Долбоор 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын 

ишин лицензиялоо жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген:  

а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

2. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

3. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген шартта Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторуна жана/же төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

4. Өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар үчүн резидент эмес үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо иши Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк автоматташтырылган системаларын жана банктар аралык маалымат берүү коммуникациялык тармактары боюнча корреспонденттик мамилер системаларын колдонуу аркылуу коммерциялык банктар -резиденттер тарабынан гана жүзөгө ашырылат. 

5. Резидент эместердин товарлары үчүн үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо Улуттук банктын ченемдик актыларын ылайык коммерциялык банктар резиденттер тарабынан гана өздүк автоматташтырылган системасын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

6. Ушул Жободо камтылган төмөнкү түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында каралган алардын аныктамаларына ылайык колдонулат.  

Мындан тышкары, ушул Жобонун чегинде төмөнкү атоолор жана аныктамалар колдонулат:  

Агент төлөм уюму менен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Агенттик келишим агент менен төлөм уюмунун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча түзүлгөн агенттик келишим талаптарын аткаруу максатында түзүлгөн келишим. Мында, сунуштоочу алдында агенттин иш-аракети үчүн төлөм уюму жооп берет.  

Кызмат адамдары аткаруучу органдын төлөм уюмунун күндөлүк ишин жүзөгө ашырган мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (төлөм системасынын техникалык ишине жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер.  

Өтүнүч ээси төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган юридикалык жак.  

Кардар үчүнчү жактын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган жак.  

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.  

Клиринг борбору клиринг жүзөгө ашырылган уюм.  

Лицензиат Улуттук банктан ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму.  

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу (мындан ары - сунуштоочу) - сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер.  

Юридикалык жак менен байланыштуу жактар:  

1) ошол юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары;  

2) юридикалык жактын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык же жеке адамдар;  

3) ошол юридикалык жак жана анын кызмат адамдары олуттуу катышуучудан болгон же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар;  

4) 2 жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн башка юридикалык жактардын аткаруу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

5) жеке адамдар - 2-пунктчада көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

6) 2-пунктчада көрсөтүлгөн, олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган жактар кирген башка юридикалык жактар. 

 

7. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму өз ишин, анын ичинде Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

8. Бул жобонун талаптары, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча мамилелерге, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишине таркатылбайт. 

9. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле кызмат адамдары, аффилирленген жана байланыштуу жактары, агенттер тууралуу жана аффилирленген жана байланыштуу жактардын пайдасына ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынган маалыматты Улуттук банк аныктаган мөөнөттө берүүгө милдеттүү

10. Процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жагында ишин башташкан/токтотушкан лицензиаттар, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде бир ай ичинде, уюмдун аталышын, системанын аталышын көрсөтүп, банк-эмитент менен түзүлгөн тиешелүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет. Иштин башталышындагы билдирүүдө алдын ала пландаштырылып жаткан иш, электрондук акчаларды пайдалануу менен пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү тууралуу маалыматтар да көрсөтүлөт. Процессингди жана электрондук акчаны жайылтууну токтото турган лицензиаттар банк-эмитентке жана өз кардарларына алардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык маалымдоого тийиш. 

11. Лицензиаттар өз агенттери жөнүндө төмөнкү актуалдуу маалыматтарга ээ болууга тийиш: 

а) эгерде агент юридикалык жак болсо анын аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), байланышуу маалыматтары (телефон, факс, электрондук почта); 

б) эгерде агент жеке ишкер болсо жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген патентине тиешелүү маалыматтар. 

12. Лицензиаттар бардык өзгөртүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн, коллегиалдык органдын курамынын, уюштуруучулардын айкын жашаган жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу (ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен) 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

 

2-ГЛАВА.  

Өтүнүч ээлерине/лицензиаттарга карата талаптар 

 

13.  Жеке адамдар жана/же болбосо юридикалык жактар төлөм системасынын операторунун жана/ же төлөм уюмунун уюштуруучусу боло алышат. 

14. Төмөнкү жактар төлөм системасынын операторунун жана/же болбосо төлөм уюмунун уюуштуруучусу боло алышпайт:  

1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактар алардын катышуучусунан болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

2) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

 

3-ГЛАВА.  

Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын кызмат адамдарына  

карата талаптар 

 

15. Лицензиаттын ишин талаптагыдай уюштуруу максатында, анын штатында төраганын (жетекчинин), техникалык директордун, башкы бухгалтердин кызмат орду каралууга жана булар башкруунун аткаруу органынын курамына кирүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша төраганын жана техникалык директордун кызматын бириктирүүгө жол берилет. 

16. Аткаруу органынын төрагасы төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу; 

- акыркы 10 (он) жыл ичинде экономикалык жана/же юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш алып барган компаниянын жетекчиси кызматында кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасынын болушу; 

- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн болушу, күбөлүктүн көчүрмөсү берилиши зарыл; 

- сот жообуна тартылбаган болушу. 

17. Техникалык директор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку техникалык билиминин болушу; 

өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасынын болушу; 

- сот жообуна тартылбаган болушу. 

18. Бухгалтер төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку же болбосо орто-кесиптик билиминин болушу; 

-  бухгалтердик кызматта кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасынын болушу; 

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү урусаты/лицензиясы бар, билим берүү мекемелеринен алган бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билимин тастыктаган сертификатынын болушу, сертификаттын көчүрмөсү берилиши зарыл; 

- сот жообуна тартылбаган болушу. 

19. Кызмат адамы убактылуу жок болгон учурда анын ордунда иш жүрүзүү жана/же болбосо жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдардын милдеттерин аткаруу жүктөлгөн учурда, лицензиаттын штаттагы кызматкери болуп саналган адамга жана кызматтык иш боюнча нускоого ылайык таризделет.  

 

4-ГЛАВА.  

Документтерди кароо тартиби 

 

20. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыгына жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээсинин жайгашкан жери боюнча) берилиши мүмкүн. 

21. Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бир барактан ашкан бардык документтердин ар бир барагы бирден чагылдырылып жана жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн. 

22. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) жумуш күндү түзөт. 

23. Лицензия алууга тапшырылган документтер топтомун кароодо Улуттук банк документтер тапшырылган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу.  

24. Алдын ала текшерүүгө, автоматташтырылган системалардын иш жөндөмдүүлүгүн жана сунушталган документтердин ушул жобонун 28-пунктунун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү камтылат. 

25. Эгерде документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе же болбосо өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул Жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтерди алган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт. 

26. Кошумча документтер Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдалгандан кийинки 15 (он беш) күн ичинде сунушталууга тийиш. Эгерде документтер Жобонун талаптарына жооп бербесе же эки же андан көп жолу толук эмес көлөмдө, же болбосо көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч сунушталса, Улуттук банк аларды кароодон баш тартат. Лицензия алуу үчүн документтер топтомун кайрадан тапшыруу Улуттук банк документтерди кароого баш тарткан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин гана ишке ашырылышы мүмкүн.  

27. Лицензияны алууга берилген өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган шартта, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тарткан учурда же ушул жобонун чегинде мурда берилген лицензия кайтарылып алынган учурда Улуттук банкка сунушталган документтер жана анын көчүрмөлөрү өтүнүч ээлерине кайтарылып берилбейт. 

 

5-ГЛАВА.  

Лицензиялоо тартиби 

§ 1. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 

28. Ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруучу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) уюштуруучулар юридикалык жактардын төмөнкү документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө жана акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат; 

5) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

6) чарба иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөлөрү

7) төлөм уюмдары үчүн берүүчүлөрдүн пайдасына сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөлөрү

8) берүүчүгө акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишинин гарантиясын камсыз кылган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү

- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча мөөнөттүү банктык аманат (депозит) эсебин ачуу жөнүндө келишим; 

- берүүчүнү алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишим; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктер менен жоготуулардын ордунун жабылышын камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер. 

9) коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталдын 100 пайызы салынгандыгын тастыктаган документ: 

- төлөм системасынын операторлору үчүн кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- төлөм уюмдары үчүн кеминде 2 000 000 (эки миллион) сом; 

Өтүнүч ээси эки лицензия алууга документтерди тапшырган учурда, уставдык капитал кеминде 3 000 000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш. Уставдык капиталды топтоо максатында салынган акча каражаттарын, лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерин камсыздоо катары кызмат кылат жана ал уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолууга тийиш. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен топтоого тыюу салынат; 

10) уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн, тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен маалыматтар; 

11) төлөм системасында жүзөгө ашырылуучу операциялардын финансылык мониторингин жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ички документтердин кеминде төмөнкүлөр камтылган көчүрмөсү

- финансылык мониторинг жүргүзүү максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг жүргүзүү системасын түзүүчү элементтер комплекси. 

12) төлөм уюму үчүн - акча каражаттарын инкассациялоо жана сактоо тартибин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү

13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- системанын архитектурасын жана анын иштөө схемасын; 

- системага кирүү жана чыгуу жол-жоболору; 

- катышуучуну системага кошуу тартиби; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматтарды коргоого карата талаптар; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын аракеттенүү тартиби; 

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- системада   кардарларды террористтик же экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таратууга катышкан адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү механизмдеринин бар экендиги жөнүндө баяндама; 

Төлөм системасынын эрежеси бирдиктүү документ түрүндө түзүлүүсү зарыл. Төлөм уюмдары үчүн кошумча финансылык каражаттарынын жүгүртүүсү жана ар бир пункту боюнча эсептешүүлөрдүн аякташы жөнүндө түшүндүрмөлөрдү камтыган деталдуу схемалары берилүүгө тийиш. 

14) ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулар тарабынан толтурулган жана кол тамгалары коюлган анкета, төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен: 

- инсандыгын тастыктаган документтердин; 

-  башкаруунун аткаруу органынын мүчө-жактарынын тиешелүү кызматтарга дайындалгандыгын тастыктаган документтердин; 

- ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин тастыктаган документтердин; 

15) компаниянын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтар (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тастыктоочу документтер, уюштуруу документтери ж.б.);  

16) аппараттык-программалык комплексин (мындан ары АПК) орнотуу жана колдонууга киргизүү актысы;  

17) жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү же өтүнүч ээсинин/лицензиаттын ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ;  

18) эгерде төлөм системасынын оператору ижарага алынган жайды АПК жайгаштыруу үчүн колдонсо, техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш болгон, жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш; 

19) коммерциялык банк менен электрондук акчаларды сактоо, пайдалануу жана алар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн); 

20) электрондук акча эмитенти менен аларды чыгарууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээси үчүн); 

21) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо ошол юридикалык жактын уюштуруучу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат. 

 

§ 2. Лицензия берүү 

 

29. Лицензиялар ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (лицензиянын формалары ушул Жобого карата 3 жана  

4-тиркемелерде келтирилген). 

30. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. Лицензияга Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы тарабынан кол коюлат. 

31. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө аны алууга ишеним көрсөтүлгөн адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгын тастыктаган кол тамгасын коёт. 

32. Лицензияланып жаткан уюмдун лицензия берүү үчүн акы төлөнгөн тууралуу жана ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин тастыктаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана ага лицензия берилет. 

33. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

 

§ 3. Лицензия берүүдөн баш тартуу 

 

34. Лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат: 

1) лицензия алуу үчүн берилген документтердин ушул Жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе; 

2) берилген документтердин ушул Жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иш түрлөрүнө туура келбесе; 

3) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

4) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо; 

5) өтүнүч ээсинин иши ушул Жобонун талаптарына ылайык келбей тургандыгын тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары. 

35. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

 

6-ГЛАВА.  

Лицензияны кайра тариздөө 

 

36. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жактын өзгөртүп түзүлүшү

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү

- калк отурукташкан пункттун өзгөрүшүнө байланыштуу юридикалык жактын турак жайынын өзгөрүшү, ошондой эле анда төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму жайгашкан калк отурукташкан пункттун аталышынын өзгөрүшү

37. Калк отурукташкан пункттун ичинде жайгашкан төлөм уюмунун ордунун өзгөрүшү анын лицензиясын кайра тариздөөнү талап кылбайт. 

38. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер келип чыккан шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү

39. Тиешелүү өзгөрүүлөрдү тастыктаган, документтерди кошо тиркөө менен кайра тариздөөгө негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн кийинки 15 (он беш) күндөн кечиктирилбестен лицензиарга берилет. 

40. Лицензияны кайра тариздөө лицензиар тиешелүү өтүнүч кат алгандан кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөрүүлөрдү реестрге киргизет. 

41. Лицензияны кайра тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген, лицензия берүүдө каралган өлчөмгө дал келүүчү өлчөмдө акы алынат. 

 

7-ГЛАВА.  

Лицензиянын дубликатын берүү 

 

42. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен жоголгондугу жана бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылат. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет. 

43. Лицензиянын жоголгон же бузулган бланкалары лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат. 

44. Лицензиар өтүнүч катты сунуштагандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу чечиминин себебине негиздеме берүү менен жөнөтөт. 

45. Лицензиянын дубликатын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген, лицензия берүүдө каралган өлчөмгө туура келүүчү өлчөмдө акы алынат. 

 

 

8-ГЛАВА.  

Лицензиянын аракетин токтотуу 

 

46. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат:  

- юридикалык жак жоюлган шартта;  

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда;  

- лицензияланган иш түрлөрүн жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса;  

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;  

- айрым иш түрлөрүн лизенциялануучу иш түрлөрүнүн тизмесинен алып салуу. 

47. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензияны сунуштоого тийиш. 

48. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын катышуучулары жана кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жана лицензияланган ишти токтотууга тийиш. 

49. Лизенцияны кайтарып алуу «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

 

9-ГЛАВА.  

Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 

 

50. Ушул жобонун чегинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, айрым банктык операция түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга жол берилет. 

 

 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Төлөм системалары башкармалыгы 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

(_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________) 

(толук аталышы,юридикалык дареги, анык дареги, телефон номери) 

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм: 

а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген иш түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

1. Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар: 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Аткаруу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү): 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

2. Документтер: 

2.1. Аткаруучу органдын төрагасынын анкетасы 

2.2. Техникалык директордун анкетасы 

2.3. Бухгалтердин анкетасы 

2.4. Уюштуруучунун анкетасы 

 

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү 

  

  

20__-жылдын "__" _____________ 

 

2-тиркеме 

АНКЕТА 

үрөт үчүн) 

  

(Кызматы) _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

Аты-жөнү _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Туулган күнү жана жери _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген ________________________________________________ 

Берилген күнү _____________________________________________________________________________ 

Жарандыгы _____________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________ 

Анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери ____________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Үй-бүлөлүк абалы _____________________________________________________________________________ 

Билими _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(жогорку) 

дипломунун № _____________________________________________________________________________ 

берилген күнү _____________________________________________________________________________ 

ким тарабынан берилген _____________________________________________________________________________ 

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курстарда окуу 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер: 

Жалпы эмгек стажы: 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактын мекемелерин көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

  

  

  

  

  

  

Төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм системасынын операторун же төлөм уюмун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы? 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Мен, _____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берилген учурда, мага, төлөм системасынын операторуна жана төлөм уюмуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санкциялар колдонула тургандыгын түшүнөм. 

20__-жылдын "__" _________ ____________________________ (кол тамгасы) 

  

 

3-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ ____ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия  

_____________________________________________________________________________ 

өлөм уюмунун юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

_____________________________________________________________________________ берилди 

жана ал төлөм уюму катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет: 

Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" ____________ 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

  

 

4-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ ____ ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия 

_____________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

_____________________________________________________________________________  

юридикалык дареги боюнча катталган, 

_____________________________________________________________________________  

 

____________________________________________________________________________ өлөм системасынын юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) 

берилди 

жана ал төлөм системасынын оператору катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет: 

Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" ______________ 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү