Кыргыз Республикасында банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы жөнүндө” убактылуу жобонун долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Учурда финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногу тез арымда өзгөрүүдө: улам жаңы катышуучулар пайда болуп, жаңы продукттар, кызмат көрсөтүүлөр жана бизнес-моделдер иштелип чыгууда. Керектөөчүлөргө пайда алып келген жана финансы рыногун түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн болгон жаңы финансылык продуктту иштеп чыгууда көпчүлүк учурда аны жөнгө салган база иштелип чыкпайт. Жаңы продукттар рынокто тез пайда болуп, кайра жок болуп жаткандыктан, алардын кайсынысына өзгөчө көңүл буруп, кайсынысы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилишин талап кыла тургандыгы дайыма эле түшүнүктүү боло бербейт. Ошондон улам, финансылык туруктуулукту жана керектөөчүлөрдүн укугун сактоо менен инновациялык продукттардын рынокко аралашуусун камсыз кылуу милдети келип чыгууда.  

Жаңы финансылык инструменттерди жөнгө салуу проблемасын банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы (өзгөчө иш ыргагы) чечиши мүмкүн. “Өзгөчө иш ыргагы” бул, финансы рыногунун катышуучулары үчүн атайы жөнгө салуу ыргагы, ал технологияларды пилоттук ыргакта, финансылык мыйзамдарды бузуу тобокелдигине дуушарлануусуз тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 

Жөнгө салуучу мындай эксперименттин алкагында рынок катышуучулары менен бирге жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо пайдалануу максатка ылайыктуулугун жана анын рынокко колдонууга киргизүү зарылчылыгын түшүнүү үчүн пайдаланат. 

Өзгөчө иш ыргагы” аркылуу катышуучулар жаңы технологияны тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Минималдуу укуктук белгисиздик финансы рыногунун бардык катышуучулары үчүн укуктук тобокелдиктердин келип чыгышына бөгөт коет. Мында, компанияга карата лицензия алуу талабы коюлбагандыктан, продуктту кыска мезгил ичинде тесттен өткөрүүгө шарт түзүлөт же жол-жобо кыйла жөнөкөй болот.  

Мында бардык долбоорлор жөнгө салуучунун контролдугуна алынат: ал инновациялык продукттар үчүн пропорционалдуу жана шайкеш эрежелерди иштеп чыгат, бул, өз кезегинде, компания инвестиция жумшоо үчүн артыкчылыктуу объект болуусуна шарт түзөт.  

Өзгөчө иш ыргагы” жөнгө салуучуга нормалар системасына жана эрежелерге баа берип, жаңы технологияларга карата потенциалдуу тоскоолдуктардын келип чыгышын аныктоого мүмкүндүк берген технологияларды тесттен өткөрүү үчүн аянтча болуп саналат.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын ___-мартындагы №___ токтомуна карата тиркеме 

 

 

“Кыргыз Республикасында банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы жөнүндө” убактылуу жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. “Кыргыз Республикасында банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы жөнүндө” убактылуу жобо (мындан ары Жобо) финансы рыногун демилгелөө, Кыргыз Республикасынын региондорунда финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана нак эмес төлөмдөр наркын төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. 

2. Бул жободо, банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагын түзүү, ага катышуу тартиби, ошондой эле жаңы катышуучуларды жана буга чейин рынокко аралашпаган продуктту ыңгайлаштыруу зарылчылыгы шартында катышуучуларга карата коюлуучу талаптар аныкталган. 

3. Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы төмөнкүдөй максаттарды көздөө менен түзүлгөн:  

рынок катышуучуларына карата укуктук белгисиздикти жана укуктук тобокелдиктерди кыскартуу; 

инновациялык технологияларды алгачкы пайдалануу үчүн артыкчылыктуу жана жеткиликтүү эрежелерди аныктоо; 

инновациялык технологияларды тандоо жана рынокко аралашуусун тездетүү

инвестициялардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу; 

Улуттук банк тарабынан контролдукка алынышын сактоо. 

4.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк), расмий сайтта тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүү үчүн атайы иш ыргагын түзүү ишинин демилгечиси болуп саналат жана пилоттук долбоордун финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо процессине контролдукту жүргүзөт.  

5. Улуттук банк, банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагынын алкагында катышуучуларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын толугу менен же алардын бир бөлүгүн аткаруудан бошотууга укуктуу.  

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

 

6. Бул жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылган: 

Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөр бул, жаңы банктык продукт же операция формасында ишке ашырылган банктын жана төлөм системасынын операторунун инновациялык ишинин түпкү иш натыйжасы. 

Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы (мындан ары пилоттук долбоор) бул, финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыккан компанияларга аларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусуз чектелген чөйрөдө гана тесттен өткөрүүгө мүмкүндүк берген эрежелер жыйындысы.  

Өтүнүч ээси бул, банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагын пайдалануу боюнча пилоттук долбоордо катышуу үчүн Улуттук банкка кайрылган Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти.  

Компания банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагын пайдалануу боюнча пилоттук долбоордо катышууга макулдук алган өтүнүч ээси.  

 

2. Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагында катышуу 

 

7. Инновациялык долбоорлорду тесттен өткөрүү үчүн пилоттук долбоордо катышууга өтүнүч катты, алдын ала сүйлөшүлгөн чектөөлөрдү сактаган, лицензияга ээ жана лицензиясы жок рынок катышуучулары сунушташы мүмкүн. Лицензиясы жок рынок катышуучуларына карата Улуттук банк лицензия алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, белгилүү бир мөөнөткө лицензия берүүгө укуктуу.  

8. Пилоттук долбоордо төмөнкү критерийлерге жооп берген долбоорлор гана катышышы мүмкүн: 

- инновациялык долбоорлор; 

- Кыргыз Республикасынын финансы системасы же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөр үчүн зарыл болсо; 

- тесттен өткөрүүгө даяр болсо (эч кандай байланышы жок же жеткире иштелип чыкпаган долбоорлорго жол берилбейт); 

- тесттен өткөрүү зарыл болсо (өтүнүч ээси бардык тобокелдиктерге баа берип, даярдык иштери көрүлгөндүгүн негиздүү далилдеп берүүгө тийиш); 

- зарыл документтер толук болсо. 

9. Пилоттук долбоордо катышуу үчүн өтүнүч ээси төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- Улуттук банкка өтүнүч кат жөнөтүүгө (1-тиркеме); 

- болжолдуу мөөнөтүн, негизги баскычтарын, операцияларды ишке ашырууга лимиттерди, кардарлардын санын жана башка шарттарды көрсөтүү менен инновациялык долбоорду сунуштоого; 

- келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөрдү жана аларды кыскартуу механизмдерин сунуштоого; 

- ал ийгиликсиз катары таанылган учурда, керектөөчүлөрдүн укугун коргоону эске алуу менен пилоттук долбоорду токтотуу стратегиясын сунуштоого.  

10. Ар бир пилоттук долбоор үчүн Улуттук банк өзүнчө атайы ишке киргизүү режимин түзөт. Мында Улуттук банк төмөнкүдөй чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу: 

- жүзөгө ашыруу мөөнөтү - 12 ай ичинде. Бул мөөнөт тобокелдиктерге баа берүү үчүн каралган жана анда атайы иш ыргагы катышуучуларынын атаандашуу артыкчылыктарына жетишүүсү болжолдонгон эмес. Улуттук банктын чечими боюнча анын мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок катары менен эки гана жолу узартылат; 

- чектелген, бирок тесттин жыйынтыктарына статистикалык маанилүү баа берүү үчүн жетиштүү болгон кардарлардын саны; 

- ар бир кардар үчүн операциялардын көлөмү жана саны боюнча лимиттер; 

- жалпы көлөм боюнча операциялардын көлөмү жана саны боюнча лимиттер; 

- долбоор түрү жана тобокелдиктерге жараша керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча кошумча чаралар; 

- Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө лицензия берген шартта же ал жок учурда атайы иш ыргагында катышуучуга мүмкүнчүлүк берүү аныкталат; 

- модель же технология өзгөчөлүктөрүнө жооп берген атайы эрежелер иштелип чыгышы мүмкүн.  

11. Пилоттук долбоордун алкагында кызматтардан керектөөчүлөр өз таламын коргоо укугун сактап калышат.  

 

4. Документтерге экспертиза жүргүзүү 

 

12. Өтүнүч ээси Улуттук банкка пилоттук долбоордо катышуу үчүн документтерди ушул Убактылуу жобонун 8 жана 9-пункттарына ылайык сунуштооготийиш. 

13. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу, бирден көп барактан турган бардык документтерге номер коюлуп, көктөлүп, жетекчинин кол тамгасы жана өтүнүч ээсинин мөөрү менен тастыкталууга тийиш. 

14. Улуттук банк документтерди 30 (отуз) жумуш күнү ичинде кароого алып, кароо мөөнөтү аяктагандан кийин пилоттук долбоордо катышууга макулдук берүү же ага жол бербөө чечимин кабыл алат. Макулдук берүү-катында милдеттүү түрдө Улуттук банктан белгилүү бир мөөнөткө лицензия алуу зарылчылыгы көрсөтүлүүгө тийиш. 

15. Документтерди кароодо Улуттук банк кошумча маалыматты талап кылууга же пилоттук долбоордун алкагында кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

16. Өтүнүчтү кароо процессинде Улуттук банк өтүнүч ээси менен биргеликте пилоттук долбоордун параметрлерин, жыйынтыктарга баа берүү ыкмаларын, коргоо механизмдерин ж.б. талкууга алышат. 

17. Ушул Убактылуу жобонун алкагында пилоттук долбоорго катышуу үчүн Улуттук банкка сунушталган документтер жана алардын көчүрмөлөрү өтүнүч ээсине кайтарылып берилбейт.  

 

5. Улуттук банкта белгилүү бир мөөнөткө лицензия алуу үчүн сунушталуучу документтер жана аларды тариздөө 

 

18. Улуттук банктан белгилүү бир мөөнөткө лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер сунушталат: 

- Улуттук банктан белгилүү бир мөөнөткө лицензия алууга өтүнүч кат (2-тиркеме); 

- уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер, караштуулугу); 

- ошол юридикалык жак тарабынан тастыкталган, юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөсү

- уставы (эки нускада); 

- компаниянын акционерлери/уюштуруучулары жөнүндө маалымат; 

- акыркы финансылык жыл үчүн финансылык отчет (акыркы финансылык жыл үчүн финансылык баланс, пайда жана чыгым жөнүндө отчет), салык декларациялары жана/же финансылык абал жөнүндө башка документтер же алардын көчүрмөсү

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (болгон болсо).  

Өтүнүч ээси белгиленген мөөнөткө лицензия алуу үчүн Улуттук банкка сунушталган маалыматтын тактыгы жана документтердин толук сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.  

19. Улуттук банктан белгилүү бир мөөнөткө лицензия алууга өтүнүч кат жана ага кошо тиркелген документтер Улуттук банкка сунушталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алынат.  

20. Документтер толук сунушталса жана белгиленген талаптарды канааттандырса, ошондой эле четке кагууга негиз жок болсо, Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө лицензия берүү чечимин кабыл алат.  

21. Белгилүү бир мөөнөткө сунушталуучу лицензия (3-тиркеме) акысыз берилет жана эки нускада тариздетилет. Бир нускасы өтүнүч ээсине берилет, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Улуттук банк тарабынан белгилүү бир мөөнөткө сунушталган лицензиянын аракети, аны колдонуу мөөнөтү аяктаганда, юридикалык жак өз ишин токтоткон учурда же болбосо лицензия белгиленген тартипте кайтарылып алынган шартта токтотулат. 

22. Улуттук банк тарабынан белгилүү бир мөөнөткө сунушталуучу лицензия, инсандыгын тастыктаган документ сунушталган шартта компаниянын жетекчисине же тиешелүү ишеним кат (ыйгарым укук берүү жөнүндө документ) жана анын инсандыгын тастыктаган документ сунушталган шартта башка ыйгарым укуктуу адамга берилет. Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө лицензияны сунуштоодо өтүнүч ээси же анын ыйгарым укуктуу адамы лицензияны алгандыгын тастыктоо менен Убактылуу/чектелген лицензияларды берүү журналында кол тамгасын коет.  

23. Лицензия жана анын аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

24. Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөткө сунушталган лицензиянын түп нускасы жоголгон учурда (жараксыз болуп калса) компания ал боюнча түшүндүрмөлөрдү жана лицензия жоголгондугун (жараксыз болуп калгандыгын) тастыктаган документтерди (жараксыз болгон учурда - жараксыз лицензияны; ал эми жоголгон учурда лицензиянын реквизиттери көрсөтүлгөн, жалпыга маалымдоо каражаттарында лицензия жоголгондугу жөнүндө кулактандыруу жана жоголгон буюмдар жөнүндө маалымат берүү бюросунан маалымкат) кошо тиркөө менен Улуттук банкка дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат сунуштайт. 

25. Улуттук банк тарабынан белгилүү бир мөөнөткө сунушталуучу лицензиясынын дубликаты Улуттук банкка өтүнүч кат жана тиешелүү документтер сунушталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде берилет.  

26. Күбөлүктүн түп нускасы табылган шартта компания 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ал боюнча түшүндүрмөлөрдү кошо тиркөө менен күбөлүктүн анык нускасын тапшырууга тийиш.  

 

 6. Пилоттук долбоордо катышууну четке кагуу  

 

27. Пилоттук долбоордо катышуу үчүн сунушталган документтердин талапка жооп бербеши жана өтүнүч ээсинин алгылыксыз финансылык абалы пилоттук долбоордо катышууга же Улуттук банктын белгилүү бир мөөнөткө сунушталуучу лицензиясын берүүгө өтүнүч катты четке кагуу үчүн негиз болуп саналат. 

28. Пилоттук долбоордо катышууга өтүнүчтү четке кагуу же Улуттук банктын белгилүү бир мөөнөткө лицензияны берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын тиешелүү комитети, зарыл учурда Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

 

7. Пилоттук долбоорду өткөрүү 

 

29. Билдирме жактырылган учурдан тартып компания керектөөчүлөргө пилоттук долбоор башталгандыгы тууралуу маалымдайт.  

30. Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу процессинде компания отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин ай сайын Улуттук банкка белгиленген талаптарга ылайык отчет жөнөтөт. Ар айлык отчетко карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгилүү бир пилоттук долбоорго карата иштелип чыгат. 

31. Пилоттук долбоордун акырында компания Улуттук банкка анын жыйынтыгы тууралуу отчетту жөнөтөт, анда продуктту же кызмат көрсөтүүнү рынокко колдонууга киргизүү же аны токтотуу тууралуу чечим камтылат.  

32. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы жөнүндө отчет Улуттук банк тарабынан 30 (отуз) жумуш күн ичинде кароого алынат. 

8. Корутунду жоболор 

 

33. Ошол эле бир инновациялык продукт менен пилоттук долбоордо кайталап катышууга тыюу салынат. 

34. Улуттук банк компаниянын керектөөчүлөр алдында милдеттенмелерин аткаруу менен кайсыл болбосун учурда пилоттук долбоордо катышуусун өз алдынча чектөө укугун өзүндө калтырат.  

35. Пилоттук долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алууга жана финансы рыногунда аралашуусуна мүмкүндүк берүү болуп саналбайт. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасында банктык инновациялык  

кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн  

атайы иш ыргагы жөнүндө убактылуу жобого карата 

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

____________________________________ 

 

(юридикалык жактын аталышы жана дареги) 

____________________________________ 

 

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

Улуттук банк тарабынан 20____-жылдын __________ жарыяланган банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагында катышууга уруксат берүүнү өтүнөм. 

Кыргыз Республикасында банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагы жөнүндө убактылуу жобого ылайык, бардык талап кылынган маалыматтар жана документтер кошо тиркелет. 

 

 

Күнү  

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Юридикалык жактын мөөрү 

 

 

 

Кыргыз Республикасында банктык инновациялык  

кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн  

атайы иш ыргагы жөнүндө убактылуу жобого карата 

2-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

____________________________________ 

 

(юридикалык жактын аталышы жана дареги) 

____________________________________ 

 

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

Улуттук банктан белгилүү бир мөөнөткө, банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагында катышуу укугуна лицензия берүүнү өтүнөм. 

 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч ээсинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышып чыккандыгымды тастыктайм жана өтүнүч катка талап кылынган бардык маалыматтар жана документтер, анын ичинде төмөнкүлөр кошо тиркелет: 

- _______; 

- _______; 

- _______. 

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалымат анык жана так экендигин тастыктайбыз. 

 

 

Күнү  

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Юридикалык жактын мөөрү 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасында банктык инновациялык  

кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн  

атайы иш ыргагы жөнүндө убактылуу жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

________________ (так көрсөтүлсүн) банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагында катышууга  

 

№ 0000 ЛИЦЕНЗИЯ 

 

 

20___-жылдын “__”_________ каттоодон өткөн 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

_________________________________________________  

(юридикалык жактын аталышы) (Бишкек шаары/областтын аталышы) 

 

банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнүн атайы иш ыргагында катышуу укугун сунуштайт. 

 

Ушул лицензиянын негизинде юридикалык жак төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүшү мүмкүн: 

 

а) __________________________; 

б) __________________________; 

в) __________________________. 

 

Лицензияда каралбаган операцияларды жүзөгө ашыргандыгы үчүн мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.  

 

Лицензия ажыратылып алынгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензияда каралган укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.  

 

Лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана ____ жыл колдонулат. 

 

Улуттук банктын Төрагасы тарабынан ыйгарым укук чегерилген адам 

________________________________________ 

(кол тамгасы) (кызмат адамдын аты-жөнү