Тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманат (депозит) эсептери менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманат (депозит) эсептери менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, аманат (депозит) эсептери менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

1. 15-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

«Банк, жер тилкелеринин менчик ээси же жерди пайдалануучу болуп саналган жеке адамдарга айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өсүмдүк өстүрүү багытында айыл чарбасын жүргүзүү жана өнүктүрүү максаттарына кредиттерди сунуштоодо жеке адамдардын белгиленген формада ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган документти (күбөлүктү) же болбосо мамлекеттик каттоодон өтүүсүз жеке ишкердикти жүргүзүүсү фактысын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн сунуштоосусуз эсептешүүүндөлүк) эсеп ачууга укуктуу. Мында жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жерди пайдалануу укугун күбөлөндүргөн документтерди банкка сунуштоого милдеттүү. Кредиттерге байланыштуу бардык төлөмдөр эсептешүү эсеби аркылуу нак эмес түрдө өтүүгө тийиш.» 

2. 41-пункттун 1) пунктчасындагы “мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысы” деген сөздөр “(күбөлүк)” деген сөздөр менен жана “мамлекеттик каттоодон өтүүсүз” деген сөздөр “(патент)” деген сөздөр менен толукталсын.