«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорго  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Коммерциялык банктарда рыноктук тобокелдикти жана капиталды тескөө натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду иштеп чыкты. 

Биринчи кезекте, долбоор менен «Рыноктук тобокелдикти жабуу үчүн капиталга карата минималдуу талаптар» жана «Банк портфелинин пайыздык тобокелдиги» банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттары боюнча талаптарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет. Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин бул стандарттарына ылайык банк портфелинин пайыздык тобокелдигинин өлчөмүн өлчөө жана бул тобокелдикти капитал менен жабууну караштыруу сунушталат.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушар болуу даражасын аныктоо тартибин ачып көрсөтөт, бул максатта пайыздык чендин тобокелдигине баа берүүнүн алкагында гэп-талдап-иликтөө жүргүзүү методикасын кайра каралган, банктын соода жана банк портфели түшүнүктөрү так ажыратылган, ошондой эле пайыздык чен тобокелдигин тескөө боюнча коммерциялык банктар үчүн кошумча талаптар киргизилген.  

Мындан сырткары, «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жаңы жобонун долбоору иштелип чыккандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын системалуу мааниге ээ болгон банктары тарабынан өзүнүн иши жөнүндө маалыматты чечмелөөнү жана жарыялоону кайталоону алып салуу жагында долбоор менен «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр киргизүү каралган. 

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын “___”_________№__ токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү” жобонун: 

- 13.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул жобого карата 2-тиркемедеги форма боюнча эң оболу банктын расмий сайтында жана зарылчылыкка жараша республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланууга тийиш. 

Бул талап Кыргыз Республикасынын система үчүн олуттуу мааниге ээ болгон банктарына таркатылбайт. Алар экономикалык ченемдердин аткарылышына тиешелүү маалыматтарды «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобо талабына ылайык чечмелөөгө милдеттүү.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобонун: 

- 63-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк корпоративдик башкаруунун  ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жободо аныкталган корпоративдик башкарууга тиешелүү маалыматтарды расмий сайтында чечмелөөгө же жылдык жана мезгил-мезгили менен сунушталып туруучу отчетторунда жарыялашы мүмкүн.  

Корпоративдик башкарууга тиешелүү маалыматтарды чечмелөө  «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобо талабына ылайык Кыргыз Республикасынын система үчүн олуттуу мааниге ээ болгон банктары үчүн милдеттүү болуп саналат. 

Банк корпоративдик башкарууга тиешелүү болгон жана рынок катышуучуларына маалымдоо зарыл деп эсептеген кандай болбосун башка кошумча маалыматтарды да чечмелеши мүмкүн.». 

- 64-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобонун: 

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 2.5, 2.6, 2.7, 2.8-пункттар менен толукталсын:  

«2.5. Соода портфелинде соода жүргүзүү же болбосо соода портфелинин башка элементтерин хеджирлөө үчүн каралган бардык финансылык инструменттер (каражаттар) камтылат. Бул финансылык каражаттар кыска мөөнөт аралыгында аларды сатуудан киреше алуу жана/же рынокто кыска мөөнөт аралыгында болуп өтүүчү же күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кирешеге ээ болуп калуу максатында мына ушул портфелде сакталат.  

2.6. Банк портфелинде анын соода портфелинде камтылбаган бардык баланстык жана баланстан тышкаркы статьялар (беренелер) эске алынат. Бул статьялар активдүү соода жүргүзүү үчүн каралган эмес жана төлөөгө чейин кармалып туруучулар катары классификацияланат. Банк портфелинин статьялары адатта рыноктук наркы боюнча кайра бааланбайт жана амортизацияланган наркы боюнча эсепке алынат. 

2.7. Финансылык инструменттин же инструменттер портфелинин экономикалык наркы инструменттен же портфелден күтүлүп жаткан акча агымынын рыноктук пайыздык чен боюнча дисконттолгон учурдагы (шайкеш келтирилген) наркын билдирет. Ушул Жобонун алкагында дисконттоо чени катары тобокелдикти камтыбаган чен колдонулууга тийиш.  

Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк көпчүлүк учурда тобокелдикти камтыбаган чен катары кабыл алынып келет. Валютасына жараша жана финансылык инструментти белгилүү бир убакыт аралыгына бөлүштүрүүдөн улам, чет өлкө мамлекеттик баалуу кагаздары, ошондой эле төлөө мөөнөттөрү ар башка баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк чени алынышы мүмкүн. Мисалы, сом менен туюндурулган финансылык инструменттер үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиинин жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл, 3 жыл, 5 жыл 7 жыл жана 10 жыл болгон жүгүртүүдөгү мамлекеттик казына облигациялары боюнча орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк колдонулушу мүмкүн. АКШ долларында туюндурулган финансылык инструменттер үчүн АКШнын казына векселдери, казына ноталары жана казына облигациялары пайдаланылышы ыкытмал. 

2.8. Суммардык баланстык жана баланстан тышкаркы активдерде же суммардык баланстык жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерде кеминде 5% үлүштү ээлеген валюта маанилүү валюта катары эске алынат.»; 

- 4-глава төмөнкү реадкцияда берилсин: 

«4.1. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө алууда соодалык операциялар сыяктуу эле, банк портфели менен жүргүзүлгөн операцияларга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер эске алынууга тийиш.  

Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө алуу кайра баалоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдикти, базистик тобокелдикти, опцион тобокелдигин жана кирешелүүлүк ийреги боюнча тобокелдикти да тескөөгө алууну камтууга тийиш. 

Банк рыноктук тобокелдикти тескөө саясатынын курамдык элементинен болгон пайыздык чен тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгышы зарыл. Иштелип чыккан ошол саясатта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- пайыздык чен тобокелдигине баа берүү процессин сүрөттөп жазуу, ал банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө пайыздык чен тобокелдиги боюнча лимиттерди аныктоону дагы карайт. Мындай лимиттер банктын активдерин жана милдеттенмелерин тескөөдө эсепке алынып, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана капиталына дал келүүгө тийиш;  

- банк Башкармасынын жана/же банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган тиешелүү органдын тиешелүү лимиттерди жактырууну кошо алганда, пайыздык чендерди тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо;  

- банктын структуралык бөлүмдөрүнүн/кызматкерлеринин пайыздык чендерди тескөө боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин чектөө. Тобокелдикке мониторинг жана контролдук үчүн жооптуу адамдар пайыздык чен тобокелдигин алып жүрүүчүоперацияларды аткаруучу адамдардан көзкаранды болбоого тийиш;  

- банктын бардык иш багыттары боюнча пайыздык чен тобокелдиги жөнүндө маалыматтарды жыйноочу информациялык системалар башкармалыгына карата талаптар. Аталган башкармалык Банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши үчүн пайыздык чендер тобокелдигинин деңгээли жөнүндө маалыматты өз убагында берүүнү камсыз кылууга тийиш;  

- банктын отчеттуулугуна карата талаптар, отчет Директорлор кеңешинин башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуусу жана контролдукту өз убагында жүзөгө ашыруусу үчүн жетиштүү болгон маалыматтарды камтууга тийиш;  

- жаңы продукттар менен байланыштуу процесстерди жана принциптерди аныктоо.  

4.2. Пайыздык чен тобокелдигин өлчөө ыкмасы банк ишинде тобокелдиктин келип чыгышы табиятына жана татаалдыгына жараша айрымаланышы мүмкүн. Банктар ар кандай ыкманы колдонушу ыкытмал, бирок эң оболу алар гэп-анализдөөнү жана стресс-тестирлөөнү жүргүзүп, ошондой эле банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануусу деңгээлин аныктап алууга тийиш (1-тиркеме). 

4.2.1. Гэп-анализ пайыздык чендин өзгөрүшү айрыкча аларга таасир этиши ыктымал болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымды аныктоону болжолдойт. 

4.2.2. Стресс-тестирлөөнүн негизги милдети болуп банктын теңдеминин (балансынын) банк тобокелдигинин таасирине ийкемдүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле банктын капиталынын жагдайлар андан ары кандайча өнүгө тургандыгы боюнча ар кандай сценарийлерде мүмкүн болуучу ири чыгымдарды компенсациялоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саналат.   

4.2.3. Банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарланышы ыктымалдыгы пайыздык чендин болжолдонгон өзгөрүүсүнө таянуу менен жүргүзүлгөн гэп-анализдөөнүн негизинде аныкталат (пайыздык чен тасири (стандартташтырылган). 

4.2.4. Банк буларга кошумча төмөнкүлөрдү да аткарууга тийиш:  

- таза пайыздык маржаны эсептеп, ага мониторинг жүргүзүү

- кредиттердин/депозиттердин мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү жана алынышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге баа берүү

- өзгөрүлмөлүү пайыздык чен боюнча каражаттарды тартууга/жайгаштырууга байланышкан тобокелдиктерге баа берүү

4.3. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы мезгил-мезгили менен бирок, жарым жылда кеминде бир жолу стресс-тестирлөөнүн натыйжаларына, анын өзөгүндө камтылган негизги болжолдоолорго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. Мындай иш натыйжалары рыноктук тобокелдикти тескөө саясатын иштеп чыгууда жана аны кайра кароодо эске алынышы зарыл. Стресс-тесттерден улам болжолдонгон потенциалдуу жоготуулар жана алардын келип чыгышы ыктымалдыгын эске алуу менен Директорлор Кеңеши жана Банк Башкармасы тобокелдикти тескөө ишин күчөтүү жагында кошумча чараларды кабыл алышы мүмкүн. 

Айкын гэп же гэптин киреше алып келген активдерге (же капиталга) катышынын абсолюттук өлчөмүнө лимиттерди белгилөө пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууга бөгөт коюу же аны чектөө боюнча жалпы кабыл алынган чарадан болуп саналат.  

Банк таза пайыздык кирешенин пайыздык чендердин өзгөрүп турушуна көз карандылыгын чектөөгө багытталган лимиттерди да караштыра алат. Банк Башкармасы Директорлор кеңешине макулдашуу менен банктын ички иш максаттары үчүн кабыл алууга даяр болгон тобокелдик лимиттерин белгилеши мүмкүн (мисалы, капитал өлчөмүнөн 15% же таза пайыздык киреше өлчөмүнөн 10%-30% чегинде). 

Банк ошондой эле, ушул Жобонун 1-тиркемесинин 3-бөлүгүнө ылайык, банк портфелинин экономикалык наркы пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу коэффициенти боюнча ички лимиттерди да белгилөөгө тийиш.»; 

- 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы берилсин: 

«1. Гэп-анализ 

Гэп-анализ пайызыдк чен тобокелдигине баа берүүдө эң эле кеңири тараган инструмент болуп саналат. Бул отчетто активдерди жана милдеттенмелерди (баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы) белгилүү бир мезгил ичинде кайра баалоону жүргүзүүгө чейинки калган убакытка жараша классификациялоолор камтылган. Мезгил аралыгы банктын иш тажрыйбасына жараша өзгөрүп турат. Ушул жобонун алкагында банк, банктык портфелдин бөлүгүнөн болгон, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө өтө эле көз каранды активдерди, милдетенмелерди жана баланстан тышкары статьяларды Жобого карата бул тиркеменин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн он алты убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүүгө тийиш. 

Гэп-анализди жүргүзүүдө бардык активдер, милдеттенмелер жана баланстан тышкары инструменттер кайра баалоонун кийинки күнүнө же интрументтердин төлөнүшүнө негизденүү менен убакыт аралыгы боюнча жайгаштырылышы зарыл. Убакыт аралыгы боюнча жайгаштырылгандан кийинки калдыктар, таза гэп-анализдөөнү аныктоо үчүн ар бир убакыт аралыгы боюнча суммаланат (активдер боюнча суммалар плюс (кошуу) белгиси, ал эми милдетенмелер боюнча суммалар минус (кемитүү) белгисин менен айрымаланат. Тобокелдикке баа берүү гэп өлчөмүнө (убакыт аралыгы ичиндеги таза айрыманын суммасы) жана гэп-позиция ачык турган убакыт аралыгынын узактыгына жараша жүргүзүлөт. Банк гэп-отчетторго таянуу менен кайра баалоодон улам келип чыккан кыска мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк айрымаларды аныктап, аларга баа бере алат. Колдо болгон мындай маалыматтарга негизденүү менен банк өз кирешелүүлүгүнө жана белгиленген чектөөлөр алкагында экономикалык тобокелдиктерге баа берет. Гэп-анализ, атап айтканда жаңы иш багытын баштоо тууралуу же алар боюнча төлөө мөөнөтү келип жеткен суммалар кайра кандайча инвестициялана тургандыгына тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин банк балансынын ошол учурдагы түзүмүн кайра баалоодон улам келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоодо колдонулат.  

Ушул Жободо белгиленген максаттарда банк пайыздык ченге көз каранды болгон активдер жана милдеттенмелер боюнча позицияларда, ошондой эле улуттук валютадагы баланстан тышкаркы инструменттерди, анын ичинде ар бир маанилүү валюталар боюнча өз алдынча, ал эми улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган башка валюталар үчүн чогуу алгандагы негизде топтоштуруп, ар бир убакыт аралыгы үчүн таза позицияны эсептөөгө тийиш. 

Катталган пайыздык чендеги позициялар төлөөгө чейинки мөөнөттөгү калдыктарды эске алуу менен тиешелүү убакыт аралыгына бөлүштүрүлөт. Пайыздарды төлөөлөр жана алиге чейин төлөнбөгөн жана кайра бааланбаган негизги карыз траншы боюнча пайыздык төлөмдөр спрединин компоненттери келишим талабына ылайык алардын төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейинки убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлүшү зарыл.  

Мисалы: эгерде банктын колунда төлөө мөөнөтү 2 жылдык, 1000 сом номиналдык наркындагы жана купондук чени жылдык 10% түзгөн (жарым жыл үчүн 5%) мамлекеттки облигациялар болгон болсо, анда банк 6 ай, 12 ай жана 18 ай убакыт аралыгы боюнча 50 сомдон бөлүштүрүүгө тийиг. Ошентип, 2 жылдык убакыт аралыгы боюнча 1050 сом чегерилип, ал номиналдык наркта жана пайыздар суммасында камтылат. 

Өзгөрүлмөлүү пайыздык чен боюнча позициялар кийинки баа түзүү күнүнө чейинки мезгил аралыгын эске алуу менен тиешелүү убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлөт. Өзгөрүлмөлүү пайыздык чендеги инструменттер алгачкы өзгөрүү күнүнө карата толугу менен кайра бааланууга тийиш. Демек, бардык негизги сумма убакыт аралыктары боюнча бөлүштүрүлөт жана ошол өзгөрүү күнү, шарттуу түрдө кайра баалануучу акча агымын кошумча бөлүштүрүүсүз эле, кыйла кечирээк убакытка туура келет. 

Мисалы: Эгерде банк 100 000 сом суммасында, пайыздарын жарым жылда төлөө жана 6 айда кайра баалоо шартында эки жылга кредит берген болсо, анда кредиттин негизги суммасы жана пайыздык төлөмдөр суммасы 6 ай ичиндеги убакыт аралыгы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

Пайыздык чен банктын тиешелүү органынын чечими менен өзгөртүлүшү жана төлөө мөөнөтү көрсөтүлбөгөн же алар боюнча төлөө мөөнөтү же болбосо кайра баалоо күнү так аныкталбаган позициялар (мисалы, күндөлүк эсеп, талап боюнча төлөнүүчү депозиттер, мөөнөтүнөн мурда орду жабылган же алынуучу позициялары ж.б.у.с) пайыздык чендердин өзгөрүү мүмкүнчүлүгү же бат-бат өзгөрүүсүн аныктоо аркылуу же төмүнкү элементтердин негизинде тиешелүү убакыт аралыктары боюнча бөлүщтүрүлүүгө тийиш:  

- пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн буга чейин орун алып келген тажрыйбасы, 

- рыноктук пайызыдк чендердин өзгөрүүсүнүн ушул позициялар боюнча пайыздак чендердин өзгөрүүсүнө тийигизген таасири, 

- ушул позициялар ( талап боюнча төлөнүүчү депозиттер, ипотекалык кредиттер жана мөөнөтүнөн мурда жабылышы мүмкүн болгон башка талаптар) боюнча мүнөздүү болгон орточо төлөө мөөнөтү,  

- пайыздык ченге жана төлөө мөөнөтүнө таасир этүүчү башка жылыштар жана ички (мисалы, таза пайыздык маржа, банк стратегиясы) жана тышкы факторлор (мисалы, абройго шек келтирген тобокелдик, атаандашууга жөндөмдүүлүк). 

Банк жогоруда чагылдырылган элементтерге жараша талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге баа берип, аларды тиешелүү убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрөт. Мында максималдуу убакыт аралыгы үч жылдык чектен ашпоого тийиш. Калган талап боюнча төлөнүүчү депозиттер биринчи убакыт аралыгы боюнча жайгаштырылышы зарыл. Банк Улуттук банктын талабы боюнча депозиттерге баа берүү шарттарын анын кароосуна сунуштоого тийиш.  

Эгерде банк кайра баалоону жүргүзүүгө үлгүрбөй, талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, бардык талап боюнча төлөнүүчү депозиттер биринчи убакыт аралыгына чегерилүүгө тийиш.  

Классификацияланган кредиттердин таза суммасы кайтарып берүү мөөнөтүнө карата банктын күтүүлөрүнө жараша бөлүштүрүлүшү зарыл. Ал эми алардын баштапкы белгиленген кайтарып берүү мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. 

Гэп-анализ пайыздык чен тобокелдигин алдын алууга карата базалык чара болуп саналат. Гэп-анализ бир катар артыкчылыктарга ээ, атап айтканда: 

- татаалдашкан технологияны талап кылбайт; 

- иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн салыштырмалуу жөнөкөй болушу мүмкүн; 

- так, оңой чечмеленген натыйжаларды сунуштоосу ыкытмал. 

Ушуну менен бирге эле, бул ыкмага айрым бир кемчиликтер да мүнөздүү, атап айтканда: 

- жалпы алганда кайра баалоо тобокелдигин гана чагылдырылышы мүмкүн; 

- базистик тобокелдикти чагылдырбайт; 

- күндөлүк баланс белгиленген мезгил аралыгында туруктуу сакталаарын болжолдойт. 

 

2. Стресс-тестирлөө 

Стресс-тестирлөө тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы солгундоолр, пайыздык чендердин, валюта курстарынын өзгөрүүлөрү, мыйзамдаргаөзгөртүүлөр ж.б.), банктын кардарлары менен контрагенттеринин ишаракетинде дагы (мисалы, банктын ири кардарларынын банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы, алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн кардардын кредитке жөндөмдүүлүгүнө, пайыздык чендерге карата таасири ж.б.) терс өзгөрүүлөрдүн келип чыгышы учурунда банктын потенциалдуу жоготууларына баа берүүнүн аналитикалык каражаты (инструменти) болуп саналат.  

Стресс-тестирлөө - окуялардын өнүгүү сценарийлерин моделдөө аркылуу жүргүзүлөт, алар экономикалык, саясый жана/же башка окуялардын орун алышына негизделген (мисалы, банктын аброюнун начарлашына байланыштуу окуялар, жетекчиликтин алмашуусу ж.б.) жана банктын капиталынын өлчөмүнө таасир этүүменен банкты чыгымдарга дуушар кылат.  

Стресс-тестирлөөнүн башкы этабында маалыматтардын тактыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл, анткени анын негизинде сценарий моделденет. Мында пайдаланылып жаткан отчеттуулук ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын үзгүлтүксүз катары) жана салыштырмалуулук (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынынөзгөрүлбөстүгү) критерийлерине ылайык келе тургандыгын, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалымат булактарынын аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл (мисалы, ЖМКнан маалымат).  

Терс мүнөздүү жагдайлардын өнүгүү сценарийи жетиштүү деңгээлде реалдуу, жөндүү жана негиздүү болууга тийиш. Сценарийдин реалдуулугу ал мындай жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгынын жогорку үлүшүнө ээ болууга тийиш.  

Сценарийди моделдөө ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтыйт жана эки версияда жүргүзүлөт:  

- тарыхый сценарий - стресс-тест сценарийи буга чейин орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлүүчү байкоолорго негизделет;  

- гипотетикалык сценарий - стресс-тест сценарийи орун алышы ыктымалдуу жагдайларга негизделет.  

Тарыхый сценарийди моделдөөдө анализ өткөн мезгилде орун алган жана банктын финансылык абалындагы терс мүнөздөгү жагдайлардын орун алышын шарттаган жагдайларды эсепке алуу менен жүргүзүлөт.  

Тарыхый сценарий ыкмасы боюнча стресс-тестирлөөдө өзгөчө көңүлдү буга чейин орун алган кризистердин шарттарын жана жагдайларын так аныктоогоөзгөчө көңүл буруу зарыл, алар банктын теңдемин тестирлөөдө пайдаланылат.  

Гипотетикалык сценарийди моделдөө орун ала элек, бирок келип чыгуунун жогорку ыктымалдуулугуна ээ болгон кырдаалдарды анализдөөнү болжолдойт. Гипотеза белгилүү жагдайдын банктын капиталына тийгизүүчү таасири сыяктуу эле (мисалга, учурдагы алмашуу курсунун жогорулоосунда жана төмөндөөсүндө), капиталдын маанисинин төмөндөп кетүүсүнө алып келүүчү көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүлөрүнө баа берүүнү (банктын капиталы минималдуу жол берилген деңгээлге чейин төмөндөшү үчүн алмашуу курсу кандай өзгөрүшү керек) камтыйт.  

Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече сыноо иретиндеги эсептерди жүргүзүү зарыл. Стресс-тест сценарийи качан, ар кандай тобокелдиктердин таасиринин комбинациясынын жардамы менен жүргүзүлгөн анализ банк үчүн төлөөгө жөндөмсүз болгон дараметинин алгачкы белгилерин көрсөткөндө гана акыркы болуп эсептелет.  

6. "Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоого ылайык (Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы 36/13-токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөн).  

 

3. Банктык портфелдин экономикалык наркы пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо 

1. Гэп-анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир убакыт чеги (диапозону) боюнча таза позиция, төмөнкү таблицада улуттук валютада, ошондой эле ар бир маанилүү валюта боюнча өз-өзүнчө жана чогуусу менен улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган калган башка валюталарда чагылдырылган таразаланган коэффициенттерге көбөйтүлөт: 

 

Убактылуу чек (диапазон) (жогорку лимитти кошо алганда) 

Убактылуу чектин орточо мааниси 

Убакыттын создугуп (жылдар) кетишинин өзгөрүшүнөн прокси  

Пайыздык чендин болжолдонгон өзгөрүүсү (пайыздык чендин стандартташтырылган таасири) 

Таразалоо коэффициенти (%) 

Кийинки күн же ага чейинки күндөр 

1 күн 

0,0028 

200 бп 

0,0056 

2 күндөн 7 күнгө чейин 

4,5 күн 

0,0125 

200 бп 

0,0250 

8 күндөн бир айга чейин 

19 күн 

0,0528 

200 бп 

0,1056 

1 айдан 3 айга чейин 

2 ай 

0,1667 

200 бп 

0,3334 

3 айдан 6 айга чейин 

4,5 ай 

0,375 

200 бп 

0,75 

6 айдан 9 айга чейин 

7,5 ай 

0,625 

200 бп 

1,25 

9 айдан 12 айга чейин 

10,5 ай 

0,875 

200 бп 

1,75 

1,5 жылдан 2 жылга чейин 

21 ай 

1,75 

200 бп 

3,5 

2 жылдан үч жылнга чейин 

2,5 жыл 

2,25 

200 бп 

5,5 

3 жылдан 4 жылга чейин 

3,5 жыл 

3,07 

200 бп 

6,14 

4 жылдан 5 жылга чейин 

4,5 жыл 

3,85  

200 бп 

7,71 

5 жылдан 7 жылга чейин 

6 жыл 

5,08  

200 бп 

10,15 

7 жылдан 10 жылга чейин 

8,5 жыл 

6,63  

200 бп 

13,26 

10 жылдан 15 жылга чейин 

12,5 жыл 

8,92 

200 бп 

17,84 

15 жылдан 20 жылга чейин 

17,5 жыл 

11,21 

200 бп 

22,43 

20 жылдан ашкан убакытка 

22,5 жыл 

13,01 

200 бп 

26,03 

 

2. Таразаланган позициялар андан ары ар бир маанилүү валютанын кирешелүүлүгүнүн тобокелдиксиз чени боюнча дисконттолот. АКШ доллары боюнча тобокелдиксиз пайыздык чен чогуу алынган башка бардык калган валюталар үчүн да колдонулууга тийиш. Ар бир убакыт аралыгында таза позицияларды дисконттоо мезгили катары жогоруда чагылдырылган таблицада көрсөтүлгөн убакыт аралыгынын орточо мааниси алынат. 

3. Ар бир убакыт интервалында таразаланган жана дисконттолгон бардык таза позициялар суммалануу менен банк портфелинин сом эквивалентиндеги чогуусу менен таразаланып алынган таза позициясы эсептелинип чыгат. Эсептөөлөр ар бир маанилүү валюта боюнча өз алдынча сыяктуу эле, улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган чогуу алгандагы калган бардык валюталар боюнча жүргүзүлөт.  

Банк портфелинин жогоруда көрсөтүлгөн ыкма боюнча эсептелинген салмактанып алынган чогуу алгандагы таза позициясы абсолюттук мааниде туюндурулат жана пайызыдк чендин стандартташтырылган таасирин колдонуунун натыйжасында банк портфелинин экономикалык наркы тобокелдикке дуушарлануусун чагылдырат.  

Банк портфелинин чогуу алгандагы салмактанып алынган (таразаланган) таза позициясынын көрсөтүчүнүн негизинде банктар банк портфелинин экономикалык наркы пайыздык чен тобокелдикгине дуушарлануу коэффициентин (мындан ары тобокелдикке дуушарлануу коэффициенти) төмөнкү формула боюнча аныктай алышат: 

 

Тобокелдикке дуушарлануу коэффициенти = 

Банк портфелинин салмактанып алынган чогуу алгандагы таза позициясы 

 

 

*100%»; 

1-деңгээлдеги капитал 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынан 

лицензияланган коммерциялык  

банктарда жана финансы-кредит  

уюмдарында рыноктук  

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө  

жобого 2-тиркеме 

 

Банк портфелинин экономикалык наркы пайыздык чендин өзгөрүүсүнө дуушарлануу коэффициентин эсептөө мисалы. 

Убактылуу чек  

Кийинки күн же ага чейинки күндөр 

2 күндөн 7 күнгө чейин 

8 күндөн 1 айга чейин 

1 айдан 3 айга чейин 

3 айдан 6 айга чейин 

6 айдан 9 айга чейин 

9 айдан 12 айга чейин 

1,5 жылдан 2 жылга чейин 

2 жылдан 3 жылга чейин 

3 жылдан 4 жылаг чейин 

4 жылдан 5 жылга чейин 

5 жылдан 7 жылга чейин 

7 жылдан 10 жылга чейин 

10 жылдан 15 жылга чейин 

15 жылдан 20 жылга чейин 

20 жылдан ашуун 

Бардыгы болуп 

Таза позиция*  

Бардыгы болуп 

125,00 

-150,00 

250,00 

170,00 

-230,00 

370,00 

330,00 

-310,00 

-310,00 

370,00 

490,00 

250,00 

135,00 

125,00 

61,00 

61,00 

1 737,00 

сом** 

100,00 

-200,00 

200,00 

200,00 

-300,00 

300,00 

300,00 

-400,00 

-400,00 

400,00 

400,00 

200,00 

100,00 

100,00 

50,00 

50,00 

1 100,00 

доллар 

30,00 

40,00 

40,00 

-40,00 

50,00 

50,00 

50,00 

60,00 

60,00 

-60,00 

60,00 

40,00 

30,00 

30,00 

10,00 

10,00 

460,00 

башка валюта  

-5,00 

10,00 

10,00 

10,00 

20,00 

20,00 

-20,00 

30,00 

30,00 

30,00 

30,00 

10,00 

5,00 

-5,00 

1,00 

1,00 

177,00 

Таразалоо коэффициенти  

0,0056  

0,0250  

0,1056  

0,3334  

0,33 

0,75 

1,25 

1,75 

3,50 

5,50 

6,14 

7,71 

10,15 

13,26 

17,84 

22,43 

26,03 

Таразаланып алынган позиция  

Бардыгы болуп 

0,70 

-3,75 

26,40 

56,68 

-172,50 

462,50 

577,50 

-1 085,00 

-1 705,00 

2 271,80 

3 777,90 

2 537,50 

1 790,10 

2 230,00 

1 368,23 

1 587,83 

13 720,89 

сом 

0,56 

-5,00 

21,12 

66,68 

-225,00 

375,00 

525,00 

-1 400,00 

-2 200,00 

2 456,00 

3 084,00 

2 030,00 

1 326,00 

1 784,00 

1 121,50 

1 301,50 

10 261,36 

доллар 

0,17 

1,00 

4,22 

-13,34 

37,50 

62,50 

87,50 

210,00 

330,00 

-368,40 

462,60 

406,00 

397,80 

535,20 

224,30 

260,30 

2 637,36 

башка валюта  

-0,03 

0,25 

1,06 

3,33 

15,00 

25,00 

-35,00 

105,00 

165,00 

184,20 

231,30 

101,50 

66,30 

-89,20 

22,43 

26,03 

822,17 

Келтирилген наркы боюнча таразаланып алынган позиция *** 

сом 

0,56 

-5,00 

21,08 

24,67 

-221,32 

364,82 

503,94 

-1 289,94 

-1 947,37 

2 070,46 

2 476,07 

1 431,07 

746,07 

681,71 

291,66 

230,36 

5 378,85 

доллар 

0,17 

1,00 

4,22 

-13,28 

37,18 

61,59 

85,72 

201,74 

312,99 

-342,09 

420,56 

358,82 

333,94 

403,77 

151,18 

142,62 

2 160,11 

башка валюта 

-0,03 

0,25 

1,05 

3,32 

14,87 

24,64 

-34,29 

100,87 

156,49 

171,04 

210,28 

89,71 

55,66 

-67,29 

15,12 

14,26 

755,95 

Жыйынтыгында 

0,70 

-3,75 

26,36 

14,71 

-169,27 

451,05 

555,37 

-987,33 

-1 477,90 

1 899,41 

3 106,90 

1 879,60 

1 135,67 

1 018,18 

457,96 

387,25 

8 294,91 

 

 

Тобокелдикке 

дуушарлануу = коэффициенти 

8 294,91 

 

*100% = 2,76% 

300 000 

* Позициялардын жана 1-деңгээлдеги капиталдын маанилери шарттуу болуп саналат. 

** Маанилүү валюталар алкагында банк портфелинин сом, доллар жана калган валюталар боюнча статьялары өз-өзүнчө бөлүп көсрөтүлөт. 

*** Салмактанып алынган позициялардын накрын эсептөөдө алардын убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлүшүнө жараша акыры күнгө карата абал боюнча кирешелүүлүктүн төмөнкү чендери колдонулаган (2019-жылдын 28-майына карата кирешелүүлүк чени): 

- сом менен: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыны ноталары (7-күндүк, 14-күндүк, 28-күндүк, 91-күндүк , 182-күндүк ), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МКВлары (12-ай мөөнөтүндөгү), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МКО (2 жылдык, 3 жылдык, 5 жылдык, 7 жылдык, 10 жылдык ) (булагы Улуттук банктын расмий сайты); 

- доллар менен: АКШнын төлөө мөөнөтү 3 ай, 6 ай, 12 ай, 2 жыл, 5 жыл, 10 жыл, 30 жыл болгон мамлекеттки баалуу кагаздары (булагы - https://www.bloomberg.com).».