Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

 

1. Жобонун 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.Улуттук валютада депозиттик операциялар Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча жүргүзүлөт». 

 

2. Жобонун 9-пунктундагы «жылышы» деген сөз «чегерүү» деген сөзгө алмаштырылсын

 

3. Жобонун 11-пункту төмөнкү мазмундагы 11.-1.-пункт менен толукталсын:  

«11.-1. «Овернайт» депозити бул, Катышуучу тарабынан корреспонденттик эсептен улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын 1 (бир) түн ичинде Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү боюнча депозиттик операция. Чегерилген пайыздарын эске алуу менен улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын кайтарып берүү Улуттук банк тарабынан Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине депозиттик операция аяктаган күнү ишке ашырылат». 

 

4. Жобонун 12-пунктундагы «Депозиттик операциялардын мөөнөтү» деген сөздөрдөн кийин «,овернайт депозитин эске албагандадеген сөздөр кошулсун. 

 

5. Жобонун 13-пункту төмөнкү мазмундагы 13.-1.-пункт менен толукталсын:  

«13.-1. «Овернайт» депозити боюнча пайыздарды чегерүү үчүн 1 (бир) күн эсепке алынат жана ал жыл ичиндеги 360 күн санына жараша жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, “овернайт” депозити жуманын жана/же майрам алдындагы акыркы күнү келишилсе, анда пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күндөрдө туюндурулган жана «овернайт» депозити келишилген күндөн кийинки күндөн тартып «овернайт» депозити кайтарылып берилгенге чейинки күндү кошо алганда, эсептелген убакыт аралыгы катары эсептелинет. 

 

6. Жобонун 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети ушул жобонун 4-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй шарттарды аныктайт: 

§ Депозиттик операция түрү

- максималдуу пайыздык чен боюнча аукцион; 

- катталган пайыздык чен боюнча аукцион; 

- «овернайт» депозити. 

§ Депозиттик операция параметрлери: 

- пайыздык чен (максималдуу/катталган жана «овернайт депозитинин чени) 

- акча каражаттарынын көлөмү, мында «овернайт» депозити боюнча көлөм чектелбейт; 

- депозиттик операция мөөнөтү». 

 

7. Жобонун 25-пунктундагы «Депозиттик операциялардын мөөнөтү» деген сөздөрдөн кийин «,овернайт депозитин эске албаганда,» деген сөздөр кошулсун. 

 

8. Жобонун 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Катышуучу «овернайт» депозитине жана катталган пайыздык чен боюнча аукционго 1 (бир) гана, ал эми максималдуу пайыздык чен боюнча аукционго 5 (бештен) көп эмес билдирме бере алат. Мында көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт.» 

 

9. Жобонун 30-пункту төмөнкү редакцияда берилет: 

«30. Катталган пайыздык чен боюнча аукцион өткөрүлгөн шартта, ага Катышуучулардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган катталган пайыздык чен боюнча билдирмелерине жол берилет жана билдирмелер салыштырма салмагына пропорционалдуу негизде канааттандырылат». 

 

10. Жобонун 31-пункту төмөнкү редакцияда берилет: 

«31.Максималдуу пайыздык чен боюнча аукцион өткөрүлгөн шартта, Катышуучулардын төмөнкү пайыздык чен же Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченге барабар билдирмелерине жол берилет. Мында, Катышуучулардын эң аз (Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн) пайыздык чендеги сунуштарды камтыган билдирмелери биринчи кезекте канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу, сунушталган эң төмөнкү пайыздык чен боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын максималдуу пайыздык ченине чейин, өсүш тартибинде ишке ашырылат. Эгерде, Катышуучулардын билдирмелеринде сунушталган пайыздык чендер дал келип калса, билдирмелер салыштырмалуу салмагына жараша, пропорционалдуу негизде канааттандырылат.» 

 

11. Жобонун 32-пункту төмөнкү редакцияда берилет: 

«32. «Овернайт» депозитин ишке ашыруу учурунда саат 15:00 дөн 16:00 чейин Катышуучулардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган «овернайт» депозитинин чени боюнча билдирмелерине жол берилет.  

 

12. Жобонун 35-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Овернайт» депозити боюнча акча каражаттарын эсептен алып салуу АТСте саат 16:00 дон 17:00 чейин ишке ашырылат». 

 

13. Жобонун 36-пунктундагы «депозиттик операция» деген сөздөр «, анын ичинде «овернайт» депозити боюнча АТСте саат 09:00 дон 09:30га чейин» деген сөздөр менен толукталсын.