектеги эсебинде жетиштүү кёлёмъндё Улуттук валютадагы каражаты жок болсо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Мындай учурда тике катышуучу Улуттук банкка тике катышуучунун төлөнгөн уставдык капиталынан бир пайыздан көп болбогон, номиналдык нарк боюнча сатылып алынган Улуттук банктын ноталарынан наркынан бир пайыз өлчөмүндө кем алым төлөйт. Тике  катышуучу кем алым төлөгөнгө чейин ага кийинки аукциондорго катышууга жол берилбейт.  

59. Улуттук банктын ноталарын төлөө күнү иш эмес күнгө дал келип калса, төлөө кийинки иш күнү жүзөгө ашырылат.  

60. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу жана төлөө боюнча эсептөөлөрдү өткөрүү тартиби азыркы Жобо жана АТСтин иши боюнча Жобого ылайык аныкталат. 

 

9. Башка жоболор 

61. Тике катышуучу Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдерди, милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон башка чен-өлчөмдөрдү жана лимиттерди, эскертүү чараларын жана санкцияларды Улуттук банктын ченемдик актыларын аткарбаган, ошондой эле банктар аралык рынокто операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу эрежелерди бузган учурда Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектөөчү орун басары тике катышуучунун Улуттук банктын талаптарын аткарганга чейин анын Улуттук банктын ноталар аукционуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектей алат.  

62. Ушул жобонун 61-пункту боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча Агенттигине таркатылбайт.