«Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүнүдө» долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан « Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүнүдө» долбоору иштелип чыкты.  

Бул долбоор 2019-жылдын 18-июлундагы № 89 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамыны күчүнө киргендиги үчүн иштелип чыкты. 

Турак-жай кредитин берүү маселеси боюнча маанилүү элемент катары Турак жай-сактык кредиттик компанияларынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу үчүн Улуттук банкка аталган компаниянын ишин лицензиялоого ыйгарым укук берүүчү жана андан соң Мыйзамдык деңгээлде аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында мындай компаниянын ишин лицензиялануучу иштердин өзүнчө түрлөрүнө бөлүү боюнча укуктук база зарыл. Ушуларга байланыштуу, «Күрөө жөнүндө» Мыйзамдын 43-статьясын жаңы редакцияда берилди, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин  

26-2 «турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши» деген жаңы пункту менен толукталды жана 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы жаңы редакцияда баяндалды.  

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесинин 26-2) пунтуна ылайык турак жай-сактык кредиттик компанияларынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын лицензиялана турган ишмердүүлүктөрдүн тизмегине киргизилди. 

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык Улуттук банк турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоо системасынын элементтерин пайдалануунун тажрыйбасы пайда болуп калды. Анын иштеши үчүн негиз калыптанды жана мыйзам базасы түптөлдү

Акыркы 10 жылда ипотекалык насыя берүүнүн жылдык көлөмү 2007-жылдагы  

2,0 миллиард сомдон 2017-жылдагы 5,9 миллиард сомго чейин дээрлик 2 эсе көбөйдү. Бул рыноктун аталган секторунда туруктуу өсүү темпи бар экендигин билдирет жана ал акырындык менен 2008-жылдагы финансылык кризистен кийин өз потенциалын калыбына келтирди. 2008 жана 2009-жылдары көлөмдүн азайгандыгы байкалган, бул дүйнөлүк кризистин таасирине дагы байланыштуу болгон. Бирок 2010-жылдан баштап берилген ипотекалык насыялардын ар жыл сайын берилүүчү көлөмүнүн туруктуу өсүшү байкалган. Турак-жай ипотекалык рынок мурунку кризиске чейинки деңгээлине 6 жылда 2013-жылы кайтып келди.

 

Ипотекалык насыялардын көлөмүнүн көбөйүшүнө «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын (мындан ары «МИК» ААКсы) каражаттарынын эсебинен берилүүчү, улуттук валютада гана берилүүгө тийиш болгон ипотекалык насыялар дагы таасирин тийгизди. 2017-жылы берилген ипотекалык насыялардын жалпы көлөмүнүн 30%ын «МИК» ААКнын инвестициялык каражаттарынын эсебинен берилген насыялар түздү.  

Бирок, берилген ипотекалык насыялардын көлөмүнүн өскөндүгүнө карабастан статистиканын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялардын үлүшү өлкөнүн ИДПнын жалпы деңгээлинин 1,2%ын гана түзөт. 10 жылдык мезгил аралыгында бул көрсөткүч 2,1%дан 1,2%га чейин төмөндөдү. Бул албетте, ипотекалык насыялардын көлөмүнүн өсүшү менен салыштырганда ИДПнын алдыга озгон өсүш темпине байланыштуу. Кыргыз Республикасындагы мындай көрсөткүч ипотекалык турак жай насыялоо рыногу өнүгүүнүн баштапкы баскычтарынын биринде экендигинин фактысы. Салыштыруу үчүн 2016-жылы ЕАЭБдин статистикасына ылайык бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда Россия турган (ИДПнын 1,7%), мында турак жайды насыялоо рыногу салыштырмалуу өнүккөн. Өнүккөн жана экономикалык жактан туруктуу мамлекеттерде ипотекалык насыялардын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү болжол менен  

32-82%ды жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө 2-36% түзөт. 

 

Республикада ипотекалык насыялардын рыногу ипотекалык насыялар боюнча ставкаларды төмөндөтүүнүн шартында өсүүдө. Ипотекалык насыялар боюнча улуттук валютада жана чет өлкөлүк валютада дагы орточо белгиленген ставка 2012-жылдан бери туруктуу азайып келүүдө.

 

Калктын турак жай менен камсыз болушу маанилүү социалдык-экономикалык көрсөткүч болуп саналат жана мамлекеттин алдында турган негизги милдеттердин бири болуп саналат. 

КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 6,14 млн адамдын жалпы санынан улам бир адамга карата турак жай менен камсыздоонун деңгээли  

13,1 чарчы метрди түзөт: 

Көрсөткүчтөрдүн аталышы 

2014 

2015 

2016 

Бир адамга жалпы аянт - бардыгы 

12,5 

13,0 

13,1 

Шаар жергеси 

14,6 

14,5 

14,3 

Айыл жергеси 

11,5 

12,3 

12,4 

2017-жылдын аягында республика боюнча жалпы аянты 1 080,5 миң чарчы метр, жалпы суммасы 38,8 млрд. сом болгон 10 202 турак жай бирдиги ишке берилди же  

1 адамга 0,17 чарчы метр, ал эми БУУнун социалдык жыргалчылыгынын индикатору боюнча параметр калктын жан башына 1 чарчы метрден кем болбоого тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастра жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин маалыматы боюнча акыркы 2 жылда турак жай рыногунун активдүүлүгү өскөндүгү байкалууда: 

 

 

2016 

2017 

Өсүш % (

Төмөндөө% (

Өсүш %(

Төмөндөө% (

турак үй 

батир 

турак үй 

батир 

Турак үй 

батир 

Чүй обл. 

3 859 

2 476 

4 619 

2 950 

19,7 

19,1 

Бишкек ш. 

2 140 

10 169 

2 500 

12 577 

16,8 

23,7 

Ош обл. 

1 149 

169 

1 418 

250 

23,4 

47,9 

Ош ш. 

396 

2 384 

426 

2 911 

7,6 

22,1 

Жалал-Абад обл. 

1 337 

1 273 

1 596 

1435 

12,6 

12,7 

Ысык-Көл обл. 

1 067 

862 

1 292 

992 

21,1 

15,1 

Талас обл. 

520 

127 

538 

159 

3,5 

25,2 

Нарын обл. 

344 

145 

445 

228 

29,4 

57,2 

Баткен обл. 

434 

454 

521 

463 

20,0 

2,0 

Бардыгы 

11 246 

18 059 

13 265 

21 265 

18,0 

21,6 

Бир жагынан турак жай сатып алуу-сатуу рыногунун активдүүлүгүнө  

2016-2017-жылдардын аралыгында «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларын ипотекалык насыялар менен камсыз кылуу боюнча «МИК» ААКнын активдүү иши таасирин тийгизди.  

Бирок ошого карабастан, Кыргыз Республикасында турак жай фондунун тартыштыгы жогорку деңгээлде экендиги байкалууда, аналитикалык маалыматтарга ылайык 30 млн чарчы метр турак жайды куруу зарыл. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларга алып келет, буга кепилдиктерди берүү аркылуу чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүшүн кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды жайылтууга, инновациялык иштерге жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган банктык кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу менен жетишүүгө болот, бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө алып келет.  

Долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени долбоор ченемдери иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган турак жай-сактык кредиттик компанияларга көзөмөл жүргүзүүгө жана жөнгө салууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган долбоор ченемдерин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Бул долбоор ченемдерин ишке ашыруу турак жай-сактык кредиттик компаниянын уставдык капиталын түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылат. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат  

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө методикасынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «_» ___________  

№_____________ токтомуна карата тиркеме  

 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

 

1-ГЛАВА. Жалпы жоболор  

 

1. Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан иши лицензияланган жана жөнгө салынган банк эмес финансы-кредит уюмдары аркылуу ишке ашырылган узак мөөнөттүү контракттык турак жайга каражат топтоо системасын колдонууга киргизүү жана жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. 

2. Контракттык турак жайга каражат топтоо системасы Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жай-сактык аманаттарга (депозиттерге) акча каражаттарын тартууга жана аларга кредиттик келишимдин шарттарына ылайык узак мөөнөттүү максаттуу кредиттерди сунуштоого негизденген турак жайды каржылоо системасы. 

3. Турак жай-сактык кредиттик компания (мындан ары ТСКК) айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияга ээ банк эмес финансы-кредит уюмдары, алардын иши катышуучулардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарына (депозиттерге) топтоого жана мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында катышуучуларга жеке курулуш, турак үйлөрүн же батирлерди сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.  

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин көзөмөлдөйт жана жөнгө салат.  

5. Эрежелерде колдонулган негизги түшүнүктөр: 

ТСКК агенти тиешелүү келишимдин (макулдашуунун) негизинде турак жай-сактык кредиттик компанияга агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак же жеке адам (консультант).  

Консультанттар тарабынан аталган ТСККга катышуучуларга (потенциалдуу катышуучуларга) Контракттык турак жайга каражат топтоо системасы, ТСКК тарабынан сунушталган продукттар тууралуу маалымат берүү, турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин жана/же кредиттик келишимдин шарттары, аны түзүү жана аткаруу тартиби боюнча консультация берүү, ошондой эле кардардын/катышуучунун биригүү жөнүндө өтүнүч катын жана аларга кошо тиркелүүчү документтерди тариздөө (баштапкы толтуруу) менен ТСККга жөнөтүү жагында агенттик кызмат көрсөтүүлөр сунушталат. 

Консультанттар тарабынан көрсөтүлгөн агенттик кызматтардан тышкары агенттер-юридикалык жактар тарабынан ТСКК пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында агенттик кызмат көрсөтүүлөр сунушталат. ТСККнын катышуучусу ага кат жүзүндө тиешелүү талабы менен кайрылып, ТСКК агенттери жөнүндө маалыматты алууга укуктуу. ТСККнын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо укугуна ээ агентер Улуттук банктын лицензиясына ээ финансы-кредиттик уюмдар, төлөм системаларынын операторлору гана болушу мүмкүн.  

Турак жай-сактык аманат (депозит) контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын катышуучусунун турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында турак жай-сактык аманат (депозит) боюнча сый акынын белгиленген чени менен турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин шарттарына ылайык ТСККнын эсебине катышуучу тарабынан салынган улуттук валютада акча каражаттардын суммасы.  

Кредит бул мөөнөттүүлүк, төлөө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук, максаттуу пайдалануу жана камсыздоо шарттарында кредиттик келишимдин шарттарына ылайык ТСКК тарабынан катышуучуга сунушталуучу узак мөөнөттүү каржылоо, ал жеке курулуш, турак жайларды же батирлерди сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максатында колдонулат. 

Башкы макулдашуу турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин жана кийинчерээк кредит берүүнүн негизги шарттарын камтыган ТСКК жана катышуучу ортосундагы макулдашуу.  

Турак жай-сактык аманат (депозит) келишими ТСКК жана катышуучу ортосундагы келишим, катышуучу ал боюнча башкы макулдашууга ылайык кредит алуу үчүн ТСККнын эсебинде өздүк акча каражаттардын белгиленген суммасын топтойт.  

Кредиттик келишим кредитти башкы макулдашууга, ушул эрежелерге жана ТСККнын ички документтерине ылайык алуу максатында ТСКК жана катышуучу ортосундагы келишим. 

Топтоо мөөнөтү мезгил аралыгы, анын ичинде катышуучу тарабынан турак жай-сактык аманатты (депозитти) топтоо жүргүзүлөт.  

Сый акы мамлекеттик программаларда каралган шарттарда топтоолорго өбөлгө түзүү максатында катышуучуга берилген акча каражаты. Премия ТСККнын ички документтерине ылайык топтоо мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча бир жолу гана төлөнүлүшү мүмкүн.  

Катышуучу жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредит алуу максатында ТСКК эсебине акча салган контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын катышуучу-адамы. 

Аралык кредит жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максатында ТСКК тарабынан катышуучуга топтолгон акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн мөөнөтүнөн эрте (турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык каражаттарды толук топтоо мөөнөтү келип жеткенге чейин) топтоо шартында кредит берилет. 

Баа берүү көрсөткүчү бул ТСКК боюнча келишимдик суммаларды төлөө кезегин түзүү үчүн ар бир башкы макулдашуу боюнча ТСКК тарабынан аныкталган эсептешүү өлчөмү, анын алкагында турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча топтолгон акчанын суммасынын дал келиши, катышуучу тарабынан кредиттин зарыл деңгээлде камсыздалышы, катышуучунун кредиттин ордун жабуу үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыкталышы каралат.  

Банк-агент эрежелердин талаптарына ылайык аманатчылар тарабынан кассалык эсептешүү операциялары жүзөгө ашырылышы үчүн ТСКК тарабынан тандалып алынган банк. 

Ири бүтүм мындай бүтүмдөргө келишүү жөнүндө чечимди кабыл алуу күнүнө карата ТСККнын таза суммардык капиталынын 10 жана андан ашык пайыз наркындагы бүтүм же бир нече өз ара байланыштуу бүтүмдөр.  

 

2-ГЛАВА. ТСККнын ишине карата талаптар  

 

6. ТСКК ички контролдук системасын камсыз кылууга тийиш, ал туруктуу негизде иш максаттарына жетүүгө алгылыксыз таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролдоо, аныктоо жана баа берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. ТСКК ушул максаттарга жетүүсү үчүн ички контролдукту жүзөгө ашырган тиешелүү кызмат адамдарын дайындоого милдеттүү

7. ТСККда, ишке ашырылып жаткан операциялардын түрүн жана көлөмүн эске алуу менен ТСККнын ишинде тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоо, аларга баа берүү жана чектөөнү камсыз кылган, тобокелдиктерди контролдоо ыкмаларынын ТСКК тарабынан колдонулушу каралган тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту уюштурууга карата талаптардын шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия |алышкан жана жөнгө салынган банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдоо жана ички аудит системасын уюштуруу боюнча методикалык сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык жүзөгө ашырылат. 

8. ТСКК убактылуу бош турган каражаттарды төмөнкүлөргө жайгаштырууга укуктуу: 

1) мамлекеттик, ипотекалык баалуу кагаздарга жана Улуттук банктын ноталарына. 

Мында бош турган каражаттарды ипотекалык баалуу кагаздарга жайгаштыруу ТСККнын өздүк капиталынын 20% жогоруну түзбөөгө тийиш;  

2) Улуттук банк тарабынан лицензияланган банктардагы депозиттер. 

Мында бош турган каражаттарды бир коммерциялык банкта жайгаштыруу тартылган турак жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) жалпы суммасынын 20% жогоруну түзбөөгө тийиш.  

9. ТСКК убактылуу бош турган акча каражаттарды жайгаштырууда коммерциялык банктарды тандоо үчүн төмөнкү критерийлерди сактоого тийиш: 

- коммерциялык банк Улуттук банктын банктык операцияларды жүргүзүү укугу каралган лицензиясына ээ болуу; 

- Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган; 

- Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда банктык кызматтарды сунуштоо үчүн филиалдардын, сактык жана көчмө кассаларынын болушу; 

- акыркы үч жыл ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгым тартуусуз иш алып барган; 

- тышкы аудитордун акыркы эки жыл ичинде эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарына ылайык келүүсүн тастыктаган, эскертүүлөр камтылбаган корутундунун болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу аманаттары боюнча карыз болбоого; 

- Улуттук банк жана анын туунду компаниялары, ошондой эле башка кредиторлор жана контрагенттер алдында мөөнөтү өтүп кеткен карыздын жоктугу; 

- банктык кызматтар үчүн алгылыктуу тарифтер (Кыргыз Республикасынын банк тутумунун орточо тарифтерине салыштырганда) белгиленүүгө (эсеп ачуу жана жүргүзүү, пластик карттарын чыгаруу жана тейлөө, ички жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.); 

- банктын активдер үлүшү банк тутумунун активдеринин кеминде 1 пайызын түзүүгө тийиш; 

- жеке адамдардан депозиттерди тартууга, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга эсептешүү эсептерин ачууга, кредиттөөгө тыюу салуулар же чектөөлөр жана банктын ишине кандай болбосун башка чектөөлөр болбоого;  

- банкка атайын режимдер киргизилбөөгө.  

ТСКК тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен так, ушул пункттун критерийлерине жооп берген маалыматтарды банктардан талап кылууга тийиш. 

10. ТСКК турак жай-сактык аманаттарды (депозиттерди) топтоо жана кредит берүү боюнча негизги ишинен тышкары өз ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) ТСКК алдында милдеттенмелер боюнча карызынын орду жабылбаса ТСКК катышуучунун (күрөө коюучунун) милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн анын күрөөгө коюлган мүлкүн өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө

2) ТСКК негизги ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызматтарды сунуштоого; 

3) катышуучуга эсептин (эсептердин), операциялардын абалы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ал боюнча кайсы болбосун маалыматтык материалдарды берип турууга; 

4) катышуучуга берилген кредиттин максаттуу колдонулушун текшерүүгө

5) эсепте келишимде белгиленген мөөнөт ичинде акча каражаттар жок учурда же болбосо катышуучунун буйруусу боюнча ошол эсеп боюнча операциялар ишке ашырылбаса, катышуучуга бир календардык ай мурда билдирүү менен турак жай-сактык аманат (депозит) келишимин бир тараптуу негизде токтотууга. Мында, эсептеги акча каражаттардын калдыгы катышуучуга анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде банктын-агенттин кассасы аркылуу беш күндөн кечиктирбестен берилет же башка эсепке которулат; 

6) турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин аралык кредиттерин сунуштоо гарантиясын бербөөгө

11. ТСКК катышуучулардын эсебин жүргүзүүгө жана алардын кредит алуу үчүн эсептерде топтолгон турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) сакталышын камсыз кылууга тийиш. Бул максатта ТСКК контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын ар бир катышуучусуна сактык китепчелерин сунуштайт. ТСКК катышуучунун талабы боюнча анын эсеби боюнча көчүрмөнү кат жүзүндө сунуштайт. 

Сактык китепчелеринин ар бир толтурулган барагына ТСККнын жооптуу кызматкери кол коюуга жана анын мөөрү менен тастыкталууга тийиш. 

12. ТСККда катышуучуга турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) кайтаруу тартиби жөнүндө ички документ болууга тийиш.  

ТСКК Контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын жалпы принциптерин жана аталган система жөнүндө башкы келишимдин стандарттык шарттарын иштеп чыгуусу зарыл, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- иш принциптери; 

- катышуучулардын жана ТСККнын укуктары жана милдеттери; 

- турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) кабыл алуу жана топтоо, кредиттерди сунуштоо боюнча жалпы эрежелер; 

- шарттарды өзгөртүү жана параметрлерди корректировкалоо эрежелери; 

- турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) боюнча сый акыларды эсептөө методологиясы; 

- контракттык турак жайга каражат топтоо системасы боюнча келишимдик суммаларды төлөө кезегин түзүү үчүн баа берүү көрсөткүчүн эсептөө методологиясы; 

- башка шарттар. 

13. Топтоо мөөнөтү өткөндөн кийин жана катышуучу зарыл көлөмдөгү акчаны топтобогон шартта, ал турак жай-сактык аманатты (депозитти), ТСКК ага чегерген сый акыны, ошондой эле турак жай-сактык аманатты (депозитти) үч жылдан жогору топтогон шартта премия алууга укуктуу. Мындан тышкары, ТСККнын катышуучусу премияны чегерүү менен ТСККнын эсебинде топтоо үчүн турак жай-сактык аманат (депозит) келишимин узартуу укугуна ээ.  

Премия кредит алууга өтүнүч кат сунушталганга чейин чегерилет. 

14. Катышуучулардын эсептеринде көрсөтүлгөн топтолгон акча каражаттар (турак жай-сактык аманаттар (депозиттер)) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылууга тийиш.  

15. Катышуучуга келишимдик сумманы (кредит) төлөө Башкы макулдашууда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. 

16. ТСКК өзүнүн негизги ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү сатып  

алышы жана ажыратып алышы мүмкүн. 

17. ТСККнын башкармасы иш чөйрөсүн кеңейтүү үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу, ал эми Директорлор кеңеши ири бүтүмгө келишүү чечимдерин кабыл алат. Чечимде ТСКК ошол кыймылсыз мүлктү пайдалануу планы чагылдырылууга тийиш. ТСККга кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн сатып алууга жол берилбейт. ТСККнын кыймылсыз мүлк менен операцияларына/бүтүмдөрүнө карата талаптар «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого ылайык аткарылат. 

18. ТСКК өз катышуучуларынын турак жай-сактык аманаттары (депозиттери), бүтүмдөрү тууралуу кандайдыр бир маалыматты кайсы болбосун үчүнчү жакка сунуштоо укугуна ээ эмес, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар эске алынбайт.  

19. ТСКК кредит портфелин (факторинг) кошо алганда, карыздык милдеттенмелерин Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуусуз сатып алууга жана андан ары башка юридикалык жакка сатууга укугу жок.  

 

3-ГЛАВА. ТСККнын кредиттик саясаты  

 

20. ТСККнын кредиттик операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредит саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.  

21. Кредиттик саясатта ТСККнын кызматкерлери кредиттерди сунуштоодо, тариздөөдө, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүдө, аларды тескөөдө таянууга тийиш болгон стратегия, критерийлер, параметрлер жана жол-жоболор аныкталат.  

22. ТСККнын кредиттик саясаты төмөнкүдөй жоопкерчилик менен кредиттөө принциптерине негизденүүгө тийиш: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, катышуучуларга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу. 

23. Кредиттик саясатта кеминде кредит берүүгө тиешелүү бардык төмөнкүдөй негизги жоболор чагылдырылууга тийиш:  

1) жалпы жоболор, анын ичинде:  

- потенциалдуу катышуучулардын курамы;   

- кредиттердин түрлөрү

- кредиттөөнүн сандык чеги;   

- кредиттөө мөөнөттөрү;   

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлери;   

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары;  

- катышуучунун финансылык маалыматтарына карата талаптар;   

- географиялык чектөөлөр;   

- кредиттердин топтолушу (катышуучулардын тобу, географиялык белгилери жана башка факторлор боюнча);   

- ТСКК аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына берилүүчү кредиттер боюнча чектөөлөр;  

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде кредитти тариздөө учурунда ошол күрөө предмети катышуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп санала тургандыгына байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү критерийлери;  

- кредит берүү жол-жоболорунун сакталышына контролдук;  

- кредит портфелинин активдерге карата катышы;  

- кредит портфелиндеги кредиттин ар бир түрүнүн салыштырма салмагы;  

- жана башкалар;  

2) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде:  

- документтердин формалары;  

- кредиттерди берүү тартиби;  

- кредит сунуштоого макулдук берүү тартиби; 

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөөгө карата талаптар;  

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөө түрлөрү, күрөөнүн кредитке карата катышы, рыноктук наркка баа берүү жана анын жайгашкан жери);  

- кредиттик келишимдин туура таризделишине контролдук;  

3) кредит портфелин тескөө боюнча талаптар, анын ичинде: 

- кредит портфелин тескөө тартиби;  

- катышуучунун шайкеш кредиттик таржымалынын жүргүзүлүшү

- кредиттик келишимдердин аткарылышына контролдук; 

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү жана кредитти максаттуу пайдалануу мезгилдүүлүгү;  

- мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерди узартуу же калыбына келтирүү шарттары;  

- кредит портфелине көз карандысыз баа берүү процесси; 

- потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камды классификациялоо жана аны түзүү;  

- маалымат системаларына карата (отчеттуулукка) талаптар; 

- башка менчик менен иштөө тартиби; 

4) кредиттин максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен кредит берүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттерди берүү жана ТСККнын баланстан тышкаркы милдеттенмелерди алуу укугу кызмат адамдарынын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүүгө тийиш, алар кредиттөө ишинде жол берилген кемчиликтер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат; 

5) кредиттөө процессине катышкан түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда укуктарды өткөрүп берүү жана маалыматтарды сунуштоо боюнча милдеттер; 

6) «проблемалуу» кредиттерди аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларга байланыштуу жагдайларды чечүү тартиби; 

7) үстү-үстүнөн кредит алууга бөгөт коюуга багытталган, баа берүү жана отчет түзүү системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү талаптары камтылган жооптуу кредиттөө принциптери (катышуучу катар милдеттенмелерге ээ болсо, анын ичинде бир нече финансы-кредит уюмдарында катар милдеттенмелери болсо, катышуучунун карыз оорчулугу анын милдеттенмесин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн артышы мүмкүн). 

24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, ТСКК Контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын катышуучулар чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредит портфелин түптөйт жана пайыздык чендерди белгилейт. 

25. Кредиттер Контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын катышуучусуна улуттук валютада, ошондой эле башкы макулдашууда чагылдырылууга тийиш болгон төмөнкү шарттар аткарылганда гана берилет: 

1) турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча алган милдеттенмелерге топтолгон акча суммасынын жетиши;  

2) катышуучу тарабынан кредитти камсыздоо; 

3) катышуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктоо. 

26. ТСККнын так жана кылдат иштелип чыккан кредит саясаты кредиттер менен алгылыктуу натыйжада иш алып барууга көмөктөшөт, анын ишинде туруктуулукту жана пайда алууну камсыз кылат.  

27. ТСККнын башкармасы кредиттик саясаттын жана кредиттик стратегиянын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат, бул үчүн кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.   

28. ТСККнын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. Мындан тышкары, алар тобокелдик профили өзгөртүлгөндүгүнө жараша кредиттик саясатты, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кайра карап чыгууга тийиш. 

29. Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер кредиттик комитет тарабынан же комитет ички документтерге ылайык укук чегерген адамдар тарабынан гана чечилүүгө тийиш, мында Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер эске алынбайт.   

30. ТСККнын аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына кредит берүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Директорлор кеңеши ТСККнын аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына кредит берүү жөнүндө чечимин жактырышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

31. Мындан тышкары, кредиттик саясатта ТСККнын Кредиттик комитетинин жана/же Башкармасынын кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары чектөөлөрү менен чагылдырылууга тийиш. Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечимдери Директорлор кеңешине чейрек ичинде кеминде бир жолу маалымдалып туруусу зарыл. Өзүндө ири кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттерди эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат.  

32. ТСКК кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички рейтинг системасын иштеп чыгууга тийиш. Тобокелдиктерге ички рейтинг системасы ТСККнын ишкердик түрүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына дал келүүгө тийиш. 

33. ТСКК кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча кызматкерлерин анда колдонууга киргизилген катышуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү боюнча методиканы эске алганда, катышуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер боюнча иш алып баруу, ошондой эле башка кредиттөө маселелери, анын ичинде кардарлар, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу кредиттөө принциптери боюнча коммуникацияны кошо алганда, мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.  

34. ТСКК тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.  

 

4-ГЛАВА. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби 

 

35. ТСКК менен анын катышуучусу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (катышуучуга тил тандоо укугу сунушталат). Келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

36. Кредиттик келишимдин тексти катышуучуга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей, кеминде 12 шрифт менен берилүүсү талап кылынат.  

37. Кредиттик келишимге кол коюуда ТСКК кызматкерлери кийин аны кайтарууда проблемалардын орун алышына жол бербөө максатында, кредитти сунуштоо жана төлөө шарттары боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

38. ТСКК кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес. Кредиттик келишимдин баштапкы шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, кошумча макулдашуу түзүлөт.  

39. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал кредитти төлөө мөөнөтүн жана катышуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына номиналдуу пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылууга жана ага эки тарап тең кол коюуга тийиш.   

40. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) тараптардын аталышы;   

2) келишим предмети;  

3) кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү;  

4) кредитти сунуштоонун негизги шарттары, анын ичинде пайдалануу максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү зарыл; 

5) катышуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса;  

6) ТСККнын укуктары жана милдеттери; 

7) кредиттик бюрого кардар/катышуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары;   

8) кардардын катышуучу тарабынан кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана акча каражаттарын алганга чейин кредит алуудан акы төлөөсүз баш тартуу укугу;   

9) кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда ТСККга алдын ала маалымдоо менен кандайдыр бир айыптык санкцияларды төлөөсүз кайсы болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу; 

10) форс-мажордук жагдайлар орун алган учурдагы шарттар. 

41. ТСКК катышуучусу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин 

катышууга кеминде төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:  

1) тараптар кол койгон кредиттик келишим, ага карата бардык документтер;   

2) кредиттик келишимге кошо тиркелүүчү төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө графиги; 

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык, пайыздык чендерди белгилөө тартиби (номиналдуу жана эффективдүү) кредиттик келишимде жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш; 

4) күрөө жөнүндө келишим. 

42. Негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген карыздар үчүн үстөк айыптар (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдуу пайыздык ченден ашпоого тийиш, кредиттин колдонуу мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптардын (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

43. ТСКК «проблемалуу кредит» боюнча күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн учурдан тартып, 30 күн өткөндөн кийин үстөк айыптардын (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) чегерилишин токтотууга тийиш.  

 

5-ГЛАВА. Кредитти кароо жана берүү жол-жобосу  

 

44. Катышуучунун кредиттик таржымалы (2-тиркеме) андан билдирме келип түшкөн учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт.  

45. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө  ТСКК тиешелүү журналга жазууларды кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чаралар боюнча документти түзүү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө, мындай эсепке алууну проблемалуу кредиттер менен иш алып барууда  жүргүзүү өтө маанилүү

46. Катышуучу менен иш алып барууда ТСКК ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл. 

47. ТСКК ички ченемдик документтеринде катышуучу кредит алуу үчүн сунуштаган документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш. 

48. Катышуучулар кеминде төмөнкү шарттарды сактаган учурда ТСКК кредиттерди сунуштайт:  

- катышуучу карыздык каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алууга билдирме толтуруп кайрылган шартта;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, катышуучу төлөөгө жөндөмдүү болсо;   

- катышуучу ТСККдагы топтоо сактык эсебине акча каражаттарын топтоп, турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминде белгиленген мөөнөттө кредит алуу билдирмеси менен кайрылса. 

49. ТСККда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички документтер иштелип чыгышы зарыл. ТСКК кызматкерлери маалыматты топтоодо жана катышуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө мыйзамдарга ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгын так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш. 

Эгерде кредитти камсыздоо катары гарантия (кепилдик) колдонулса, гарантты (кепилдик берүүчүнү), анын кесиптик аброюн, төлөө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даярдыгын иликтеп чыгуу зарыл.  

Эгерде кредиттердин кайтарылышы менен көйгөйлөр келип чыкса, башка булактар кредитти кайтаруу боюнча кошумча гарантияларды камсыз кылуу үчүн зарыл. Мындай камсыздоолордун катарына төмөнкүлөр кирет: мүлк жана укук күрөөсү, талаптарды жана укуктарды өткөрүп берүү, гарантиялар жана кепилдиктер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмалар. 

Эгерде, камсыздоо катары гарантиялар жана кепилдиктер сунушталса, анда карыз алуучу төлөй албаган шартта, эрежедегидей эле, ал үчүн үчүнчү жак мүлктүк жоопкерчилик тартат. Гарантия же кепилдик менен камсыз кылынган кредитти берүүдө, ТСКК гаранттын же кепилдик берүүчүнүн зарылчылык келип чыккан шартта, карызын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн, анын финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш  

(2-тиркеме). 

50. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти кеминде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш:   

- катышуучулардын кредит алууга билдирмесин каттоо. ТСККда маалыматтын коргоого алынышын камсыз кылган, андан санкциясыз пайдаланууну жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарган коопсуздук системасы болгон шартта, электрондук түрдө реестр жүргүзүүгө жол берилет; 

- катышуучу билдирмеде көрсөткөн маалыматтарды текшерүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын макулдугунун негизинде, бир же бир нече кредиттик бюродон катышуучу жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) жана ТСККнын чечими боюнча катышуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты талап кылууга. 

51. ТСКК кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга, анда 

камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатбоого жана кредиттик отчетту мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

52. ТСКК кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик бүтүмдөргө келишүүдө, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, ТСКК бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

53. Эгерде, кредит боюнча иш алып барган кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсы болбосун жак потенциалдуу катышуучу менен кызыкчылыктардын каршы келип калышы орун алган болсо, ошол катышуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууда катышууга жол берилбейт. 

54. ТСКК кызматкерлери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара иш алып барууга тийиш жана сый акы алуу менен катышуучуга кредит берүүдө ортомчу катары көмөктөшүү укугуна ээ эмес.  

 

6-ГЛАВА. Кредиттик комитет 

 

55. Кредиттик саясатты жүзөгө ашыруучу орган катары ТСККнын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган Кредиттик комитет саналат. 

56. Кредиттик комитеттин иши ТСККнын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Кредиттик комитет жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат.  

57. Кредиттик комитет жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:   

- Кредиттик комитеттин ишин уюштуруу курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби, чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер тизмеси; 

- Кредиттик комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери

- Директорлор кеңешине отчеттордун берилишин жана кредиттөө маселелери боюнча Башкарма жана түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

-  Кредиттик комитеттин ар бир мүчөсү кабыл алган жана кол койгон чечимдери үчүн жоопкерчилиги.   

58. Кредиттик комитет кеминде үч адамдан турууга жана ТСКК Башкармасынын төрагасы же төраганын орун басарларынын бири тарабынан жетекчиликке алынууга тийиш.   

59. Кредиттик комитеттин курамына төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: 

- ТСККнын кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси;  

- ТСККнын юридика кызматынын жетекчиси;  

- Кредиттик комитеттин ишине катышуу учурунда алардын функционалдык милдеттери таламдардын каршы келишин шарттабаган башка кызматкерлер. 

60. Тобокелдик-менеджери Кредиттик комитеттин ишине эксперттик пикирин билдирүү үчүн, бирок аталган коллегиалдык органдын чечимдерин кабыл алууда добуш берүү укугусуз катыша алат.  

61. Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- кароого алынып жаткан маселенин маңызын билүүгө;  

- кабыл алынып жаткан чечимдин ТСККнын ишине таасирин терең түшүнүүгө;  

- кабыл алынган чечим тобокелдиктерди жана кесепеттерди шартташы мүмкүндүгүнө баа берүүгө.  

62. Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири же сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги добуш берүү учурунда маалымдалууга жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Ал эми отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу менен таанышып чыгуусу зарыл.    

63. ТСКК тобокелдик-менеджери, жок эле дегенде, ар ай сайын Директорлор кеңешине ТСКК менен аффилирленген жана/же байланыштуу жактарга берилген кредиттер боюнча тобокелдикке баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдик деңгээли тууралуу отчетторду берип турат. 

 

7-ГЛАВА. Активдерди жана пассивдерди тескөө системасына карата талаптар  

 

64. ТСККнын Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитети ТСККнын жалпы баланстык түзүмүнө контролдукту, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдер жана пассивдерди тескөө саясатынын сакталышын камсыз кылат. Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген Комитет жөнүндө ички жобого ылайык жөнгө салынат. 

65. Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитеттин курамы кеминде үч адамдан турат жана аны Башкарманын төрагасы жетектейт. Тобокелдик-менеджери аталган комитеттин ишинде добуш берүү укугу менен эксперттик пикирин билдирүү үчүн катышышы мүмкүн. 

66. Көз карандысыз тобокелдиктерди тескөө системасынын алкагында ТСКК өз ишинин болжолдуу үлгүсүн иштеп чыгууга тийиш жана анда узак убакыт арылыгы, кеминде 15 жыл камтылышы зарыл, мында үлгүдөгү эсепке алуу мезгил аралыгы үч айдан аз болбоого тийиш. Мындай үлгүдө, түзүлгөн контракттарга ылайык кредит алууга билдирме түшкөн кандай болбосун учурда аны канаттандыруу үчүн ликвиддүү каражаттардын жетиштүүлүгүнө баа берүү максатында базалык сценарий жана тиешелүү стресс-тесттер каралууга тийиш. Зарыл учурларда, көзөмөл органынын талабы боюнча жогоруда белгиленген үлгү Улуттук банкка сунушталышы ыктымал. 

67. Базалык сценарийде, негизинен, белгилүү бир мезгил аралыгында күтүлүп жаткан рыноктук пайыздык чендерди эске алуу менен кирешелердеги жана ликвиддүүлүктөгү өзгөрүүлөр чагылдырылат. Стресс-тестирлөө сценарийинде рыноктук пайыздык чен же жаңы катышуучуларды тартуу сыяктуу айрым параметрлер базалык сценарийден четтеп, алар активдерди жана пассивдерди тескөө көз карашынан алгылыксыз катары таанылган жагдайлар камтылууга тийиш. 

68. Сценарийлердин жана стресс-тесттердин натыйжалары отчет формасында таризделип, анда натыйжалардын негизин түзгөн жол берүүлөр, параметрлер жана өз ара байланыш камтылууга тийиш, алар Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинде кароого алынып, талапка ылайык документ катары түзүлүүсү зарыл.  

69. Болжолдуу үлгүнүн негизинде ТСКК төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөрдү болжолдойт: 

1) күтүлүп жаткан кредиттер көлөмү (анын ичинде аралык); 

2) күтүлүп жаткан турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) көлөмү

3) башка милдеттенмелер жана инвестициялар көлөмү

4) административдик чыгашаларды кошо алганда, бардык чыгашалардын көлөмү

5) комиссиялык төлөмдөрдү кошо алганда, бардык кирешелердин көлөмү;  

6) операциялык иш жыйынтыгы; 

7) контракттарга ылайык, кредиттерге жайгаштыруу үчүн каралган каражаттардын көлөмү

70. Болжолдуу үлгүнүн сапатын текшерүү максатында, ТСКК жылына кеминде бир жолу болжолдонгон көрсөткүчтөрдү айкын маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө тийиш (back-testing). Бул талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин кароосуна сунушталышы зарыл, зарыл учурларда Комитет үлгүнү корректировкалоо боюнча чечим кабыл алат. 

71. Ички аудит кызматы туруктуу негизде үлгүдөгү жол берүүлөр, божомолдоолор жана параметрлердин артыкчылыктарына баа берип, алар шайкеш ыкмалардын, талапка жооп берген деңгээлин негизинде жана ТСККнын кардарларынын болжолдуу иш алып баруу сценарийин жана макроэкономикалык жагдайды эске алуу менен транспаренттик мүнөздө тандалууга, түшүндүрмө берилүүгө жана негизделүүгө тийиш. Кеминде төмөндө келтирилген стресс-тестирлөө сценарийлери кароого алынуусу зарыл: 

- рынокто пайыздык чендерди төмөндөөсү

- ТСККнын продукттарына суроо-талаптын азайышы; 

- турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздык чендер менен кредиттер боюнча пайыздык чендер ортосунда корреляция. 

72. Турак жай кредиттерине суроо-талапты өз убагында канаттандыруу максатында ТСКК максаттуу (техникалык) камдарды түзүүгө укуктуу. Техникалык камдар ТСККнын ички саясатына ылайык түзүлөт. Техникалык камдардын максималдуу өлчөмүТСККнын суммардык турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча портфелинин 3% кем эмес болууга тийиш.  

Мында, ТСКК мындай камдарды түзүү жана пайдалануу боюнча тиешелүү ченемдик документтерди иштеп чыгууга тийиш. 

73. Активдерди жана пассивдерди тескөө максатында ТСКК, тиешелүү тобокелдиктерди контролдукка алууга, үлгүлтүксүз балансты жана белгиленген параметрлер ортосунда өз ара байланышты камсыз кылууга, ошондой эле ТСКК рыноктук шарттарды эске алуу менен сунуштаган продукттарга кызыгууну колдоого алууга мүмкүндүк берген ар кандай коэффициенттерди иштеп чыгууга жана эсептөөгө укуктуу. 

74. Катышуучуга кредит бөлүштүрүү учуруна карата катышуучунун турак жай-сактык аманат (депозит) эффектиси менен ТСККнын кредит эффектине карата катыш коэффициенти кеминде 0,4 түзүүгө тийиш. Катышуучунун турак жай-сактык аманатынын (депозитинин) эффектиси, кредитти бөлүштүрүү учуруна карата мезгил ичинде топтолгон турак жай-сактык аманат (депозит) боюнча пайыздык кирешенин турак жай-сактык аманат (депозит) боюнча ченге карата катышы катары эсептелет. ТСККнын кредит эффектиси, кредиттин бүтүндөй мөөнөтү үчүн эсептелген, сунушталып жаткан кредит боюнча пайыздардын кредит боюнча ченге карата катышы катары эсептелет. 

75. Катышуучулардын жамааттык турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) ТСККнын кредиттерине карата коэффициенти, ТСКК календардык жыл ичинде төлөп берген катышуучулардын турак жай-сактык аманат (депозит) суммаларынын тиешелүү календардык жыл ичинде берилген кредиттердин суммасына карата катышы болуп саналат. Минималдуу баа берүү көрсөткүчтөрү же бөлүштүрүү үчүн тиешелүү алдын ала башка шарттар, узак мөөнөттүү келечекте катышуучулардын аманат суммаларынын ТСККнын кредиттерине карата катышынын кеминде 1,0 өлчөмүндө түзүлүшүн шарттоого тийиш. 

76. Аралык кредиттер, ТСККнын бөлүштүрүлүүчү фондунун 65% ашпоого тийиш. Бөлүштүрүлүүчү фонд катышуучулардан кабыл алынган турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) жана тартылган узак мөөнөттүү кредиттер/насыялардын жалпы суммасына барабар болот, алар сунушталган кредиттик суммаларды алып салганда, катышуучу менен түзүлгөн башкы келишим шарттарына ылайык кредиттерди сунуштоо үчүн каралган.  

 

8-ГЛАВА. Экономикалык ченемдер 

 

77. Улуттук банк алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү жана милдеттерди аткаруусу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул Эрежелерде белгиленген ТСККга болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилүү бир мөөнөткө маанисин өзгөртүшү мүмкүн. 

ТСКК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышын текшерүү Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.  

78. Эрежелерде көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу, тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, ТСКК Улуттук банк тарабынан белгиленген максималдуу чектерден төмөн жана минималдуу чектерден жогору болууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунуш кылынат. 

79. ТСКК менен байланыштуу болбогон бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) 10 пайыздан ашпоого тийиш.  

ТСКК менен байланыштуу болгон бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2) 5 пайыздан ашпоого тийиш. 

Бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К1 = СЗ / СК * 100,  

мында:  

СЗ катышуучунун кредиттер, баланстан тышкаркы милдеттенмелер (ТСККга жана анын катышуучусуна кредит берүү боюнча милдеттенмелер), ошондой эле маңызы боюнча кредиттик алмаштыруучу болуп саналган башка берилген каражаттар боюнча чогуу алгандагы карызынын өлчөмү. Катышуучулардын бардык карызы, бир катышуучуга карата максималдуу тобокелдик ченемин эсептөөдө суммаланып, эгерде бир катышуучунун карызды кайтарбай коюусу башка катышуучунун карызынын кайтарылбай калышына алып келсе, бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралат. Мында, ар башка катышуучулардын карызын кароодо, аларды бир тобокелдик катары суммалоодо катышуучулардын өз ара байланыштуулук деңгээлин, ипотекалык рыноктун абалын, катышуучулардын кредиттик таржымалын, карыздын ордун жабуунун болжолдонуп жаткан шарттарын жана башкаларды эске алуу талап кылынат;  

СК ТСККнын өздүк капиталы. 

Эгерде өздүк капитал нөлгө барабар же терс мааниде болуп калса, анда бир катышуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми эсептелбейт жана ченем так сакталган эмес катары каралат.  

Эгерде ошол катышуучунун чогуу алгандагы карыз өлчөмүнүн көбөйүүсү бир катышуучуга карата максималдуу тобокелдик ченеминин жол берилген маанисинин бузулушуна алып келсе, ТСКК бир катышуучуга жана аны менен байланыштуу жактарга кредиттерди жана ага теңештирилген активдерди, баланстан тышкаркы милдеттенмелерди берүүгө тийиш эмес.  

80. Капиталдын шайкештик (жетиштүүлүгү) ченеми.  

К2 капиталынын шайкештик (жетиштүүлүгү) ченеминин мааниси 8 пайыздан кем эмес деңгээлде колдоп туруу зарыл.  

МФКнын капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К2 = СК / СА * 100%, мында:  

СК МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (84-пунктту карагыла);  

СА валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.  

81. Ликвиддүүлүк ченеми (К3) 

Ликвиддүүлүк ченеми кеминде 30% деңгээлде колдоого алынып туруусу зарыл. 

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К3 = ЛА / О * 100%,  

мында,  

ЛА ликвиддүү активдер, ага:  

- кассадагы нак акча каражаттары;  

- эсептешүү жана депозиттик эсептердеги каражаттар;  

- мамлекеттик, ипотекалык баалуу кагаздар, Улуттук банктын ноталары. Ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө бул баалуу кагаздар сый акыны (дисконтту), сатып өткөрүлбөгөн пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эсептелинет;  

О ТСККнын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн аларга төмөнкүлөр кирет:  

- катышуучулардын турак жай-сактык аманаттары (депозиттери), ошондой эле эсептөөлөрдөгү акча каражаттары;  

- кайсы болбосун башка милдеттенмелер, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жетет.  

82. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет (К 1, 2, 3) ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеге ылайык ар айлык негизде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

83. ТСККнын турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К4) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:   

К4 = СК / СЖВ * 100 %,  

мында,   

СЖВ  турак-жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) суммасы.    

Бул ченем, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгиленет.   

ТСКК турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К4.1) күндөлүк негизде так сакталууга тийиш.  

ТСКК күн сайын саат 9:00гө чейин өткөн операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ТСККнын турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө 3-тиркемеге ылайык отчетту электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.   

ТСККнын төрагасынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн бул отчет кагаз жүзүндө да Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө сунушталат.   

84. ТСКК катышуучуларынын турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) чогуу алгандагы максималдуу суммасы ТСККнын өздүк капитал өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

85. Өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү ТСКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100%дан төмөн болбоого тийиш. 

ТСККнын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт:  

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын;  

- номиналдан үстөк салынган капиталдын;  

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын;  

- келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар;  

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымынын;  

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымынын;  

- башка финансы-кредит уюмдарынын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, финансы-кредит уюмдарынын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгы түшүнүү зарыл. 

86. Күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып өткөрүү ТСККнын кредит боюнча жоготууларын компенсациялабайт экендиги тобокелдиги К/К (Кредит/Күрөө) коэффициенти, башкача айтканда күрөөгө берилүүчү кыймылсыз мүлктүн наркы менен кредит суммасынын (негизги карыз суммасы) катышы менен аныкталат). К/К коэффициентинин сунушталган өлчөмү 60%дан ашпайт. 

87. ТСКК өз ыңгайына жараша турак жайдын (кыймылсыз мүлктүн) ордуна күрөөнү алмаштырганды кабыл алышы мүмкүн. Ал боюнча алмаштыруучу күрөөлүк камсыздоо сунушталган кредиттердин үлүшү кредиттер боюнча карыздын жалпы суммасынын 30%ынан аша албайт. 

 

 

 

 

9-ГЛАВА. ТСККнын отчету 

 

88. ТСККнын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүктү жүргүзүү максатында, ТСКК отчетту ушул Эрежелерге карата 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча кагаз жүзүндө жана электрондук формада Улуттук банкка ай сайын 12сине чейин берүүгө тийиш. 

89. ТСКК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Эрежелеринин талаптарына ылайык өз операцияларына бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө тийиш.  

90. ТСКК бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө колдонулган документтердин так эсепке алынышын жана алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

91. ТСККнын иши тууралуу жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат:  

1) ТСККнын финансылык отчету;  

2) ТСККнын отчеттук мезгил ичиндеги иши тууралуу маалымат;  

3) ТСКК тарабынан аныкталган башка маалымат. 

92. Аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчетту жарыялоо жана кошумча жарыялоо аудитордук текшерүү аяктагандан жана финансылык отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен бекитилгенден кийин жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүгө карата талаптар жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн башка талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

10-ГЛАВА. Таасир этүү чаралары 

 

93. Улуттук банк ТСККга жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. 

94. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу максаты турак жай-сактык кредиттик компаниялардын стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү, корректировкалоо жана четтетүү болуп саналат. 

95. Улуттук банк ТСККга жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрлөрүн жана таасир этүү чараларын колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт. 

96. ТСККга, анын кредиторлоруна, акционерлерине же банк тутумуна айкын кооптуу жагдайды жана/же жоготуу же чыгым тартуу мүмкүнчүлүгүн шарттаган ТСККнын иши, анын кызмат адамдарынын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) ТСККнын алгылыксыз жана кооптуу иш тажрыйбасы катары эсептелет. 

97. Улуттук банктын талаптарын так сакталбагандыгы, такталбаган маалыматтарды берилгендиги, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги же отчеттордун жана маалыматтардын берилбей калышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежелерге жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Улуттук банк тарабынан ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле ТСККнын алгылыксыз жана кооптуу иш тажрыйбасынын белгилөө жана ага ТСККнын жана анын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктоо «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо менен белгиленген.  

Мында, турак-жай сактык компаниянын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган негизде жана тартипте анын жоюлушуна алып келет. 

98. Жарыялоо ТСККнын кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан тышкары, Улуттук банк ТСККга карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын ар кандай өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Мындай маалыматтарды жарыялоо банктык жашыруун сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.  

99. Улуттук банктын ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечими Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. 

100. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын ар кандай чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот. 

101. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

 

11-ГЛАВА. Финансылык иштин аудити 

 

102. ТСККнын иши аудиттин Кыргыз Республикасында таанылган эл аралык стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. 

103. ТСККнын тышкы аудитору алгылыксыз иш-аракеттеринен сыяктуу эле, жол берилген каталардан улам, келип чыккан олуттуу бурмалоолорго жол берүү тобокелдигин аныктоо жана баа берүү максатында, ТСККнын ички контролдук системасы, ошондой эле ички аудит кызматы тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелер боюнча маалыматтарды алуу максатында ТСККнын ички аудит кызматынын кызматкерлери менен пикир алышат. ТСККнын тышкы аудитору ТСККнын ички аудит кызматынын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалана алат.  

104. ТСКК төмөнкү аныктамаларды эске алуу менен Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тышкы аудитти ишке тартуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгууда:   

- ТСККнын тышкы аудиторун тандоо критерийлеринин тизмегин;   

- тышкы аудиторду ишке тартуу шарттары;   

- аудитордук уюмдун финансылык отчетко аудит жүргүзүү кызмат көрсөтүүсүнө, ошондой эле ТСККга аудитордук эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн төлөм жүргүзүү тартиби жана шарттары.  

105. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо менен аудитордук уюмду тандоо ТСКК тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат. 

106. Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук иш алып баруу укугуна тиешелүү лицензияга жана финансы-кредит уюмдарына 3 жылдык аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ аудитордук уюм гана ТСККнын тышкы аудитору боло алат. 

107. ТСККнын ишине тышкы аудит жүргүзүүдө ТСККнын тышкы аудитору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген чектөөлөрдү так сактоого тийиш.  

108. ТСККнын тышкы аудитору көз карандысыз, объективдүү жана таламдардын каршы келип калышы деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш.  

109. Тышкы аудитор ТСККдан көз карандысыз болууга тийиш дегенден улам, анын аудитордук корутундусунун жыйынтыгына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн түшүнүү зарыл. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же аудитордук текшерүүнүн курамына кирген башка кызматкери, ТСККда эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, ТСКК жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.  

110. ТСКК финансылык жыл аяктагандан кийин жаңы жыл башталгандан тартып 90 (токсон) күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ТСККга тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү

111. ТСКК финансылык жыл аяктагандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:  

1) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун ТСКК жетекчилигине тиешелүү катын акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө;  

2) акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан ТСККнын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 90 (токсон) күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыз кылууга;  

3) Улуттук банкка акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген финансылык отчет жана аудитордун ТСККнын жетекчилигине жазган каты менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 105 (жүз беш) күндөн кечиктирбестен берүүгө;   

4) ТСККнын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

A1. ТСККнын турак жай курууга же сатып алууга, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртууга кредит берген иши (кыскача отчет)   

ТСККнын аталышы:   

Отчет түзүлгөн күн:   

  

  

  

  

Берилген кредиттердин саны  

  

Турак жай жыйымдар саны тууралуу маалыматтар  

  

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын областтары боюнча бөлүп көрсөтүлгөн кредиттерди талдап-иликтөө 

  

Кыргыз Республикасынын областтары боюнча бөлүп көрсөтүлгөн турак жай-сактык аманаттарды (депозиттерди) талдап-иликтөө 

  

- Бишкек шаары 

  

- Бишкек шаары 

  

- Чүй областы 

  

- Чүй областы 

  

- Нарын областы 

  

- Нарын областы 

  

- Ош областы  

  

- Ош областы 

  

- Талас областы  

  

- Талас областы 

  

- Ысык-Көл областы  

  

- Ысык-Көл областы  

  

- Жалал-Абад областы  

  

- Жалал-Абад областы  

  

- Баткен областы  

  

- Баткен областы 

  

 

 

 

  

 

 

 

  

 

  

  

  

B1  Катышуучулардын жана колдонуудагы кредиттик келишимдердин саны тууралуу маалымат 

Кредитордун аталышы   

Катышуучулар 

Учурдагы кредиттер 

Ар бир кредиттик келишим боюнча карыз суммасы 

Колдонуудагы кредиттердин жалпы суммасы  

  

  

 

  

  

 

B2  Турак жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) саны тууралуу маалымат 

Аталышы  

Катышуучулар  

Турак жай-сактык төгүмдөр келишимдериин саны (күнүн жана номерин көрсөтүү менен)  

Ар бир турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча топтолгон каражаттардын суммасы  

Топтолгон каражаттардын жалпы суммасы (иш жүзүндө)  

  

  

 

   

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

C1  ТСККнын кредиттик ишине талдап-иликтөө жаңы берилген кредиттер (акыркы отчеттук мезгил ичинде)   

Кредитордун аталышы 

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата кредиттердин калдыгы  

  

  

Отчет мезгил ичинде берилген кредиттердин көлөмү 

Кредитордун аталышы 

  

  Бишкек 

Нарынская область 

 Чуйская область 

 Ошская область  

 Таласская область  

Иссык-Кульская область  

Джалал-Абадская область  

Баткенская область  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

C2  ТСККнын сактык ишине талдап-иликтөө жаңы турак жай-сактык аманаттары (депозиттери (акыркы отчеттук мезгил ичинде)   

Аталышы  

  

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) келишимдери - саны 

  

  

  

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) келишимдери  Бишкек шаары жана областтар боюнча өзүнчө топтолгон каражаттардын жалпы суммасы  

Топтолгон акча каражаттардын көлөмү 

  

  Бишкек 

Нарын областы 

 Чүй областы 

 Ош областы  

 Талас областы  

Ысык-Көл областы  

Жалал-Абад областы  

Баткен 

областы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

C3  Кредиттик ишти талдап-иликтөө берилген кредиттер суммасы боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы берилген кредиттер (миң сом)  

Кредитордун аталышы  

Берилген кредиттер - саны  

Келишимдердин наркы (саны) 

0-500,0  

501,0-1000,0  

1001,0-1500,0  

1501,0-2000,0  

2001,0-2500,0  

 

 

 

 

 

 

 

   

C4  Кредиттик ишти талдап-иликтөө кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн берилген аралык кредиттер (миң сом) 

Кредитордун аталышы  

Берилген аралык кредиттер - саны  

Келишимдердин наркы (саны) 

0-500,0  

501,0-1000,0  

1001,0-1500,0  

1501,0-2000,0  

2001,0-2500,0  

 

 

 

 

 

 

 

 

C5  Кредиттик ишти талдап-иликтөө кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтүү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы берилген кредиттер  

Кредитордун аталышы 

Берилген кредиттер 

Саны 

 

8 жыл 

10 жыл 

15 жыл 

Аралык кредит 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

C6  Турак жай-сактык ишин талдап-иликтөө жыйым топтоо колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) келишимдери  

Аталышы 

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер

Саны 

3 жыл 

5 жыл 

10 жыл 

  

  

 

 

 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

C7  Турак жай-аманат ишин талдап-иликтөө катышуучулардын турак жай-сактык келишимдерине ылайык суммалар боюнча бөлүп көрсөтүлгөн ар айлык төлөмдөрү (миң сом) 

Аталышы 

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер)-саны 

Келишимдердин наркы (саны) 

0-10,0  

11,0-20,0  

21,0-30,0  

31,0-40,0  

41,0-50,0  

50,0дөн жогору 

 

 

 

 

 

 

 

 

D1  Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөө келишимдердин саны боюнча бөлүп көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер  

Кредиттер боюнча (миң сом) 

Келишимдердин саны  

Акыркы төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөй калган кредиттер тууралуу маалымат (негизги сумма, пайыздар, айыптар жана туумдар)  

Бардыгы болуп  

Күндөлүк  

1-29 күн  

30-59 күн  

60-89 күн  

690-179 күн  

190 жана андан көбүрөөк күндөр  

Эсептен алынып салынган кредиттер  

 0-500,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

501,0-1000,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

1001,0-1500,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

1501,0-2000,0 

 

 

 

 

 

 

 

 

2001,0-2500,0 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

D2 ТОБОКЕЛДИК ДЕҢГЭЭЛИ БОЮНЧА АКТИВДЕРДИ ЖАНА БАЛАНСТАН ТЫШКАРКЫ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ КЛАССИФИКАЦИЯЛОО (сомдо) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(миң сом) 

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Дисконт 

Бардыгы болуп камдар 

Нормалдуу активдер 

Канааттандырылган активдер  

Байкоо алдындагы актидер 

"Жалпы" камдар  

Субстандарттык 

Шектүү 

50% 

Жоготуулар 

100% 

"Атайын" камдар 

Бардыгы болуп 

 

2% 

Бардыгы болуп 

5% 

 

Бардыгы болуп 

15% 

25% 

 

6,1 

7,1 

 

9,1 

9,2 

10 

11 

12 

Башка банктардагы эсептер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Катышуучуларга сунушталган каржылоо: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп каржылоо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баалуу кагаздарга инвестициялар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган ТСККнын башка менчиги  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка активдер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классификациялоого тийиш болгон бардыгы болуп активдер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классификациялоого тийиш болгон бардыгы болуп активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме  

 

 

 

 

Контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын катышуучусунун кредиттик таржымалына карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

I. Катышуучу тууралуу жалпы маалымат  

1. Катышуучу тарабынан кол коюлган кредит алууга билдирме, ал төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:  

- катышуучунун аты-жөнүн; 

- катышуучунун жашаган жеринин толук дареги, телефон номери;  

- иштеген жери жана иш түрүн;  

- кредиттин суммасы, валютасы жана мөөнөтү;  

- турак жай кредитинин максаты;  

- кредиттин ордун жабуу булактары жана аны төлөө планы;  

- сунушталуучу күрөө;  

- ТСККга кредит алууга буга чейинки билдирме берүүлөр, акыркы эки жыл ичинде алынган/төлөнгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар;  

- катышуучунун өзү тууралуу кредиттик отчетту берүүгө макулдугу;  

- ТСККнын ыңгайына жараша башка маалыматтар.  

2. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөө.  

2.1. Кредиттик бюродон катышуучуга кредиттик отчет.  

3. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында ТСКК, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат, катышуучу иштеген уюмдун аталышы, кызматы, иштеп жаткан мөөнөтү, же кирешелери жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер.  

4. Кредиттик келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде (кайсы тилде түзүлөрүн тандоо укугун ТСККнын катышуучусуна берүү менен) түзүлүүгө тийиш.  

5. Катышуучуну идентификациялоого мүмкүн боло турган, инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.  

6. ТСККнын тиешелүү органынын кредит берүү жөнүндө чечими.  

7. Катышуучу менен байланышты эсепке алуу, анда ар бир байланыш боюнча төмөндөгү маалымат чагылдырылууга тийиш:  

- байланыштын күнү;  

- байланыштын түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү);  

- байланыш шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну);  

- натыйжасы.  

8. Катышуучу менен кат алышуу (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен).  

9. Документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.у.с.) менен тастыкталган максаттуу колдонулушу тууралуу отчет. 

 

II. Күрөөлүк документтер  

10. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик же расмий тилдерде (кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун Контракттык турак жайга каражат топтоо системасынын катышуучусуна берүү менен) түзүлүүгө тийиш.  

11. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтери.  

12. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер жана күрөө коюучунун күрөө келишиминин шарттары менен макул болуусу.  

13. Сатып алуу баасын тастыктаган документтер. 

14. Төмөндөгү маалыматтарды чагылдыруу менен күрөөгө баа берүүнү тастыктаган документтер:  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- баа берилген күн;  

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү;  

- баа берүү ыкмасы.  

15. Күрөө келишиминин каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же ТСКК каттоодон өтүүнү талап кылса).  

16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (эгерде күрөө катары турак жай болсо) турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси). 

17. Күрөөнү текшерүү актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөө текшерилген күн;  

- күрөө түрү;  

- күрөөгө баа берилген күн;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен текшерүү графиги.  

18. ТСККнын ыңгайына жараша башка маалыматтар.  

 

III. Гарантиялар же кепилдиктер (зарыл болгон шартта) 

19. Тиешелүү кредиттик келишимди, гарантия бериле турган сумманы, гарантиянын аяктаган күнүн көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантиялар же кепилдиктер.  

20. Гаранттын тиешелүү органынын гарантияны берүү жөнүндө чечими.  

21. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгерде болгон болсо) кепилдик берүү жөнүндө макулдугу.  

22. Гаранттын уюштуруу документтери.  

23. Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде гарантия жалгыз камсыздоо болуп саналса).  

24. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында ТСКК, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акылары жөнүндө маалымкат же кирешелер жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу жеке адам болсо).  

25. Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө.  

 

 

3-тиркеме 

Экономикалык ченемдердин көрсөткүчтөрү 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы  

Белгилөө 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдик белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

К1.1 

СЗ 

  

  

  

10% ашпаган өлчөмдө 

  

СК  

 

  

К1.2 

СЗ 

 

  

  

5% ашпаган өлчөмдө 

  

СК  

 

  

СА 

  

  

Капитал шайкештигинин (жетиштүүлүгүнүн) ченеми  

К2 

СК  

 

кеминде 8% 

 

СА 

 

Ликвиддүүлүк ченеми 

К3 

ЛА 

  

  

  

кеминде 30% 

  

ОБ 

  

  

Отчеттук мезгил үчүн орточо маани  

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

Бардыгы болуп 

ЛА Ликвиддүү активдер 

  

  

  

  

  

  

ОБ - ТСК милдеттенмелери 

  

  

  

  

  

  

К3 ченеми =ЛА/ОБ 

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы тууралуу күндөлүк отчет (К 4)  

 

Күнү 

К 4 

ТСК 

СЖВФЛ 

Фактылык көрсөткүч 

01.04.2007 

  

  

  

02.04.2007 

  

  

  

03.04.2007 

  

  

  

04.04.2007 

  

  

  

… 

  

  

  

… 

  

  

  

… 

  

  

  

30.04.2007 

  

  

  

 

СК  

-  

ТСККнын өздүк капиталы;  

СЖВФЛ  

-  

жеке адамдардын алдында турак жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) жана башка милдеттенмелердин суммасы.