Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «__»__________ ____ 

токтому менен бекитилген 

 

«Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик баалуу кагаздарын Улуттук банк  аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы 556 «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын аймагында Финансы министрлиги тарабынан чыгарылуучу (мындан ары - Финансы министрлиги, Эмитент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары менен жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатылып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды ишке ашыруу тартиби аныкталат.  

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы 556 токтому жана ушул жобо менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» жобого жана ушул Жобого ылайык, Финансы министирлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде Улуттук банк, МБКды жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү операцияларын жүзөгө ашырат

3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары төмөнкү Мамлекеттик казына векселдери (мындан ары -МКВ) жана Мамлекеттик казына облигациялары (мындан ары - МКО) аркылуу сунушталат

4. МБКды жайгаштыруу жана кошумча сунуштоо, Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу аукциондук негизде ишке ашырылат. Аукцион, анын шартында билдирмелер катталган купондук ченде, аларда көрсөтүлгөн баа боюнча канааттандырылган ыкмада жүргүзүлөт.   

5. Улуттук банктын АТСын пайдалануу мүмкүн эмес болсо, ал аукцион өткөрүүгө шарт түзгөн кайсыл болбосун башка каражаттар (маалыматтарды колго иштеп чыгуу) аркылуу ишке ашырылат.   

6. Улуттук Банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МБК боюнча милдеттенмелерин аткарбайт.  

7. МБКды  кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу (мындан ары - кошумча жайгаштыруу) бул, Эмитент тарабынан Улуттук банк аркылуу атаандашсыз негизде ишке ашырылуучу МБКды жарыяланган чыгарылышынан үстөк МБКды жайгаштыруу болуп саналат. Кошумча жайгаштыруу, Эмитент тарабынан жарыяланган кошумча жайгаштыруунун көлөмүнүн чегинде, катталган купондук чен боюнча, тиешелүү мөөнөттүүлүктөгү МБКды жайгаштыруу боюнча акыркы өткөрүлгөн аукциондо түптөлгөн орточо салмактанып алынган баада ишке ашырылат.  

8. МБКды кайтара сатып алуу Эмитент тарабынан Улуттук банк аркылуу ишке ашырылат жана Эмитент тарабынан жарыяланган кайтара сатып алуу көлөмүнүн чегинде ал белгилеген баада жүзөгө ашырылат.  

9. Мамлекеттик баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу тартиби, Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын 2010-жылдын 13-сентябрындагы 201 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу жана мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат

10. Улуттук банктын 2013жылдын 28-мартындагы 10/18 токтому менен бекитилген Улуттук Банктын Автоматташтырылган торук системасынын иши жөнүндө (мындан ары-АТСтин иши боюнча Жобо) Жободо белгиленген эрежелер жана шарттар азыркы Жобого жайылтылат.  

11. АТСке байланыштырылган тике катышуучулар МБКды жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып аукциондоруна катышууга укугу бар. Кыйыр катышуучулар, билдирмелерин тике катышуучулар болуп саналган коммерциялык банктар (мындан ары-банктар) аркылуу аукциондорго катыша алышат жана/ же болбосо МБКды экинчи рынок аркылуу алышат

 

2. Аныктамалар жана атоолор 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, АТСтин иши боюнча Жободогу бекитилген аныктоолор жана терминдер колдонулат

12. Аукцион МБК сатуу формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу атаандаштыктын негизинде ишке ашырылат

13. МБКларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу  МБКларды атаандаштыктан тышкаркы сатуу.   

14. Атаандаштык негизде сатуу  корсотулгон (белгиленген) баа боюнча сатылып алынган МБКдын баасын жана санын корсотуу менен сатуу.   

15. Атаандаштыктан тышкаркы сатуу МБКды аукциондо төптөлгөн орточо салмактанып алынган баа боюнча сатуу.  

16. Кыйыр катышуучу МБКды сатып алууга билдирмени Улуттук банктын тике катышуучу болуп саналган банк аркылуу беришкен, аукционго түздөн-түз катышуучу болуп саналышпаган жеке адамдар жана юридикалык жактар.  

17. Кайтара сатып алуу Эмитент тарабынан жүгүртүүдөгү МБКды сатып алуу боюнча ишке ашырылган операция.  

18. Чыгаруу параметрлери МБКдын чыгарылышы жөнүндө маалыматтар: номери, күнү, чыгаруу көлөмү, төлөө күнү жана МБКды мүнөздөгөн башка маалыматтар.  

19. МБКны төлөө МБКын катточунун эсебине анын жайгаштыруу наркын которуу.  

20. МБКды кайталап сунуштоо  жарыяланып, бирок жайгаштырылбаган бөлүгүн жана бөлүп-бөлүп жайгаштырылган МБКды аукциондук негизде сунуштоо.   

21. Тике катышуучу Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБК рыногунда Улуттук банк менен иш алып барууга тиешелүү келишим түзүшкөн банктар, ошондой эле институционалдык инвесторлор - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги.  

22. Чектөө баасы билдирмелерди канаттандыруу менен аяктаган баа.  

23. Эмитент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш алып барган Финансы министрлиги.  

24. Мамлекеттик казына векселдери кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаз (жүгүртүү мөөнөтү 1 айдан 12 айга чейин, жетиге бөлүнгөн, 1 айлык боюнча 28 күндөн баштап жана 12 айлык боюнча 364 күн чейин) Бир МКВнын номиналык наркы 100 сомго барабар.  

25. Мамлекеттик казына облигациялары пайыздык кирешеге  (купонго)  ээ узак мөөнөттүү (1 жылдан ашык) мамлекеттик баалуу кагаздар. Бир МКОнун номиналдык наркы жана ар бир чыгарылыштын параметри МКОну чыгаруу учурунда Эмитент тарабынан аныкталат.  

3. МБКдар рыногунда Тике катышуучу статусун берүү шарттары.  

26. МБК рыногунда тике катышуучу болуп иштегенди калаган банк, эн аз дегенде төмөндөгү критерияларга тура келиши керек

· МКБ менен иш алып барууда тобокелдиктерди тескөө  саясаты, МБК депозитардык эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби,  МБК менен иштөөдө ички контролдук системасы аныкталган документтердин болушу

· Тике катышучу статусун Улуттук банктын бардык экономикалык ченемдерин берүү жө  нүндө арыз берилген күнгө чейинки акыркы алты ай ичинде сактоо

· Тике катышуучулардын статусун берүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата мурунку финансылык жылдын зыянга дуушар болбогон ишаракеттер, ошондой эле өтүп жаткан жылдын ишаракетинин он финансылык натыйжалары

· АТСке байланыш болуу

· Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБК рыногунда иш алып баруу боюнча Улуттук банк менен келишим түзүү.  

27. Тике катышуучу банк катары, төмөнкү милдеттерди кабыл алат

· Баардык өзүнүн филиалдарында жана бөлүмдөрүндө кайтарымсыз негизде жеке 

адамдардан-резидентерден атаандаша алган жана атаандаша албаган билдирмелерди кабыл алуу

· Кайтарымсыз негизде депозитардык эсепти жүргүзүүнү жана өзүнүн жеке  

адамдардын-резидентердин атынан жана тапшырмасы боюнча МБКды тейлөөнүү

· МБКдын акыркы аукциондорунун жыйынтыгы боюнча өзүнүн веб-сайтында,  

ошондой эле өзүнүн филиалдарынын информациялык стендтеринде орточо салмактанып алынган баалар жана орточо салмактанып алынган киреше жана алдыдагы боло турган МБКдын аукциондору жөнүндө информация жарыялоо

· Улуттук банктын жана/ же Финансы министирлигинин суроосу боюнча Улуттук  

банктын берилген форматында, ошондой эле тике катышуучунун ишине байланыштуу башка информацияны убагында берүү.  

28. Улуттук банк тике катышуучулар болуп саналган банктардын, 27 пунктунда көрсөтүлгөн өзунун милдеттеринин аткарылышын жеринде барып текшеруугө жана башка текшеруулөргө укугу бар

29. Эгерде 27 пункта көрсөтулгөн өзунун милдеттерин тике катышуучулар болуп саналган банктар аткарбаса,же жакшы аткарылбаса, Улуттук банк Тике катышуучу статусунун күчүн 6-ай мөөнөтүнө токтотуп коюга укуктуу

30. Атайын чаралар киргизилген банктарга (Убактылуу жетекчилик, консервация) тике катышуучунун статусун беруу, МБКдар менен операцияларды өткөруугө  Улуттук банктын токтомунун уруксааты бар болсо ыйгарылышы мумкун.  

31. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБК рыногунда иш алып баруу боюнча Улуттук банк менен келишим түзгөн институционалдык инвесторлор- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине тике катышуучунун статусу АТСке байланышкандан кийин берилет.  

 

4. МБКды жайгаштыруу жана кайталап сунуштоону ишке ашыруу шарттары жана тартиби 

 

32. Улуттук банк, Эмитенттен алган тапшырманын жана белгиленген формада МБКларды жайгаштыруу боюнча аукцион жүргүзүүгө глобалдуу сертификаттын негизинде аукцион өткөрөт. МКБларды чыгарууга жана жайгаштырууга документтердин формасы жана түзүмү, Эмитент тарабынан белгиленет жана анын ыйгарым укуктуу жагы тарабынан бекитилет жана кол коюлат. МБКлар аукционун өткөрүү үчүн зарыл документтер Эмитент тарабынан Улуттук банкка аукцион өткөрүлчү күнгө чейин 2 жумуш күн мурда өткөрүлүп берилет. МБКнын чыгаруу параметрлери Эмитент тарабынан анын веб-сайтта жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Улуттук банк МКОну чыгаруу параметрлерин Улуттук банктын веб-сайтында жана АТСте жарыялайт.   

33. МБКды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирмелер аукцион өткөрүү күнү саат 9:00-13:00 чейин АТСке берилет, оңдолот жана/же тике катышуучулар тарабынан кайра чакыртылып алынат. Тике катышуучулардын саат 13:00 кийин берген билдирмелери кайтарылгыс болуп саналат

34. Банктардын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, агрегирилген кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  билдирмени да камтышы мүмкүн. Башка катышуучулардын билдирмелери өзүнүн гана билдирмесинен турууга тиийш.   

35. Тике катышуучулар өз билдирмесин атаандашсыз сунушу менен бере албайт.  

36. Тике катышуучунун атаандаштык сунушу менен өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

· билдирмелердин саны 5тен ашпоого тийиш,  

· ар бир билдирме боюнча баалуу кагаздардын саны 100-го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш,  

· бир билдирмедеги баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 1000 даана.    

37. Тике катышуучунун атаандаша алган жана атаандашсыз бөлүктөрүн кошо алганда, өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын жалпы саны жайгаштырылып жаткан баалуу кагаздардын санынан ашпоого тийиш, б.а. өздүк билдирмелердин номиналы боюнча суммардык көлөмү чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

38. Атаандаша алган сунушу менен кардарлардын билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:  

· ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны 10-го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш,  

· бир лоттогу баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 100 даана.  

39. Бир кардардан келип түшкөн атаандашсыз сунушу менен билдирмелердин минималуу көлөмүнө чек коюлбайт.  

40. Бир кардардан, атаандаша алган жана атаандашсыз бөлүгүн кошо алганда, келип түшкөн билдирменин максималдуу көлөмү, чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

41. Тариздетүү тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес катары таанылат жана аукционго катышууга жол берилбейт.  

42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

43. Атаандашсыз сунушу менен билдирмелер биринчи кезекте канаттандырылат. Канаттандыруунун максималдуу чеги номиналдык наркы боюнча чыгарылыштын көлөмүнүн 30% түзөт. Эгерде атаандаша албаган сунушу менен билдирмелердин суммардык көлөмү номиналдык нарк боюнча чыгаруу көлөмүнүн 30% ашса, алар пропорционалдык негизде канаттандырылат.  

44. Атаандашсыз сунушу менен билдирмелер канаттандырылгандан кийин калган чыгарылыштын көлөмү атаандаша алган сунушу менен билдирмелер ортосунда бөлүштүрүлөт. Билдирмелердин лоттору сатып алуу баасы боюнча, алардын кемип олтурушу тартибинде, максималдуу баа көрсөтүлгөн лоттон тартып, андан ары чектөө баасына чейин улам кемип олтуруу жолу менен ишке ашырылат. Эгерде чектөө баасы боюнча бирден көп билдирме берилген болсо, анда баалуу кагаздарды ошол билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.  

45. Эгерде чектөө баасы боюнча банктын өздүк билдирмеси сыяктуу эле, анын кардарларынын билдирмелери берилген болсо, анда бул баалуу кагаздарды ошол билдирмелер ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрөт.  

46. Атаандашсыз билдирме орточо салмактанып алынган баада канааттандырылат.   

47. Аукционго катышууга уруксат берилген билдирмелер, аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13.00-дөн саат 14.00-гө чейин АТСте иштелип чыгат.  

48. Аукцион өткөрүлгөн күндүн саат 14.30-нөн  кечиктирилбестен, аукциондун алдын ала жыйынтыктары АТС аркылуу ауцкион өткөрүлгөн күнү саат 14.30-нөн  кечиктирилбестен Эмитентке чечим кабыл алуу үчүн берилет.  

49.  Эмитент төмөнкүлөрдун бирин: аукциондун жыйынтыгын бекитүү же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу чечимин кабыл алат.  

50. Эмитент аукциондун жыйынтыгын төмөнкү чектерде бекитет:  

· билдирмелерди максималдуу канааттандыруу, чыгаруу көлөмүнөн 25%-га ашуу менен чектелет;  

· билдирмелерди минималдуу канааттандыруу МБКнын чыгаруу көлөмүнүн 25%-ы менен чектелет (Жобонун- 48 пунктун аныкталган учурларды эске албаганда).  

51. Эмитент төмөнкү учурларда аукционду өткөрүлбөгөн катары таанууга укуктуу:  

· аукционго катышуучулардын саны үчкө жетпесе;  

· эгерде кабыл алынган билдирмелердин орточо алынган кирешелүүлүгү акыркы аукциондо түптөлгөн орточо алынган кирешелүүлүктөн 15%-га ашкан болсо.  

52. Эмитент, аукцион өткөрүлгөн күндүн саат 15.30-нөн кечиктирбестен аукциондун жыйынтыгын бекитет.  

53. Эмитент аукциондун жыйынтыгын бекиткенден кийин, АТСде билдирмелерди акыркы иштетүү өткөрүлөт жана аукциондун жыйынтыгы жарыяланат

54. Эгерде Эмитент тарабынан аукциондун жыйынтыгы бекитилсе, тике катышуучуларга аукциондун акыркы жыйынтыгы маалымдалат: суроо-талап жана жайгаштыруу көлөмү, орточо алынган баа, билдирмелердин максималдуу баасы жана чектөө баасы, аукциондун катышуучуларынын саны; аукционго катышуунун жыйынтыгы боюнча ал жана анын кардарлары сатып алган МБКын саны жана наркы тууралуу ар бир тике катышуучуга өз-өзүнчө билдирилет.   

55. Аукциондун акыркы жыйынтыгы Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.   

56. МБКды кайталап сунуштоо параметрлери Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Улуттук банк кайталап сунуштоо параметрлерин өз веб-сайтында жана АТСте жарыялайт.   

 

5. МБКны кошумча жайгаштыруу шарттары жана  аны ишке ашыруу тартиби 

 

57. МБКны кошумча жайгаштыруу параметрлери жөнүндө маалыматтар, Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана ошондой эле Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын веб-сайтында жана АТСте жарыяланат. МКБды кошумча жайгаштырууга АТСке кошулган Тике катышуучулар катышуу укугуна ээ. Кыйыр катышуучулар банктар аркылуу билдирмелерди берүү менен МКБды кошумча жайгаштырууга катыша алышат.  

58. Кошумча жайгаштырууга билдирмелерди берүү шарттары жана тартиби МБКнын чыгарылышын жайгаштыруу боюнча аукционго билдирмелерди берүү тартибине окшош.    

59. Банктардын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, агрегирилген кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  билдирмени да камтышы мүмкүн. Банк болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.    

60. МКБды кошумча жайгаштырууга тике катышуучунун өздүк билдирмеси жана/же кардарлардын билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:  

· билдирменин саны 1ден ашпайт,  

· ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны 10го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш,  

· лот боюнча баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 100 даана.  

61. Тике катышуучунун өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын саны кошумча жайгаштыруунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш

62. Бир кардар берген билдирменин максималдуу көлөмү кошумча жайгаштыруунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш

63. Тариздетүү тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес катары таанылуу менен аукционго катыштырылбайт

64. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

65. Кошумча жайгаштырууга катышуучулардын билдирмелери аларда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирмелердин наркы анда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын, тиешелүү мөөнөттүүлүктөгү МБКны жайгаштыруу боюнча акыркы өткөрүлгөн аукциондо түптөлгөн орточо салмактанып алынган баага көбөйтүү жолу менен эсептелинет. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү МБКны номиналдык наркы боюнча кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн ашып кетсе, анда МБКны ушул билдирмелер ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде ишке ашырылат.   

66. Кошумча жайгаштырууга катышууга уруксат берилген билдирмелерди АТСте иштеп чыгуу, кошумча жайгаштыруу өткөрүлгөн күнү саат 13.00-дён саат 14.00гө чейин жүргүзүлөт. Кошумча жайгаштыруу өткөрүлгөн күндүн саат 14.30дан кечиктирилбестен, кошумча жайгаштыруунун жыйынтыктары АТС аркылуу Эмитентке өткөрүлүп берилет

67. Тике катышуучуларга аукциондун акыркы жыйынтыгы маалымдалат: суроо-талап жана жайгаштыруу көлөмү, кошумча жайгаштыруунун катышуучуларынын саны; кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча ал жана анын кардарлары сатып алган МБКнын саны жана наркы тууралуу ар бир тике катышуучуга өз-үзүнчө билдирилет 

68. Кошумча жайгаштыруунун акыркы жыйынтыгы АТСте, Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.   

 

5. МБКны кайтара сатып алуу шарттары жана тартиби 

 

69. Кайтара сатып алуу сунушталып жаткан МБКны кайтара сатып алуу шарттары (сатып алынып жаткан МБКнын баасы, көлөмү жана каттоо номери) жана  аны жүргүзүү  күнү Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана ошондой эле Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын веб-сайтында жана АТСте жарыяланат. МБКны кайтара сатып алуу АТСке кошулган тике катышуучулар арасында ишке ашырылат, кыйыр катышуучулар банктар аркылуу билдирмелерин берүү менен катыша алышат.  

70. МБКны кайтара сатып алууга катышууга билдирмелерди берүү, оңдоо жана/же кайтарып алуу тике катышуучу тарабынан АТСте кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күнү саат 9.00-дөн саат 13.00-гө чейин жүргүзүлөт

71. Банктын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, агрегирилген кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  билдирмени да камтышы мүмкүн. Башка тике катышуучулардын билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.     

72. Тике катышуучунун кайтара сатып алууга өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын минималдуу саны  тиешелүү талаптарга жооп берүүгө тийиш -кеминде 100 даана жана 10-го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш.  

73. Тике катышуучунун билдирмесиндеги баалуу кагаздардын саны кайтара сатылып алынып жаткан баалуу кагаздардын санынан, б.а. өздүк билдирмелердин көлөмү номиналы боюнча кайтара сатып алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

74. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын минималдуу саны тиешелүү талапка жооп берүүгө тийиш - кеминде 10 даана жана 10-го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш

75. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын  саны кайтара сатып алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

76. Тариздетүү тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес катары таанылуу менен кайтара сатып алууга катыштырылбайт.  

77. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк кайтара сатып алууга катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

78. Кайтара сатып алуунун катышуучуларынын билдирмелери аларда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирмелердин наркы анда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын Эмитент тарабынан белгиленген баага көбөйтүү жолу менен эсептелинет. Кайтара сатып алуу сунушу менен келип түшкөн билдирмелердин суммардык көлөмү Эмитент тарабынан белгиленген номиналдык наркы боюнча кайтара сатып алуу көлөмүнөн ашса, анда аларды канааттандыруу пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.   

79. Кайтара сатып алууга уруксат берилген билдирмелерди АТСте иштеп чыгуу кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күнү саат 13.00дөн саат 14.00гө чейин жүргүзүлөт. Кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күндүн саат 14.30дан кечиктирилбестен, кайтара сатып алуунун жыйынтыктары АТС аркылуу Эмитентке жөнөтүлөт

80. Кайтара сатып алуунун акыркы жыйынтыктыра АТСте  кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күндүн саат 15.00дөн кечиктирбестен жарыяланат

81. Кайтара сатып алуунун жыйынтыгы Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.  

 

6. Эсептөөлөр 

82. Жайгаштыруу жана кошумча жайгаштырууга тиешелүү аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептөөлөр МБКны чыгаруу күнүнө карата ишке ашырылат, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу кийинки жумуш күнү, купондук төлөмдөрдү төлөө жана МКОну жабуу МКОну чыгаруу шарттарына ылайык ишке ашырылат.  

83. Тике катышуучулар МБКны чыгаруу күнүндө жайгаштыруу жана/же кошумча жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга берилген билдирмеге ылайык, МБКны сатылып алынган санына төлөө үчүн өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебин улуттук валютадагы жетиштүү акча каражаттары менен камсыз кылат

84. Тике катышуучулар  кайталап сунуштоо ишке ашырылгандан кийинки иш күнү кайталап сунуштоо боюнча аукционго катышууга берилген билдирмеге ылайык, МБКны сатылып алынган санына төлөө үчүн акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылат.   

85. Кайталап сатып алуу ишке ашырылган күндөн кийинки иш күнү Эмитент, МБКнын сатылып алынган санына төлөө үчүн Улуттук банктагы Каржы министирлигинин Борбордук Казына күндөгү эсепинде улуттук валютадагы акча каражаттарын жетиштүү көлөмүндө камсыз кылат.  

86. Сатылып алынган МБКларга бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде тике катышуучунун сатылып алынган МБКларга төлөө үчүн корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмүндө Улуттук валютадагы каражаты жок болсо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда аукциондун тике катышуучусу Эмитентке сатылып алынган МБКнын номиналдык наркынан бир пайыз өлчөмүндө, бирок аукциондун тике катышуучусунун төлөнгөн уставдык капиталынын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө кем алым төлөп берет.  Тике катышуучу кем алымды төлөмөйүнчө, ага кийинки аукциондорго катышууга жол берилбейт

87. Улуттук банк  Эмитенттин тапшыруусунун негизинде МБК боюнча купондук төлөмдөрдү төлөөнү жана/же МБКны  чыгаруу шарттарына ылайык, Эмитент тарабынан аныкталган күнгө карата МБКнын ордун жабууну жүзөгө ашырат.   

88. Эмитент МБКны  чыгаруу шарттарына ылайык МБК боюнча купондук төлөмдөрдү төлөөгө жана/же Эмитент тарабынан аныкталган күнгө карата МБКнын ордун жабууга жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттары менен камсыз кылынат.   

89. МБКдар менен эсептөөлөрдү өткөрүү тартиби Азыркы Жобо жана АТСтин иши боюнча Жобого ылайык аныкталат

 

7. Корутунду жоболор 

90. МБК менен операциялар боюнча  тобокелдиктерди тескөө ыкмалары, аукциондун катышуучуларынын ички ченемдик документтери аркылуу аныкталат

 

 

 

Банктын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иши тууралуу 

Типтүү келишим  

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздары рыногунда  

__________________________ банкынын иши жөнүндө  

________________________келишим  

Бишкек ш. 20___-ж. «____» _________  

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамынын жана 20___-жылдын _____________ ______ буйруктун негизинде иш алып барган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары _____________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучу __________________ атынан, Уставдын негизинде иш алып барган Башкарманын төрагасы _______________________ экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого (мындан ары Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү

1. Келишим Предмети  

1.1. Банктын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) рыногунда ушул Жобого ылайык тике катышуучу катары иш алып баруусу, ушул Келишимдин предмети болуп саналат.  

 

2. Банкка карата коюлуучу талаптар  

2.1. Тике катышуучу катары иш алып барууга ниеттенген Банк, эң аз дегенде, төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш

2.1.1. МБК менен иш алып барууда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө саясаты, МБКны депозитардык эсепке алуу тартиби, МБК менен иш алып барууда ички контролдук системасы аныкталган документтердин болушу

2.1.2. Ушул келишимге кол коюлган күнгө чейинки акыркы алты ай ичинде Улуттук банктын бардык экономикалык ченемдеринин ал тарабынан сакталышы

2.1.3. Ушул келишимге кол койгонго чейинки финансы жылынын жыйынтыгы боюнча чыгашасыз иш алып баруусу, ошондой эле өтүп жаткан жылдагы алгылыктуу финансылык натыйжалар

2.1.4. АТСке туташуусу

2.2. Ушул Келишимге кол коюу менен Банк, Келишимдин 2.1-пукнтунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келе тургандыгын тастыктайт. . 

3. Банктын укуктары 

Банк төмөнкүлөргө укуктуу

3.1. МБКны өз атынан жана кардарлардын тапшыруусу боюнча АТС аркылуу жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондоруна түздөн-түз катышууга

3.2. Өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча сатылып алынган МБКлар менен депозитардык ишкердикти жүргүзүүгө

3.3. МБКны жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу боюнча алдыда турган аукциондордун параметрлери жана өткөрүлгөн аукциондордун натыйжалары тууралуу маалыматтарды алууга

 

4. Банктын милдеттери 

Банк төмөнкүлөргө милдеттүү

4.1. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, МБК рыногунда иш алып барууга

4.2. Бардык филиалдарында жана бөлүмдөрүндө жеке адамдардан-резиденттерден МБК аукциондоруна атаандашуучу жана атаандаша албаган билдирмелерди акысыз негизде кабыл алууга

4.3. Өз кардарларынын-жеке адамдардын-резиденттердин атынан жана алардын тапшыруусу боюнча сатылып алынган МБКны депозитардык эсепке алууну жана тейлөөнү акысыз негизде ишке ашырууга

4.4. МБК боюнча акыркы аукциондордогу орточо алынган баа жана кирешелүүлүк жөнүндө маалыматтарды жана МБК боюнча өтүүчү аукциондор жөнүндө маалыматтарды өз веб-сайтында, ошондой эле филиалдарындагы маалымат такталарына жайгаштырууга

4.5. МБК аукционунда утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү төлөөнү ишке ашыруу жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын корреспонденттик эсепте болушун камсыз кылууга. Банктын корреспонденттик эсебинде каражаттар жетишсиз болуп калган шартта, билдирмелер жокко чыгарылып, утушка ээ болгон билдирмеде көрсөтүлгөн МБКнын номиналдык наркынан бир пайыз өлчөмүндө, бирок Банктын уставдык капиталынын бир пайызынан ашпаган чекте Банктан айыптык төлөм өндүрүлөт. Айыптык төлөм төлөнгөнгө чейин кийинки өткөрүлгөн аукциондорго жана МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга катышуусуна Банкка тыюу салынат

4.6. Улуттук банк тарабынан белгиленген төмөнкү эрежелерге ылайык, МБК боюнча депозитардык ишти, эсепке алуунун эки деңгээлдүү системасынын алкагында (Улуттук банк башкы депозитарий; Банк - суб депозитарий) жүзөгө ашырууга

· МБКны баштапкы жайгаштырууда өз депоненттеринин эсебине аларды чегерүү (МБК аукционунун жыйынтыгы же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу

· төлөө мөөнөттөрү келип жеткен шартта, тиешелүү чыгарылыштагы МБК эсептерин жабуу

· депоненттерге тиешелүү болгон МБКга укуктардын сакталышын жана эсебинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга

· ар бир депоненттин МБКларын өз алдынча эсепке алууга

· депо эсептери боюнча жазууларды чагылдыруу үчүн негиз болуп саналган документтердин талаптагыдай катталышын камсыз кылууга

· Банк кардарларынын субдепозитарийде эсепке алынган МБКга менчик укуктарын тастыктоого

4.7. МБК рыногуна тиешелүү так маалыматтарды, анын ичинде рынокто түптөлгөн баалар, пайыздык чендер, калыптанган тенденциялар тууралуу маалыматтарды ж.б. зарыл маалыматтарды өз кардарларына берүүгө.  

4.8. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын чечмеленип берилиши талап кылынган учурларды эске албаганда, өз кардарларынын МБКга тиешелүү маалыматтарынын купуя сакталышын камсыз кылууга

4.9. Отчетторду Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта өз учурунда берип турууга, ошондой эле тике катышуучу катары банк ишине байланыштуу башка маалыматтарды Улуттук банктын жана/же Финансы министрлигин талабы боюнча сунуштоого

4.10. Келишимге кол койгондон кийинки эки жумуш күнү ичинде МБК аукциондоруна жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдарга ишеним каттарды жана алардын тизмесин Улуттук банкка берүүгө. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар башка адамга өткөрүлгөн шартта, эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка жаңы тизмени жана ишеним каттарды берүүгө

4.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын ____________ ____ токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы 10/18 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобого ылайык, МБК менен жарандык-укуктук бүтүмдөргө келишүүгө

 

5. Улуттук банктын укуктары 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу

5.1. Банктын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу көзөмөлдөөгө

5.2. МБК башкы депозитарийи катары иш алып барууга

5.3. МБК аукционуна берилген жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга берилген, канааттандырылган (толук же жарым-жартылай) билдирмелердин негизинде Банктын күндөлүк (корреспонденттик) эсебинен, Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы күндөлүк эсебине каражаттарды которууга

5.4. Белгиленген формадагы отчеттордун, ошондой эле Банк ишине байланыштуу, Улуттук банк жана/же Финансы министрлиги үчүн зарыл болгон башка маалыматтардын өз учурунда берилишин талап кылууга

5.5. Банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды колдонууга.  

 

6. Улуттук банктын милдеттери 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү

6.1. Жүгүртүүдөгү МБКны так жана толук эсепке алууну камсыз кылууга

6.2. МБК аукциондорунун жана МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу параметрлерин жарыялоого жана Улуттук банктын сайтына жайгаштырууга

6.3. МБК аукционун өткөрүүдөн кийин жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу, МБК аукциондорун жайгаштыруунун натыйжаларына тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык Банкка сунуштоого

6.4. МБКга төлөө күнү Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төлөнгөн, Банктын депо эсебинде эсепке алынуучу МБК эмиссиясынын номиналдык наркын чегерүүгө.  

6.5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МБК боюнча купондук төлөмдөрдү төлөгөн күнү Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине Банктын депо-эсебинде эсепке алынган МБКнын санына ылайык келген купон боюнча төлөө суммасын чегерүүгө.  

6.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын чечмеленип берилишин талап кылынган учурларды эске албаганда, Банктын МБК менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга

 

7. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

7.1. Банктын эсебинен каражаттарды туура эмес эсептен алып салуу, ошондой эле Улуттук банк тарабынан суммаларды өз учурунан кечиктирип же туура эмес чегергендиги үчүн Улуттук банк Банктын пайдасына ар бир кечиктирген күн үчүн чегерилбей калган (же ашыкча эсептен алынып салынган) суммадан 0,1% өлчөмүндө туум төлөөгө тийиш

7.2. Банк жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана аны кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбеген учурда Банк, ар бир мөөнөтүндө кайтарылып берилбеген ар бир күн үчүн жаңылыш чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө туумду Улуттук банкка төлөп берет.  

7.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

7.4. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында, сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш

7.5. Чечилбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.  

7.6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзү эмитирленген МБК боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюушунан улам, милдеттердин аткарылбай калышы үчүн Улуттук банк жоопкерчилик тартпайт

 

8. Келишим колдонулган мөөнөт жана аны токтотуу тартиби  

8.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонулат

8.2. Эгерде Келишим колдонулган мөөнөт бүткөнгө чейинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Тараптардын бири аны токтотуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишимдин аракети ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.  

8.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Банктын демилгеси да токтотулушу мүмкүн

8.4. Улуттук банк төмөнкү учурларда алдын ала маалымдоосуз эле, бул Келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу

Банк Ушул келишим боюнча милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса

Банкка карата жоюу жол-жобосу башталса

Банктын банктык лицензиясы токтотулса же кайтарылып алынса

 

9. Башка шарттар 

9.1. Банк МБК аукциондоруна жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга катышуусунун натыйжасында, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алып салуу укугун Улуттук банкка ыйгарат

9.2. Ушул Келишимдин шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн

9.3. Аталган Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же Жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган учурда, келишим шарттары аларды Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында кайрадан каралып чыгууга тийиш.  

9.4. Бул келишимге кат жүзүндө толтурулган, ага эки тарап тең койгон, ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим түрүндө тариздетилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

9.5. Келишим кыргыз жана орус тилдеринде, ар бир тарап үчүн бирден эки нускада түзүлгөн. Эки нуска тең бирдей юридикалык күчкө ээ.  

 

Тараптардын реквизиттери

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Банк

Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101 

 

 

 

Төраганын орун басары