Кредитөө жана таасир этүүчү суроолору боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

жана толуктоолор жөнүндө” долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредитөө жана таасир этүүчү чаралар суроолору боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө” долбоорун иштеп чыкты (мындан ары - долбоор).  

Долбоор кредитөө суроолору жагында төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- банктын кредиттик стратегиясында карыз алуучулардын кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо боюнча методиканы камтуу боюнча талапты; 

- тобокелдиктердин ички рейтинг системасына талаптарды; 

- кредиттик рейтинг түшүнүгүнүн аныктамасын; 

- кредиттерди балоо үчүн моделдерди иштеп чыгуу боюнча талаптарын жана жол-жоболорун; 

- сумманын белгисин жана белгиленген суммадан ашпаган кредиттер боюнча төлөм мониторингин жүргүзүү талабын; 

- кредиттерди камсыздоо боюнча талаптарын жана алардын классификациясын.  

Таасир этүүчү чараларын колдонуу суроолору боюнча “банкты реструктуризациялоо жана реорганизациялоо” түшүнүктөрдүн аныктамасы көрсөтүлгөн, ошондой эле банкты мажбурлап реорганизациялоо боюнча жол-жоболор камтылган. 

Долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүлөр жана толуктоолор каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобо. 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын ________________  

№ _____________________ токтомуна тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун: 

- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«12. Банктын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кароого алып турууга милдеттүү. Ошондой эле, Директорлор кеңеши банктын тобокелдиктер тармагында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, банктын уюштуруу түзүмүндө жана кадрлар курамында өзгөрүүлөр болгонуна жараша кредит саясатын кайра кароого, ошондой эле, банкта кредиттөө процессине таасирин тийгизген банк операцияларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелерин, республиканын экономикасындагы жана банктын, анын кардарларынын өнөктөштөрү бар өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөрдү кеминде жылына бир жолу кароого алууга тийиш. 

Банк Башкармасы банктын кредит саясатынын жана кредиттик стратегиясынын ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат, ал үчүн кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды банктин ишине колдонууга киргизүүгө милдеттүү.  

Банк валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, аларга баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун комплекстүү системасын, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти контролдоону, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн отчет берүү системасын камсыз кылууга тийиш. 

Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер кредиттик комитет тарабынан гана же банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, кредит саясатын жөнгө салган ички ченемдик укуктук актыларга ылайык ошол комитет укук чегерген адам тарабынан чечилүүгө тийиш. 

Кредиттерди берүү укугу кызмат адамдарынын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүүгө тийиш жана ошол адамдар кредиттөөдө мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

Банктын ири тобокелдикти камтыган кредиттерди жана банк менен байланыштуу жактарга/аффилирленген жактарга кредиттерди берүүсү банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Банктын Директорлор кеңеши, ири тобокелдикти камтыган кредиттерди жана банк менен байланыштуу жактарга/аффилирленген жактарга кредит берүү, чек ара аралык кредиттерди, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен жана/же банк жоготууга дуушар болгон, Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттерди берүү жөнүндө чечимдерди жактыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө кредит боюнча кредиттин суммасынын 20% ашыгыраагын камсыз кылган учурда банктын Директорлор кеңешинин жактыруусу талап кылынат. Мында, күрөөнүн наркы катары анын жоюу наркын түшүнүүгө болот. 

Мындан тышкары, кредит саясатында Кредиттик комитеттин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. 

Банктын кредиттик стратегиясы карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикаларын да камтууга тийиш. Ал үчүн банк кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички тобокелдиктер рейтинги системасын иштеп чыга алат. Ички тобокелдиктер рейтинги системасы банкта ишке ашырылып жаткан иштердин түрүнүн мүнөзүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш.  

Ички тобокелдиктер рейтинги системасы карыз алуучунун келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүүнү камтууга жана ушул Жобонун 4.1. жана 4.2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн карыз алуучулар жөнүндө маалыматтардын толук берилишин чагылдырууга тийиш.  

Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо боюнча иштелип чыккан кредиттик рейтингдер тамга, сан же тамга-сан символдору түрүндө белгиленет, алар банк кредит берген учурда тобокелдиктерди көрсөтүп турат. Банк карыз алуучуга жана кредиттин өзүнө байланыштуу белгилүү мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен кредитке рейтинг ыйгарат.  

Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө ар кандай ыкмаларга негизделиши мүмкүн: 

- сандык карыз алуучунун рейтингин аныктоого мүмкүндүк берген тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициент ыкмасы, рейтинг модели, скоринг модели); 

- болжолдоо, бул өткөн жылдардын статистикасына таянып, карыз алуучунун кредитинин моделин түзүүгө жана анын ыктымалдуу төлөө жөндөмдүүлүгүнө багытталат; 

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттуу көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

Кредиттик рейтинг кредиттин сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүүнү жактыруунун баштапкы баскычында ыйгарылууга тийиш, ошондой эле кредитке андан ары мониторинг жүргүзүүдө, анын мөөнөтүн узартууда же кредит келишиминин шарттарын өзгөртүүдө же кредитти реструктуризациялоодо ыйгарылышы мүмкүн.  

Банк кредит берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, өзүнүн моделин иштеп чыгат, ал банк берген кредиттерди баалоо талаптарына кыйла тагыраак жооп берген аралаш моделдерден турушу ыктымал. Негиз катары төмөнкүлөр алынышы мүмкүн: 

- карыз алуучунун финансылык абалына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк берген коэффициенттер ыкмасы;  

- рейтинг модели интегралдык көрсөткүчтү эсептеп чыгаруу жолу менен коэффициент ыкмасында автоматтык түрдө баа берүү, бул ыкма кыйла ыңгайлуу жана колдонууда жөнөкөй болуп саналат;  

- скоринг модели карыз алуучуну белгилүү топко киргизүү жолу менен балл берүү эквивалентинде төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо;  

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымына баа берүүгө негизделген модель;  

- өткөн жылдардын статистикасын ж.б. колдонулган модель.  

Ички кредиттик рейтинг кредитти берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө банкка көмөк көрсөтүү; потенциалдуу жоготууларды жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү; алынган жана зарыл маалыматтарды тескөө; рейтинг шкаласына (баа) ылайык кредиттерди бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттердин мурунку абалын жана балким келечектеги кыймылын рейтинг шкаласы (баа) боюнча аныктоо; жалпы тобокелдиктерге жана кредит портфелиндеги тенденцияларга баа берүү; банктын кредиттик стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулат.  

Ички рейтинг системасын колдонуу - убакыттын өтүшү менен кредиттердин белгилүү түрлөрүн кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баа бере турган маалымат базасын мурдагы маалыматтар менен бирге түзүүгө мүмкүндүк берет, бул банктарга өздөрүнүн кредиттик тобокелдиктерин кыйла так аныктоого мүмкүндүк берет.  

Банктагы кредиттик рейтинг системасы ыйгарым укуктардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш: 

- кредитке баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредит алууга өтүнмө түшкөн учурда); 

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши боюнча бардык документтерди, анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, күрөөлүк камсыздоосун талдап-иликтөөдө); 

- кредит берүүнү акыркы жактыруу. 

Кредиттик рейтинге ылайык кредит берүү чечими 100 000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредит берүү боюнча кабыл алынат. 

Андан кийин мониторинг жүргүзүү мезгили сыяктуу эле 100 000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилген кредиттердин төлөнүшүнө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү, кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында ыйгарылган кредиттик рейтингдерди талдап-иликтөө, зарыл болсо, рейтингге өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, банк кредит берүүдө стандарттуу эмес чечим кабыл алынган кредиттер боюнча маалымат базасын жана аларды эсепке алуу журналын дайыма жүргүзүүгө милдеттүү (жеке пайыздык чендер, күрөөнүн түзүлүшү жана башка). 

Күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин күрөө предмети карыз алуучунун/күрөөгө коюучунун жалгыз турак жайы болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн фактыларды текшерүү боюнча талаптар банктын ички саясатында каралууга тийиш. Эгерде күрөө предметинен өндүрүп алуу учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/күрөөгө коюучунун жалгыз турак жайы болуп саналса, ошол мүлктөн өндүрүп алуу соттун чечими менен ишке ашырылууга тийиш.»; 

- 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүүдө Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш: 

- каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; 

- карыз алуучуга мүнөздөмө. Банк, карыз алуучу карызга алып жаткан каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу зарыл, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка мекемелерден ага берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу маанилүү. Мындан тышкары, карыз алуучу жөнүндө, Банктын талабы боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде мыйзам талаптарына ылайык бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.  

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялыгын жана купуя сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. 

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтардын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат: 

- акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: карыз алуучу киреше жана нак акча агым формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы. Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш.  

Мындан тышкары, банк карыз алуучу кредитти өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен карыз алуучунун кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш. 

Эгерде кардардын келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен карыз алуучу үчүн алмашуу курсунун өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга чет өлкө валютасында кредит сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш; 

- камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө кредит боюнча иш алып барган кызматкер карыз алуучу кредит боюнча зарыл камсыздоону сунуштоосу үчүн жетиштүү активдин санына ээ экендигин тактоого тийиш. 

Кредит берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн.  

Карыз алуучулардын милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилер боюнча классификацияланат: 

1) кредитти камсыздоонун мүлктүк формасы деп, карыз алуучу кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттардын эсебинен кредитти төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз. 

Мүлктүк формага кредиттик камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн: 

- кыймылсыз мүлк күрөөсү

- кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, карыз алуучунун пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.); 

- күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилүүчү мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар ж.б.). 

2) кредиттерди камсыздоонун юридикалык (мүлктүк эмес) формасы. Кредитти камсыздоонун юридикалык формасы бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы.  

Кредит боюнча камсыздоонун юридикалык формасына төмөнкүдөй кредиттик камсыздоо формалары кириши мүмкүн: 

- гарантия; 

- кепилдик. 

Мында, камсыздоо катары гарантия/кепилдик саналган кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчиликтүүлүгүн жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. 

Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредит боюнча камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт: 

- негизги камсыздоо; 

- кошумча камсыздоо. 

Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредит боюнча камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт: 

- кредиттик милдеттенменин ордун толугу менен жабуучу камсыздоо; 

- кредиттик милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жабуучу камсыздоо. 

Кредит боюнча камсыздоо түрү кредит сапатынын категориясына таасирин тийгизген фактор катары каралбайт. 

Банктын кредиттик тобокелдиктерин кыскартуунун өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдиктикти камсыздандыруу да саналышы мүмкүн. 

Банктын кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн негизги иш-чаралары: 

1) банк карыз алуучу тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугунда таандыгы же мүлккө ээ экендиги жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга, кагаз жүзүндө гана болбоого же ага башка милдеттенмелер жүктөлбөгөн болууга тийиш; 

2) банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; 

3) банк мыйзам талаптарына ылайык, өз алдынча же тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү-адистерди ишке тартуу менен камсыздоонун өздүк наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо наркы сунушталган кредит өлчөмүнө дал келүүгө тийиш. Кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын негизги карыз суммасынан жана камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен кредит боюнча пайыздардан жогору болушу кредиттердин кайтарылбай калышы тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат; 

4) банк карыз алуучу тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында, сунушталган камсыздоого тиешелүү рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөшү мүмкүндүгү тобокелдигин эске алууга тийиш; 

5) банк камсыздоо катары мүлктү кеминде карыз алуучу кредиттик каражаттарды пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш. Мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал; 

6) банк кредиттик камсыздоонун пайдаланылышын жана анын абалын тиешелүү деңгээлде контролдоосу зарыл, атап айтканда банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлабагандыгын, кандайдыр бир жагдайлардан улам анын наркы төмөндөбөгөндүгүн жана карыз алуучу кредиттик милдеттенмелерди аткарбай койгон учурда, банк камсыздоону дароо сатып өткөрө ала тургандыгын аныктоого тийиш. 

Эгерде 100 000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш. 

- гарантия (кепилдик). Эгерде кредитти камсыздоо катары жалгыз гарантия (кепилдик) колдонулса, анда гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) ишин, анын кесипкөйлүк аброюн, төлөө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даярдыгын иликтөө зарыл. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароодо кредит боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү кошо жоопкерчиликтүү топтун катышууларынан болбоосуна көңүл бурууга тийиш. 

- кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) өз ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот. Мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана кандай болбосун жагдайларда алынган кредиттик каражаттардын толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат.  

Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосун, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат.»; 

- 42-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«- банктын карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүп алуу жол-жобосун баштоо тууралуу билдирме жөнөтүлгөн учурдан тартып 15 күн өткөндөн кийин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу милдети, мында бүтүндөй кредитти колдонуу мезгил аралыгы үчүн чегерилген кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген кредит суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

- 55-пунктундагы бешинчи менен алтынчы абзацтар ортосу төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочунун милдеттенмелери (күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүү, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөө каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүү); » ; 

- 61-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Камсыздоо каралбаган кредиттер бланктык болуп саналат, мында эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафт эске алынбайт, ал төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга (резидентке гана) анын аброюна жана киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде берилет.»; 

- 63-1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- 100 000 сомго чейинки кредиттерди кошпогондо, калган кредиттер үчүн жылына кеминде бир жолу. 100 000 сомго чейинки кредиттерге кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөлөрдү болжолдогон төлөө мониторинги жүргүзүлөт. ». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 3.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Камсыздандыруу келишиминин (кредитти камсыздоо катары кабыл алынган күрөө предметин камсыздандыруу; өмүрүн жана (же) ден соолугун камсыздандыруу (карыз алуучуну-жеке адамды эмгекке жарамсыздыгын жоготууда, кырсыкка кабылууда, ооруган учурларда камсыздандыруу) келишими) болушу кредитти классификациялоодо кошумча фактор катары эске алынышы мүмкүн. 

- 4.2-пунктунун 4.2.2-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 30-пунктунун талаптарына ылайык келген, андан өндүрүп алууга боло турган мүлктүк камсыздоо жана/же анын эсебинен карыздын ордун жабууга боло турган гарантия/кепилдик болсо;»; 

- 5.1-пунктунун 5.1.4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кепилдик/гарантия менен толук камсыздалган актив, төлөө мөөнөтү 60 күнгө кечиктирилген шартта, башкача айтканда, Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин «субстандарттык» катары классификациялануусу зарыл.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Жазма буйрук, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, көзөмөлдөөнү тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан колдонулат.»; 

- 26-пунктундагы «, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 32-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банкты финансылык чыңдоо, реструктуризациялоо жана/же кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;»; 

- 33-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк, банктан финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.»; 

үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«План бир календардык жылга түзүлөт жана ал сунуштала турган календардык жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 34-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банкка финансылык абалды чыңдоо чараларын өткөрүү тууралуу талап коюлган шартта, жаңыртылган планды (Улуттук банктын талабы боюнча Финансылык абалды чыңдоо планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда) кошо алганда, Банктын финансылык абалды чыңдоо планы, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча банктын иш-чаралары Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетине макулдашылууга тийиш»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-1.2-параграф менен толукталсын: 

«§ 3-1.2. Банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талап 

36.-2.1. Улуттук банк, банктын финансылык абалын чыңдоо максатында, аны мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талап коюуга укуктуу.  

36.-2.2. Улуттук банктын кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талабын алган учурда банктын аткаруу органынын жетекчиси, аны алган учурдан тартып 3 жумуш күнү ичинде банктын Директорлор кеңешине банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу максатында, акционерлердин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү

36.-2.3. Банк өз кезегинде, Улуттук банктын талабын алган күндөн тартып жыйырма күндүк мөөнөттө кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

36.-2.4. Улуттук банк банктарга карата төмөнкү учурларда мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу: 

- банк тарабынан монополияга каршы мыйзам талабын бузууга жол берилген учурда. Бул учурда ажыратуу же бөлүү формасында кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн; 

- Улуттук банктын кошумча капиталдаштыруу аркылуу уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу талабы аткарылбаса; 

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем сакталбаса; 

- банк мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде экономикалык ченемдер бир нече жолу (12 ай ичинде эки же андан ашык ) бузууга жол берилсе жана банк мыйзамдарында белгиленген милдетүү камдык талаптар боюнча ченемдер сакталбаса. 

36.-2.5. Банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү банктар үчүн белгиленген талаптарды эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте бириктирүү же кошуу формасында жүзөгө ашырылат. Банкты мажбурлап жоюу тууралуу талаптын аткарылбашы банкка убактылуу администрация режимин киргизүү үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.  

36.-2.6. Кайра өзгөртүп түзүү процессин жүргүзүү мезгилинде Улуттук банк тарабынан банкка (же банктарга) карата өзүнчө талаптар коюлушу мүмкүн. 

36.-2.7. Банкты кайра өзгөртүп түзүү мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттү дагы алты айга узартууга болот.»; 

- 40-пунктунун биринчи буллити төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- эгерде анык эмес (жалган) маалыматтарды берүү фактылары аныкталып, анын негизинде банктын капиталына катышуу үчүн Улуттук банктын уруксаты алынган болсо же акционер мыйзамда каралган уюштуруучуларга карата коюлган талаптарга жооп бербей калса. Мында Улуттук банк акцияларды сатып алуу үчүн өтүнүч ээсине берилген уруксатын кайтарып алат. Банктын уюштуруучусу (акционери) мыйзамдын негизинде уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлган талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу, акцияларды сатып алуу үчүн уруксат берүүнү кайтарып алуу менен бирге эле, анын акцияларын сатуу жөнүндө талап коюлган шартта, уюштуруучуга (акционерге) банктын добуш берүү укугуна ээ акцияларынын он же андан ашык пайызына (биринчи чектүү маанисине) ээлик кылууга же мыйзам тарабынан уруксат берилген кайсы болбосун кийинки катышуу чегине ээлик кылууга уруксат берилет.»; 

- 67 жана 68-пунктулардагы «Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген» деген сөздөр алынып салынсын; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин:  

24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле расмий түрдө талап кылынган башка документтердин жана маалыматтардын берилбеши, ошондой эле өз убагында берилбеши, толук эмес же так эмес берилиши.».