«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларын өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүнүдө» долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларын өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүнүдө» долбоору иштелип чыкты.  

Бул долбоор 2019-жылдын 18-июлундагы № 89 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамыны күчүнө киргендиги үчүн иштелип чыкты. 

Турак-жай кредитин берүү маселеси боюнча маанилүү элемент катары Турак жай-сактык кредиттик компанияларынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу үчүн Улуттук банкка аталган компаниянын ишин лицензиялоого ыйгарым укук берүүчү жана андан соң Мыйзамдык деңгээлде аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында мындай компаниянын ишин лицензиялануучу иштердин өзүнчө түрлөрүнө бөлүү боюнча укуктук база зарыл. Ушуларга байланыштуу, «Күрөө жөнүндө» Мыйзамдын 43-статьясын жаңы редакцияда берилди, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин  

26-2 «турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши» деген жаңы пункту менен толукталды жана 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы жаңы редакцияда баяндалды.  

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесинин 26-2) пунтуна ылайык турак жай-сактык кредиттик компанияларынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын лицензиялана турган ишмердүүлүктөрдүн тизмегине киргизилди. 

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык Улуттук банк турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоо системасынын элементтерин пайдалануунун тажрыйбасы пайда болуп калды. Анын иштеши үчүн негиз калыптанды жана мыйзам базасы түптөлдү

Акыркы 10 жылда ипотекалык насыя берүүнүн жылдык көлөмү 2007-жылдагы  

2,0 миллиард сомдон 2017-жылдагы 5,9 миллиард сомго чейин дээрлик 2 эсе көбөйдү. Бул рыноктун аталган секторунда туруктуу өсүү темпи бар экендигин билдирет жана ал акырындык менен 2008-жылдагы финансылык кризистен кийин өз потенциалын калыбына келтирди. 2008 жана 2009-жылдары көлөмдүн азайгандыгы байкалган, бул дүйнөлүк кризистин таасирине дагы байланыштуу болгон. Бирок 2010-жылдан баштап берилген ипотекалык насыялардын ар жыл сайын берилүүчү көлөмүнүн туруктуу өсүшү байкалган. Турак-жай ипотекалык рынок мурунку кризиске чейинки деңгээлине 6 жылда 2013-жылы кайтып келди.

 

Ипотекалык насыялардын көлөмүнүн көбөйүшүнө «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын (мындан ары «МИК» ААКсы) каражаттарынын эсебинен берилүүчү, улуттук валютада гана берилүүгө тийиш болгон ипотекалык насыялар дагы таасирин тийгизди. 2017-жылы берилген ипотекалык насыялардын жалпы көлөмүнүн 30%ын «МИК» ААКнын инвестициялык каражаттарынын эсебинен берилген насыялар түздү.  

Бирок, берилген ипотекалык насыялардын көлөмүнүн өскөндүгүнө карабастан статистиканын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялардын үлүшү өлкөнүн ИДПнын жалпы деңгээлинин 1,2%ын гана түзөт. 10 жылдык мезгил аралыгында бул көрсөткүч 2,1%дан 1,2%га чейин төмөндөдү. Бул албетте, ипотекалык насыялардын көлөмүнүн өсүшү менен салыштырганда ИДПнын алдыга озгон өсүш темпине байланыштуу. Кыргыз Республикасындагы мындай көрсөткүч ипотекалык турак жай насыялоо рыногу өнүгүүнүн баштапкы баскычтарынын биринде экендигинин фактысы. Салыштыруу үчүн 2016-жылы ЕАЭБдин статистикасына ылайык бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда Россия турган (ИДПнын 1,7%), мында турак жайды насыялоо рыногу салыштырмалуу өнүккөн. Өнүккөн жана экономикалык жактан туруктуу мамлекеттерде ипотекалык насыялардын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү болжол менен  

32-82%ды жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө 2-36% түзөт. 

 

Республикада ипотекалык насыялардын рыногу ипотекалык насыялар боюнча ставкаларды төмөндөтүүнүн шартында өсүүдө. Ипотекалык насыялар боюнча улуттук валютада жана чет өлкөлүк валютада дагы орточо белгиленген ставка 2012-жылдан бери туруктуу азайып келүүдө.

 

Калктын турак жай менен камсыз болушу маанилүү социалдык-экономикалык көрсөткүч болуп саналат жана мамлекеттин алдында турган негизги милдеттердин бири болуп саналат. 

КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 6,14 млн адамдын жалпы санынан улам бир адамга карата турак жай менен камсыздоонун деңгээли  

13,1 чарчы метрди түзөт: 

Көрсөткүчтөрдүн аталышы 

2014 

2015 

2016 

Бир адамга жалпы аянт - бардыгы 

12,5 

13,0 

13,1 

Шаар жергеси 

14,6 

14,5 

14,3 

Айыл жергеси 

11,5 

12,3 

12,4 

2017-жылдын аягында республика боюнча жалпы аянты 1 080,5 миң чарчы метр, жалпы суммасы 38,8 млрд. сом болгон 10 202 турак жай бирдиги ишке берилди же  

1 адамга 0,17 чарчы метр, ал эми БУУнун социалдык жыргалчылыгынын индикатору боюнча параметр калктын жан башына 1 чарчы метрден кем болбоого тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастра жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин маалыматы боюнча акыркы 2 жылда турак жай рыногунун активдүүлүгү өскөндүгү байкалууда: 

 

 

2016 

2017 

Өсүш % (

Төмөндөө% (

Өсүш %(

Төмөндөө% (

турак үй 

батир 

турак үй 

батир 

Турак үй 

батир 

Чүй обл. 

3 859 

2 476 

4 619 

2 950 

19,7 

19,1 

Бишкек ш. 

2 140 

10 169 

2 500 

12 577 

16,8 

23,7 

Ош обл. 

1 149 

169 

1 418 

250 

23,4 

47,9 

Ош ш. 

396 

2 384 

426 

2 911 

7,6 

22,1 

Жалал-Абад обл. 

1 337 

1 273 

1 596 

1435 

12,6 

12,7 

Ысык-Көл обл. 

1 067 

862 

1 292 

992 

21,1 

15,1 

Талас обл. 

520 

127 

538 

159 

3,5 

25,2 

Нарын обл. 

344 

145 

445 

228 

29,4 

57,2 

Баткен обл. 

434 

454 

521 

463 

20,0 

2,0 

Бардыгы 

11 246 

18 059 

13 265 

21 265 

18,0 

21,6 

Бир жагынан турак жай сатып алуу-сатуу рыногунун активдүүлүгүнө  

2016-2017-жылдардын аралыгында «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларын ипотекалык насыялар менен камсыз кылуу боюнча «МИК» ААКнын активдүү иши таасирин тийгизди.  

Бирок ошого карабастан, Кыргыз Республикасында турак жай фондунун тартыштыгы жогорку деңгээлде экендиги байкалууда, аналитикалык маалыматтарга ылайык 30 млн чарчы метр турак жайды куруу зарыл. 

1. 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» Нускоо 

2. 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө« Жобо; 

3. 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» Жобо; 

4. 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобо; 

5. 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктардын жана башка банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;  

6. 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө« Жобо; 

7. 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» Жобо; 

8. 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө« Жобо; 

9. 2012-жылдын 30-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө« Нускоо; 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларга алып келет, буга кепилдиктерди берүү аркылуу чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүшүн кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды жайылтууга, инновациялык иштерге жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган банктык кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу менен жетишүүгө болот, бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө алып келет.  

Долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени долбоор ченемдери иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган турак жай-сактык кредиттик компанияларга көзөмөл жүргүзүүгө жана жөнгө салууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган долбоор ченемдерин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Бул долбоор ченемдерин ишке ашыруу турак жай-сактык кредиттик компаниянын уставдык капиталын түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылат. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат  

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө методикасынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын ____ _____________ 

№ ____________________________ 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пунктунун «адистештирилген финансы мекемесинин,» «турак жай-сактык кредиттик компаниялар (мындан ары ТСКК),» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-пунктунун: 

д) жана е) пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин,» сөздөрү «ТСКК,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы л пунктчасы менен толукталсын: 

«л) Турак жай-сактык кредиттик компания айрым банк операцияларын жүргүзүүгө укук берүүчү Улуттук банктын лицензиясына ээ банк эмес финансы-кредит уюму, анын иши катышуучулардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарына (депозиттерге) топтоого жана катышуучуларга жеке курулушка, турак үйлөрдү же квартираларды сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу, анын ичинде мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.»; 

- 4-пунктунун «адистештирилген финансы мекемелеринин,» «адистештирилген финансы мекемесине,» сөздөрү «ТСКК,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 6-пунктунун: 

биринчи абзацындагы, «а», «б», «в» «г», «д» жана «ж» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«е» пунктчасындагы «микрофинансылык кызматтардын» сөздөрү «, иши катышуучулардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарына (депозиттерге) топтоого жана катышуучуларга жеке курулушка, турак үйлөрдү же квартираларды сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу, анын ичинде мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган» деген сөздөр, «МФУлардын» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 7,8,9,10 жана 11-пунктуларынын «адистештирилген финансы мекемесине», «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы, г) жана д) пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 13-пунктунун «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 14-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацындагы «адистештирилген финансы мекемелери», «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 15-пунктунун «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 16-пунктунун «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «адистештирилген финансы мекемеси, ТСКК» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

-17-пунктунун «адистештирилген финансы мекемесинен» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

 - 5-главанын аталышындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 18-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацындагы «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемесине» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 19-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү  

«, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

экинчи абзацындагы жана «е» пунктчасындагы «МФУнун» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 20,22 жана 23-пунктуларынын «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү  

«, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 25-пунктунун «а», «г», «д», «е» пунктчасындагы «МФУ» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

-  26, 27, 28 жана 29-пунктуларынын «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 30-пунктунун «а» жана «в» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38 жана 39-пунктуларынын «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү  

«, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 2-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү  

«, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

аталышындагы жана I, II, III пунктуларындагы «МФУ» кыскартылган сөздөрү  

«, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 4-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын 

- Нускоого карата 5-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү  

«, ТСКК» деген кыскартылган сөз менен толукталсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын» сөздөрү «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пунктунун «кредиттик союздар» сөздөрү « жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.1-пунктунун «кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-главанын аталышындагы «Кредиттик союздардын» сөздөрү « жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.2-пунктунун жетинчи абзацындагы: 

экинчи сүйлөмүнүн «кредиттик союз» сөздөрү «, турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

алтынчы сүйлөмүнүн «Кредиттик союз» сөздөрү «, турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.6-пунктунун в) пунктчасынын «кредиттик союздун» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.8-пунктунун «кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.9-пунктунун «Кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.9.1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «кредиттик союз» жана «кредиттик союздун» сөздөрү тиешелүүлүгүнө жараша « /турак жай-сактык кредиттик компания» жана « /турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- үчүнчү абзацындагы жана «кредиттик союздун» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- төртүнчү абзацындагы жана «кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.9.2-пунктунун «кредиттик союздан» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компаниядан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.10-пунктунун «кредиттик союздан» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компаниядан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.11-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «Кредиттик союздарда» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компанияларда» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) пунктчасынын «кредиттик союздардын» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

2) пунктчасынын «кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пунктунун «Кредиттик союздар» жана «кредиттик союздун» сөздөрү тиешелүүлүгүнө жараша « /турак жай-сактык кредиттик компаниялар» жана « /турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.2-пунктунун биринчи жана экинчи сүйлөмдөрүнүн «кредиттик союздун» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.3-пунктунун «кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.5-пунктунун «кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.6-пунктунун «Кредиттик союз» сөздөрү « /турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- преамбуладагы «(мындан ары КСФК),» сөздөрү «турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, » деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пунктунун «КСФК» кыскартылган сөздөрү «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын,» деген сөздөр менен толукталсын.  

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар)» сөздөрү «жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 1-главанын биринчи абзацындагы ««Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына (мындан ары банктар)» сөздөрү «жана турак жай-сактык кредиттик компанияларына» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- преамбуланын биринчи абзацындагы «алмашуу бюросу» сөздөрү «, турак жай-сактык кредиттик компаниялары» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ачык акционердик коомунун (мындан ары банктар» сөздөрү «, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын» деген сөздөр менен толукталсын. 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- преамбуланын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар)» сөздөрү «жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын.