Банктык жөнгө салуу суроолору боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Банктык жөнгө салуу суроолору боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө” долбоорун иштеп чыкты (мындан ары-долбоор). Бул долбоор төмөнкү суроолору боюнча ченемдик укуктук актыларга көбүнчө техникалык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камтыйт: 

- банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер; 

- операциялык тобокелдиктерди тескөө

- экономикалык ченемдер жана талаптар; 

- корпоративдик башкаруу; 

- бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар ортосунда сотко чейин келип чыккан талаш маселелер; 

- таасир этүү чараларын колдонуу. 

 

Долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүлөр жана толуктоолор каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 “Банктарда төлөм багытын эсепке алуу жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобо. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-ж.___________ №____  

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

- 13-пунктун төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер.»; 

- 18-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) суммасы мөөнөт аяктаганда кардар тарабынан талап кылынбаса, келишимде башкасы каралбаган шартта, талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) шарттарында узартылган болуп саналат»;  

- 18-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18-1. Банк жана кардар аманат келишимин кайтаруунун башка шарттарына ылайык түзүүсү мүмкүн. Аманат келишимин кайтаруунун башка шарттарына ылайык түзүү дегенден улам, банк түзүлгөн келишимде белгилүү бир жагдайлардын (окуялардын) келип жетишинде (келип жетпешинде) ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө жана аманаттарды кайтарууга милдеттүү дегенди түшүнүүгө болот.  

Эгерде аманатты (депозитти) кайтаруунун башка шарттарында сактоо мөөнөтү аныкталган болсо, анда мындай аманат (депозит) мөөнөттүү банктык аманат (депозит) катары эске алынат. Эгерде аманатты (депозитти) кайтаруунун башка шарттарында сактоо мөөнөтү аныкталбаган болсо, анда ал талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат катары катары эске алынат.  

Эгерде кардар кайтаруунун башка шарттарында салынган аманаттын суммасын кайтарып берүүнү талап кылбаса, келишимде каралган иш-чаралар аткарылган шартта, аманат мөөнөтү бүткөн күнгө карата колдонууда болгон, талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) шарттарында узартылган болуп саналат, эгерде келишимде башкасы каралбаса.  

Аманат келишиминде кайтаруунун башка шарттарында эле, келишимде көрсөтүлгөн белгилүү бир жагдайлар орун алганга чейин мындай аманат (депозит) кайтарылып берилиши мүмкүн болгон шарттар (мисалы, оору, өлүм, форс-мажордук ж.б).»; 

- 24-пункттун 2-абзацындагы «электрондук цифралык кол тамгалар» деген сөздөр «электрондук кол тамгалар» дегенге алмаштырылсын; 

- 31-пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Келишимде каралган кайтарып берүү боюнча башка шарттарда салынган аманаттарды (депозиттерди) эске албаганда, эсептен акча каражаттары кардардын баштапкы талабы боюнча бөлүп-бөлүп же толугу менен төлөнүп берилүүгө тийиш.»; 

- 41-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) салык төлөөчүнүн тиешелүү каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктаган Салык кызматы органынын маалым катын. Мында патенттин негизинде гана иш алып барышкан жеке ишкерлерден салык төлөөчүнүн каттоодон өткөндүгү фактысы тууралуу маалымкат талап кылынбайт;»;  

- 43-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша, бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, юридикалык жактын мөөрү басылып, жетекчилер кол койгон уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;»; 

- 1-тиркеменин: 

4-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Акча каражаттарын кардардын эсебинен которуу/алып салууга байланыштуу операциялар кардардын (аманатчынын, эгерде аманатчы- жеке адам болсо) же анда эсеп боюнча иш-аркеттерди аткаруу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктардын бар экендигин тастыктаган, талаптагыдай таризделген документтери бар адамдын (эгерде аманатчы жеке адам же юридикалык жак болсо) катышуусунда гана жүргүзүлүүгө тийиш. Бул талап түздөн-түз катышуусуз эле, аралыктан жүргүзүлгөн операцияларга таркатылбайт. Мында банк операциялык, анын ичинде алдамчылыкка байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында зарыл чараларды көрүүгө тийиш.»; 

5-пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «18» деген сан «16» дегенге алмаштырылсын; 

-  3-тиркеменин: 

6-1- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. 5-пункттун талабы негизги ишти жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу максатында, микрофинансылык компаниялардын банк катары кайрадан каттоодон өтүшүнүн натыйжасында түзүлгөн банк-резиденттер үчүн ачылган чет өлкө валютасындагы эсептерге таркатылбайт. Бул эсептер микрофинансылык компаниялардын банк катары кайрадан каттоодон өтүшүнүн натыйжасында түзүлгөн банк-резиденттер тарабынан банк-резидент эместе корреспонденттик эсепти ачууга чейин, бирок банк лицензиясын алган учурдан кийинки алты айдан ашпаган мөөнөттө колдонулушу мүмкүн.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.1-пунктунун: 

3.1.7-1-пунктчасынын үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«банктын кызмат көрсөтүлөрдү сунуштоочулардын финансылык отчетунан пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле, зарылчылыкка жараша, кызмат көрсөтүлөрдү сунуштоочулардын финансылык абалы алардын аутсорсинг келишими жана аутсорсинг объектисине тиешелүү башка маалымат боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна таасирин тийгизүүсү.»; 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 5.1-пунктундагы «1» саны «10» санына алмаштырылсын. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 36 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Комитет кеминде Директорлор кеңешинин үч мүчөсүнөн турууга тийиш, анын бири көз карандысыз болуусу зарыл.». 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптардын: 

- 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Комитет Банктын Директорлор кеңеши тарабынан түзүлүп, кеминде анын үч мүчөсүнөн турууга тийиш. Директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн экөө көз карандысыз болуусу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык келүүсү зарыл. Мында Аудит боюнча комитеттин төрагасы милдеттүү түрдө Банктын Директорлор кеңешинин Тобокелдиктер боюнча комитетти жетектебеген көз карандысыз мүчөлөрүнүн бири болууга тийиш.».  

6. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 «Банктарда төлөм багытын эсепке алуу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Банктарда төлөм багытын эсепке алуу жөнүндө нускоонун: 

- 1.1 пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктарда төлөм багытын эсепке алуу жөнүндө нускоодо (мындан ары Нускоо) Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеминин статистикасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төлөм багыты боюнча маалыматтардын топтолушу жана эсепке алынышы боюнча талаптар белгиленет.».  

7. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планында: 

- «92600 Белгилүү бир бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер -контр-эсептер» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«92600 Белгилүү бир бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер-контр-эсептер 

92601 Сунуш гарантиялары - контр эсептер 

92609 Аткаруу гарантиялары - контр-эсептер 

92611 Аванстык гарантия контр эсептер  

92619 Соода импорттук аккредитивдер контр эсептер  

92621 Соода экспорттук аккредитивдер контр эсептер 

92631 Кредиттерди берүү боюнча өз алдынча жоюлуучу милдеттенмелер контр эсептер 

92641 Колл опциону контр эсептер  

92642 Пут опциону контр эсептер». 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун:  

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Териштирүү» - ушул жобого ылайык Улуттук банктын чечимине карата даттануу арызын (мындан ары -апелляциялык арызын кароо) процесси.  

- 17-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жооптуу түзүмдүк бөлүм 10 (он) календардык күн ичинде, бирок Улуттук банктын Төрагасы же Төраганын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү ушул жобонун 12-пунктуна ылайык апелляциялык арызды кароо боюнча отурумду өткөрүү белгилеген күндөн кечиктирбестен, ошол апелляциялык арызды алган учурда анын ушул жобонун 11-пунктунун талаптарына ылайык келээрин текшерүүгө тийиш.»; 

- 22-пунктундагы «3» деген сан «7» дегенге алмаштырылсын. 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 59-пунктундагы «39» деген сан «40» дегенге алмаштырылсын.