«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

 1. Максаты жана милдеттери   

Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары  долбоор) төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана милдеттерди аткаруу боюнча алардын кызмат адамдарына карата талаптарды күчөтүү, төлөм системаларынын операторлоруна /төлөм уюмдарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлардын пайда болушун азайтуу, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, андагы системалуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

2019-жылдын январь айында бир ири төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун менчик ээлери, жетекчилиги, ошондой эле эмгек жамааты ортосунда ички чыр-чатак маселелери жаралгандын жыйынтыгында, төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына, товар/кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөөгө, ошондой эле ошол уюмдун агенттери/кардарлары/контрагенттери менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эместигине алып келген үзгүлтүккө учуроо катталган. Мындан тышкары, үзгүлтүккө учуроо электрондук акча, интернет-банкинг, айрым банктардын төлөм терминалдары боюнча эсептешүү системасынын иштешине таасирин тийгизген. 

Төлөм системасынын операторунда/төлөм уюмунда ушундай жагдайлар жаралган учурларда тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, көзөмөлдөө таасир этүү чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы 51/1 токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.  

Ченемдик укуктук актыларга сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары өз ишин аткарууда аларга карата талаптарды төмөнкү таасир этүү чараларын киргизүү жолу менен күчөтүүгө багытталган:  

- төлөм системалары операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм; 

- кызмат адамдарын четтетүү же алмаштыруу; 

- атайын режим киргизүү

Жобонун долбоорунда мындай таасир этүү чараларын кабыл алуу үчүн негиздер келтирилген, долбоор Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирилген. 

Көп өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу Жобо жаңы редакцияда сунушталды.  

Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу төлөм системалары кызматтарын колдонуучулардын укуктарын коргоого, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга жана колдоого, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул долбоор бүткүл өлкө үчүн оң социалдык-экономикалык натыйжаларга алып келет, анткени ушул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чараларды күчөтүүгө багытталган. 

Долбоор укук коргоо, гендердик, экологиялык чектеген, коррупциялык кесепеттерге алып келген ченемдерди камтыбайт, анткени Жобонун долбоорунда сунушталган ченемдер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын оптималдаштырууга жана шайкеш келтирүүгө багытталып, Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдарынын ишин бир калыпка салууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. 

 

5. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат 

Бул токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт

 

6. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат  

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык иштелип чыккан. 

 

Долбоор  

«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 

ЖОБО  

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор  

1. Жободо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республика аймагында өз ишин жүзөгө ашырып жаткан төлөм системасынын операторлоруна (банктарды жана башка финансы-кредит уюмдарын эске албаганда)/төлөм уюмдарына карата таасир этүү чаралары жана аларды колдонуу тартиби аныкталган.  

2. Таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо каралган тартипте колдонулат.  

3. Улуттук банк таасир этүү чараларын, төлөм системаларынан пайдалануучулардын укугун жана мыйзамдык кызыкчылыгын коргоо, төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого алуу жана камсыз кылуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында колдонот.  

4. Улуттук банк таасир этүү чараларын төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:  

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарын бузууга жол берүү;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын алдындагы финансылык милдеттенмелери аткарылбаган учурда; 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм системасынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына кооптуу жагдайдын же төлөм системасында системалуу тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган аракеттери же аракеттенбей коюусу; 

- төлөм системасынын операторунун /төлөм уюмунун кызмат адамдарынын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдарынын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу. 

- Улуттук банк көзөмөлдүк функцияларын аткарган учурда ага каршы аракеттер көрүлгөн  учурда; 

- реалдуу финансылык ордун жабуу мүмкүнчүлүгү болбогон шектүү операцияларды (бүтүмдөрдүн) жүзөгө ашыруу. 

- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамына ылайык тыюу салынган шектүү аракеттерди (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу;  

- Улуттук банкка отчетту же башка маалыматты бербеген же мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес отчет жана/же башка маалымат берилген шартта; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензия алган учурдан тартып, 1 (бир) жылдан ашык убакытка ишкердикти жүргүзүүнү кечиктирсе.  

5. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдоо иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгилүү бир нормаларын бузууга жол бергендиги же төлөм системасынын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы тууралуу, ошондой эле мындан ары аларга карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүндүгү тууралуу жазуу түрүндө эскертүү жөнөтүүгө укуктуу. Эскертүү таасир этүү чарасы болуп саналбайт. Жазуу түрүндөгү эскертүүгө ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескеген Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн колу коюлат.  

 

2-ГЛАВА.  

Таасир этүү чаралары жана алардын колдонулушу  

 

6. Бул жободо төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган:  

- жазма буйрук жөнөтүү

- төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына айыптык төлөмдү белгилөө

- кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу; 

- лицензияда каралган төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөө киргизүү

- атайын режимди төмөнкү түрдө киргизүү

- тике банктык көзөмөл; 

- убактылуу администрация; 

- лицензиянын ишин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу.  

7. Таасир этүү чаралары бузууга жол берилген жагдайга, анын татаалдыгына жана олуттуулугуна жараша, ошондой эле төлөм системасынан пайдалануучуларга жана катышуучуларга тийгизген таасирине жараша колдонулат. Таасир этүү чараларын колдонууда алардын кезеги жана ырааттуулугу каралбайт.  

8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

9. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна аныкталган бузууларды белгилүү бир мөөнөт ичинде четтетүү тууралуу жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган финансылык жана башка отчеттор берилбесе;  

- көз карандысыз финансылык аудиттин, маалымат системасынын аудитинин корутундусу жана ага карата тиркемелер Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө берилбесе;  

- Улуттук банкка мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштаса; 

- инспектордук текшерүү учурунда техникалык документтер, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аппараттык-программалык комплекстин ишинде пайдаланылуучу документтер жок болсо жана/же берилбесе; 

- төлөм системасынын ишинде техникалык үзгүлтүк келип чыккан учурдан тартып, 4 сааттан ашык убакытка созулган үзгүлтүк 24 саат ичинде четтетилбесе; 

- Улуттук банктын кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө;  

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берилсе. 

10. Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына айыптык төлөм белгилөө.  

Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына алардын активдеринин баланстык баасынын (акыркы отчеттук күнгө ылайык) 10 (он) пайызынан ашпаган айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды кандайдыр бир бузуу; 

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаса;  

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө  (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса. 

Төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып, үч ай ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук Банк аткаруу чегинде айыпты мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

11. Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдөгү (айлык, сыйлыктар, бонустар жана башкалар), айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе - жылдык орточо сый акынын 50% өлчөмүндө

- төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын алардын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу - жылдык орточо сый акынын 50% өлчөмүндө

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаган учурда - жылдык орточо сый акынын 50% өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө  (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса жылдык орточо сый акынын 30% өлчөмүндө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып, үч ай ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук Банк аткаруу чегинде айыпты мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

12. Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына айыптык төлөмдүн белгилениши алардын бузууга жол берүүлөрдү четтетпеши же кызматтарды керектөөчүлөрдүн/товарларды/кызматтарды сунуштоочулардын/агенттердин алдындагы финансылык милдеттенмелерин аткарбашы үчүн негиз болуп саналбайт.  

13. Улуттук банк төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кырыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. Ушул учурда айыптык төлөмдү белгилөө чечими Кырыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кабыл алынат. Бир эле бузууга жол берүүсү үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 

14. Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же алмаштырууну талап кылууга төмөнкү учурларда укуктуу: 

- кызмат адамдары Улуттук банктын ченемдик укутук актыларынын талаптарына ылайык келбеген же кызматтык функцияларын аткарбаган/талаптагыдай деңгээлде аткарбаган учурда;  

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишинде ички контролдукту жана тобокелдиктерди тескөөнү тиешелүү деңгээлде жүргүзбөсө

- кызмат адамдарынын төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишинде тиешелүү жетекчиликти жүргүзүүгө жөндөмсүздүгү

- Улуттук банктын талаптарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү менен, аффилирленген жана алар менен байланыштуу адамдар менен операцияларды жүргүзгөн учурда; 

- төлөм системаcынын операторлору жана төлөм уюмдары же алардын башкаруу органдары/кызмат адамдары Улуттук банкка маалыматты сунуштабаса же мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштаса; 

- Улуттук банкка отчетторду сунуштабаса же мөөнөтүнөн кечиктирилген/толук эмес же такталбаган отчетторду сунуштаса; 

- ички чыр-чатактар же болбосо төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын катышуучуларынын/акционерлеринин ортосунда үчүнчү жактарды, укук коргоо же сот органдарын тартуу менен териштирүүлөр орун алган, ошондой эле төлөм системасынын туруктуулугуна, үзгүлтүксүз, коопсуз иштешине, төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүүсүнө, төлөм кызматтарын пайдалануучулардын укуктарынын корголушуна, ошондой эле төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келүүчү аракеттер демилгеленген же жүргүзүлгөн учурда; 

- ыйгарым укуктарынан же башка ушул сыяктуу аракеттерден кыянаттык менен пайдалануу; 

- Улуттук банктын жазма буйруктарын жана талаптарын аткарбаса; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдун кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу боюнча токтом түрүндө чечим кабыл алат.  

15. Улуттук бан төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине тике банктык көзөмөл атайын режимин киргизүүгө төмөнкү учурларда укуктуу: 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун (көзөмөлгө алынган уюмдар менен байланыштуу) кызмат адамдарынын, уюштуруучуларынын, катышуучуларынын, акционерлеринин ортосундагы пикир келишпестиктер (чыр-чатак) жөнүндө маалыматтар/жарандардан кайрылуу келип түшкөн штаттан тышкаркы жагдайларда, же төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына жана/же пайдалануучулар алдындагы милдеттенмелеринин аткарылбай калышына алып келе турган башка жагдайларда;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын жана пайдалануучулардын алдындагы финансылык милдеттенмелери аткарылбаган учурда;  

- укук коргоо жана башка органдарынан жана адамдардан көзөмөлгө алынган уюмдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат алынган шартта;  

- төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын алардын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу; 

- башкаруу/аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын төлөм системасынын операторлорунун/ төлөм уюмдарынын ишине жетекчиликти жүргүзүүгө жөндөмсүздүгү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын жазма буйруктарынын (кемчиликтер белгиленген убакыт ичинде четтетилген эмес) талаптарын бузууга жол берүү фактылары аныкталган учурда;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Тике банктык көзөмөл төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ишке ашырган операцияларды контролдоо, анын финансылык абалына, эсепке алуусуна жана отчетуна, алар тарабынан күндөлүк финансылык милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда киргизилет. 

16. Улуттук банк төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдарынын иши боюнча убактылуу администрация түрүндөгү атайын режимди киргизгенге төмөнкү учурларда укуктуу: 

- мыйзамга ылайык лицензияны кайтарып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо; 

- эгерде, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башкаруу органдарынын ортосунда иштин үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн болгон пикир келишпестиктер орун алса жана/же аларга өз ыктыяры менен жоюлууга уруксат берилбеген учурду кошо алганда, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз функцияларын аткара албаган же аткарбаган учурда, аларды башкаруу мүмкүн болбосо.  

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлашы мүмкүндүгү белгиленсе; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Убактылуу администрация алты айлык мөөнөткө чейин киргизилет жана Убактылуу администрация режиминин мөөнөтү аяктаган учурда же Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Убактылуу администрация режими алты айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.  

Улуттук банктын Убактылуу администрация режимин киргизүү тууралуу чечими банктын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга белгиленген тартипте тааныштырылат. 

17. Улуттук банктын төлөм системасы боюнча комитети тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режимин киргизүү жөнүндө чечимди токтом түрүндө кабыл алып, анда төмөнкүлөрдү көрсөтөт: 

- тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режимин киргизүүнүн негизи жана мөөнөтү;  

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын (төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары эсепешүү-кассалык операцияларды жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын ыйгарым укуктарын жана укуктарын кошо алганда) ишинин өзгөчө шарттары жана режимдери; 

- төлөм документтерди кабыл алуу жана/же төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептерин аралыктан тейлөө учурунда, көзөмөлгө алынган уюмга (төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму) тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режими киргизилгендиги тууралуу коммерциялык банктарга маалымдоо;  

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Улуттук банктын жана тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режими боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын алдындагы милдеттери, анын ичинде отчеттун формалары;  

- Улуттук банктын тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерин же убактылуу администратор жана ишке тартылган адамдар, анын ичинде убактылуу администрациянын курамына кирген Улуттук банктын кызматкерлери жөнүндө маалымат.  

Тике банктык көзөмөл режими киргизилген учурда төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары мурдагыдай эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын финансылык абалына, ишинин жүргүзүлүшүнө жана милдеттеринин аткарылышына жооп берет. Ошол эле учурда алар төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин/кызматкерлеринин көзөмөлдүгү алдында башкарат.  

Убактылуу администрация режими киргизилген учурда төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулуп, убактылуу администрацияга өтөт. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун атынан юридикалык жак катары иш алып барууга убактылуу администрация гана укуктуу. Кимдир бирөөнүн төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун атынан жүргүзгөн кандайдыр бир иш-аракеттери жараксыз болуп эсептелет;  

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун катышуучулары жана кызмат адамдары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине/кызматкерлерине төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине байланыштуу бардык маалыматты берүүгө милдеттүү

Тике банктык көзөмөл атайын режимине төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишинин өзгөчөлүгүнүн эске алуу менен, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 токтому менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун талаптары таркатылат. 

Убактылуу администрация атайын режимине төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишинин өзгөчөлүгүнүн эске алуу менен, Улуттук банк Башкармасынын 2017- жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун талаптары таркатылат. 

18. Лицензиянын алкагында төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым бир түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса же төлөм системасынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын алдындагы финансылык милдеттенмелерин өз учурунда аткарбаса;  

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун күнөөсү боюнча төлөм системасынын ишинде 2 сааттан ашык убакытка созулган техникалык үзгүлтүк келип чыккан шартта; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тастыктоочу документтерин (буйрук/буйруу/өтүнүч кат) көрсөтүүсүз, ордунда болбогон учурда, бул иштин үзгүлтүккө учурашына жана/же төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун башкаруу органдары жана кызмат адамдары өз функцияларын/кызматтык милдеттерин аткарбаган шартта, аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүн жоготууга алып келиши мүмкүн;  

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын төлөм системасына катышуучулардын жана андан пайдалануучулардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кооптуу жагдайдын келип чыгышын шарттаган аракеттери же аракеттенбей коюусу. 

19. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынат:  

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын бузууга жол берүү

- Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же талаптарын системалуу түрдө  

(12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу) аткарбаган учурда; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган операцияларды жүргүзгөн, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка учурларда;  

төлөм системасынын ишинде техникалык үзгүлтүк пайда болгон учурдан тартып, анын штаттык режимде иштеши 48 сааттан ашык убакыт бою калыбына келтирилбеген шартта; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төлөөгө жөндөмсүз катары таанылган же алардын кызматтарды сунуштоочулар жана/же төлөм кызматтарынан пайдалануучулар алдындагы финансылык милдеттери аткарылбаган учурда;   

Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк функцияларын аткаруу учурунда системалуу түрдө аларга каршы аракеттер көрүлсө.  

20. Лизензиянын аракети төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талаптарды бузууга жол берүүлөрдү четтеткен шартта, лицензиянын аракетин токтотуу боюнча мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн тартып, же болбосо төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талаптарды бузууга жол берүүлөрдү мөөнөтүнөн мурда четтеткен учурда, лицензиянын аракетин токтотуу боюнча белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин Улуттук банк тарабынан калыбына келтирилет. 

21. Аныкталган бузууга жол берүүлөр мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тиешелүү документтерди сунуштоо менен Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. Улуттук банк, өз кезегинде, инспектордук текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.  

22. Улуттук банк отуз күндүк мөөнөт ичинде же болбосо төлөм системасынын операторунан/төлөм уюмунан бузууга жол берүү мөөнөтүнөн мурда четтетилгендиги тууралуу билдирүү алган күндөн тартып, беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен инспектордук текшерүүнү жүзөгө ашырат. Текшерүүнүн жыйынтыгында, төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна кат жүзүндө лицензиянын аракети калыбына келтирилгендиги же болбосо тиешелүү негиздемелерди көрсөтүү менен калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жөнөтүп, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрине тиешелүү маалыматты каттайт. Лицензиянын аракетин калыбына келтирүү же калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети кабыл алат. 

23. Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган, реестрге бул тууралуу маалымат киргизилген жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган күндөн тартып, лицензиянын аракети калыбына келтирилген катары эсептелет. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын лицензиянын аракетин калыбына келтирүүдөн баш тартуу чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга укуктуу.  

24. Лицензия төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши катышуучулардын жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулардын кызыкчылыгына коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайлар орун алганда жана төмөнкү учурларда кайтарылып алынат:  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилсе;  

- төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса же кызматтарды сунуштоочулар жана/же төлөм системаларынан пайдалануучулар алдында финансылык милдеттерин аткарбаса  

(12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу);  

- Улуттук банктын буга чейин жөнөтүлгөн жазма буйруктарын аткарбаса; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензия алган учурдан тартып,  

1 (бир) жылдан ашык убакыт бою ишкердикти жүргүзүүнү кечиктирсе.  

25. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензиянын кайтарылып алынышы төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензияда белгиленген ишкердикти жүргүзүүсүн токтотууга алып келет.  

26. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тобокелдиктерге жол бербөө жана төлөм системасынан пайдалануучулардын укугун жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо максатында, башка алдын ала таасир этүү чараларын колдонуусуз лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.  

27. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими кабыл алынган күндөн жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде, Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечиминде башка мөөнөт көрсөтүлбөсө

28. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде, анын түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга тийиш.  

29. Улуттук банк лицензия кайтарылып алынгандыгы жөнүндө жазууну реестрге чагылдырып, маалыматты Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

30. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация режимдери киргизилген, төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же, төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынган учурда, лицензиясынын иши токтотулган/кайтарып алынган жана алар өз ыктыяры менен жоюлган шартта, Улуттук банк бардык коммерциялык банктарга, төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына билдирүү жөнөтөт.   

Маалымдоо процессин тездетүү, ошондой эле маалымдоо убактысын жана күнүн каттоо максатында, Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө билдирменин көчүрмөсүн коммерциялык банктардын, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын расмий электрондук даректерине жөнөтөт, ошондой эле төлөм системасынын башка катышуучуларына (кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларга, товарларларды/кызматтарды сунуштоочуларга) билдирүү үчүн, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

 

3-ГЛАВА.  

Төлөм системасынын оперaторлорунун/төлөм уюмунун төлөмдөрдү аягына чыгаруу тартиби  

 

31. Лицензиянын аракети убактылуу токтотулган/кайтарылып алынган же өз ыктыяры боюнча жоюлган учурдан тартып төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төмөнкүлөр боюнча ишин толугу менен токтотууга тийиш:  

үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү;  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана  төлөм системасынын, ушул процессингдин, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.  

32. Эгерде, лицензиянын чегинде төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр киргизилген, лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган/чектөөлөр белгиленген/кайтарылып алынган же өз ыктыяры менен жоюлган учурда, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасына төлөмдөр келип түшсө (система жана анын ишиндеги техникалык үзгүлтүк толук өчүрүлгөнгө чейин жана товарларды, кызматтарды сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн келишим ошол учурда колдонууда болсо), анда бул төлөмдөр төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан кабыл алынууга, аягына чыгарылууга жана төлөнүүгө тийиш. Мындай төлөмдөрдүн аягына чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банкка Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими берилгенден, жарыялангандан, таркатылгандан жана тааныштырылгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен, жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банкка бул маалыматты жеткирбеген/же белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирип жеткирген жана/же мындай төлөмдөрдү аягына чыгарбаган шартта, убакытта а Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.  

 

4-ГЛАВА. 

Корутунду жоболор  

 

33. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна жана/же алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимине даттануу менен кайрылуу Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

34. Эгерде, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму катары банк же башка финансы-кредит мекемеси иш алып барса, анда таасир этүү чарасы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июндагы № 2017-П-14\23-12-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык колдонулат.