Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Башкармалыгын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» Нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомдун долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана маселелер  

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 Улуттук банктын Башкармалыгын «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» Нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору), келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритмин, сунушталган документтерге талаптарды конкреттештирүү жана мындан ары Улуттук банктын милдеттерин жана функцияларын эффективдүү жүргүзүү жана башка маселелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.  

Улуттук банктын ушул долбоордун алкагында негизи максаты болуп, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына инспектордук текшерүү жүргүзүү тартибин жакшыртуу болуп саналат.  

 

2. Сыпаттама бөлүгү 

Сунушталган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритмин, сунушталган документтерге карата талаптарды конкреттештирүү жана мындан ары Улуттук банктын милдеттерин жана функцияларын эффективдүү жүргүзүү жана башка маселелер жөнгө салынат.  

Сунушталган укуктук ченемдик актынын долбоорунда төмөнкүлөр каралган: 

инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө сунушталган документтерге талаптарды конкреттештирүү

инспектордук текшерүүнү пландаштыруунун критерийлерин аныктоо; 

төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын максаттан тышкаркы текшерүүнүн негиздерин конкреттештирүү

төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарынында, инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритими; 

инспектордук текшерүүнү өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир фактыларды акт менен белгилөө мүмкүнүлүгү

- инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто негизги суроолорду чагылдыруу жана башкалар 

 

3. Социалдык, укуктук, гендердик, экологиялык, экономикалык жана корупциялык болжолдуу таасирлери.  

Токтомдун долбоору өлкө үчүн он социалдык-экономикалык тассири болот ошондой эле сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын төлөм жана банк системаларын эффективдүү, коопсуз жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу үчүн кошумча чара кабыл алууга багытталган.  

Токтомдун долбоору социалдык чөйрөдө укуктуу чектөөгө, укукту коргоодо, гендердик жана экологиялык чектөөлөргө алып келүүчү нормаларды камтыбайт.  

Андан сырткары токтомдун долбоору кандайдыр бир коррупциялык факторлорду камтыбайт.  

 

 

4. Комдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Токтомдун долбоору Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен, ошондой эле  

Жумушчу топтун курмамындагы «Кыргыз Республикасынын Төлөм системасынын операторлорунун Ассоциациясы» ОЮЛ, «Байланыш операторлорунун Ассоциациясы» ОЮЛ жана «КИКБ» ЖАК менен макулдашылды.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо  

Сунушталган токтомдун долбоору, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Көрсөтүлгөн токтомдун долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча финансалык оорчулук келтирбейт. 

 

7. Жөнгө салуу таасирин талдап иликтөө боюнча маалымат 

Жобонун долбооруна жөнгө салуу таасирин талдап иликтөө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябындагы № 559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талабына ылайык иштелип чыкты.  

 

Долбоор 

 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 

“Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 “Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасы операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдоо Төлөм системалар башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттун банк Башкармасынын 

2019-жылдын ________ _____ 

№_____________________  

токтомуна карата 1-тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" Нускоонун:  

- 3-пунктунун "ошол" деген сөз "коюлган" дегенге алмаштырылсын;  

- 5-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Улуттук банк инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдардын, агенттердин, туунду уюмдардын ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты, ошондой эле отчетторду талап кылууга, алынган маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга жана зарыл болгон учурда көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу”.  

- 7- пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:  

«-аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдардын абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда - эскертүү чараларын жана/же таасир этүү чараларын иштеп чыгуу»; 

«-көзөмөлгө алынган уюмдун мурдагы инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн жана жазма буйруктарынын аткарылышна баа берүү»; 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 8-1 пункту менен толукталсын: 

«8-1. Көзөмөлгө алынган уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү планы бир жылга түзүлөт жана Улуттук банктын Төрагасынын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү же аны алмаштырган адам тарабынан бекитилет.  

Инспектордук текшерүүнү пландаштыруу төмөнкү негизи критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт бирок ал менен эле чектелбейт

- төлөм системасынын маанилүүлүгү, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасынын комитети тарабынан бекитилет;  

- уставдык капиталдын көлөмү

- бюджеттик төлөмдөрдү кабыл алуу;  

- мурдагы инспектордук тершерүүнүн жүргүзүлүшү

- буга чейин колдонулган таасир этүү чараларды аткаруу жана башкалар. 

Зарыл болгон учурда инспектордук текшерүүнүн планына өзгөртүүлөр киргизилет.”; 

- 10-пунктунун «текшерүүгө алынат» деген сөздөрдөн кийинки сөздөр “(мисалы, процессинг, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу, электрондук акча ж.б.у.с.)” алынып салынсын;  

- 14-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: 

«-төлөм системасынын операторунун /төлөм уюмунун уюштуруучуларынын/катышуучуларынын/акционерлердин, кызмат адамдарынын ортосунда пикир келишбестик (кагылыш) тууралуу жарандардын маалыматы/билдирүүсү/кайрылуусу (көзөмөлгө алынган уюмдарга байланыштуу) же колдонуучулардын алдындагы милдеттемелерди аткарбоого алып келе турган же/жана төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин бузууга байланыштуу башка окуялар болсо»; 

- көзөмөлгө алынган уюмдардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан маалымат болсо.»; 

- 15-пунктунун «эки жылда бир гана жолу» деген сөздөрү «бир жылда бир гана жолу» дегенге алмаштырылсын;  

-21 пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«21. Эгерде пландык инспектордук текшерүү комплекстүү болсо, текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга зарыл документтердин тизмесин кошо тиркөө менен (2-тиркеме) текшерүү башталганга чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми жолдомо уюмга келген учурда көрсөтүлөт.»; 

- 25-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«25. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм, ушул нускоонун 21-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн билдирүү катында белгиленген бардык документтерди сунуштоого милдеттүү

Документтер жок болсо ал өзүнчө акт менен таризделип, ага текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол тамга коёт.  

Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм, жумуш орду менен өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү.Өзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/видео жаздыруучу каражаттар болбоого тийиш. 

Эгерде көзөмөл тообуна өзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/видео жаздыруучу каражаттар болсо, анда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү учурунда бөлүнүп берилген жайда аудио/видео жаздыруу жүргүзүлбөшү тууралуу милдеттеме белилет.»; 

-26-пунктунун «чейинки бир жумуш күнү мурда» деген сөздөрү «күнү» дегенге алмаштырылсын;  

-27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«27. Көзөмөлгө алынган уюм документтердин түп нускасын сунуштайт. Өзгөчө учурларда гана, объективдүү себептер боюнча анын түп нускасын сунуштоо мүмкүн эмес болгон учурларда, жазуу түрүндө себебин көрсөтүү менен көзөмөлгө алынган уюм анын кызмат адамынын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт. 

Текшерүүчү тообунун сурамы боюнча көзөмөлгө алынган уюм талап кылынган документердин электрондук версиясы бар болгон учурда сушуштайт.»; 

- 29- пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«-сурам боюнча көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган системасына баардык жүргүзүлгөн операцияларды (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) алуу мүмкүнчүлүгү менен текшерүү укугуна ээ болуу; 

-жетинчи абзац күчүн жоготкон катары таанылсын;  

-сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча бардык маалыматтарды жана документтерди талап кылууга»; 

-31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди, талап кылынган малыматтарды сунуштаган жана даярдаган көзөмөлгө алынган уюмдун кызматкерлери менен түздөн-түз талкуулашы мүмкүн. »;  

-32-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Ошондой эле зарыл болгон учурда көзөмөлгө алынган уюмда текшерүү жүрүп жаткан учурда кандайдыр бир фактыларды жана/же окуяны ырастоо максатынды (жетекчилик жок учурда, кызмат адамы, кассаны калдыгын чечүү жана башкалар) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул нускоонун 3-1 тиркемесине ылайык Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден - эки нускада инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/же окуяны ырастоочу акты түзүлөт.»; 

-33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«33. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына/ инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/же окуяны ырастоочу актысына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү/кызмат адамдары/кызматкерлери кол тамга коёт. Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюм тарабынан кол коюдан баш тарткан учурда же көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/кызмат адамдары/кызматкерлери жок учурда бул тууралуу актыда көрсөтүлөт жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчисинин жана анын мүчөлөрүнүн) кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.»; 

-35-пунктунун «акыркы жумасында» деген сөздөн кийин «комплекстүү инспектордук» деген сөздөр менен толукталсын:  

өмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эгерде максаттуу инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн учурда, текшерүү тобонун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жолугушуу өткөрүлбүйт.»; 

-36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«36. Алдын ала жолугушун жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча өздөрүнүн комментарийлерин ошондой эле кооптонууну жараткан маселелер боюнча жагдайды такташтыруу, орун алган проблемалар боюнча түшүндүрмө алуу, ошондой эле текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.  

Ошондой эле көзөмөлгө алынган уюм алдын ала жолугушунун протоколуна кол коюдан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм 3 күн ичинде протоколго кол коюудан баш тарткандыгын негизин көрсөтүү менен кат жөнөтөт.»; 

-41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«41. Жыйынтыктап жолугушуудан кийинки беш жумуш күн ичинде протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат.Жыйынтыктап жолугушун протоколуна, текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү, ал жок учурда - анын милдетин аткарган адам кол тамга коет.  

Эгерде көзөмөлгө алынган уюм жыйынтыкталган жолугушунун протоколуна кол коюдан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм 3 күн ичинде протоколго кол коюудан баш тарткандыгын негизин көрсөтүү менен кат жөнөтөт.»; 

-44 пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөмү менен толукталсын: 

«Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет төмөнкү маалыматтарды камтыйт (бирок чектелбейт): 

- операциялык тобокелдиги; 

- ликвиддүүлүк тобокелдиги; 

- комплаенс- тобокелдиги; 

- ПФТ/ОД тобокелдиги; 

- кирешелүүлүк; 

- капиталдын жетиштүүлүгү

- ички көзөмөлдөө, башкаруу тобокелдиги жана тышкы аудит; 

- Улуттук банка сунушталган финансылык жана башка отчетундагы маалыматтарды жана коомчулук үчүн жарыяланган маалыматтарды текшерүү

- Көзөмөлгө алынган уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уставдык капиталдагы үлүшүн сатып алгандыгы/ажыраткандыгы боюнча операцияларды, ошондой эле капиталдын көбөйүшү/азайышы боюнча абалды текшерүү;  

-башкаруу тобокелдигине баа берүү;  

- автоматташтырылган системанын коюлган талаптарга ылайыктуулугуна баа берүү»; 

-52-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«52. Коштомо катта төмөнкүлөр чагылдырылат: 

- көзөмөлгө алынган уюм отчётто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чаралар; 

- инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул нускоонун 4-тиркемесине ылайык отчет менен таанышуу барагына кол коюу зарылдыгы, ошол эле учурда отчётто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместик отчет менен таанышуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт.»; 

-53-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«53. Көзөмөлгө алынган уюмдун аткаруу органын мүчөлөрү / Директорлор кеңеши/уюштуруучулары/катышуучулары инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып чыгып, таанышуу баракчасына кол тамга коюуга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин Улуттук банктан коштомо катты алгандан тартып 10 (он күн) ичинде кол тамгасы коюлган Таанышуу баракчасы Улуттук банкка кайтарылып берилет. 

-54-пунктунун «кол тамга коюлбагандыгы» деген сөздөрү « отчет менен таанышуу баракчасына » дегенге алмаштырылсын;  

-Нускама төмөнкү мазмундагы 3-1 Тиркемеси менен толукталсын: 

 

3-1-Тиркеме 

 

Инспектордук тершерүүдө коюлган фактыны жана/же окуяны ырастоочу акт 

 

________________________________________________________________________ өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

________________________________________________________________________ (жайгашкан орду, дареги, телефону) 

_____________________________________ "___" _______________ 20__ г. 

үзүлгөн жери жана датасы) 

  

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

_____________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү) жана 

____________________________________________________________ 

 (Көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн/кызмат адамдарын/ кызматкерлеринин аты-жөнү

 

төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлгөн: 

_______________________________________________________________________ 

                     (коюлган фактылар жана/же окуя көрсөтүлөт) 

  

Акт түзгөн адам: 

 

(Улуттук банктын ыйгарым 

укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү

____________ 

(кызмат орду) 

_________ 

(кол тамгасы) 

  

  

  

  

Таанышып чыктым: 

________________ (Көзөмөлгө алынган уюмдун кызматкерин аты-жөнү

_____________ 

(кызмат орду) 

__________(кол тамгасы) 

  

  

  

  

  

  

  

  

Акттын экинчи 

нускасын алдым: 

________________ 

(Көзөмөлгө алынган уюмдун кызматкерин аты-жөнү

______________ 

(кызмат орду) 

__________ 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

-4-Тиркемесинин «Аткаруу органынын кол тамгалары» деген сөз «Отчет менен таанышуу баракчасына» дегенге алмаштырылсын. 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

Бекитилсин 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

Төрөгасы 

 

___________________ 

(кол тамга)  

«____» _______________ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» 

Нускоосуна, толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбооруна 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө 

 

Иштеп чыгуунун негизи: КРУБ нын 2019-жылдын 05-мартындагы № 2019-№-141/42-О буйругу 

 

 

Өткөрүү мөөнөтү: март 2019 г. май 2019 г.  

(башталышы) (аягы) 

Жумушчу топ: 

1. 

Лелевкина Э.В. 

 

Жумушчу топтун төрөгасы, Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын начальниги 

2. 

Акулуева М.Ш. 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын, төлөм системасын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүн начальниги 

3. 

Омуралиева Н.Э. 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын, төлөм системасын көзөмөлдөө жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги  

4. 

Султаналиев А.З. 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын, санарип жана финансы технологиялар бөлүмүнүн начальниги 

5. 

Бугубаева Н.А. 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарын ишин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси  

6. 

Ибрагимова С.З. 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын санарип жана финансы технологиялар бөлүмүнүн башкы адиси  

(№ 2 жумушчу топтун катчысы ) 

7. 

Исмаилов А.Б. 

 

Улуттук банктын юридикалык башкармалыгын жетектөөчү адиси  

8. 

Кулманбетов У.Э.  

 

Улуттук банктын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси  

9. 

Джумалиева С. 

 

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик банк» ЖАКынын комплаенс-контроль башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча)  

10. 

Алишев Р.К. 

 

Кыргыз Республикасынын Төлөм системасынын операторлорунун Ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча) 

11. 

Куренкеев А.С. 

 

Байланыш операторлорунун Ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча) 

 

 

Жоопту адамдын байланыш маалыматтары: Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгын, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүн, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарын ишин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси, телефон 66 91 98, e-mail: nbugubaeva@nbkr.kg 

 

Көлөмү-_______барак, тиркеме - __________.  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябындагы № 559 Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» 

Нускоосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбооруна 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө 

 

1. Мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн негиздер жана көйгөйлөр 

 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук банк тарабынан лицензияланган 22 төлөм системасынын оператору жана 21 төлөм уюму төмөнкү кызматтар боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзөт: 

- өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

Улуттук банк, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдү, ошондой эле төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына алардын ишмердүүлүгү боюнча инпектордук текшерүүнү жүзөгө ашырат жана зарыл болгон учурда карата таасир этүү чараларын кабыл алат.  

2019-жылдын январында негизги төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын уюштуруучуларын, ошондой эле жетекчиликтин жана жамаатттын ортосундагы ички кагылыштын жыйынтыгында, төлөм системасынын ишинде мүчүлүштүк катталып жыйынтыгында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөр өз убагында өткөрүлбөй ошондой эле агенттер/кардарлар/контрагенттер менен эсептешүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбой, жыйынтыгында ишмердүүлүүк жүргүзүүгө лицензиянын аракетин токтоотуга алып келди. Андан сырткары, келип чыккан проблема, интернет-банкинг, электрондук акчаны эсептешүү системасынын иштөөсүнө жана башка бир канча коммерциялык банктарга таасир этти.  

Улуттук банк тарабынан тобокелдикти азайтуу максатында төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмунун ишмердүүлүгү боюнча максаттуу инспектордук текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы, көзөмөлдөө жана коюлган коргоо механизмдери үчүнчү жактардын пайдасына алынган төлөмдөрдун кепилдиги жетиштүү түрдө эффективдүү эместигин көрсөттү. Андан сырткары жогорууда айтылган текшерүүн жүрүшүндө, зарыл болгон документтерди, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм системасына мумкүнчүлүк алууда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги менен текшерүү боюнча алдын ала жолугушууда, инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына кол коюууда/кандайдыр бир фактыларды жана башкаларда 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун талабына ылайык толук жүргүзүлгөн жок. 

Ушуга байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салууда жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Улуттук банк функцияларын эффективдүү аткаруу максатында, ушундай абал төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм системасында жаралышынын тобокелдигин азайтуу үчүн, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоосуна жана 2016-жылдын 24-февралдагы № 10/7 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.  

Андан сырткары 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты төлөм системаларынан пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого алуу жана камсыз кылуу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү

 

1-масале. Улуттук банк тарабынан төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарында инспектордук текшерүү жүргүзүүдө коюлган аракеттерди аткарууда, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдары тарабынан каршылык көрсөтүү.  

Төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарында квалификациялуу жетекчинин, башка кызмат адамдары жоктугу, компаниядагы IT-персоналдарын штаты жана маанилүү функцияларды аткарууда курамдын кайталанышы төлөм системасынын иштөөсүндө техникалык мүчүлүштуккө алып келиши мүмкүн.  

Техникалык мүчүлүштуктү өз убагында четтетүү орун албагандыктан, ушул төлөм системасынын операторунун кызматтарынан пайдаланган, бир канча коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизди.  

Андан сырткары төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдары тарабынан каршылык көрсөтүү, текшерүү жүргүзүү учурунда талап кылынган маалыматтардын, маалыматтарга мүмкүнчүлүк, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгү тууралуу документтерди сунуштообосу, же кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин жоктугу, төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарында инспектордук текшерүү жүргүзүүдө каршылык көрсөтүү актысына кол коюуудан баш тартууда, коюлган аракеттерди толук көлөмдө аткарууга мүмкүнчүлүк болбойт.  

 

2-маселе. Инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын кабыл алуу үчүн, бузулган фактыларды ырастоочу документтерди/маалыматтарды алууга мүмкүн эместик.  

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын абалына реалдуу баа берүү үчүн жана аларга карата таасир этүү чараларын кабыл алууда аныкталган бузуулар боюнча ырастоочу документтер болуусу зарыл. Бирок төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарынында инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдарынын, IT-персонал, бухгалтерия кызматкерлери ж.б кызматкерлер жок болгон учурда төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм сестемасынын иштөөсү тууралуу жана финансылык абалы ж.б туура маалыматтарды алууга мүмкүн эместик.  

3-маселе. Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларында төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына, көзөмөлдөө таасир этүү чараларын жана келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдарда атайын режимди киргизүүнүн жоктугу.  

2019-жылдын январында уюштуручулардын/ээлерин/катышуучулардын ортосундагы жаралган ички кагылыш жана жамааттын компанияны башкаруу саятына, методуна, башкаруу формасына каршылыгы, ошондой эле пайда болгон көйгөйлөрдү өз убагында чечбегендиктен маанилүү кызматкерлердин массалык жумуштан кетишине жана компаниянда башкаруунун жоголушуна алып келди. 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/7 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобосунда төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жоопту кызмат адамдарынын жана кызмат адамдарынын ишмердүүлүк регламенти көрсөтүлгөн эмес.  

Андан сырткары, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоосунда төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарынында инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритими көрсөтүлгөн эмес жана текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кандайдыр бир фактыларды ырастоочу актынын үлгүсү жоктугу (кызмат адамынын жоктугу жөнүндө факт/мүчүлүштүк/ жана башка фактылар).  

 

 

Мындан ары негизи көйгөйлөрдү чагылдырган жана аларды чечүүдө терс таасирлерди көрсөткөн «проблемалар дарагы» келтирилди.  

«ПРОБЛЕМАЛАР ДАРАГЫ» 

 

 

 

2. Көйгөйдү чечүү үчүн чараларды аныктоо  

Жөнгө салуунун максаты: 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салууда жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Улуттук банктын функцияларын эффективдүү аткаруу жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүү иштөөсү үчүн Улуттук банктын укуктук ченемдик базасын жакшыртуу.  

Көйгөйдү чечүү үчүн чаралар:  

Жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоосунун төмөнкү бөлүктөрүнүн нормаларын кайра карап чыгуу:  

- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө сунушталган документтердин талаптарын жакшыртуу;  

- инспектордук текшерүүнү пландаштыруунун критерийлерин аныктоо; 

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын максаттан тышкаркы текшерүүнүн негиздерин жакшыртуу; 

- төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарынында инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритимин; 

- инспектордук текшерүүнү өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

- актами инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир фактыларды акт менен белгилөө мүмкүнүлүгү

- инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто негизги суроолорду чагылдыруу жана башкалар 

 

 

3. Жөнгө салуунун варианттары жана натыйжаларына баа берүү 

Жөнгө салуунун үч вариантты каралган:  

№1 вариант «жөнгө салууда либералдуу багыт».  

№ 2 вариант «азыркы абалда калтыруу». 

№ 3 вариант «мамлекеттик жөнгө салуу». 

 

№1-вариант. «Жөнгө салууда либералдуу багыт» 

 

Көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан сунушталган төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын инспектордук текшерүүнүн аралыгынын мөөнөтүн узартуу жолу менен, көзөмөлдөө органынын минималду кийлигишүү саясаты, Улуттук банктын төлөм системаларынын көзөмөлдөө функцияларын аткарууда, көзөмөл тобокелдигин алсыздашына алып келет. Бул өз убагында төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жүргүзгөн операцияларына контролдун жоктугана жана түздөн-түз калктын кызыкчылыгына таасир этиши мүмкүн.  

Көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан сунушталган либералдуу багытты тандаган учурда, калктын кызылчылыгын кемситтүү тобокелдиги пайда болот, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын товарларды жана кызматтарды сунуштоочулардын алдындагы милдеттемелерин керектүү денгээлде аткарылбашы жана төлөм системасында системалык тобокелдик пайда болушу мүмкүн.  

 

№ 2-вариант. «Азыркы абалда калтыруу» 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдер, ошондой эле ордунда инспектордук текшерүү жүргүзүү каралган.  

Улуттук банк коопсуздуктукту, стабилдүүлүктү жана төлөм системасынын эффективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча өз функцияларын аткаруу үчүн, укуктук ченемдик актыларын дайыма жакшыртуу зырылчылыгы бар.  

Бул вариант төлөм кызматынын рыногунда 2019-жылдын январындагы орун алган, башка терс окуяларардын жана ушундай тобокелдиктин пайда болушу сакталат. 

Айта кетсек, жылдан жылга төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлгөн тразакциялардын көлөмү жана алардын төлөм терминалдарын саны жылдан жылга өсүүдө, бул Кыргыз Республикасында төлөм системасы ушул сегментте динамикалык өсүш болуп жатканын күбөлөндүрөт.  

Мисалы 2017-жылы төлөм уюмдарын өзүн-өзү тейлөө терминалдарынын саны 4 165 бирдикти, ошондой эле 2018-жылдын аягына 5 748 түздү. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын транзакцияларын көлөмү 25,7 млрд сомдон (2017-жыл) 29,2 сомго (2018-жыл) чейин өскөн. 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлгөн тразакциялардын көлөмүнүн жылдан жылга өсүү байкалышын эске алуу менен, укуктук ченемдик актыларды жакшыртбай туруп , инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө, көзөмөлдүн азыркы учурдагы механизмдерин колдонуу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында жогорууда көрсөтүлгөн тобокелдиктердин көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк жаралат.  

Ушул вариантты колдонууда Улуттук банк, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарына карата көзөмөлдөө функциясын толук аткарууда тобокелдик пайда болот жана андан ары төлөм жана банк системаларынын ишмердүүлүгүнүн стабилдүүлүгүнө толук таасир этиши мүмкүн.  

Андан сырткары ушул вариант Кыргыз Республикасында төлөм системасынын динамикалык өсүшүнө таасир этбейт жана жыйынтыгында төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын иштөө системасында ар кандай мүчүлүштүктөрдүн натыйжасынан төлөм жана банк системаларына калктын ишеними жоголушу мүмкүн.  

 

№3-вариант. «Мамлекеттик жөнгө салуу» 

 

Улуттук банктын негизи милдеттеринин бири төлөм системасынын коопсуздугун, стабилдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу. 

Ошондуктан ушул милдеттерди аткарууга ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүн эффективдүү жанан тез жөнгө салуу жана көзөмөлдөөдө Улуттук банк тарабынан 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыгат. 

Сунушталган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритими, сунушталган документтерге талаптын конкреттештирилиши жана мындан ары Улуттук банктын милдеттерин жана функцияларын эффективдүү жүргүзүүгө шарт түзөт. 

 

Сунушталган укуктук ченемдик актынын долбоорунда төмөнкүлөр каралган: 

 

-инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө сунушталган документтерге талапты конкреттештирүү

- инспектордук текшерүүнү пландаштыруунун критерийлерин аныктоо; 

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын максаттан тышкаркы текшерүүнүн негиздерин конкреттештирүү

- төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарынында, инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттердин алгоритими; 

- инспектордук текшерүүнү өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

- актами инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир фактыларды акт менен белгилөө мүмкүнүлүгү

- инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто негизги суроолорду чагылдыруу жана башкалар 

 

 

4. Укуктук талдоо 

Сунушталган укуктук ченемдик актынын долбоорунун мазмунуна талдоо жүргүзүүдө коррупциогендик факторлор аныкталган жок.  

Кароого сунушталган токтомдун долбоору, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

Андан сырткары төлөм системасына тиешелүү укуктук ченемдик актыларды шайкеш келтирүү максатында Улуттук банктын төмөнкү укуктук ченемдик актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл:  

«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобосуна;  

«Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобосуна;  

«Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобосуна; 

«Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» жобосуна; 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобосуна; 

жана башкаларга 

 

5. Атаандаштыка баа берүү  

«Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» жобо, Улуттук банк тарабынан төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүнө инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн максатын, түрүн жана тартибин аныктайт, сунушталган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү бекитүү төлөм системасындагы атаандаштыкка таасир этбейт.  

6. Экономикалык анализ (эсеп-кысап, чыгым жана пайда) 

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 Улуттук банктын Башкармалыгын «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» Нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунушталган долбоорду кабыл алуу, төлөм системаларынын операторлоруну жана төлөм уюмдары тарабынан кошумча чыгымды талап кылбайт. Ошондой эле, ушул долбоорду ишке ашырууда Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир түз жана кыйыр чыгымдарды талап кылбайт.  

 

 

 

 

 

 

Коомдук талкуунун жыйынтыктары  

 

Коомдук талкууну жүргүзүү максатында жөнгө салуу таасири, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

Ошондуктан жумушчу топтун алкагында, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, укуктук ченемдик актынын жаны сунушталган өзгөрүшү тууралу, айрыкча келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын режимди киргизүүгө терс ойлорун билдиришти.  

Алардын ойлору боюнча, төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарында сырткы башкаруу үчүн, төлөм уюмдарынын ишинин баардык өзгөчөлүктөрүн билген тийиштүү иш тайрыйбасы бар, өзүнүн аракеттери менен компанияны банкроттука алып келбеген сырткы башкаруучу тартылыш керек.  

Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына атайын режимди киргизүүдө, мыйзам денгээлинде кенири жазылып жана аныкталышы керек.  

Ошондуктан Улуттук банктын убактылуу администраторун ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтерин баардык аракеттери, коммерциялык банктарга киргизилген убактылуу администрацияга окшош болуу керек.  

 

7. Корутунду 

Мүмкүн болгон варианттарды карап чыгуу менен жыйынтыгында, Кыргыз Республикасында төлөм системасы ишенимдүү жана коопсуз иштөөсү үчүн № 3 вариант максатка ылайыктуу болот.