Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

токтом долбооруна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/7 «Төлөм системалары операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 1-главанын 

- 1-пункту “ылайык иштелип чыккан” деген сөздөргө чейин «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине» деген сөздөр менен, «же экстремисстик ишти» деген сөздөрдөн кийин «Административдик иштин негиздери жана административдик жоопкерчилик жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы №49/9 токтому менен бекитилген, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/1 токтомунун редакциясында, Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароо тууралуу нускоого» деген сөздөр менен толукталсын

- 2-пунктундагы кашаанын ичиндеги (банктар жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкары) деген сөздөр “финансы кредит мекемелерин кошо алганда”, дегенге, “төлөм уюмдарына” деген сөздөрдөн кийин “жана/же алардын кызмат адамдарына” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары-Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган негиздерде жана тартипте колдонулат. 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Төлөм кызматтарынан пайдалануучулардын таламдарын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоо жана камсыз кылуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана террористтик же экстремисттик иштерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү, Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуунун максаты болуп саналат».  

5-пунктунун: 

1-абзацындагы «төлөм уюмдарына» деген сөздөрдөн кийин «жана/же анын кызмат адамдарына карата» деген сөздөр менен толукталсын»; 

- 2-абзацы «ченемдик» деген сөздөн кийин «укуктук» деген сөз менен толукталсын;  

- 3-абзацы «ченемдик» деген сөздөн кийин «укуктук» деген сөз менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын:  

«- отчеттун жана расмий түрдө талап кылынган башка маалыматтын кечиктирилип/туура эмес/анык эмес/бурмаланган/толук эмес берилишине системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки же андан көп жолу) жол берилсе»; 

2-главанын  

- 2-главанын аталышы «таасир этүү чаралары» деген сөздөн кийин «жана» деген сөз менен толукталсын.  

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишинде мыйзам бузуулар аныкталса, анын ичинде анык эмес/толук эмес маалымат берилген, операцияларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын башка талаптарын бузууга жол берилген учурларда Улуттук банк төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу:  

-жазма буйруу; 

- айып; 

- төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөө

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу; 

- төмөнкү редакциядагы 6-1-пункт менен толукталсын: 

“6-1. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан алардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууга жол берилген шартта, ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн чаралардын бир же бир нечесин колдонууга укуктуу”; 

- 7-пунктундагы «төлөм системаларынын операторлору /төлөм уюмдары» деген сөздөр «төлөм системасынын башка катышуучулары жана төлөм кызматтарынан пайдалануучулар» дегенге алмаштырылсын.  

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Эскертүүлөр төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна алар белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди бузууга жол беришкендиги же төлөм системасынын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан ишти жүзөгө ашырып жаткандыгы тууралуу маалымдоо тартибинде, мындан ары аларга карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн экендигин эскертүү максатында, аралыктан туруп көзөмөлдөө учурунда жөнөтүлөт. Эскертүү таасир этүү чарасы болуп саналбайт». 

- 10-пунктунун: 

- биринчи абзацынын 1-сүйлөмү «Жазма буйруу Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде аткарылууга милдеттүү болуп саналат» деген сөздөр менен толукталсын.  

- 2-абзацы «ченемдик» деген сөздөн кийин «укуктук» деген сөз менен толукталсын.  

- 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- анык эмес, так эмес маалымат сунушталса»; 

4-абзацындагы «бузууга жол берилсе» дген сөздөр «ченемдерин бузууга жол берилсе» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-абзацындагы «каршы аракет» деген сөз «каршы аракеттер» дегенге алмаштырылсын. 

3) 2-глава 10-1, 10-2, 10-3 жана 10-4 пункттары менен толукталсын жана төмөнкү редакцияда берилсин. 

10-1. Айып төлөм системасынын операторуна, төлөм уюумуна жана/же алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы жана инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган укук бузууларга жол бергендиги үчүн салынат.  

Административдик укук бузууга жол берилгендиги тууралуу административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлөт. Административдик укук бузуулар жөнүндө протокол Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароо тууралуу нускоого ылайык түзүлөт.  

10-2. Кызмат адамдарына төмөнкү учурларда айып салынат: 

1) кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген, төлөмдөрдүн натыйжалуу жана коопсуз өткөрүлүшүнө кесепетин тийгизген аракеттери (аракеттенбей коюлары); 

2) бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруулардын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбашы;  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган же лицензияда каралбаган төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

4) төлөмдөрдү кызматтарды сунуштоочулар менен келишим түзүүсүз кабыл алуу жана өткөрүү

5) банк менен агенттик келишим түзүүсүз банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү банктын атынан мыйзамсыз сунуштоо; 

6) инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда көрсөтүлгөн каршы аракеттер; 

7) Улуттук банкка, анын ичинде инспектордук текшерүү учурунда так эмес/толук эмес маалыматтардын берилиши; 

10-3. Эгерде айып төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же кызмат адамы тарабынан төлөнбөсө, анда Улуттук банк айыпты мажбурлап өндүрүү үчүн материалдарды сот аткаруучусуна жөнөтүүгө укуктуу.  

10-4. Форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан шарттарда айып салынбайт: 

Форс- мажордук жагдайларга табигый кырсыктар (сел, жер титирөө, өрт жана башка табигый же техногендик кырсыктар) согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, жарандык толкундоолор жана баш аламандыктар кирет. 

3). 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө убактылуу чектөөлөрдү жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат: 

-лицензиянын негизинде иш жүргүзбөсө

«- Улуттук банктын жазма буйрууларынын системалуу түрдө аткарылбашына жол берилсе (12 календардык ай ичинде эки жана андан ашык жолу)»; 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарын жана Улуттук банктын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин жөнгө салуу жагында талаптарын бузууга жол берилсе». 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун төлөөгө жөндөмсүздүгүндө

- төлөм системасы операторунун системасында системалуу/техникалык үзгүлтүктөр (айына үчтөн көп жолу) орун алса 

-Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөл жана инспектордук функцияларды аткаруу учурунда системалуу түрдө аларга каршы аракеттенүүлөрдө

- Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөл жана инспектордук функцияларды аткаруу учурунда системалуу түрдө аларга каршы аракеттер жасалса.». 

11-1-пункт менен толукталсын жана төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11-1. Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун операцияларын убактылуу чектөө жөнүндө чечим, алардан улам чечим кабыл алынган, бузууга жол берүүлөрдүн конкреттүү фактыларын чечмелөөнү камтууга тийиш. Операцияларга чектөөлөр киргизилген шартта, чечимде төмөнкү чаралар камтылууга, бирок муну менен эле чектелип калбоого тийиш: 

- төлөмдөрдү кабыл алууга чектөө

- агенттик жана субагенттик келишимдерди түзүүгө чектөө

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине карата бузууларды четтетүүнүн башка чараларын кабыл алуу жөнүндө талаптар.». 

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“13. Төмөнкү учурлардын биринде лицензия кайтарылып алынышы мүмкүн: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалуу түрдө бузууга (бир календардык жыл ичинде эки же андан ашык жолу) жол берилсе; 

- Улуттук банктын жазма буйрууларынын жана/же башка талаптарынын системалуу түрдө (эки же андан ашык жолу) сакталбашы; 

- маалыматтын системалуу түрдө сунушталбашы (эки же андан ашык жолу) же анык эмес же толук эмес маалыматтын сунушталышы; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнч мыйзамдарында каралган операцияларда катышуусунда; 

- лицензияда көрсөтүлгөн иш бир жылдан ашык убакыт жүзөгө ашырылбаса. 

- Төлөм системасынын оператору/төлөм уюмунун лицензиясынын кайтарып алынышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынажана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык лицензияда көрсөтүлгөн иштин токтотулушуна алып келет.”. 

15-пунктундагы “төлөм уюмдарына” деген сөздөрдөн кийин “жана/же алардын кызмат адамдарына”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен” деген сөздөргө чейин “Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/3 токтомунун редакциясында, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы №49/9 токтому менен бекитилген,” дегенге  

алмаштырылсын. 

- төмөнкү редакциядагы 16-пункт менен толукталсын: 

- “16. Төлөм системасынын операторунан/төлөм уюмунан лиценщияны кайтарып алууда Улуттук банк төлөм системасынын конкреттүү операторунан/төлөм уюмунан лицензиянын кайтарып алынгандыгы тууралуу билдирүүнү бардык коммерциялык банктарга, төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына, мамлекеттик органдарга жөнөтөт.”; 

- төмөнкү мазмундагы 17-пункт менен толукталсын: 

“17. Төлөм системасынын операторун/төлөм уюмун өз эрки боюнча жоюу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96- беренесине жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Өз эрки боюнча жоюуда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму өзүн-өзү жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банкка лицензиянын түп нускасын өткөрүп берүүгө милдеттүү.  

 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму өз ишин лицензия өткөрүлүп берилген жана/же кайтарылып алынган учурда токтотууга тийиш. 

Өз эрки боюнча жоюуда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулар жана пайдалануучулар алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарууга тийиш. 

Өз эрки боюнча жоюу жөнүндө чечимди кабыл алган, юридикалык жакты уюштуруучулар (катышуучулар) же юридикалык жакты жоюу тууралуу чечим кабыл алган орган жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындашат жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жоюу тартибин жана мөөнөтүн белгилешет.  

өмөнкү редакциядагы 18-пункт менен толукталсын: 

“18. Улуттук банк төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин, эгерде бул иш бирден-бир иш болуп саналса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мажбурлап жоюу тууралуу талап менен сотко кайрылууга укуктуу.”. 

 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9» Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолор киргизилсин. 

1) 1-главанын  

- 2-пункту 5-пункт менен толукталсын жана төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Төлөм системалары башкармалыгы Кодексин 357 359 жана 505-18 505-22-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн».