«Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору (мындан ары Долбоор) төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан иштин үзгүлтүксүз жүрүшүн, өз ара эсептешүүнү өз убагында жүргүзүүнү жана электрондук капчыктардын ээлеринин, төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн/ агенттердин/ товар/кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулардын алдында финансылык милдеттенмелердин жаралышына жол бербөөнү менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бир ири төлөм системасынын операторунда/төлөм уюмунда көйгөй жаралган учурда системанын үзгүлтүккө учурашын өз убагында четтетпегендик төлөмдөрдүн “өтпөй” калышына, ошол уюмдун агенттери/кардарлары/контрагенттери менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эместиги электрондук акча менен эсептешүү системасынын, интернет-банкингдин жана башкалардын иштешине, айрым коммерциялык банктарга таасир тийгизген. Электрондук капчык ээлери коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, интернет боюнча эсептерди, товар/кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар үчүн төлөмдөрдү төлөй албастан, капчыктагы акчаларын нак акча түрүндө ала алышкан эмес. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун, төлөм системасынын операторунда/төлөм уюмунда ушундай жагдайлар жаралган учурларда тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн алкагында, электродук акчалардын ээлери алдында карызды өз убагында жабуу мүмкүнчүлүгү үчүн «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого, тобокелдик-жагдай жаралган учурда төлөм уюмунун финансылык милдеттенмесин кардардын биринчи талабы боюнча жабуу үүчн камсыздандыруу депозитинин каражаттарын колдонуу жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.  

Мындан сырткары, идентификацияланбаган электрондук капчыктар боюнча көйгөйлөр пайда болууда. Электрондук акчалар эмитенти - коммерциялык банкка мындай капчыктардын ээлерин аныктоо татаал. Электрондук акчаларды чыгарган банк каражаттардын сакталышына кепилдик бергенине карабастан, автоматташтырылган системанын иши үзгүлтүккө учураган учурда, каражаттарды идентификацияланбаган электрондук капчыктардан кайтаруу кыйынчылыкка турган. Коммерциялык банк эсепти ачууга тиешелүү акы алуу менен эсептешүү эсебин ачуу аркылуу электрондук капчык ээлерин идентификациялоого мажбур болгон. Ошентсе да, төлөм системасында идентификацияланбаган капчыктардын ээлери тарабынан талап кылынбаган акчалар калып калган, себеби эсеп ачуу суммасы электрондук капчыктагы суммадан жогору болгон.  

Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү боюнча коммерциялык банктарга, операторлорго, агенттерге, субагенттерге жана эл аралык электрондук акча системасынын операторлоруна / эл аралык электрондук акча эмитенттерине карата талаптар жана тартип «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо менен белгиленген. Бирок жобо азыркы учурдагы төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда орун алган, мүмкүн болгон тобокелдиктердин бардыгын толук камтый албайт, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат, анын ичинде:  

- электрондук акча системасында операциялар боюнча синхрондоштурууну on-line түрүндө, же болбосо бир күндө эки жолудан кем эмес жүргүзүү

- ар бир агент менен жүргүзүлгөн операциянын саны, көлөмү жана өлчөмү боюнча каттоо жүргүзүү жана операциялардын жана бухгалтердик баланстагы көлөмгө жана суммага, ага ылайык электрондук акчаларды эсепке алуу банк эсебине дал келген турган электрондук акча системасындагы электрондук акчалардын калдыктарын күнүнө бир жолудан кем эмес салыштырып текшерүү

- Банк чыгарылган электрондук акчаны нак акчага айлантып же нак эмес акчаны банктык эсепке же аталган башка эсепке мурда белгиленген тариф боюнча кошумча төлөмсүз жана комиссиясыз которуп бериш кекрек; 

- (эгерде Кыргыз Республикасынын коммерциялык банккы оператор болбосо) тараптардын арасындагы келишиминде көрсөтүлгөн электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акчанын өлчөмүнөн жана суммасынан 30 % кем эмес өлчөмүндө жана мүмкүн боло турган тобокелдиктерге жана жоготууларга, кырдаалдарга резерв катары каралган камсыздандыруу депозитти банкта оператор менен ачуусу. 

Мындан тышкары, чыгарылган электрондук акчанын жалпы көлөмүндө идентификацияланбаган капчыктардын үлүшүн азайтуу боюнча иш-чаралар комплекси зарыл. 

Бул талап эсептешүүлөрдү өз убагында ишке ашырбоо менен байланышкан жагдайлар жаралган учурда тобокелдики азайтууга мүмкүнчүлүк берет.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул долбоор бүткүл өлкө үчүн оң социалдык-экономикалык натыйжаларга алып келет, анткени ушул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кошумча чараларга багытталган. 

Долбоор укук коргоо, гендердик, экологиялык чектеген, коррупциялык кесепеттерге алып келген ченемдерди камтыбайт, анткени Долбоордун сунушталган ченемдери төлөм системасынын катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн ордун жабууга кепилдик берүүгө талаптарды күчөтүү аркылуу финансылык жана маалымат агымдарын контролдоону жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча маалымат 

Долбоор боюнча маалыматтар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат 

Бул Долбоордун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат 

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 “Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык иштелип чыккан. 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2019-жылдын «»_________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» Жободо: 

- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Бир эмитент банктын алкагында электрондук акча системасында ар бир катталган электрондук капчыктын уникалдуу идентификациялык номери болуш керек.»; 

- 20-пункта: 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- (эгерде Кыргыз Республикасынын коммерциялык банккы оператор болбосо) тараптардын арасындагы келишиминде көрсөтүлгөн электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акчанын өлчөмүнөн жана суммасынан 30 % кем эмес өлчөмүндө жана мүмкүн боло турган тобокелдиктерге жана жоготууларга, кырдаалдарга резерв катары каралган камсыздандыруу депозитти банкта оператор менен ачуусу;»; 

- төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«электрондук акча системасында операциялар боюнча синхрондоштурууну on-line түрүндө, же болбосо бир күндө эки жолудан кем эмес жүргүзүү»; 

- 21 пунктун экинчи сүйлөмүн «Улуттук банктын» деген сөздөн кийин «, талаптарды кошуу менен» деген сөздөр менен толуктоо; 

- 51 пункттун 3 подпункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) ар бир агент менен жүргүзүлгөн операциянын саны, көлөмү жана өлчөмү боюнча каттоо жүргүзүү жана операциялардын жана бухгалтердик баланстагы көлөмгө жана суммага, ага ылайык электрондук акчаларды эсепке алуу банк эсебине дал келген турган электрондук акча системасындагы электрондук акчалардын калдыктарын күнүнө бир жолудан кем эмес салыштырып текшерүү;»; 

- 54 пункта «/банктык кепилдик берет» сөздөрдү алынып салынсын; 

- 56 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Банк чыгарылган электрондук акчаны нак акчага айлантып же нак эмес акчаны банктык эсепке же аталган башка эсепке мурда белгиленген тариф боюнча кошумча төлөмсүз жана комиссиясыз которуп бериш кекрек.»; 

- 60 пунт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Жүргүзүлгөн транзакция 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн жогору болсо, анда ээсинин транзакция боюнча кошумача тастыктоосу керек.»; 

- 65-пунктун 1 подпункту «транзакция жүргүзүп жатканда» сөздөрдөн кийин «анын ичинде кырдаалдуу абал,» сөздөрү менен толукталсын; 

- 68 пункта «же анын контролунда болбогон башка жагдайлар» сөздөрдү алынып салынсын; 

- 82 пункту «каралган банк эсеби» сөздөрдөн кийин «гана» сөзү менен толукталсын; 

- 90 пунктун 4 подпункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) электрондук акча системасынын тынымсыз иштегенин камсыз кылуу планы болушу.».