Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитуу туралуу» 2016-жылдын 16-мартындагы №12/3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбооруна  

МААЛЫМАКАТ-НЕГИЗДЕМЕ  

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин (мындан ары-АФКМ) лицензиялоо боюнча суроолорду көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу максытында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитуу туралуу» 2016-жылдын 16-мартындагы №12/3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомдун долбоору иштелип чыккан. 

Ушул долбоорго ылайык АФКМдин жайлары, анын ичинде анын филиалдары жана алмашуу пунктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлган талаптарга жооп берүүсү керектиги көрсөтүлгөн, башкача айтканда бул талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленгендиги тууралуу тактоо алынып салынат. 

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитуу туралуу» 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө Жобону бекитуу туралуу» 2016-жылдын 16-мартындагы №12/3 токтомуна сунушталган өзгөртүлөр бекитилсин (тиреклет):  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан алмашуу бюролорун тааныштырсын.   

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов   

Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү: Т.Джусупов 

Н.Жениш  

Л.Орозбаева  

Н.Сагындыков 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын _____ № токтомуна тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитуу туралуу» 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 Улуттук банк Башкармасынын «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө Жобону бекитуу туралуу» 2016-жылдын 16-мартындагы №12/3 токтомуна төмөнкү өзгөртүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобонун: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайлары, анын ичинде мекеменин филиалдары жана алмашуу пункттары жайгашкан жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш.»; 

- 20-пункттун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) Адистештирилген финансы-кредит мекемеси жайгашкан жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундусу.»; 

- 39-пункттун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) филиал жайгашуучу жайдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундусу»;  

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн учурда адистештирилген финансы-кредит мекемеси бул тууралуу Улуттук банкка маалымдап, жаңы жай боюнча ижара келишиминин же укукту белгилөөчү документтин көчүрмөсүн, ошондой эле филиал жайгаштырылуучу жайдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундусун сунуштоого милдеттүү.»;  

- 53-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) алмашуу пунктунун жайынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундусун.»; 

- 68-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68. Жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу билдирме сунушталган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде адистештирилген финансы-кредит мекемеси, ошол имараттын (жайдын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундусун сунушталууга тийиш.».