Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты. 

Ушул долбоор 2018-жылдын 6-августундагы Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» №87 Мыйзамынын күчүнө киришине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» №606 токтомунун кабыл алынышына байланыштуу иштелип чыккан. 

Долбоор төмөнкү жоболорду жаңы редакцияда бекитүүнү карайт: 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансылык мекемелеринде ички контролдук уюштуруусуна карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобосу; 

2. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунда ички контролдук уюштуруусуна карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобосу. 

Андан сырткары, долбоор төмөнкү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө багытталган: 

1. 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобосу; 

2. 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосу; 

3. 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 “Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосу; 

4. 2013-жылдын 23-декабры № 52/6 "Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жөнүндө нускоосу; 

5. 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобосу; 

6. 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" жобосу; 

7. 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 “Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери; 

8. 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобосу; 

9. 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобосу; 

10. 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобосу. 

 

КыргызРеспубликасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын ___-________ 

№ _______________ 

токтомуна карата 1-тиркеме 

 

 

 

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансылык мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” 

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарында жана бардык кредиттик союздары менен адистештирилген финансылык мекемелеринде (мындан ары МФУ/КС/АФМ) ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча МФУ/КС/АФМ ишине инспекциялык текшерүү жүргүзүп, алынган натыйжалар боюнча маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт. 

3. Жобонун максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Ички контролдоо контролдоого жана маалымдоого тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча МФУ/КС/АФМ тарабынан кабыл алынган чаралардын жыйындысы. 

Идентификация - кардар жана (же) бенефициар ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Верификация - кардардын жана (же) бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

"Экстремисттик иш" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын түшүндүрмө берүү аппаратынын ченемдерине ылайык келет. 

Бенефициар ээси - акырында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке жактар) же болбосо операция (бүтүм) ишке ашырылып жаткандын атынан же кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн жеке адам. 

Коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири: 

а) чет өлкөнүн коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); 

б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; 

в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар). 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар. 

Ички контролдоо программасы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында МФУ/КС/АФМ колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары. 

Тобокелдикке багытталган ыкма - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

 

2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасы 

4. МФУ/КС/АФМ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ички контролдоонун тиешелүү программасын иштеп чыгуулары зарыл. Бул программа МФУ/КС/АФМда ички контролдоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана МФУ/КС/АФМ тарабынан милдеттүү түрдө толук сакталууга тийиш. 

5. МФУ/КС/АФМ төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу үчүн ички контролдоо программасын колдонот: 

1) тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; 

2) кардарларды талаптагыдай текшерүү чараларын жүзөгө ашыруу; 

3) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу; 

4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу; 

5) финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында берүү

6) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтарды сактоону камсыздоо; 

7) маалыматтардын купуялыгын камсыздоо; 

8) Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууну камсыздоо. 

 

3-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкердин ыйгарым укуктары жана милдеттери 

 

6. МФУ/КС/АФМде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкер (мындан ары - жооптуу кызматкер) дайындалууга тийиш. Жооптуу кызматкер ички аудитордун/Ревизия комиссиясынын/ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүгө жооптуу адамдын функциясын бир учурда кошо аткара албайт. 

7. Жооптуу кызматкер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында төмөнкү милдеттерди аткарат: 

1) кылмыштуу (мыйзамсыз) жосундарга МФУ/КС/АФМдын тартылуусуна жана анын кызматчыларынын катышуусуна жол бербөө

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын натыйжалуу ишке ашыруу; 

3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин жана функцияларын аткарууда финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка көмөк көрсөтүү

8. Жооптуу кызматкер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төмөнкү функцияларды аткарат: 

1) ички контролдоо программаларынын долбоорлорун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башка ички документтерди, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо методологиясын жана тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун иштеп чыгуу жана МФУ/КС/АФМнын жогорку башкаруу органына берүү

2) ички контролдоо программаларын ишке ашырууну уюштуруу; 

3) кардарларды жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) башка катышуучуларын талаптагыдай текшерүүгө мониторинг жүргүзүү

 

4) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүн) мониторинг жүргүзүү жана талдоо; 

 

5) операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу тууралуу чечим кабыл алуу жана андан ары аткаруучу органга кабарлоо менен шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

 

6) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү

 

7) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча МФУ/КС/АФМнын ишине текшерүү жүргүзүүсүнө жардам берүү

 

8) МФУ/КС/АФМнын жогорку башкаруу органына (болсо) ички контролдоо программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүү. Жооптуу кызматкердин күндөлүк отчет берүү тартиби МФУ/КС/АФМнын ички документтери менен аныкталат; 

 

9) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча программаны жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди окутууну уюштуруу жана консультация берүү. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү болгон зарыл маалыматтар менен аларды тааныштыруу. 

 

 

4-глава. Маалыматтарды документке түшүрүү жана сактоо тартиби 

 

9. МФУ/КС/АФМ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана изилдөө, жана ошондой эле бенефициар ээсин аныктоо боюнча, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматтарды, топтолгон маалыматты кароодо жана иликтөөдө тиешелүү далилдерди берүү максатында айрым операциялардын (бүтүмдөрдүн) тиешелүү учурларын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү боло тургандай өлчөмдө каттайт жана документтерди топтойт. 

МФУ/КС/АФМ чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялардан (бүтүм) тышкары, ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз, ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдоого жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүүлөрдү түзөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

МФУ/КС/АФМ билдирүүлөрдү төмөнкү мөөнөттөрдө берүүнү камсыз кылат: 

1) шектүү операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп табылган учурдан тартып беш саат ичинде; 

2) жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде; 

3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде; 

4) нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде; 

5) нак эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча мындай суроо-талапты алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде; 

6) коомдук кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде. 

Финансылык чалгындоо органына билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген тартипте жөнөтүлөт. 

10. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого, изилдөөгө тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү МФУ/КС/АФМ жана кардарынын/катышуучусунун жана бенефициар ээсин аныктоо ортосундагы милдеттенмелер токтогондон кийин беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш. Операциялар (бүтүмдөр) боюнча, кылмыш, жарандык жана арбитраждык процесстерде далилдөө катары пайдаланыла турган документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү тиешелүү операциялар (бүтүмдөр) жүзөгө ашырылгандан кийин беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш. 

11. Финансылык чалгындоо органына берилген шектүү операция (бүтүм) жөнүндө бардык билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү жооптуу кызматкер тарабынан билдирүүлөр жөнөтүлгөн күндөн тартып беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш. 

12. МФУ/КС/АФМ кардардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) барышы ыктымалдыгы тобокелдигин жогору деп баалаган шартта, кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жаңылоону, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоону жылына кеминде бир жолу, мезгил-мезгили менен ишке ашырып турууга тийиш, башка учурларда - 3 жылда кеминде 1 жолу. 

 

5-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү 

 

13. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында МФУ/КС/АФМда ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жол-жоболору болууга тийиш. 

14. Программанын жана жол-жоболордун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык келе тургандыгына баа берүү, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү МФУ/КС/АФМнын ички аудитору/ревизия комиссиясы/жооптуу адамы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

15. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары жогорку кызмат адамдарына, жогорку аткаруу органына жана устав тарабынан ички контролдоо программасын бекитүүгө ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органына берилет. 

 

6-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүүдө тобокелдикке багытталган ыкма 

16. МФУ/КС/АФМ кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат. 

17. МФУ/КС/АФМ тобокелдиктин критерийлерин (жогорку жана төмөнкү) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн, эң аз дегенде, кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат. МФУ/КС/АФМ орточо тобокелдиктердин критерийлерин иштеп чыга алышат жана колдоно алышат. 

18. МФУ/КС/АФМлар, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга өзгөчө көңүл буруп, аларга карата талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жүзөгө ашырууга тийиш. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнү ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: 

- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши; 

- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдордун иши; 

- кардарлардын-резидент эместердин, анын ичинде чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдардын иши; 

- искусство буюмдарын жана антиквариаттарды сатып өткөрүү, анын ичинде арзандатып сатууга байланыштуу иш; 

- баалуу таштар чөгөрүлгөн баалуу металлдар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдарды сатуу (өзгөчө экспорт); 

- нак формада гана операцияларды ишке ашырган юридикалык жактардын иши (ири соода комплекстери, тойканалар, май куюучу станциялар ж.б.); 

- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши (баалуу кагаздарды, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу ж.б.). 

19. Кардарларды идентификациялоого, верификациялоого жана алардын ишине талдап иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде, МФУ/КС/АФМ тарабынан кардардын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ишке ашырышы тобокелдик деңгээлине баа берилет. Баа берүүлөр боюнча корутунду кардардын таржымалында кошо көктөлөт. 

20. МФУ/КС/АФМ кардарлардын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүнү камтыган операцияларды жүргүзүү ыктымалдыгы тобокелдигине дуушарланган операцияларына өзгөчө көңүл буруп, кардарды талаптагыдай тиешелүү текшерүүнү жүзөгө ашырууга тийиш. 

21. Чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдарына карата МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча чараларын колдонушат: 

- кардар же бенефициар ээси коомдук кызмат адамы болуп саналарын аныктоо үчүн инструменттердин системасын колдонуу; 

- коомдук кызмат адамы менен ишкер мамиле түзүү же улантуу үчүн (болгон кардарлар үчүн) МФУ/КС/АФМнын жогорку башкаруу органынан же болбосо учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруучу органынан жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу; 

- чет өлкөнүн коомдук кызмат адамынын акча каражатынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо; 

- ишкер мамилелерге, анын ичинде жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу жана тереңдетилген мониторинг жүргүзүү

- чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдары тууралуу ээ болгон маалыматты дайыма жаңыртып туруу. 

МФУ/КС/АФМ жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөнүн коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата колдонуга тийиш. 

22. 21-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар, мындай адамдарга карата жогорку тобокелдик аныкталган учурда, улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата дагы колдонулат. 

23. Улуттук коомдук кызмат адамдарын аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ алынган маалыматты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коомдук кызмат адамынын анкетасынын формасына ылайык, электрондук форматта жазып алышат жана үч жумуш күндүн ичинде улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында жазылган маалыматты байланыштын электрондук каналдары аркылуу финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

24. МФУ/КС/АФМ коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты аныктоо, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдоно алышат. 

25. МФУ/КС/АФМде операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу болжолдонгон кардар менен түздөн-түз кабышта болбостон, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин талаптагыдай контролдоо максатында иштелип чыккан жана жаңы технологиялар менен байланышкан бардык жол-жоболордун сакталышы камсыз болууга тийиш. 

26. Жогорку тобокелдикти аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонушат: 

1) маалыматтын жеткиликтүү жана ишенимдүү булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди жыйноо, ошондой эле ушул маалыматтарды кардар менен байланышкан тобокелдикти баалоодо колдонуу; 

2) кардардын жана бенефициар ээсинин кылмыш ишине тартылышы мүмкүн болгон тобокелдикти тереңирээк түшүнүү үчүн кардар жана бенефициар ээси жөнүндө кошумча маалыматты жыйноо; 

3) кардардын ишкер мамилесинин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, ошондой эле акча каражаттарынын булактары жөнүндө кардардан кошумча маалыматты суроо; 

4) акча каражаттары кылмыштуу иштен алынган кирешелер эмес экендигине ынануу үчүн ишкер мамилени белгилөөнүн алкагында колдонулуучу кардардын акча каражаттарынын булактарын текшерүү

5) кардардын жана бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын үзгүлтүксүз жаңылап туруу, бирок жылына бир жолудан кем эмес; 

6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маңызын түшүндүрө турган кошумча маалыматты суроо; 

7) кардары менен ишкер мамилени түзүүгө же улантууга жогорку кызмат адамынан/жогорку аткаруу органынан уруксат алуу; 

8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында, операцияларга (бүтүмдөргө) күн сайын мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, акча каражаттарынын дайындалышын карап чыгуу жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен киргизүү жолу менен да ишкер мамилеге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторингдин жыйынтыктарын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамына жана МФУ/КС/АФМ жогорку кызмат адамына/жогорку аткаруу органына жеткирүү

Муну менен бирге МФУ/КС/АФМ тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу зарылдыгын документтештирип жазууга тийиш. 

Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн келген кардарларга карата дагы колдонулууга тийиш. 

27. Төмөнкү тобокелдикти аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат: 

1) ишкер мамиленин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу; 

2) ишкер мамилени түзгөндөн кийин кардарды жана бенефициар ээсин верификациялоо; 

3) кардардын жана бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңылап туруу мөөнөтүн азайтуу; 

4) МФУ/КС же АФМ аныктаган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен кыскартылган түрдө кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү

 

8-ГЛАВА. 

Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо 

28. МФУ/КС же АФМде террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген критерийлер жана белгилер боюнча кардардын ишин текшерүү тартиби аныкталууга тийиш. 

29. Акча каражаты менен ишке ашырылган операция (бүтүм) контролго алынууга жана финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш. 

Контролдоого жана маалымдалууга тийиштүү операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет: 

- төмөнкү учурлардагы шектүү операциялар (бүтүмдөр): 

1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо; 

2) эгерде каражаттардын төмөнкүлөрдү каржылоого байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо: 

а) террористтерди жана экстремисттерди; 

б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

в) террористтик же экстремисттик иштерди. 

 

Шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, анын ичине шектүү операцияларды (бүтүмдөр) ишке ашыруу аракеттери тууралуу маалыматтар ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз маалымдалууга тийиш. Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин (белгилеринин) тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт. 

- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен операциялар (бүтүмдөр); 

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр); 

- нак акча каражаты менен операциялар (бүтүмдөр); 

- нак эмес акча каражаты менен операциялар (бүтүмдөр). 

30. МФУ/КС же АФМ кардарга, бенефициар ээсине карата алардын террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтын бар болушун текшерүү максатында, тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.  

Көрсөтүлгөн маалыматтар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар Санкциялык тизмекте жана жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде камтылат, мындай тизмектерди жана тизмелерди түзүү жана жаңыртып турууга жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы саналат. 

МФУ/КС же АФМ программалары жана жол-жоболору менен аныкталган тартипке ылайык, кардарларды идентификациялаган жана шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды аныктаган МФУ/КС же АФМ кызматкерлери шектүү операциялар белгилерине ээ бардык аныкталган операциялар тууралуу жооптуу кызматкерге маалымдоого тийиш. 

 

 

 

 

КыргызРеспубликасынын   

Улуттук банк Башкармасынын   

2019-жылдын ___-________   

№ _______________  

токтомуна карата 2-тиркеме   

 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ алмашуу бюролорунда ички контролду уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо, бул Жобонун максаты болуп саналат. 

2. Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу үчүн алмашуу бюролорунун ишине инспекциялык текшерүү жүргүзүп, алардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) белгиленген тартипте жөнөтөт. 

3. Жобонун максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Ички контролдоо контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жанашектүүоперацияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) түздөн-түзбайланыштууакчакаражаттары же мүлкмененишкеашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөткоюубоюнчачаралардынжыйындысы. 

Идентификация - кардар жана (же) бенефициар ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Верификация - кардардын жана (же) бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Бенефициар ээси - акырында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке жактар) же болбосо операция (бүтүм) ишке ашырылып жаткандынатынан же кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн жеке адам. 

Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо - бул, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу баскычы, мында милдеттүү контролго алынууга тийиш болгон операцияларды аныктоо иши камтылат. 

Контролдоого жана маалымдоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23, 24, 25, 26-беренелеринде каралган акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр). 

Чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген маани. 

"Экстремисттик иш" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын түшүндүрмө берүү аппаратынын ченемдерине ылайык келет. 

 

2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо системасы 

 

5. Алмашуу бюролору Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берген тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмага негизделген ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана колдонууга милдеттүү. Алмашуу бюролорунун ички контролдоо программасы Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга туура келүүгө, ошондой эле алмашуу бюролорунун иш өзгөчөлүгүн, штаттык санын, кардарлар базасын, тобокелдик деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгууга жана колдонулууга тийиш. 

6.Алмашуу бюролорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген талаптарга ылайык, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын сактоо боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу адам болууга тийиш. 

7. Нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашырууда алмашуу бюролорунун кызматкерлери төмөнкү иш-чараларды аткарууга тийиш: 

1) 70 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу менен эсептелген чет өлкө валютасындагы суммага эквиваленттүү) нак улуттук жана/же чет өлкө валютасындагы суммада сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалганда, инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо иштери жүргүзүлөт.  

Инсандыгын күбөлөндүргөн документтерге төмөнкүлөр кирет: 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча: 

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту (ID карта); 

б) идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту ID карта); 

в) Жарандык абалды каттоо актылары органынын жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандары үчүн; 

г) аскердик билет; 

д) айдоочунун күбөлүгү

2)Чет өлкө жарандары боюнча: 

а) чет өлкө жаранынын паспорту; 

б) Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) укугун тастыктоочу документ. 

3) Жарандыгы жок адамдар боюнча - Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) укугун тастыктоочу документ. 

4)Качкындар боюнча:  

а)качкын деп табуу жөнүндө өтүнүч катты каттоо күбөлүгү

б) качкын күбөлүгү

Кардардын инсандыгын аныктагандан тышкары, алмашуу бюросунун кызматкерлери кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы жөнүндө маалыматтар камтылган Санкциялык тизмектерден жана адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринен кардардын бар же жоктугун текшерүүсү зарыл. 

2) 1 000000 сомго барабар же андан ашкан суммада (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу менен эсептелген чет өлкө валютасындагы суммага эквиваленттүү) нак улуттук жана/же чет өлкө валютасындагы суммада сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалганда, алмашуу бюросунун кызматкерлери кардарды белгиленген талаптар боюнча текшерүүгө милдеттүү.  

Талаптагыдай текшерүүгө кардарды идентификациялоо кардардын-жеке адамдын инсандыгын аныктоо кирет: аты-жөнүн, жашаган жерин, туулган жылын, инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде инсандыгын аныктаган (сүрөтү менен) жана чет өлкө жаранынын жана жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтин негизинде жарандыгын, жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (болгон болсо) же социалдык коргоо күбөлүгүнүн номерин, акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды аныктоо.  

Кардарды индентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча анкетаны кардардын-жеке адамдын толтуруусу менен жүргүзүлөт. 

Эскертүү: кардарды идентификациялоо жүргүзүү керектиги үчүн операциянын (бүтүмдүн) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, “Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жободо белгиленген. 

3) контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана табуу.  

4) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык, контролдоого жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүм) жөнүндө төмөнкү билдирүүлөрдү түзүү жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

а) шектүү операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү ишке ашырылган операциянын суммасына көз карандысыз, операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп табылган учурдан тартып беш саат ичинде берилүүгө тийиш. 

Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт. Алмашуу бюролорунун иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлүүчү шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине толуктоо катары алмашуу бюролору улам толукталышы мүмкүн болгон шектүү операциялардын төмөнкүдөй мүнөздүү белгилеринин жана критерийлеринин тизмесин карап чыгууга тийиш:  

- кардардын суралып жаткан маалыматтарды (аты-жөнү, катталган жана жашаган жери, туулган күнү, паспорттогу маалыматтар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтар) берүүдөн жүйөсүз баш тартуусу же түшүнүксүз себептер менен маалымат берүүнү созуу; 

- ошол эле бир адамдын бир айдын ичинде көп жолу (14 жана андан көп) эч кандай айкын экономикалык же болбосо ачык мыйзамдуу максаты жок нак чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу боюнча операцияларды ишке ашыруусу. 

б) жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары тарабынан нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары (бүтүм) ишке ашырылгандыгы жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып операциянын суммасына көз карандысыз финансылык чалгындоо органына эки жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш. 

в) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары (бүтүм) ишке ашырылгандыгы жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып финансылык чалгындоо органына эки жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш. 

г) коомдук кызмат адамдары тарабынан нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары (бүтүм) ишке ашырылгандыгы жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып финансылык чалгындоо органына үч жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш. 

Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык, финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт. 

4) ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) суммасы чектүү суммага барабар болгон же андан ашкан учурда, кардар тууралуу маалыматты кошуу менен нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмаштыруу операциялары (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды Кардарлар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналына каттоо жана операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып финансылык чалгындоо органына үч жумуш күнү ичинде берүү зарыл. 

5) кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана иликтөөгө, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоого тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү жана чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары боюнча маалыматтар алмашуу бюросу менен кардардын ортосунда бүтүм ишке ашырылгандан кийин кеминде беш жыл сакталат; 

6) Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу тартибине ылайык башка иш-чаралар. 

7. Алмашуу бюросу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендиги тууралуу кардарларга жана башка жактарга билдирүүгө укугу жок. 

8. Алмашуу бюросу кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана иликтөөгө, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоого тиешелүү маалыматтарды жана нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу боюнча маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

9. Алмашуу бюросу ушул Жобону кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жоопкерчилик тартат. 

10. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар Санкциялык тизмектерди, жеке адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелерин, жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн тизмелерин, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адамдардын тизмелерин, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка тизмелерди жана тизмектерди жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын   

2019-жылдын ___-________   

№ _______________  

токтомуна карата 3-тиркеме   

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун: 

- 13-пунктунун: 

2-пунктчасындагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

6-пунктчасындагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча болжолдонгон операциялар боюнча ишти жөнгө салган адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ички контролдоо программасын”. 

- 25-пунктунун: 

биринчи абзацындагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктчасынын бешинчи абзацындагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 26-пунктунун: 

биринчи абзацындагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

3- пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө жана тиешелүү сертификаттарга ээ болууга тийиш.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобонун: 

- 9-пунктунун л)-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 9-1.пунктунун 7)-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге” “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пунктунун: 

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10) эгерде өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин катышуучулары акчалардын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) (ФАТФ) сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн аймагында каттоодон өтсө же жашаса жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаса, ошондой эле өтүнүч ээси же болбосо өтүнүч ээсинин катышуучулары кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген маалымат Санкциялык тизмектерде, адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде бар болсо, тизмектерди жана тизмелерди түзүүгө жана жаңыртып турууга жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы эсептелет; 

Эскертүү: колдонулган терминдер Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшүндүрүлөт.”; 

- 12-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 49-пунктунун 1-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун: 

- 23-пунктунун: 

алтынчы жана жетинчи пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“6) каттоодон өткөн же катышуучу катары акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарын колдонбогон жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган адамдарга жана/же аффилирленген жактарга, же болбосо ошол мамлекеттердин аймагында жашаган адамдарга ээ юридикалык жактар, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген маалымат Санкциялык тизмектерде, адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде бар болгон юридикалык жактар, тизмектерди жана тизмелерди түзүүгө жана жаңыртып турууга жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы эсептелет; 

7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарын колдонбогон жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө жашаган жана/же резиденттери болуп саналган жеке адамдар, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген маалымат Санкциялык тизмектерде, адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде бар болгон жеке адамдар, тизмектерди жана тизмелерди түзүүгө жана жаңыртып турууга жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы эсептелет;”; 

- 25-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 35-пунктундагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 6-тиркемедеги “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын”. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы  № 52/6 "Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Депозиттерди тартпаган микрофинансы уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5. Улуттук банк, МФУлардын, адистештирилген финансы мекемелеринин жана алмашуу бюролорунун ишине, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу маселелери боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт.”; 

- 6-пунктунун б) пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 19-пунктунун он үчүнчү абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пунктунун д)-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого”деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 38-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 3-тиркеменин «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында тобокелдикти жана ички контролдукту тескөө жөнүндө маалымат» деп аталган IV бөлүгүнүн:  

- тексти боюнча “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 3-1-тиркеменин «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук жөнүндө маалымат» деп аталган III бөлүгүнүн:  

- тексти боюнча “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун: 

3-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

9-пунктунун 17-абзацындагы “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө” деген сөздөр “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

13-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 1-тиркеменин 3-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун: 

- 1.3-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.4-пунктунун 2-абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.4-пунктунун онунчу абзацындагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын” дегенге алмаштырылсын. 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы 

8. № 14/2 “Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

-1.3-2-пунктундагы “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын. 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун: 

- Жобого карата 1-тиркемедеги “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын. 

10. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө” жобонун: 

Жобого карата 1-тиркемедеги “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” деген сөздөр “террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” дегенге алмаштырылсын. 

11. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобонун: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8. ФКУ ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын жана Улуттук банктын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого тийиш.”.