Тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрында № 51/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоодо: 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

а) суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (ислам банкыныкы К2.1) 12% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

К2.1 = (ЧСК / (ЧРА + П * Кор))*100%, мында: 

ЧСК Таза суммардык капитал ушул нускоонун 18-пунктунун б) пунктчасына ылайык аныкталат;  

ЧРА потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды жана Экинчи деңгээлдеги капиталга кошулбаган (б.а. тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынан 1,25% ашкан) жалпы камдарды минуска чыгаруу менен, ошондой эле чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу, ошондой эле чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу, тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммаларына карата катышы катары аныкталат. Экинчи деңгээлдеги капитал ушул Нускоонун 16-пунктуна ылайык аныкталат;  

Пбелгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештүүлүк коэффициентине каршы келген сан - 8,33 (100%:12%); 

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал эсеби Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. 

б) Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (ислам банкыныкы К2.2) 6% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

 

К2.1 = (ЧКПУ / ЧРА)*100%, мында: 

 

ЧКПУ Биринчи деңгээлдегитаза капитал.». 

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«9. Левераж (ислам банкынын К2.3) 8% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

К2.3 = (ЧСК/СА)*100%, мында: 

 

СА суммардык активдер регулятивдик банктык отчеттун баланстык отчету боюнча активдердин жыйынтык маанисин билдирет.”; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“20. Ушул Нускоонун чегинде капиталдын шайкештигине баа берүү кредиттик тобокелдикке, ошондой эле ушул Нускоонун 6-пунктунун а) пунктчасына ылайык суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөдө операциялык тобокелдикке карата жүргүзүлөт. Кредиттик тобокелдик, активдердин ар кандай түрлөрүнө карата келип чыгат жана кардардын активдерди толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүүсүн камсыз кылуунун мүмкүн эместигинен көрүнөт.”; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптеринеылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жободо: 

- 2-тиркемеде: 

Б. “Капиталдын шайкештиги экономикалык ченеминин жана ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы жөнүндө отчет” таблицасында: 

“капиталдын шайкештүүлүк ченеми» сабында «ЧСК 

ЧРА» формуласын 

төмөнкү формулага алмаштырылсын: 

«ЧСК  

ЧРА+ПхКор»;  

- Б. “Капиталдын шайкештиги экономикалык ченеминин жана ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы жөнүндө отчет” таблицасынан кийин төмөнкү редакциядагы эскертүү менен толукталсын: 

«Эскертүү: Пбелгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештүүлүк коэффициентине каршы келген сан - 8,33 (100%:12%); 

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал эсеби Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.”; 

- 2-тиркеме “Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капиталды эсептөө” таблицасы менен толукталсын: 

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл капиталды эсептөө

1-жыл үчүн таза киреше 

… 

2-жыл үчүн таза киреше 

… 

3-жыл үчүн таза киреше 

… 

б 

15 % 

Кор 

 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелеринде: 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Капиталдын шайкештик (жеткиликтүүлүк) деңгээли (М2) 8% кем эмес деңгээлде сакталуусу зарыл.  

МФК капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

М2 = (СК / СА+П х Кор) * 100%, мында: 

СК - Баа берүү күнүнө карата микрофинансылык компаниялардын жеке капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту); 

СА - валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктар тарабынан жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы; 

П - белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештүүлүк коэффициентине каршы келген сан - 12,5 (100%:8%); 

Кор - операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал эсеби Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат”; 

 

- Тиркемеде “Капитал шайкештигинин ченеми” сабындагы капитал шайкештигинин формуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«(СК / (СА +П*Кор))*100%». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы 45/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жободо: 

- 2-тиркемеде: 

10-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

10-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат 

  

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши 

Ченемдин эсеби 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

Акча каражаттарын тартпаган МФКлар үчүн экономикалык ченемдер 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 

  

УК*100% 

  

  

  

100%дан кем эмес 

  

  

10 млн. сом 

  

Инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

  

СИ*100% 

  

  

  

30%дан ашык эмес 

  

СК  

  

Акча каражаттарын тартуучу МФКлар үчүн экономикалык ченемдер 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми 

М1 

СК*100%  

  

  

  

100%дан кем эмес 

  

УК  

  

Капитал шайкештүүлүгүнүн ченеми  

М2 

СК*100%  

  

  

  

8%дан кем эмес 

  

СА  

  

Бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми  

М3 

СЗ *100% 

  

  

5%дан ашык эмес 

  

СК 

  

Ликвиддүүлүк ченеми 

М4 

ЛА*100% 

  

  

30%дан кем эмес 

  

ОБ 

  

Эсептерине тартылган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченеми 

М5 

К*100% 

  

  

100%дан кем эмес 

  

В 

  

  

Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

СЗ Аф. жактар*100% 

  

  

60%дан ашык эмес 

  

  

  

СК 

  

  

  

МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандыгы карызы 

  

СЗС*100% 

  

  

5%дан ашык эмес 

  

СК 

  

  

 

Эскертүү:  

П белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештүүлүк коэффициентине каршы келген сан - 12,5 (100%:8%); 

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге алынган капитал эсеби Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат 

 

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо мааниси 

1 ай 

2 ай 

3 ай 

Бардыгы болуп 

ЛА - Ликвиддүү активдер 

  

  

  

М - Милдеттенмелер  

  

  

  

М4 ченеми=ЛА/М 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

  

».