Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыкты (мындан ары-долбоор).  

Долбоор уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү боюнча талаптарды аткарбаган банктарга карата бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. Өз ишин белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча мөөнөт белгиленген, талаптарды аткарбаган шартта милдеттүү чектөөлөр боюнча талаптар жана банк катары ишин жүргүзүүнү токтотуу боюнча мөөнөттөр белгиленген. 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын «___»___________  

№ __________________________ токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор бекитилсин:  

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы өзүнчө абзац менен толукталсын: 

«Банк экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды жана уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды бузууга жол берген учурда таасир этүү чаралары ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген тартипте колдонулушу мүмкүн. Мында ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартип акыркы болуп саналбайт жана банкка карата банк мыйзамдарына ылайык кайсы болбосун башка чаралар колдонулушу мүмкүн. »; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого карата 4-тиркеме  

 

Экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды жана уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды бузууга жол берген банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартиби. 

1. Бул тартип экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды жана уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды бузууга жол берген банктарга карата колдонулат. Мында бул банктардын капиталы милдеттүү түрдө убактылуу администрация режимин киргизүү талап кылынбаган деңгээлде болууга тийиш. Улуттук банк тарабынран белгиленген деңгээлге чейин уставдык же өздүк (регулятивдик) капиталын түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон Банк Улуттук банкка кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында катарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен микрофинансылык компанияга трансформациялоо (кайра каттоо) же ыктыярдуу жоюу өтүнүч кат менен кайрыла алат. Банкты микрофинансылык компанияга трансформациялоо же ыктыярдуу жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленет.  

2. Улуттук банк, банк тарабынан экономикалык ченемдер жана уставдык жана/же өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптар бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган учурда, ага карата финансылык чыңдоо планына ылайык, финансылык чыңдоо чараларын ишке ашыруу жөнүндө талап коюлат, аны жүзөгө ашыруунун чектүү мөөнөтү Улуттук банк тарабынан бекитилген күндөн кийинки 6 айдан ашпоого тийиш.  

3. Улуттук банк финансылык чыңдоо талабын койгон күндөн тартып банкка карата Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуулар жана чектөөлөр белгиленет. Буга кошумча банкка карата жеке адамдардын жана юридикалык жактардын депозиттерди тартуу көлөмү жана шарттары боюнча чектөөлөр, жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге карата жаңы мөөнөттүү депозиттерди тартууга/ачууга, ошондой эле мурда түзүлгөн келишимдер боюнча мөөнөттөрдү узартууга тыюу салуулар белгилениши мүмкүн. Эгерде, бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкроттукка же болбосо банктык мыйзамдарга ылайык чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын белгиленишине алып келиши мүмкүн болсо, Улуттук банк кредиттөө жагында кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө (суммалар боюнча лимиттер, күрөө боюнча талаптар ж.б.), банктын акчалай милдеттенмелери боюнча кредиторлордун талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

4. Улуттук банк финансылык абалды чыңдоо планын бекитүү чечимин кабыл алган учурдан тартып 6 ай өткөндөн кийин уставдык жана/же өздүк (регулятивдик) капиталдардын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткарбаган банкка карата Улуттук банк тарабынан лицензияга карата улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга уруксат берилген банктык операциялар тизмегине чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынат жана банкка карата кеминде төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат:  

1) өз атынан талап боюнча төлөнүүчү аманаттарды тартууга; 

2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө (факторинг) аткарууну талап кылуу укугуна ээ болууга; 

3) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга (банктык алтын, күмүш, платина жана жогору сапат белгисине ээ ушул металлдардан жасалган монеталар менен гана); 

4) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашырууга; 

5) электрондук акчаларды чыгарууга; 

6) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоого (процессинг, клиринг). 

Эгерде келишимдерде айыптык санкцияларды төлөөсүз аларды мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүнчүлүгү каралбаса, банк мурда келишилген бүтүмдөрдү колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин аларды акырына чыгарууга тийиш.  

5. Уруксат берилген банктык операциялар тизмегине чектөөлөр белгиленгенден кийин банк 6 айдан ашпаган мөөнөттө уставдык жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмүн жаңы түзүлгөн банктар үчүн белгиленген өлчөмдө түзүү же болбосо ыктыярдуу түрдө микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлүү (кайра каттоодон өтүү) жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Улуттук банк лицензияны кайтарып алуу жана банкроттуктан башка негиздер боюнча банкты жоюу жол-жобосун баштоо чечими кабыл алынат.  

6. Банк уставдык жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмүн Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө түзгөн шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка карата мурда белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.».