Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” “Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоо боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө” токтом долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

 

2017-жылдын 1-мартында №38 Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган Кыргыз Республикасынын “Төлөм системаларынын суроолору боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруучу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Төлөм системасы жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик” кодексине) мыйзамынын 3 беренесин аткаруу негизинде. Банктык кызматтарга инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү жөнгө салган “Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоо боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” (мындан ары Жобо долбоору) Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. 

Жобо долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 14-беренесинин 3-болүгүнө ылайык байланыш операторунун дистанциондук банкинкге катышуусу коммерциялык банк менен кабыл алыган келишимдин алкагында пункту менен толуктанган. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар финансылык маалыматты берүүдө банктык сырды сактоону камсыз кылуу, колдонуучулардын жеке маалыматарын коргоо үчүн керектүү чараларды көрүү кошумча талаптары камтылган, “идентификация” сөзү “аутентификация” сөзүнө алмашылды, терминдерде жана аныктамаларда дистанциондук банкинтин жаны түрлөрү камтылган. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын «___» _______ 

№___ токтомуна карата  

тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 “Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 “Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 1-главанын: 

1-пункту “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзам менен толукталсын.

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

3. Бул жобонун алкагында аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү (мындан ары аралык банкинги) персоналдык компьютерлердин, мобилдик телефондордун, банкоматтардын (АТМ-банкинг), электрондук терминалдардын, анын ичинде автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдарынын (cash-in), мобилдик банкинг (WAP-банкинг, SMS-банкинг, SIM-апплет, мидлет жана башкалар) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалардын жардамы менен байланыш каналдары боюнча аралыктан туруп сунушталат

жобонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдө кездешкен “аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү” деген сөздөр “аралык банкинги” дегенге алмаштырылсын.

- 1-глава төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

«3-1. Аралык банкингин сунуштоодо, кызмат көрсөтүүчүлөр жана банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимге ылайык, байланыш кызматы үчүн байланыш оператору (мобилдик уюлдук байланыш оператору/көчмө байланыш түйүнү оператору) ишке тартылат. Эгерде байланыш оператору товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл ала турган болсо, анда бул иш багыты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылууга тийиш.». 

2. 2-глава төмөнкү мазмундагы 8, жана 9-абзацтар менен толукталсын: 

«8) WAP-банкинг маалыматтарды чубалгысыз (беспроводной) өткөрүү протоколунун базасында атайы программалык камсыздоо менен жабдылган мобилдик телефон аркылуу эсептерди аралыктан тескөө

9) SIM-апплет аралык банкингинин түрү. Бул аркылуу төлөм тиркемеси түздөн-түз телефон SIM-картына жазылып, финансылык транзакцияларды коопсуз ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Кардар бул технологияны пайдалануу үчүн төлөм тиркемеси камтылган жаңы SIM-картты алдын ала алууга тийиш»

 

3. 3-главанын: 

5-пункту төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын: 

«көчмө радиотелефон байланышы түйүнү аркылуу маалыматты сунуштоодо банктык купуялуулуктун сакталышын камсыз кылуу»; 

төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:  

«8-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу өзгөртүлгөн тарифтер колдонууга киргизилгенге чейинки кеминде он календардык күн мурда ал тууралуу веб-сайт же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоого тийиш.». 

4. 4-главанын: 

14-пунктунун бешинчи абзацындагы “идентификациялоо” деген сөз “аутентификациялоо” дегенге алмаштырылсын; 

15-пунктунун 1-пунктчасындагы “мобилдик банкинг/” деген сөз “төлөм” деген сөз менен толукталсын; 

15-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«пайдалануучунун жеке маалыматтарынын корголушу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү»  

5.  1-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- Аралыктан банкингдин пайдалануучулары үчүн маалымат”; 

- бүтүндөй текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдө кездешкен “кардар” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “пайдалануучу” дегенге алмаштырылсын;  

- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- башка адамдарга өзүнүн персоналдык идентификациялык номерин (ПИН) ачып көрсөтпөө”; 

- 2-пунктунун төртүнчү абзацындагы “тейлөөгө алган кредиттик уюм” деген сөздөр “тейлөөгө алган банк/байланыш оператору” дегенге алмаштырылсын.