«Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери  

«Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) ар түрдүү маалымат системаларынын өз ара иш алып баруу проблемаларын чечүү максатында иштелип чыккан. 

Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу «бирдиктүү терезе» принциби боюнча электрондук акча менен эсептешүү системасынын интероперабелдүүлүгүн (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) камсыз кылуу токтом долбоорунун негизги милдети болуп саналат.  

 

2. Баяндоо бөлүгү  

Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруунун тартиби, ченемдери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ченемдик укуктук актылары, ошондой эле коммерциялык банктардын ички ченемдик документтери менен белгиленет. Мында, электрондук акча менен эсептешүү системасынын интероперабелдүүлүгү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) боюнча ченемдер жок.  

Бул маселени чечүү үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизүү сунушталат: 

1) 3-главасы төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш.».  

Ошондой эле, «электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы» жана «улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталат.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоолор  

Токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларга ээ болушу мүмкүн, анткени сунушталган толуктоо нак эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттырууга, электрондук акчаларды республиканын бүтүндөй аймагы боюнча кеңири колдонуунун эсебинен керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун ж.б. жогорулатууга багытталган. 

Токтом долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык чектөөгө, коррупциялык натыйжаларга алып келүүчү ченемдерди камтыбайт, анткени токтом долбоору менен сунушталып жаткан ченемдерди колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуу максатында, төлөм системасынын катышуучуларынын ишин жөнгө салууга мүмкүндүк берет.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат

 

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүнө талдап-иликтөө  

Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат  

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунун ченемдерин жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча финансылык оорчулук жаратпайт. Бирок, кошумча чыгым электрондук акчаларды чыгарган коммерциялык банктарда жана электрондук акча менен эсептешүү системаларында жаралышы мүмкүн. Бул, электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын системалар аралык бири-бирине дал келүү механизмин түзүүгө жана ишке ашырууга кеткен чыгашаларга байланыштуу.  

Финансылык оорчулук келүүсүн, электрондук акча менен эсептешүү системаларынын ортосунда интероперабелдүүлүктү киргизүү боюнча стандарттарды/операцияларды ишке ашыруу эрежелерин, ошондой эле башка бир катар уюштуруу маселелерин чечүүнү эске алып, 7-1-пунктунун талаптарын 2021-жылдын  

1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталат. 

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөргө коммерциялык банктардын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, «Мобильник» ЖЧК, «ОСМП» ЖЧК өкүлдөрү катышты. 

 

 

Ишиңизге ийгилик каалап,  

Төлөм системалары башкармалыгынын 

начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

Долбоор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо (кошо тиркелет) киргизилсин. 

   

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 7-1-пунктун эске албаганда, токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

4. Электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору, коммерциялык банктар-электрондук акча эмитенттери өз ишин 2021-жылдын 1-январына чейин интероперабелдүүлүктү камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык келтирсин.  

 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Төлөм системасынын операторлору ассоциациясын жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлорун тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Башкарманын мүчөлөрү:: Т. Джусупов  

Н. Жениш 

М. Момункулова 

Н. Сагындыков 

А. Сыдыков 

А. Тезекбаева 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын __ ____________ 

№ _____________________ 

токтомуна тиркеме 

 

  

 

 Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:   

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- 6-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчаларды жүгүртүүнү камсыз кылуучу банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. 

Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт.»; 

- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш.».  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 ««Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакция  

Сунушталган редакция  

6. Ушул жобонун максатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:  

Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы жоголгон 

 

 

 

 

 

 

Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору - жоголгон 

6. Ушул жобонун максатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:  

«Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчаларды жүгүртүүнү камсыз кылуучу банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. 

Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт.»; 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби 

7-1. жоголгон 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби 

7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш. 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы 

Абдыгулов Т.С. 

____________________ 

20___-жылдын «___» _________ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨЛӨР 

(кыскача талдап-иликтөө

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 11- 

сентябрындагы №2018-№-141/174-О буйругу 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө:  

2018-жылдын сентябрь айы 2018-жылдын ноябрь айы  

(башталган) (аяктаган) 

 

Жумушчу топ: 

1. 

Лелевкина Э.В. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси 

2. 

Акулуева М.Ш. 

 

Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

3. 

Омуралиева Н.Э. 

 

Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги 

4. 

Евлашкова О.Ю. 

 

Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси 

5. 

Исмаилов А. 

 

Юридика башкармалыгынын жетектөөчү юристи 

6. 

Кулманбетов У. 

 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси 

7. 

Омуралиев Т.Э. 

 

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын коммерциялык директору 

8. 

Жакыпова А.Ж. 

 

«РСК Банк» ААК Башкармасынын төрагасынын орун басары 

9. 

Чоноров А.Р. 

 

«ЭкоИсламикБанк» ЖАК Башкармасынын төрагасынын орун басары 

10. 

Садыралиев И.К. 

 

«Оптима Банк» ААКтын башкаруучу директору 

11. 

Трусов Н.Н. 

 

РК «Аманбанк» ААКтын төлөм системалары жана банктык карттар башкармалыгынын начальниги 

12. 

Хван А. 

 

«Финка Банк» ЖАКтын стратегиялык долбоорлор бөлүмүнүн начальниги 

13. 

Омоева А.Ж. 

 

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКтын Банктык карттар башкармалыгынын начальниги 

14. 

Шамшиев К. 

 

«Дос-Кредобанк» ААК Башкармасынын мүчөсү 

15. 

Ыбыкеева А.О. 

 

«Айыл Банк» ААКтын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги  

16. 

Тен В. 

 

«Азия Банкы» ЖАКтын бизнести өнүктүрүү боюнча директор  

17. 

Белеков А. 

 

«Капитал банк» ААКтын төлөм системалары бөлүмүнүн начальниги 

18. 

Едилбаев Н. 

 

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКтын карт операциялар бөлүмүнүн начальнигинин орун басары 

19. 

Мамбетова А. 

 

«Компаньон Банкы» ЖАКтын стратегиялык жана инновациялык долбоорлор бөлүмүнүн начальниги 

20. 

Абышкаев Э. 

жумуштан бошонуп кеткен 

«Мобильник» ЖЧК Башкармасынын төрагасынын орун басары 

21. 

Безуглов А. 

жумуштан бошонуп кеткен 

«ОСМП» ЖЧКнын башкы директору 

22. 

Шпильчин Д.В. 

 

«Халык Банк Кыргызстан» ААКтын IT-директору 

23. 

Тупова Т.В. 

 

«БТА Банк» ЖАКтын Методология башкармалыгынын начальниги 

24. 

Койлубаев Д. 

 

«Бакай Банк» ААКтын төлөм системалары башкармалыгынын электрондук коммерция бөлүмүнүн начальниги 

25. 

Боотаев А. 

 

Кыргыз Республикасынын Төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы Башкармасынын төрагасы 

26. 

Алишев Р. 

 

Кыргыз Республикасынын Төлөм системаларынын операторлору ассоциациясынын президенти 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалыматтар: Евлашкова Ольга Юрьевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, тел. 66-90-99, e-mail: oevlashkova@nbkr.kg 

 

Көлөмү: ______ бет, тиркемеси ____ бет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талабына ылайык жүргүзүлгөн.  

Проблемалар жана мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн негиздер 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы акча жүгүртүүнү камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышын түшүндүрөт. Калкка банктык (төлөм) кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка уюмдар төлөм системасынын катышуучуларынан болуп саналышат. 

Учурда Кыргыз Республикасында төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоонун альтернативдүү инновациялык ыкмалары көбөйүүдө. Алардын катарына электрондук акча жүгүртүү жана электрондук акча менен эсептешүү системасын киргизүүгө болот.  

Бүгүнкү күндө электрондук акча Кыргыз Республикасынын нак эмес төлөмдөр рыногунда төлөм карттары сыяктуу эле, нак эмес эсептешүүлөр инструментинин да ролун ойнойт, алар менен соода-тейлөө ишканаларында товарлар үчүн эсептешүүгө же интернет аркылуу төлөөгө болот.  

Электрондук акчаны пайдалануунун жөнөкөйлүгү жана тездиги финансы секторуна кардарларды тартуунун баштапкы кадамы болуп саналат. Электрондук акчанын кеңири жайылтылышы өлкөнүн төлөм системасынын өнүгүүсүн жаңы деңгээлге алып чыгат.  

Электрондук акчанын кеңири жайылтылышына жана жүгүртүүгө чыгарылышына мамлекет да кызыкдар, анткени бул майда чекене төлөмдөрдү жана Р2Р которууларды жүргүзүүнүн заманбап жана ыкчам инструменти болуп саналат, ал нак акча каражаттарын жүгүртүүгө кеткен чыгашаларды кыскартат жана өлкөдө нак эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт, бул жалпысынан экономиканын көмүскө секторун азайтуу жагында алгылыктуу натыйжаларды берип, акча каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бюджетине келип түшүүсүн көбөйтөт.  

Электрондук акчанын кеңири жайылтылышы акча каражаттардын жүгүртүлүшүн тездетүүгө өбөлгө түзүп, которууга кеткен убакытты жана чыгашаларды, кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү да ж.б кыскартат. Мында бир төлөм системасында чыгарылган электрондук акчалар башка төлөм системасында да колдонулуп, кабыл алынышы маанилүү. Бул ыкма электрондук акчанын Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында кеңири колдонулушун жана калкка ыңгайлуу болушун камсыз кылат. 

1-проблема. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүү системалары ортосунда белгиленген стандарттар боюнча системалар аралык интероперабелдүүлүктүн (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) жоктугу. 

Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен иштөө эрежелери төмөнкүлөр аркылуу жөнгө салынат: 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы (2015-жылдын 21-январындагы № 21); 

- «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо (Улуттук банк Башкармасынын «2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому); 

- электрондук акчанын чыгарылышын, жайылтылышын, иштелип чыгышын жана төлөнүшүн жөнгө салган коммерциялык банктардын ички ченемдик документтери. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын негизинде электрондук акчаны тиешелүү лицензиясы бар коммерциялык банк же Улуттук банк гана чыгара алат. Электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана бул операцияларды иштеп чыгуу үчүн программалык камсыздоону техникалык жактан колдоону электрондук акча менен эсептешүү системасынын оператору камсыз кылат.  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого ылайык, электрондук акча агенттери электрондук акчанын ордун нак же нак эмес акча каражаттары менен жабат (алмаштырат) же электондук акчаны жайылтышат. Бул Жободо электрондук акча менен эсептешүү системаларынын интероперабелдүүлүгү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) боюнча нормалар камтылган эмес.  

Акыркы мезгилде электрондук акча Кыргыз Республикасынын калкы арасында кеңири жайылтылууда. 2018-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата абал боюнча Кыргыз Республикасында тогуз коммерциялык банк электрондук акчаны чыгарууга лицензия алышса, электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн төмөнкүдөй он локалдык системасы иштөөдө: «Элсом», «Мобильник Деньги», «Umai.kg», «Илбирс», «Береке», «Аманат», «Balance», «О!Деньги», «Megapay», «Алтын».  

Көрсөтүлгөн системаларда миңдеген пайдалануучулар катталып, учурда электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун кеңири таанымал инструменти катары, электрондук акчаны өнүктүрүү боюнча жигердүү иш жүргүзүшүүдө.  

2015-жылдын IV чейрегине салыштырганда 2018-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча электрондук капчыктардын саны дээрлик төрт эсеге көбөйүү менен 1,0 млн. ашыкты түзгөн, электрондук капчыктарды толуктоо көлөмү 18,6 эсеге көбөйүү менен 3,6 млрд. сом чегинде катталган.  

Республиканын алыскы райондорунда жана калк жашаган пункттарында электрондук акча калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу (төлөмдөр, акча которуулары ж.б) мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.  

Бүгүнкү күнү ар бир жаран ага жаккан кайсы болбосун төлөм системасына аралыктан катталып, идентификацияланган пайдалануучу катары операцияларды жүргүзүү үчүн электрондук капчык ача алат.  

Учурда Кыргыз Республикасында ар кандай электрондук акчалардын өз ара иш жүргүзүүлөрү боюнча механизмдери бар, мисалы, «Мобильник Деньги» электрондук акчасы менен «Береке», «Элсом», «Алтын» электрондук капчыктарын толуктоого болот. Мындай схема боюнча ар бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу ар бир эсептешүү агенти менен жана тескерисинче ар бир эсептешүү агенти ар бир кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен келишимге жана өз ара иш алып баруунун технологиялык каналына ээ болууга тийиш. Мисалы, «А» өлкөсүндө 31 банк жана 10 миң сунуштоочу болсо, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ыңгайлуу тейлөөгө алынышын камсыз кылуу үчүн банктар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосунда 300 миңден ашык келишим түзүлүүсү зарыл. 

Банктарга «бирдиктүү терезе» принциби боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүү системалары ортосунда интероперабелдүүлүк (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) механизмин жайылтуу сунушталууда. Б.а. банктарга бир түйүн аркылуу бардык эквайерлерден 100 % пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандай бирдиктүү шлюзга, «бирдиктүү терезе» түзүү сунушталууда, мында банктар өз кардарларына рыноктун жарым сегментин эмес, 100 % рынокту сунуштай алышат. Ошону менен бирге бардык банктарда бардык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу милдети эмес, укугу пайда болот жана эгерде банк бул кызмат көрсөтүүлөрдү өз кардарларына сунуштоону каалабаса, анда аны сунуштабай да коё алышат. Өз ара эсептешүүлөр банктардын корреспонденттик эсептери аркылуу катышуучулардын таза позицияларын эсептөө жана аларды жыйынтыктап эсептөө үчүн Улуттук банкка берүү менен жүзөгө ашырылат.  

Ошентип, «бирдиктүү терезе» принциби боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүү системалары ортосунда белгиленген стандарттар боюнча интероперабелдүүлүктү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) жайылтуу демилгеси калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштоого, ошондой эле рынок катышуучуларынын кайсы болбосун кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жагында чыгашаларды төмөндөтүүгө багытталган.  

Кыргыз Республикасында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө программалык жана техникалык каражаттардын системалар аралык функцияларга дал келүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлгөн.  

Global Findex сурамжылоолоруна ылайык, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда банк кеңселеринин аралыкта жайгашуусу (21%), ошондой эле сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн татаалдыгы жана кымбаттыгы (22%) тоскоолдуктарды жаратууда.  

Кароого алынып жаткан проблеманын масштабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт, аны чечүүдө өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжалар орун алат, анткени, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого сунушталган толуктоолор «бирдиктүү терезе» принциби боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүүлөр жана/же нак эмес төлөмдөр/которуулар системаларынын интероперабелдүүлүгүн (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсүн) жайылтууга багытталган.  

Бул норма керектөөчүлөр үчүн электрондук акчаны колдонуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, ошондой эле электрондук акчанын Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулушуна өбөлгө түзөт, ал эми интероперабелдүүлүктү жайылтуу Кыргыз Республикасында электрондук акчанын кеңири жайылтылышы үчүн чечүүчү фактор болуп саналат.  

Сунушталган ченем бизнес-процесстин бардык катышуучулары үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча бирдей шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Төмөндө «Проблемалар тарамы» келтирилген, анда алардын чечилишине алгылыксыз таасирин тийгизген, негизги проблемалар (чакан проблемалар) келтирилген: 

«Проблемалар тарамы» 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эл аралык тажрыйба (интернет баракчаларынан алынган маалыматтардын негизинде) 

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүү системаларынын интероперабелдүүлүгү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) айрым өлкөлөрдө буга чейин эле колдонууга киргизилген. 

Жеке адамдарды жана юридикалык жактарды (кызматтардан керектөөчүлөрдү) «бирдиктүү терезе» принциби боюнча комплекстүү тейлөөнү камсыз кылуу үчүн каралган төлөмдөрдү кабыл алуу процессин өркүндөтүүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө кеткен сарптоолорду кыскартуунун, өлкөнүн кайсы болбосун регионуна кандай болбосун эсептешүү агенти аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуунун алкагында, Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин жана Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен бирдиктүү эсептешүү жана маалымат мейкиндигин (ЕРИП) түзүү чечими кабыл алынган. 

Бүгүнкү күндө бирдиктүү эсептешүү жана маалымат мейкиндиги бул, эң алгач: 

- төлөмдөрдү кабыл алуу процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү

- банктык жана маалыматтык кызматтарды сунуштоо үчүн ИТ-чечимдеринин кеңири түрүн колдонууга киргизүү

- банк секторунда «бирдиктүү терезе» принцибин ишке ашыруу үчүн негиз түптөө

- кардарларды аралыктан тейлөө технологияларын кеңири колдонууга киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо, төлөмдөрдү күнүүнү жана күнүмдүк негизде кабыл алууну камсыз кылуу (24х7 режими); 

- калктын эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чыгымын жана жалпы сарптоолорун төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү

- кайсы болбосун эсептешүү агенти аркылуу төлөмдөрдү төлөө кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук түрүн сунуштоо. 

Мындан тышкары, банк тутумунда бирдиктүү эсептешүү жана маалымат мейкиндигин колдонууга киргизүү банктардын маалыматтык-техникалык каражаттарынын аралашуусуна жана банктык маалымат системасын түзүү үчүн негиз түптөөгө мүмкүндүк берген.  

Бирдиктүү эсептешүү жана маалымат мейкиндигинин маалыматтык-техникалык компоненти - өзүнө эсептешүү агенттеринин аппараттык-программалык каражаттарын жана бирдиктүү эсептешүү жана маалымат мейкиндигинин автоматташтырылган системасын камтыйт.  

Беларусь Республикасында бирдиктүү эсептешүүнүн жана маалымат мейкиндигинин колдонууга киргизилиши мындай каналардын санын кыйла кыскартат. Демек, уюштуруу жана техникалык сарптоолорду оптималдаштыруунун эсебинен катышуучулардын убактысы жана каражаттары үнөмдөлөт, бул кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн жалпы чыгашасын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.  

Бардык катышуучулардын, биринчи кезекте жөнгө салуучу катары Беларусь Республикасынын  Улуттук банкынын күч-аракеттеринен улам, бул бизнес-модель жөн гана ишке аралашпастан, айкын пайда алып келе алды. Жарандар бирдиктүү эсептешүү жана маалымат мейкиндиги аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акысыз жана ыңгайлуу төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кызматтарды сунуштоочулар дароо туташуу менен төлөөгө эсепти жөнөтүп, төлөмдү кабыл алуунун ыңгайлуу каналына ээ болушту. Банк-эсептешүү агенттери да иш алып барууну уюштурууга сарптоолорун азайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  

Электрондук акчаны пайдалануу менен өз ара төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүү системаларынын интероперабелдүүлүгү жагында: 

- Казакстан Республикасынын Улуттук банкы системалардын интероперабелдүүлүгүн бул тармакты өнүктүрүүнүн кыйла ыңгайлуу багыттарынын бири катары белгиледи. «QIWI Kazakhstan» компаниясы жана «Wooppay» электрондук акча системасы кардарлардын акча каражаттарынын системалар ортосунда эркин жылуу ресурстарын өнүктүрүү үчүн биргелешип иш алып барууга өз күчүн жумшашты. Комиссия алуусуз электрондук капчыкты өз ара толтуруу төлөм уюмдарын интеграциялоонун алгачкы иши болду (биргелешип тейлөөдөн улам «Wooppay» капчыгынан пайдалануучулары комиссиялык төлөм төлөөсүз QIWI-капчык аркылуу эсебин толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми Wooppay-капчыгын «QIWI» терминалы аркылуу толуктоодо комиссиялык төлөм 2% түзөт. Мындай сервис Казакстандын бардык шаарларында жеткиликтүү). «Wooppay» капчыгынын жардамы менен 450дөн жогору кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө болот, мисалы: онлайн-оюндар, мобилдик байланыш, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, интернет. Азыркы учурда системада 200 миңден жогору уникалдуу капчыктар катталган (2018-жылдын 21-февралына карата маалымат). 

- Россия Федерациясынын Сбербанкы менен «Яндекс. Деньги» биргелешип ишкана түзүп, анын негизги иш багыты катары чакан жана орто бизнес үчүн универсалдуу төлөө шартын түзүү, интернет пайдалануучулар үчүн сыяктуу эле, офлайн режиминде да жалпы аудитория үчүн утурумдук төлөмдөрдү жана акча которууларды жөнөкөйлөтүү белгиленген. 

- 2018-жылдын июнь айынын баш жагында Сбербанк банкоматтар жана терминалдар аркылуу «Яндекс.Деньги» капчыгын кайсы болбосун банктык карт аркылуу толуктоодо комиссиялык төлөм алууну жокко чыгарган. «Яндекс.Деньги» адистери Сбербанктын банктык инфраструктурасына жана Яндекс интернет-технологияларына таянуу менен жаңы төлөм шарттарын түзүү жагында иш алып барууда. Money.yandex.ru пайдалануучулары Россия Федерациясынын Борбордук банкынын лицензиясынын (2013-жылдын 4-июлундагы) негизинде иш алып барган «Яндекс.Деньги» банк эмес кредиттик уюмдун кардары бойдон калууда. 

- азыркы учурда Россия Федерациясынын Борбордук банкы, анда Сбербанктын үлүшү тез төлөмдөр сегментинде 70% жеткен, операциялык дал келүүнү камсыз кылган жана рынок мүмкүнчүлүгүн арттырган улуттук тез төлөмдөр системасын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Системанын оператору катары төлөм карттарынын улуттук системасы иш алып барат. 

- Японияда ар кайсы бренддердин электрондук акчаларын пайдалануу менен операцияларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген терминалдар иштелип чыгып, колдонууга киргизилген. Ошондой эле акыркы мезгилде ири транспорттук компаниялар тарабынан чыгарылган электрондук акча үчүн эсептешүү системаларынын өз ара функционалдык жактан дал келүүсү ишке ашырылган[1]

- Танзанияда төрт ири мобилдик оператор (Airtel, Vodacom, Tigo жана Zantel), эки коммерциялык банк (CRDB Bank, National Microfinance Bank) жана жөнгө салуучу Танзания Банкы төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүнүн операциялык эрежелерин жана стандарттарын иштеп чыгуу үчүн биригишкен. 

- Россия Федерациясынын «Яндекс.Деньги» жана «WebMoney» электрондук капчыктарынын ээлери «Яндекс.Деньги» капчыгынан «WebMoney» капчыгына жана кайра «WebMoney» капчыгынан «Яндекс.Деньги» капчыгына каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Мындай которууларды «WebMoney» капчыгы «Яндекс.Деньги» капчыгына байланыштырылгандан кийин гана ишке ашырууга болот. Бул учурда белгилүү бир талаптар сакталууга (кардар Россия Федерациясынын жараны болууга тийиш), анын «Яндекс.Деньги» капчыгында өздүк же идентификациялык капчыгы болууга, ал эми «WebMoney» капчыгында аттестат формалдуудан төмөн болбоого жана анда тастыкталган гана маалымат камтылууга тийиш, кардар тууралуу маалымат эки сервисте тең толугу менен бири-бирине дал келүүсү зарыл. Мындан тышкары, «Яндекс.Денег» капчыгынан «QIWI» капчыгына жана тескерисинче, «QIWI» капчыгынан «Яндекс.Денег» капчыгына которуу мүмкүнчүлүгү да бар. 

 

Мамлекеттик жөнгө салуу максатынан болуп Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында электрондук акчаны кеңири колдонууну жана нак эмес төлөөнү/которууну арттыруунун эсебинен калктын банктык кызматтардан (төлөмдөр, акча которуулар ж.б.) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу саналат. 

Бул максатка, Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсүүн камсыз кылуу талаптарын белгилөө, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

30-мартындагы №15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоолорду киргизүү аркылуу жетишүүгө болот. 

- 3-главасын төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толуктоо сунушталат: 

«7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш.».  

Банктык жана маалыматтык кызматтарды жана кайсы болбосун эсептешүү агенти аркылуу төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн сунуштоо үчүн ИТ-чечимдеринин түрлөрүн колдонууга киргизүү максатында банк секторунда «бирдиктүү терезе» принцибин жүзөгө ашыруу үчүн негиз түптөө маанилүү.  

Бул ыкма нак эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. 

Максатка жетүүнүн сапаттуу индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

- республиканын бүтүндөй аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрдү пайдаланууну арттыруунун эсебинен керектөөчүлөр үчүн кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу; 

- Кыргыз Республикасында калк үчүн электрондук акчаны пайдалануу аркылуу нак эмес эсептешүүнү жайылтуу; 

- бизнес-процесстин бардык катышуучулары үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча бирдей шарттарды түзүү

- Кыргыз Республикасы алдында турган экономиканы санариптештирүү чөйрөсүндө максаттарга жетишүү

Максатка жетүүнүн сандык индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

- электрондук капчык ээлеринин санын көбөйтүү

- Кыргыз Республикасынын аймагында нак эмес төлөмдөр/эсептешүүлөр транзакциясын арттыруу; 

- транзакциялардын потенциалдуу көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен, электрондук акча түрүндө төлөмдөрдү кабыл алган соода түйүндөрүнүн санын арттыруу; 

- транзакциялардын потенциалдуу көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен, капчыкты толуктоо/андан алуу кызматтарын сунуштоого ниеттенген чекене агенттер санын көбөйтүү

- мамлекеттин жана банк тутумунун нак акча каражаттарын жүгүртүүгө чыгашаларын кыскартуу (чыгаруу, транспортировкалоо, эсептеп чыгуу, сактоо, жок кылуу (жүгүртүүдөн алуу) ж.б.). 

Мамлекеттик жөнгө салуу жана кесепеттерге баа берүү варианттары 

1-ВАРИАНТ. «Өзгөртүүсүз калтыруу» 

Бул вариантта, Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен эсептешүү системаларынын ар башкача болуу, электрондук акча менен эсептешүү системалары жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу системалары камтыган аймакты кайталап камтуу тобокелдиги сакталып тургандыктан, мамлекеттик саясат деңгээлинде кийлигишүүсүз рыноктук механизмдерди гана пайдалануу Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсүн колдонууга киргизүү катышын өзгөртпөйт.  

Мындан тышкары бул вариант, рыноктун бардык катышуучуларын бириктирүү аркылуу нак эмес төлөмдөргө өтүү программасын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. Нак акча чектөөлөрсүз кабыл алынгандыктан, нак акча чыгаруу тенденциясы сакталып турат.  

 

2-ВАРИАНТ. «Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу («бирдиктүү терезе» принциби) электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын интероперабелдүүлүгү (функциялардын бири-бирине дал келүүсү)  

Жөнгө салуу ыкмасы 

Коммерциялык банктарга, операторлорго, агенттерге, субагенттерге жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторлоруна/эл аралык электрондук акча эмитенттерине карата Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби жана талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген. Бирок бул жободо электрондук акча менен эсептешүү системаларынын интероперабелдүүлүгү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) боюнча ченемдер камтылган эмес. 

Жөнгө салуу таасири 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун электрондук акча менен эсептешүү системаларына жана улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторуна карата талап коюу жагында толуктоо киргизүү, электрондук акча менен эсептешүүнүн ар кандай системалары ортосунда операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу тейлөөнү биргелешип сунуштоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт, Кыргыз Республикасынын аймагында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча электрондук акча менен эсептешүү системаларынын интероперабелдүүлүк маселесин чечүү үчүн шарт түзөт. 

Мындай жөнгө салуу таасирин тандоодо, бир системада чыгарылган электрондук акча башка төлөм системасында пайдаланылышы жана кабыл алынышы мүмкүн. Мындай ыкма маалыматтык-техникалык каражаттарды интеграциялоо үчүн негиз түптөөгө жана калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн (төлөмдөр, акча которуулар ж.б.) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн бирдиктүү банктык маалымат системасын түптөөгө өбөлгө түзөт. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча интероперабелдүүлүктү колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасында электрондук акчаны жайылтуунун маанилүү фактору болушу ыктымал. 

Мындан тышкары, бул ыкма Кыргыз Республикасы алдында турган экономиканы санариптештирүү жана региондорду нак эмес төлөмдөрдү жана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүгө тартуу максатына жетүүгө өбөлгө түзөт.  

 

 

Орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктер 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу вариантын жүзөгө ашырууда коммерциялык банктар жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору арасында улуттук төлөм системасынын операторуна туташуу механизмин түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча кошумча финансылык сарптоолорго байланыштуу нааразычылыктар келип чыгышы ыктымал. Бирок банктардын автоматташтырылган системаларын көптөгөн төлөм системаларына интеграциялоо боюнча финансылык сарптоолору кыскарат. Мунун ордуна «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бирдиктүү түйүнгө кирүү аркылуу бардык электрондук акча менен эсептешүү системаларына интеграциялануу жана туташуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.  

 

Укуктук талдап-иликтөөлөр 

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт.  

Мындай жөнгө салуу вариантын тандоодо Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоо киргизүү талап кылынат.  

- 3-главасын төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толуктоо сунушталат: 

«7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш.».  

Жөнгө салуунун мындай вариантынан улам электрондук акча жагында бирдиктүү түйүндөр, улуттук төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу бардык капчыктар ортосунда интеграциянын жүрүшү болжолдонууда. Мындай учурда банктарда автоматташтырылган банктык системалардын ар кандай төлөм системалары менен интеграцияланышына байланыштуу финансылык чыгымдар азаят. Көптөгөн интеграциянын ордуна бирдиктүү интеграция жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бир түйүн аркылуу бардык системаларга туташуу сунушталат.  

Ошондой эле «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоолорду киргизүү, анын ичинде «электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык системасы» жана «электрондук акча жагында улуттук төлөм системасынын оператору» деген түшүнүктөрдү киргизүү зарыл: 

«Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчаларды жүгүртүүнү камсыз кылуучу банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы.».  

«Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт.». 

Жөнгө салуунун мындай вариантынан улам «бирдиктүү терезе» принциби боюнча электрондук акча менен эсептешүүлөр системалары ортосунда интероперабелдүүлүктү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) колдонууга киргизүү боюнча стандарттарды/операцияларды ишке ашыруу боюнча эрежелерди иштеп чыгуу да талап кылынат. Бул электрондук акча менен эсептешүүлөр системалары (операцияларды ишке ашыруу боюнча эрежелер, өз ара комиссиялар, лимиттер, өз ара эсептешүүлөр шарттары, AML мониторинги ж.б.) ортосунда интероперабелдүүлүктү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) колдонуу шарттарын рыноктун катышуучулары ортосунда макулдашууга, ошондой эле техникалык интеграцияны ишке ашырууга, б.а. функционалдык талаптарды (электрондук акча менен ар түрдүү эсептешүүлөр системалары ортосундагы которуулар, кайсы болбосун электрондук капчык аркылуу соода түйүнүндө төлөө, агенттен кайсы болбосун электрондук капчыкты толуктоо) KYC (капчыкты идентификациялоо статусун текшерүү) ж.б. иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен эсептешүүлөр системалары ортосунда интероперабелдүүлүктү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) колдонууга киргизүүгө байланыштуу коопсуздук маселелер чечилет

Жөнгө салуунун мындай вариантынан улам стандарттарды/операцияларды ишке ашыруу боюнча эрежелерди иштеп чыгуу боюнча «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, коммерциялык банктардын жана рыноктун өкүлдөрүнүн ичинен өзүнчө жумушчу топту түзүү зарылчылыгы пайда болушу мүмкүн.  

Экономикалык талдап-иликтөө  

Коммерциялык банктардын сарптоолорун эсептөө  

Мындай варианттан улам электрондук акча боюнча ишин жүзөгө ашырган ар бир коммерциялык банк, ошондой эле электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору үчүн улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторуна туташуу үчүн электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсү механизмин түзүүгө жана ишке ашырууга байланыштуу кошумча сарптоолор талап кылынат.  

Кыргыз Республикасында 2018-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата абал боюнча электрондук акча чыгаруу лицензиясын тогуз коммерциялык банк алган, электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык он системасы иш алып барууда. Банктардын жана электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлорунун сарптоолору ар бир система менен интеграцияланууда келип чыгышы ыктымал. Бул сарптоолор электрондук акча жагында улуттук төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен гана жүзөгө ашырылган интеграцияга караганда олуттуу жогору болот. Интеграциялык долбоорлордун адаттагыдай тажрыйбасын, анча жогору эмес наркты жана алардын ишке ашырылышынын кыска мөөнөтүн эске алганда банктар жана операторлор тарабынан олуттуу инвестициялар жана чыгашалар күтүлбөйт.  

Капчыктар боюнча маалымат агымы электрондук акчанын ишке ашырылган эмиссиясынын алкагында онлайн режимде жүргүзүлөт, ал эми операциялык жактан дал келүүнүн алкагында өз ара эсептешүүлөр күндөлүк негизде клиринг сессиясынын алкагында ишке ашырылат. Төлөм шлюзуна карата унификацияланган талаптарды түзүү жөнүндө чечимди кабыл алган учурда бул талаптар рыноктун бардык катышуучуларына макулдашылууга тийиш, алар учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн пайдасына жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын сунуштайт. Мында унификацияланган шлюз же болбосо электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган агрегатор компаниясы аркылуу катышуучуларга компания банк же төлөм системасы болуп саналарына көз карандысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык топтому сунушталууга тийиш.  

Операциялык жактан дал келүү механизминин болушу операторлор жана банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтүүгө жана көптөгөн ортомчуларда жана акча чыгаруу/электрондук акча менен эсептешүү системасынын бирөөсүнөн нак акчага айландыруу операцияларында чыгашаларды кыскартуу, банктык эсеп аркылуу электрондук акча менен эсептешүү системасына которуу же төлөм системасынын операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү эсебинен транзакциялардын өздүк наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. 

Мисалы, учурда бир электрондук капчыктан башка пайдалануучуга акча которуу үчүн банктын бөлүмүнө келип нак акчага айландыруу үчүн комиссия төлөө менен капчыктан акчаны алуу зарыл, ал эми экинчи кадам катары капчыкты толуктоого комиссия төлөө менен өз капчыгын толуктоо үчүн башка электрондук капчыктын жабдуусун (төлөм терминалын, агентти) табуу аракети саналат. Ошентип, кардар бир капчыктан экинчиге акчаны которууда эки комиссия төлөөгө аргасыз. Операциялык жактан дал келүү орун алган учурда бир капчыктан экинчиге акча которуу процесси бир комиссия төлөө менен ишке ашырылат.  

Операциялык жактан дал келүү механизми кардардын учурда операцияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектебейт, ал болгону гана учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү толуктайт.  

Ошентип, операциялык дал келүү механизмин камсыз кылган операторго кошумча төлөмдү жүргүзгөндөн улам транзакция наркы ушул функцияны колдонуу менен операцияларды жүргүзгөн учурда гана көбөйтүлөт. Ал эми калган учурларда баа акыркы керектөөчү үчүн өзгөрүүсүз калат.   

Мамлекеттик органдын сарптоолорун эсептөө  

Мамлекеттик органдын тике сарптоолору 

Мамлекеттик органдын сарптоолору мамлекеттик органдын ишине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

Мамлекеттик органдардын кыйыр сарптоолору  

Мамлекеттик органдардын кыйыр сарптоолору (Кзг) мамлекеттик органдардын ишине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын алкагында орун алышы ыктымал. 

Атаандаштыкка тийгизген таасирине талдап-иликтөө  

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар кандай системаларынын болушу алардын ортосунда атаандаштыктын пайда болушуна жана күчөшүнө, ошондой эле тейлөө сапаттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы менен өзүнчө интеграциялоодо, бизнестин ашыкча инвестициясы, өзүнчө салыштырып текшерүүлөр  жана өз ара эсептешүүлөр алынып салынат. Катышуучулар арасында атаандаштыктын күчөшүнүн жана рынокко кирүү наркынын төмөндөшүнүн эсебинен чакан жана орто бизнести пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейет. 

Бирок электрондук акча менен эсептешүү системаларына карата талаптардын белгилениши, ар башка системалар арасында электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү боюнча биргелешкен тейлөө аталган системалардын арасындагы атаандаштык деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда операциялык дал келүү механизминен улам, электрондук акча сегментинин үлүшү жана анын жайылтылышы кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү жана тез төлөө мүмкүнчүлүгүнөн улам көбөйөт.  

Колдонуудагы статистикага ылайык, электрондук капчыктар менен операциялар боюнча 1-тиркемеде төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот, электрондук капчыктан нак акчага айландыруу үлүшү 2018-жыл үчүн электрондук капчыктан келип түшкөн суммадан 69,4%, ал эми 2016-жылы 70,1% түзгөн. Бул электрондук капчыктан акчаларды нак акчага айландыруу зарылчылыгы башка банктарга же системаларга акчаларды которуу муктаждыгы менен байланыштуу экендигин тастыктайт.  

«М-Вектор» ЖЧКнын изилдөөлөрүнө ылайык, бизнес субъектилери пайдасыз шарттар жана тейлөө сапатынын начардыгы сыяктуу банк аркылуу нак акчага айландыруунун негизги терс жактарын белгилеген («пайдасыз шарттар» деп 14,5% чакан жана орто ишканалар жана 16,7% жеке ишкерлер, «банктагы кезекке туруулар» деп 10,3% чакан жана орто ишканалары жана 11,0% жеке ишкерлер, «убакыттын сарпталышы жана ачуу үчүн акча» деп 3,8% чакан жана орто ишканалары жана 2,2% жеке ишкерлер белгилеген).  

Ошентип, бизнестин жана банктардын кызыкчылыгында нак акчага айландыруу үлүшүнүн төмөндөшү, б.а. операциялык жактан дал келүүнүн чечилиши нак акчага айландыруу үлүшүн төмөндөтүүгө жана системалар арасында нак эмес жүгүртүү үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 

Экинчи жагынан алганда, электрондук капчыктан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө боюнча статистикасы абсолюттук сыяктуу эле, пайыздык катышта да олуттуу деле өсүштү көрсөткөн жок. Алсак, 2017-жылы төлөө көлөмү 2,2 млрд сомду (б.а. жарым жыл үчүн 1,1 млрд), ошол эле учурда 2018-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн төлөө көлөмү 970 млн сомду түзгөн, б.а. өткөн жылга караганда көлөмдүн төмөндөшү жүргөн.  

Төлөө көлөмү пайыздык катышта 2016-2018-жылдар үчүн болжолу менен алганда 2016-жылы 26% 32,7% чейин, 2017-жылы 30,1% болуп бир деңгээлде калган.  

Электрондук капчыктар менен иш алып барган соода-тейлөө ишканаларынын жана агенттердин жогорку фрагментациясына байланыштуу төлөө көлөмүнүн өспөгөндүгүн белгилеп кетүүгө болот. Операциялык жактан дал келүү механизминин ишке ашырылышы капчык ээлери үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө жана акча каражаттарды нак акчага айландыруу үлүшүнүн төмөндөшүнөн улам төлөө көлөмүнүн үлүшүн арттырууга өбөлгө түзөт. 

Финансы рыногунун койгон максаты, бул биринчи кезекте жөнгө салуучу нак эмес төлөмдөрдү көбөйтүү жана калктын финансылык активдүүлүгүн жогорулатуу, бизнестин ачык айкындуулугун жогорулатуу.  

Бул калктын бардык финансылык инструменттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган ишти банктардын жүргүзүүсү зарыл экендигин түшүндүрөт.  

Башка жагынан алганда, электрондук капчыктын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү менен банк кардары идентификацияланбаган капчыктарды колдонуу аркылуу көмүскөгө кетиши мүмкүн экендигинен улам рынокто кооптонууну жаратат. Мисалы алсак, азыркы учурда чакан соода түйүндөрү (бутиктер, дүкөндөр, кафелер) калктан POS-терминалдар аркылуу банктык төлөм карттары менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм кабыл алат, б.а. алар ачык иш алып барат, анткени банктык төлөм карттарды кабыл алган учурда алардын ээлерин идентификациялоо жол-жобосу каралган. Ал эми «шлюзга» туташкан учурда, бул ишканалар жеке адамга электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн колдонуудагы системаларынын тогуз идентификацияланбаган капчыктарын ачышы жана банктык төлөм карттарды колдонбостон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүшү мүмкүн. Мындан улам, кардарларды идентификациялоо маселеси келип чыгат. 

Келтирилген мисалга ылайык, мындай демилге региондогу калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн өтө оңой пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Учурда кайсы болбосун электрондук капчыктын жеңилдетилген кирүү ыкмасы каралган, бул негизинен калктын банктык кызматтарды пайдалана башташы үчүн зарыл. Жүгүртүү көлөмү көбөйтүлгөндүгүнө жараша калк электрондук капчыкка өтүшү же болбосо эсеп ачышы мүмкүн.  

Мындан тышкары, бул демилгенин ишке ашырылышы төмөнкү маселелердин чечилишин көздөйт: 

1. Бирдиктүү «шлюзга» туташууга байланыштуу финансылык сарптоолордун маселеси. Учурда банктар көп каражаттарды жумшоо менен жеке адамдар үчүн интернет-банкинг системасын, мобилдик версияны өнүктүрүүдө. Бул системанын ишке киргизилишине байланыштуу ресурстарды туура багыттоо зарыл, ушул сыяктуу системага акча каражаттарды инвестициялоо керек.  

2. Эквайерэмитентэсептешүү борбору сыяктуу бирдиктүү эсептешүү борборунун катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү так чагылдыруу, ошондой эле диспут жагдайларын чечүү варианттарын көрсөтүү талап кылынат.  

3. Системанын коопсуздугу. Бардык катышуучулардын аракети белгилүү бир стандарттарга дал келүүгө тийиш, б.а. катышуучунун бирөөсү гана системанын стандарттарына дал келбеген себептер менен бардык системаны бузуу тобокелдиги бар.  

 

3-ВАРИАНТ. «Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын өз ара интероперабелдүүлүгү (функциялардын бири-бирине дал келүүсү)». 

Жөнгө салуу ыкмасы  

Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу боюнча коммерциялык банктарга, операторлорго, агенттерге, субагенттерге жана электрондук акчанын эл аралык системасынын операторлоруна/эл аралык электрондук акчанын эмитенттерине карата тартип жана талаптар Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо келтирилген. Бирок, бул жободо электрондук акча менен эсептешүү системасынын интероперабелдүүлүгү (системалар аралык функциялардын бири-бирине дал келүүсү) боюнча ченемдер камтылган эмес. 

Жөнгө салуу таасири  

Жөнгө салуунун бул варианты электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсүн көздөйт, б.а. бир капчыктын башка бардык капчыктар менен интеграцияланышын болжолдойт, ал эми жөнгө салуунун 2-вариантында бирдиктүү түйүндөн гана («бирдиктүү терезе» принциби боюнча) операция ишке ашыруу каралган. Мындан улам автоматташтырылган банктык системалардын ар башка төлөм системалары менен интеграцияланышына байланыштуу банктардын сарптоолору көбөйөт.  

Орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктер  

Сунушталган вариант ишке ашырыла турган учурда өз ара электрондук акча менен эсептешүү системасынын системалар аралык функцияларынын бири-бирине дал келүүсү механизмин түзүү жана ишке ашыруу боюнча кошумча финансылык сарптоолорго байланыштуу коммерциялык банктар жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору тарабынан нааразы болуу тобокелдиги келип чыгышы ыктымал.  

Укуктук талдап-иликтөө 

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

Сунушталган вариант ишке ашырыла турган учурда Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоо киргизүү талап кылынат.  

- 3-главасын төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толуктоо сунушталат: 

«7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш.».  

Жөнгө салуунун мындай вариантында «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоолорду киргизүү талап кылынат, анын ичинде «электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы» жана «улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору» деген түшүнүктөрдү киргизүү зарыл: 

«Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчаларды жүгүртүүнү камсыз кылуучу банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы.».  

- «Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт.». 

Бул вариантта да электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсү боюнча талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү талап кылынат. 

Экономикалык талдап-иликтөөлөр 

Коммерциялык банктардын сарптоолорун эсептөө 

Жөнгө салуунун бул вариантында электрондук акча боюнча иш жүргүзгөн ар бир коммерциялык банк үчүн, ошондой эле электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны колдонуу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, электрондук акча системаларынын арасында функциялардын бири-бирине дал келүүсү механизмин түзүү жана ишке ашырууга байланышкан кошумча сарптоолор талап кылынат. Аталган механизмдин ишке ашырылышы олуттуу техникалык кошумча иштеп чыгууларды же кымбат программалык камсыздоону же жабдууну сатып алууну талап кылбоого тийиш.  

2018-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата абал боюнча Кыргыз Республикасында электрондук акчаны чыгарууга тогуз коммерциялык банк лицензия алган, ошондой эле электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн он локалдык системасы иштеп жатат. Банктар жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча сарптоолорго дуушар болушу мүмкүн (мисалы, эгерде, «А» өлкөсүндө 31 банк жана 10 миң кызмат көрсөтүүчүлөр болсо, анда кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү ыңгайлуу тейлөө үчүн, банктар жана кызмат көрсөтүүчүлөр өз ара 300 миңден ашуун келишимдерди түзүүсү зарыл).  

Мында көп сандагы ортомчуларга чыгашалардын көбөйүүсүнүн жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бир системасынан банктык эсеп же төлөм системаларынын операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу кийинчерээк башка системага которуу үчүн акча чыгаруу/нак акчага айландыруу операцияларын жүргүзүү эсебинен транзакциялардын өздүк баасы жогорулап кетиши мүмкүн.  

Мисалы, азыркы учурда бир электрондук капчыктан экинчисине которуу үчүн, пайдалануучу комиссия төлөө менен электрондук капчыктан акча чыгаруу үчүн банктын бөлүмүнө келүүсү зарыл, андан кийин комиссия төлөө менен өз капчыгын толтуруу үчүн башка электрондук капчыктын жабдуусун (төлөм терминалын, агентин) издөө керек. Ошентип, азыркы учурда кардар бир капчыктан экинчи капчыкка акча которуу үчүн эки комиссиялык төлөмдү төлөөгө аргасыз болууда.  

Жөнгө салуунун мындай вариантында банктардын төлөмдөрдү өткөрүү үчүн сарптоолору 2-вариантка салыштырганда азыраак болушу мүмкүн, анткени, улуттук төлөм системасынын оператору төлөмдөрдүн процессинги үчүн кошумча тарификация киргизиши мүмкүн. 

Мамлекеттик органдын сарптоолорун эсептөө  

Мамлекеттик органдын тике сарптоолору  

Мамлекеттик органдардын сарптоолору мамлекеттик органдын иши үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт.  

Мамлекеттик органдардын кыйыр сарптоолору  

Мамлекеттик органдардын кыйыр сарптоолору да (Кзг) мамлекеттик органдын иши үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде болушу мүмкүн. 

Атаандаштыкка тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөр 

Электрондук акча менен эсептешүү системаларынын ортосунда ар башка туташуулардын болушу алардын арасында атаандаштыктын пайда болушуна жана күчөшүнө өбөлгө түзөт. Катышуучулар арасында атаандаштыктын күчөшүнүн жана рынокко кирүү наркынын төмөндөшүнүн эсебинен чакан жана орто бизнести пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Бирок, бул электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы менен өзүнчө интеграциялоодо, бизнестин ашыкча инвестицияланышы, өзүнчө салыштырып текшерүү жана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланыштуу болгон.  

Ошол эле учурда операциялык дал келүү эсебинен, бүтүндөй алганда, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн жана тез төлөө мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишинин эсебинен электрондук акча сегментинин үлүшү көбөйөт жана кеңири жайылтылат.  

Коомдук талкуунун натыйжалары 

Коомдук талкуунун алкагында жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат. 

Сунуш кылынган жөнгө салуу  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу менен төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:  

- «Өзгөртүүсүз калтыруу» деген 1-вариантта Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын ар башка болуу тобокелдиги сакталат жана мамлекеттик саясат деңгээлинде кийлигишүүсүз рыноктук механизмдерди гана пайдалануу калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүөлөмдөр, акча которуулар, ж.б.) пайдалануусун кеңейтүүгө мүмкүндүк бербейт. Мында нак акча алуу тенденциясы сакталып калат жана экономикадагы нак акча жүгүртүү үлүшү кыскарбайт. 

«Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу («бирдиктүү терезе» принциби) электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын интероперабелдүүлүгү (функциялардын бири-бирине дал келүүсү) деген 2-вариантта улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсү боюнча маселени жайылтуу проблемасы чечилет, бул Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны кеңири пайдалануу эсебинен калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн (төлөмдөр, акча котруулар, ж.б.) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.  

Бирок, жөнгө салуунун бул вариантында төмөнкүдөй тобокелдиктер орун алышы мүмкүн: 

1) улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсү механизмин түзүү жана ишке ашыруу боюнча кошумча финансылык сарптоолорго байланыштуу, коммерциялык банктардын жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторлорунун нааразылыгы; 

2) экинчи жагынан, коммерциялык банктар жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлорунун арасында өз ара иштешүү боюнча белгиленген эрежелердин жана электрондук акча менен эсептешүү системаларынын өз ара дал келүүсүнүн жоктугуна байланыштуу, көптөгөн кызмат көрсөтүүчүлөрдү колдоого жана алар менен ар дайым өзүнчө мамиле түзүүгө, система аралык эсептешүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам, нак акчага айландыруу маселесин чечүүгө аргасыз болушат; 

3) электрондук акча менен эсептешүү системаларына карата ар башка системалар арасында электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү боюнча биргелешкен тейлөө жүргүзүү талабынын белгилениши аталган системалардын арасындагы атаандаштык деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этиши мүмкүн; 

4) аттандаштык күчөйт, анткени, катышуучулардын санынын көбөйүшүнүн эсебинен пайдалануучулардын саны көбөйөт. Ошондой эле жаңы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн системага туташуусу жөнөкөйлөтүлөт, чакан жана орто бизнестин кошулуусу үчүн тоскоолдуктар азаят.  

- «Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын өз ара интероперабелдүүлүгү (функциялардын бири-бирине дал келүүсү)» деген 3-вариантта электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсүн жайылтуу проблемасы чечилет. Бирок, бул вариантта бир капчыкты бирдиктүү түйүн аркылуу эмес («бирдиктүү терезе» принциби) калган бардык капчыктар менен интеграциялоо болжолдонот. Буга жараша, банктардын автоматташтырылган банктык системаларынын ар башка төлөм системалары менен интеграциялануу зарылчылыгына байланыштуу сарптоолору көбөйөт. 

Жөнгө салуунун бул вариантында төмөнкүдөй тобокелдиктер орун алышы мүмкүн: 

1) электрондук акча менен эсептешүү системаларынын функцияларынын бири-бирине дал келүүсү механизмин ишке ашыруу боюнча кошумча финансылык сарптоолорго байланыштуу, коммерциялык банктардын жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторлорунун нааразылыгы; 

2) электрондук акча менен эсептешүү системаларына карата ар башка системалар арасында электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү боюнча биргелешкен тейлөө жүргүзүү талабынын белгилениши аталган системалардын арасындагы атаандаштык деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этиши мүмкүн. 

Талдап-иликтөөлөрдүн натыйжасында, «Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу («бирдиктүү терезе» принциби) электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын интероперабелдүүлүгү (функциялардын бири-бирине дал келүүсү) деген 2-вариант кыйла алгылыктуу болуп саналат.  

Бул вариантта Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоолорду киргизүү талап кылынат. Ошондуктан, 3-главасын төмөнкү мазмундагы  

7-1-пункт менен толуктоо сунушталат: 

«7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашууну жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча операторунун аппараттык-программалык комплекси менен функциялары боюнча бири-бирине дал келүүгө тийиш.».  

Бул вариант банктардын аппараттык-программалык комплекстерин интеграциялоо жана банктык маалымат системасын калыптандыруу үчүн негиз түзүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле калктын республиканын аймагында электрондук акчаны кеңири пайдалануу эсебинен банктык кызмат көрсөтүүлөрүн (төлөмдөр, акча которуулар, ж.б.) пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүү проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берет.  

Бирок, аны ишке ашырууда коммерциялык банктардын жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлорунун кошумча финансылык сарптоолоруна байланыштуу тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн.  

Мындан тышкары, электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларына карата ар башка системалар арасында электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү боюнча биргелешкен тейлөө жүргүзүү талабынын белгилениши аталган системалардын арасындагы атаандаштык деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этиши мүмкүн. Экинчи жагынан, аттандаштык күчөйт, анткени, катышуучулардын санынын көбөйүшүнүн эсебинен пайдалануучулардын саны көбөйөт. Ошондой эле жаңы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн системага туташуусу жөнөкөйлөтүлөт, чакан жана орто бизнестин кошулуусу үчүн тоскоолдуктар азаят.  

Жөнгө салуунун мындай вариантында «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого толуктоолорду киргизүү талап кылынат, анын ичинде «электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы» жана «улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору» деген түшүнүктөрдү киргизүү зарыл: 

- «Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчаларды жүгүртүүнү камсыз кылуучу банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы.».  

- «Улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт.». 

Жөнгө салуунун бул вариантында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча электрондук акча менен эсептешүү системаларынын интероперабелдүүлүгүн (функциялардын бири-бирине дал келүүсү) жайылтуу боюнча стандарттарды/операцияларды ишке ашыруу боюнча эрежелерди иштеп чыгуу талап кылынат. Бул рынокто катышуучулар арасында электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын (операцияларды ишке ашыруу боюнча эрежелер, өз ара комиссиялык төлөмдөр, лимиттер, өз ара эсептешүүлөр шарттары, AML мониторинг, ж.б.) функционалдык жактан өз ара дал келүүсүн жайылтуу шарттарын макулдашууга, техникалык интеграцияны ишке ашырууга, б.а. функционалдык талаптарды иштеп чыгууга (электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар башка системаларынын арасындагы акча которуулар, соода түйүнүндө кайсы гана электрондук капчык аркылуу болбосун төлөө, кайсы гана агенттен болбосун электрондук капчыкты толтуруу), KYC (капчыкты идентификациялоо статусун текшерүү), ж.б. мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен эсептешүү системаларынын арасында интероперабелдүүлүктү (функциялардын бири-бирине дал келүүсү) жайылтууга байланыштуу коопсуздук маселелери чечилет.  

Буга байланыштуу улуттук төлөм системасынын электрондук акча боюнча оператору аркылуу электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системаларынын интероперабелдүүлүгүн (функциялардын бири-бирине дал келүүсү) («бирдиктүү терезе» принциби) жайылтуу боюнча белгиленген талаптарды күчүнө киргизүү мөөнөтү катары 2021-жылдын 1-январын белгилөө сунуш кылынат.  

Бул вариантта стандарттарды/операцияларды ишке ашыруу боюнча эрежелерди иштеп чыгуу, тарифтерди, лимиттерди жана башка маселелерди аныктоо боюнча «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, коммерциялык банктардын жана рыноктун башка катышуучуларынын өкүлдөрүнөн турган өзүнчө жумушчу топту түзүү зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

МААЛЫМАТ 

 

№ 

  

Пайдалануучулардын саны  

(электрондук капчыктардын саны)* 

2016 

374 025 

2017 

682 972 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

913 790 

  

  

  

  

Акча каражаттарын которуу  

Транзакциялардын саны  

2016 

139 118 

2017 

223 873 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

98 497 

Транзакциялардын көлөмү 

2016 

697 594 895 

2017 

1 433 014 802 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

697 286 343 

  

  

  

  

Электрондук акчаны нак акчага айландыруу  

Транзакциялардын саны  

2016 

1 393 080 

2017 

1 181 222 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

506 421 

Транзакциялардын көлөмү  

2016 

2 605 361 670 

2017 

4 675 234 947 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

2 239 859 508 

  

  

  

  

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө  

Транзакциялардын саны  

2016 

5 130 687 

2017 

11 354 578 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

4 054 928 

Транзакциялардын көлөмү  

2016 

965 708 953 

2017 

2 291 606 965 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

970 818 908 

  

  

  

  

Электрондук капчыктарды толтуруу  

Транзакциялардын саны  

2016 

6 463 259 

2017 

9 489 869 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

2 263 184 

Транзакциялардын көлөмү  

2016 

3 715 492 326 

2017 

7 008 234 671 

2018-жылдын  

1-жарым жылдыгы 

3 227 984 783