Долбоор 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобо 

 

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жободо (мындан ары жобо) Улуттук банктын коммерциялык банктарга (мындан ары Катышуучу) алтындын өзүн берүүсүз эле, трой унциясы өлчөмүндөгү алтынды коммерциялык банктын металл эсебине чегерүү жана Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу аны кайра сатып алуу шартында сатуу тартиби аныкталган. 

2. Улуттук банк Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча банктар аралык ички рынокто алтын менен операцияларды жүргүзөт. 

3. Ушул жобонун 8-пунктунда камтылган талаптарга жооп берген коммерциялык банктар алтын менен ишке ашырылган операциялардын Катышуучусунан болуп саналат.  

4. Улуттук банк менен Катышуучунун өз ара мамилеси ушул жобо жана жобого кошо тиркелген 1-тиркемеге ылайык, АТС аркылуу алтын менен операцияларды жүргүзүү жана Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда эсептешүүлөр тартиби жөнүндө эки тараптуу келишим (мындан ары келишим) аркылуу жөнгө салынат.  

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул жобого да таркатылат. 

6. Катышуучу АТС аркылуу алтын менен операцияларды ишке ашырууда ушул жобого жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жобого таянууга тийиш. 

 

2-глава. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА ТЕРМИНДЕР (АТООЛОР) 

 

7. Бул жободо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жободо колдонулган терминдер менен катар эле, төмөнкү терминдер колдонулат: 

Автоматташтырылган тоорук системасы Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда операцияларды автоматташтыруу үчүн каралган программалык-аппараттык комплекси. 

Бүтүмгө келишилген күн АТСте бүтүмгө келишилген жумуш күнү.  

Валюталоо күнү АТСте бүтүмгө келишүү шарттарына ылайык, Улуттук банктын/Катышуучунун эсебине сом түрүндө нак эмес акча каражаттарынын чегерилиши / алтындын трой унциясындагы өлчөмү түшкөн жумуш күнү

Алтынды кайра сатып алуу күнү Катышуучуга акча каражатынын суммасы жана чегерилген пайыз суммасы тиешелүү эсепке кайтарылган жана Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтындын трой унциясы чегерилген жумуш күнү. Катышуучу өз кезегинде, Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн кошуп эсептелинген пайыз суммасын чегерет. 

Металл эсеби Улуттук банк, өзгөчө белгилерин көрсөтүүсүз эле, трой унциясында номинацияланган алтындын эсебин жүргүзүү максатында Катышуучу үчүн ачкан эсеп. 

Бир трой унциясы 31,1035 граммды түзгөн салмак өлчөмү

Алтынды сатуу бүтүмү бул, Улуттук банк анын жүрүшүндө Катышуучуга алтынды сатып, алтындын трой унциясын Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебине чегерүү операциясы. Ошол эле учурда Катышуучунун корреспонденттик эсебинен сом түрүндөгү акча каражатынын суммасы эсептеп алынып, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерилет. 

 

3-глава. АЛТЫНДЫ САТУУ ЖАНА КАЙРА САТЫП АЛУУ БҮТҮМДӨРҮНҮН ШАРТТАРЫ  

 

8. Катышуучу Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмүнө катышуу үчүн кат жүзүндө өтүнүч жөнөтүп, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- улуттук валютада эч кандай чектөөлөрсүз банк операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия алууга; 

- Улуттук банкта улуттук валюта корреспонденттик эсепке ээ болууга; 

- Улуттук банкта металл эсебине ээ болууга; 

- Улуттук банктын АТС аркылуу алтын сатуу бүтүмүнө Катышуучунун атынан келишим түзүүгө ыйгарым укуктуу дилерлерге, ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык тариздетилген ишеним катты Улуттук банкка сунуштоого; 

- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамында каралган процесстерди жана/же жол-жоболорду (консервация, санация, реабилитациялоо, өз эрки же мажбурлап жоюулууга, реструктуризациялоо, өзгөртүп түзүлүү) башынан кечирбеген болууга тийиш.  

9. Кол коюлган келишимдин жана бүтүмдөргө катышууга билдирменин болушу Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүнө катышууга уруксат берген негиздемеден болуп саналат. 

10. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети төмөнкү шарттарды аныктайт: 

- алтын менен бүтүмгө келишилген күндү

- алтынды кайра сатып алуу күнүн; 

- жалпы көлөмдү (трой унциясы өлчөмүндөгү алтынды); 

- бир билдирменин минималдуу көлөмүн (трой унциясы өлчөмүндөгү алтынды); 

- алтын боюнча пайыздык чени; 

- сом түрүндөгү акча каражаттары боюнча пайыздык чени. 

11. Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн, Улуттук банктын алтынды сатуу бүтүмүн ишке ашыруу шарттары Улуттук банк тарабынан АТСте жарыяланат.  

12. Билдирме Улуттук банктын тарабынан жарыяланган алтынды сатуу боюнча шарттарга жооп берүүгө тийиш. 

13. Улуттук банктын тарабынан жарыяланган алтынды сатуу боюнча шарттарга жооп бербеген билдирме АТСте четке кагылат. 

14. Катышуучу 1 (бир) гана билдирмени берүүгө тийиш, кийинки берилген билдирмелер кабыл алынбайт.  

15. Катышуучу билдирмени кабыл алуу башталган учурдан бүткөнгө чейинки аралыкта билдирмени өзгөртүүгө же кайтарып алууга укуктуу. 

16. Билдирмени кабыл алуу убактысы бүткөндөн кийин Катышуучу билдирме бере албайт же аны өзгөртө албайт. Ошентип, билдирме кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет. 

17. Улуттук банк Катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылат. 

18. Катышуучунун билдирмесинин көлөмү Улуттук банк жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

19. Катышуучунун билдирмесинин көлөмү Улуттук банк жарыяланган бир билдирменин минималдуу көлөмүнөн төмөн болбоого тийиш. 

20. Катышуучулардын билдирмелеринин суммардык көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашып кетсе, анда алар салыштырма салмагына пропорцианалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Катышуучулардын билдирмелериндеги көлөмдөр дал келип калган шартта, биринчи болуп берген Катышуучунун билдирмеси биринчи каралат.  

21. Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүнүн жыйынтыгы менен АТСте таанышууга болот, ошондой эле алар Улуттук банктын веб-сайтында статистикалык маалыматтар түрүндө жайгаштыруу аркылуу жарыяланат. 

22. Улуттук банктан алтын сатып алган Катышуучу аны башка Катышуучуга сата алат. Мында, башка Катышуучуга алтын саткан Катышуучу аны Улуттук банк алтынды кайтара сатып алган күндөн мурда сатып алууга тийиш. Бул учурда алтын саткан Катышуучу Улуттук банк алдында ошол алтын боюнча милдеттенмеге ээ болгон башка Катышуучуга ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш.  

Катышуучу башка Катышуучуга АТСтен тышкары алтын саткан болсо, ал ошол күнү Улуттук банкка төлөм тапшырмасын берүүгө тийиш (жобого карата 3-тиркеме). 

23. Улуттук банк тарабынан алтын сатууда валюталоо күнү/Улуттук банк алтынды кайра сатып алуу күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү болуп саналса, алтынды сатуу/сатып алуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Алтынды кайра сатып алуу учурунда чегерилген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт. 

24. Алтындын сом түрүндө сатуу баасы бүтүмгө келишилгенге чейинки күнү белгиленген алтынга баанын лондон кечки фиксингинин маанисине жана бүтүмгө келишилген күнгө карата АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна жараша төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

PXAU = Lfix * K

 

мында, PXAU } - алтын баасы; 

Lfix } - лондон кечки фиксингинин мааниси; 

K } - АКШ долларынын сомго карата расмий курсу. 

 

25. Алтындын сом түрүндөгү баасы үтүрдөн кийинки төрт белгиге чейинки тактыкта белгиленет.  

26. Улуттук банк алтынды кайра сатып алуу күнү Катышуучудан алтынды баштапкы сатуу баасында сатып алат.  

27. Сом түрүндөгү акча каражаттарына жана алтынга пайыздар жыл ичинде 360 күн эсебинде, жөнөкөй пайыз формуласы боюнча чегерилет жана календардык күндөрдө туюндурулган аралык убакыт катары аныкталып, сом түрүндөгү акча каражаттары/алтын чегерилгенден кийинки күндөн тартып, сом түрүндөгү акча каражаттары/алтын кайра эсептен алынган/чегерилген күндү кошо алгандагы мезгилге чегерилет.  

28. Алтын боюнча пайыздар трой унциясында чегерилет жана сом менен төлөнөт. Төлөөгө каралган пайыздар алтын боюнча пайыздарды төлөөгө чейинки күнү белгиленген алтынга баанын лондон кечки фиксингинин маанисине жана алтын боюнча пайыздарды төлөө күнүнө карата АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна жараша, төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

Алтынга сом менен чегерилген пайыздар = алтынга чегерилген пайыздардын трой унциясындагы суммасы * Lfix * K,

 

мында, Lfix } - лондон кечки фиксингинин мааниси; 

K } - АКШ долларынын сомго карата расмий курсу. 

 

29. Катышуучунун/Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча сом түрүндө акча каражаттарын чегерүү/эсептен алып салуу АТСте ишке ашырылат. Катышуучунун металл эсеби боюнча эсептөөлөрдү Улуттук банк жүргүзөт. 

30. Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсеби алтынга алмаштырылбайт жана Катышуучунун талабы боюнча нак акчага айландырылууга тийиш эмес. 

31. Улуттук банкка алтынды мөөнөтүнөн мурда сатууга жол берилбейт. 

32. Улуттук банк менен алтын боюнча бүтүм мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

 

4-глава. УКУКТАР, МИЛДЕТТЕР ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК  

 

33. Катышуучунун жана Улуттук банктын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги ушул жобого ылайык аныкталат. 

34. Катышуучу келишимге кол коюу менен ушул жободо белгиленген Улуттук банктын алтынды сатуу бүтүмүнүн шарттарына макулдугун билдирет жана келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет. 

35. Катышуучу Улуттук банктан алтын сатып алууда сом түрүндө тиешелүү суммадагы акча каражаттарынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте болушун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Бул каражаттар АТСте келишилген бүтүмдөр боюнча валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү дароо аткаруу үчүн талап кылынат.  

36. Катышуучу Улуттук банк алтынды кайра сатып алган күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн пайыз суммасын өз учурунда чегерүүгө тийиш.  

37. Улуттук банк Катышуучуга алтын сатууда Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебине валюталоо күнү алтынды чегерүүгө тийиш. 

38. Улуттук банк Катышуучудан алтынды кайра сатып алган күнү, АТСте эсептешүүлөрдүн дароо ишке ашырылышы максатында тиешелүү өз эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасынын болушун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди өз учурунда көрүүгө милдеттүү

39. Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча Катышуучу өз милдеттенмесин аткарбай коюусунан болуп төмөнкү жагдай эсептелет: 

- тиешелүү валюталоо күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде сом түрүндө акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу.  

40. Улуттук банкын алтын сатуу бүтүмү боюнча Катышуучу өз милдеттенмесин аткара албай калган шартта, Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучу эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калууну улантат. Мында, алтынды сатуу бүтүмү жокко чыгарылган катары эсептелинет. 

41. Улуттук банк алтынды кайра сатып алуусу учурунда Катышуучунун өз милдеттенмесин аткара албай калышынан болуп төмөнкү жагдай эсептелет: 

- тиешелүү валюталоо күнү Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебине алтындын өз учурунда чегерилбегендиги жана/же чегерилбей калышы. 

42. Улуттук банк алтынды кайра сатып алуусу учурунда Катышуучу өз милдеттенмесин аткара албай калган шартта, Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен чегерилген пайыз суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучунун эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калууну улантат. Мында, айыптык төлөм суммасы сом түрүндө эсептен алынып салынат. 

43. Улуттук банк алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай калышын шарттаган жагдайдан болуп төмөнкү саналат: 

- тиешелүү валюталоо күнү Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебине алтындын өз учурунда чегерилбегендиги жана/же чегерилбей калышы. 

44. Улуттук банк алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калса, ал сатылган алтын көлөмүнүн 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. Айыптык төлөм сом түрүндө чегерилет. 

45. Улуттук банктын Катышуучудан алтынды кайра сатып алуусу учурунда өз милдеттенмелерин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп төмөнкү саналат: 

- Улуттук банктын тиешелүү эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасынын жоктугу. 

46. Улуттук банк Катышуучудан алтынды кайра сатып алуусу учурунда өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, ал бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. 

47. Айыптык төлөмдөрдү эсептеп кармап калуу жана/же чегерүү АТС аркылуу ишке ашырылат. 

 

5-глава. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

48. Кыргыз Республикасынын банктар аралык ички рыногунда АТС аркылуу алтын сатуу бүтүмүнө келишүү тартиби ушул жобо аркылуу жөнгө салынат. 

49. Кыргыз Республикасынын банктар аралык ички рыногунда АТС аркылуу алтын сатуу бүтүмүнө келишүү процессин өркүндөтүү максатында Улуттук банк тарабынан ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын "__"____№__ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

банктар аралык ички рынокто автоматташтырылган  

тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана 

кайра сатып алуусу жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

Типтүү формат 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ МЕНЕН __________________________________ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТЫН ОРТОСУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАНКТАР АРАЛЫК ИЧКИ РЫНОКТО АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ТООРУК СИСТЕМАСЫ АРКЫЛУУ АЛТЫНДЫ САТУУСУ ЖАНА КАЙРА САТЫП АЛУУСУ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ  

 

Бишкек шаары 20___-жылдын "___"_____________№ ______  

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, ___________________________ негизинде иш алып барган _____________________ бир тараптан жана мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу ____________________________ атынан, _____________________________ негизинде иш алып барган ______________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "тараптар" деп аталуучулар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички валюта рыногунда Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын "____" __________ №____ токтому менен бекитилген), "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген) таянуу менен төмөнкүлөрдү камтыган, Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуу жана кайра сатып алуу бүтүмдөрүнө келишүү тартиби жөнүндө ушул келишимди түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуу жана кайра сатып алуу боюнча бүтүмдөргө келишүүдө Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо келишимдин предметинен болуп саналат. 

1.2. Келишимде колдонулган аныктамалар жана терминдер "Алтын сатуу жөнүндө" жободо колдонулган аныктамаларга жана терминдерге окшош.  

1.3. Алтын сатууга тиешелүү бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби/металл эсеби жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча ишке ашырылат. 

 

2. АЛТЫН САТУУ БОЮНЧА  

БҮТҮМДөРГө КЕЛИШҮҮ ШАРТТАРЫ 

2.1. Улуттук банк тарабынан алтын сатуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашыруу үчүн Катышуучу "Алтын сатуу жөнүндө" жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды, алтын сатуу бүтүмү ишке ашыруу күнүнө карата аткарууга тийиш. 

2.2. Улуттук банк тарабынан "Алтын сатуу жөнүндө" жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн алтын сатуу бүтүмүн ишке ашыруу шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат жана АТСте жарыяланат. 

2.3. Келишимге кол коюу жана талаптагыдай таризделинген, АТС аркылуу сунушталган алтын сатуу боюнча бүтүмгө катышууга билдирменин болушу бүтүмгө катышуу үчүн негиз болуп саналат. 

2.4. Катышуучу 1 (бир) гана билдирмени берүүгө тийиш, кийинки берилген билдирмелер кабыл алынбайт.  

2.5. Билдирме Улуттук банктын тарабынан жарыяланган алтын сатуу боюнча бүтүм шарттарына жооп берүүгө тийиш. 

2.6. Билдирменин берилиши Улуттук банк тарабынан жарыяланган шарттарга Катышуучунун макул экендигин билдирет. 

2.7. Улуттук банктын тарабынан жарыяланган алтынды сатуу боюнча шарттарга жооп бербеген билдирме АТСте четке кагылат. 

2.8. Катышуучу билдирмени кабыл алуу башталган учурдан бүткөнгө чейинки аралыкта билдирмени өзгөртүүгө же кайтарып алууга укуктуу. 

2.9. Билдирмени кабыл алуу убактысы бүткөндөн кийин Катышуучу билдирме бере албайт же аны өзгөртө албайт. Ошентип, билдирме кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет. 

2.10. Улуттук банк Катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

2.11. Билдирменин көлөмү Улуттук банк жарыялаган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

2.12. Катышуучунун билдирмесинин көлөмү Улуттук банк жарыялаган бир билдирменин минималдуу көлөмүнөн төмөн болбоого тийиш. 

2.13. Катышуучулардын билдирмелеринин суммардык көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашып кетсе, анда алар салыштырма салмагына пропорцианалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Катышуучулардын билдирмелериндеги көлөмдөр дал келип калган шартта, биринчи болуп берген Катышуучунун билдирмеси биринчи каралат.  

2.14. Улуттук банктан алтын сатып алган Катышуучу аны башка Катышуучуга сата алат. Мында, башка Катышуучуга алтын саткан Катышуучу аны Улуттук банк алтынды кайтара сатып алган күндөн мурда сатып алууга тийиш. Бул учурда алтын саткан Катышуучу Улуттук банк алдында ошол алтын боюнча милдеттенмеге ээ болгон башка Катышуучуга ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш.  

Катышуучу башка Катышуучуга АТСтен тышкары алтын саткан болсо, ал ошол күнү Улуттук банкка төлөм тапшырмасын берүүгө тийиш (жобого карата 3-тиркеме). 

2.15. Катышуучунун/Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча сом түрүндө акча каражаттарын чегерүү/эсептен алып салуу АТСте ишке ашырылат. Катышуучунун металл эсеби боюнча эсептөөлөрдү Улуттук банк жүргүзөт. 

2.16. Улуттук банкка алтынды мөөнөтүнөн мурда сатууга жол берилбейт. 

2.17. Улуттук банк менен алтын боюнча бүтүм мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

2.18. Улуттук банк тарабынан алтын сатууда валюталоо күнү/Улуттук банк алтынды кайра сатып алуу күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү болуп саналса, алтынды сатуу/сатып алуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Алтынды кайра сатып алуу учурунда чегерилген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт. 

 

3. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

3.1. Тараптар "Алтын сатуу жөнүндө" жобого жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө" жобого ылайык Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүнө келишүүгө укуктуу. 

3.2. Тараптар ушул келишимде белгиленген Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмдөрүнүн шарттарына макул жана алар боюнча бири-биринин алдында өз милдеттенмелерин таанышат. 

3.3. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттүү

3.3.1. Улуттук банктан алтын сатып алууда сом түрүндө тиешелүү суммадагы акча каражаттарынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте болушун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Бул каражаттар АТСте келишилген бүтүмдөр боюнча валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү дароо аткаруу үчүн талап кылынат. 

Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттарынын жетиштүү суммасы жок болсо, бүтүм жокко чыгарылган катары эсептелинет. Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасы кармалып калат.  

3.3.2. Улуттук банк алтынды кайра сатып алган күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн пайыз суммасын өз учурунда чегерүүгө тийиш. 

3.4. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү

3.4.1. Катышуучуга алтын сатууда Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебине валюталоо күнү алтынды чегерүүгө

3.4.2. Катышуучудан алтынды кайра сатып алган күнү, АТСте эсептешүүлөрдүн дароо ишке ашырылышы максатында тиешелүү өз эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасынын болушун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди өз учурунда көрүүгө милдеттүү

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

4.1. Тараптар ушул келишимге, "Алтын сатуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө" жоболорго ылайык, Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмдөрү боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

4.2. Улуттук банк жана Катышуучу ушул келишимге, "Алтын сатуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө" жоболорго ылайык, Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүн ишке ашырууга байланыштуу жооптуу кызматкерлеринин жана жактарынын иш-аракеттеринин туура, өз учурунда аткарылышы, алар тарабынан купуялуулуктун сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

4.3. Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу анын Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат. 

4.3.1. Катышуучу ушул келишимдин 4.3-пунктунун талабын аткара албай калган учурда Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучу эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калууну улантат. Мында, алтынды сатуу бүтүмү жокко чыгарылган катары эсептелинет. 

4.4. Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн пайыз суммасын чегербей коюу Улуттук банк тарабынан алтынды кайра сатып алуу учурунда Катышуучу өз милдеттенмесин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат. 

4.4.1. Катышуучу ушул келишимдин 4.4-пунктунун талабын аткара албай калган учурда Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен чегерилген пайыз суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучунун эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калууну улантат. Мында, айыптык төлөм суммасы сом түрүндө эсептен алынып салынат. 

4.5. Катышуучунун Улуттук банктагы металл эсебине валюталоо күнү алтындын трой унциясындагы өлчөмүнүн чегерилбей калышы Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат. 

4.5.1. Улуттук банк ушул келишимдин 4.5-пунктунун талабын аткара албай калган учурда, ал сатылган алтын көлөмүнүн 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. Айыптык төлөм сом түрүндө чегерилет.  

4.6. Улуттук банктын тиешелүү эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын тиешелүү суммасынын жоктугу анын Катышуучудан алтынды кайра сатып алуусу учурунда өз милдеттенмелерин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат.  

4.6.1. Улуттук банк ушул келишимдин 4.6-пунктунун талабын аткара албай калган учурда, ал бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. 

4.7. Айыптык төлөмдөрдү эсептеп кармап калуу жана/же чегерүү АТС аркылуу ишке ашырылат. 

4.8. Улуттук банк, ушул келишимдин жана "Алтынды сатуу жөнүндө" жобонун талаптары Катышуучу тарабынан бузууга жол берилишинен улам, анын өзүнө келтирилген чыгым үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

4.9. Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр орун алган шартта, алтын сатуу боюнча бүтүмдү убактылуу токтотууга/жокко чыгарууга укуктуу. Техникалык үзгүлтүктөр кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк алтын сатуу бүтүмдөрүн ишке ашыруу убактысын өзгөртүүгө укуктуу. Мындай шартта бүтүмдү токтотуу/жокко чыгаруу Улуттук банк тарабынан келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну бузуу болуп саналбайт. 

 

5. Форс-мажор 

5.1. Тараптар эгерде бул: табигый жана техногендик кырсыктар, бөөдө кырсык кесепети, согуш жаңжалдары, иш таштоолор, мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, ошондой эле келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калышынын түздөн-түз себебинен болгон башка жагдайлардын келип чыгышы учурунда келишим боюнча милдеттенмелерин толугу менен же алардын бөлүгүн аткарбай коюу жоопкерчилигинен бошотулат. Жогоруда белгиленген жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого болбогон, алдын ала чара көрүү мүмкүн эмес болгон мүнөзгө ээ болууга, келишим түзүлгөндөн кийин келип чыккан жана тараптардын эркине көз карандысыз болгон жагдай катары каралууга тийиш. 

5.2. Күтүүсүз жагдайлар келип чыккан шартта тараптар эки жумуш күнү ичинде ал тууралуу кат жүзүндө бири-бирине дароо маалымдоого тийиш. Маалыматта келип чыккан жагдайдын мүнөзү алардын келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга канчалык таасир этиши мүмкүндүгү жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү камтылышы зарыл. 

5.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, ошол убакыт ичинде жагдайдын кесепеттерин четтетүүгө мүмкүн болгондой убакытка шайкеш узартылат. 

5.4. Форс-мажордук жагдайлар жана анын кесепеттери жети календардык күндөн ары созулуп кетсе, Тараптар келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун альтернативалуу жолун издеп, тиешелүү макулдашууга жетишүү максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы Тараптарды Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

5.6. Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын бузууга жол берүү, Катышуучунун колунда зарыл акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт. 

5.7. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыккандыгы тууралуу маалымдабай коюу, өз учурунда маалымдабоо мындай жагдайларга таянуу, ага шилтеме келтирүү укугунан ажырап калууга алып келет. 

 

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

 

6.1. Ушул келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш. 

6.2. Тараптар, эгерде орун алган талаш маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынышы зарыл.  

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Келишимге Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө толтурулуп, ага Тараптар кол койгон учурда анык болуп саналат. 

7.3. Тараптардын өзгөртүп түзүлүшү учурунда алардын ушул келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери укугу өткөндөргө өтөт. 

7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ, ар бир Тарап үчүн экиден нускада, мамлекеттик тилде 2 (эки) түп нускада жана расмий тилде 2 (эки) түп нускада түзүлгөн. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта, калган эки нускасы Катышуучуга берилет. 

 

8. КЕЛИШИМДИН КОЛДОНУУ МөөНөТҮ ЖАНА АНЫ токтотуу ТАРТИБИ  

8.1. Келишим Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Келишим шарттары ушул келишим күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банктын алтын сатуу боюнча келишилген бүтүмдөргө гана таркатылат.  

8.2. Улуттук банк менен Катышуучунун ортосунда Улуттук банктын алтын сатуу боюнча келишилген бардык бүтүмдөр алар келишилген учурга карата колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат. 

8.3. Келишим бир календардык жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки 7 (жети) календардык күн мурда, алдын ала токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет. 

8.4. Тараптар, бул тууралуу экинчи тарапка 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен, бирок Улуттук банктын алтынды сатуунун келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин алдын ала маалымдоо менен бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

8.5. Улуттук банк төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

§ Катышуучу тарабынан ушул келишим жана/же "Алтынды сатуу жөнүндө" жобо шарттарын бузууга жол берсе; 

§ Катышуучуга карата Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор колдонулган болсо; банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик киргизилсе; 

§ банктык операцияларды жана баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга Улуттук банк тарабынан берилген лицензия Катышуучудан кайтарылып алынса; 

§ сот тарабынан Катышуучу банкрот деп таанылса; 

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса; 

§ келишим шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, бүтүмдөрдү ишке ашыруу тартибине аныктаган ченемдик укуктук актыларга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда.  

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ  

Кыргыз Республикасынын Катышуучунун  

Улуттук банкы аталышы 

_________________________________ _______________________________ 

(почта индекси, дареги) (почта индекси, дареги) 

__________________________ _______________________________ 

(кызмат орду) (кызмат орду) 

__________________________ _______________________________ 

(аты-жөнү) (аты-жөнү

________________________________ ______________________________ 

(кол тамгасы) (кол тамгасы) 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын "__"____№__ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

банктар аралык ички рынокто автоматташтырылган  

тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана 

кайра сатып алуусу жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

 

(распечатывается на фирменном бланке коммерческого банка) 

 

 

Дилерлерге ишеним кат 

20__-ж "___" ______________  

 

(__________) негизинде иш алып барган (_____________) атынан берилген ишеним кат, төмөндө көрсөтүлгөн кызмат аадмдарына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтын сатуу операцияларын жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерет. 

№ 

Аты-жөнү  

АТСтеги ролу (дилер/контролер дилера) 

Кызмат орду 

Кол тамга үлгүсү 

Электрондук почта дареги 

Жумуштагы телефон номери  

1. 

2. 

3. 

… 

 

 

 

 

 

 

 

Ишеним кат башка бирөөгө берилүүгө тийиш эмес жана 20__-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгилге жана колдонуудан калганга (кайтарылып алынганга) чейин анык болуп саналат.  

 

М.О. 

Аты-жөнү, кызмат орду Кол тамгасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын "__"____№__ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

банктар аралык ички рынокто автоматташтырылган  

тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана 

кайра сатып алуусу жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

ТӨЛӨМ ТАПШЫРМАСЫ  

ПЛАТЕЖНОЕ ПОРУЧЕНИЕ 

№  

Күнү 

 

Жөнөтүү ыкмасы 

Способ отправления 

Форма коду 

Код формы 

0401060 

Эсептешүү күнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОКПО 

Төлөөчү 

Плательщик 

Дебет 

Счет № 

 

ИНН 

 

 

 

Төлөөчүнүн банкы  

Банк плательщика 

Регистр.№ 

СФКР 

БИК 

 

Алуучу 

Получатель 

Кредит 

Счет № 

 

Счет № 

 

 

БИК(МФО) 

Алуучунун банкы  

Банк получателя 

Суммасы жазуу жүзүндө 

Сумма прописью 

 

 

Суммасы 

 

Төлөм коду 

Код платежа 

 

Төлөм багыты 

Назначение платежа 

 

 

М.О. Кол тамгасы Төлөөчү банктын белгиси 

М.П. Подписи Отметки банка плательщика