Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жаңы редакциядагы токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» (мындан ары - Жобонун долбоору) токтом долбоору кызмат адамдарга карата талаптарды, акционерлер/уюштуруучулар жөнүндө маалымат алуу жана төлөм системасынын маанилүүлүгүн аныктоо үчүн критерийлерге жараша уставдык капиталды жогорулатуу талаптарын күчөтүү максатында иштелип чыккан.  

Сунушталган документтерди кароо жана ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу Улуттук банктын ушул долбоорго ылайык негизги милдети болуп саналат: 

а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча; 

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо боюнча. 

 

2. Баяндоочу бөлүк 

Ченемдик укуктук актынын жарымынан көбүнө өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Жобонун долбоору жаңы редакцияда сунушталды.  

Негизги өзгөртүүлөр жана толуктоолор: 

1. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жак-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда уставдык капиталды 10 000 000 (он миллион) сомдон кем эмес суммага көбөйтүү

Эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык 12 (он эки) жана андан ашык айлардын жыйынтыгы боюнча маанилүү, системалык жактан маанилүү төлөм системасы/маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери катары таанылса, анда уставдык капитал төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша белгиленет: 

Уставдык капитал төмөнкү өлчөмдөн кем эмес белгиленет: 

- 200 000 000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалык жактан маанилүү катары таанылса; 

- 50 000 000 (элүү миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү катары таанылса; 

- 20 000 000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм системасы боюнча комитет төлөм системасынын маанилүүлүгү жөнүндө чечими тууралуу лицензиатка билдирген күндөн тартып алты ай ичинде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору банкка акча каражаттарды салууга тийиш. 

Уставдык капиталды көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) боюнча саясатта белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык баа берүү жана төлөм системаларына карата чечим кабыл алуудан кийин жүзөгө ашырылат. 

2. Уюштуруучулардын/акционерлердин төлөө уюмунун жана төлөм системасынын операторунун аткаруу органына талапкерди сунуштоо боюнча жоопкерчилиги. 

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча талаптар. 

4. Ишкердикти жүргүзүүгө документтерди сунуштоодо төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучулары/акционерлери жөнүндө маалыматтар анкеталарда көрсөтүлүүгө тийиш. 

5. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер: эгерде аткаруу органынын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербесе же Улуттук банктын корутундусу боюнча алмаштырылбаса. Эгерде уюштуруучу/акционер лицензия алгандан кийин Улуттук банкка билдирүүсүз жана макулдашуусуз кызмат адамдардын ишин аткарса, Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонууга, анын ичинде лицензияны кайтарып алууга укуктуу.  

6. Аткаруу органынын мүчөлөрү төмөндө келтирилген критерийлерге кирбөөгө тийиш: 

1) талапкерлерге карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалыматтык система/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылбоого тийиш;  

2) талапкерлер мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналса жана Төлөм системасы боюнча комитеттин, Көзөмөл боюнча комитеттин талапкерге карата төмөнкүлөрдү тааныган чечими же Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылары болсо (Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.): 

а) алардын натыйжасында уюмда атайы режим киргизилген, Улуттук банктын лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган же кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо;  

б) алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгы бар болсо.  

Ошондой эле, Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирилген.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоолор 

Жобонун долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларды шарттайт, анткени бул толуктоолор Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.  

Токтом долбоорунда укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды чектеген нормалар камтылган эмес, анткени долбоордо каралган норманы колдонууга киргизүү натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм системасын камсыз кылуу үчүн жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилик тартуусуна мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Жобонун долбоору Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле «Төлөм системасынын операторлорунун ассоциациясы KG», «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» жана «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмелеринен турган жумушчу топтун курамы менен макулдашылган («Демир банк» ЖАК). 

 

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүн иликтөө 

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын учурда колдонулуп жаткан мыйзам актыларынын нормаларына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоорунун нормаларын ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө малымат 

Жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык иштелип чыккан.  

 

 

 

Долбоор 

 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо тууралуу» токтому

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) Айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө» токтомунун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомдун 1-пунктун сегизинчи пунтктчасын.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «KG төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

  

  

Долбоор  

 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобо 

 

1-БӨЛҮК 

ТӨЛӨМ УЮМДАРЫ, ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ/АКЦИОНЕРЛЕРИ 

 

1-глава 

Жалпы жоболор 

1. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) төлөм уюмдарына жана төлөм системасынын операторлоруна төмөнкү иш багыттары боюнча лицензия берүү тартиби аныкталган: 

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

Жободо ошондой эле төлөм уюмдарына жана төлөм системасынын операторлоруна жана алардын кызмат адамдарына карата талаптар белгиленген. 

2. Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт, алар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келүүчү уюштуруу документтеринин негизинде жүзөгө ашырат, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын лицензиясынын негизинде өз ишин жүргүзөт. 

3. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт.  

4. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун лицензиясы үчүн төлөнүлгөн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

5. Лицензиаттардын Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан финансы-кредит уюмдарынын жана башка төлөм уюмдарынын жана\же төлөм системасынын операторунун аталыштарына окшош же аларды алмаштырып алгыдай бирдей аталышты колдонуусуна жол берилбейт. 

6. Лицензиаттар тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү, уюмда акцияларды/катышуу үлүшүн сатып алуу/сатуу, жоюу же кайра өзгөртүп түзүү, аткаруу органынын, байкоо органынын/директорлор кеңешинин, уюштуруучулар курамынын, айкын жайгашкан жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу (көчүрмөлөрдү/протоколдук чечимдердин көчүрмөлөрүн жана башка тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен) маалымдоого милдеттүү.  

7. Ушул жобонун талаптары бузулган учурда Улуттук банк төлөм уюмуна жана төлөм системасынын операторуна жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

2-ГЛАВА 

Терминдер жана аныктамалар 

 

8. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Өтүнүч ээси ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом. 

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары байкоо органы (Директорлор кеңеши каралган учурда), башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар. 

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системасынын операторлору менен байланыштуу жактар: 

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун (юридикалык жактын) кызмат адамдары же алардын жакын туугандары; 

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактар боюнча башкармалыктын байкоо жана аткаруу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары; 

4) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары; 

5) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар, олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар; 

 

 

3-ГЛАВА 

Уставдык капитал 

9. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун уставдык капиталы коммерциялык банктагы банктык эсепке салынган акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана түзүлөт.  

Уставдык капиталды негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен түзүүгө тыюу салынат. Улуттук банк тарабынан лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алганга чейин уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарды колдонууга тыюу салынат.  

10. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун капиталынын негизин толугу менен төлөнүлгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына, ал боюнча төлөм уюму же төлөм системасынын оператору анын акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелерге ээ эмес уставдык капитал гана кирет. 

11. Уставдык капиталдын өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт: 

- төлөм уюму үчүн кеминде 2 000 000 (эки миллион) сом. 

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

Өтүнүч ээси эки лицензия алууга документтерди тапшырган учурда, уставдык капитал кеминде 3 000 000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш. 

12. Өз иш натыйжасынан болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш. 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салык төлөө, жыйым топтоо жана төлөмдөрү боюнча акча каражаттарын кабыл алууда төлөм уюму кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш. 

Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун негизинде салык төлөө, жыйым топтоо жана төлөмдөрү боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган төлөм уюмдарына таркатылбайт.  

14. Эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча системалык жактан маанилүү/маанилүү төлөм системасы/маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капитал төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша белгиленет: 

Уставдык капитал төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

- 200 000 000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалык жактан маанилүү болуп таанылса; 

- 50 000 000 (элүү миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 

- 20 000 000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери болуп таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими тууралуу лицензиатка билдирген күндөн тартып алты ай ичинде жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечимди кабыл алууга жана банкка акча каражаттарды салууга тийиш.  

 

4-ГЛАВА 

Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын 

акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына карата талаптар 

 

15. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринен (уюштуруучуларынан)/катышуучуларынан болуп жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери/резидент эместери болушу мүмкүн.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары катары юридикалык жак-резидент саналса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттаалууга тийиш. Ал эми юридикалык жак-резидент эмес болуп саналса, ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тартипте каттаалууга жана өз ишин кеминде бир жыл жүзөгө ашырууга тийиш. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тууралуу маалымат ушул жобонун 3 жана 4-тиркемелеринин формасы боюнча анкеталарда сунушталууга тийиш.  

16. Төмөнкү жактар төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционери (уюштуруучусу)/катышуучусу боло алышпайт: 

1) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же болбосо оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактар алардын катышуучусунан болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

2) аларга карата көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамиле түзүүгө тыюу салынган жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

3) Улуттук банкка белгиленген тартипте өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды/документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле алар өз кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктабаган учурларда; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр каралган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

5) Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталында үлүштү сатып алууга багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

 

5-ГЛАВА 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар (каралган учурда) 

17. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңеши так эмес сандан, кеминде беш мүчөдөн турууга тийиш. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бир бөлүгү Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнөн турууга тийиш.  

18. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде үч жылдык эмгек стажы болууга, анын ичинен кеминде эки жыл экономика, банк, финансы же төлөм системаларында иш стажына ээ; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ; 

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ; 

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө

19. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үч жылдык мөөнөткө төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын жалпы жыйынында шайланат. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставында ошол эле бир адамды шайлоо мөөнөтүн чектөө каралышы ыктымал.  

20. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү катары төмөнкүлөр боло албайт: 

1) башка төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамы же олуттуу катышуучусу (акционер) болсо; 

2) ушул Жобонун 16-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе; 

3) мыйзамга ылайык же соттун мындай кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салган чечими болсо. 

21. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттук коопсуздугу белгилери келип чыкса Директорлор кеңеши төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш: 

1) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча ыкчам зарыл чараларды кабыл алуу; 

2) акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын кийинкиге калтыруусуз чакыртуу; 

3) Улуттук банкка дароо төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттук белгилери келип чыккандыгы жөнүндө, Директорлор кеңешинин акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын кийинкиге калтыруусуз чакыртуу жөнүндө маселени кароо жыйынтыгы жөнүндө, ошондой эле төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча дароо зарыл чаралар кабыл алынгандыгы жана пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө тез арада маалымдоо. 

22. Директорлор кеңеши (каралган учурда) жөнүндө маалымат анкеталарда ушул Жобонун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык сунушталууга тийиш. 

 

6-ГЛАВА. 

Улуттук банкка сунушталуучу документтерге карата талаптар 

 

23. Өтүнүч ээсинин документтери (документтин түп нускасы жана/же анын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) Улуттук банкка анын жайгашкан жери боюнча тапшырылат: 

- Улуттук банктын борбордук аппаратына Бишкек шаарында жана Чүй областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан; 

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына Чүй жана Баткен областтарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан; 

- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө Баткен областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан. 

Чет өлкөлүк уюштуруучулар/акционерлер тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. Чет тилде сунушталган документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормону камтууга тийиш.  

24. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталган жана бирден ашык баракты камтыган бардык документтер, ар бир барак боюнча көрсөтүлүүгө, көктөлүүгө, номер коюлууга, кол коюлууга жана жетекчинин кол тамгасы жана өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада сунушталышы мүмкүн.  

25. Лицензияны алууга өтүнүч кат менен документтер кайтарылып алынса же болбосо лицензияны берүүдөн баш тартылса же мурда берилген лицензия кайтарылып алынса, ушул жобонун алкагында Улуттук банкка сунушталган документтер жана алардын көчүрмөлөрү өтүнүч ээсине/лицензиатка кайтарылбайт. 

 

2-БӨЛҮК 

ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ 

7-ГЛАВА 

Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 

 

26. Төмөнкү ишти жүзөгө ашырууга лицензияны алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча: 

а) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

б) уюштуруучу документтердин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, башкармалыктын аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

в) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

г) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

д) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган  акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

е) ушул Жобонун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык толтурулган жана башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле ушул жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет; 

ж) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

з) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

и) сунуштоочулардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

к) ушул жобонун 11 же 12 жана 13-пунктуна (кызмат көрсөтүүлөргө жараша)  

ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

л) өтүнүч ээсинин аларда төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү

- агенттердин аралыкта орнотулуучу жабдууларды туташтыруу тартиби; 

- инкассациялоо тартиби; 

- нааразычылык иштери боюнча иш алып баруу тартиби; 

- кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби; 

- агенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымкаттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу; 

- тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги. 

Документтер көктөлгөн, номер коюлган жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш. 

м) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым салынгандыгын тастыктаган документ; 

н) акционер(уюшутуруучу)/катышуучу-жеке адамдын-Кыргыз Республикасынын резидентинин/резидент эмесинин төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун же инсандыгын тастыктаган башка документинин көчүрмөсү

- резидент эмес жеке адамдан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди сунуштоо күнүнө карата салык жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жоктугу жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар. 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана аларды ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо боюнча: 

а) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

б) уюштуруучу документтердин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, башкармалыктын аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

в) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

г) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

д) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган  акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

е) ушул Жобонун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык толтурулган жана башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле ушул жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет; 

ж) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

з) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- иш технологиясы жана шифрлөө алгоритми; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

и) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

к) ушул жобонун 11-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

л) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү

- финансылык мониторинг максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому; 

м) төлөм системасынын операторунун иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу; 

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- катышуучуну төлөм системасына кошуу тартиби; 

- процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби; 

- ката төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби; 

- доо иштерин кароо тартиби; 

- төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болгон болсо; 

- маалыматты коргоого талаптары; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымкаттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу; 

Төлөм системасынын иштөө эрежеси көктөлгөн, номер коюлган жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

н) аппараттык-программалык комплексин (мындан ары АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

о) өтүнүч ээсинин/лицензиаттын ээлеген жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

Эгерде төлөм системасынын оператору ижарага алынган жайды аппараттык-программалык комплексин жайгаштыруу үчүн колдонсо, «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык  

техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш болгон жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоосу зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш; 

п) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн); 

р) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

с) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 

т) техникалык платформалардын интеграциясынын жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жагында коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш жыйынтыгы болуп саналбаган, үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

у) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым салынгандыгын тастыктаган документ; 

н) акционер(уюшутуруучу)/катышуучу-жеке адамдын-резидент/резидент эместин төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун же инсандыгын тастыктаган башка документинин көчүрмөсү

- Кыргыз Республикасынын резидент эмес жеке адамдан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди сунуштоо күнүнө карата салык жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жоктугу жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар. 

8-ГЛАВА 

Документтерди кароо тартиби 

27. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун лицензиясын алуу үчүн берилген документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт. 

Улуттук банк лицензияны алуу үчүн документтер топтомун кароо учурунда өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу. 

28. Алдын ала текшерүү иши автоматташтырылган системалардын иштөөсүн текшерүүнү жана өтүнүч ээсинин берген документтери ушул жобонун 26-пунктунун талаптарына дал келүүсүн камтыйт. Өтүнүч ээси алдын ала текшерүү ишин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү (ижарага, системага кирүү жана өтүнүч ээсинин документтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, кызматкерлерге консультацияларды берүү ж.б.). 

29. Эгерде документтер ушул жободо белгиленген талаптарга дал келбесе, жана/же документтердин толук эмес топтому сунушталган болсо, өтүнүч ээси кошумча документтерди Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирүүсү алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде сунуштоого тийиш. Өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер алынган күндөн тартып кайрадан башталат. 

30. Ушул жобонун талаптарына дал келбеген документтер сунушталса же алар экиден көп жолу толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен сунушталган учурда Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.  

 

9-ГЛАВА 

Лицензия берүү 

 

31. Лицензия ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (ушул жобого карата 6 жана 7-тиркемелер). 

32. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Лицензияга төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы кол коёт. 

33. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө лицензия алуучу ыйгарым укуктуу адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгы жөнүндө кол коёт. 

34. Лицензия ыйгарым укуктуу адамынын инсандыгын тастыктаган документтер/ишеним кат көрсөтүлгөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адамдан лицензия алууга берилген ишеним кат Улуттук банкта сакталат.  

35. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

 

10-ГЛАВА 

Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз 

36. Улуттук банк төмөндө келтирилген кандайдыр бир себептерден улам лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) көрсөтүлгөн иш багытына лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу жана башка документтердин ушул жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;  

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

3) кызмат адамдарынын ушул жобонун 10-главасында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарына дал келбеши; 

4) уюштуруучулардын/акционерлердин ушул жобонун 16-пунктунда белгиленген талаптарга дал келбеши; 

5) уставдык капиталдын өлчөмүнүн жана минималдуу уставдык капиталды түзүү булагынын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келбеши; 

6) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн төлөбөй коюу; 

7) өтүнүч ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечиминин болушу; 

8) өтүнүч ээсинин ишинин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбешин тастыктоочу алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары; 

9) лицензияны кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымды салбай коюу; 

10) лицензия алуу үчүн ушул жобонун талаптарын аткарбай коюу. 

37. Лицензия берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети кабыл алат.  

 

3-БӨЛҮК 

ТӨЛӨМ УЮМУНУН ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУНУН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

11-ГЛАВА 

Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын аткаруу 

органынын мүчөлөрүнө карата талаптар 

 

38. Лицензиаттын талаптагыдай иш алып баруусун уюштуруу максатында жетекчинин (башкы директордун\президенттин\төраганын), техникалык директордун, башкы бухгалтердин жана/же башкармалыктын аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жана төлөм уюмунун, төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган адамдардын штаттык кызматтары каралууга тийиш. 

39. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери бөлүштүрүлүүгө тийиш. Кызматтарды кызмат адамы жок болгон учурда милдеттерди жүктөө учурларынан тышкары, айкалыштырууга жол берилбейт.  

Аткаруу органынын жетекчиси убактылуу жок учурда анын милдетин аткаруу анын орун басарына же болбосо техникалык директоруна жүктөлүүгө тийиш. Аткаруу органынын жетекчиси жана техникалык директор убактылуу жок учурда алардын милдетин аткаруу башкы бухгалтерге жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жакка жүктөлөт.  

40. Төлөм уюмунун\төлөм системасынын операторунун аткаруу органынын жетекчиси төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу; 

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш стажы/тажрыйбасы, анын ичинен жетектөөчү кызматтарда кеминде 3 (үч) жыл; 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документинин (күбөлүктүн) болушу. 

41. Техникалык директор төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга; 

- маалымат технологиялар жагында жана аралаш тармактарда кеминде 3 (үч) жыл иш стажы/тажрыйбасы, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда кеминде 1 (бир) жыл; 

- маалымат технологиялар/программалар ж.б. жагында сертификаттар болууга. 

42. Башкы бухгалтер төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык билимге ээ болууга; 

- бухгалтердин позициясында кеминде 2 (эки) жыл иш стажы/тажрыйбасы; 

- сертификаттын көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринде алынган бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттары тууралуу билиминин болушун тастыктаган сертификатка ээ болууга. 

43. Аткаруу органынын мүчөлөрүнө төмөнкү шарттар таркатылбайт: 

1) талапкерге карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат системалар/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо; 

2) талапкерлер Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамдары болуп саналса, жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылар бар болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.): 

а) аракеттерге (аракеттенбей коюулар) катыштыгы бар, анын натыйжасында уюмда атайы режим киргизилген, Улуттук банктын лицензиясы токтотулган же кайтарылып алынган; 

б) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар. 

44. Аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулганда/которулганда/бала багуу өргүүсүндө жүргөндө (кош бойлуулук) учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы бир күн/жума/ай ичинде иштен бошонгон учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банкка дароо (иштен бошонгон күнгө карата/же болбосо эгерде иштен бошонуу жөнүндө маалымат иш күнүнүн акырында/дем алыш күнү/майрам күнү маалым болсо, кийинки иш күнү) маалымдоого тийиш.  

45. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн Улуттук банктын талаптарына дал келишине жоопкерчилик төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларын/директорлор кеңешине жүктөлөт, алар ушул жобонун 11-главасынын критерийлерине ылайык аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоого тийиш.  

46. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензияны алуу үчүн ушул жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде аткаруу органынын жаңыдан кабыл алган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш: 

1) орто/жогорку билим тууралуу дипломдун көчүрмөсүн; 

2) ушул жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо (эмгек келишими) тууралуу чечим кабыл алган башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын отурумунан протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

3) аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк); 

4) талапкердин аны менен мурда иштеген же болбосо 5-тиркеменин формасы боюнча аны менен ишкердик мамилеңиз бар адамдардан кеминде бир сунуш-көрсөтмөнү;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (болгон болсо); 

6) паспорттун көчүрмөсүн; 

7) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн жана функционалдык милдеттерди (бекитилген кызматтык нускоолор); 

47. Сунушталган документтер аткаруу органынын мүчөлөрүнүн белгиленген талаптарга дал келүү, ушул жобонун 40-42-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык толук берилгендиги, анкеталардын так толтурулушу көз карашынан кароого алынат. 

Кызмат адамдары Улуттук банкка анкетада камтылган (2-тиркеме) маалыматтар өзгөртүлгөн учурда өзгөртүүлөр жүргөндөн кийин 10 (он) жумуш күн ичинде жаңы анкетаны тиркөө менен кат жүзүндө бул тууралуу билдирүүгө милдеттүү.  

48. Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдары ушул жобонун 40-42-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга дал келбеген учурда Улуттук банк 30 (отуз) календардык күн ичинде төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна кызмат адамы четтетилгендиги же алмаштырылгандыгы жөнүндө билдирүү-кат жөнөтөт.  

Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер бар учурда Улуттук банк катта көрсөтүлгөн мөөнөттө документтерди иштеп чыгуу же башка документтерди сунуштоо жөнүндө кат жөнөтүүгө укуктуу. 

49. Кызмат адамдарынын сунушталган документтери төлөм уюмунун/ төлөм системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча лицензия алууга документтер топтому менен бирге кароого алынат. 

50. Эгерде лицензиат лицензия алгандан кийин кызмат адамдарын алмаштырса/четтетсе/иштен бошотсо, анда лицензиат ушул Жобого ылайык жетектөөчү кызмат орундарына талапкерлердин документтерин Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

51. Эгерде лицензиат лицензия алгандан кийин ээлеген кызмат ордуна жараша ушул Жобонун 40-42-пункттарынын талаптарына дал келбеген башка кызмат адамдарын дайындаса Улуттук банк ошол төлөм уюму жана/же төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.  

 

4-БӨЛҮК 

ЛИЦЕНЗИЯНЫ КАЙРА ТАРИЗДӨӨ, ДУБЛИКАТЫН БЕРҮҮ ЖАНА ЛИЦЕНЗИЯНЫН АРАКЕТИН ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

12-ГЛАВА 

Лицензияны кайра тариздөө 

 

52. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жактын кайра өзгөртүп түзүлүшү

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү

- юридикалык жактын жайгашкан жерин өзгөртүү, ошондой эле төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору жайгашкан калктуу пункттун аталышынын өзгөрүшү

53. Калк отурукташкан пункттун ичинде төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жайгашкан жеринин өзгөрүшү анын лицензиясын кайра тариздөөнү талап кылбайт. Лицензиат юридикалык дареги өзгөргөн күндөн тартып Улуттук банкка жана төлөм системасынын бардык катышуучуларына, ошондой эле алар менен келишим түзүлгөн товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга бул тууралуу маалымдоого тийиш. 

54. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер келип чыккан шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү

55. Акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ушул Жобонун 52-пунктуна ылайык лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздердин бири болуп саналган чечим кабыл алган күндөн тартып лицензиат ошол чечимди тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган тастыктоо документтерин кошо тиркөө менен берилет. 

56. Лицензияны кайра тариздөө тиешелүү өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөртүүлөрдү реестрге киргизет. 

57. Лицензияны кайра тариздетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат. 

 

13-ГЛАВА 

Лицензиянын дубликатын берүү 

 

58. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен жоголгондугу же бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылат. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет. 

59. Лицензиянын жоголгон же бузулган бланктары лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат. 

60. Лицензиар өтүнүч катты сунуштагандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна «дубликат» жазуусун чагылдыруу менен лицензиянын дубликатын берет. 

61. Лицензиянын дубликатын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат. 

 

14-ГЛАВА 

Лицензиянын аракетин токтотуу 

62. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

- юридикалык жак жоюлган шартта; 

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда; 

- лицензияланган иш түрлөрүн жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса; 

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 

- айрым иш түрлөрүн лизенциялануучу иш түрлөрүнүн тизмесинен алып салганда; 

- лицензия берилген учурдан тартып 12 айдан ашык төлөм уюму/төлөм системасынын оператору катары ишин баштабаган учурда. 

63. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензиянын түп нускасын сунуштоого тийиш. 

64. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын катышуучулары жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулар (үчүнчү жактарга) алдында келишим шарттарын аткарууга жана төлөмдөрдү ишке ашырууга жана лицензияланган ишти токтотууга тийиш. Улуттук банкка лицензияны тапшырууда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөрдүн жыйынтыкталышын текшерүү актысынын кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш.  

65. Лизенцияны кайтарып алуу Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №51/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

 

5-БӨЛҮК 

УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ 

 

15-ГЛАВА 

Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 

66. Ушул жобонун чегинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, айрым банктык операция түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга жол берилет. 

 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасынын операторлорунун 

ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата  

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

                             (толук аталышы, юридикалык дареги, анык дареги, телефон номери

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм: 

а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген иш түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

1. Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар: 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Башкармалыктын аткаруу органынын курамы (төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин жана алардын орун басарларынын аты-жөнү): 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Өтүнүч катка карата тиркеме: ____ б. 

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү 

20__-жылдын «__» ________________ 

Эскертүү*: (же болбосо ишкердик түрлөрүнүн бирин көрсөтүү менен) 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасынын 

операторлорунун ишин 

лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 2-тиркеме 

 

үрөт үчүн) 

АНКЕТА 

(башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү тарабынан толтурулат) 

 

1. Аты-жөнү (эгерде фамилия өзгөртүлгөн болсо): 

(мурдагы фамилиясы, качан өзгөртүлгөн/себептер?)). 

__________________________________________________ 

2. (Кызматы)  

_________________________________________________________________________ 

                      (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы

_________________________________________________________________________ 

Туулган күнү жана жери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Паспорттун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген 

_____________________________________________________________________ 

Берилген күнү 

_________________________________________________________________________ 

Жарандыгы 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Үй-бүлөлүк абалы 

_________________________________________________________________________ 

Билими 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

                                                                           (жогорку) 

дипломунун №  

_________________________________________________________________________ 

берилген күнү 

_________________________________________________________________________ 

ким тарабынан берилген 

_________________________________________________________________________ 

 

 

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курстарда окуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

Талапкердин төмөнкү тармактарда билиминин болушу жөнүндө маалымат (бар/жок): 

- банктык мыйзамдар жана төлөм системалар жагында мыйзамдар 

___________________________________________________________; 

- корпоративдик башкаруу 

___________________________________________________________; 

- финансылык отчетту жүргүзүү жана бухгалтердик эсепке алуу 

___________________________________________________________ ; 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторун түзүү тартиби 

____________________________________________________________; 

- стратегиялык башкаруу 

____________________________________________________________; 

- тобокелдиктерди тескөө 

____________________________________________________________; 

- ликвиддүүлүктү тескөө 

____________________________________________________________; 

- аудиттин стандарттары 

____________________________________________________________; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү 

____________________________________________________________. 

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер: 

Жалпы эмгек стажы: 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, мекемелерди көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

  

  

  

  

  

  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм уюмун же төлөм системасынын операторун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Мен, 

_________________________________________________________________________ 

                                                                          (аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнү ичинде анда орун алган кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берилген учурда, мага, төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын тааныйм. 

 

 

20__-жылдын «__» ____________ 

  

________________________________ 

(кол тамгасы

 

 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасынын  

операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 3-тиркеме 

 

 

Төлөм уюмунун/ 

төлөм системасынын операторунун уюштуруучусунун/акционеринин/катышуучусунун 

АНКЕТАСЫ 

(жеке адам тарабынан толтурулат

 

 

1. 

Аты-жөнү 

  

  

2. 

Фамилияңыз өзгөргөн болсо: (мурдагы фамилия) 

Качан: 

Эмне себептен: 

3. 

Туулган күнү

Туулган жери: 

4. 

Паспорт 

Серия: 

Номер: 

  

  

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

5. 

Жарандыгы: 

(кандай негизде алынган: туулган жери, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча түшүндүрмө берүү

6. 

 

Айкын жашаган жери:  

уюлдук тел: ( ) ___________________ 

7. 

Негизги иштеген жери: 

Ээлеген кызматы: 

 

8. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз орчундуу катышуучусу жана/же башка кызмат адамы болгон (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтердин/финансы менеджеринин ж.б.) компанияга карата төмөнкү чаралар колдонулганбы: 

- акыркы үч жыл ичинде (финансылык/экономикалык жана кылмыштык) кылмышка жол бергендигине айыпталган, анын ичинде иш токтотулган же айып алып салынган учурда (ооба/жок)_______ 

9. Акыркы 3 (үч) жыл ичинде Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтери/финансылык менеджери ж.б.) же орчундуу катышуучусу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган финансылык компанияларды атап көрсөтүңүз: 

_____________________________________________________________________________ 

Акыркы 3 (үч) жыл ичинде Сиз компаниянын кызмат адамы же орчундуу катышуучусу болгон, мажбурлап банкрот кылуу, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бериңиз 

_____________________________________________________________________________ 

10. Үй-бүлөлүк абалы 

_____________________________________________________________________________ 

Жакын туугандарыңызды атап көрсөтүңүз (ата-энеңиз, жолдошуңуз (жубайыңыз), балдарыңыз):  

Аты-жөнү 

Туугандык катышы  

Туулган күнү жана жери 

Ээлеген кызматы жана иштеген жери 

Үй дареги, телефон номери  

Жакын туугандарыңыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганбы: 

Ооба/жок: 

Эгерде ооба болсо, себептери  

  

  

  

  

  

 

11.  Финансы-кредит уюмдарынын же банк эмес финансы-кредит уюмдарынын алдында карыз (кредиттер) болгон болсо, аларды атап көрсөткүлө

_____________________________________________________________________________ 

 

12. Кайсыл болбосун өлкөдө акыркы үч жыл ичинде Сиз уюштуруучу, акционер (ээси) катары саналган жана/же учурда саналган компанияны көрсөтүңүз (уставдык капиталда үлүш ажыратылып алынган учурда ажыратып алуу күнүн көрсөтүү зарыл): 

 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери  

Юридикалык жактын ишинин түрү  

Ээлигинде турган акциялардын саны  

Капиталдагы ээлик кылуу үлүшү сомдордо 

Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү

  

  

  

  

  

 

13. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акцияларын сатып алууга билдирмени кароо үчүн маанилүү деп эсептеген кайсыл болбосун башка маалыматты сунуштагыла. 

14. Мен, ______________________________________________________________ 

аты-жөнү 

жогоруда анкетада келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана алар анкетада көрсөтүлгөн суроолор менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын.  

 

________________ кол тамгасы ____-жылдын «___» ________________________  

 

Эскертүү

Анкетанын ар бир бетине кол коюу зарыл. 

Анкетадагы оңдоолор «оңдолгону анык» деген сөздөр жана талапкердин өз колу менен коюлган кол тамгасы менен тастыкталат. 

  

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасынын операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 4-тиркеме 

Төлөм уюмунун/ 

төлөм системасынын операторунун уюштуруучусунун/акционеринин 

АНКЕТАСЫ 

(юридикалык жак тарабынан толтурулат

 

 

1. Юридикалык жактын аталышы (мындан ары «компания»)  

________________________________________________________________________ 

                            (Юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөткүлө

2.Компаниянын юридикалык дареги ___________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

3.Компаниянын түзүлгөн күнү _________________________________________________ 

4. ИНН _______________________________________ 

5. Юридикалык жакты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күнү  

________________________________________________________________________ 

№ (мамлекеттик каттоодон өткөндүгү/кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк) 

6. Кыргыз Республикасынын кайсы банктарында компаниянын эсептери ачылган:  

_____________________________________________________________________________ 

7. Компания алектенген иштин башка түрлөрүн көрсөткүлө

_____________________________________________________________________________ 

8. _________________________________________жалпы кызыкчылыкка ээ адамдар  

(уюмдун толук аталышы

_____________________________________________________________________________ 

1) Катышуучулар/акционерлер болуп саналган юридикалык жактар жана жеке адамдар (компаниянын толук аталышы): 

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акциялардын саны  

Уставдык капиталдагы үлүш 

  

  

  

2) ____________________________________________________ катышуучу/акционери болуп саналган компаниянын                     (өтүнүч ээсинин-юридикалык жактын аталышы); 

Юридикалык жактардын толук аталышы  

Таандык акциялардын саны  

Уставдык капиталдагы үлүш 

3) _____________________________________________________ аффилирленген  

(уюмдун толук аталышы) 

юридикалык жактар жана жеке адамдар: 

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акциялардын саны  

Уставдык капиталдагы үлүш  

  

  

  

  

  

  

 

9. Компания финансылык иш боюнча кимдир бирөө менен соттук талаш-тартыштарга тартылган болсо, акыркы 3 (үч) жыл ичинде соттук талаш-тартыш боюнча толук маалыматты көрсөткүлө (доогер, жоопкер, талаш-тартыш предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, иш кайсы деңгээлде каралууда). 

10. Өтүнүч ээсинин пикири боюнча олуттуу болуп саналган башка маалымат: 

 

 

Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы 

 

Мөөр  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасыны  

операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 5-тиркеме 

 

 

Аткаруу органынын мүчөлүгүнө талапкерге 

СУНУШ-КӨРСӨТМӨ 

 

Кимге: __________________________________________________________________ 

(талапкердин аты-жөнү

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(сунуштоочунун аты-жөнү

_____________________________________________________________________________ 

(сунуштоочу иштеген уюмдун аталышы жана жайгашкан жери) 

_____________________________________________________________________________ 

(телефон (иштеген жеринин тел./үй тел сунуштоочу менен байланыша турган башка тел.)) 

(факс) _____________________________ (e-mail) ___________________________________ 

Сунуш-көрсөтмөдө кеминде төмөнкү маселелер чагылдырылууга тийиш: 

1.Талапкерди канчадан бери билесиз__________________________________________ _____________________________________________________________________________ 

2. Ким катары билесиз (эгерде Сиз талапкерди биргелешкен иш боюнча билсеңиз, уюмдун аталышын жана иштөө мезгилин көрсөтүңүз): 

_____________________________________________________________________________ 

3. Талапкердин квалификациясы жана компетенттүүлүгү жөнүндө маалымат  

_____________________________________________________________________________ 

4. Сиздин пикириңиз боюнча сунушталып жаткан кызматта милдеттерди аткарууга өбөлгө түзгөн талапкердин ишкердик сапаттары  

____________________________________________________________________________ 

5. Моралдык-этикалык сапаттар көз карашынан Сиздин талапкерге берген бааңыз (эмнелердин негизинде талапкерди абийирдүү адам катары баалайсыз) 

_____________________________________________________________________________ 

6. Кошумча комментарийлер __________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_______________ 

Кол тамгасы 

  

___________ 

күнү 

 

 

 

 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасынын 

операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 6-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ 

Бул лицензия  

_________________________________________________________________________ 

 

_________________________________________________________________________ 

юридикалык дареги боюнча катталган, 

(төлөм уюмунун толук аталышы

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери

_________________________________________________________________________ 

берилди жана ал операциялардын төмөнкү түрлөрү боюнча төлөм уюму катары иш алып барууга укук берет: 

 

·  маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууга жана өткөрүүгө байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын «__» _______________ 

 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

 

 

 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системасынын  

операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 7-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ 

Бул лицензия  

_____________________________________________________________________________ 

 

_____________________________________________________________________________ 

юридикалык дареги боюнча катталган, 

                     (төлөм системасынын операторунун толук аталышы

_________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

                                                                      (жайгашкан жери

_____________________________________________________________________________ 

Берилди жана ал операциялардын төмөнкү түрлөрү боюнча төлөм системасынын оператору катары иш алып барууга укук берет: 

· үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын «__» _______________ 

  

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

төрагасы Т.С. Абдыгулов  

____________________ 

(кол тамгасы) 

«____» _______________ 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жаңы редакциядагы токтом долбоорунун (кыскача талдоо) 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2019-жылдын 5-мартындагы № 2019-ПР-141/42-D буйругу 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөнү жүргүзүү мөөнөтү:  

 

2019-жылдын март айы (башталышы) 2019-жылдын май айы (аякташы)  

 

Жумушчу топ: 

 

11. 

Э.В.Лелевкина  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун төрагасы 

22. 

М.Ш.Акулуева  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

33. 

Н.Э.Омуралиева  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги 

44. 

А.З. Султаналиев  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмдүн начальниги 

55. 

Н.А.Бугубаева  

 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси 

66. 

А.Т.Бакесариева  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси 

77. 

А.К.Джакубова  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси  

88. 

М.Н. Дюшенбиев  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси 

99. 

А.Б.Исмаилов  

 

Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын жетектөөчү юристи  

110. 

У.Кулманбетов  

 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси 

111. 

Р.Измайлов  

 

«Демир Кыргыз интернешнл Банк» ЖАКтын методология жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуунун негизинде) 

112. 

А.С.Куренкеев  

 

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуунун негизинде) 

113. 

Р.К.Алишев  

 

Кыргыз Республикасынын Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясынын президенти (макулдашуунун негизинде) 

 

Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: Бакесариева Айгуль Таабалдиевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, тел. 66-90-99, e-mail: abakesarieva@nbkr.kg.  

 

 

Көлөмү: ________ барак, тиркемелер: _______ барак

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорунун  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы  

«Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талабына ылайык жүргүзүлгөн 

 

 

1. Проблемалар жана мамлекеттик кийгилишүү үчүн негиздер  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы дегенден улам, өлкөнүн аймагында аталган төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча иштеген төлөм системалардын жыйындысы түшүнүлөт. Кыргыз Республикасында төлөм системасынын катышуучуларынан болуп калкка төлөм кызматтарын сунуштаган финансы-кредит уюмдар, финансы эмес-кредит уюмдар жана башка юридикалык жактар саналат.  

Кыргыз Республикасынын калкы интернет, мобилдик байланыш, теле берүү, коммуналдык жана башка кызматтарды төлөө үчүн төлөм терминалдарын колдонуп көнүп калышкан. Эгерде мындан беш жыл мурда терминалдар аркылуу негизинен, мобилдик операторлордун кызматтарын төлөп келсе, акыркы үч-төрт жыл ичинде төлөнүүчү кызматтардын тизмеси кыйла кеңейген.  

Регионго жана колдонулуучу төлөм системасына жараша төлөм терминалы аркылуу ар кандай салыктарды төлөөгө, банктан кредиттин ордун жабууга, «электрондук капчыкты» толуктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпты ж.б.у.с. төлөөгө болот. 

Айрым учурларда калктан акча каражаттарын башка уюмдардын кызматтарын төлөөгө кабыл алуу бир нече башка формада да, мисалы агенттерди тартуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мындай кызмат көрсөтүүлөр рыногунун динамикасы аталган кызмат көрсөтүүгө жана төлөм уюмдары аркылуу төлөнүшү мүмкүн болгон иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн дайыма кеңейтип турууга туруктуу суроо-талаптын болушу тууралуу ырастайт.  

Бул чөйрөнү жөнгө салган негизги мыйзамдардан болуп «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдары саналат, аларда иштин лицензиялануучу түрлөрүнө: өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого; үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоого карата негизги талаптар камтылган. Лицензияны алуунун кеңири механизми «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» колдонуудагы жободо белгиленген. Буга карабастан, лицензияны берүү тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл экендиги иш жүзүндө көрүнгөн.  

 

1-проблема. Төлөм системаларынын өнүгүүсүнө кызыкдар болбогон төлөм системаларынын катышуучусунун, компанияларынын рынокко кирүүсү

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарынын жана Улуттук банктын мыйзам алдындагы актыларынын күчүнө киргенге чейин үчүнчү жактардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча рынок түптөлгөн эле. Улуттук банк 2015-жылдын апрель айынан тартып төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары иш алып баруусу үчүн юридикалык жактарды лицензиялай баштаган. Рынокту укуктук талаага киргизүү, б.а. рынок үчүн жалпы эрежелерди аныктоо жана аларга карата банктык операциялардын чектелген тизмесин сунуштаган финансы-кредит уюмдарына лицензиялык талаптарды коюу ошол учурда негизги максатынан болгон. Эң оболу, рынок майда чекене төлөмдөргө багытталган эле. Көпчүлүк уюмдар 15-20дан ашпаган төлөм терминалдарына ээ болгон жана системаны башкаруу боюнча эки-үч кызматкери гана иш алып барган. Үч жыл аралыгында, акырындык менен төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин текшерүүнүн натыйжасы боюнча лицензиялык талаптар «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого (2015-жылдын 25-ноябрындагы,  

2017-жылдын 27-декабрындагы) өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жаңы талаптар менен толукталган. Лицензиялоо баскычында айрым юридикалык жактар өз ишин токтотушкан же агент же субагент катары жаңы лицензиялык уюмдар менен келишим түзүшкөн, анткени өз төлөм системасын толук өнүктүрө алган эмес. 

 

2-проблема. Бизнес-процессте орун алган кемчиликтер жана эрежелерде, келишимдерде, ички ченемдик документтерде жана жол-жоболордо системанын архитектурасынын кеңири сүрөттөлүшүнүн жана анын иштөө схемасынын жок болушу.  

2013-жылы лицензиялоо жагында кабыл алынган мыйзам бүгүнкү күнү  

22 юридикалык жакка төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун лицензиясын алууга өбөлгө түзгөн. Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөдө төлөм уюмдары өнүккөн төлөм инфраструктурасына ээ экендиги көрсөтүлгөн, мында төлөм агентинин/субагентинин иши өзүн-өзү тейлөөнүн автоматташтырылган терминалдары (cash-in), субагенттик түйүн жана электрондук акчаны пайдалануу аркылуу үчүнчү жактын пайдасына акча кабыл алуудан гана турат.  

2018-жылдын акырына карата төлөм уюмдарынын өзүн-өзү тейлөөнүн автоматташтырылган терминалдарынын саны 5 748 бирдикти, web-кассалардын саны 240 бирдикти, төлөм системаларынын катышуучуларынын саны 21,7 бирдикти (алардын ичинен 6,7 миң бирдикти) түзгөн.  

Төлөм уюмдары ошондой эле субагенттик тармактары да бар. Субагенттик келишимдерди түзүүдө төлөм уюмунун аткаруу органы тарабынан төмөн контролдук/контролдуктун жоктугу, туура эмес маалыматтарды берүү, өз субагенттеринин идентификациясынын жоктугу сыяктуу проблемалар келип чыгат. Мындан тышкары, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен тике келишимдик мамилелер бардык эле төлөм уюмдарда боло бербейт.  

 

3-проблема. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууда аткаруу органынын квалификациясынын жана компетенциясынын жетишсиздиги  

2019-жылдын январь айында менчик ээлеринин/ уюштуруучуларынын/ катышуучуларынын ортосунда келип чыккан ички пикир келишпестик, эмгек жамааттын компаниянын жетекчилиги жүргүзгөн саясаты, башкаруу методдору жана формалары менен макул эместиги, ошондой эле келип чыккан проблемалардын өз учурунда чечилбей калышы компанияны башкарууга мүмкүн болбой калышына жана негизги кызматкерлеринин массалык иштен бошоп кетүүсүнө алып келген. 

Тобокелдиктердин (укуктук/кадр/аброй) орун алышына жол бербөө жана төлөм системасында проблемаларды чечүү максатында, Улуттук банк кызмат адамдарына карата кошумча талаптарды киргизет. Эгерде кызмат адамдары белгиленген талаптарга дал келбесе, анда Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

Уюштуруучуларга/акционерлерге карата кошумча талаптар «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун анкеталарды толтуруу бөлүгүндө жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу белгиленет.  

Андан кийин «проблемалар дарагы» келтирилген, анда алардын чечилишине терс таасир тийгизген негизги проблемалар (чакан проблемалар) чагылдырылган:  

 

 

2. Проблемаларды чечүү үчүн чараларды аныктоо  

Жөнгө салуу максаты. 

Жөнгө салуунун негизги максатынан болуп төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан үзгүлтүксүз ишти, өз ара эсептешүүлөрдүн өз учурунда ишке ашырылышын камсыздоо жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн/агенттердин/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында финансылык милдеттенмелердин келип чыгышына жол бербөө аркылуу коргоо саналат. 

Проблемаларды чечүү үчүн чаралар: 

Аталган проблемаларды чечүү үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын төмөнкү бөлүгүндө кайра карап чыгуу зарыл: 

- аткаруу органына карата талаптарды күчөтүү

- уюштуруучулар/катышуучулар/акционерлер тууралуу маалымат берүү жана Улуттук банкты кайсы болбосун өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоо; 

- аткаруу органынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү, квалификациялуу штаттык персонал менен уюмдун натыйжасыз ишине, квалификациялуу штаттык персонал жана алардын улантуучулугун камсыздоо боюнча жоопкерчилик; 

- аткаруу органын, кызмат адамдарын жана персоналды иштен бошотуу же кызмат адамдарынын жана/же негизги кызматкерлердин ээлеген кызматынан четтетүү тууралуу маалымдоо, ошондой эле кырдаалды чечүү чараларды көрүү

- кызмат адамдары үчүн да көзөмөл чараларын кабыл алуу. 

Максатка жетүүнүн сапаттык индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тиешелүү жетекчилиги жана персоналы; 

- төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу

Максатка жетүүнүн сандык индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

төлөм системасынын бардык кызмат адамдары, уюштуруучулар/акционерлер тууралуу толук маалымат (досье)

 

3. Эл аралык тажрыйба 

Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкы. 

2018-жылдын 18-декабрында коомдук талкууга Өзбекстан Республикасынын «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкуулоого чыгарылган, анда төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын лицензиялоого, ошондой эле Борбордук банктын жазма буйруктары аткарылбай калган шарттагы талаптарга тиешелүү болгон, анын ичинде иштин өзгөрүүсү же жетекчини алмаштыруу лицензиянын аракетин токтотууга алып келет.  

Мыйзам долбоору борбордук банктын банк болуп саналбаган жана төлөм кызматтарын сунуштоо укуктуу төлөм уюмдары юридикалык жактар менен өз ара мамилелерин кеңири жөнгө салат. 

Мыйзам долбоорун түшүнүүдө, Өзбекстанда үчөө иш алып барат: 

- Бирдиктүү жалпы республикалык процессинг борбору (UzCard); 

- Бирдиктүү эл аралык процессинг борбору (GlobUz); 

- кайрадан түзүлгөн Улуттук банктар аралык процессинг борбору ГУП «Борбордук банкты маалымат алмашуу башкы борбору» (Humo). 

Мыйзам долбоору төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана контролдоо рыноктун оюнчуларынын бири дээрлик ага таандык болгон борбордук банк боло тургандыгын болжолдойт.  

Долбоордун 34-беренесине ылайык, борбордук банктар төлөм уюмдарына байкоо жүргүзүп, анын ичинде алардын ишине баа берт жана жыйынтыгы боюнча өз сунуштарын даярдайт. 

Борбордук банктын жазма буйруктарын, анын ичинде иш багытынын өзгөрүүсү же жетекчини алмаштыруу боюнча жазма буйруктардын аткарбай коюу лицензиянын аракетин токтотууга алып келет экендигин да белгилей кетүү зарыл (долбоордун 27-беренеси).  

Банктар жана башка юридикалык жактар үчүн төлөм системаларынын операторлору катары рынокко кирүүсү боюнча шарттар аныкталган. Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдар Маалымат алмашуу жана телекоммуникация министрлиги тарабынан милдеттүү түрдө лицензияланат, ошондой эле министрликтин жана Мамлекеттик инспекциянын маалымат алмашуу жана телекоммуникация чөйрөсүндө бардык талаптарды жана жазма буйруктарды так сактоого милдеттүү.  

Мындан тышкары, төлөм системаларынын бардык операторлору жана төлөм уюмдары Visa, MasterCard, American Express, JCB эл аралык төлөм системалары тарабынан уюштурулган PCI DSS (Payment Card Industry Data Security Standard) эл аралык аудитинен ыктыярдуу түрдө өтөт.  

 

Австралиянын Борбордук банкы 

Төлөм системалар борбордук банктан багыттоо статусун алышат, ал системада катышуу үчүн кирүү режимин, катышуучулар тарабынан сакталышы үчүн стандарттарды белгилеп, талаш маселелерде арбитр катары иш алып барат жана төлөм системасынын катышуучуларына көрсөтмө бере алат. Борбордук банк эгерде бул багыттоо коомдук кызыкчылыктарга жооп берсе, төлөм системасына багыттоо бере алат. Багыттоо өкмөттүк гезитте жазуу жүзүндөгү билдирүү түрүндө болууга тийиш. 

Багыттоо ал кайтарылып алынганга чейин колдонулат. Багыттоо эгерде борбордук банк коомдун кызыкчылыгында аталган система багытка ээ же система өзү өз ишин токтотууга же багыттоо статусунун токтотулушуна кызыкдар деп эсептебесе, кайтарылып алынышы мүмкүн. Борбордук банк катышуучулар карманууга тийиш болгон стандарттарды эгерде бул коомдук кызыкчылыктарга жооп берет деп эсептесе аныктап, өзгөртүп жана жокко чыгара алат. 

 

Түштүк Африка Республикасы (ТАР) 

Борбордук банк төлөм системасынын жетекчилик органын төлөм системасынын мүчөлөрүнүн анда катышуусун уюштуруу, башкаруу жана жөнгө салуу предметине тааный алат. Мындай таануу эгерде жетектөөчү орган анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын адилет көрсөтсө, анын иш эрежелери адилет, ачык-айкын болсо, ал эми орган борбордук банкка төлөм системасынын жетекчилигинин жана анын мүчөлөрүнүн иш маселелерин талаптагыдай контролдоого мүмкүн кылат, борбордук банк тарабынан Резервдик банк жөнүндө мыйзамга ылайык, төлөм, эсептешүү жана клирингдик системаларга мониторинг, жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзүүгө карата милдеттерин аткарууда жөнгө салуучуга жардам берет. Мындай таануу борбордук банк тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. 

Түштүк Африка Республикасында төлөм системаларда жетектөөчү орган болууга тийиш деп белгиленген, анын мүчөлөрүнөн болуп банктар, чет өлкө банктарынын филиалдары, уюм же башкаруу органы боло алат. Бул жетекчилик орган чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу, анын ичинде мүчөлөрдү кабыл алуу үчүн форум, борбордук банк тарабынан системада мүчөлүк үчүн критерийлерди бекитүү жана оператордун функцияларын аткаруу үчүн сунуш-көрсөтмө берүү менен төлөм нускоолоруна таасир эткен бардык суроолор боюнча уюштуруу, башкаруу жана жөнгө салуу максатында өз мүчөлөрү үчүн кызмат кылууга тийиш.  

 

Болгариянын Улуттук банкы 

Болгариянын Улуттук банкы системанын оператору үчүн тобокелдиктерди тескөө эрежелерин белгилеген жана финансылык тобокелдиктерге (эсептешүүлөр тобокелдигине жана системалык тобокелдикке) жана операциялык тобокелдикке, ошондой эле төлөм системалары үчүн отчет берүүсүнө карата талаптарга көңүлүн бурган. 

Болгариянын Улуттук банкынын лицензиясын алуу үчүн оператор системанын техникалык, кадрдык жана уюштуруучулук параметрлерине карата критерийлерди так сактоого тийиш. 

 

Мамлекеттик жөнгө салуу варианттары жана кесепеттерге баа берүү

4. Жөнгө салуу варианттары жана кесепеттерге баа берүү  

Төмөндө жөнгө салуунун үч варианты каралган: 

1-вариант «жөнгө салууга либералдуу мамиле». 

2-вариант «кандай болсо ошондой калтыруу». 

3-вариант «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү». 

 

№1 вариант. «Жөнгө салууга либералдуу мамиле»  

Либералдуу мамиле кызмат адамдарына карата талаптарды төмөндөтүп, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлору лицензия алуу үчүн аткаруу органы боюнча талапкерлерди даярдоо жана көрсөтүү бөлүгүндө документтерди даярдоодо ишин жеңилдетет.  

Бирок, мындай мамиледе төлөм уюмдарындагы кызмат адамдары жана төлөм системаларынын операторлору ушул ишти башкарууда компетенттүү эмес болушу да мүмкүн экендиги тобокелдиги келип чыгат, бул төлөм системасынын бардык катышуучулары, анын ичинде төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр үчүн да тобокелдиктердин келип чыгышына алып келет. Лицензия алууга юридикалык жактар кыйла/мүмкүн болсо көбөйөт, мында мыйзамга каршы максаттарда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо кызыкдар катышуучулардын тобокелдиктери жогорулайт.  

 

Жөнгө салуу ыкмасы.  

Улуттук банк ушул вариант колдонулган учурда кандай чараларды жүзөгө ашырат. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Улуттук банктын иш максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдеттеринен болуп улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын узак мөөнөттүк экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу саналат. 

Улуттук банк өз тарабынан төлөм системаларынын иштөөсү үчүн төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын аткаруу органына кошумча кийгилишүүсүз жана контролдукту/мониторингди жүргүзүүсүз жалпы эрежелерди белгилей баштайт.  

Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариант Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат.  

 

2-вариант. «Бардыгын өзгөртүүсүз калтыруу» 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда орун алган, төлөм системасында келип чыккан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу, жөнгө салуунун бул түрү аткаруу жана кызмат адамдарына карата талаптардын жоктугу тобокелдиги сакталат. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын арасында мындай кырдаал келип чыккан учурда, алар тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүшүн жана алардын агенттик/субагенттик түйүнүнүн өсүшүн эске алуу менен аталган вариант төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын толук коргоого алынышын камсыздабайт жана «Кандай болсо ошондой калтыруу» деп аталган 2-вариант ушул талдап-иликтөөнүн 1-проблемага алып келиши мүмкүн.  

Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт

 

3-вариант. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун жаңы редакциясында иштеп чыгуу  

Жөнгө салуу ыкмасы 

Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири бул төлөм системасынын коопсуздугун, туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу саналат.  

Мындан тышкары, төлөм системаларынын операторлорун кошо алганда, төлөм системаларынын катышуучулары төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо кардарлардын-төлөм системасынан пайдалануучулардын укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.  

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк аталган милдетти аткаруу максатында, төлөм системаларынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине лицензия берүүгө чейин кызмат адамдарынын Улуттук банктын талаптарына ылайык келишин кошумча карап чыгууга тийиш. Жөнгө салуунун бул нормасы Улуттук банкка үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашырылган төлөмдөрдүн өткөрүлүшү үчүн жоопкерчилик тарткан адамдар тууралуу толук таржымалга ээ болууга жана Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келбеген кызмат адамдын компанияны башкаруусуна жол бербөөгө мүмкүн кылат.  

Ошондой эле операторлор жана төлөм уюмдары массалык иштен бошонуп кетүү, кызмат адамдарынын иштен кетүүсү, ички пикир келишпестиктердин жана операциялык тобокелдиктердин (өзгөчө кырдаалдар, санкцияланбаган операциялар/кирүү) тобокелдиктери тууралуу жөнгө салуучуну токтоосуз түрдө маалымдоого тийиш.  

 

Жөнгө салуучу таасири 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын кызмат адамдарына, ошондой эле уюштуруучуларына/акционерлерине карата кошумча талаптарды коюу бөлүгүндө кабыл алуу Улуттук банкка үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашырылган төлөмдөр үчүн жоопкерчилик тарткан адамдар жөнүндө маалыматтарга ээ болууга жана компанияны башкарууга Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келбеген кызмат адамдарынын башкаруусуна жол бербөөгө мүмкүн кылат.  

Ишке ашыруу тобокелдиктери 

Жөнгө салуунун сунушталып жаткан вариантын ишке ашырууда төмөнкүдөй тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн: 

1) компетентсиздик же тиешелүү билиминин жоктугу тобокелдиги орун алгандыктан, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын нааразычылыктары; 

2) Улуттук банктын бардык талаптарына дал келген талапкердин компетенттүүлүгүн табуу, кошумча убакытты алат. 

Жобонун долбоорунда белгиленген талаптардын негизинде, жөнгө салуучу тарабынан кызмат адамдарынын дал келүүсүн толук текшерүү талап кылынат.  

 

Укуктук талдап-иликтөө 

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына каршы келбейт.  

Мындай вариантта төлөм системалары маселеси боюнча төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл: 

- «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобо; 

- «Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» жобо; 

- «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо; 

- «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) боюнча саясат; 

- «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо; 

- «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобо; 

- ж.б. 

 

Экономикалык талдап-иликтөө 

Жобонун долбоорунда экономикалык эсеп төлөм системаларынан пайдалануучулар үчүн төмөнкүлөр сыяктуу тобокелдиктердин төмөндөшүн эске алуу менен иштелип чыккан: 

- ликвиддүүлүк тобокелдиги төлөөчү тарабынан убактылуу кыйынчылыктардан улам милдеттенмелерди аткарылбай калышы тобокелдиги. 

- эсептешүүлөр боюнча тобокелдик эсептешүүлөр процесси таптакыр же белгилүү бир мөөнөткө аяктоого мүмкүн болбой калуу тобокелдиги.  

- убактылуу тобокелдик төлөм жөнүндө маалыматтын келип түшүшү менен акыркы эсептешүүнүн аткарылышынын ортосундагы мезгилде тараптардын финансылык абалыбо мүмкүн болгон өзгөртүүлөргө байланыштуу келип чыгат. 

- системалуу тобокелдик «домино эффекти»: төлөмдүн кандайдыр-бир катышуучусу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калышынын натыйжасында, төлөм системасынын башка катышуучулары тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калуу коркунучу келип чыгат . 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир же бир нече берүүчүлөрүнүн банкрот болушу. 

 төлөм милдеттенмелеринин жыйынтык аткарылышы тууралуу белгисиздик. 

Жогоруда аталган тобокелдиктерге жол бербөө үчүн уставдык капиталга толуктоолорду киргизүү бөлүгүндө эсептешүү жүргүзүлгөн, ал кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо түрүнөн жана төлөм системасынын маанилүү критерийлерине жараша көбөйө баштайт. Мында, республиканын региондорунда төлөм системаларын өнүктүрүү максатында негизги уставдык капитал өзгөрүүсүз калтырылган: 

- төлөм уюму үчүн кеминде 2 000 000 (эки миллион) сом; 

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом. 

Алсак, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш. 

Эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) боюнча саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, 12 (он эки) жана андан көп айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн маанилүү, системалуу мааниге ээ төлөм системасы/провайдери катары таанылат: 

Уставдык капитал төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

- эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ катары таанылса, 200 000 000 (эки миллион) сом; 

- эгерде төлөм системасы маанилүү катары таанылса, 50 000 000 (элүү миллион) сом; 

- эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери катары таанылса, 20 000 000 (жыйырма миллион) сом. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими жөнүндө лицензиатты маалымдаган күндөн тартып алты ай ичинде акча каражаттарын банкка салууга тийиш. 

Уставдык капитал 200 млн сом жана жогору болгон шартта, төлөм уюму же төлөм системасынын оператору кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө алдын ала төлөм 100% салуудан бошотулат.  

Уставдык капиталдын көбөйүүсү Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) боюнча саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык төлөм системаларына карата баа берүүдөн жана чечим кабыл алуудан кийин жүзөгө ашырылат. Бул төлөм системалары төмөнкү принциптер боюнча төлөм системасына баа берүүгө тийиш: 

- системалуу мааниге ээ төлөм системалары үчүн Финансылык рыноктордун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-5, 7-9, 11-14, 15-19, 21-23) жана Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык келиши; 

- маанилүү төлөм системалары үчүн Финансылык рыноктордун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-4, 7-8, 13, 15-18, 21-23) жана Улуттук банктын белгиленген талаптарына; 

- жаңы төлөм системалары үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык келиши жана системанын маанилүүлүгүнүн түрүнө жана критерийлерине жараша колдонулуучу стандарттардын сакталышы: 

- орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши жана колдонулуучу стандарттардын сакталышы, «Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерин баалоо үчүн суроолор тизмеги». 

200 000 000 (эки жүз миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капитал системалуу мааниге ээ жана улуттук төлөм системалары үчүн белгиленет, ал ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктер бүтүндөй өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизиши мүмкүн.  

2018-жыл үчүн төлөм системасын баалоонун жыйынтыгы боюнча ГСРРВ жана ПКС системалары гана критерийлерге ылайык системалуу мааниге ээ төлөм системалары катары таанылган. 

Пакеттик клиринг системасы (ПКС) жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ) аркылуу банктар аралык төлөмдөр боюнча таблица төмөндө келтирилген. 

 

 

1-таблица. ПКС жана ГСРРВ системалары аркылуу банктар аралык төлөмдөр  

 

Мезгил 

ПКС 

ГСРРВ 

Жалпы 

Саны 

Көлөмү 

(млн сом) 

Саны 

Көлөмү 

(млн сом) 

Саны 

Көлөмү 

(млн сом) 

2016-жыл 

3 770 463 

122 769,8 

338 721 

5 083 960,3 

4 109 184 

5 206 730,1 

2017-жыл 

8 331 018 

185 526,1 

380 706 

4 751 993,3 

8 711 724 

4 937 519,4 

2018-жыл 

9 280 553 

200 777,7 

444 240 

3 020 120,2 

9 724 793 

3 220 897,9 

2019-жылдын  

1-чейреги 

2 388 352 

43 323,8 

102 499 

672 270,1 

2 490 851 

715 593,9 

 

Улуттук төлөм системалары катары ГСРРВ, ПКС жана «Элкарт» таанылган. 

Ошентип, эгерде бардык маанилүүлүк критерийлери боюнча системалуу мааниге ээ жана/же улуттук төлөм системасына дал келген төлөм системасынын ири оператору пайда болсо, анда жок дегенде, мындай уюмдун уставдык капиталы бүтүндөй өлкөнүн масштабында банктар аралык деңгээлде системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн кеминде 200 000 000 (эки миллион) өлчөмүндө болууга жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда системаны калыбына келтирүү үчүн мүмкүнчүлүккө жана ресурстарга ээ болууга тийиш.  

Уставдык капитал эгерде бардык маанилүүлүк критерийлери боюнча система маанилүү төлөм системасына ылайык келсе, кеминде 50 000 000 (элүү миллион) сом өлчөмүндө белгиленет. 2018-жыл үчүн төлөм системасына баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча төрт төлөм системасы маанилүү төлөм системалары катары таанылган. Бул системалар ошондой эле банктар аралык болуп саналган жана андыктан төлөмдөр боюнча милдеттенмелер коммерциялык банктарга өз лицензиясынын чегинде жүктөлгөн.  

Уставдык капитал эгерде төлөм системасынын оператору же төлөм уюму орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмүндө белгиленет. 2018-жыл үчүн төлөм системасына баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча бир нече төлөм системалары орчундуу төлөм кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылган.  

2018-жыл ичинде орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринен таанылган провайдерлер аркылуу орточо айына 177,13 млрд сом суммасына 791,50 миң транзакция өтөт. Мында, ири төлөм системасынын оператору/төлөм уюму аркылуу 2018-жылдын  

1 айы үчүн орточо 285,56 млн сом суммасына 1,7 млн төлөм өткөн. 

 

2-таблица. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары аркылуу өткөн төлөмдөр  

Мезгил 

Саны (миң бирдик) 

Көлөмү (млн сом) 

2016-жыл 

200 077,1 

23 834,6 

2017-жыл 

182 424,3 

25 718,3 

2018-жыл 

172 954,1 

29 167,2 

2019-жылдын 1-чейреги 

39 404,6 

7 048,1 

 

Бюджеттик төлөмдөрдү кабыл алууну жүзөгө ашырган бир төлөм системасынын оператору/төлөм уюму аркылуу 1 ай ичинде: 

Төлөмдөр саны 1,2 млн.  

Төлөмдөр көлөмү 357, 1 млн сом. 

Күн сайын кабыл алынган төлөмдөрдүн орточо көлөмү 12,2 млн сомго ишке ашырылат.  

Мыйзамга ылайык, жоопкерчилиги чектелген коом милдеттенмелери боюнча өз уставдык капиталы менен жооп берет. Ошентип, системада өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда же компания банкрот болгон шартта, товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүнүн алдындагы милдеттенмелери төлөм системасында үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча жогоруда келтирилген жүгүртүүдөн алганда, аткарылышы мүмкүн.  

Бирок, коммерциялык банктардан айырмаланып, төлөм уюмдар тарабынан банктык операциялардын чектелген тизмеси гана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жүзөгө ашырылып жаткандыгын эске алуу менен уставдык капитал өлчөмүн эгерде төлөм уюму маанилүү, системалуу мааниге ээ же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, аны акырындык менен көбөйтүү зарыл. 

Мамлекеттик органдын чыгымдарын эсептөө  

Мамлекеттик органдын тике чыгымдары  

Мамлекеттик органдар тарабынан чыгымдар каралган эмес. 

Мамлекеттик органдардын кыйыр чыгымдары  

Мамлекеттик органдар тарабынан кыйыр чыгымдар каралган эмес. 

 

Атаандаштыкка тийгизген таасирине талдап-иликтөө  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюна кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо банктар жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары ич ара атаандашып келишет. Бирок, калктын калың катмары үчүн мындай кызмат көрсөтүү банк үчүн кыйла чыгымдуу болуп саналат, андыктан кызмат көрсөтүүнүн өз баасы үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууну жана өткөрүүнү, ошондой эле үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоону жүзөгө ашырган финансы эмес компания тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы менен салыштырганда жогору.  

Мындан тышкары, жогорку технологиялык маалымат системалары электрондук маалымат менен тез алмашууну гана эмес, кыска убакыт ичинде аймактык планда алганда кеңири инфраструктураны түзүүгө жана калктын тез төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камтууга өбөлгө түзөт.  

Мында, коммерциялык банктар тарабынан кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн жүзөгө ашырууда банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жана аларга карата таасир этүү чаралары ушул сыяктуу операцияны ишке ашырган төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына караганда, кыйла жогору. 

Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары  

Жөнгө салуу таасирин талдап-иликтөө коомдук талкуулоонун алкагында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат. 

Сунуш кылынган жөнгө салуу 

Жөнгө салуу таасирин талдап-иликтөөнүн жыйынтыгын чыгаруу менен төмөнкүлөрдү белгилеп кетсе болот:  

«Жөнгө салууга либералдуу мамиле» деп аталган №1 вариантта төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча проблема сакталууда.  

-«Бардыгын өзгөртүүсүз калтыруу» деп аталган №2 вариантта да төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо боюнча аткаруу органынын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча проблема сакталууда

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун долбоорунун 3-вариантында башкаруу органдары жана жалпысынан төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин башкаруу боюнча тобокелдиктер азайтылат. 

Жүргүзүлгөн жөнгө салуу таасирин талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында 3-вариант эң эле максатка ылайыктуу болуп саналат.