«Кыргыз Республикасындагы банктык регулятивдик  

отчету жөнүндө» жобонун долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк (мындан ары Улуттук банк) тарабынан акча-кредиттик саясатындагы, банктардын үстүнөн тобокелдике багытталган көзөмөлдү жүргүзүүнү киргизүүдө, КР мыйзамдарын аткаруу натыйжалуулугун жогорулатууда, анын ичинде ПОД/ФТЭ тарабында жана Кыргыз Республикасынын каржылык секторунда тобокелдиктерден арылууда алдын ала чара көрүүдө чечимдерди кабыл алуунунун ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Кыргыз Республикасындагы банктык регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун долбоору жана регулятивдик отчеттордун формалары (мындан ары РБО) даярдалган. 

Жобо долбоору кийинки өзгөрүүлөрдү камтыйт: 

- коммерциялык банктар тарабынан азыркы учурда отчеттуулукту жүргүзүүдө болгон: маалыматтардын кайталануусу жана алардын салыштырылуулугу жоктугу сыяктуу кемчиликтер жоюлган; 

- жердик справочниктер/классификаторлор мамлекеттик классификаторлоруна ылайык бир түргө келтирилген жана эл аралык статистикалык справочниктер колдонулган; 

- Сапаттуу мониторинг жана маалымат анализдөө үчүн көрсөткүчтөр деталдаштырылган; 

- Отчетторду тапшыруу мезгили жана мөөнөтү өзгөртүлгөн. 

 

Жаңы отчеттуулук Улуттук банк үчүн банктык секторунан салыштырмалуу толук, сапаттуу, деталдаштырылган жана оперативдүү маалымат алууга мүмкүндүк берет. Алынган маалымат Улуттук банк үчүн тобокелдиктердин эрте стадиясында алдын алуу максатында, анализдөө үчүн оперативдүү маалымат алууга, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген милдеттердин жана укуктардын чегинде банктык системасынын каржылык туруктуулугун мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

РБОго өткөндөн кийин коммерциялык банктар ташырып жаткан азыркы ПРБО камтыган көрсөткүчтөр тууралуу отчеттордун саны кыскарат. Учурдагы көрсөткүчтөр тууралуу маалымат азыркы мезгилге караганда толугураак көлөмдө көрсөтүлөт жана банк операцияларын толук камтыган керектүү башка маалымат менен кеңейитилет, ал маалымат берүү боюнча кошумча суроолордун санын азайтууга мүмкүндүк берет. 

Узак мөөнөт ичинде бул процесстерди автоматизациялоонун натыйжасында регулятивдик отчетторду даярдоо жана тапшыруу үчүн каражатталган эмгек чыгымдардын азайтуусу кутүлөт. 

Жыйынтыгында учурдагы ПРБОнун 37 бөлүгүнүн ордуна 13 бөлүк түзүлөт (6 отчет жана 7 реестр). Бул РБОго коммерциялык банктардын күнүмдүк операциялары жана “ислам терезесине” ээ болгон банктардын операциялары кошулган. 

Жаңы РБО киргизүүдө Улуттук банк тарабынан жана ошондой эле коммерциялык банктар тарабынан дагы малыматты даярдоо, чогултуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматизациялоо/модернизациялоо талап кылынат. 

РБО жөнүндө Жобонун коомдук талкулоодон өткөндөн кийин болжол менен 2017 жылдын аягына чейин пилоттук банктарды тартуу менен РБОнун апробациясын өткөрүүсү пландаштырылган. 

 

 

 

ДОЛБООР 

   

Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор  

1. Бул “Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө” жобонун (мындан ары жобо) талаптары бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде: “ислам терезесине” ээ банктарга; өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына; “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсына таркатылат (мындан ары банктар). 

2. Регулятивдик банктык отчет бухгалтердик жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

 

2. Максаттар жана милдеттер 

3. Регулятивдик банктык отчет, төмөнкү милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн банк жана анын кардарларынын экономикалык жана чарба иши жөнүндө так жана толук маалымат сунушталышы максатында түзүлөт: 

3.1. банк жана банк тутумунун коопсуздугун, туруктуулугун колдоо максатында банктын финансылык абалына жана банк ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

3.2. акционерлер, кызмат адамдары, коммерциялык банктын иши жана кардарлар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалымат так, кылдат жана анык сунушталышы; 

3.3. Кыргыз Республикасынын акча-кредит статистикасын, төлөм теңдеминин статистикасын жана эл аралык инвестициялык позициясын эл аралык стандарттарга ылайык түзүү

3.4. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалымат менен камсыз кылуу. 

 

3. Регулятивдик банктык отчеттун мазмуну 

жана аны сунуштоо мезгил аралыгы 

4. Регулятивдик банктык отчетто белгилүү бир мезгил аралыгы үчүн Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө сунушталуучу банк иши жөнүндө маалымат камтылат.  

5. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, кыскача мазмуну жана сунуштоо мөөнөттөрү ушул жобого карата №1 тиркемеде келтирилген.  

 

4. Регулятивдик банктык отчетту түзүүнүн негизги принциптери жана эрежелери 

6. Регулятивдик банктык отчетту түзүүдө финансылык отчеттун эл аралык стандарттарынын төмөнкүдөй негизги принциптери колдонулууга тийиш: үзгүлтүксүз принциби, чегерүү, түшүнүктүүлүгү, аныктыгы жана тууралыгы, бүткөрүлгөндүгү, салыштырмалуулугу, ырааттуулугу, акча өлчөмүнүн бирдиктүүлүгү жана купуялуулугу. 

Мында төмөнкүдөй эрежелер сакталууга тийиш: 

- операциялар, алар ишке ашырылган валютада чагылдырылууга тийиш (улуттук жана чет өлкө валюталарында); 

- операциялар отчеттук мезгилде катталган бухгалтердик жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде чагылдырылууга тийиш; 

- отчет мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунушталат.  

 

5. Регулятивдик банктык отчетту сунуштоо тартиби 

7. Регулятивдик банктык отчет Улуттук банкка белгиленген формада жана мөөнөттө, «.xml» электрондук форматында, ушул жобого карата №2 тиркемеге ылайык, Улуттук банктын порталы аркылуу электрондук цифралык кол тамганы пайдалануу менен сунушталат. 

8. Регулятивдик банктык отчеттун “Пруденциалдык отчеттор” деп аталган 4-бөлүгүнүн “Күндөлүк нормативдер” (Башкарманын төрагасынын кол тамгасы менен тастыкталат), “Ар айлык нормативдер” (титулдук баракчасын кошо тиркөө менен) бөлүкчөлөрү кагаз бетине чыгарылып, мөөр басылып, ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кол коюлуп, белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка сунушталат. Ал конвертке салынып, чапталган түрдө, отчеттун бөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен сунушталууга тийиш. 

9. Улуттук банк тарабынан кагаз бетине чыгарылган сыяктуу эле, электрондук таблица түрүндө сунушталган регулятивдик банктык отчетко карата сын-пикирлер айтылбаса же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерин четтетүү менен кайра сунушталып, андан кийин ал кат жүзүндө тастыкталган учурда, регулятивдик банктык отчет Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары саналат.  

10. Регулятивдик банктык отчет, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Улуттук банк жана банктар үчүн иш күнү катары жарыяланган жана сунушталган дем алыш жана майрам күндөрү ишке ашырылган бардык операцияларды кошо алганда, банкта ошол мезгил аралыгында иш күнү жарыялангандыгына же жарыяланбагандыгына карабастан, отчеттук айдын акыркы календардык күнүнө карата абал боюнча белгиленген мөөнөттөрдө сунушталууга тийиш. 

Мында, чет өлкө валютасында сом эквивалентиндеги маалымат камтылган отчеттор Улуттук банктын отчет түзүлгөн күнгө карата эсептик курсунун негизинде түзүлүүгө тийиш.  

 

6. Корутунду жоболор 

11. Регулятивдик банктык отчеттун толуктугу, аныктыгы жана өз убагында сунушталышы үчүн жоопкерчилик банктын жетекчилигине жүктөлөт.  

12. Анык эмес маалыматтар камтылган отчет системалуу түрдө сунушталган учурда же сунуштоо мөөнөттөрү бузууга жол берилген шартта банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулат.