«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө»  

ЖОБО 

 

1-ГЛАВА. 

Жалпы жоболор  

 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) республика аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүсүнө карата талаптары белгиленген.  

2. Жободо төмөнкүдөй атоолор (терминдер) колдонулат:  

1) баалуу металлдар  бул:  

- аффинаждалган алтындан жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар;  

- аффинаждалган күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар; 

2) аффинаждалган баалуу металлдан жасалган стандарттык куймалар Лондон баалуу металлдар рыногу ассосациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына жооп берген баалуу металлдан даярдалып, белги басылган (маркировкаланган) куймалар (1-тиркеме); 

3) аффинаждалган баалуу металлдан даярдалган өлчөнгөн куймалар бул, Лондон баалуу металлдар рыногу ассосациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына жооп берген баалуу металлдан жсалган алтын куймалардын лигатурдук салмагында кеминде 99,95-99,99 пайызы химиялык таза металлды, ал эми күмүш куйманын лигатурдук салмагында кеминде 99,90 пайызы таза металлды камтыган, 100 грамм салмагындагы куймалар; 

4) лигатурдук (брутто) салмак (масса)  баалуу металлдан турган ээритменин жалпы айкын массасы; 

5) бир трой унциясы  бул, 31,1035 граммды түзгөн өлчөм; 

6) сапаты (проба)  бул, белгилүү бир баалуу металлдын ээритмесинин массасынын миң бирдигинде үлүш менен өлчөнгөн маңыз; 

7) металл эсеби  бул, баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алып, аларды жүзөгө ашыруу максатында банк тарабынан кардарлар үчүн ачылган эсеп; 

8) жооптуу сактоодогу металл эсеби кардарлардын жеке белгилерин (баалуулуктун аталышын, санын, сапат белгисин (проба), жасап чыгарган жердин аталышын, сериялык номерин жана башкаларды) сактоо менен банкка өткөрүлүп берилген баалуу металлдарды каттоо үчүн каралган эсеп. 

3. Баалуу металлдардын жеке белгилеринин сакталышы түзүлгөн келишимдердин милдеттүү шарты болуп саналган операциялар, жоопту сактоодогу металл эсептери акрылуу жүзөгө ашырылат.  

4. Банктарга баалуу металлдарды каттоо жана аларды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн ачылган, ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептери аркылуу операция жүргүзүүгө тыюу салынат.  

5. Жобонун 10-пунктунун 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялар металл эсептери аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.  

6. Ушул жободо камтылган талаптар аффинаждалган баалуу металлдардан даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларга гана таркатылат.  

7. Жобонун 10-пунктунун 2, 3, 4-пунктчаларында белгиленгендерди эске албаганда, банктарга баалуу таштар жана баалуу металлдардын башка формалары менен операцияларды, ошондой эле Жобонун 2-пунктунун 1-пунктчасындагы аныктамада камтылбаган баалуу металл түрлөрүн күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алуу операцияларын жүргүзүүгө тыюу санылат.  

8. Баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү боюнча эл аралык тажрыйбага ылайык алтын менен операциялар металлдын таза массасынын сандык бирдигинде (трой унциясында же граммдарда), күмүш менен операциялар металлдын лигатурдук массасынан сандык бирдигинде ишке ашырылат.  

Баалуу металлдарды грамм боюнча эсепке алууда ондук үлүшкө чейин төмөнкүчө тегеректөөгө жол берилет:   

- эгерде жүзүнчү үлүш 5тен жогору же ага барабар болсо, онунчу үлүш 1ге көбөйтүлөт жана андан кийинки бардык белгилер алынып салынат;   

- эгерде жүзүнчү үлүш 5тен аз болсо, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калып, андан кийинки бардык белгилер алынып салынат.  

9. Баалуу металлдарда туюндурулган акчалай активдер жана милдеттенмелер Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кайра баалоо жүргүзүлгөнгө чейинки күнү белгиленген кечки фиксинги боюнча кайра бааланууга тийиш.  

Ал эми, Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймаларды кайра баалоо, банктын эсепке алуу саясатына ылайык жүргүзүлөт.  

  

2-ГЛАВА. 

Коммерциялык банктардын баалуу металл куймалары менен операциялары 

 

10. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү да катталган болсо, банк баалуу металлдар менен төмөнкү операцияларды жүргүзө алат: 

1) Вади'а йад дамана келишим шарттарында операцияларды (бүтүмдөрдү):  

- металл эсептерин жүргүзүү жана башка коммерциялык банктардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды тартуу. Мында, ага ишенип берилген баалуу металлдарды тескөөгө алууга жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга банктын укугу жок. 

Мындай учурда төлөм катталган суммада же баалуу металл наркынан үлүш түрүндө болобу ага карабастан, баалуу металлды сактоого алгандыгы үчүн банкка төлөм кармап калууга уруксат берилет.  

Эгерде сактоого өткөрүлгөн баалуу металл аны сактоого өткөрүп берген тараптын карызынын кайтарылып берилишинин гарантиясынан болсо, анда төлөм суммасы баалуу металлды сактоого кеткен айкын сарптоодон ашпоого тийиш.  

2) Мурабаха келишим шарттарында операцияларды (бүтүмдөрдү):  

- баалуу металлдарды кардардын эсебинен өз атынан спот эсептөө шарттарында сатып алуу жана сатуу. Мында бүтүм боюнча төлөө дароо ишке ашырылат;  

- баалуу металлдарды өз эсебинен, өз атынан спот эсептешүү шарттарында сатып алуу жана сатуу. Мында бүтүм боюнча төлөө дароо ишке ашырылат.  

3) Кард хасан келишими шарттарында операцияларды (бүтүмдөрдү) нак жана нак эмес формада: 

- кардардын биринчи эле талабы боюнча кайтарылып берилиши кепилденген шарттарда баалуу металлдарды насыя (займ) катары тартуу;  

- банктын биринчи эле талабы боюнча кайтарылып берилиши кепилденген шартта баалуу металлдарды насыя (займ) катары жайгаштыруу (каржылоо). 

Коммерциялык банктар Улуттук банктын баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна уруксатысыз эле, төлөм каражаты болуп саналган алтын жана күмүш монеталарды сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыра алат.  

11. Ушул Жобонун алкагында коммерциялык банктар алар менен операцияларды жүзөгө ашыра алган баалуу металлдар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- London good delivery эл аралык сапат стандартына ылайык келүүгө жана Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясында листингден өткөн аффинаждоо ишканасында даярдалган болууга тийиш;  

- келишим шарттарына ылайык салмакты туюндуруу үчүн белгилүү бир стандарттык куймалар үчүн колдонулган өлчөнгөн куйма түрүндө даярдалууга тийиш;  

- Кыргыз Республикасынын улуттук стандартына ылайык (Кыргыз мамлекеттик стандарты (КМС) 1281:2015) өлчөнгөн кума түрүндө даярдалууга тийиш. 

12. Стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен (Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган баалуу металлдардан даярдалган өлчөнгөн куймаларды эске албаганда) операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар төмөнкүлөргө аткаруугамилдеттүү:  

- баалуу металлдарды салмактап көрүү үчүн салмактан четтөөлөр Жобонун  

2-тиркемесинде көрсөтүлгөн чектен ашпаган, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык күбөлөндүрүлгөн салмак өлчөөчү приборлорго жана таразаларга ээ болууга тийиш;  

- жана/же жогоруда белгиленгендер жабдуудар колунда жок учурунда салмак өлчөөчү приборлору жана таразалары Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;  

- баалуу металлдардын жана кошулмалардын канча пайызда камтылышын аныктоо максатында баалуу металлдардан өлчөнгөн куймалардын курамына экспресс-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн атайы жабдууларга ээ болууга;  

- колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген коопсуздук талаптарын так сактоо менен баалуу металлдарды сактоону жана ташып жеткирүүнү камсыз кылууга.  

13. Стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган банктар геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасирин, ошондой эле баалуу металл куймаларынынын салмагын аныктоодо салмак өлчөөчү приборлор көрсөткүчү менен ошол баалуулуктардын каттоо же коштомо документтерде чагылдырылган мурдагы көрсөткүчтөрү айырмаланышы ыктымалдыгын эске алууга тийиш (4-тиркеме).  

14. Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмү жана кардардын тапшыруусу боюнча баалуу металлдар менен операция жүргүзүүгө каражат суммасы чогуу алганда банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн кеминде 100 пайзын түзүүгө тийиш. 

15. Кардардан сактоого кабыл алынган баалуу металлдар банктын тартылган каражаты болуп саналбайт жана өз атынан, өз эсебинен жайгаштырылышы мүмкүн эмес.  

16. Жоопту сактоодогу металл эсептери боюнча баалуу металлдарды сатуу кызмат көрсөтүүсү сунушталышы мүмкүн. Мында кардардын тапшыруусу боюнча ал салган гана баалуу металл сатылууга тийиш. Жоопту сактоодогу эсептер боюнча которуулар милдеттүү түрдө физикалык формада гана ишке ашырылышы зарыл. 

17. Күрөөлүк камсыздоону ажыратып алуунун натыйжасында банктын менчигине өткөн баалуу металлдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сатылууга тийиш.  

18. Баалуу металлдардын ошол түрү/формасы менен операция жүргүзүүгө уруксаты жок учурда банктын баалуу металлдар менен башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.  

19. Кыргыз Республикасынын аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып кетүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ишке ашырылат.  

20. Коммерциялык банктар баалуу металлдарды ташып жеткирүү учурунда өз эсебинен же болбосо кардар эсебинен баалуу металлдарды ташып жеткирүүнүн талаптагыдай негизде камсыздандырылышын камсыз кылууга тийиш. Банк менен анын кардарлары, баалуу металлдарды коштоп жүргөн адамдар жана жүк ташуучулар ортосунда жоопкерчиликтердин жана баалуу металлга ээлик кылуу укугунун өтүшү тиешелүү келишимдерде аныкталат.  

21. Баалуу металлдарды ташып жеткирүүдө алардын тышкы түрүнүн талаптагыдай сакталышын, куймаларды ташуу учурунда алардын кетилип, чийилип же болбосо наркына таасир өтүүчү башка кемчилдиктерден сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар көрүлүүгө тийиш.  

 

3- ГЛАВА. 

Баалуу металлдар менен операцияларга ички контролдукту уюштуруу  

 

22. Банктар баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууда ушул операциялардан улам келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу боюнча тиешелүү саясатты иштеп чыгып, талапка шайкеш ички контролдукту жөнгө салууга милдеттүү. Жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгып, бекитилиши зарыл.  

23. Иштелип чыккан жол-жоболордо эң аз дегенде ички контролдуктун төмөнкүдөй каражаттары камтылууга тийиш:  

1) банк кызматкерлеринин милдеттери, бүтүмдөрдүн демилгеленгенден бухгалтердик китептерде чагылдырылышына чейин бир кызматкер кайсыл бир иш процессин толук көлөмдө аткарбагандай жана/же контролдобогондой негизде так чектелиши; 

2) кош контролдуктун колдонулушу эң эле жогорку тобокелдиктер камтылган айрым бир операцияларды (иш-аракеттерди) аткаруу үчүн кеминде эки кызматкердин болушу; 

3) банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын бардык көлөмүн санкциялоонун так системасынын жөнгө салынышы ; 

4) бухгалтердик эсепке алуу боюнча маалыматтардын айкын иш жагдайына дал келишин териштирүү көз карашынан, баалуу металлдарга мезгил-мезгили менен пландык жана күтүүсүз инвентаризация жүргүзүү

5) ыйгарым укугу жок персоналдын активдерди же маалыматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө. Кулпуланган сейфтер, сактоо жайы, атайы жасалган эшиктер, видео-байкоо жүргүзүү камералары, кош контролдуктун жөнгө салынышы, жетекчиликтин маалымат алып туруусу, электрондук коргоо ж.б санкциясыз кирүү мүмкнүчүлүгүнөн же санкциясыз операциялардан коргоону камсыз кылат;  

6) банк тарабынан баалуу металлдардын ар бир түрү жана бүтүндөй баалуу металлдар боюнча ички ачык позиция лимиттеринин белгилениши; 

7) жүргүзүлгөн операциялардын жана контрагент категориясынын мүнөзүнө жана тобокелдик деңгээлине жараша контрагенттердин ишенимдүүлүгүнө тиешелүү маалыматтарга карата минималдуу талаптарды белгилөө

8) баалуу металлдар менен операцияларды текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөө

9) банк жана анын филиалдары үчүн баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алуу жана отчет түзүүгө карата талаптарды белгилөө.  

 

4-ГЛАВА. 

Баалуу металлдар менен операциялар боюнча  

лимиттер жана отчеттор  

 

26. Баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттерин эсептөө чет өлкө валютасы боюнча позициялар лимитин эсептөөдөй эле ишке ашырылат.  

27. Улуттук банк баалуу металлдарды сатып алуу- сатуу операцияларын жөнгө салуу максатында коммерциялык банктар үчүн баалуу металлдар боюнча ачык валюта позицияларын лимиттерин белгилейт (алтын жана күмүш боюнча өз-өзүнчө). Мында валюта позициясы баалуу металлдардын (алтын жана күмүш) ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет.  

28. Коммерциялык банктар баалуу металлдын ар бир түрү боюнча балансты жана баалуу металлдар позицияларынын лимиттеринин сакталышы боюнча маалыматтарды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, ачык валюта позициялары лимиттеринин сакталышы боюнча отчеттун курамында күн сайын Улуттук банкка сунуштап турат.  

29. Коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдында отчетунун формасы жана мезгил аралыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана банктар колдонуудагы мыйзам чегинде ал талаптарды так аткарууга милдеттүү.  

30. Коммерциялык банктар белгиленген лимиттерди бузууга жол берген учурда Улуттук банк өзү бекиткен ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

31. Улуттук банк төмөнкү учурдарда банкты баалуу металлдар менен операция жүргүзүү тизмегинен алып салууга укуктуу:  

- уруксат берилген банк операциялары тизмегинде көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен операция жүргүзүлгөн учурда;  

- баалуу металлдар боюнча позициялар лимитин системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берген шартта; 

- банктын акыркы эки жыл ичинде баалуу металлдар менен операциялары чыгымга алып келген болсо;  

- коммерциялык банк капитал шайкештиги ченемин бузууга жол берген шартта.  

 

 

 

 

«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме 

 

Лондон баалуу металлдар рыногу ассосациясы тарабынан  

кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына (LBMA)  

 

Лондон баалуу металлдар рыногу ассосациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык сапат стандарттары аталган обозначены в документах ассоциации как стандарт London good delivery.  

1. London good delivery стандартына жооп бернген алтын куймалар т\м\нкъ талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

Куймадагы таза алтын 350дөн 430 трой унциясы чейинкини түзүүгө тийиш  

(10886 граммдан 13375 граммга чейин).  

Ар бир куйманын салмагы трой уницясында туюндурулуп, 0,025 унцияга калдыксыз бөлүнүүгө тийиш. 

Металл тазалыгы лигатурдук массанын 1000 үлүшүндө химиялык таза алтын 995 үлүштөн кем болбогондой аныкталууга тийиш. Төмөнкү белгилер куйманын бетинде милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл:  

- сериялык номери;  

- сапат белгиси (проба);  

жасап чыгаруучунун белгиси (клеймо);  

- куйма жаярдалган жыл.  

Куйма эч кандай кемчилимксиз жана ташып жеткирүү, кампага жайгаштыруу үчүн ыңгайлуу болгондой формада болууга тиийш.  

2. London good delivery стандартындагы күмүш куймалар төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл: 

Куйма салмагы 750дөн 1100 трой унциясына чейинкини түзүүгө тийиш  

(23328 граммдан 34214 граммга чейин).  

Ар бир куйманын салмагы трой уницясында туюндурулуп 0,10 унцияга калдыксыз бөлүнүүгө тийиш . 

Металл тазалыгы - лигатурдук массанын 1000 үлүшүндө химиялык таза күмүш  

999 үлүштөн кем болбогондой аныкталууга тийиш. 

Төмөнкү белгилер куйманын бетинде милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл 

- сериялык номери; 

- сапат белгиси (проба);  

- жасап чыгаруучунун белгиси (клеймо);  

- трой унциясындагы же килограммдагы салмагы (килограммдагы салмагы трой унциясына которулууга жана жогоруда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш). 

Куйма ташып жеткирүүгө же кампага жайгаштырууга ыңгайлуу болгон формада болууга тийиш.  

Куйманын бети эч кандай кемчилдиги жок жылмакай, ал эми кыры миздүү эмес тегиз болууга тийиш.  

London good delivery стандарттарына жооп берген алтын жана күмүш куймаларга белги койгон аффинажжоо фирмасы, LBMA (List of Acceptable Melters and Assayers) тизмесинде катталышы зарыл.   

 

   

   

«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме 

 

 

Салмакты аныктоодо жол берилүүчү четтөөлөр 

  

Салмакты аныктоодо жол берилүүчү четтөөлөр төмөнкүдө келтирилген маанилерден ашпоого тийиш (мг) (ГОСТ 24104-88):  

к/н 

Эң чой чек 

2-класс тактыктагы таразалар үчүн 

3-класс тактыктагы таразалар үчүн 

   

200 мг чейинкилерди кошо алганда  

0,015  

-  

   

200 мг жогору 1 граммды кошо алганда  

0,025  

-  

   

1 граммдан 2 граммды кошо алган  

0,030  

-  

   

2 граммдан 20 граммдагыларды кошо алганда  

0,100  

0,25  

   

20 граммадан жогору 50 граммдагыларды кошо алганда 

0,300  

0,50  

   

50 граммдан жогору 200 граммдагыларды кошо алганда 

0,750  

2,00  

   

200 граммдан жогору 500 граммдагыларды кошо алганда 

1,500  

5,00  

   

500 граммдан жогору 1 килограммды кошо алганда  

3,000  

10,00  

   

1 килограммдан жогору 2 килограммды кошо алганда  

7,500  

20,00  

   

2 килограммдан жогору 5 килограммды кошо алганда  

15,000  

50,00  

   

5 килограммдан жогору 10 килограммды кошо алганда  

30,000  

100,00  

   

10 килограммдан жогору 20 килограммды кошо алганда  

75,000  

200,00  

   

20 килограммдан жогору 50 килограммды кошо алганда  

150,000  

500,00  

Алтындын салмагы кеминде тактыгы 2-класстагы таразадарда, ал эми күмүш тактыгы 3-классташы таразадаржа өлчөнүүгө тийиш.  

 

   

   

«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобого карата  

3-тиркеме 

 

Аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймаларды экспресс-иликтөөдөн өткөрүүчү жабдууларга карата техникалык талаптар 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/1 токтомунун редакциясында)  

Аталышы 

Аткаруучу иш багыты 

Эскертүүлөр 

Рентген-флуоресценттик 

анализатор  

Өлчөнгөн куймалардын жана монеталардын курамына экспресс- иликтөөлөрдү жүргүзүү (баалуу металлдын жана кошулмалардын пайыздык катышын аныктоо)  

Жүздүк үлүшкө чейин өлчөө менен 99,99% алтындан турган алтын куйманын курамын тастыктоо 

Атайы каралган электрондук таразалар  

Балуу металлдардын (өлчөнгөн куймалардын жана монеталардын) так салмагын аныктоо  

0,02 граммдан 120 граммга чейин өлчөө аралыгында ГОСТ 24104 боюнча тактыктын II (жогорку) классы 

 

 

   

 

«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобого карата  

4-тиркеме 

 

1. Геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасирин, ошондой эле баалуу металл куймаларынынын салмагын аныктоодо салмак өлчөөчү приборлор көрсөткүчү менен ошол баалуулуктардын каттоо же коштомо документтерде чагылдырылган мурдагы көрсөткүчтөр бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Баалуулуктарды өлчөөдө келип чыгышы ыктымал болгон салмак боюнча ажырымдар чеги төмөнкүдө келтирилген:  

Баалуу металлдын аталышы 

Массасы, грамм 

Эң жогорку чек, грамм 

Салмак өлчөөдө жол берилген четтөөлөр, ажырымдар, грамм боюнча 

Алтын куймалар  

5500 чейин 5500-30000  

5500 30000  

0,1   0,2  

Күмүш куймалар  

20000-32000 32000-60000  

32000 60000  

1,0   1,0  

2. Куймаларды таразадан өткөрүүдө салмак өлчөөчү приборлор көрсөткүчү менен ошол баалуулуктардын каттоо же коштомо документтерде чагылдырылган мурдагы көрсөткүчтөр ортосунда салмак боюнча ажырымдар бухгалтердик китептерде чагылдыруусуз, касса журналында чагылдырылат..  

3. Куймаларды таразадан өткөрүүдө салмак өлчөөчү приборлор көрсөткүчү менен ошол баалуулуктардын каттоо же коштомо документтерде чагылдырылган мурдагы көрсөткүчтөр ортосунда салмак боюнча ажырымдар тиешелүү акты аркылуу таризделип, бухгалтердик китепте чагылдырылууга тийиш.