Долбоор 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктукактылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5«Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»токтомуна сунушталганөзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз 

кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын 

ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтомду 

коммерциялык банктар, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Улуттук банктын областык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү менен тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25- августун №26/5  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»  

токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5«Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 1-тиркемесинин 37.А. жана 37 Б.1 бөлүктөрү төмөнкү мазмундагы 24 жана 25 тилкелер менен толукталсын: 

«Реструктуризациялоо саны» жана «Карыз алуучунун кирешелеринин валюталык түзүмүнүн коду».