Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы 38/8  

токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо  

принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө»  

жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 1. Максаты жана милдеттери  

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы 38/8 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары долбоор) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган келишимдердин тизмесин кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын кайрылуусуна карата аталган банктар мугараса, музараа жана мусакат аттуу жаңы операцияларды колдонуп айыл чарба секторунда иштеген кардарларды каржылоого кызыкдар экендигин билдиришкен жана ушул операцияларды «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобого киргизүү сунушун беришкен. 

Ушуга байланыштуу долбоордо белгиленген Жободо «Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү» 2.2-главасын жогоруда белгиленген операциялардын жаңы түрлөрү менен толуктоо каралган. 

Аталган операциялардын аныктамалары жана негизги жоболору долбоорго Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) Шариат стандарттарына ылайык киргизилген. 

Ошондой эле долбоордо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык келтирүү максатында «аманат эсептери» деген аныктама «талап боюнча төлөнүүчү эсеп» дегенге өзгөртүлдү.  

Долбоор 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобого толуктоо жана өзгөртүү 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобо:  

- 2.2-глава Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү төмөнкү мазмундагы 2.2.34 жана 2.2.35 пункттар менен толукталсын: 

«2.2.34. Айыл чарба секторунда колдонулган келишимдер/өнөктөштүктөр: 

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) бул келишим боюнча бир тарап айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн аларга кам көргөн башка тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүү шарты менен сунуштаган келишим. 

2) Музараа келишими бул келишим боюнча бир тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган бир үлүшүн алуу үчүн башка тарапка сунуштаган келишим. 

3) Мугараса келишими бул келишим боюнча бир тарап токойсуз жерди тараптар бак-дарактарды жана түшүмдү/жемишти макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүштүрүп алуу шартында, ага бак-дарактарды отургузуу үчүн башка тарапка сунуштайт. 

2.2.35. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн Шариат стандарттарын колдонуу жана банкта аларды колдонуу үчүн тиешелүү билими бар кызматкерлердин болуусу зарыл.»; 

- 2.12.2.2-пунктунда «аманат эсептерин» деген сөздөр «талап боюнча төлөнүүчү эсептерин» дегенге өзгөртүлсүн

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылынын 23-сентябрындагы №38/8 токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобого толуктоону жана өзгөртүүнү киргизүү тууралуу» долбооруна карата 

Салыштырма таблицасы 

№ 

Аракеттеги редакция 

Сунуш кылынган редакция 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылынын 23-сентябрындагы №38/8 токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобо 

1.  

2.2.33. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизинде түзүлгөн компания үчүн өндүрүш каражаттары зарыл болсо, анда ар бир тарапка кызмат көрсөтүү үчүн зарыл өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет. Бул учурда ар бир өнөктөш өздөрү камсыз кылган өндүрүш каражаттарына менчикке укукка ээ болот. Өнөктөштөр менчикке биргелешкен укуктун негизинде зарыл жабдууларды же шаймандарды (инструменттерди) сатып алуу үчүн каражат кошуусу мүмкүн. Шарика/мушарака келишимине катышкан тараптарга ошондой эле, компания үчүн зарыл болгон өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет, алар үчүн сыйакы компаниянын утурумдук чыгашаларына чегерилет.  

2.2.34. Айыл чарба секторунда колдонулган келишимдер/өнөктөштүктөр: 

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) бул келишим боюнча бир тарап айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн аларга кам көргөн башка тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүү шарты менен сунуштаган келишим. 

2) Музараа келишими бул келишим боюнча бир тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган бир үлүшүн алуу үчүн башка тарапка сунуштаган келишим. 

3) Мугараса келишими бул келишим боюнча бир тарап токойсуз жерди тараптар бак-дарактарды жана түшүмдү/жемишти макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүштүрүп алуу шартында, ага бак-дарактарды отургузуу үчүн башка тарапка сунуштайт. 

2.2.35. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн Шариат стандарттарын колдонуу жана банкта аларды колдонуу үчүн тиешелүү билими бар кызматкерлердин болуусу зарыл

2.  

2.12.2.2. Вади'а йад дамана келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан аманат эсептерин ачуу жана тейлөө аркылуу сунушталат. 

... 

2.12.2.2. Вади'а йад дамана келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан талап боюнча төлөнүүчү эсептерин ачуу жана тейлөө аркылуу сунушталат. 

…