Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 1.4., 1.5. жана 1.6-пункттар менен толукталсын: 

«1.4. Портал отчет берүүчү уюмдардан (микрофинансылык компания, микрокредиттик компания, кредиттик союздар, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери) отчетторду электрондук форматта алуу үчүн Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан, интернет-сайт каражаттарынан маалымат топтоо мүмкүнчүлүгү каралган автоматташтырылган система, ал ошондой эле отчет берүүчү уюмдарга (микрофинансылык компания, микрокредиттик компания, кредиттик союздар, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери) чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар тууралуу отчетторду сунуштоо каражаты болуп саналат.  

1.5. Логин микрофинансылык компанияны, микрокредиттик компанияны, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорун жана адистештирилген финансы-кредит мекемелерин системадан (порталдан) пайдалануучу катары идентификациялаган символдордун топтому. 

Пароль маалымат коопсуздугу талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон, порталдан пайдалануучулар (микрофинансылык компания, микрокредиттик компания, кредиттик союздар, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери) үчүн каралган символдордун купуя/кайталангыс топтому. 

Логин жана пароль Улуттук банк тарабынан ыйгарылат жана алмашуу бюросунун, микрофинансылык компаниянын, микрокредиттик компаниянын, кредиттик союздун жана адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жетекчисине лицензия менен кошо берилет. Логинди жана паролду үчүнчү жактарга (микрофинансылык компанияга, микрокредиттик компанияга, кредиттик союздарга, алмашуу бюролоруна жана адистештирилген финансы-кредит мекемелерине тиешеси жок жактарга) ачыкка чыгарууга тыюу салынат. 

1.6. Ушул жобонун максаттарында квитанция-маалымдама дегенден улам кардар менен ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын алмашуу операциясын тастыктаган документти түшүнүүгө болот.»; 

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Банктар, алмашуу бюролору, микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча маалыматты (отчетту) өз алдынча чогултууга, жалпылоого жана Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери нак эмес формада ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчетту электрондук түрдө күн сайын берүүгө милдеттүү. Мында микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери портал аркылуу нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчетту бардык валюталар боюнча өз-өзүнчө күн сайын берүүгө тийиш.»; 

- 2.5-пункттун 17-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17) жүзөгө ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчеттук маалыматтарды так жана өз убагында Улуттук банкка сунуштоого. Микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар жана алмашуу бюролору отчеттук маалыматтарды жобонун 1-тиркемесине ылайык электрондук түрдө Улуттук банкка сунушташат. Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун, ал эми адистештирилген финансы-кредит мекемелери - Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун негизинде белгиленген мөөнөттөрдө сунушташат. 

Отчет сунушталбаган учурда банктар отчеттун берилбей калышы себептерин көрсөтүү менен кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү

Отчет сунушталбаган учурда микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору, адистештирилген финансы-кредит мекемелери отчеттун берилбей калышы себептерин көрсөтүү менен кийинки жумуш күнүнө чейинки күн ичинде портал аркылуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.»; 

- 5.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. Иш күнүнүн акырында чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү жөнүндө отчет таризделет: 

- банктар (алмашуу пункттары) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун алкагында; 

- адистештирилген финансы-кредит мекемелери ушул жобонун 2.3-пунктуна ылайык Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында; 

- микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар жана алмашуу бюролору ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык. 

5.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2. Микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү жөнүндө маалыматты портал аркылуу күн ичинде эки жолу төмөнкү тартипте Улуттук банкка сунуштайт: 

- отчеттук жумуш күнүнөн кийинки күнү саат 07:00дөн тартып 11:00гө чейин валюталар курсун жана көлөмүн көрсөтүү менен кеңири отчетту, ошондой эле көлөмүн көрсөтүүсүз валюталар курсу боюнча отчетту; 

- саат 13:00дөн тартып 15:00гө чейин - көлөмүн көрсөтүүсүз валюталар курсу боюнча отчетту. Улуттук банк валюталар курсу жана көлөмү тууралуу маалыматты күн ичинде бир нече жолу талап кылууга укуктуу. Банктар (алмашуу пункттары), микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери отчетту Улуттук банкка электрондук түрдө берүү үчүн интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Мында, кагаз бетине чыгарылган отчет жооптуу кызматкердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, ошол мекемелердин штапмы менен бекитилип, хронологиялык тартипте көктөлүп, банкта (алмашуу пунктунда), микрофинансылык компанияда, микрокредиттик компанияда, кредиттик союзда, алмашуу бюросунда жана адистештирилген финансы-кредит мекемесинде сакталат.”; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

1-тиркеме 

Микрофинансылык компаниянын, микрокредиттик компаниянын, кредиттик союздун, алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен операциялары боюнча  

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

________________________________________________ 

(уюмдун аталышы) 

20__-жылдын «___» ____________________ үчүн 

Микрофинансылык компаниянын, микрокредиттик компаниянын, кредиттик союздун, алмашуу бюросунун каттоо номери ______________ 

«Улуттук банктын лицензиясынын номери»_______________________ 

«Каттоо катынын номери»____________________________ 

 

«Күнү»______________ «Убактысы»_______________ 

 

«Кассалык аппараттын номери» _______________ 

  

Саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин сунушталуучу отчет 

Валютанын коду 

Күндүн башталышына карата калдык 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)  

Сатып алуу көлөмү 

Анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынган 

Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынган 

Келип түшкөн башка акчалар 

Келип түшкөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу көлөмү 

Анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы 

Анын ичинде, резидент эместерге сатылганы 

Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар 

Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Күндүн акырына карата калдык 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

 

  

  

  

  

  

  

№1 маалымдама  

  

  

  

  

  

№2 маалымдама 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кассалык аппараттын номери 

Күн ичиндеги алгачкы чектин номери 

Күн ичиндеги акыркы чектин номери 

Эскертүү  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүүлөр: 

«Кассалык аппараттын номери» тилкесинде контролдук-кассалык машинага заводдо ыйгарылган номери көрсөтүлөт. Машина бузулган шартта же ал алмаштырылган учурда порталда «Ремонттолууда» статусу көрсөтүлөт же заводдун жаңы номери чагылдырылат. 

«Валютанын коду» тилкесинде валютанын сан түрүндөгү коду Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Мында АКШ доллары боюнча тилке милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча толтурулат.  

«Күндүн башталышына карата калдык» тилкесинде күндүн башталышына карата нак чет өлкө валютасынын жалпы калдык суммасы көрсөтүлөт.  

«Сатып алуу көлөмү» тилкесинде сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.  

«Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынган» тилкесинде коммерциялык банктардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынган» тилкесинде резидент эместерден сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Келип түшкөн башка акчалар» тилкесинде негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялардан келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Келип түшкөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү» тилкесинде № 1 маалымдамага ылайык операциялардын түрлөрү көрсөтүлөт.  

«Сатуу көлөмү» тилкесинде сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы» тилкесинде банктарга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, резидент эместерге сатылганы» тилкесинде резидент эместерге сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар» тилкесинде негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операцияларга сарпталган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү» тилкесинде № 2 маалымдамага ылайык операциялардын түрлөрү көрсөтүлөт.  

«Күндүн акырына карата калдык» тилкесинде күндүн акырына карата нак валюта калдыгынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Күн ичиндеги алгачкы чектин номери» тилкесинде жумуш күнү ичиндеги алгачкы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машина ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет.  

«Күн ичиндеги акыркы чектин номери» тилкесинде отчеттук күнү ичиндеги акыркы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машина ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет.  

№ 1 маалымдама. Келип түшкөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Коду 

Операциянын аталышы 

11 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн карыздык каражаттарды тартуу 

22 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн өздүк каражаттарды тартуу 

33 

Мурда берилген карыз боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсү 

44 

Акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн башка түрлөрү 

№ 2 маалымдама. Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Коду 

Операциянын аталышы 

55 

Карыздык каражаттарды кайтаруу үчүн акча каражаттарын алуу 

66 

Өздүк керектөөлөргө акча каражаттарын алуу 

77 

Карызга акча каражаттарын берүү 

88 

Операциялык чыгашалардын ордун жабууга акча каражаттарын алуу 

99 

Чыгашалардын башка түрлөрү 

 

Валюталар курсуна мониторинг жүргүзүү үчүн отчет 

Саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин жана саат 13.:00дөн саат 15.00гө чейин сунушталуучу отчет 

 

Валютанын коду 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

 

  

  

Эскертүү

«Валютанын коду» тилкесинде валютанын сан түрүндөгү коду Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Мында АКШ доллары боюнча тилке милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча толтурулат.  

«Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу курсу көрсөтүлөт. 

«Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатуу курсу чагылдырылат. 

- 5-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин башкы кеңсеси жана анын филиалдары/алмашуу пункттары нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча отчетту портал аркылуу күн ичинде эки жолу төмөнкү тартипте сунуштайт: 

- отчеттук жумуш күнүнөн кийинки күнү саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин валюталар курсун жана көлөмүн көрсөтүү менен кеңири отчетту, ошондой эле көлөмүн көрсөтүүсүз валюталар курсу боюнча отчетту; 

- саат 13:00дөн тартып 15:00гө чейин көлөмүн көрсөтүүсүз чет өлкө валюталарынын курсу боюнча отчетту. Мында, иш күнүнүн акырында адистештирилген финансы-кредит мекемесинин башкы кеңсеси жана анын филиалдары/алмашуу пункттары өз алдынча нак чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу боюнча отчетту түзүп (күн ичинде ишке ашырылган операциялар жыйынтыгын эсептейт, иш күнүнүн акырына карата калдыкты эсептейт), Улуттук банкка портал аркылуу ар бир филиал/алмашуу пункту боюнча өз-өзүнчө сунуштайт. Күн акырында катталган калдык суммасы кийинки жумуш күнүнүн башталышына карата калдыкка барабар болууга тийиш. 

Адистештирилген финансы-кредит мекемеси өзүнүн башкы кеңсеси жана филиалдары/алмашуу пункттары тарабынан ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча жалпыланган отчетту Улуттук банкка электрондук түрдө сунуштоого милдеттүү. Мында кагаз бетине чыгарылган отчет жооптуу кызматкердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, ошол адистештирилген финансы-кредит мекемесинин штапмы менен бекитилип, хронологиялык тартипте көктөлүп, аталган мекемеде сакталат. 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

1-тиркеме 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

Мезгил-мезгили менен берилүүчү  

регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ  

 

 

Бөлүк 

Аталышы 

Мезгилдүүлүгү 

Сунуштоо мөөнөтү 

Эскертүү же ченемдик-укуктук актыга шилтеме 

1  1 

    

Титулдук баракча 

Ай сайын  

 

 

 

 

Жылына бир жолу 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Бөлүктөргө кошо тиркелет  

22 

    

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү жөнүндө маалымат   

Жылына бир жолу 

 

 

Өзгөргөн учурларда  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет    

33 

    

Айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат  

Жылына бир жолу  

 

 

Өзгөргөн учурларда  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет   

44 

   

Базалык маалымат 

Жылына бир жолу  

 

 

Өзгөргөн учурларда  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет  

5  5 

1-бөлүк  

Баланстык отчет  

А. Активдер  

Б. Милдеттен-мелер  

В. Капитал 

Ай сайын 

 

    

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

    

66 

2-бөлүк  

Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет  

А. Пайыздык кирешелер  

Б. Пайыздык чыгашалар  

В. Пайыздык эмес кирешелер  

Г. Пайыздык эмес чыгашалар  

Д. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

    

77 

3-бөлүк   

Капитал түзүмү  

А. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр  

Б. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акциялары тууралуу маалымат 

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

88 

4-бөлүк  

Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр 

Ай сайын   

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

99 

5-бөлүк 

Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча күндөлүк отчет 

А. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу, ошондой эле валюта курстары боюнча күндөлүк отчет 

Б. Нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча күндөлүк отчет 

Күн сайын күнүнө 2 жолу 

1) Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 07:00дөн тартып 11:00гө чейин  

2) 13:00дөн тартып 15:00гө чейин  

1) чет өлкө валюталар курсун жана аларды сатып алуу, сатуу көлөмүн көрсөтүү менен кеңири отчет 

 

2) чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмүн көрсөтүүсүз алардын курсу боюнча отчет 

110 

6-бөлүк. 

Экономикалык ченемдер боюнча маалымат  

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

»; 

- 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 « 

  

  

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 6-тиркеме 

 

20__-жылдын «__»______ карата абал боюнча Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет 

 

5-БӨЛҮК. ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫН САТЫП АЛУУ ЖАНА САТУУ БОЮНЧА КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

А бөлүкчөсү. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча күндөлүк отчет 

7:00дөн тартып 11:00гө чейин берилүүчү отчет 

«Улуттук банктын лицензиясынын номери»______________ 

«Филиалдын/алмашуу түйүнүнүн каттоо катынын номери»____________________ 

«Күнү»______________ «Убактысы»_______________ 

 

«Кассалык аппараттын номери» _______________ 

 

Валютанын коду 

Күндүн башталышына карата калдык 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)  

Сатып алуу көлөмү 

Анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынган 

Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынган 

Келип түшкөн башка акчалар 

Келип түшкөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу көлөмү 

Анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы 

Анын ичинде, резидент эместерге сатылганы 

Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар 

Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Күндүн акырына карата калдык 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

 

  

  

  

  

  

  

№1 маалымдама  

  

  

  

  

  

№2 маалымдама 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кассалык аппараттын номери 

Күн ичиндеги алгачкы чектин номери 

Күн ичиндеги акыркы чектин номери 

Эскертүү  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүүлөр: 

«Кассалык аппараттын номери» тилкесинде контролдук-кассалык машинага заводдо ыйгарылган номери көрсөтүлөт. Машина бузулган шартта же ал алмаштырылган учурда порталда «Ремонттолууда» статусу көрсөтүлөт же заводдун жаңы номери чагылдырылат. 

«Валютанын коду» тилкесинде валютанын сан түрүндөгү коду Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Мында АКШ доллары боюнча тилке милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча толтурулат.  

«Күндүн башталышына карата калдык» тилкесинде күндүн башталышына карата нак чет өлкө валютасынын жалпы калдык суммасы көрсөтүлөт.  

«Сатып алуу көлөмү» тилкесинде сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.  

«Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт. 

«анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынган» тилкесинде коммерциялык банктардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынган» тилкесинде резидент эместерден сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Келип түшкөн башка акчалар» тилкесинде негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялардан келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Келип түшкөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү» тилкесинде № 1 маалымдамага ылайык операциялардын түрлөрү көрсөтүлөт.  

«Сатуу көлөмү» тилкесинде сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы» тилкесинде банктарга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде, резидент эместерге сатылганы» тилкесинде резидент эместерге сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар» тилкесинде негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операцияларга сарпталган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү» тилкесинде № 2 маалымдамага ылайык операциялардын түрлөрү көрсөтүлөт.  

«Күндүн акырына карата калдык» тилкесинде күндүн акырына карата нак валюта калдыгынын жалпы суммасы чагылдырылат. 

«Күн ичиндеги алгачкы чектин номери» тилкесинде жумуш күнү ичиндеги алгачкы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машина ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет.  

«Күн ичиндеги акыркы чектин номери» тилкесинде отчеттук күнү ичиндеги акыркы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машина ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет.  

№ 1 маалымдама. Келип түшкөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Коду 

Операциянын аталышы 

11 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн карыздык каражаттарды тартуу 

22 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн өздүк каражаттарды тартуу 

33 

Мурда берилген карыз боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсү 

44 

Акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн башка түрлөрү 

№2 маалымдама. Сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар тууралуу түшүндүрмө берүү 

Коду 

Операциянын аталышы 

55 

Карыздык каражаттарды кайтаруу үчүн акча каражаттарын алуу 

66 

Өздүк керектөөлөргө акча каражаттарын алуу 

77 

Карызга акча каражаттарын берүү 

88 

Операциялык чыгашалардын ордун жабууга акча каражаттарын алуу 

99 

Чыгашалардын башка түрлөрү 

 

07.00дөн тартып 11.00гө чейин жана 13.00дөн тартып 15.00гө чейин сунушталуучу отчет 

 

Валютанын коду 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

 

  

  

  

Эскертүүлөр: 

«Валютанын коду» тилкесинде валютанын сан түрүндөгү коду Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Мында АКШ доллары боюнча тилке милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча толтурулат.  

«Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу курсу көрсөтүлөт. 

«Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатуу курсу чагылдырылат. 

Б бөлүкчөсү. НАК ЭМЕС ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫН САТЫП АЛУУ ЖАНА САТУУ БОЮНЧА КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

I бөлүк 

Көрсөткүчтөр 

АКШ доллары 

Евро 

Орус 

рубли 

Казак 

теңгеси 

Кытай 

юаны 

Башка чет өлкө валюталары 

Күндүн башталышына карата калдык, бардыгы болуп   

анын ичинде:   

- банк-резиденттердин эсептешүү эсептеринде: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5   

- банк-резидент эместердин эсептешүү эсептеринде:   

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5 

Келип түшкөн валюта, бардыгы болуп,    

анын ичинде:    

- акча которуулар, пластик карттар, чектер ж.б. боюнча каражаттардын келип түшүүсү (эсепти ачуусуз)   

- сатылып алынганы, бардыгы болуп  

анын ичинен:   

- банк-резиденттерден: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5  

- банк-резидент эместерден: 

Банк 1  

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5  

- нак акчага айландыруу   

- конвертация   

- келип түшкөн башка акчалар   

   

   

   

   

   

 

   

II бөлүк 

   

Көрсөткүчтөр 

АКШ доллары 

Евро 

Орус 

рубли 

Казак 

теңгеси 

Кытай 

юаны 

Башка чет өлкө валюталары 

Сыртка жөнөтүлгөн валюта, бардыгы болуп   

анын ичинен:   

- акча которуулар, пластик карттар, чектер ж.б. боюнча каражаттарды төлөп берүү (эсеп ачуусуз)   

- сатылганы, бардыгы болуп  

анын ичинен:   

- банк-резиденттерге: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5 

- банк-резидент эместерге: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5   

- нак акчага айландыруу   

-конвертация   

- сыртка жөнөтүлгөн башка акча 

- күндүн акырына карата калдык, бардыгы болуп    анын ичинен:   

- банк-резиденттердин эсептешүү эсептеринде: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5 

- банк-резидент эместердин эсептешүү эсептеринде: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5   

   

   

   

   

   

 

   

Аткаруучунун кол тамгасы: ____________________ 

 

 

 

Эскертүүлөр: 

«Нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча отчет» деп аталган Б бөлүкчөсүндө төмөнкүдөй маалымат чагылдырылат. 

«Күндүн башталышына карата калдык, бардыгы болуп» сабында күндүн башталышына карата банк-резиденттердин жана банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде банк-резиденттердин эсептешүү эсептеринде» сабында күндүн башталышына карата банк-резиденттердин эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги» сабында күндүн башталышына карата банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Келип түшкөн валюта, бардыгы болуп» сабында отчеттук күн ичинде келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде акча которуулар, пластик карттары, чектер ж.б. боюнча каражаттардын келип түшүүсү (эсеп ачуусуз)» сабында адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кардарлары үчүн акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде сатылып алынганы, бардыгы болуп» сабында адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«алардын ичинен банк-резиденттерден сатылып алынганы» сабында банк-резиденттерден сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«алардын ичинен банк-резидент эместерден сатылып алынганы» сабында банк-резидент эместерден сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде нак акчага айландыруу» сабында комиссиялык төлөмдөрдү эске алуусуз, ошондой эле нак чет өлкө валютасын алмаштыруудан келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде конвертация» сабында башка валютага алмаштыруудан келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммардык көлөмү көрсөтүлөт. 

«анын ичинде келип түшкөн башка акчалар» сабында негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялардан келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Сыртка жөнөтүлгөн валюта, бардыгы болуп» сабында отчеттук күн ичинде сарпталган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде акча которуулар, пластик карттары, чектер ж.б. боюнча каражаттарды төлөөлөр (эсеп ачуусуз)» сабында адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кардарларына акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча төлөнүп берилген нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинен сатылганы, бардыгы болуп» сабында адистештирилген финансы-кредит мекемесине сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«алардын ичинен банк-резиденттерге» сабында банк-резиденттерге сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

«алардын ичинен банк-резидент эместерге» сабында банк-резидент эместерге сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде нак акчага айландыруу» сабында комиссиялык төлөмдөрдү эске алуусуз, ошондой эле нак чет өлкө валютасына алмаштырууга сунушталган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде конвертация» сабында башка валютага алмаштырууга сунушталган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде сыртка жөнөтүлгөн башка акчалар» сабында негизги статьялар тизмегине камтылбаган операциялар боюнча сарпталган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Күндүн акырына карата калдык, бардыгы болуп» сабында күндүн акырына карата банк-резиденттердин жана банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде банк-резиденттердин эсептешүү эсептериндеги» сабында күндүн акырына карата банк-резиденттердин эсептешүү эсептериндеги нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«анын ичинде банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги» сабында күндүн акырына карата банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Башка чет өлкө валюталары» тилкесинде Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык ар бир чет өлкө валютасы боюнча валютанын сан түрүндөгү коду көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/ Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобонун

- 9-пунктунун он бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-25-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«26. Лицензиат, алмашуу бюронун ишине катышкан жаңы кызматкерлерди ишке тартууда, 3 жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Лицензиат, өз жетекчиси (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле алмашуу бюросунун жетекчиси алмашкан шартта, бул тууралуу Улуттук банкка үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө билдирүүсү зарыл.»; 

- 32-пунктунун алтынчы жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«33. Улуттук банк, талабын канааттандыраарлык документтерди алган учурдан кийинки 15 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, кошумча ачылган алмашуу бюросун каттоодон өткөрөт жана ар бир алмашуу бюросуна каттоодон өткөндүгүнүн катар номерин ыйгаруу менен кошумча ачылган алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катты берет.»; 

- 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«41. Алмашуу бюролору акча белгилеринин аныктыгын текшерүүчү техникалык каражаттар, телефон жана Улуттук банкка портал аркылуу нак чет өлкө валюталары менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары тууралу маалымат (отчет) тапшыруу үчүн керектүү аспаптар менен жабдылууга тийиш.»; 

- 43-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөө тартиби.»; 

- 49-пунктунун 10-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 7-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.