Долбоор 

 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланышы бар жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө 

НУСКОО 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1 . Бул Нускоо, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына ылайык, микрофинансылык компаниялардын (мындан ары- МФК), анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган жана ислам терезесине ээ микрофинансылык компаниялардын, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. 

2. МФК байланыштуу жактардын реестрин жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кызматкерлери үчүн андан тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш. МФК менен байланыштуу жактардын реестринде кеминде төмөнкү маалыматтар камтылуусу зарыл: МФКнын кызмат адамынын аты-жөнү, ээлеген кызматы, жакын тууганы болуп саналган, ал менен байланыштуу адамдын аты-жөнү, тууганчылык даражасы (ата-энеси, аялы, күйөөсү ж.б).  

3. Кызмат адамдары - Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, Төрага (Башкы директор/менеджер) жана Башкарма мүчөлөрү, башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери (же МФКда тиешелүү түзүмдүк бөлүм жок болсо, башкы адистер), финансы, кредиттер менен иш алып баруу, активдер жана пассивдер менен иш алып баруу маселелерине жооп берген адамдар, ошондой эле алардын милдетин аткаргандар. "МФКнын кызмат адамдары" деп, микрофинансылык компаниянын саясатын аныктап, же ошол адамдар акысыз негизде иштейби же иштебейби, же ал сый акы алабы, андан көз карандысыз, МФКнын саясатын түзгөн негизги операцияларга реалдуу катышкан адамдарды түшүнүү зарыл. Бул аныктама ошондой эле, МФКнын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат. 

4. Аффилирленген жактын МФК менен мамилеси, компаниялардын жана жактардын байланышына байкоо жүргүзүү аркылуу аныкталышы мүмкүн, алардын ортосундагы мамиле МФКнын капиталында катышуу чегинин негизиндеги аффилирленген жактардын санына карабастан жүргүзүлөт.  

5. Бейтараптык принциби - эгерде, МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга (жактарга) - МФКнын кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) кредит берүү шарттарына караганда мындай кредиттерди берүү шарттары алар үчүн кыйла алгылыктуу, ыңгайлуу боло турган болсо, аффилирленген жана байланышы бар жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга кредиттерди берүүгө МФКнын укугу жоктугун билдирет. 

6. Бир карызгердин чогуу алгандагы карызы - бул, төмөнкүлөр боюнча бир карызгердин жалпы карызы: 

кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

факторинг; 

финансылык ижара; 

үлүштүк милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

алууга каралган, кошуп эсептелинген пайыздар; 

карызгерлерге тике же кыйыр түрдө берилген, маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган кандай болбосун берилген каражаттар; 

ошол карызгерге берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (кредиттерди берүүгө милдеттенмелер); 

- МФКнын үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдикке баруусу, ал сөзсүз түрдө ошол карызгер тарабынан гарантияланган болсо; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. Ар бир карызгердин кредиттик таржымалында ошол карызгердин жана аны менен байланыштуу адамдардын анын мурда эсептен жоюлуп салынган кредиттери жана пайыздары жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө тийиш. Маалыматтарда карызгердин жана аны менен байланыштуу адамдын аты-жөнү, эсептен жоюлуп салынган кредиттин жана пайыздардын суммасы, эсептен жоюп салуу күнү жана анын себептери камтылышы зарыл. Эгерде мындай маалымат жок болсо, анда кредиттик таржымалды МФКнын ыйгарым укуктуу адамынын ошол карызгер жана аны менен байланыштуу адамдын мурда эсептен жоюлуп салынган карызы жөнүндө корутундусу болууга тийиш. 

7. Эгерде бир карызгердин каражаттык кыйынчылыктары башка жактарга төлөм маселесин жаратса, бир карызгер боюнча тобокелдиктин максималдык ченемин эсептөөдө ар кайсы карызгерлердин карызы кошулуп бир жалпы байланышкан карыз болуп эсептелүүгө тийиш.  

8. Нускоонун максаттары үчүн «карызгер» түшүнүгү ушул Нускоонун 6 пунктунда көрсөтүлгөн МФК кредит берген жак/жактар тобу болуп аныкталат. Баса белгилегенде, ар кайсы карызгерлердин карызы төмөнкү жагдайларда кошо саналат:  

- биринчи карызгер башка карызгерди контролдосо; 

- кредит юридикалык жакка жана ошол эле юридикалык жактын катышуучусуна/ 

уюштуруучусуна берилсе;  

- аларда, контролдогон жак же олуттуу катышуучусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болгон учурларды эске албаганда, жок дегенде бир контролдогон же олуттуу катышуучусу болсо; 

- бир нече карызгерлердин ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык болсо. Олуттуу финансылык көз карандылык, анын ичинде өз ара кызматташуу туралуу келишим, эреже катары эгерде, бир карызгердин жылдык дүң кирешесинин/чыгымдарынын же башка кирешелер боюнча төлөмдөрдүн 50 же андан ашык пайызы башка карызгер менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыкса орун алат; 

- кредитти төлөөгө бир эле булак колдонулса, ошондой эле карызгерлер кредиттик каражаттарды жалпы мекемеге же жалпы ишмердүүлүктө катышууга колдонсо жана экөө тең төлөөгө экинчи катардагы булакты колдонсо (кепилдик);  

- карызгерлердин бири башканын милдеттерине кепилдик болсо (кросс кепилдиктер), же болбосо бир эле жак эки жактын кепилдиги болсо;  

- бир же бир нече карызгерлердин каражаттары үчүнчү жактын тике пайдасына колдонулса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын эске албаганда, (үчүнчү жакка МФК тарабынан талаптарынын болгондугунан көз карандысыз), же болбосо көрсөтүлгөн каражаттарга алынган каражаттар же активдер үчүнчү жакка өткөрүлүп берсе, бизнестин адаттагыдай жүрүшүндө товарлар же кызматтар сатып алынган учурларды эске албаганда;  

- аларда бир күрөө берүүчү болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары күрөө берүүчү болгон учурларды эске албаганда.  

 

2. ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА БҮТҮМДӨРГӨ ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

 

9. МФК тарабынан байланышы бар жана аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар анын өзүнө аманатчыларынын же башка кредиторлорунун таламдарына зыян келтирбестен ишке ашырууга тийиш. 

10. Байланышы бар же аффилирленген жакка кредит берүүнү колдоого алган Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, ушул Нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин камсыз кылган Төрага (Башкы директор/менеджер) жана башкарма мүчөлөрү микрофинансылык компаниянын ошол кредит боюнча карызынын кайтарылышы жана убагында алынбай калган пайданын ордунун жабылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

11. МФК аффилирленген жана байланышы бар жактарга төмөнкү шарттарда кредит бергенге (мындан ары ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган МФКларды эске алганда) укуктуу эмес:  

1) акыркы отчеттук датасына учурдагы жоготуулар бар болсо; 

2) аффилирленген жак менен анын ичинде МФК менен байланышы бар жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан коюлган мааниден ашпоого тийиш. Аффилирленген жактардын байланышы бар жактары менен керектөөчү кредиттерди берүү жана алардан депозиттерди алууну эске албаганда операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.  

3) МФК Улуттук банк тарабынан коюлган толук төлөнгөн уставдык капиталдын минималдык өлчөмү, өздүк капиталынын минималдык өлчөмү жана капиталдын жеткиликтүүлүгү (адекваттуулугу) боюнча талаптарды аткарбаса;  

4) аффилирленген жана МФК менен байланышы бар жактарга берилген кредиттердин жана алардын ордуна жароочуларынын суммасы МФКнын өздүк капиталынын 60 пайызынан ашса.  

12. МФКларга өзүндө байланышы бар же аффилирленген жактарды кредиттөөгө чектөөлөрдүн чегин белгилөө сунуш кылынат, ал Улуттук банк тарабынан белгиленгенден төмөн болууга тийиш. 

13. МФКлардын же анын туунду компанияларынын байланышы бар жана аффилирленген жактар менен кандай болбосун операциясы коопсуз жана ишенимдүү экендигин тастыктаган шарттарда гана ишке ашырылууга тийиш.   

14. МФК менен байланышы бар жактар менен бүтүмдөрдүн суммасы МФКнын өздүк капиталынын 1 пайызынан ашса, бул бүтүмдөр кызыкдар деп эсептелинет. Аффилирленген жана башка байланышы бар жактар менен кызыкдар бүтүмдөрдү түзүү жана башка банктык операцияларды жүргүзүү туралуу чечими МФКнын Директорлор кеңешинин бир гана кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.  

Аффилирленген жана байланышы бар жактарга берилүүчү кредиттер жана алардын ордуна жароочулар боюнча, эгерде алардын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн ашса, чечим МФКнын Директорлор кеңешинин бир гана кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.  

Эгерде кворумдун жоктугуна байланыштуу Директорлор кеңеши чечимди кабыл алганга мүмкүнчүлүгү жок болсо, мындай бүтүмдү түзүү маселеси МФКнын жалпы акционерлер жыйынына өткөрүлүп берилет.  

 

15. МФК менен байланышы бар анын ичинде аффилирленген жактарга кирген бир карызгерге тобокелдиктин максималдуу жалпы көрсөткүчү МФКнын өздүк капиталынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.  

16. Эгерде бүтүм боюнча кирешелер (жарым жартылай болсо да) МФК байланышы бар же аффилирленген жактын пайдасында колдонулса же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе, МФКнын кайсыл болбосун жак менен түзүлгөн кандай болбосун бүтүмү байланышы бар же аффилирленген жак менен келишилген бүтүм катары эсептелүүгө тийиш. 

17. МФК төмөнкү шарттарды аткарган учурда гана аффилирленген же байланышы бар жак менен операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:  

1) МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФКнын кардарларынын жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактардын ортосунда ошол эле мезгил аралыгында, ушул сыяктуу операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулуучу шарттарга жана талаптарга караганда кыйла жеңил болуп саналбаган шарттар менен талаптар болгон учурда гана операциялар жана бүтүмдөр ишке ашырылат. Мындай шарттар менен талаптар төмөнкүлөргө жол бербеген шарттарды камтыйт:  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФКнын кардарларынан жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактардан алынуучу пайыздарга же жыйымдарга караганда кыйла төмөн пайыздарды же жыйымдарды алууну;  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардарларына жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактарга төлөнүүчү депозиттерге караганда депозиттер боюнча кыйла жогору пайыздарды төлөп берүүнү;  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардарларынан жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес кайсы болбосун башка жактардан талап кылынуучу күрөөнүн наркына караганда наркы кыйла төмөн күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда ушул сыяктуу башка күрөөдөн салыштырмалуу жогору баалоого мүмкүндүк берген ыкманы колдонууга жол берилбейт;  

- бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн улам, аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФКнын кардарларына жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактарга берилбей турган кредиттерди берүүнү;  

- аффилирленген же байланышы бар жактан сапаты төмөн активдерди сатып алууну же алардан сапаты төмөн активдерди күрөө катары кабыл алууну;  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардарына жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсыл болбосун башка жакка төлөнүп бериле турган баага караганда кыйла жогорку баада активдерди сатып алууну;   

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФКнын кардарынан жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсыл болбосун башка жактан кабыл алына турган баага караганда кыйла төмөн баада активдерди сатууну;   

- МФК, башка учурда баалуу кагаздардын тобокелдик деңгээлинен же болбосо инвестор же каралып жаткан аффилирленген жак иш алып барган иштин түрүнөн улам, инвестициялабай турган баалуу кагаздарга инвестициялоого;  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардарына жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жакка төлөнө турган бааларга караганда товар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктүн ижарасы үчүн кыйла жогору бааны төлөөнү же аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардарына жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жакка төлөбөй турган шарттарда төлөөнү;  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардары жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жак үчүн кредиттерди кайтаруунун мөөнөтү узартылбаган учурда аффилирленген жана байланышы бар жактардан кредиттерди кайтаруунун мөөнөттөрүн узартууну.  

2) Кредит берген мезгилде анын тобокелдиги, Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган учурда, активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, канааттандырарлык деп таанылган тиешелүү кредиттерге салынган тобокелдиктен ашып түшпөөгө тийиш.  

3) Чечим, Директорлор кеңеши тарабынан ар бири добуш берүү менен аффилирленген же байланышы бар жак менен операция жүргүзүүгө байланышкан МФКнын тобокелдик жөнүндө тобокел-менеджерин кошууну эске алып, операция жүргүзүүгө кызыкдар жактардын таасир этүүсү (тике же кыйыр) жок болгон шартта, көпчүлүк добуш менен (МФКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесинен 2/3 бөлүгүнөн көп) кабыл алынууга тийиш. Болжолдонуп жаткан операцияга тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсү, маселени талкуу учурунда Директорлор кеңешинин отурумунан чыгып турууга тийиш жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес.  

4) МФК мындай операциялардын жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү протоколду жүргүзүүгө тийиш, ал протоколдо мындай операция МФКга зыян алып келбей тургандыгын жана операция МФКнын таламында ишке ашырылып жаткандыгын кошо алганда, анын бардык артыкчылыктарына талдап-иликтөөлөр протоколдо чагылдырылууга тийиш. Талдап-иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- кредиттик операциялар үчүн кредиттин суммасын, кредиттин мөөнөтүн, пайыздык ченди, карыз алуучунун келишимге ылайык кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн далилдеген карыз алуучу жөнүндө финансылык маалыматты жана кредит боюнча күрөөнүн наркын тастыктаган маалыматты;  

- активдерди сатып алуу жана сатуу менен байланышкан операциялар үчүн сатып алуулардын баасын жана активдин наркын тастыктаган маалыматты;  

- инвестициялар үчүн мындай инвестициялардын тобокелдигине баа берүүнү жана МФК менен каралып жаткан жак үчүн потенциалдуу пайданы;  

- аталган операцияны жүргүзүүнүн зарыл себептерин толук түшүндүрүүнү;  

- активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну/сатып алууну камтыган операциялар үчүн, Директорлор кеңеши, активдерди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар МФК менен байланышы жок адамдар тарабынан сунушталууга жана орточо рынок баасына туура келүүгө тийиш.   

5) МФК менен болжолдонгон операцияда тарап болуп саналган же ошол тарап менен жалпы кызыкчылыкта байланышы бар байланышы бар жак, операцияга болгон өздөрүнүн кызыкчылыгы жана операциянын башка тарабы менен болгон өз ара мамилелеринин баскычтары жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндөгү формада ачып баяндап берүүгө тийиш. Жазуу жүзүндөгү мындай ачып баяндоо болжолдонуучу операция боюнча добуш берүүгө чейин Директорлор кеңешине сунушталышы зарыл жана Директорлор кеңеши тарабынан операцияны жактыруу протоколунун бөлүгүн түзүүгө тийиш.   

18. Директорлор кеңешинин Төрагасы, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бергенге чейин каралып жаткан маселе боюнча 17-пунктунун бардык шарттары аткарылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин добуш берген ар бир мүчөсү операцияны жактыруу резолюциясына өз кол тамгасын коюуга тийиш. Резолюцияда Директорлор кеңешинин мүчөсү болжолдонгон операциянын шарттарын карап чыккандыгын, ал шарттарды түшүнө тургандыгын жана 17-пунктунун 4 пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен өзү таанышкандыгын даана көрсөтүүгө тийиш.  

19. МФК, Директорлор кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн, ошондой эле МФК кызматкерлеринен болбогон байланышы бар жактардан тышкары (мындан ары МФК менен байланышы бар кызматкерлери), МФК кызматкерлерин социалдык колдоо программасына ылайык, байланышы бар жактарга кредиттерди берүүгө укуктуу. Мында байланышы бар-МФК кызматкерлерин кредиттөө шарттары, кеминде төмөнкү талаптарга туура келүүгө тийиш:  

1) кредиттер МФКнын кызматкерлерине бир гана керектөөчү максаттарга берилет;  

2) кредиттин максималдык ченеми МФКнын өздүк капиталынын 5 пайызынан ашпоого тийиш;  

3) кредиттер минималдуу түрдө 100 пайызга кызматкерлердин эмгек акысы же болбосо депозиттер менен камсыздандырылууга тийиш ошону менен бирге тийиштүү кепилдик келишими менен таризделүүгө жана кайтаруу мөөнөтү керектөөчү кредитти кайтаруу мөөнөтүнөн эрте болбоого тийиш.  

4) кредиттердин шарттары жана талаптары (пайыздык чендер, кепилдиктин камсыздандырылышы, кредиттин берилиш мөөнөтү) МФКнын кызматкери эмес жактарга берилүүчү кредиттердин шарттарынан кем болбогонго тийиш. 

20. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын ички документтери өзүндө МФК менен байланышы бар кызматкерлерин кредиттөө жөнүндө жобону камтууга, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- МФКнын кредит портфелинин жалпы көлөмүнө кызматкерлерге берилген кредиттердин үлүшүн;  

- кредиттин максималдуу өлчөмүн;  

- кредиттөө мөөнөттөрүн;   

- пайыздык чендерди (баа түзүү);  

- күрөө наркын жана артыкчылыгын баалаган критерийлерди.  

21. Кызматкерлерди кредиттөөнүн тартибин жөнгө салган МФКнын ички документтери Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле, Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:   

- кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын ички документтеринин актуалдуулугун жана алардын МФКнын кредит саясатына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн документтерди жыл сайын карап чыгууга;  

- кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын ички документтеринин талаптарын аткарууну камсыздоо боюнча МФК Башкармасынын (же МФК ушундай эле башка аткаруу органынын) ишин контролдоого. 

22. Ушул Нускоонун 17-пунктунда каралган кредиттөө шарттарын МФК менен байланышы бар кызматкерлери бузууга жол берген учурда:  

- МФК бузууларга жол берүүнү аныктаган күнү, аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган МФК кардарлары жана МФК менен байланышы болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактар менен МФКнын ортосунда ушул сыяктуу операциялар үчүн ошол эле мезгилде колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдик болуп саналбаган кредит берүүнүн мындай шарттарын жана талаптарын карап чыгуу менен кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш;  

- МФК менен байланышы бар кызматкер кредитти алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейинки пайда болгон пайыздар боюнча айырманы МФКга кайтарып берүүгө милдеттүү;  

- пайыздар боюнча айырманы кайтарып берүү, кредиттин шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан баштап кредиттин жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш.  

23. Ушул Нускоонун 17-пунктунун 3, 4 жана 5 пунктчаларынын жоболору ошол эле шарттарда МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдар  МФК кардарлары (юридикалык жактар же жеке адамдар) үчүн каралган шарттарда жана талаптарда депозиттик кызматтарды сунуштоо учурунда байланышы бар же аффилирленген жактардан депозиттердин кабыл алынышына карата колдонулбайт.   

24. Аффилирленген же байланышы бар жакка берилүүчү ар бир кредит (кадимки корреспонденттик иштин жүрүшүндөгү МФКлар аралык кредиттерден тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны ишке ашыруудагы таза нарк төмөнкү көрсөткүчтөн аз эмес көрсөткүчтү түзөт:   

1) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же кредит берген МФКнын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо, кредиттин суммасынан 120 пайыз.  

Байланыштуу депозит, корреспонденттик эсеп болуп саналбаган өзүнчө аманатка салынган/мөөнөттүү депозитти (аманат) билдирет:  

- берилип жаткан кредиттин мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөткө,   

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген,   

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынат жана   

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардар мүлккө ээ боло албайт.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркы МФК тарабынан ай сайын, чет өлкө валютасындагы депозит түрүндө - жума сайын баа берилүүгө тийиш.  

2) күрөөнүн кайсы болбосун каалаган түрү болгон учурда кредиттин суммасынан 140 пайызды түзөт.   

25. Эгерде күрөөлүк камсыздоонун наркы бара-бара ушул Нускоодо белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөө мүлкү менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарк менен күрөөнүн жаңы түрүнө алмаштырылууга тийиш.   

26. Макулдук берилгенден кийин жана аффилирленген же байланышы бар жакка кредит берилгенден кийин ал башка байланыштуу болбогон жактарга берилген кредиттер сыяктуу тескөөгө (көзөмөлгө жана баа берүүгө) алынат. Аффилирленген жактардын инвестициялары башка байланышпаган жактарга берилген башка инвестициялар сыяктуу мезгил мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана ага баа берилүүгө тийиш.   

27. МФК кандайдыр бир жак менен төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү үчүн бүтүм түзүүгө укуктуу эмес: 

1) МФКнын аффилирленген же болбосо байланышы бар жактардын алдында карызды төлөө же болбосо башка милдетти аткаруу;  

2) МФКнын аффилирленген же болбосо байланышы бар жактан кандайдыр бир мүлктү алуу максатында; 

3) МФКнын аффилирленген же болбосо байланышы бар жак чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга.  

 

3. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯНЫН ЖАЛПЫ АКЦИОНЕРЛЕР ЧОГУЛУШУ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ 

 

 

28. МФКнын акционерлери коопсуз, сак жана туруктуу ишти жүргүзүү максатында өз укуктарын жана милдеттерин ак ниеттүүлүк жана акылдуулук менен аткарууга тийиш 

29. Жалпы акционерлер чогулушу ушул Нускоонун 14 пунктунда көрсөтүлгөн учурларда МФКнын байланышы бар жактар менен операцияларды жүргүзүүгө же болбосо бүтүмдү түзүү боюнча чечимди кабыл алат.  

30. МФКнын Директорлор кеңеши МФКнын туруктуу жана эстүү иш алып баруусуна ошону менен бирге этика жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоо менен иш алып баруусуна жоопкерчиликтүү. Директорлор кеңеши болжолдонуп жаткан операцияны кылдат чагылдырган ушул талдап-иликтөөлөрдү камтыган отчетту анын ичинде ушул Нускоонун 17 пунктунун 4 подпунктчасындагы анализди акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна сунуштоого тийиш. Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына өткөрүп берүү чечими кабыл алынганга чейин маселенин МФКнын кызыкчылыгында чечилиши үчүн бардык мүмкүн болгон аракетти көрүүгө тийиш.   

31. Ушул операцияларда же бүтүмдөрдө артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн акционер (тике же кыйыр түрдө же жалпы кызыкчылкка ээ адам аркылуу) талкууга катышпай, добуш берүүгө таасир этип же ага аракет кыла албай, же болбосо операцияны колдоого алуу боюнча добуш бере албайт.  

32. Акционерлер аффилирленген жана/же байланышы бар жактарга, эгерде ал үчүн жыйынга катышкан акционерлердин жалпы санынын 2/3 добуш берген болсо гана, артыкчылыктарды берүүчү операцияларды жактырышы мүмкүн.   

33. Эгерде МФКнын ар бир акционери операция же бүтүм боюнча артыкчылык режимин (тике же кыйыр түрдө , же болбосо акционер менен байланышы бар жак аркылуу) алганга мүмкүнчүлүгү бар болсо же болбосо мындай акционерлер акционерлердин санынан үчтүн бири болсо, мындай операция же бүтүм МФКнын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан каралууга мүмкүн эмес жана МФК тарабынан аткарылбаганга тийиш.  

 

4. ОТЧЕТТОРДУ ТАПШЫРУУГА ТАЛАПТАР 

34. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык, МФК жазуу түрүндө документ (отчеттер) жүргүзүүгө тийиш. Анда ошол адамдар жана жалпы кызыкчылыкка ээ байланышы бар жактар менен байланыштуу адамдар менен ишке ашырылган бардык операциялардын шарттары жана суммалары көрсөтүлүп, бардык аффилирленген жана байланышы бар жактар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.  

35. МФК, өз байланышы бар жактарынын МФКдан алган бардык кредиттери же башка операциялары жөнүндө жазуу ишин жүргүзүүгө тийиш. МФК-корреспонденттен кредит алган же кредит алуу билдирмеси менен кайрылган ар бир байланышы бар жак, жарым жылда бир жолу отчеттук мезгил ичинде алган бардык кредиттери жана жаңы алган кредиттер жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетун МФКга отчеттук күндөн кийинки айдын 10 кечиктирбестен сунуштоого тийиш. Бул отчетторду эсепке алуу үчүн МФК, өзүнчө иш жүргүзүүсү зарыл жана алар жаңыртылган учурда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн протокол түзүлүүгө тийиш.   

36. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү жана МФКнын кызмат адамы, кеминде жылына бир жолу Директорлор кеңешине жана МФК жетекчилигине өз коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары боюнча маалыматтарды жазуу жүзүндө сунуштап турууга тийиш. Отчетто, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана аткаруучу кызмат адамы менен жалпы кызыкчылыкка ээ адамдардын тизмеси жана мындай кызыкчылыктардын ар бир учурга карата деңгээли камтылышы зарыл. Директорлор кеңешинин мүчөсү жана кызмат адамы отчет боюнча кандай болбосун маалыматтын өзгөрүшү тууралуу 2 жумуш күн ичинде жазуу жүзүндө МФКга билдирүүгө тийиш.   

37. МФК өз ишин ушул Нускоонун талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыздоо үчүн ички контролдуктун шайкеш системасын колдоого тийиш.   

38. МФК, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун курамында аффилирленген жана байланышы бар жактар менен операциялар боюнча маалыматты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

39. Ушул Нускоого ылайык талап кылынуучу тиркемелери (талдап-иликтөөлөрү) менен бардык отчеттор, кредит боюнча бардык карыздар кайтарылып берилгенден кийин жана аффилирленген жана байланышы бар жактар менен ишке ашырылган операциялар аяктагандан кийин кеминде 5 жыл МФКда сакталууга тийиш.   

 

5. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

40. МФК аффилирленген же болбосо байланышы бар жактар менен кандайдыр бир операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, эгерде операция же бүтүм МФКнын финасылык абалын начарлатса, финансылык кыйынчылыктарды туудурса, МФКга жана МФКнын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарына коркунуч жаратса, тыюу салынат.  

41. Ушул Нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзмадарынын талаптарын бузуу менен кредитти же ордуна жароочуларды берүүгө же болбосо байланышы бар же аффилирленген жактар менен операцияны жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга макулдук берген МФКнын акционерлери, Төрагасы, Директорлор кеңеши жана кызматкерлери, эгерде операция ишке ашырылып, анын натыйжасында МФК жоготууларга учураса же киреше албаса, МФКга ушул кредит же операция же бүтүм боюнча карыздын кайтарылышы үчүн толук жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартышат.  

42. МФКнын аффилирленген же болбосо байланышы бар жак менен кандайдыр бир операция же бүтүм ушул Нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылбай түзүлсө, андай операция же бүтүм күчү жок деп саналат.  

43. Ушул Нускоонун талаптарынын аткарылбашы Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн таасир этүүчү чараларды колдонууга негиз болуп саналат.  

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобосуна:  

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Бул жобо микрофинансылык компаниянын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ММРО) бирдиктүү формасын аныктайт.”; 

- 4-пункттун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“а) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндөгү жободо белгиленген функцияларды Улуттук банк тарабынан аткарылышынын чегинде МФКнын финансылык абалына; 

- 1-тиркемеде: 

12-пункт пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

12  

8-бөлүк  

А. Ири тобокелдиктер тууралуу маалымат 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалыматтар 

В. Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки 1-февралга чейин 

"Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоо 

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн жарым жылда бир жолу  

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде  

»; 

14-пункт пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

14  

10-бөлүк 

Экономикалык ченемдерди сактоо жөнүндө маалымат  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки 1-февралга чейин  

Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрэжелери  

Чейрек сайын Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде  

»; 

 

- 2-тиркемеде: 

бүтүндөй текстиндеги “финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредиттик уюмдар” дегенге жана “ФКМ” аббревиатура тиешелүү жөндөмөдө “ФКУ” дегенге алмаштырылсын; 

«Экономикалык чендер аткарылгандыгы тууралу маалымат” 10- бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10- бөлүк. Экономикалык чендер аткарылгандыгы тууралу маалымат 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экономикалык чендердин жана талаптардын аталышы 

Белгилөө  

Нормативдин эсеби  

Нормативдин иш жүзүндөгү мааниси  

Нормативдин белгиленген мааниси  

Белгиленген нормативден четтөө  

ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТУУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРБАГАН МФКЛАРГА ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНДЕР 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 

 

 

ЭК/УК*100% 

 

100% ашпаган чекте  

 

 

Инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү  

 

ЖИ/ӨК*100%  

   

30% ашпаган чекте   

 

Дүң каржылоо менене иш алып барган МФК бир эле ошол адамга берилген каржылоонун максималдуу өлчөмү  

 

 

МК / ӨК * 100% 

 

100% ашпаган чекте  

 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү  

 

СЗФЛ/ӨК*100% 

   

100% ашпаган чекте  

 

 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗЮЛ/ӨК*100% 

 

100% ашпаган чекте  

 

Юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү  

  

ЧК/ӨК*100%  

  

500% ашпаган чекте  

 

ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТУУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРЫШКАН МФКЛАРГА ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНДЕР 

Өздүк капиталдын минималдуу нормативи 

М1 

ЭК/УК*100% 

   

кеминде 100%  

 

Капиталдын адекваттуулугунун нормативи  

М2  

ӨК/АС*100%  

   

кеминде 8%  

 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

М3  

ЖК/ӨК*100%  

   

5%тен ашпайт  

 

Ликвиддүүлүк нормативи  

М4  

ЛН/ОБ*100% 

   

кеминде 30%  

 

Аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөөнүн нормативи  

М5  

К/В*100% 

   

кеминде 100%  

 

Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

   

СЗАф.жак/СК*100% 

   

60% ашпаган чекте  

 

 

МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы карызы  

 

КЖК/ӨК*100%  

   

5%тен ашпайт  

 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү  

  

СЗФЛ/СК*100% 

  

100% ашпаган чекте  

 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү  

  

СЗЮЛ/СК*100% 

  

100% ашпаган чекте  

 

КЖК  

-  

кызматчылардын МФКга чогуу алгандагы карызы;  

СИ  

-  

микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар;  

ЖИ  

-  

микрофинансы уюмдарына же банктарына чогуу алгандагы инвестициялар  

СЗ - юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү.  

 

Отчеттук мезгилге орточо көрсөткүчү 

1 ай 

2 ай 

3 ай 

Баардыгы 

 

 

ЛА - Ликвидүү активдер 

 

 

 

 

 

М - Милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

М4 нормативи =ЛА/М 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ээлеген кызматы:___________Аты-жөнү:________________ Кол тамгасы: _____________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ээлеген кызматы:___________Аты-жөнү:________________ Кол тамгасы: _____________________________ 

 

 

 

»; 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун 

эрежелери тууралу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелерине: 

1.1-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Ушул эрежелер "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын негизиндеУлуттук банкка жүктөлгөн функцияларга жана милдеттерге ылайык иштелип чыккан.  

- 4.2 пункттун сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-МФК менен аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;»; 

-5.4 пункттун 5.4.3 пунтчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.4.3. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн нормативин эсептөө учурунда ар кандай карыз алуучулардын ар кандай карыздары бирдиктүү тобокелдик катары каралат, эгерде:  

а) карыз алуучуну башка карыз алуучу контролдосо; 

Эскертүү: Контролдоо - чечимдерди тике же кыйыр аныктоо же кабыл алынып жаткан чечимдерге таасир этүү кудурети, анын ичинде келишимден (анын ичинде оозеки келишимден) же башка бүтүмдөн улам ушундай кудурети.  

б) бир нече карыз алуучуну бир эле жак контролдосо;  

в) бир карыз алуучу карызды кайтарбай коюшу башка карыз алуучунун карызды кайра кайтарбай коюшу жагынан проблемаларга алып келсе;  

г) карызды кайра кайтаруу үчүн бир эле булак анын ичинде карызды тындыруунун экинчи булагы (күрөө менен камсыз кылуу) колдонулса.»; 

- 5.7 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.7. Аффилирленген жактар менен операциялар»; 

- 5.7 пункттун 5.7.1. төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.7.1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан МФКлар, аффилирленген жана байланышы бар жактар менен операцияларды "Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого ылайык жүзөгө ашырышат. Аффилирленген жана байланышы бар жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган аффилирленген жана байланышы бар жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөму, МФКнын өздүк капиталынын 60% ашпоого тийиш.»; 

- 6.3. пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.3. МФКлар квартал сайын бирок отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алгагында экономимаклык чендердин аткарылгандыгын берүүгө тийиш.»; 

- 6.4. -пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 6.6. пунктта «"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"» деген сөздөр «"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө "» сөздөргө алмаштырылсын; 

- Эрежелерге карата эскертүүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Эрежелерге карата тиркемелер күчүн жоготкон катары таанылсын.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы №96/2 “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү   тууралу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобосуна 

- 1-. пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жобо кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу максатында, коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы, банктарда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштуруу максатында иштелип чыккан.»; 

- 2-. пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банктардын ишине инспектирлөөнү жүргүзөт жана анын натыйжалары боюнча маалыматты кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жөнөтөт.»; 

- 3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4-пунктта: 

Он үчүнчү абзацта “(банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальнигинин, же банкта тиешелүү түзүмдүк бөлүм жок болсо, анда башкы адистин деңгээлиндеги)» деген сөздөр “(комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчисинин деңгээлиндеги)” сөздөргө алмаштырылсын; 

Он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ислам терезеси", "Ислам банкы", "Ислам терезесине" ээ банк", "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" - бул терминдер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында камтылган нормаларга ылайык келет.