Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү суроосу боюнча Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбооруна  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселеси боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорду коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, атап айтканда төмөндө келтирилген документтерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан: 

- “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтому менен кабыл алынган Салык органдарында патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибин бекитүүгө байланыштуу долбоордо жеке ишкерлердин банк эсебин ачуусу үчүн электрондук патентти колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Ушундан улам, долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 токтому менен бекитилгенКылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоосу үчүн берилиши жөнүндө” нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 “Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу” токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2(НПА) токтому менен бекитилген “Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө” нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 токтому менен бекитилген “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 токтому менен бекитилген “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерине;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмесине; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 токтому менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) токтому менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын №______ токтомуна 

карата тиркеме  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы №96/2 “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.”; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

-  жобонун бүтүндөй тексти боюнча: 

- 1-пунктта: 

- “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында” деген сөздөргө алмаштырылсын;  

“кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын;  

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банк ишине инспектрлөө ишин жүргүзөт жана ошол чөйрөгө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты жөнөтөт.” 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4. Ушул жобонун максаттарында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

Бенефициардык ээси соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке жак. 

Верификация бул кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу; 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар; 

Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды аныктоо бул террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында банктын ички контролдугун уюштуруу баскычы, ал Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына маалымдоого жана контролдоого тийиштүү операциялардын аныктамасын камтыйт. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адам бул террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган банк кызматкери (комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчисинин деңгээлинде), ал финансылык чалгындоо органына маалыматтарды өткөрүп берүүгө жана идентификациялоого, верификациялоого, аныктоого, белгилөөгө тиешелүү болгон бардык маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Идентификация бул кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу; 

Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.  

Шектүү операция (бүтүм) бул төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм): 

а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо; 

б) эгерде каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоо менен байланыштуу деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болгон болсо: 

- террористтерди жана экстремисттерди; 

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

- террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерди. 

Шектүү операция (бүтүм) кардардын жана бенефициардык ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар үчүн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын алкагында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат. 

Ички контролдук программа бул Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын аткаруу максатында банк тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы. 

Коомдук кызмат адамдар - төмөндөгү жеке адамдардын бири: 

а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик органдардагы, ишканалардагы же мекемелердеги жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); 

б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; 

в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар); 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, анын деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээлинде күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү деңгээлинде жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу; 

Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги; 

Максаттуу финансылык санкциялар - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттардан же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүнүүз же кыйыр) чектөө

“Экстремисттик иш” түшүнүгү Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишке каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” мыйзамынын нормаларына дал келет. 

“Ислам банкы», “Ислам терезесине” ээ банк”, “Ислам банк иши жана каржылоо принциптери”, “Шариаттын стандарттары”, “Шариаттык кеңеш” - бул терминдер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын нормаларына дал келет. 

Бул чөйрөдө колдонулган бардык башка түшүнүктөр ушул главада келтирилген негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш.”; 

- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда келтирилсин: 

“3. Банктын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иши  

5. Банктын туундуу жана көз каранды компанияларды эске алуу менен, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иши төмөнкү компоненттерди камтыйт: 

1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук программасын ишке ашырууну; 

2) банктын ички аудит кызматынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнү

3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамын жана ал иштен бошотулган учурда (кадр резерви) анын милдетин аткара турган адамды дайындоо; 

4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышуучу банктын кызматкерлерин окутуу. 

6. Банк Башкармасы менен биргеликте Директорлор кеңеши террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында банктын шайкеш жана натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылуу, ошондой эле банкты шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды жүргүзүүгө тартууга жол бербөө үчүн жоопкерчиликтүү

6-1. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жооптуу болуп саналат: 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө шайкеш жана натыйжалуу саясатты бекитүү

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдук программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашыруу; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамынын натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоо; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат ордуна дайындоо жана кызмат адамын кызмат ордунан бошотуу; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички аудит кызматынын отчетун жана кызмат адамынын отчетторун кароо; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн жана ички аудит кызматы тарабынан аныкталган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды аныктоо; 

7. Банк Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жооптуу болуп саналат:  

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдук программасын жана саясатын колдонууга киргизилишин камсыз кылуу; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана контролдоо; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча банк кызматкерлерин окутуу; 

- ички чараларда, жол-жоболордо, ички контролдук системасында кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылуу, ошондой эле көз карандысыз аудитти жүргүзүү

- банктык эсептерди ачууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) кардарлар (эсептердин ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу жана эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү

Банк Башкармасы банкты шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды жүргүзүүгө тартылышына жол бербөө максатында тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.”; 

- 4-бөлүктүн:  

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук программасы”; 

8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук программасы банктын ички контролдук системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана банкта жок эле дегенде төмөнкү иш-чаралардын жүргүзүлүшүн талап кылат: 

1) тобокелдиктерди аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, тескөө, төмөндөтүү жана документ түзүү

2) кардарларды төмөнкүлөрдү камтуу менен талаптагыдай текшерүү

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо; 

- кардардын ишкердик мамилесинин максаты жана мүнөзү жөнүндө маалыматты алуу; 

- бенефициардык ээсин идентификациялоо жана аны верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана тиешелүү чараларды кабыл алуу; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, кардарларды жана тобокелдикке көбүрөөк дуушар болуучу кардарлардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо, шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды жүргүзүү

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, тобокелдикке көбүрөөк дуушар болуучу банктын бардык банктык продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү боюнча операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо, шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды жүргүзүү

- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоодон жана верификациялоодон улам, алынган маалыматтарды документ аркылуу белгилөө

- кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, кардарды талаптагыдай текшерүүдөн улам, алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңыртуу; 

- кардар менен түзүлгөн ишкердик мамиленин бүтүндөй мезгил ичинде кардарга туруктуу негизде талаптагыдай текшерүү жүргүзүү жана анын иши, финансылык абалы жана каражаттардын булагы, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин мүнөзү тууралуу бар болгон маалыматтын кардар тарабынан жүргүзүлгөн операцияларга (бүтүмдөргө) дал келүүсүнө талдап-иликтөө жүргүзүү

Кардарды талаптагыдай текшерүү үчүн жогоруда көрсөтүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүү жыйынтыктарын эске алуу менен колдонулат. 

3) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу. 

Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген “Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө” жобого ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылат.

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген “Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу.  

5) финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү өз убагында берүү

6) операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыгында алынган маалыматтын сакталышын камсыз кылуу; 

7) маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу; 

8) банкка банк иши жөнүндө так жана жыйынтыкталган маалыматтын тез берилишин камсыз кылуучу маалымат системаларын колдонууга киргизүү

9) банк тарабынан Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын туруктуу негизде аткарылышын камсыз кылуу үчүн контролдукту жана мониторингди белгилөө

10) алардын иши жогорку тобокелдикке дуушар болгон банк кызматкерлери үчүн контролдукту белгилөө (кассирлер, кредиттик инспекторлор, банктын операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.), банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иш боюнча нускоолорунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашыруу жагында функцияларды жана милдеттерди чагылдыруу. 

11) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу.”; 

9-пункттагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

9-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу саясатында банк тарабынан жок эле дегенде төмөнкүлөрдүн белгилениши аныкталууга тийиш: 

1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилөөчү ички контролдукту уюштуруу тартиби, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдар жана бөлүмдөр ортосунда өз ара иш алып баруу жана отчет берүү тартиби;  

2) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу тартиби жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу. 

3) банк тарабынан өз кардарын жана бенефициардык ээсин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөө тартиби; 

4) кардардын ишинде контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды аныктоо тартиби; 

5) кардар тарабынан ушул сыяктуу операциялардын жүзөгө ашырылышында шектенүүнүн негиздүүлүгүн же жокко чыгарылышын тастыктоо үчүн финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык анын ишинде шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды аныктоо тартиби; 

6) потенциалдуу кардарларга жана банктар-корреспонденттерге эсепти ачуудан баш тартуу, ошондой эле кардарлардын эсептерин тейлөө жана банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу үчүн тартип жана негиз; 

7) ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматты документ түрүндө белгилөө тартиби, ошондой эле аны сактоо жана купуялуулукту камсыз кылуу тартиби; 

8) контролдоого жана маалымдоого тийиштүү акча каражаттар же мүлк менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты финансылык чалгындоо органына берүү тартиби; 

9) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамын дайындоо жана аны окутуу тартиби, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан банктын кызматкерлерин окутуу тартиби.”; 

11-пункттагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

12-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

13 жана 14-пункттардагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын;  

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“15. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жүрүшүндө Ички аудит кызматы жок эле дегенде төмөнкүлөрдү жүргүзөт: 

- банктын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатын, жол-жоболорун жана ишинин уюштурулушун кошо алганда, ички контролдукту уюштуруу натыйжалуулугуна баа берүү

- банк тарабынан кабыл алынган, тобокелдиктер деңгээлин аныктоо методологиясына баа берүү

- тобокелдиктерге баа берүү боюнча көрүлгөн чараларга баа берүү

- колдонулган программалык камсыздоону, анын ичинде банктын саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүүсүн кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын ишине тандалма тест жүргүзүү

- банктын Ички аудит кызматынын, тышкы аудит, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан өткөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды четтетүү боюнча банктын жетекчилиги, Башкарма жана Директорлор кеңеши тарабынан колдонулган чараларга баа берүү

- контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды аныктоо жана түзүү натыйжалуулук деңгээлине карата колдонулуп жаткан программалык камсыздоого баа берүүнү кошо алганда, ички контролдук баяндамасы-баа берүүсү

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамынын Директорлор кеңешине сунушталган отчетторунун шайкештүүлүгүн жана алардын Улуттук банктын минималдуу талаптарына дал келүүсүн текшерүү

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамынын отчетторунун жана ушул боюнча саясатты ишке ашырууда катышкан банк кызматкерлеринин окутуу программасына дал келүүсүн текшерүү.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-1 жана 15-2-пункттар менен толукталсын: 

«15-1. Аудитти сапаттуу жана ар тараптуу жүргүзүү максатында Ички аудит кызматы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички чаралар, жол-жоболор жана контролдук системалары жөнүндө маалыматты, ошондой эле орун алган проблемалар тууралуу маалыматты алуу үчүн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамы менен талкуулоо жүргүзөт. Ички аудитор банктын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.   

15-2. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Ички аудит кызматы төмөнкүлөр тууралуу маалыматты камтуу менен террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчетту даярдайт:  

1) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери; 

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө банктын ички контролдук программаларынын жана башка ички документтеринин бузуулары; 

3) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузуулары; 

4) аныкталган бузууларды четтетүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон сунушталган чаралар.”;  

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“16. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуугуна баа берүү жыйынтыктары тууралуу ички аудитордун отчету Директорлор кеңешине аныкталган бузууларды четтетүү жана аларды кийинчерээк болтурбоо боюнча чараларды көрүү үчүн отчетко кол койгон күндөн тартып беш жумуш күн ичинде сунушталат.”; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“17. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле ички уюштуруу иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Директорлор кеңеши аларга отчет берүүчү кызмат адамды бекитет (мындан ары террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адам) жана анын ишинин үзгүлтүксүздүгүн, көз карандысыздыгын, калыстыгын, кесипкөй компетенттүүлүгүн, шарттарынын натыйжалуу уюштурулушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 17-1-пункту менен толукталсын: 

“17-1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу кылмыштуу (мыйзамсыз) иштерди жасоого банкты тартуу жана анын кызматкерлеринин катышуусу тобокелдигин минималдаштыруу үчүн талаптагыдай чараларды кабыл алуу;  

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу; 

3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди жана функцияларды аткарууда Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына көмөк көрсөтүү.”; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“18. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адам төмөнкү функцияларды аткарат: 

- ички контролдуктун тиешелүү саясатын иштеп чыгат жана банк Башкармасына макулдашуу боюнча Директорлор кеңешине бекитүүгө сунуштайт, аталган саясатты аны ишке ашырууга катышуучу бардык кызматкерлерге тааныштырат; 

- ички контролдук саясатын ишке ашырууну камсыз кылат жана аталган саясатка ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча банктын ички ченемдик документтеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, финансылык чалгындоо органына маалыматтарды, анын ичинде контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдүн сунушталышын камсыз кылат; 

- операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечимди кабыл алат жана банк Башкармасын билдирүү аркылуу финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) тууралуу маалыматты жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алат; 

- маалыматты сунуштайт жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ушул жободо жана банктын ички документтеринде анын компетенциясына кирген маселелер боюнча банктын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө көмөк көрсөтөт; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлерине окутууну уюштурат жана консультация берет; 

- зарылчылыгына жараша, бирок чейрек ичинде кеминде бир жолу банк Башкармасына макулдашуу боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук саясатын ишке ашыруу жыйынтыктары жөнүндө кат жүзүндө отчетту банктын ички документтеринде аныкталган тартипте Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт.”; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“19. Өз функцияларын жүзөгө ашырууда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу: 

- жетекчиликтен жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл документтерди, анын ичинде банктын жетекчилиги жана анын бөлүмдөрү тарабынан чыгарылган буйруктарды жана башка буйруу иретиндеги документтерди, бухгалтердик жана акча-эсептешүү документтерди алууга; 

- кардарлардын жана банк тарабынан түзүлгөн бенефициардык ээсинин маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга; 

- кардар тарабынан террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүнүн негиздүүлүгүн же жокко чыгарылышын тастыктоо үчүн кардар, бенефициардык ээси жана/же операция (бүтүм) жөнүндө кошумча маалыматтын алынышын демилгелөөгө

- белгиленген тартипте банктын бөлүмдөрүнүн жайларына, ошондой эле документтерди (архивдерди), нак акчаны жана баалуулуктарды (акча сактоо жайын), маалымат базасын сактоо үчүн колдонулган жайларга кирүүгө

- алынган документтердин көчүрмөлөрүн, анын ичинде электрондук документтердин көчүрмөлөрүн алууга; 

- операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө тиешелүү убактылуу көрсөтмөлөрдү, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө

- зарылчылыкка жараша банктын Директорлор кеңешине кайрылууга; 

- Шариат кеңеши менен өз ара иш алып барууга (*) жана ага кайрылууга. 

(*) Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктарга тиешелүү.”; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“20. Өз функцияларын жүзөгө ашырууда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамы төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана кайтарылышын камсыз кылууга; 

- өз функцияларын аткарууда алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого жана финансылык чалгындоо органына берилген маалыматты ачыкка чыгарбоого; 

- банк Башкармасын операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү катары таануу жөнүндө маалымдоого жана финансылык чалгындоо органына шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты жөнөтүүгө.”; 

- 21-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адам ушул боюнча банктын саясатын ишке ашырууда төмөнкү функциялардан тышкары, башка функцияларды жүзөгө ашыруу менен ушул жобого ылайык анын компетенциясына тиешелүү ишти айкалыштырышы мүмкүн:”; 

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“22. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адам: 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча маселелерге тиешелүү мыйзамдарды билүүгө

- банктык продукттарды, операцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, кардарлардын операцияларын, жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча банктын иши үчүн мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктерди так түшүнүүгө.”; 

- 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“23. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамын, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлерин окутуу (кайра даярдоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы токтому менен бекитилген “Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө” жободо белгиленген талаптарга ылайык жылына кеминде бир жолу туруктуу негизде жүзөгө ашырылууга тийиш.”; 

- 24-пункттагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пункттун: 

биринчи абзацында 24-пункттагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын;  

1-пунктчада “бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)” деген сөздөр “бенефициардык ээси” дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктчада “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “финансылык чалгындоо органы” дегенге алмаштырылсын; 

4 жана 5-пунктчалар төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4) аларды токтотуп туруу жана тоңдуруу үчүн негиздемени көрсөтүү аркылуу операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жөнүндө, алар тууралуу маалыматты финансылык чалгындоо органына берүү жана мыйзамдарга ылайык иш алып баруу; 

5) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө жайгашкан банктын туундуу жана көз каранды компаниялары тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук программасын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө;”; 

6-8-пунктчаларда “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

- 26-пунктта “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын;  

- 7-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:

“7. Кардарды талаптагыдай текшерүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма 

27. Банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

1) тобокелдиктерге улуттук баалоонун натыйжаларын жана жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документ түрүндө жазууга жана дайыма жаңылоого; 

2) Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына аныкталган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө

3) тобокелдиктерди тескөө жана төмөндөтүү боюнча күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле контролдоо чараларын, жол-жоболорун иштеп чыгууга жана колдонууга; 

27-1. Банктар кардарды талаптагыдай текшерүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу аркылуу кардарды талаптагыдай текшерүүчү күчөтүлгөн же жеңилдетилген чараларды колдонот. 

28. Банктар өз кардарларын тобокелдиктердин (жогорку жана төмөн) критерийлерин эске алуу менен классификациялоого тийиш. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң аз дегенде кардардын иш түрүн жана кардардын жана/же анын бизнесинин жайгашкан (түзүлгөн) жерин, ошондой эле ал тарабынан жүргүзүлгөн операцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөмдөрүнүн багытын эске алуу зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат. Банктар орточо тобокелдиктердин критерийлерин иштеп чыгышы жана колдонушу мүмкүн.  

29. Банк жогорку тобокелдикке дуушарланган кардарлардын категориясына кирген кардарларга карата талаптагыдай контролдукту жүзөгө ашырууга жана өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды жүргүзүү жогорку тобокелдигине дуушарланган кардардын иш түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: 

- акча каражаттарды которуу, нак формадагы, чектер боюнча төлөмдөр, акча каражаттарды инкассациялоо менен иш алып барган кредиттик уюмдар болуп саналбаган юридикалык жактардын (алардын обочолонгон бөлүмдөрүнүн) иши; 

- оффшордук аймактарда катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын обочологон бөлүмдөрүнүн, туундуу жана көз каранды коомдордун иши; 

- кардардын-резидент эместердин, анын ичинде саясатта маанилүү орунга ээ чет өлкөлүк адамдын иши; 

- утуш жана алардын өткөрүлүшү үчүн төлөм түрүндө кумар оюндарында (тотализатор, букмекер конторасы, оюн автоматтар залы жана башка жерлер) катышуудан кирешени алуу менен байланыштуу, продукцияларды сатып өткөрүү болуп саналбаган (товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) ишкердик иши; 

- искусство буюмдарын жана антиквариатты сатып өткөрүү, анын ичинде комиссиялык менен байланыштуу иши; 

- баалуу металлдар, баалуу таштар, ошондой эле баалуу металлдарды жана баалуу таштарды камтыган зер буюмдар менен соода жүргүзүү (айрыкча экспорт); 

- өзгөчө нак формада операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактардын иши (ири соода комплекстери, тойканалар, автоунааларга май куюучу жай ж.б.); 

- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын (баалуу кагаздарды, чет өлкө валютасын ж.б. сатып алуу-сатуу) жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши; 

- интернет-технологияларын же аралыктан пайдалануу системасын колдонуу, же болбосо түздөн-түз байланышсыз ыкма аркылуу операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу. 

30. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана иликтөөгө мүмкүн берүүчү документтердин жана бардык маалыматтардын негизинде банк тарабынан кардардын террористтик ишти каржылоосу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруусу (адалдоо) ыктымал болгон тобокелдик деңгээлине баа берилет. Бул баа берүү жөнүндө корутунду кардардын таржымалына көктөлөт. 

31. Банк террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жогорку тобокелдигине дуушарланган банктын операцияларына, жана шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурууга жана ага карата талаптагыдай контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш.  

31-1. Жогорку тобокелдик белгиленген учурда банктар төмөнкүдөй кардардын талаптагыдай текшерүүсү боюнча төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларды колдонот: 

1) жеткиликтүү жана ишенимдүү маалымат булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди топтоо, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө маалыматтарды колдонуу; 

2) кардардын жана бенефициардык ээсинин кылмыштуу ишине тартылышы мүмкүн болгон тобокелдикти терең түшүнүү үчүн кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө кошумча маалыматты топтоо; 

3) кардардан ишкердик мамилелердин максаттары жана мүнөзү, ошондой эле кардардын акча каражаттарынын булагы боюнча кошумча маалыматты талап кылуу; 

4) акча каражат кылмыштуу иштен алынган киреше болуп саналбагандыгына ынануу үчүн кардардын ишкердик мамилелерди түзүү алкагында колдонулган акча каражаттарынын булагын текшерүү

5) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын туруктуу негизде, бирок жылына кеминде бир жолу жаңыртып туруу; 

6) кардардан пландаштырылган же ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) себептерин же экономикалык маанисин түшүндүрүүчү кошумча маалыматты талап кылуу; 

7) кардар менен ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу боюнча банк Башкармасынын уруксатын алуу; 

8) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилерин жана айкын экономикалык мааниге же айкын мыйзамдуу максатка ээ эмес операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо максатында, операцияларга (бүтүмдөргө) күндөлүк мониторингди жүргүзүү, маалыматты талдап-иликтөө, кароо жана акча каражаттарды маалыматтык автоматташтырылган системалар сыяктуу эле, кол менен иштөө режимин колдонуу аркылуу багытын эсепке алуу жолу менен ишкердик мамилелерге күчөтүлгөн мониторингди жүргүзүү, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамына жана банк Башкармасына мониторингдин жыйынтыктарын жеткирүү

9) операцияны (бүтүмдү) банктык эсеп аркылуу жүргүзүү жөнүндө сунуш, эгерде, операцияны (бүтүмдү) банктык эсепти ачуусуз жүргүзүү пландаштырылып жаткан болсо.  

Мында, банктар тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө жана (же) төмөндөтүү үчүн кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча күчөтүлгөн чараларды колдонуу зарылчылыгын документ түрүндө белгилөөгө тийиш. 

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча күчөтүлгөн чаралар жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн кардарларына колдонулууга тийиш. 

31-2. Банк төмөн тобокелдик белгиленген учурда кардардын талаптагыдай текшерүүсү боюнча төмөнкү жеңилдетилген чараларды колдонот: 

1) ишкердик мамилелердин максаты жана мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу; 

2) ишкердик мамилелерди белгилөөдөн кийин кардарды жана бенефициардык ээсин верификациялоо; 

3) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарынын бат-бат жаңыртылып туруусун кыскартуу; 

4) банк тарабынан белгиленген лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүү боюнча автоматташтырылган системаны колдонуу аркылуу кыскартылган формада кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү

32. Банк чет өлкөлүк коомдук кызмат адамын тейлөөдө төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- кардар же бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы болуп саналаарын аныктоо үчүн инструменттердин системасын колдонууга;  

- коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу (бар болгон кардарлар) үчүн Директорлор кеңешинен кат жүзүндө уруксат алууга; 

- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын акча каражатынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын белгилөөгө

- жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте ишкердик мамилеге, анын ичинде чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу жана терең мониторинг жүргүзүүгө

- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тууралуу колдонуудагы маалыматты туруктуу негизде жаңыртып турууга. 

Банк жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата колдонууга тийиш.  

32-1. 32-пунктта көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакын адамдарына карата колдонулат, эгерде ушул адамдарга карата жогорку тобокелдик аныкталган болсо.  

32-2. Улуттук коомдук кызмат адамдары аныкталган болсо, банк алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген коомдук кызмат адамынын анкетасынын формасына ылайык электрондук форматта белгилейт, жана улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында белгиленген маалыматты үч жумуш күн ичинде аталган органга электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтөт. 

32-3. Банк коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты түзүү, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдонушу мүмкүн. 

33. Банк кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана иликтөөнүн, ошондой эле бенефициардык ээсин аныктоонун натыйжасында алынган маалыматтарды, эгерде, банк кардар тарабынан террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин жогору катары бааласа, жылына кеминде бир жолу, ал эми башка учурларда үч жылда кеминде бир жолу мезгил-мезгили менен жаңыртып турууга тийиш. 

34. Банк кардар менен түздөн-түз байланышсыз операциялардын (бүтүмдөрдүн) ишке ашырылышын талап кылуучу жаңы технологияларды (жаңы банктык продукттарды) колдонууга байланыштуу, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин талаптагыдай контролдоо максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун аткарылышын сактоого тийиш.  

35. Корреспонденттик мамилелерди түзүүдө, банк анын ичинде банк-корреспондентке талап жөнөтүү жолу аркылуу банк-корреспондент тарабынан анын кардарларын идентификациялоону, верификациялоону жана иликтөөнү кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар жүзөгө ашырылып жаткандыгын белгилөөгө тийиш.”; 

- 8-бөлүктө

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды аныктоо”; 

36-пункттун: 

биринчи абзацында “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацта “көз салуу” деген сөз “иликтөө” дегенге алмаштырылсын; 

бешинчи абзацта “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “финансылык чалгындоо органы” дегенге алмаштырылсын; 

37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“37. Акча каражат же башка мүлк менен ишке ашырылган операция (бүтүм) контролдукка алынууга жана финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш. 

Контролдукка алынууга жана маалымдалууга тийиштүү операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет: 

- шектүү операциялар (бүтүмдөр); 

- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен операциялар (бүтүмдөр); 

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр); 

- нак акча каражаты менен операциялар (бүтүмдөр); 

- нак эмес акча каражаты менен операциялар (бүтүмдөр).”; 

38-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“39. Кызмат көрсөтүүлөрдүн же операциялардын жаңы түрлөрүн ишке ашырууну баштаганга чейин банк тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) бөгөт коюу максатында кызмат көрсөтүүлөргө же операцияларга тиешелүү бардык мүмкүн болуучу тобокелдиктер аныкталууга жана баа берилүүгө тийиш.”; 

40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“40. Банк кардарга, бенефициардык ээсине карата алардын террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтын бар болушун текшерүү максатында тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.  

Көрсөтүлгөн маалыматтар Санкциялык тизмекте, ошондой эле адамдардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде камтылат, аларга карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалымат бар, алардын түзүлүшү жана жаңыртылышы үчүн жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы саналат.”; 

42-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

“9. Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматты белгилөө, сактоо жана финансылык чалгындоо органына өткөрүп берүү  

43. Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган кардардын операциялары (бүтүмдөрү) тууралуу маалымат милдеттүү түрдө кардардын террористтик ишти каржылоосу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруусу (адалдоосу) боюнча шектенүүнү тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн жетиштүү көлөмдө документ түрүндө белгиленүүгө тийиш. 

44. Шектүү операциялар белгилерине ээ операциялар сыяктуу кардардын операциясынын аныктамасында шектенүү аныкталган учурда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адам операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алат жана финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген маалыматты өткөрүп берүү тартибине ылайык финансылык чалгындоо органына шектүү операциялар (бүтүм) тууралуу маалыматты банк Башкармасын билдирүү менен жөнөтөт.  

45. Кардардын операциясын шектүү эмес катары таануу жана финансылык чалгындоо органына ал тууралуу маалыматты жөнөтпөө жөнүндө банктын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамынын чечими негизделүүгө жана ал боюнча протокол түзүлүүгө тийиш. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы операциянын кыскача баяндамасын жана кардар жөнүндө маалыматтарды камтыган чечимдердин реестрин жүргүзүүгө тийиш.  

46. Банк нак акча каражат менен ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, ишке ашырылган же ишке ашырылып жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан, ушул жобонун 37-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты түзөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт, чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 

47. Банк маалыматтын төмөнкү мөөнөттөрдө берилишин камсыз кылат: 

1) шектүү операциялар (бүтүм) тууралуу маалымат белгиленген тартипте операция (бүтүм) шектүү катары таанылган учурдан тартып беш саат ичинде; 

2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен ишке ашырылыган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалымат мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күн ичинде; 

3) кылмыштуу кирешелерди, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалымат - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күн ичинде; 

4) нак акча каражат менен операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалымат - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде. 

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.  

48. Банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматты берүү жөнүндө кардарларды маалымдоого укуктуу эмес. 

49. Ушул жобого ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө алынган, кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө маалыматты камтыган маалымат жана документтер, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар банк жана кардар ортосунда мамилелер токтотулгандан кийин кеминде беш жыл сакталууга тийиш.”; 

- Жобого карата 1-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 “Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 8-пунктундагы “бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)” деген сөздөр “бенефициардык ээси” дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“11. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Банктык аманат (депозит) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 749-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Банктык эсеп бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу банктык эсеп (банктын аманат) келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Нак эмес эсептешүү - Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке адамдар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке адам (жеке адамдар). 

Верификация кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу; 

Аманатчы - бул, банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн жана банктык эсепти жана банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жана жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзгөн адам. 

Траст жөнүндө декларация - бул, менчикке укук бир жактын колунда турса да, иш жүзүндө ал, менчикке карата укуктук титул анын кызыкчылыгында биринчи жакка өткөрүлүп берилген башка бир жакка тиешелүү экендигин чагылдырылган, кат жүзүндө толтурулган келишим. 

Депозиттик сертификат - бул, аманат сертификатына окшош баалуу кагаз, бирок ага юридикалык жак гана ээлик кыла алат. Депозиттик сертификаттын банк-эмитенти менен анын кардары ортосундагы мамиленин негизин, банктык аманат (депозит) түптөйт. 

Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Жеке ишкер - бул, Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкө жараны же республика аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти жүзөгө ашырган, жарандыгы жок адам. 

Номиналдык сервис - бул, уюмдагы расмий кызматка номиналдык жактардын (номиналдык директор, акционер, катышуучу ж.б.) дайындалышы же алардын уюмдун акционери (катышуучусу) катары иш алып баруусун чагылдырган кызмат көрсөтүү. Мында, номиналдык жак менен бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимге (макулдашууга) ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) уюмга иш жүзүндө ээлик кылат жана анын ишин тескөөгө алат. 

Номиналдык жактар, кардардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруусу аркылуу банк тарабынан аныкталышы мүмкүн. 

Номиналдык акционер (катышуучу) - бул, келишимдин (макулдашуунун) негизинде бенефициардык менчик ээсинин тапшыруусу боюнча формалдуу түрдө гана юридикалык жактын баалуу кагаздарына ээлик кылган жеке адам же юридикалык жак. 

Номиналдык директор - бул, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бенефициардык менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү же оозеки тапшыруусунун негизинде иш алып барып, уюмдун ишин формалдуу түрдө тескөөгө алган адам. 

Финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээлинде күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү деңгээлинде жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

Аманат сертификаты - бул баалуу кагаз, ал акча каражаттарынын аманат катары банкка салынгандыгын жана белгиленген мөөнөт аяктаган учурда аманат суммасын же ал боюнча пайыздарды банктын кайсы болбосун мекемесинен алуу укугун тастыктайт. Жеке адам гана аманат сертификатына ээ боло алат.”; 

- төртүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Банк, жердин менчик ээси болуп саналган же жер иштеткен же болбосо мал чарбасы менен алектенген жеке адамдарга (резиденттерге) - айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөргө айыл чарбасынын өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы багыттарын өнүктүрүү максатында аларга кредиттерди берүүдө эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууга укуктуу.”; 

- 15-пунктунун төртүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Банк, жердин менчик ээси /жер пайдалануучулар болуп саналган же болбосо мал чарбасы менен алектенген жеке адамдарга (резиденттерге) - айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөргө айыл чарбасынын өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы багыттарын өнүктүрүү максатында аларга кредиттерди берүүдө эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууга укуктуу.”; 

- 21-пунктундагы “бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)” деген сөздөр “бенефициардык ээсин” дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“22. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш: 

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе; 

- айкын такталбаган документтер берилсе. 

Мында, банк белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүүнү кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жөнөтүүгө тийиш.”; 

- Нускоону төмөнкү мазмундагы 22-1, 22-2, 22-3, 22-4-пункттар менен толукталсын: 

“22-1. Эгерде эсепти ачууда же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банктын операциялар (бүтүмдөр) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу болгондугуна шектенүү туулганда, ал төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- каалаган бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик мааниге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүгө

- шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө.  

22-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүгө алуу келип чыккан шектенүүлөр тууралуу маалыматтын таркатылып кетишине алып келе тургандыгы тууралуу ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөйт жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

22-3. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга катыштыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк кардарды алдын ала билдирүүсүз Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясын (бүтүмүн) жана/же каражаттарын кечиктирбей тоңдурууга жана тоңдуруу жүргүзүлгөн учурдан тартып үч саат ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартибин, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.  

22-4. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы тууралуу маалымат болсо, банк кардар тарабынан жүргүзүлгөн операцияны (бүтүмдү) дароо токтотууга жана бул тууралуу финансылык чалгындоо органына операция (бүтүм) токтотулган учурдан тартып үч саат ичинде билдирүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кабыл алынган мүлктү камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турат. 

Мүлктү камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, токтотулган операция (бүтүм) белгиленген тартипте жүргүзүлөт.”; 

- 25-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун)” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “бенефициардык ээсинин” дегенге алмаштырылсын;  

- 28-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“28. Эгерде ушул Нускоонун талаптарына ылайык банкка берилүүчү документтин түп нускасы чет тилинде жазылган болсо, банкка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулган, котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтер берилүүгө тийиш.”; 

- 33-пунктунун: 

он биринчи абзацындагы “2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7” деген сөздөр жана сандар “2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8” дегенге алмаштырылсын; 

он төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 41-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

“Электрондук патентти берген учурда жеке ишкер электрондук патентти иш жүзүндө алгандыгын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн басып чыгарат жана аны банкка сунуштайт. Мында, банктын кызматкери электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын тиешелүү программалык камсыздоосу бар мобилдик же башка түзүлүштүн жардамы менен электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканирлөө аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөрдүн таанышы үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндөгү маалыматты камтыган матрицалуу код (кош өлчөмдүү штрих код).”; 

- 52-пунктунун: 

үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча маалымдайт, ал эми кардар жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын системалык эсебинде (балансында) сакталат.”;  

төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

“Банк кардарга маалымдоодо телефон/электрондук байланыш кызматтарын кошумча колдонуп, билдирүүлөрдү кардардын мобилдик номерине/электрондук почтасына жөнөтө алат.”; 

- 53-пунктунун: 

- төртүнчү абзацындагы “бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)” деген сөздөрдү “бенефициардык ээсин” дегенге алмаштырылсын; 

- жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга катыштыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалыматтар болсо, банк кардарды алдын ала билдирүүсүз Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясын (бүтүмүн) жана/же каражаттарын кечиктирбей тоңдурууга жана тоңдуруу жүргүзүлгөн учурдан тартып үч саат ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартибин, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. “Өз кардарыңды бил” саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосун. 

Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген “Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт; 

2) банк эсебин ачууга чейин жана ачуу процессинде, ошондой эле ушул Нускоодо каралган учурларда, эсеп ачуудан кийин кардарга верификация жүргүзүүгө

3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүүгө

4) кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга; 

5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, жогорку тобокелдиктеги кардарларга карата талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга; 

6) кардар менен ишкер мамиледе болгон бардык мезгилде кардарды дайыма талаптагыдай текшерип жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигинин мүнөзү жөнүндө колдо болгон маалыматка шайкештигин туруктуу негизде талдап турууга; 

7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салууга. 

Банктар кардар менен болгон ишкер мамилелерге жөнөкөйлөтүлгөн жана күчөтүлгөн текшерүүнү тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен жүргүзүп келет.”; 

3-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)” деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдөгү “бенефициардык ээси” дегенге алмаштырылсын; 

5-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

“- айдоочулук күбөлүгү (үчүнчү жактар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана);”; 

2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) чет өлкөлүк жарандар үчүн: 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту; 

- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;”; 

төмөнкү редакциядагы 3 жана 4-пунктчалары менен толукталсын: 

“3) жарандыгы жок жактар үчүн - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу; 

4) качкындар үчүн: 

- жакты качкын катары таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо жөнүндө күбөлүк; 

- качкындын күбөлүгү.”; 

8-пунктунун “терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” дегенге алмаштырылсын; 

10-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- расмий документтерден маалыматтарды тастыктоо. Тастыктоо үчүн документ катары ушул тиркеменин 5-пунктунда келтирилген инсандыгын тастыктаган документтер колдонулушу мүмкүн;”. 

14-пунктундагы “бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)” деген сөздөр “бенефициардык ээсин” дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин:  

4-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча” дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы №37/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоонун: 

- 6-пунктундагы “бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучу)” деген сөздөр “бенефициардык ээсин” дегенге алмаштырылсын”; 

- 10-пунктунун: 

биринчи абзацындагы: 

“кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисстик ишти каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

“бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)” деген сөздөр “бенефициардык ээси” дегенге алмаштырылсын; 

- 10-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кардардын, анын ишеним көрсөтүлгөн адамынын, бенефициардык ээсинин операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шектүү операциялардын катарына туура келип калса, анда банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, бул жактардан алардын операцияларына мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кайсы болбосун документтерди же маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Мында, банк шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө милдеттүү. Кардар жогоруда аталган документтерди/маалыматтарды сунуштоого жана идентификациялоо үчүн буга чейин берилген кайсы болбосун маалыматтардын жана документтердин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кат жүзүндө банкка маалымдап турууга тийиш.”; 

- 11-пунктунун экинчи абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “финансылык чалгындоо органы” дегенге алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 “Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

токтомдун баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу иштеп турушун камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 79 жана 89-беренелеринин негизинде банктардын менчик түзүмүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:”. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- 1.3-пункттунун: 

он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Шектүү операция (бүтүм) төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм): 

а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо; 

б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо: 

- террористтерди жана экстремисттерди; 

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

- террористтик же экстремисттик иштерди.”; 

он үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген маани.”; 

он төртүнүч абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы он сегизинчи, он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар менен толукталсын: 

“Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. 

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмеги аны түзүүгө жана жаңылоого жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы саналган. 

Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик иштерге жана кыргын салуучу куралын таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги.”; 

- 2.4-пунктунун 7-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7) эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса, Кардарлар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында (мындан ары Журнал) кардар тууралуу маалыматты кошо алганда, ишке ашырылган операция тууралуу зарыл маалыматты жазууга жана аны операция ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.”; 

- 2.5-пунктунун: 

26-пунктчасындагы “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” деген сөздөр “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын;  

төмөнкү мазмундагы 26-1-пунктча менен толукталсын: 

“26-1) кардардын 70 000 сомго* барабар болгон же андан ашкан суммага (операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммасы) чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясын жүргүзүүдө Санкциялык тизмекте жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматы бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендиги текшерүү

(*)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, “Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылыйык”; 

28) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“28) эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса, Кардарлар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында (мындан ары Журнал) кардар тууралуу маалыматты кошо алганда, ишке ашырылган операция тууралуу зарыл маалыматты жазууга жана аны операция ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү

Журнал номерленип, көктөлүп, ага банктын мөөрү коюлушу зарыл (1а тиркеме). Алмашуу пункттарында, МФК, МКК, КС, АФУларда маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет, ошондой эле Журналды туруктуу негизде резервдик көчүрүү жүргүзүлүүдө. Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалыматты кеминде беш жыл сактоо зарыл. 

Нак чет өлкө валютасы менен операция шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине туура келген учурларда, банк шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү ишке ашырылган операциянын суммасына карабастан, операция белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө милдеттүү.  

Жогорку тобокелдиктүү өлкөлөрдөн жеке адамдары же юридикалык жактары тарабынан жүргүзүлгөн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жөнүндө билдирүү ишке ашырылган операциянын суммасына карабастан, финансылык чалгындоо органына аны ишке ашыруу күнүнөн тартып эки жумуш күнү ичинде жөнөтүлүүгө тийиш. 

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүргүзгөндүгү, ошондой эле мындай ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөп чыккан жеке адам тарабынан жүргүзүлгөн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жөнүндө билдирүү аны жүргүзгөн күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына жөнөтүлүүгө тийиш. 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жөнүндө билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органынан жөнөтүлөт.”; 

29-пунктчасындагы “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.8-пунктундагы “28” деген сан алынып салынсын; 

- 3.1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- Кыргыз Республикасынын “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамын;”;  

- 4.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4.1. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу кардарды милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. 

Кардарды идентификациялоо, ошондой эле кардарды Санкциялык тизмектерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү, эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 70 000 сомго барабар болсо же андан ашып кетсе (же операция ишке ашырылган (бүтүм келишилген) күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммасы) инсандыгын тастыктаган (сүрөтү менен) документтин негизинде жүргүзүлөт. 

Эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 1 000 000 сомго барабар болгон же андан ашкан учурда, кардарды идентификациялоо мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

Эскертүү: кардарды идентификациялоо жана анкета толтуруу аркылуу идентификациялоо жүргүзүү боюнча операцияларынын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, “Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жободо каралган. 

Кассир нак акчанын суммасын кардардын көзүнчө санап чыгат жана ал тарабынан сунушталган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотторго кардардын көз алдында болгондой кылып текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Кардар (инсандыгын тастыктаган документтин негизинде) жана нак чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операция тууралуу маалымат Кардарлар менен операциялар тууралуу каттоо журналында жазылат. 

Эскертүү: инсандыгын тастыктаган документтерге паспорт, аскер билети, айдоочулук күбөлүк кирет.”; 

- 4.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

4.2. Кардарга берүүгө тийиш болгон улуттук валютанын суммасын эсептегенден кийин кассир сатып алынган валюта тууралуу жазууну операцияларды каттоо журналында жүргүзөт (эгерде кардар резидент эмес болуп саналса, бул тууралуу журналда чагылдырылат), операциянын ишке ашырылышын тастыктаган документти даярдайт. Операцияларды алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, АФУда жүргүзүлгөн учурда, кассада чек басылып берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) сертификат-маалымкатты ушул Жобонун талаптарына ылайык тариздейт.”; 

- 4.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4.4. Нак чет өлкө валютасын сатуу кардарды милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. 

Кардарды идентификациялоо, ошондой эле кардарды Санкциялык тизмектерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү, эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 70 000 сомго барабар болсо же андан ашып кетсе (же операция ишке ашырылган (бүтүм келишилген) күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммасы) инсандыгын тастыктаган (сүрөтү менен) документтин негизинде жүргүзүлөт. 

Эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы 1 000 000 сомго барабар болгон же андан ашкан учурда, кардарды идентификациялоо мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

Эскертүү: кардарды идентификациялоо жана анкета толтуруу аркылуу идентификациялоо жүргүзүү боюнча операцияларынын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, “Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жободо каралган. 

Кассир нак акчанын суммасын кардардын көзүнчө санап чыгат жана ал тарабынан сунушталган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотторго кардардын көз алдында болгондой кылып текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Кардар (инсандыгын тастыктаган документтин негизинде) жана нак чет өлкө валютасын сатуу боюнча операция тууралуу маалымат Кардарлар менен операциялар тууралуу каттоо журналында жазылат. 

70 000 сомго чейин чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардардын резиденттиги анын оозеки өтүнүч каты боюнча аныкталышы мүмкүн.”. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) “Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун: 

- 10-пунктундагы “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында” дегенге алмаштырылсын; 

- 10, 11-пункттарындагы “ПОД/ФТЭ” деген аббревиатураны “ПФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

- 12, 14-пункттарындагы “ОД/ФТЭ” деген аббревиатураны “ФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин VI бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “ПОД/ФТЭ” аббревиатурасын “ПФТД/ЛПД” аббревиатурасына алмаштырылсын; 

- 6-тиркемедеги “ОД/ФТЭ” деген аббревиатураны “ФТД/ЛПД” аббревиатурасына алмаштырылсын; 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чаралары жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун: 

- 1-главанын бүтүндөй тексти боюнча кездешкен тиешелүү жөндөмөдөгү “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын;  

- 2, 5, 13, 24, 56, 61, 69-пункттарындагы ар кандай жөндөмөдөгү “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 “Тике банкты көзөмөл жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобонун: 

- 2.2 жана 2.5-пунктарындагы ар кандай жөндөмөдөгү “кызматкер” деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү “кызматчы” дегенге алмаштырылсын; 

- 3.1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- банктын акционерлеринин курамында акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таркатууга каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды (ФАТФ) иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.”; 

- 3.3-пунктунун экинчи абзацындагы “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 1-тиркемеде “кызматкеринин/леринин” деген сөз “кызматчынын/ларынын” деген сөзгө, “кызматкерлеринин” деген сөз “кызматчыларынын” деген сөзгө алмаштырылсын.  

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобонун: 

- 16-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, эмитенттин жана ал тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин камтыган операцияларга катыштыгы бар же жоктугу предметине террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган кызмат адамынын берген корутундусу;”; 

- төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

“Эскертүү: террористтик ишти каржылоого/кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынан болуп маалыматтарды идентификациялоого, верификациялоого, аныктоого, белгилөөгө жана финансылык чалгындоо органына берүүгө тиешелүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчисинин деңгээлинде) банктын кызматкери саналат.”; 

- Жобого карата 2-эскертүү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобонун: 

- 28 жана 58-пункттарындагы “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча” дегенге алмаштырылсын. 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 3-пунктунун: 

он жетинчи жана он сегизинчи абзацтарындагы “кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” дегенге алмаштырылсын; 

жыйырма алтынчы абзацтагы “ПОД/ФТЭ” деген аббревиатура “ПФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын, “ОД/ФТЭ” деген аббревиатура “ФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

- 90-пунктундагы “кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо тобокелдигин тескөө боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) (мындан ары - ФТД/ЛПД) тобокелдигин тескөө боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 91 жана 92-пункттарындагы “ОД/ФТЭ” деген аббревиатура “ФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын, “ПОД/ФТЭ” деген аббревиатура “ПФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын”; 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 30-пунктундагы: 

“кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын; 

“ПОД/ФТЭ” деген аббревиатура “ПФТД/ЛПД” деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

- 34-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10) банкта Улуттук банктын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банкта террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жүзөгө ашыруу; 

- 40-пунктунун тогузунчу абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоону алдын алуу боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” дегенге алмаштырылсын. 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Банктын тышкы аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттары жана башка маалыматтарга ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгына болгон пайдалануучулардын ишениминин даражасын жогорулатуу максатында банк ишмердигинин көз кранды эмес текшерүүсү.”; 

- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“30. Тышкы аудитор колдонулган финансылык отчеттун негизги көрүштөрүнө (финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына) ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгына болгон пайдалануучулардын ишениминин даражасын жогорулоосун камсыздайт.”;  

- 47-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

4) алдамчылык же алдамчылык схемаларынын бетин ачуу же террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан операциялардын белгилерине туура келген бүтүмдөрдү аныктоо жөнүндө;”. 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмесинин: 

- 406-беренисиндеги “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча” дегенге алмаштырылсын. 

15. Кыргыз Республиасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 “Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобонун: 

- 3-бөлүгүнүн 8-пунктунун б пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

б) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө саясатты жана жол-жобону;”; 

- 4-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

8) ислам принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө саясаттар жана жол-жоболор;”. 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялар жөнүндө” жобонун: 

- 1.5-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү көз карашынан” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында” дегенге алмаштырылсын

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №67/9 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобонун: 

- 50-пунктунун 7-пунктчасындагы 55-пунктунун 1-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү маселелери боюнча” деген сөздөрдү “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча” дегенге алмаштырылсын

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 2-пунктунун: 

он сегизинчи абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” дегенге алмаштырылсын;  

- жыйырманчы абзацындагы “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги” деген сөздөр “Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги” дегенге алмаштырылсын; 

- жыйырма экинчи абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча” деген сөздөр “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча” дегенге алмаштырылсын; 

- 92, 93 жана 94-пункттарындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо” деген сөздөрдү “террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” дегенге алмаштырылсын, “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” дегенге алмаштырылсын.