Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери долбоору (мындан ары долбоор) аларды жүргүзүүнү стандартташтыруу жана төлөөчүлөргө бирдиктүү төлөм экосистемасын сунуштоо үчүн ар кандай төлөм системаларынын система аралык интеграцияланышы мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасында региондордо нак эмес төлөмдөрдүн жетишсиз деңгээлде жайылтылышы жана төлөм системалары чоң шаарларда гана орун алышы менен байланыштуу көйгөйлөр бар. Нак эмес төлөмдөрдүн жайылтылышынын деңгээли өзгөчө региондордо нак эмес төлөмдөр үчүн аралыкта орнотулган жабдуулардын көлөмүн көбөйтүү боюнча төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан олуттуу инвестицияларды салуу зарылчылыгы менен кармалып турууда. Мындай шарттарда QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө көмөктөшмөк, бирок ал үчүн, пайдалануучуларга ыңгайлуу болушу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай төлөм системаларынын система аралык интеграцияланышына мүмкүнчүлүк түзүү зарыл.  

Азыркы учурда ар кандай төлөм системаларынын катышуучулары өз мобилдик тиркемелерине QR-кодду/төлөм шилтемесин колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн киргизишти. Алардын кээ бири QR-код аркылуу каражаттарды которууга өбөлгө түзөт

Убакыттын өтүшү менен төлөм системаларынын катышуучулары өзүнүн ар бир төлөм системасына жеке QR-кодду түзөт. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө банктык төлөм карттар аркылуу төлөө үчүн, соода-тейлөө ишканаларынын кассаларында ар башка банктардын бир нече пос-терминалдарын орнотуу көйгөйү келип чыкпашы максатында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 18-СТ буйругу менен бекитилген финансылык төлөмдөрдү өткөрүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин улуттук стандарты иштелип чыккан.  

Ошентип, улуттук стандарт мобилдик жабдуулардын жардамы менен нак эмес төлөмдөрдүн өнүгүүсүнөн улам белгилүү болуп жаткан ар кандай жеке QR-коддорду колдонууга байланыштуу келип чыккан фрагменттерге жол бербөө үчүн зарыл, ал калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүн сунуштоого, ошондой эле кайсы болбосун төлөм кызмат көрсөтүүсүн пайдалануу үчүн система аралык интеграцияны камсыз кылуу жагында рыноктогу бардык катышуучулардын чыгашаларын төмөндөтүүгө багытталган.  

Жогоруда келтирилген проблемаларды чечүү максатында Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында QR-кодду колдонуу менен төлөм системасынын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдү өткөрүү тартибинин белгилениши каралган ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул долбоор бүткүл өлкө үчүн оң социалдык-экономикалык натыйжаларга ээ, анткени система аралык интеграцияны ишке ашыруу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүүгө жана нак эмес түрдө төлөмдөрдүн көлөмүнүн үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Мындай демилге региондо жашаган калкка нак эмес түрдө төлөмдөрдү өткөрүү үчүн шарт түзөрү болжолдонууда. 

Долбоор укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды чектеген ченемдерди камтыбайт, анткени долбоордун сунушталып жаткан ченемдеринин колдонууга киргизилиши төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдүн ордунун жабылышына кепилдик берүү маселелерине карата талаптарды күчөтүү аркылуу финансылык жана маалымат агымдарын контролдоону жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине карама-каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Бул долбоордун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражатты талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча маалымат 

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код)  

колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин жана төлөм шилтемелерин (мындан ары QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү жана которууларды (мындан ары-төлөмдөр), ошондой эле алар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилейт. 

2. Ушул эрежелер төлөөчүлөргө бирдиктүү төлөм системасын сунуштоо үчүн төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн жана ар башка төлөм системаларынын система аралык интеграцияланышы мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн, штрихкоддорду (QR-коддорду) стандартташтыруу максатында иштелип чыккан. 

3Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн  

QR-коддорду колдонушкан, төлөм системаларынын бардык катышуучуларына таркатылат. 

4.Эрежелер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамдарына жана төлөм системалары боюнча башка ченемдик укуктук актыларга, финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин КМС 1348:2019 улуттук стандарты (мындан ары улуттук стандарт), ошондой эле төлөм системалар үчүн EMV® QR-кодунун (EMV QRCPS Merchant-Presented Mode), 2017-жылдын июль айындагы 1.0 версиясы, NEQ эл аралык стандартына (мындан ары эл аралык стандарт) ылайык иштелип чыккан. 

5. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар 4-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана документтерде келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.  

Эрежелерде буга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

QR-код төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси; 

Төлөм шилтемеси төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому; 

Төлөм маалыматтары төлөм тууралуу толук маалыматтарды чагылдырган, белгилер топтому; 

Өз ара иш алып баруу оператору ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары- Улуттук банк) лицензиясына ээ, төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылган төлөм системасынын оператору; 

QR-коддорунун биллинги төлөмдөрдү өткөрүү жана андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө маалыматтарды даярдоо максатында QR-коддорду түзүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасы.  

6. Төлөм системаларынын катышуучулары QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өз алдынча же ушул эрежелердин талаптарына ылайык өз ара иш алып баруу оператору/операторлору аркылуу өткөрө алышат. 

7. Өз ара иш алып баруу операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм системасын, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүшүн камсыз кылуу үчүн өз ара интеграцияланууга жана иш алып барууга тийиш.  

8. Төлөм системасынын катышуучусу төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен өз алдынча, өз ара иш алып баруу операторуна туташуусуз өткөргөн учурда, QR-кодду колдонуу төлөм системаларынын катышуучусунун өзүнүн операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат, мында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө төлөм системаларынын катышуучусу жооптуу болот

9Төлөмдөр өз ара иш алып баруу операторунун/операторлорунун катышуусунда QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн учурда, QR-код төлөм системасынын катышуучусу туташкан өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык колдонулат.  

10. Эгерде төлөм төлөөчүдөн алуучунун пайдасына бир өз ара иш алып баруу операторунун алкагында өтсө, анда QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө өз ара иш алып баруу оператору жооптуу болот.  

11. Эгерде төлөм төлөөчүдөн алуучуга чейин бир нече өз ара иш алып баруу операторлору аркылуу өтсө, анда QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө төлөөчүнүн төлөм системасынын катышуучусу туташкан, өз ара иш алып баруу оператору жооптуу болот.  

 

2глава. Өз ара иш алып баруу оператору  

 

12Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга

ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг ишин кеминде 3 жылдан бери жүзөгө ашыруусу

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чарасы (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/желицезиянын аклагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук талаптарына ылайык QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын төлөм системаларына туташкан болууга; 

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын өз убагында түзүлүшүн жана QR-кодду колдонуу менен ал аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдүн кечиктирилбестен жана толук көлөмдө жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн алардын Улуттук банктын төлөм системаларына берилишин гарантиялоого; 

- төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыз кылуу жагында иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча колдонуудагы планы болууга; 

- Улуттук банктын төлөм системалары, ага туташкан төлөм системаларынын катышуучулары, өз ара иш алып баруунун башка операторлору менен билдирүүлөрдү берүүнүн негизги жана резервдик каналынын болушун камсыз кылуу; 

өз маалымат системаларына кеминде эки жылда бир жолу көз карандысыз тышкы финансылык аудит жана көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүп турууга; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү иштеп чыгууга; 

өткөн отчеттук жыл ичинде бүтүндөй Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада өткөрүлгөн бардык төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% иштеп чыгууга/багытын түзүүгө

13. Өз ара иш алып баруу операторунун функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төлөм системасынын оператору Улуттук банктан тиешелүү каттоодон өтүүгө тийиш. 

14. Каттоодон өтүү үчүн өз ара иш алып баруу оператору Улуттук банкка каттоо тууралуу өтүнүч кат жөнөтөт жана төмөнкүлөрдү камтыган документтер топтомун берет: 

өз ара иш алып баруу операторунун аталышын; 

ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясынын номерин

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

өз ара иш алып баруу операторунун маалымат агымдарынын жалпы схемасын, өз ишин жүзөгө ашырууда орун алышы ыктымал болгон финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдуктун уюштурулушун камтыган иштөө эрежелерин. 

15. Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилүүгө тийиш. 

16. Өз ара иш алып баруу операторунун каттоо тууралуу өтүнүч катын кароо мөөнөтү 15 календардык күндү түзөт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банктын талаптарына жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талабын канааттандырган документтерди алган күндөн тарта эсептеле баштайт. Эгерде документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе жана документтер толук эмес берилсе, алар жеткире иштелип чыгуу үчүн кайтарылып берилет. Өз ара иш алып баруу оператору сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Ушул Жобонун талаптарына жооп бербеген же толук эмес документтер экиден көп жолу сунушталган учурда Улуттук банк өз ара иш алып баруу операторун каттоодон баш тартууга укуктуу.  

17. Каттоо тууралуу чечим кабыл алынган учурда Улуттук банк өз ара иш алып баруу операторуна каттоо номерин ыйгарып, маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине киргизет жана чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө каттоодон өткөндүгү тууралуу катты өз ара иш алып баруу операторуна жөнөтөт.  

18. Өз ара иш алып баруу оператору тарабынан Улуттук банкка берилген документтер кайтарылбайт.  

19. Эгерде төлөм системасынын оператору өз ара иш алып баруу оператору катары катталган болсо жана ишин төлөм уюмунун ишине айкалыштырып аткарса, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен тике келишим түзгөн болсо, анда өз ара иш алып баруу оператору товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өзүнчө атайын эсеп ачууга тийиш.  

20. Өз ара иш алып баруу оператору QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн өздүк операциялык эрежелерин (мындан ары операциялык эрежелер) жана улуттук стандарт талаптарын, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен техникалык регламентти иштеп чыгат.  

21. Ар башка төлөм системаларынын система аралык интеграциясын камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын катышуучулары өз ара иш алып баруу оператору менен QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү боюнча келишим түзүшөт.  

22. Өз ара иш алып баруу оператору менен төлөм системасынын катышуучусунун ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкү милдеттүү шарттар камтылууга тийиш: 

- QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүдө коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду колдонуу, лимиттер); 

- тараптардын ишинин токтоп калышына (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б) байланыштуу жагдайлар, система менен иштөөдө штаттан тышкаркы жагдайлар, ошондой эле форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын милдеттенмелерди аткаруу боюнча жоопкерчилиги;  

- системага кирүү укугун жана милдеттерди бөлүштүрүү

- доо иштерин жүргүзүүдө, системада иштөө учурунда тараптардын жоопкерчилиги; 

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү

- коопсуздук жол-жобосу же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

- улуттук стандарттын жана ушул Эрежелердин талаптарын сактоо; 

- төлөм системасынын катышуучусунун өз ара иш алып баруу операторунун эрежелерине кошулуусу; 

- талаш маселелерди кароо тартиби; 

- келишимди бузуу тартиби. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. 

23. Өз ара иш алып баруу оператору менен төлөм системасынын катышуучусу өткөрүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтын купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү

24Өз ара иш алып баруу оператору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык маалымат агымынын багытына жана сакталышына жооп берет.  

25. Төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда маалымат алмашуу иши өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. 

 

3-глава. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү  

өткөрүү процессинин негизги этабы 

 

26. Төлөм системасынын катышуучусун өз ара иш алып баруу операторуна туташтыруу, оператордун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.  

27. Өз ара иш алып баруу операторлорунун бири-бирине туташуусу, алардын өз ара иш алып баруусу жана интеграциялануусу алардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

28. Кандай гана туташуу болгон учурда QR-коддун жана төлөм шилтемесинин колдонулушу улуттук жана эл аралык стандарттардын талаптарына толугу менен ылайык келиши зарыл. 

29. QR-коддун жардамы менен төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда QR-кодду колдоо төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат жана ал дагы улуттук стандарттын талаптарына жооп берүүгө тийиш.  

30. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төмөнкүдөй ырааттуу иш-аракеттер аткарылат: 

1) төлөмдү алуучу тарабынан QR-код түзүлөт; 

2) төлөөчү техникалык жабдуулар (смартфон же башкалар) аркылуу түзүлгөн  

QR-кодду сканерден өткөрөт/төлөм шилтемеси боюнча өткөрүүнү ишке ашырат; 

3) төлөөчү төлөм системаларынын катышуучусу тарабынан автоматтык түрдө сунушталган, төлөм реквизиттерин карап чыгат; 

4) төлөөчү зарылчылыкка жараша төлөмдүн суммасын же реквизиттерин көрсөтөт;  

5) төлөөчү төлөмдү аткарууга жиберүү менен аны тастыктайт;  

6) төлөөчү жана төлөмдү алуучу төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү алышат; 

7) төлөм системаларынын катышуучусу же өз ара иш алып баруу оператору, эгерде ага төлөм системаларынын катышуучусу туташтырылса, QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзөт

31. Төлөм системаларынын катышуучулары төлөөчүнүн жана төлөмдү акыркы алуучунун техникалык жабдууларына (смартфон же башка) төлөм өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү жөнөтүлүшүн камсыз кылуулары тийиш. Эгерде төлөмдү акыркы алуучуда техникалык жабдуу жок болсо, төлөм системасынын катышуучусу төлөм өткөрүлгөндүгү тууралуу тастыктоону алуу үчүн интерфейс (тиркеме, сайт, чатбот же эл. почта) сунуштоосу зарыл.  

32. «32» тилкенин ичиндеги «00» идентификатору ар бир QR-коддо төлөмдү өткөрүү үчүн катышууга тийиш. Ушул идентификаторлор төлөм системаларынын катышуучусун идентификациялоо жана андан ары QR-коддордун акыркы биллингине чейин багытын түзүү үчүн колдонулат.  

33. QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү төлөм системасынын катышуучусу же өз ара иш алып баруу оператору тарабынан, эгерде ага төлөм системасынын катышуучусу туташкан болсо, өз операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынууга тийиш. 

 

4-глава. Төлөм системаларынын катышуучусунун идентификаторлору 

 

34. Идентификатор ушул эрежелерге, ошондой эле улуттук стандарттын талаптарына ылайык, эгерде ага төлөм системаларынын катышуучусу туташтырылган болсо, төлөм системаларынын катышуучусун же өз ара иш алып баруу операторун аныктайт. 

35. «32» тилкенин ичиндеги «00» идентификатор ар бир QR-коддо төлөмдү өткөрүү үчүн катышууга тийиш. Ушул идентификаторлор төлөм системаларынын катышуучусун идентификациялоо жана төлөм системаларынын катышуучусунун  

QR-коддордун акыркы биллингине чейин багытын түзүү үчүн колдонулат

36. Техникалык өз ара иш алып баруу өз ара иш алып баруу операторлорунун ортосунда бекитилген тиешелүү протоколго ылайык жүзөгө ашырылат

37. Өз ара иш алып баруу операторун колдонгон учурда өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттүү тилкелерди (төлөм процессинде динамикалык сыяктуу эле, системага катышуучуну киргизген учурда статикалык да), ошондой эле кошумча тилкелерди төмөнкүлөрдү салыштырып текшерүү үчүн берилишин уюштуруу зарыл: 

- жөнөтүүчүнүн банктык идентификациялык кодун; 

- жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебин; 

- алуучунун банктык идентификациялык кодун; 

- алуучунун эсептешүү эсебин; 

- кошумча тилкелерди

 

5-глава. Төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен өткөрүү процессинин катышуучуларына карата талаптар  

 

38. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төлөм системаларынын катышуучуларынын ички системалары улуттук стандарттын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. 

39. Төлөм системасынын катышуучусу QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана төлөө үчүн QR-кодду сканерден өткөрүү жана төлөм шилтемеси боюнча өткөрүү, өткөрүлгөн төлөмдөр тууралуу билдирүүлөрдү алуу, ошондой эле төлөм QR-кодун түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

40. Төлөм системасынын катышуучусу QR-коддон окула турган төлөм маалыматынын иштелип чыгышын жана анын өз ара иш алып баруу операторуна же төлөмдү алуучуга багытталышын, ошондой эле өткөрүлүп жаткан төлөмдү текшерүү үчүн төлөм жөнүндө маалыматтын берилишин жана чагылдырылышын камсыз кылууга тийиш. Төлөм жокко чыгарылган учурда акча каражаттардын төлөөчүгө кайтарылып берилиши мүмкүнчүлүгү да камсыз кылынуусу зарыл

41. Төлөм системаларынын катышуучулары өз маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди же жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

  

6-глава. Корутунду жоболор 

 

42. Төлөм системаларынын катышуучулары келишим шарттарынын аткарылышын, операциялардын ишке ашырылышынын коопсуздугун жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин сакталышын контролдоого тийиш.  

43. Төлөм системаларынын катышуучулары тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөргө мониторинг жүргүзүп, ошондой эле ушундай төлөмдөр боюнча ката же укукка жатпаган операцияларды токтотуу жана/же жол бербөө үчүн иш-чараларды жүзөгө ашыруулары тийиш. 

44. Төлөм системасынын катышуучулары ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер регламентте жана операциялык эрежелерде көрсөтүлүүгө жана келишимдерде системанын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.  

45. Банктык төлөм карттарынын, электрондук акчанын, ошондой эле аралыктан банктык тейлөөнүн алкагында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн өткөрүлүшү улуттук стандарттын жана эрежелердин талаптарына дал келүүсү зарыл. 

 

Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү өткөрүү  

эрежелерине карата тиркеме  

 

Берилүүчү маалыматтардын  

ТҮЗҮМҮ 

 

Стандарттын иерархиясы эл аралык сыяктуу эле, жергиликтүү төлөм системаларын да стандартташтырууга жана алардын операциялык шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 

 

Ушул спецификациянын алкагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонулган QR-код төлөм шилтемесин камтыйт, ал URI (Uniform Resource Identifier (ресурстун унификацияланган идентификатору)) дегенди түшүндүрөт жана төмөнкүдөй түрлөрү бар:  

схема:// провайдердин _төлөмдөрдүн _ хосту #фрагмент, мында:  

- схеманын мурдагыдай эле аталышы https камтыйт; 

- төлөмдөрдүн провайдеринин хостунун аталышы pay.connect.kgөлөмдөрдүн  

провайдеринин хостунун аталышы ар кандай болушу мүмкүн) камтыйт, бирок бардык катышуучулар тарабынан бирдиктүү колдоо көрсөтүү үчүн бекитилген бир доменди колдонуу зарыл; 

- фрагмент төлөмдүн толук маалыматын камтыйт.

 

Төлөм QR-кодунун өзгөчөлүгү  

 

Киришүү 

Төлөм QR-кодунун өзгөчөлүгү рынокто QR-код боюнча төлөмдөрдү өткөрүү чечимдеринин операциялык жактан жана өз ара шайкештигин камсыз кылуу максатында төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өз ара алмашууну стандартташтырууга багытталган. Мында негиз катары «EMV QR Code Specification for Payment Systems Merchant-Present Mode Requirements» QR-кодунун стандарты алынган. 

 

Кыскартуулар жана белгилөөлөр 

QR код  

(англ. Quick Response Code  ыкчам чара көрүү коду) ал байланышкан объект тууралуу маалыматты камтыган машина аркылуу окулуучу оптикалык белги 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жана/же сунуштоочу  

сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн кардардын акча каражаттарын алуучу юридикалык адам же жеке ишкер (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) 

Маалымат системасы же МС 

кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун төлөмдөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана эсепке алуу үчүн автоматташтырылган системасы  

Төлөм шлюзу 

акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына төлөмдөрдү өткөрүү үчүн аппараттык-программалык комплекс (түзүлгөн келишимдердин алкагында) 

 

Иштин принцибин чагылдыруу 

Ушул спецификациянын алкагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонулган QR-код төлөм шилтемесин камтыйт, ал URI дегенди түшүндүрөт жана төмөнкүдөй түрлөрү бар:  

схема://төлөмдөр провайдеринин _ хосту #фрагмент, мында:  

- схеманын мурдагыдай эле аталышы https камтыйт (схеманын аталышы ар кандай болушу мүмкүн); 

төлөмдөр провайдеринин хостунун аталышы pay.connect.kgөлөмдөр провайдеринин хостунун аталышы ар кандай болушу мүмкүн) камтыйт; 

фрагмент төлөмдүн толук маалыматын камтыйт. 

 

URI фрагментинин  

маалыматтарынын түзүмү төлөм боюнча толук маалымат 

Төлөм боюнча толук маалымат объекттердин ырааттуулугу боюнча түзүлгөн. Объектте идентификатор (ID), узундук жана маалыматтар камтылган: 

ID “00”дөн “99”га чейинки диапазондо эки сандан турган код менен белгиленген;  

узундугу да «01»ден «99»га чейинки диапазондо эки сандан турган код менен белгиленген; 

- маалыматтар символдордун ырааттуулугу менен сунушталган, минималдуу ырааттуулук бир символго, максималдуусу 99 символго барабар.  

Төлөмдүн толук маалыматы тарам сыяктуу түзүмгө ээ. Башынан тартып маалыматтар жөнөкөй объекттерди (элементтерди) же шаблондорду камтышы мүмкүн, ал эми шаблондор өзүнө башка шаблондорду же жөнөкөй объекттерди камтышы мүмкүн. 

Мисалы: 

- баштапкы объект; 

жөнөкөй объект;  

- шаблон; 

- жөнөкөй объект; 

- шаблон. 

 

Объекттер 

Төлөмдүн толук маалыматында милдеттүү түрдө камтылууга тийиш болгон объекттер «М» символу менен белгиленген, эгерде коддо объектинин бар болушу кээ бир шарттардан көз каранды болсо, мындай объекттер «С» символу менен белгиленет, бардык милдеттүү эмес объекттер «O» символу менен белгиленген.  

 

ID идентификатору 

Идентификаторго «00»дөн «99»га чейинки диапазондо эки сан менен код коюлат.  

 

Узундугу 

«01»ден «99»га чейинки диапазондо эки сан менен берилип, маалыматтар тилкесинин узундугуна барабар болууга тийиш.  

 

Маалыматтар 

Маалыматтар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:  

сан түрүндө (N);  

- символдордун чектелген топтому менен алфавит-сан түрүндө (ans); 

- сап түрүндө (S). Сан түрүндө маалыматтар символдордун чектелген топтому менен алфавит-сан түрүндө, ал эми алфавит-сан түрүндө символдор сап түрүндө берилет.  

 

Маалыматтарды уюштуруу 

Төлөмдүн толук маалыматын түзүү үчүн маалыматтар «00» идентификатору менен баштапкы элементтен башталууга жана «63» идентификаторундагы элемент менен бүтүүгө тийиш. 

 

Колдонулган символдор 

Эгерде, фрагментте ASCII кодировкасынын чегинен чыккан символдор колдонулса, атап айтканда:  

«:», «/», «?», «#», «[«, »]», «@», «!», «$», «&», "'", " ", «(«, »)», «*», «+», ",", ";", «=», ALPHA, DIGIT, HEXDIG, «-», «.», «_», «~», мында:  

ALPHA ASCII кодировкасынын жогорку жана төмөнкү регистрлеринин кайсы болбосун тамгасы (regExp [A-Za-z]); 

- DIGIT кайсы болбосун сан (regExp [0-9]); 

- HEXDIG он алтылык сан (regExp [0-9A-F]) «Пайыздык кодировкалоо» механизми колдонулат. Жогоруда келтирилген символдор пайыздык кодировкалоодо катышпайт. Пайыздык-коддолгон символ «%» белгисинен жана андан кийинки эки он алты сандардан турган символдук триплеттен турат:  

Мында, %20, мисалы, боштук дегенди түшүндүрөт.  

 

 

 

Баштапкы элементтер 

Баштапкы объекттердин тизмеги:  

Аталышы 

ID 

Формат 

Узундугу 

Белгиси  

Комментарий  

Стандарттын версиясы 

00 

«02» 

М 

 

Төлөм шилтемесинин тиби  

01 

«02» 

М 

 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу, кызмат көрсөтүү ж.б.у.с. тууралуу маалымат  

02 51 

ans 

«99»га чейин 

 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун МСС коду 

52 

«04» 

 

Валютанын коду  

53 

«03» 

ыңгайына жараша 417  

Төлөм суммасы  

54 

«13»кө чейин 

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы (латын тамгалары менен) 

59 

ans 

«25»ке чейин 

 

Маалыматтардын контролдук суммасы  

63 

ans 

«04» 

 

 

ID «00» Стандарттын версиясы объект милдеттүү болуп саналат 

Бул тилке биринчи болууга жана «01» маанисин камтууга тийиш.  

 

ID «01» Төлөм шилтемесинин тиби объект милдеттүү болуп саналат 

Эгерде бар болсо, төмөнкү маанини камтууга тийиш:  

11 эгерде төлөмдүн толук маалыматтары бирден көп транзакцияны ишке ашыруу үчүн колдонулса, статикалык коддор, көбүнесе сумманы сатып алуучу өзү киргизе алган төлөө менен, мисалы таксиде, көчө соодасында жана сатып алуучуларды жогорку эмес тездикте тейлөө менен башка түйүндөрдө колдонуу үчүн статикалык коддор;  

12 эгерде ар бир транзакция үчүн интернет-дүкөндөрдө, коомдук тамактануу жайларында колдонулушу мүмкүн болгон төлөмдүн жаңы маалыматтары, төлөмдүн динамикалык маалыматтары зарыл болсо.  

 

IDs «02» до «51» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү, кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тууралуу маалымат объект милдеттүү болуп саналат 

Тилкенин түзүмү төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматтын үлгүсүнүн элементтерин камтыйт.  

Көрсөтүү үчүн милдеттүү болуп саналган «32» идентификатору менен элемент Төлөм шлюзунда кызмат көрсөтүүнүн кодун, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун системасындагы кызмат көрсөтүүнүн чегинде төлөөчүнүн идентификаторун камтыйт (телефон номери, буйрутманын номери, келишимдин номери ж.б.у.с.)  

«35»тен «39»га чейин идентификатору менен элементтер төлөмдүн кошумча тилкелеринин топтомун камтыйт.  

 

 

ID «32» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат менен объект, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык сунуштоочулары үчүн объект милдеттүү болуп саналат 

 

Аталышы 

ID 

Формат 

Узундугу 

Белгиси 

Комментарий 

Уникалдуу идентификатор 

00 

ans 

до «32» 

Объектте connect.kg камтылган 

Төлөм тармагынын өзгөчөлүгү 

01 

6дан 10го чейин 

M  

Төлөм шлюзундагы кызмат көрсөтүүнүн коду  

Төлөөчүнүн кызмат көрсөтүүлөрдүн чегиндеги уникалдуу идентификатору 

10 

32ге чейин 

O  

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасында кызмат көрсөтүүнүн чегинде төлөөчүнүн уникалдуу идентификатору  

Транзакциянын идентификатору  

11 

32ге чейин 

 

Сунуштоочунун маалымат системасында транзакциянын идентификатору  

Төлөөгө сумманы редакциялоо мүмкүнчүлүгү  

12 

N  

2  

C  

11 төлөөчүгө 54-объектте өткөрүп берилген сумманы өзгөртүүгө уруксат берүү.  

12 төлөөчүгө 54-объектте өткөрүп берилген сумманы өзгөртүүгө уруксат бербөө.  

Төлөөчүгө сумманы редакциялоо уруксат берилген.  

Сумманы редакциялоонун артыкчылыктуу мүмкүнчүлүгү болуп кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарабынан көрсөтүлгөн опция саналат.  

Төлөөчүнүн төлөөгө карата идентификаторун редакциялоо мүмкүнчүлүгү (ID - 10)  

13 

N  

2  

C  

11 төлөөчүгө 10-объектте өткөрүп берилген маанини өзгөртүүгө уруксат берүү.  

12 төлөөчүгө 10-объектте өткөрүп берилген маанини өзгөртүүгө уруксат бербөө. Өз ыңгайына жараша төлөөчүгө редакциялоо уруксат берилген.  

 

Эгерде «10»-объект бош жана «13» объект 12 барабар болсо, анда төлөөчүнүн уникалдуу идентификаторун чагылдыруу тилкесин жашыруу зарыл

 

ID «33» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат менен объект, кызмат көрсөтүүнү бардык сунуштоочулары үчүн объект милдеттүү (резервдик) болуп саналбайт 

 

IDs «35»-»39» Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун тилкелери менен объект. Объект милдеттүү болуп саналбайт 

Ырааттуулукту камтыйт, «00» идентификаторунан башталат жана «99» идентификатору менен аяктайт. Эгерде кошумча тилкелердин керектүү саны биринчи объектиге батпай жатса, катар боюнча кийинкини («35», «36», … «39») колдонуу зарыл.  

Ар бир кошумча тилкенин мааниси уникалдуу бөлүштүрүүчү менен төмөнкү форматтагы сапты камтыйт «:»: 

Аталышы 

Комментарий 

key 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасындагы тилкенин идентификатору  

label 

Тилкенин аталышы 

value 

Тилкенин мааниси 

title 

Колдонуучуга чагылдырылуучу тилкенин мааниси  

visible_state 

«11» колдонуучуга чагылдырылат;  

«12» колдонуучуга чагылдырылбайт  

 

«visible_state» белгиси колдонуучуга аталган тилкени интерфейсте чагылдыруу керекпи дегенди көрсөтөт. Эрежедегидей эле, кошумча тилкенин маалыматтары колдонулуп жаткан Төлөм шлюзуна анын өз ара аракеттенүү протоколуна ылайык жөнөтүү зарыл. 

Эгерде «visible_state» «11» белгисине ээ, «value» тилкеси толтурулса, анда интерфейсте маанини «title» тилкесинен чыгарып салуу зарыл. 

 

ID «52» MCC кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун коду 

объект милдеттүү болуп саналат 

Банк карты менен операцияларды ишке ашырууда сатуучунун категориясын аныктаган 4 орундуу кодду камтыйт. MCC боюнча финансылык операциянын категориясы аныкталат. Тилкеде «0»дөн «9»га чейинки сан камтылган. MCC коддор ISO 18245 аныкталган. 

 

ID «53» Валютанын коду объект милдеттүү болуп саналат 

Валютанын коду (ISO 4217) жана ал валютанын 3 орундуу кодун камтууга тийиш. Ыңгайына жараша 417 кыргыз сомун колдонуу зарыл.  

 

ID “54” Төлөм суммасы объект милдеттүү эмес,  

шарттуу болуп саналат. 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу тарабынан төлөмдүн толук маалыматын түзүүдө колдонулат. 

Эгерде болгон болсо, анда нөлдөн айырмаланган маанини камтууга тийиш. Тилке “0”дөн “9”га чейинки сандарды камтыйт жана тыйындарда көрсөтүлөт.  

Эгерде тилке жок болсо, анда сатып алуучу тиркемеде ал кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга төлөй турган сумманы көрсөтүүгө тийиш.  

 

ID “59” Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы  

объект милдеттүү болуп саналат 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу тарабынан төлөмдүн толук маалыматтарын топтоштурууда колдонулат. Тилкеде латын тамгалары менен сатуучунун (кызмат көрсөтүүнү өндүрүүчүнүн) аталышы камтылган. 

 

ID «63» - Контролдук сумма объект милдеттүү болуп саналат 

Маалыматтардын контролдук суммасы төлөмдүн толук маалыматында көрсөтүлгөн маалыматтардын бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулат.  

Түзүү алгоритми:  

1. 63-объектиге чейин төлөмдүн толук маалыматтарынын бардык мааниси (ID “00” “90”, ID 63 кошпогондо) бир сапка өзгөртүп түзүлөт.  

2. Маалыматтар сабы UTF-8 кодировкасы менен байт массивине которулат.  

3. SHA256 алгоритмин колдонуу менен массив хеши эсептеп чыгарылат.  

4. Байт массиви сапка өзгөртүп түзүлөт.  

5. Бардык «-» символдору өчүрүлөт, эгерде алар болсо.  

6. Саптан акыркы 4 символ алынат. 

 

Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн төлөм шилтемесинен маалыматтарды пайдалануу 

Динамикалык төлөм шилтемесин түзүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу тарабынан төлөмдүн тоулк маалыматтарын туура иштеп чыгуу үчүн Төлөм шлюзунда кызмат көрсөтүүнүн кодун колдонуу зарыл.  

 

Төлөм шилтемесин кошумча пайдалануу 

QR-кодду түзүү үчүн колдонулган төлөм шилтемеси төлөөчүлөргө кошумча төмөнкү ыкмалар менен өткөрүп берилет:  

1. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун сайтында (мобилдик тиркеме) түзүү (анын ичинде URI-кнопка түрүндө).  

2. Тиркемеде Push-билдирүү.  

3. SMS.  

4. Мессенджерлер (анын ичинде URI-кнопка түрүндө).  

5. E-mail.  

6. Аталган технологияны колдоого алган түзүлүштөрдүн ортосунда маалыматтар менен алмашууну камсыз кылган NFC технологиясы (мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун смартфонунда тиркеме менен төлөөчүнүн смартфонуна өткөрүп берүү же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пассивдик NFC-белгисинде жазылган, төлөөчүнүн смартфону аркылуу URI эсептөө.  

7. Ж.б.у.с.  

 

Эсептик агенттин төлөмдөрүн жүргүзүү  

пункттары үчүн кошумча маалымат 

1. Мобилдик төлөм тиркемелерде (бардык операциялык системаларда) тиркемени автоматтык түрдө ишке киргизүү үчүн https://pay.connect.kg домени менен байланышты жөнгө салуу зарыл. 

2. Ушундай эле байланышты мобилдик төлөм тиркемеси менен тиркеме ээсинин жеке сайтынын ортосунда ишке ашыруу сунушталат (колдонуучуга тиркемеде баракчаны ачууну же тиркемени орнотууну сунуш кылуу үчүн).  

3. URI боюнча өтүүгө боло турган мобилдик төлөм тиркемеси жана башка төлөмдөрдү жүргүзүү пункттары (мисалы, интернет-банкинг) QR-коддун (төлөм шилтемесинин) фрагменттик бөлүгүн иштеп чыгууга даяр болууга тийиш.  

4. Төлөм жүргүзүүнүн бардык стадияларында төлөмдөрдү жүргүзүү пункттарында тандап алынган (анын ичинде төлөм шилтемесин автоматтык түрдө колдонуу менен) иш-аракеттердин бардыгы төлөөчүгө көрсөтүлүүгө тийиш:  

кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы; 

- протокол кызматтарынын Параметрлер талабында чагылдырылган өздүк эсеп; 

- кошумча тилкелер; 

сумма