«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»  

токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары Жобонун долбоору), кредиттик карттарды көбөйтүү, ошондой эле микрофинансылык сектордо жаңы финансылык продукттарды/кызматтарды кеңири жайылтуу чаралары каралган Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында (мындан ары Мамлекеттик программа) жана Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн  

2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарында белгиленген чараларды аткаруу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бул Жобонун долбооруна ылайык, банк аларды андан ары өз кардарлары арасында жайылтуу үчүн карттарды банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) үчүн чыгарышы мүмкүн. Идентификациялоо жана верификациялоо талаптары банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан кардарларга кредит берүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү мыйзамына ылайык ишке ашырылат. 

Мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгек акысын «ЭЛКАРТ» улуттук карты аркылуу төлөө жагында 24-пунктка өзгөртүүлөр киргизилген (Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 1.7-пунктун ишке ашыруу). Мындан тышкары, Жобонун долбоорунда аралыкта орнотулган жабдуулар боюнча отчет берүү формасы кайра каралган. 

Ошондой эле Жобонун тексти боюнча редакциялык оңдоолор киргизилген.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоолор 

Жобонун долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларды шарттайт, анткени бул толуктоолор товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттырууга багытталган. Микрофинансылык секторду нак эмес формада кредит берүүгө тартуу калктын акча каражаттарынын ишенимдүү сакталышын камсыз кылат. Картты күн сайын пайдалануу нак эмес формада төлөөнү көп функционалдуу пайдаланууга жана андан ары банктарда дебеттик карттарды ачууга жана банктын аралыктан/санарип кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга кызыкчылык жаратат.  

Токтом долбоорун кабыл алуу укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, анткени долбоордо каралган ченемди колдонууга киргизүү нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттырууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Өзгөртүүлөр долбоору 2018-жылдын ноябрь айында коомдук талкууга сунушталып, анын жыйынтыгы боюнча Жобонун долбооруна карата коммерциялык банктардан жана башка төлөм системаларынын катышуучуларынан сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн эмес.  

Жобонун долбоору 2018-жылдын 26-декабрында Улуттук банк Башкармасынын отурумунда БФКУлардын кредиттик карттарды жайылтуу боюнча маселеси кароого алынып, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүн кайрадан жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.  

 

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын учурда колдонулуп жаткан мыйзам актыларынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен жана Улуттук банктын бюджетинен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкердик субъекттердин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр талап кылынбайт, себеби сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу максатында банктык карттарды өнүктүрүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти чектебейт.  

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты тааныштырсын.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «__»________ 

№ ______________________ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

 

- 2-пунктундагы: 

- «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Банк эмес финансы-кредит уюмунун кредиттик картасы же кредиттик лимити белгиленген карты (мындан ары БФКУнун кредиттик карты) банк андан ары жайылтуу үчүн өз кардарлары/карт ээлери же эмитент менен түзүлгөн кредиттик келишим шарттарына ылайык кредит берүү боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия/күбөлүк алган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн чыгарган банктык төлөм карты. »

- төмөнкү мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын: 

«БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык БФКУнун кредиттик картына БФКУ акча каражаттарын (кредит) берген кардар (жеке адам/юридикалык жак).»

- отуз үчүнчү жана кырк үчүнчү абзацтардагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын; 

- кырк тогузунчу абзацтагы «компьютердик түйүн» деген сөз «Интернет (мейкиндиги)» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 7-пунктундагы: 

«овердрафт менен дебеттик карт (дебеттик-кредиттик) жана кредиттик карт» деген сөздөр «овердрафт менен дебеттик карт (дебеттик-кредиттик), кредиттик карт жана БФКУнун кредиттик карты» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 13-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төмөнкү учурларда карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшү мүмкүн, эгерде: 

- банк-эмитентте карт ээсин түздөн-түз идентификациялоодо алдын ала чыгарылган жана колдонуу мөөнөтү чектелген карт (3 жылдан ашпаган); 

- БФКУ тарабынан түздөн-түз идентификациялоодо БФКУнун кредиттик карты. 

Транзакцияларды БФКУнун алдын ала чыгарылган жана кредиттик карттары аркылуу жүргүзүү ПИН-кодду пайдалануу менен гана ишке ашырылат.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөнү жана эсептешүүнү алган кредиттин максаттуу багытына ылайык ишке ашырууга укуктуу.»; 

 

- 14-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«БФКУнун кредиттик картын эсеп ачуусуз акча которуу системалары аркылуу толуктоого тыюу салынган»; 

 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же алдамчылык катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана БФКУнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде талаш жараткан акча каражаттар суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана БФКУнун эсептешүү (ссуда) эсебинде бөгөт коюлушу мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент жана БФКУ жана БФКУнун кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын иш регламентинде жана тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт.»; 

 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Пенсияларды, социалдык жөлөк пулдарды жана башка түшүүлөрдү/бюджеттик каражаттардан төлөөлөрдү, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ бюджеттик уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгек акысы банк тарабынан эмгек акы долбоорлорунун алкагында «Элкарт» улуттук карты аркылуу гана төлөнүүгө тийиш.»; 

 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«БФКУнун кредиттик карттары банк тарабынан ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык чыгарылат.»; 

 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Карттарды чыгарган банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү.»; 

 

- 29-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«БФКУнун кредиттик каттары БФКУнун менчиги болуп саналат жана аларды андан ары пайдалануу үчүн кардарларына тапшырылат.»; 

 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Келишим түзүүдө эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялоону жүргүзгөн БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин «өз кардарыңды бил» принциби боюнча банктык эсеп ачууда колдонулуучу эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын: 

«31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, БФКУ менен кардарларды талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш.»; 

 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Эмитент жана БФКУ картты сунуштоо жөнүндө өтүнүч катка кол коюуга чейин жана келишим түзүүгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү

- келишим шарттары; 

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери; 

- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер; 

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууну болтурбоо максатында карттарга бөгөт коюу ыкмалары; 

- иштебеген жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен карт ээсинин байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары; 

- БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып); 

- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби жөнүндө

- БФКУнун кредиттик карты жоголгон учурда БФКУнун же банктын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби жөнүндө

- жана башка маалымат менен тааныштыруу.  

Кардар кат жүзүндө же аралыкта жайгашкан банктык жабдууну пайдалануу аркылуу тиешелүү маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш. 

БФКУнун кардары көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын кат жүзүндө тастыктоого тийиш. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

 

Жобо төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын: 

«33-1. БФКУнун кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар БФКУнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш: 

1) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар)); 

2) БФКУнун өз кардарлары алдында кредиттик карт менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

3) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөм түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же башка картты пайдалануу шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат; 

4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурда иш-аракеттер); 

5) БФКУга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы факты жөнүндө маалымдоо жол-жобосу; 

6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган учурда, анын ичинде алдамчылык операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү

7) БФКУнун картына бөгөт коюу жана алуу шарттары; 

8) коопсуздук жол-жоболорун же башка келишим шарттарын бузууга жол берген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү

9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби; 

10) келишимди токтотуу жана БФКУнун кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби; 

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын: 

«35-1. Эгерде, кредиттик карттар БФКУ үчүн чыгарылса, БФКУ тарабынан сунушталган, кредиттик лимиттин алкагында карттан чыгарылып алынган акча каражаттары кийинчерээк ошол банкта кредиттик карттарды чыгаруу жана жайылтуу келишиминин шарттарына ылайык ачылган, БФКУнун эсептешүү (ссудалык) эсебинен тейлеген банк тарабынан дебеттелет.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебин пайдалануусуз БФКУнун кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары жактырылган кредит суммасына БФКУ тарабынан кредиттик лимит ачуу саналат. 

Кредитти нак эмес формада чегерүү жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардары ортосунда кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат.»; 

 

- 36-пунктундагы «терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 40-пунктунун: 

- 1-пунктчасындагы «келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса» деген сөздөр «же БФКУ келишимде каралган карттарды чыгаруу жана аларды андан ары жайылтуу шарттарын сактабаса» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Картты тейлөө токтотулган учурда эмитент/БФКУ ал тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучуга маалымдоого тийиш.»; 

 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Эмитентке/БФКУга билдирүү жана карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоготулган же уурдалган банктык картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»;  

 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Эмитент төмөнкү учурларда банктык карт ээлери жана БФКУ алдында жоопкерчилик тартпайт»: 

- эгерде карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу алар ортосунда түзүлгөн келишимде каралган картты жана ПИН-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе; 

- карт ээси/БФКУ/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иштерге жол берилген учурда. 

Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу менен талаш жагдайлар келип чыккан учурда БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча банк-эмитент БФКУнун макулдугу боюнча өз кардарына, анын ичинде төлөм системасынын процессинг борборунан ошол карт аркылуу ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция операцияларына таркатылбайт.»; 

 

- Жобого карата 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата  

3-тиркеме 

 

 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Банктын аталышы: ____________________________________ 

Банктын ИНН: _____________________________________________ 

Банктын ИУЖК: ____________________________________________ 

20__-жылдын «___» __________ карата абал боюнча 

 

№ 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID 

Жабдуунун аралыкта жайгашкан орду 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы 

Валютасы 

Пайдалануу мезгил аралыгы 

Жайгашкан орду 

Областы 

Району 

Айыл аймагы 

Шаар/шаар тибиндеги кыштак / айыл 

Көчөсү  

10 

11 

12 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү

 

Кол тамгасынын чечмелениши 

 

 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри боюнча отчетту толтуруу эрежеси 

 

1. Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм карты аркылуу, ошондой эле төлөм картын пайдалануусуз (cash-in терминалдар) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

2. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү» деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, POS-терминал-нак акча берүүчү пункту, cash-in-терминал, cash out банкомат, cash out + cash-in банкомат, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта жайгаштырылган жабдуу. 

3. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID» деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине ылайык жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.  

4. «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (терминал-соода-тейлөө ишканалары, уюм ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт.  

5. «Областы» деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт. 

6. «Району» деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт. 

7. «Айыл аймагы» деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт. 

8. «Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл» деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык шаардын, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт. 

9. «Көчөсү» деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы чагылдырылат. Эгерде жабдуулар так дарекке ээ эмес жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы көрсөтүлөт.  

10. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы» деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейлеген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay ж.б.). 

11. «Валютасы» деген 11-тилкеде ошол жабдуу аркылуу берилүүчү же кабыл алынуучу валютанын коду (KGS, USD, EUR ж.б.) көрсөтүлөт. 

12. «Пайдалануу мезгил аралыгы» деген 12-тилкеде ошол жабдуудан пайдалануу убактысы/мезгил аралыгы көрсөтүлөт.  

Отчетко анда киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш (банктык жабдууну ачуу/жабуу жана которуштуруу).  

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Коммерциялык банктар ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

 

- «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата  

4-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.