Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы  

№ 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо: 

- 1-пункт “Кредиттик союздар жөнүндө” деген сөздөрдөн кийин “, “Кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 12-пунктта “күндөлүк” деген сөз алынып салынсын; 

- 18-пункттагы: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тариздөө тартиби: 

- документтердин формалары; 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди сунуштоо тартиби; 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди жактыруу тартиби; 

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөө менен активдин ордун жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу, күрөөгө баа берүү ыкмалары); 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин туура таризделишине контролдук кылуу.”; 

3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

“- каржылоону максаттуу пайдаланууга талдап-иликтөөнү жана мониторингди жүргүзүү;”; 

4-пунктчада "проблемалуу" активдерге байланыштуу кырдаалдарды аныктоо, талдап-иликтөө жана чечүү” деген сөздөр “каржылоо боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген жана орду жабылбаган карызды аныктоо, талдап-иликтөө жана кайтаруу боюнча иш алып баруу” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын: 

«Кредиттик союз, каржылоо боюнча бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат менен алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле жок дегенде бир кредиттик бюрого кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү

Кредиттик маалымат айкын маалыматтарга негизденген, анык болууга жана жаңыланууга тийиш. 

Кредиттик союздун каржылоо ишин тескөө боюнча ички документтери кредиттик маалыматты алмашуу боюнча ишти уюштуруу бөлүгүндө тартипти жана талапты камтууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан же ачып көрсөтүүдөн коргоо жана сактоо; 

- кредиттик союз жана кредиттик маалыматты алмашуу процессинде маалыматты пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар, ошондой эле эмгек келишиминин (контракттын) мөөнөтү бүткөн кызматкерлери тарабынан маалыматтын ачыкка чыгарылышына тыюу салуу; 

Мындан тышкары, каржылоо ишин тескөө боюнча ички документтеринде кредиттик бюро менен кредит алмашуу жөнүндө келишим түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер чагылдырылат, анын ичинде:  

- кредиттик бюрого кредиттик маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңылоолор жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык камсыз кылуу. 

Кредиттик союз кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматтын бурмаланышы, берилген маалыматтын толук болушу, өз убагында берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык бардык карыз алуучулары үчүн жоопкерчилик тартат.”; 

- 20-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык суроолор Каржылоо боюнча комитет тарабынан чечилүүгө тийиш.”;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 20-1 пункт менен толукталсын: 

“20-1. Каржылоону берүү жана мониторингди жүргүзүү ишине тартылган кредиттик союздун кызматкерлерине жооптуу кредиттөө жагында өз билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат.”; 

- 24-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү аныкталууга тийиш.”; 

- 25-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) кардардын мүнөзү. Каржылоо боюнча кызматкер кардар каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, кредиттик союздун суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кандайча кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Ошондой эле, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, кардардын ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка кредиттик мекемелерде ага буга чейин берилген активдер жөнүндө маалымат алуу маанилүү. Мындан тышкары, кардардын макулдугу менен бир же бир нече кредиттик бюролордо ал жөнүндө маалыматты алуу зарыл. 

Кредиттик союз кредиттик бюродон алган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга жана анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген максаттар үчүн гана кредиттик отчетту пайдаланууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтардын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат;”; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“27. Эгерде кардарга кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү боюнча маселе оң чечилген болсо, анда алынган документтер боюнча кардарды каржылоонун досьеси түзүлөт.  

Каржылоо берүүдөн баш тартылган учурда, кредиттик союз баш тартуу себептерин түшүндүрүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө катышуучуну кат жүзүндө маалымдоого тийиш.”; 

- 27-1-пункттун экинчи сүйлөмүндөгүкредиттик” деген сөз “каржылоодеген сөзгө алмаштырылсын; 

- 28-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-главанын 2-параграфы төмөнкү редакцияда берилсин: 

2-§. Каржылоо келишимине карата талаптар жана аны түзүү тартиби.  

29. Кредиттик союз менен катышуучу ортосунда түзүлгөн каржылоо келишими, анын бардык тиркемелери жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилдерде (катышуучуга тил тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт. Каржылоо келишиминин түп нускасынын саны тараптар түзгөн келишимдин санынан кем болбоого тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылоо келишиминин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

Каржылоо келишиминин тексти кардардын кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Келишимдин шарттарынан келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Келишимдин бардык тексти жана бардык тиркемелеринде анын шрифти бирдей болууга жана анын өлчөмү 12 кем болбоого тийиш.  

30. Кийинчерээк аны кайтаруу менен мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, каржылоо келишимин түзүүдө актив бериле жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл.  

31. Кредиттик союз катышуучунун кат жүзүндө макулдугусуз келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу тартипте алмаштырууга укугу жок, эгерде бул кардардын укугун начарлатып жана милдетин көбөйтө турган болсо. 

32. Каржылоонун ордун жабуу графиги келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, төлөө мөөнөтү кардардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлүп, эки тараптын колу коюлат.  

33. Келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишимдин предмети;  

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- каржылоо сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде ордун жабуу суммасы, тартиби жана мөөнөттөрү, камсыздоосу, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше көрсөтүлөт; 

- тараптардын укуктары жана милдеттери, анын ичинде каржылоо келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган шартта; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюрого (эгерде аталган кредиттик союз анын катышуучусунан болуп саналса) карыз алуучу жөнүндө маалыматты сунуштоо шарттары; 

- кредиттик союзга активди кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда ал тууралуу маалымдалган шартта катышуучунун активдин ордун кайсыл болбосун учурда, кандай болбосун айыптык санкцияларсыз мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу; 

- форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта кредиттик союз менен кардар ортосунда өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайлар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн, бирок булар менен чектелбейт, алсак: жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жер титирөө, өрт чыгуулар жана башка жаратылыш же болбосо техногендик кырсыктар), жапырт тараган илдет (эпидемия), өзгөчө кырдаалды киргизүү, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуш аракеттери ж.б. 

34. Кредиттик союз катышуучунун чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги менен катышуучуну тааныштырууга тийиш, ал ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлүп, каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптын колу коюлат.  

Зарылчылыкка жараша кредиттик союз катышуучуга каржылоо боюнча төлөмдөрдү, туумдарды, айыптарды ж.б. эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш.  

Кредиттик союз бекитилген тарифтерден тышкары, каржылоо келишиминин шарттарына кошумча жыйымдарды, келишимди түзүү жана анын талаптарын аткарууга байланыштуу, кармалып калуучу/төлөнүлүүчү комиссиондук жана башка төлөмдөрдү ошондой эле акы төлөнүлүүчү негизде коштоп жүрүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу эмес.  

34-1. Катышуучу менен каржылоо келишимди түзгөндөн жана ал акча каражаттарын алгандан кийин кардарга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

- тараптар тарабынан кол коюлган каржылоо келишими төлөмдөр графиги менен; 

- кредиттик союздун катышуучусунун чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеси. 

34-2. Кардардын кредиттик досьеси (досьеге карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде келтирилген) катышуучудан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт, ага актив боюнча бардык тиешелүү документтер көктөлөт.  

34-3. Активдерге мониторинг жүргүзүү учурунда кредиттик союз телефондук сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмунун жана кардар менен болгон жолугушууларды каттоо журналын кошо алганда, алар боюнча жүргүзүлгөн бардык иш-чаралардын эсебин жүргүзүшү жана документ түзүшү зарыл. Өзгөчө мындай эсепти проблемалуу активдер менен иш алып барууда жүргүзүү зарыл.”; 

- 40-пункттун: 

алтынчы абзацындагы “милдеттенмени” деген сөз “милдеттенменин өлчөмү жана” дегенге алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацындагы “каралган” деген сөз “ылайык күрөөгө карата тараптардын милдеттери жана” дегенге алмаштырылсын; 

- 50-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 53-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүдө кредиттик союз келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимине ылайык, кардарга жана күрөө коюучуга (эгерде ал болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алууга өзгөчө укук берүүгө тийиш, буга ылайык кардар жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алат.”; 

- Тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата 

1-тиркеме 

 

Кардарды каржылоо боюнча досьеге карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

I. Кардар жөнүндө жалпы маалымат 

1. Кредиттик союзда белгиленген формада каржылоону алуу үчүн билдирме ошол кредиттик союздан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алты ай ичинде алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган милдеттенмелерге тиешелүү маалымат менен бирге кошо берилет. 

2. Кредиттик бюродон кардарга карата кредиттик отчет. 

2-1. Кардардын өзү жөнүндө кредиттик отчетту берүүгө макулдугу (билдирмеде каржылоону алуу көрсөтүлүшү мүмкүн). 

3. Инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү, бул боюнча кредиттик союздун катышуучусун идентификациялоо мүмкүн. 

4. Катышуучунун кирешелери жөнүндө маалымат. 

5. Күрөөгө коюла турган мүлктүн (эгерде болсо) описи. 

6. Каржылоону алууга карата катышуучунун жолдошунун/жубайынын макулдугу (бир кардарга 50 000 сомдон жогору каржылоо боюнча, каржылоону алган жана колдонуудагы милдеттенмелерди алган учурда). 

7. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, юридикалык жакты түзүүсүз эле жеке ишкерди жүзөгө ашырган катышуучу (жеке адам) үчүн: 

- юридикалык жакты (эгерде болсо) түзүүсүз эле жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоо) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

- патенттин көчүрмөсү (эгерде болсо). 

7-1. Кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар юридикалык жак). 

8. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу акча каражаттарынын булактарына баа берүү.  

9. Мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлгөн каржылоо келишими, анын тиркемелери, ошондой эле реструктуризациялоо же пролонгациялоо, талаптар укугун өткөрүп берүү учурунда катышуучу менен кошумча түзүлгөн макулдашуу. 

10. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо (болгон болсо) жөнүндө кредиттик союздун тиешелүү органынын чечими.  

11. Кардар менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды тиркөө менен).  

12. Юридикалык документ (иш боюнча кардардын документтеринин көчүрмөлөрү, мисалы: накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

13. Активдин максаттуу пайдалангандыгын текшерүү жөнүндө отчет. 

14. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн кардардын анкетасы.  

II. Күрөөлүк документтер 

15. Мамлекеттик жана расмий тилдеги күрөө жөнүндө келишим. 

16. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтер (эгер болгон болсо). 

17. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикке укукту тастыктаган документтер. 

18. (күчүн жоготкон катары таанылсын). 

19. Күрөөнү иликтөө актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөөнү иликтөө күнү

- күрөөнүн түрү

- күрөөнү баалоо күнү

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн бааланган наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. 

20. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгер күрөө катталууга тийиш болсо, же кредиттик союз катталышын талап кылса). 

21. Кардардын тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгер кардар - юридикалык жак болсо). 

III. Гарантиялар же кепилдиктер 

22. Кат жүзүндө гарантия/кепилдик же каржылоо боюнча тиешелүү келишимди көрсөтүү менен кепилдик, гарантия/кепилдик берилген сумма, гарантиянын/кепилдиктин бүткөн күнү

23. Тиешелүү органдын гарантия берүү чечими (эгер гарант - юридикалык жак болсо). 

24. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгер гарант - жеке болсо). 

25. Кепилдик берүүчүнүн кирешеси тууралуу маалымат.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата 

2-тиркеме  

 

Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын  

ТИЗМЕГИ 

Актив боюнча кредиттик союздун катышуучусунун чыгашалары (төлөмдөрү)  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы  

Каржылоо боюнча келишимде көрсөтүлөт  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баа/киреше  

Билдирмени кароо үчүн комиссия (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө). 

Комиссия болгон шартта, алардын өлчөмү пайыздык же нарктык мааниде бекитилген тарифтерге ылайык көрсөтүлөт.  

Активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эсептин ачылышы каржылоо келишимин түзүү менен шартталган болсо) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылган болсо) үчүн комиссия.  

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу)  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун ж.б. кызматы үчүн төлөм) 

Мындай чыгашалар келечекте өзгөрүүлөрүн көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) көрсөтүлөт 

Кардардын эсебинен көчүрмөлөрдү берүү үчүн төлөм  

Кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана кредиттик союздун үстөк акысы/кирешеси боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктирилиши үчүн  

Каржылоо келишиминин негизинде кредиттик союздан алынган айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Активди алгандан кийин каржылоо келишимин жокко чыгаруу шарттары  

Каржылоо келишиминин негизинде көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

  

___________________ 

_________ 

______ 

_________________ 

_______ 

______ 

(ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү

(кол тамга) 

үнү

(кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү

(кол тамга) 

үнү)”.