Долбоор 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2006-жылдын 28-июнундагы №19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/4 «Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз 

кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын 

ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом 

менен Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Башкарманын мүчөлөрү: Т. Джусупов  

Б. Жеенбаева  

Н. Жениш  

Л. Орозбаева  

Н. Сагындыков  

А. Садыркулова  

 

Тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/4  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»  

токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын ишине тышкы аудит жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «КРУБ» деген сөздөр «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын; 

- жобонун кириш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын ишине тышкы аудит жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда микрофинансылык уюмдардын, анын ичинде колдонулуучу терминология өзгөчөлүгүн эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган жана микрофинансылык уюм катары ишкердикти жүргүзүү үчүн Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ микрофинансылык уюмдардын жылдык берүүчү финансылык отчетуна тышкы аудитти жүргүзүүгө карата карата минималдуу талаптар белгиленген.»; 

- 2-глава жана 2.1 пунктун эскертүүсүн күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер (мындан ары текст боюнча - МКК/МКА) өз ишине тышкы аудитти Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзам талабына ылайык жүргүзүшөт.  

МКАда алардын ишине тышкы аудит жүргүзүлүшү мүмкүн.  

МКК, төмөнкү критерийлери бар болсо өз ишине тышкы аудитти жыл сайын жүргүзүүгө милдеттүү

- юридикалык жактардан, уюштуруучу (акционерлерден) карызга каражаттар 

алынган болсо; 

- жылдык орточо кредиттик портфели 15 (он беш) млн.сом же жогору түзсө

- карыз алуучулардын саны 5 000 же жогору болсо. 

Эгерде төмөнкү критерийлер жок болсо, МКК өз ишине тышкы аудитти эки жылда бир жолу жүргүзүүгө мүмкүн. 

Тышкы аудитти жүргүзүүдө МКК/МКА Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, аудиттин эл аралык стандарттарында жана ушул жободо белгиленген аудитордук талаптарга таянуу менен иш алып барууга тийиш. 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МКК/МКА тышкы аудитти жүргүзүүдө Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму тарабынан иштелип чыккан Ислам финансылык институттары үчүн аудит стандарттарына таянуу менен иш алып барышы мүмкүн.»; 

- 3.2-пункттагы: 

«МФК» деген сөз «микрофинансылык компаниялар» дегенге алмаштырылсын; 

«Ушул жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пунктуна ылайык» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк Башкармасынын  2005-жылдын 14-июлундагы №22/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун алардын ишине тиешелүү бөлүгү» дегенде алмаштырылсын; 

- 3.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.4.Тышкы аудитор төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш: 

- көзкарандысыз, объективдүү болууга жана таламдардын каршы келип калышына негиз түптөгөн жагдайларга жол бербөөгө

- Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык тиешелүү квалификацияга ээ; 

- эл аралык стандарттарына жана эл аралык финансылык отчет стандарттарына, ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун стандарттарына ылайык жана аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына ээ; 

- банк иши жагында билим деңгээлине ээ.»; 

«3.6 Жылдык финансылык отчетун өткөрүү жөнүндө келишимин бекиткенге чейин МКК/МКА тышкы аудитордун кандидатурасын Улуттук банк (Чүй областында жана Бишкек шаарында - Тышкы көзөмөл башкармалыгы, башка областтарда Улуттук банктын областтык башкармалыктарына жана өкүлдүгүнө) кароого жөнөтүүгө милдеттүү. МКК/МКА тышкы аудитор жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет: 

- жеке аудитордун аты-жөнүн/жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен аудитордук уюмдун аталышы; 

- жеке аудитордун/аудитордук уюмдун лицензиясынын реквизиттери (лицензиянын номери, алуу датасы, аракеттенүү мөөнөтү, ким тарабынан берилген); 

- жеке аудитордун/аудитордук уюмдун юридикалык дареги жана телефону; 

- 3.4 пункттагы белгиленген талаптарына ылайык маалымат. 

Кандидатураларды кароодо Улуттук банк инспекторлук текшерүү жана кандидатура боюнча маалыматтарды эске алуу менен каралат. Эгерде туура эмес корутунду берилсе же сунушталган тышкы аудитордун кандидатурасы туура эмес мамиле кылса, Улуттук банк тарабынан аудиттин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген катары таанылса, Улутук банк тышкы аудитордун кандидатурасын кабыл албоого талап кылууга укуктуу. 

Улуттук банк тышкы аудитордун кандидатурасын 45 календарлык күндүн ичинде, бирок кечиктирбестен каралат. 

МКК/МКА жылдык берүүчү финансылык отчетуна тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө тышкы аудитор менен келишимди бекиткенге чейин 10 күндүн ичинде тышкы аудитордун кандидатурасын Улуттук банк (Чүй областында жана Бишкек шаарында - Тышкы көзөмөл башкармалыгы, башка областтарда Улуттук банктын областтык башкармалыктарына жана өкүлдүгүнө) билдирүүгө тийиш.»; 

- 3.8-пункт: 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банкынын ченемдик актыларын талаптарын ылайык колдонуу; 

Үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар болуп эсептелсин; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«- тобокелдиктерди тескөө сапатына баа берүү.»; 

- 3.9-пункттагы «Кыргыз Республикасында таанылган аудиттин стандарттары менен» деген сөздөр «аудиттин эл аралык стандарттары менен» дегенге алмаштырылсын жана абзац менен толукталын төмөнкү редакциясында берилсин: 

«Аудитордук текшерүү Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын нормативдик актыларына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген катары таанылса, Улутук банк тышкы аудитордун корутундусун кабыл албоого талап кылууга укуктуу. Кайталап аудит өткөрүү МКК/МКА жагынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Кайталап аудит өткөрүү Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети чечими менен кабыл алынат»; 

- 3.11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.11. Тышкы аудитордун корутундусун алган учурдан кийинки 30 күн ичинде, бирок отчеттук жылдан (мезгилден) кийинки 30-апрелден кечиктирбестен, МКК Улуттук банкка (Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча - Тышкы көзөмөл башкармалыгына, башка областтарда - Улуттук банктын областтык башкармалыктарына жана өкүлдүгүнө) МКК/МКАнын жетекчилигине катты кошо алганда, белгиленген тартипте тышкы аудитор тарабынан күбөлөндүрүлгөн аудитордук корутундунун көчүрмөсүн финансылык отчетту кошо тиркөө менен сунуштоого тийиш, ал эми МКА аларды сунуштоого укуктуу.»; 

- 3.12-пункт төмөнкү мазмундагы толукталсын: 

«3.12. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык МКК/МКА жылдык берүүчү финансылык отчетту ал тышкы аудитор тарабынан тастыкталгандан кийин республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялашы мүмкүн.».