"Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык уюму" акционердик коомунун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын токтом долбооруна маалымакат-негиздеме  

УМНЛ сиздердин назарыңыздарга Адистештирилген финансылык уюмду түзүү жана ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук негизин түзүү максатында иштелип чыккан "Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык уюму" акционердик коомунун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын токтом долбоорун (мындан ары Долбоор) сунуштайт.  

Ушул Жобонун долбооруна ылайык Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык уюму (мындан ары - Адистештирилген финансылык уюм) Улуттук банктан алынган тиешелүү лицензиясы бар шартта төмөнкүдөй айрым банктык операцияларды жүргүзүшү мүмкүн: 

- өз атынан жана кардардын атынан нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга; 

- банктар менен агенттик келишим түзүү менен акча которуу системи аркылуу акча которуу боюнча кызмат көрсөтүүгө

- Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды. 

Адистештирилген финансылык уюм кошумча лицензия болгон шартта өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды үчүнчү жактардын пайдасына, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу көрсөтүүгө укуктуу. 

Жобонун долбоорунда Адистештирилген финансылык уюм акционердик коом уюштуруучулук-укуктук формасында гана түзүлүүсү каралган. Биздин көз карашыбызда бул уюштуруучулук-укуктук форма эң ыңгайлуу болуп эсептелет, анткени Адистештирилген финансылык уюмдун катышуучуларынын/акционерлеринин түзүмү өзгөргөн шартта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик кайра каттоодон өтүү талабы жок.  

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- Адистештирилген финансылык уюмдун ишмердүүлүгүн лицензиялоо тартибин, лицензия алуу үчүн Улуттук банкка тапшырылуучу документтердин тизмеги жана аларга коюлуучу талаптар;  

- уставдык капиталдын минималдык өлчөмүнө карата талаптар жана уюштуруучулар/акционерлер тарабынан уставдык капиталын түзүүдө жана андан ары өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтарды тапшыруу талабы; 

- Адистештирилген финансылык уюмдун кызмат адамдарына карата квалификациялык минималдык талаптар;  

- филиалдары ачуу жана алмашуу пункттарын каттоо тартиби; 

- Адистештирилген финансылык уюмдун уюштуруу докуметтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү макулдашуу ж.б. 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамдын 22-статьясынын 1-пунктуна ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш.  

Жогоруда айтылгандардын негизинде Адистештирилген финансылык уюмду түзүү жана ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук негизин түзүү максатында "Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык уюму" акционердик коомунун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну сунуштайт.  

 

ДОЛБООР 

"Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык уюму" акционердик коомунун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. "Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык уюму" акционердик коомун лицензиялоо жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткат алмашуу бюролорун жана "Альянс" тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 Төрага Т.С.Абдыгулов  

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын "___"___________ 

№____ токтому менен бекитилген  

 

 

 

"Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылыкуюму" акционердик коомунун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобо 

 

Бул "Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылыкуюму"акционердик коомун лицензиялоожөнүндө" жобо (мындан ары Жобо), Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө", "Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда "Алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылыкуюму" акционердик коомун(мындан ары Адистештирилген финансылык уюму) лицензиялоо тартиби аныкталган. 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Адистештирилген финансылык уюмакционердик коом формасында гана түзүлөт жана ал өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул жобого жана Адистештирилген финансылык уюмунун уставына ылайык жүзөгө ашырат.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Адистештирилген финансылык уюмөз ишкердигин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (мындан ары лицензия) алууга тийиш. 

3. Адистештирилген финансылык уюм мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй айрым банктык операцияларды жүргүзүшү мүмкүн: 

-өз атынан жана кардардын атынан нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга; 

- банктар менен агенттик келишим түзүү менен акча которуу системи аркылуу акча которуу боюнча кызмат көрсөтүүгө

- Улуттук банк тарабынан чыгарылганөлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды. 

Адистештирилген финансылык уюм кошумча лицензия болгон шартта өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды үчүнчү жактардын пайдасына, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу көрсөтүүгө укуктуу. 

4. Адистештирилген финансылык уюмга ишкердиктин кандай болбосун "оюн-зоок" түрлөрүнө катышууга, анын ичиндеутуштарды жана акча-буюм лотереясын уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле акча-буюм лотереясын Адистештирилген финансылык уюмунун жайында өткөрүүгө же аларды жарнамалоого тыюу салынат. 

5. Адистештирилген финансылык уюм өз фирмалык аталышы катары анын уставында чагылдырылган аталышты пайдаланат жана кандай болбосун документтерде, кулактандырууларда же жарнамаларда уставда жазылгандан башка аталышты пайдаланууга укугу жок.  

6. Адистештирилген финансылык уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери катары, аларга мыйзамдарга ылайык аталгануюмда катышууга тыюу салынбаган жеке адамдар жана юридикалык жактар (Кыргыз Республикасынын резиденттери гана) болушу мүмкүн.  

7. Уюштуручулар (акционерлер) - Адистештирилген финансылык уюмунун катышуучулары төмөнкү талаптарга жооп бериши тийиш: 

- канааттандыраарлык финансылык абалга ээ болууга; 

- салыктарды, аларга теңдештирилиген төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелери жок болууга; 

- колдонулган иш-чаралар жана санкциялар же болбосо башка чечидер,алардын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) финансы-кредит уюмунун лицензиянын/күбөлүктүн кайтарылып алынышына алып келгендигин тастыктаган фактылар жок болууга тийиш. 

Уюштуручулар (акционерлер) юридикалык жактар мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө тийиш.  

8. Адистештирилген финансылык уюму жайгашкан жайлар, анын ичинде уюмдунфилиалдары жана алмашуу пункттары жайгашкан жайлар (касса түйүнүн, сактоо жайын жана башка жайларын жабдууну, ошондой жабдууларды кошо алганда), Улуттук банктын ченемдикукуктук актыларында коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

 

2-глава.Адистештирилген финансылык уюмунун уставдык капиталы 

 

9. Адистештирилген финансылык уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 50 млн. сомдон төмөн эмес болууга тийиш. 

10. Адистештирилген финансылык уюмдун капиталынын негизгин төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Адистештирилген финансылык уюмунун капиталынын курамына, ал боюнча акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттерге ээ эмес уставдык капитал гана кирет.  

11. Адистештирилген финансылык уюмунун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жана уюштуруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен гана топтолот. Уставдык капиталды түзүү үчүн негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт.  

12. Адистештирилген финансылык уюмунун уюштуруучулары уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин коммерциялык банкта ачылган топтоо эсебине салууга милдеттүү. Адистештирилген финансылык уюму топтоо эсебинде турган каражаттарды айрым банктык операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин пайдаланууга жол берилбейт. 

 

3-глава. Лицензия алуу үчүн Адистештирилген финансылык уюму тарабынан тапшырылуучу документтер  

 

13. Айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Адистештирилген финансылык уюм Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) Башкарманын төрагасы кол койгон, жүзөгө ашырууга ниеттенген операциялар түрү кылдат чагылдырылган Адистештирилген финансылык уюмунун айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу тууралуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык өтүнүч; 

2) Адистештирилген финансылык уюмун түзүү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, аткаруу органынын жетекчисин жана мүчөлөрүн, ички аудит кызматынын жетекчисин, башкы бухгалтерди, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер)жана тобокелдик менеджерин шайлоо (дайындоо) жөнүндө уюштуруучунун чечиминин (бир катышуучу болгон шартта) же уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынында (уюштуруучулардын саны бирден көп болсо) толтурулган протоколу (эки нускада); 

3) Адистештирилген финансылык уюмунун уюштуруучулары/акционерлери тарабынан кабыл алынган уставдын эки нускасы; 

4) эки жана андан көп уюштуруучу болгон шартта, кол тамгалары нотариалдык түрдө тариздетилген Адистештирилген финансылык уюмун түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминин эки нускасы; 

5) Адистештирилген финансылык уюмунун бизнес-планынын эки нускасы; 

6) Төраганын, Башкарманын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, ички аудит кызматынын жетекчисинин, башкы бухгалтердин, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин (комплаенс-офицер) жана тобокелдик менеджеринин анкеталарын, ошондой эле алардын Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтарды жана документтерди; 

7) Адистештирилген финансылык уюмунун уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу суроолор); 

8) жүзөгө ашырылуучу операциялардын ишин жөнгө салган, ошондой эле терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) каршы аракеттер боюнча Адистештирилген финансылык уюмунун ички саясаттары; 

9) Адистештирилген финансылык уюм тарабынан төмөнкү багыттарда талаптарды аткаруусу тууралуу: 

а) техникалык жабдуу жана чыңдоо боюнча талаптардын аткарылышы тууралуу акт; 

б) программалык камсыздоонун бар болуусу жана тастыктоочу докуметтер менен кошо ушул праграммалык камсыздоонун Адистештирилген финансылык уюмдун Улуттук банктын талаптарына ылайык отчетту түзүү жана тапшыруу боюнча, мааалыматты архивдөө жана сактоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө, ишке ашырылып жаткан операциялардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча башка талаптардын аткарылышы жөнүндө көз карандысыз компаниянын тиешелүү кортундусу. 

10) төмөнкү уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан Адистештирилген финансылык уюмунун уставдык капиталына салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар: 

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр сунушталат: 

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган, акыркы финансылык жыл үчүн пайда жана чыгым жөнүндө бухгалтердик баланстын жана отчеттун юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөлөрү

- акыркы финансылык жыл үчүн финансылык отчеттун, декларациянын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталганкөчүрмөлөрү

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамдарда белгиленген шартта); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтерди; 

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкүлөр сунушталат: 

- кирешелер жөнүндө маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү мурастап алууга укукж.б.; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтерди. 

14. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу, Адистештирилген финансылык уюмун түзүү боюнча бирден көп барактан турган уюштуруу документтери көктөлүп, номерленип, ага уюштуруучулар жыйынында ыйгарым укук чегерилген адам кол коюуга тийиш. Уюштуруучу юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш. 

15. Документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо уюштуруу документтери белгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банк документтерди кароо үчүн берилген мөөнөт ичинде кат жүзүндө себептерин көрсөтүү менен аларды жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет. 

16. Эгерде документтер жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсө же өтүнүч катты жанадокументтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ушул жобонун талаптарына жооп берген кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайра эсептелет. 

17. Улуттук банк аларды кароого алган мезгил ичинде сунушталган документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкса (аталышы, даректери, уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) ж.б.), өтүнүч ээси бул тууралуу 3 жумуш күнү ичинде тез арада Улуттук банкка маалымдап, өзгөртүүлөр киргизилген документтерди сунуштоого тийиш, мында Улуттук банк өтүнүч катты жана бардык талап кылынган документтерди кароо мөөнөтүн он жумуш күнүнө чейин узартышы мүмкүн.  

18. Улуттук банк Адистештирилген финансылык уюмунун документтерин өтүнүч кат алгандан кийинки 30 күн ичинде карайт. 

19. Улуттук банк макул болгондо адистештирилген финансылык уюмун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикаснын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык юридикалык жактарды каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органына макулдук кат менен бирге анын уюштуруу документтеринин бир нускасын берет. 

20. Лицензия алуу үчүн Адистештирилген финансылык уюму мамлекеттик каттодон өткөндөн кийин Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) Адистештирилген финансылык уюмунун башкармасынын төрагасы же болбосо акционерлер жыйыны менен ыйгарым укуктуу башка адам кол койгон лицензия берүүгө өтүнүч кат;  

2) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өткөн уюштуруу келишиминин Адистештирилген финансылык уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

3) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын Адистештирилген финансылык уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

4) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүнАдистештирилген финансылык уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

5) Адистештирилген финансылык уюмунун эсептешүү эсебине минималдуу уставдык капитал салынгандыгы жөнүндө банктын маалым катын; 

6) лицензия берүү үчүн төлөм салынгандыгын тастыктаган документти; 

7) Реестр кармоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн Адистештирилген финансылык уюмунун акционерлеринин Реестри. Кийин, акционерлердин курамы кандай гана болбосун өзгөргөн шартта, Адистештирилген финансылык уюмунун акционерлеринин Реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин 5 жумуш күн ичинде Адистештирилген финансылык уюму тиешелүү түрдө тастыкталган акционерлер реестрин Улуттук банкка тапшырат; 

8) Адистештирилген финансылык уюму жайгашкан жайлар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында коюлган талаптарга жооп берүүсү тууралуу кортунду.  

21. Лицензия, ушул жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн талапка жооп берген документтер сунушталгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде берилет.  

22. Улуттук банк кайсы болбосун төмөнкү себептер боюнча өтүнүч ээсине айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) лицензия алуу үчүн сунушталган уюштуруу же башка документтердин мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп бербеши; 

2) документтер мыйзамдарда белгиленген көлөмдө толук эмес тапшырылса. Өтүнүч ээси белгиленген тоскоолдуктарды четтеткен шартта өтүнүч кат (өтүнүч) жалпы деңгээлде кароого алынат; 

3) акционерлердин жана кызмат адамдардын Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеши; 

4) минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн, түзүмүнүн, келип чыгуу булактарынын мыйзам талаптарына ылайык келбеши; 

5) лицензия алуу үчүн такталбаган маалыматтар камтылган документтер сунушталса; 

6) лицензия үчүн төлөм төлөнбөсө

7) өтүнүч ээсине карата Адистештирилген финансылык уюмунун уюштуруучуларына (акционерлерине) ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыю салган соттун чечими болсо; 

8) Улуттук банкка уставдык капиталды түптөөгө жана көбөйтүүгө багытталган акча каражатардын келип чыгуубулактары жөнүндө маалыматтар сунушталбаса, так айтканда: 

а) сунушталган маалыматтардан акча каражаттардын алынгандыгын жана келип чыгуу булактарын аныктоо мүмкүн эмес болсо; 

б) сунушталган маалыматтарга ылайык акча каражаттардын келип чыгуу булактары Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге жооп бербесе; 

10) уюштуруучулар (акционерлер) ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп бербесе; 

11) мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча.  

23. Эгерде алардын негизинде Улуттук банк Адистештирилген финансылык уюмун мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук катын сунуштап, уюмдун финансылык, укуктук абалы өзгөргөндүгүн же кандай болбосун башка жагдайларды тастыктаган фактылар аныкталса, лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

Эгерде алардын негизинде Улуттук банк тарабынан Адистештирилген финансылык уюмун мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук каты берилип, уюштуруучунун финансылык, укуктук абалы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болсо же кандай болбосун башка жагдайлар аныкталса, өтүнүч ээси он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка ал тууралуу маалымдоого тийиш. 

24. Улуттук банк Адистештирилген финансылык уюмун лицензия берүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу негиздерин өтүнүч ээсине кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү

 

4-глава.Адистештирилген финансылык уюмунун кызмат адамдарына карата талаптар 

 

25.Төрага жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, төрага жана башкарманын мүчөлөрү, башкы бухгалтер, ички аудит кызматынын жетекчиси, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер), аталган уюмдун тобокелдик менеджери төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билим алгандыгы тууралуу дипломго ээ болууга; 

2) төмөнкү багыттарда иш тажрыйбасы болууга: 

а) Башкарманын төрагасы кызмат ордуна талапкер банк жана/же финансы системасында кеминде 5 жылдык, алардын ичинде 2 жыл жетектөөчү кызматта; 

б) Директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 жылдык, алардын ичинде бир жылдан кем эмес жыл жетектөөчү кызматта; 

в) Башкарманын мүчөсү жана Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 жылдык; 

г) башкы бухгалтердин, ички аудит кызматынын жетекчиси,терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер)кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 2 жылдык; 

3) корпоративдик тескөө, банк мыйзамдары, чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча мыйзамдар жана Улуттук банктын негизги ченемдик документтерин кошо алганда, алар иштөөгө ниеттенген чөйрө боюнча билимге ээ болууга; 

4) Адистештирилген финансылык уюмунун бизнес-планын жана аны өнүктүрүү стратегиясын билүүгө

26. Башкы бухгалтердин жана ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетечиси,терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) кызмат ордуна талапкерлер ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:  

1) башкы бухгалтер эл аралык бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук стандарттарын билүүгө жана курстан өткөндүгүн (экзамен/тест ж.б. тапшыргандыгын) тастыктаган тиешелүү сертификатка жана башка документтерге ээ болууга; 

2) ички аудит кызматынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндө мыйзамдарды, эл аралык аудит стандарттарын, эл аралык ички аудит стандарттарын билүүгө жана аталган багыттар боюнча терең билим алгандыгын тастыктаган сертификатка (күбөлүккө) ээ болууга, ошондой эле курстан өткөндүгү (экзамен/тест ж.б. тапшыргандыгы) тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарын билүүгө жана аны иште колдонуу тажрыйбасы болууга тийиш; 

3) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) - терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө жана тастыктоочу сертификаттары болууга тийиш. 

27. Ушул жобонун 25-пунктунда белгиленген кызмат орундарына талапкерлер көрсөтүгөн кызмат орундарын төмөнкү учурларда ээлей албайт: 

1) талапкерге карата соттун чечими боюнча анда белгиленген мөөнөт ичинде финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо; 

2) талапкерге карата экономика, финансы жана банк ишкердиги чөйрөсүндө, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоо өкүмү чыгарылган болсо; 

3) эгерде алар буга чейин: мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылып, алардын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) лицензиянын/күбөлүктүн кайтарылып алынышына алып келгендигин тастыктаган фактылар табылган финансы-кредит уюмунун Директорлор кеңешинин төрагасы, анын мүчөлөрү, аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкарманын төрагасы, анын мүчөлөрү, башкы бухгалтери, ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордун ээлеген болсо; 

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык талапкердин алгылыксыз ишкердик аброюн тастыктаган кат жүзүндөгү маалыматы болсо; 

5) жөнгө салуу органдарынын, анын ичинде Улуттук банктын текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн жыйынтыгында талапкер жооптуу болгон ишкердик чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалар келип чыккандыгын тастыктаган материалдар болсо. 

28. Ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн, аларга карата кылмыш иши козголгон адамдарды Улуттук банк тарабынан бул адамдардын документтерин кароо мындай маалымат келип түшкөн учурдан тартып токтотулат. Ушуну менен бирге Улуттук банк альтернативдүү талапкерди талап кылууга укуктуу. 

29. Кандай болбосун такталбаган, ошондой эле толук эмес маалыматтар сунушталса же ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар маалыматты бурмалап же ката кетирүү менен сунуштаган болсо, Улуттук банк документтерди кароодон жана баш тартууга жана альтернативдүү талапкерди талап кылууга укуктуу.  

30. Улуттук банк талапкерди ушул жобонун 25-26-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген шартта жана ушул жобонун 27-29-пункттарында негиздер аныкталган шартта, ал талапкерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу. 

31. Улуттук банк, эгерде Адистештирилген финансылык уюмун жөнгө салуу мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды сактабаса, ошондой эле аталган уюмдун анын ишенимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна коркунуч жаратканишке тарткан кызмат адамдардын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылууга укуктуу.  

32. Кызмат адамдардын Улуттук банктын талаптарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик Адистештирилген финансылык уюмунун Башкармасынын төрагасына жүктөлөт.  

33. Адистештирилген финансылык уюму ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар шайланган/дайындалган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде кызмат адамдардын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирмени Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

34. Адистештирилген финансылык уюму талапкер шайланган/дайындалган учурдан кийинки он жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди тиркөө менен кат сунуштоого тийиш: 

1) талапкерди тандоо же кызмат ордунан бошотуу тууралуу чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун (эмгек келишиминин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

2) дайындоо жөнүндө буйруктун (токтомдун, тескеменин) Адистештирилген финансылык уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

3) анкеталарды; 

4) талапкердин белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтерди.  

 

5-глава. Филиалды ачуу тартиби 

 

35. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш алып барган Адистештирилген финансылык уюму Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды ачууга укутуу. 

36. Юридикалык жак болуп саналбаган, бекитилген жобонун негизинде Адистештирилген финансылык уюмунун атынан банктык операциялардын бардыгын же анын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган жана жогоруда аталган уюм тарабынан чегерилген ыйгарым укуктардын алкагында иш алып барган анын обочолонгон бөлүмү Адистештирилген финансылык уюмдун филиалы болуп саналат.  

Филиал, Адистештирилген финансылык уюму менен бирге бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле уюмдун аталышына дал келген аталышка ээ.  

37. Адистештирилген финансылык уюмунун уставына ылайык,филиалдын жетекчиси ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан дайындалат жана ал өз ишин белгиленген тартипте сунушталганишеним каттын негизинде жүргүзөт. Ишеним катта филиалдын жетекчиси жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын жанабашка иштердин тизмеги көрсөтүлүүгө тийиш.  

38. Адистештирилген финансылык уюмунун филиалы жөнүндө маалыматтар анын уставында камтылышы зарыл. Филиал ачылгандан кийинки алгачкы жалпы акционерлер жыйынында Адистештирилген финансылык уюмунун уставында филиал жөнүндө тиешелүү маалыматтарды бекитүүгө киргизүүго, андан кийин уставды бекитүүгө милдеттүү.  

39. Филиал ачуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат: 

1) филиал ачуу жөнүндө билдирме, анын ичинде филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери жөнүндө маалыматтар; 

2) Филиал жөнүндө жобо, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: Адистештирилген финансылык уюмунун аталышына толугу менен дал келген филиалдын аталышы, анын почта дареги, филиалга жүзөгө ашыруу укугу чегерилген операциялардын тизмеги, пландаштырылган операциялардын көлөмү жана мүнөзү, башкы Адистештирилген финансылык уюму тарабынан натыйжалуу контролдук жүргүзүүнү караган анын укуктары жана милдеттери белгиленген филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери; 

3) Адистештирилген финансылык уюмунун Директорлор кеңешинин филиал ачуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү

4) ал жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү чагылдыруу менен филиалдын жетекчисине берилген ишеним каттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

5) филиалдын ишинин Адистештирилген финансылык уюмунун максаттарына жана болжолдонгон кирешелүүлүгүнө жетүүгө таасири көз карашынан алып караганда, филиалдын келечектеги ишине баа берүү

6) филиал жайгашуучу жайдын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында коюлган талаптарга жооп берүүсү тууралуу кортунду 

7) Адистештирилген финансылык уюму тарабынан тастыкталган, филиал жайгаштырылуучу жайга ижара келишиминин же аталган уюмдун менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

40. Тиешелүү негизде таризделинген документтерди алгандан кийинки он жумуш күнү ичинде Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине филиалды мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук кат жөнөтөт. 

41. Филиал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөртүлгөндөн кийин Адистештирилген финансылык уюм беш жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде Улуттук банкка төмөндөгү документтерди сунуштайт: 

1) филиалдын мамлекеттик катоодон өткөндүгү тууралу билдирүүсү

2) мамлекеттик катоодон өткөндүгү тууралу филиал тууралу жобонун көчүрмөсүн; 

3) эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Адистештирилген финансылык уюм тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн; 

4) мамлекеттик катоодон өткөндүгү тууралу уставдын нотариалдык тактыктоодон өткөн көчүрмөсүн. 

42. Филиалдын эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү сунушталгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде Улуттук банк: 

1) аны Адистештирилген финансылык уюмдун филиалдар реестрине киргизет; 

2) реестрге киргизилгендиги жөнүндө катты Адистештирилген финансылык уюмдун дарегине жөнөтөт. 

43. Адистештирилген финансылык уюмдун филиалы Улуттук банктан ал реестрге киргизилгендиги тууралуу билдирме алган күндөн тартып айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу. 

44. Филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн учурда Адистештирилген финансылык уюм бул тууралуу Улуттук банкка маалымдап, жаңы жай боюнча ижара келишиминин же укукту белгилөөчү документтин көчүрмөсүн, ошондой эле филиал жайгаштырылуучу жайдын белгиленген техникалык чыңдоо талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусун сунуштоого милдеттүү

45. Адистештирилген финансылык уюмдун филиалын жабуу жөнүндө чечим Башкарма тарабынан кабыл алынат. Филиалды жабуу чечими кабыл алынгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде Адистештирилген финансылык уюм Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) филиалды жабуу жөнүндө билдирмени; 

2) филиалды жабуу жөнүндө чечимин. 

46. Адистештирилген финансылык уюмдун филиалы жабылгандыгы (иши токтотулгандыгы) юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде Адистештирилген финансылык уюм бул тууралуу Улуттук банкка маалымдайт. Мында билдирмеге кошумча юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин көчүрмөсү сунушталууга тийиш.  

 

6-глава.Алмашуу пункттарын ачуу 

 

47. Адистештирилген финансылык уюм нак чет өлкө валютасын алмашуу операциялары боюнча кызматтарды сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу пункттарын ачышы мүмкүн. 

"Алмашуу пункту" бул Улуттук банк тарабынан берилген банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын негизинде, Адистештирилген финансылык уюмдун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары ишке ашырылуучу атайы каралган жай.  

Адистештирилген финансылык уюмдун жетекчилиги ал тарабынан ачылган алмашуу пункттарынын иши жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келиши үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат.  

48. Адистештирилген финансылык уюм тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта алмашуу пункту берилген ишеним каттын чегинде өз атынан жана кардардын атынан нак чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууга укуктуу. 

49. Алмашуу пункту өз ишин "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" 2000-жылдын 30-ноябрында Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен бекитилген жобо ылайык уюштурат.  

50. Адистештирилген финансылык уюм алмашуу пунктун каттоодон өткөртүү үчүн мындай чечим кабыл алынган учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен Улуттук банкка кат жөнөтөт:  

1) анда Адистештирилген финансылык уюмдун башкы же белгилүү бир филиалына караштуулугу жөнүндө маалымат камтылган, Башкарманын алмашуу пунктун ачуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн; 

2) Адистештирилген финансылык уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн, алмашуу пункту жайгаштырылуучу жайга ижара келишиминин же менчик укугун тастыктаган башка документтин көчүрмөсүн; 

3) алмашуу пунктунун жайынын техникалык чыңдоо талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусун.  

51. Адистештирилген финансылык уюмдун алмашуу пунктунун Улуттук банкта каттоодон өтүкөндүгү жөнөндү кат өз ишин баштоого негиз болуп саналат. Улуттук банк ушул жобонун 50-пунктунда белгиленген талаптарды канааттандырган документтерди алган учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде алмашуу пунктун каттоодон өткөртөт.  

52. Алмашуу пунктунун иши Адистештирилген финансылык уюмдун Башкармасынын төрагасынын буйругунун негизинде токтотулат. Адистештирилген финансылык уюм аны жабуу чечимин кабыл алгандан кийинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө алмашуу пунктунун ишин токтотуу жөнүндө маалымдайт. Билдирмеде алмашуу пунктунун дареги көрсөтүлүүгө тийиш жанка буйруктун көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. 

53. Алмашуу пунктунун дареги өзгөргөн учурда Адистештирилген финансылык уюм үч жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен алмашуу пунктунун дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

1) Башкарманын чечиминин көчүрмөсүн; 

2) Адистештирилген финансылык уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн, алмашуу пункту жайгаштырылуучу жайга ижара келишиминин же менчик укугун тастыктаган башка документтин көчүрмөсүн; 

3) алмашуу пунктунун жайынын техникалык чыңдоо талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусун. 

 

7-глава. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү макулдашуу жана мамлекеттик кайра каттоо 

 

54. Адистештирилген финансылык уюм, уюштуруу документтерине киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки отуз календардык күн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

55. Адистештирилген финансылык уюм, жалпы акционерлер жыйынынын күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча кабыл алынган чечимдер камтылган, уюмдун акционерлеринин жалпы жыйынында толтурулган протоколду көз карандысыз каттоочуда тастыктоо менен чечим кабыл алынгандан кийин ушул Жобонун 54-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

56. Өз аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алган Адистештирилген финансылык уюм аталышына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин Улуттук банктан алдын ала макулдук алууга милдеттүү.  

57. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө маселе,мыйзамдарда белгиленген бардык талаптарды сактоо менен тиешелүү негизде таризделинген документтер сунушталган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде Улуттук банк тарабынан кароого алынат. 

58. Уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банк тарабынан четке кагылышы мүмкүн: 

1) уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн мыйзамдарда каралган негиздер камтылса; 

2) Адистештирилген финансылык уюм Улуттук банктын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сын-пикирлерин четтетүүгө тиешелүү жазма буйруктарын аткаруудан баш тартса; 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, мыйзамдарда каралган башка учурларда. 

59. Адистештирилген финансылык уюмдун уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор же болбосо Адистештирилген финансылык уюмдун уставынын жаңы редакциясы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана күчүнө кирет. 

60. Уставга сунушталган, анын ичинде Адистештирилген финансылык уюмдун аталышынын, уставдык капитал өлчөмүнүн ж.б. өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу үчүн аталган уюм акционерлердин жалпы жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин ушул Жобонун 54-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) уставга/ капитал өлчөмүнө/ уюмдун аталышына киргизилген өзгөртүүлөрдү макулдашууга өтүнүч катты; 

2) акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынган уставга/капитал өлчөмүнө/аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимитууралуу протоколду же анын көчүрмөсүн; 

3) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынфирмалык аталыштарды жөнгө салууну жүзөгө ашырган тиешелүү органынын аталган уюмдун фирмалык аталышы Юридикалык жактарды бирдиктүү мамлекеттик каттоо реестринде катталбагандыгын далилдеген тастыктамасын; 

4)формага ылайык уставга киргизилген өзгөртүүлөрдүн текстин же болбосо уставдын жаңы редакциясын (2 нускада); 

5) уставдын капиталы өзгөргөн учурда акционерлердин тизмегин (2 нуска); 

6) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уставдык капитал өзгөргөн учурда буга чейинки эмиссияда акцияларды чыгаруу жыйынтыгы жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн (2 нуска). 

61. Адистештирилген финансылык уюмдун уставдык капитал өлчөмүн көбөйтүүнү макулдашуу учурунда Улуттук банк аталган уюмдун акционерлеринин финансылык абалы жана ишке ашырылып жаткан операциялар тууралуу кошумча маалыматты, акционерлердин уюштуруу документтерин, алардын финансылык жана башка отчетторун сунуштоону талап кылышы мүмкүн.  

62. Улуттук банк ушул Жобонун 60-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди 30 күн ичинде кароого алат. Сунушталган документтер ченемдик укуктук актылардын талаптарына жооп берген шартта, аны мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук кат берет.  

63. Мыйзамдарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөр мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин Адистештирилген финансылык уюм беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) тиешелүү негизде тастыкталган, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

2) тиешелүү негизде тастыкталган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгарылган акциялардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн; 

3) нотариалдык жактан тастыкталган, уставга карата тиркеме катары ага киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун көчүрмөсүн же болбосо юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси коюлган уставдын жаңы редакциясынын көчүрмөсүн.  

64. Адистештирилген финансылык уюм чыгарылган катары таанылган жана баалуу кагаздарды чыгаруу жыйынтыгы катталган учурдан кийинки отуз календардык күн ичинде баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, Адистештирилген финансылык уюмдун баалуу кагаздар эмиссиясын жыйынтыктап каттоодон өткөртүлгөндү жөнүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Мында буга кошумча төмөнкүлөр сунушталууга тийиш: 

1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгарылган акциялардын каттоодон өткөндүгү жөнүндө чечимин; 

2) акционерлер реестринен ыйгарым укуктуу жактын кол тамгасы коюлган өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө көчүрмөнү же акционерлердин жаңы реестрин; 

3) акционерлер тизмеги кагаз жүзүндө жана электрондук формада.  

65. Адистештирилген финансылык уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырыгыс бөлүгү болуп саналат жана алар белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн кийин күчүнө кирет.  

 

8-глава. Адистештирилген финансылык уюмдун жайгашкан ордунун өзгөрүшү  

 

66. Адистештирилген финансылык уюмдун жайгашкан ордунун (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөрүшү, башка калктуу пунктта орун алышы менен коштолушу мүмкүн.  

67. Адистештирилген финансылык уюм ал жайгаша турган имаратка менчик укугун тастыктаган документти же ижара (субижара) келишиминин көчүрмөсүн сунуштоо менен жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу жыйырма календардык күн мурда алдын ала Улуттук банкка маалымдоого тийиш.  

68. Жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу билдирме сунушталган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Адистештирилген финансылык уюмга, ошол имараттын (жайдын) банктык жайларды техникалык жактан жабдуу жана чыңдоо боюнча талаптарга ылайык келүүсү, ошондой эле коргоо-өрт жана кооптуу жагдайларды билдирүү белгиси орнотулгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү документтери сунушталууга тийиш.  

69.Жайгашкан орду (почта дареги) айкын өзгөргөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде Адистештирилген финансылык уюм төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1) лицензиянын түп нускасын тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого; 

2) жалпыга маалымдоо каражаттарында уюмдун жайгашкан орду (почта дареги) өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты жарыялоого. 

70. Адистештирилген финансылык уюм өзгөртүп түзүлгөндө, анын аталышы же калктуу пункт өзгөргөндүгүнө байланыштуу, анын жайгашкан орду өзгөргөн учурда аталган уюмдун лицензиясы алмаштырылууга (кайра тариздетилүүгө)тийиш. 

71. Адистештирилген финансылык уюм өзгөртүп түзүлгөндө, анын аталышы өзгөргөндө, башка калктуу пунктта орун алганда, ошондой эле уюм жайгашкан калктуу пункттун аталышы өзгөргөн учурда, Улуттук банкка жогоруда белгиленген маалыматтарды тастыктаган тиешелүү документтерди тиркөө менен лицензияны алмаштыруу (кайра тариздөө) жөнүндө өтүнүч кат сунушталат.  

72. Билдирме сунушталган учурдан кийинки беш жумуш күнү ичинде Улуттук банк Адистештирилген финансылык уюмдун лицензиясын кайра тариздейт.  

 

9-глава. Адистештирилген финансылык уюмду жоюу 

 

73. Адистештирилген финансылык уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюулушу мүмкүн. Мында Адистештирилген финансылык уюм өз эрки боюнча жоюлуу чечимин кабыл алган учурдан кийинки үч жумуш күнү ичинде лицензиянын (лицензиялардын) түп нускасын (түп нускаларын) Улуттук банкка тапшырып, лицензияда (лицензияларда) белгиленген операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

74. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияны кайтаруу тууралуу чечимин алагандан кийин Адистештирилген финансылык уюм үч күндүн ичинде лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензияны кошо алганда) Улуттук банкына тапшыруусу тийиш, бир ай аралыгында, Улуттук банктын башка чечими болбогон шартта, соттук эмес тартипте жоюу процедурасын баштоосу зарыл.  

Жобонун ушул пунктунун талаптарын Адистештирилген финансылык уюм аткарбаган же болбосо тийешелүү түрдө аткарбаган шартта, Улуттук банк сот органдарына Адистештирилген финансылык уюм мажбурлап жоюу талабы менен кайрылууга укуктуу. 

75. Адистештирилген финансылык уюмду жоюу милдети Уставда белгиленген органга жүктөлөт. 

76. Адистештирилген финансылык уюм төлөөгө жөндөмсүз болгон шартта уюм банкроттук жөнүндөгү мыйзамга ылайык жоюуга жатат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасына 

 күнү 

 

Айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

Ушул аркылуу жаңыдан түзүлүп жаткан _____________________ (адистештирилген финансылык уюмдун толук аталышы) адистештирилген финансылык уюмуна төмөнкү реквизиттери менен айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү өтүнөт. 

Адистештирилген финансылык уюму төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө ниеттенет. 

(операциялардын тизмеги көрсөтүлөт) 

 

Уюштуручуулар тобунун өкүлүнүн аты-жөнү 

Өкүлүнүн дареги 

Телефону _________________ Факсы ____________________ 

Акционердик коом түрү (жабык же ачык акционердик коом) 

Болжолдонгон капитал түзүмү

- акциялардын саны 

- чыгарылуучу акциялардын жалпы наркы. 

Уюштуруучулар, сунушталган маалыматтардын аныктыгы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартышат.  

Уюштуруу документтери _____барактан турат. 

  

Кол тамгасы 

 

2-тиркеме 

Уюштуруучулар (акционерлер) 

ТИЗМЕГИ 

_________________________________________________________ 

(адистештирилген финансылык уюмдун бекитилген уставына ылайык аталышы) 

_________________________________________ карата абал боюнча 

Катар № 

Юридикалык жактар үчүн 

Почта индекси, дареги, телефон, үй номерлери 

Уюмдун жарыяланган уставдык капиталы 

20___-жылдын "___"_____карата уюмдун төлөнгөн уставдык капиталы 

  

Юридикалык жактын толук аталышы 

Юридикалык жактын жетекчисинин (уюштуруучусунун, акционеринин) аты-жөнү 

Каттоодон өткөн өлкө 

миң сом 

Уставдык капиталда катышуу үлүшү 

(пайыздарда) 

Миң сом түрүндө салынган 

Уставдык капиталда катышуу үлүшү 

(пайыздарда) 

  

Жеке адамдар үчүн 

  

Аты-жөнү (чет өлкөлүк жарандар аты-жөнүн англис тилинде да көрсөтүүгө тийиш) 

Паспортто катталган маалыматтар (паспортунун №, берилген күнү, колдонуу мөөнөтү, ким тарабынан берилген) 

Жарандыгы 

  

Жыйынтыгында  

  

  

  

  

  

  

  

  

Директорлор кеңешинин төрагасынын(кол тамгасы) аты-жөнү 

  

Мөөрү (жаңыдан түзүлгөн уюм үчүн Директорлор кеңешинин төрагасы шайланган юридикалык жактын мөөрү; иштеп жаткан уюм үчүн ошол уюмдун мөөрү).  

 

Эскертүү

1) лицензия алуу үчүн 1-7-графалар толтурулат; 

1) иштеп жаткан уюмдун уставдык капитал өлчөмүн өзгөртүүдө бардык графалар толтурулат; 

1) акционерлер алфавиттиктартипте көрсөтүлүүгө тийиш.  

  

3-тиркеме 

Адистештирилген финансылык уюмдун катышуучулары жөнүндө МААЛЫМАТ 

________________________________________________________ 

(адистештирилген финансылык уюмдун бекитилген уставына ылайык аталышы) 

_________________________________________ карата абал боюнча (маалыматтар түзүлгөн күн) 

Юридикалык жактын толук аталышы же Адистештирилген финансылык уюмдун катышуучусу жеке адамдын аты-жөнү  

Юридикалык жактын толук аталышы же 1-графада көрсөтүлгөн юридикалык жактын олуттуу катышуусун жүзөгө ашырган жеке адамдын аты-жөнү 

1-графада көрсөтүлгөн адам акциялардын ээси болуп саналган юридикалык жактардын толук аталышы  

Аталышы(карагыла. *)  

Аты-жөнү 

Салынган сумма (сом) 

Ээлик кылуу үлүшү (%) 

Аталышы (карагыла. *)  

Аты-жөнү 

Салынган сумма (сом) 

Ээлик кылуу үлүшү (%) 

Аталышы (карагыла. *)  

Аты-жөнү 

Салынган сумма (сом) 

Ээлик кылуу үлүшү (%) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Директорлор кеңешинин төрагасы _____________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү

  

Мөөрү (жаңыдан түзүлгөн уюм үчүн Директорлор кеңешинин төрагасы шайланган юридикалык жакты уюштуруучусунун мөөрү; иштеп жаткан мекеме үчүн ошол уюмдун мөөрү).  

 

Эскертүү

(*) Мында, толук аталышынан тышкары (аты-жөнү) төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) юридикалык жактарпочта дарегин, телефон номерин, эсеп ачылган финансы-кредит уюмунун (уюмдардын) аталышын көрсөтүү менен эсептешүү эсебинин (эсептеринин) номерин; 

2) жеке адамдар паспорттогу маалыматтар, үй дареги. 

 

4-тиркеме 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

№_______ЛИЦЕНЗИЯ  

 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду) 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөндө келтирилген банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ: 

1.1. Өз атынан жана кардардын атынан нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга; 

1.2. Акча которууларды жүзөгө ашырууга; 

1.3. Мыйзамдарга ылайык уруксат (лицензия) алган шартта өз атынан баалуу кагаздарды чыгарууга, мында карыздык баалуу кагаздар юридикалык жак тарабынан гана сатылышы мүмкүн; 

1.4. Улуттук банк тарабынан чыгарылган, өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга. 

2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр баракчасы ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Бул лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.  

  

№ ____________ бланктын сериясы ______________ 

  

Төраганын орун басары 

  

5-тиркеме 

 

Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген (күнү, айы, жылы)  

№_______лицензияга карата  

ЧЕКТӨӨЛӨР БАРАКЧАСЫ 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

Банк операциясынын катар номери 

Чектөөлөр  

Чектөө колдонууга киргизилген күн 

Эскертүү  

1.1. 

 

 

 

1.2. 

 

 

 

1.3. 

 

 

 

1.4. 

 

 

 

 

 

 

  

N ____________ бланктынсериясы______________ 

  

Төраганын орун басары 

6-тиркеме 

  

  

  

Адистештирилген финансылык уюмдун кызмат адамдары тарабынан толтурулат 

  

  

  

  

  

Сүрөт үчүн  

АНКЕТА  

1. Аты-жөнү ______________________________________________________ 

2. Талапкерлигиңиз Адистештирилген финансылык уюмдун кайсыл позициясынасунушталгандыгын көрсөтүңүз:_____________________________________ (кызмат орду, уюмдун аталышы). 

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз качан жана эмне себептен өзгөрткөндүгүңүздү жана ага чейинки аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз__________________________________ 

4. Туулган жылыңыз жана жериңиз_________________________________________ күн, ай, жыл; шаар, айыл, өлкө

5. Паспортуңуздун сериясы ___ номери _______ ким тарабынан__________ кайсыл күнү ____ берилген. 

6. Жарандыгыңыз ___________________________________________________ 

Жарандыкты туулган жериңиз боюнча, үйлөнгөндөн кийин алгандыңызды же башка себептер болсо көрсөтүңүз ______________ 

7. Үй дарегиңиз (документ боюнча) _______________ тел. N _________ 

Айкын жашаган дарегиңиз ________________________________________ 

8. Талапкердин төмөнкү багыттар боюнча билиминин болушу: 

- банк мыйзамдары __________________________________; 

- финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп __________; 

- тобокелдиктерди тескөө ________________________________; 

- ликвиддүүлүктү тескөө_____________________________________; 

9. Иштеген жеринин дареги, тел. N, факсы, эл. дареги _____________________. 

10. Билими __________________________ (жогорку, толук эмес жогорку, орто кесиптик, орто, бакалавр, магистр) 

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жери 

Факультетиже бөлүмү 

Окуу жайына тапшырган жана аны аяктаган жылы 

Алган дипломуна ылайык адистиги  

  

  

  

  

Окуу борборлору тарабынан өткөрүлгөн курстарда окутуудан өтүү ______ 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күн 

Сертификаттын болушу (бар/жок) 

  

  

  

  

  

11. Эмгек жолу башталгандан тартып иштеген жери 

Жумушка кирген күн (ай, жыл) 

Иштен бошогон күн (ай, жыл) 

Ээлеген кызмат орду 

Мекеменин аталышы, ал жайгашкан жер 

Бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

12. Акыркы 10 жыл ичинде Сиз мурда уюштуруучусу, акционери (ээси) болгон жана/же учурда уюштуруучусу, акционери (ээси) болгон кайсы болбосун компанияны көрсөтүңүз: 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишкердик түрү 

Ээлигинде болгон акциялардын саны 

Капиталда ээлик кылуу үлүшү сом түрүндө  

Ошол юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү пайыздарда (%) 

Салык төлөөчүнүн идентификациялыкномери (ИНН) 

  

  

  

  

  

  

13. Качандыр бир мезгилде, кайсы бир өлкөдөСизге карата же Сиз анын олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же кайсы болбосун кызмат адамы болгон компанияга карата төмөнкүлөр орун алган болсо, көрсөтүңүз: 

- укук бузуулар боюнча күнөө коюлса (ооба/жок)_________________ 

- дисциплинардык жаза колдонсо (ооба/жок) _________________ 

Болгон болсо,укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен күнөө коюуну, айыптоону, ошондой эле кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыптоону же дисциплинардык жазаны, териштирүү жыйынтыктарын, соттун чечимин чагылдырыңыз: ___________ 

14. Акырына чейин өтөлбөгөн сот чечими болсо көрсөтүңүз. Ал боюнча түшүндүрмө бериңиз __________________________________________________________ 

15. Сизге карата кайсы бир ишкердик түрү менен алектенүүгө тыюу салган чечим чыгарылган болсо көрсөтүңүз. Ал боюнча түшүндүрмө бериңиз ____________________________________________ 

16. Сиз анын жетекчиси (менеджери), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучусу катары байланыштуу болгон, ал мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлоо тартибинде жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз ______________ 

Сиз ал компания менен байланыштуу болгон жана ага карата мажбурлоо тартибине банкроттоо, жоюу шарты белгиленген компанияда анын директору, кызмат адамы же олуттуу катышуучусу катары ролуңуз жана жоопкерчигиңиз тууралуу толук маалымат бериңиз _____________________ 

17. Сизге карата же Сиз анын кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучусу болгон компанияга карата мамлекеттик же жөнгө салуу органдары тарабынан териштирүү иши жүргүзүлгөн болсо, анын себептери боюнча түшүндүрмө бериңиз __________________________________________. 

18. Кимдир бирөөлөр алдында ссуда (башка милдеттенмелер)боюнча карызыңыз болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүңүз: 

 

Кредитордун аталышы 

  

Берилген күнү (айы, жылы) 

  

Насыя суммасы 

  

Пайыздык чен 

  

Насыя багыты 

  

Күрөө жана анын суммасы 

  

Төлөө күнү (айы, жылы) 

  

Насыя боюнча карыз калдыгы 

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыз калдыгы 

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар) 

  

19. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүү иштерине катыштыгыңыз болгон болсо, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз ______________________________ 

20. Төмөнкүлөр боюнча маалымат бериңиз: 

1. 20___-жылдын "__" __________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет 

1. 1-таблица (валютаны көрсөтүңүз) 

  

Активдер 

Суммасы сом түрүндө 

Нак акча каражаттары 

  

Финансы-кредит мекемелериндеги депозиттик каражаттар 

  

Компанияга инвестициялар (2-табл.) 

  

Баалуу кагаздар 

  

Кыймылсыз мүлк, алардын ичинен күрөөдө турган же ага карата арест коюлган 

  

Дебитордук карыз (анын ичинде карызга берилген каражаттар) 

  

Башка активдер 

  

  

Бардыгы болуп активдер 

  

  

Милдеттенмелер 

  

Кредит боюнча карыз 

  

Кредитордук карыз 

  

Башка пассивдер 

  

  

Бардыгы болуп пассивдер 

  

  

Таза нарк (активдер-пассивдер) 

  

  

Өздүк берилген гарантиялар 

  

2. 2-таблица (валютаны көрсөткүлө

Каражаттар инвестицияланган компаниянын аталышы, дареги 

Компаниянын формасы 

Ээлик кылуу үлүшү (% түрүндө

Компаниянын иш чөйрөсү 

Каражаттар качан салынган (салынган жылы) 

Акциялар кайсы баада сатылып алынган (капиталдагы үлүшү

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы болуп: 

3. 3-таблица (валютаны көрсөткүлө

  

Киреше булагы 

Өткөн жыл 

20__-жыл 

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20__ -жыл 

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сыйакыларды кошо алганда) 

  

  

Кошумча иштеген жери боюнча эмгек акы, анын ичинде автордук сыйакылар, башка төлөөлөр  

  

  

Дивиденддер 

  

  

Аманат боюнча пайыздар, баалуу кагаздар 

  

  

Кыймылсыз мүлктөн, анын ичинде аны сатуудан кирешелер 

  

  

Баалуу кагаздарды, мүлктү ж.б. кошо алганда, башка кирешелер 

  

  

  

Бардыгы болуп киреше 

  

  

  

Чыгашалар 

  

  

Чыгашалар (өздүк, керектөөгө

  

  

Кредит боюнча төлөөлөр: а) негизги сумма б) пайыздар 

  

  

Башка чыгашалар, кыймылсыз мүлк, автоунаа ж.б. сатып алууга чыгашаларды кошо алганда  

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар 

  

  

  

Таза киреше (чыгаша)  

  

  

21. Үй-бүлөлүк абалы 

Жакын туугандарыңызды (ата-энеңизди, жубайыңызды, ага-иниңизди, эже-сиңдиңизди, чоң ата, чоң энеңизди) көрсөтүңүз: _________________________ 

Аты-жөнүңүз 

Туугандык мамиле 

Туулган күнү жана жери 

Кызмат орду жана иштеген жери 

Үй дареги, тел. N  

  

  

  

  

  

22. Сиз кызмат ордуна талапкерлигиңизди сунуштаган Адистештирилген финансылык уюм менен кандай байланышыңыз бар, ал тууралуу толук маалымат бериңиз. Мындан тышкары, кызмат ордуна макулдашуу учурунда кароого алуу маанилүү деп санаган кандай болбосун башка маалыматты көрсөтүңүз.  

Мен, ______________________________________________________________ (аты-жөнүңүз)  

анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар анык жана толук экендигин жана анда камтылган маалыматтар мен билген жана мага маалым болгон чекте сунушталгандыгын тастыктайм. Маалымат атайылап бурмаланып же ката кетирүү менен сунушталган шартта, менин талапкерлигимди кызмат орунга макулдашууда бул негиз болушу мүмкүндүгүн жана ал мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келиши мүмкүн экендигин толук түшүнөм. 

_____________________ 20__-жылдын "___" _____________ (кол тамгасы, күнү

 

Эскертүү

 

 

1) анкетанын ар бир бетине кол тамга коюу зарыл; 

1) анкетага оңдоолор киргизилген шартта, "оңдоолор киргизилди" деген сөздөр жазылып, ал талапкердин кол тамгасы менен тастыкталат.