Долбоор 

 

 

 

 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл  

болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартиби (кошо тиркелет) бекитилсин. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

-  токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл 

болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартиби Улуттук банктын Көзөмөл комитетинин 2009-жылдын 14-апрелиндеги №5/2 токтому менен бекитилген. Долбоор Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөрүнө укуктук ченемдик акты статусун берүү максатында иштелип чыккан. 

Тартип, операциялык тобокелдиктерди эффективдүү тескөө максатында, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарды кошо алганда, коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары-банктар) операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эсептөө ыкмасын аныктайт.  

 

2. Сүрөттөмө бөлүгү 

Сунушталган долбоорго ылайык банктар операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн керектүү капиталдын көлөмүн Базель II эл аралык стандарттарынын алкагында базалык индикативдик ыкма боюнча эсептөөсү каралган. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн керектүү капиталдын көлөмү суммардык капиталдын шайкештик коэффициентинин (К 2.1) эсептөө формуласына кирет. 

Базалык индикативдик ыкма операциялык тобокелдиктин деңгээли банк ишинин масштабдарына түздөн-түз көз каранды болгондугун болжолдойт жана банк үчүн тобокелдиктин бирдиктүү индикатору болуп саналат, ошону менен бирге банктын таза кирешесин колдонууну түшүндүрөт. 

 

3. Мүмкүн болуучу коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, корупциялык таасирлер божомолдору 

Долбоорду кабыл алуу коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс таасирлерди алып келбейт. 

  

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Долбоор боюнча маалыматтар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат   

Бул долбоордун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт.  

  

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат   

Сунушталган долбоорго жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат иштелип чыгат.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын ______ №________ токтомуна карата тиркеме 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартиби  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Тартип, операциялык тобокелдиктерди эффективдүү тескөө максатында, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарды кошо алганда, коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары-банктар) операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эсептөө ыкмасын аныктайт.  

2. Операциялык тобокелдик банктын операцияларында же анын туундуу компанияларында тышкы жагдайлардан, персоналдын катасынан, алдамчылыктан улам келип чыккан үзгүлтүктөрдүн, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун жана контролго алуу системасынын бузулушунун натыйжасында банк кабылган тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.  

 

2-глава. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн каралган капиталды базалык индикативдик ыкма боюнча эсептөө 

 

3. Банктар операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн базалык индикативдик ыкма боюнча эсептөөсү зарыл. 

4. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталөлчөмү банктын суммардык капиталынын шайкештик эсебине кошулат. 

5. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталөлчөмү Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун маалыматтарынын негизинде эсептелет. 

6. Базалык индикативдик ыкма операциялык тобокелдик деңгээлинин банк ишинин масштабдарына түздөн-түз көз карандылыгын болжолдойт жана банк үчүн тобокелдиктин бирдиктүү индикатору болуп саналган, банктын таза кирешесин колдонууну түшүндүрөт. Мында контролдоонун ички жол жоболору, иштин ар кандай багыты боюнча тобокелдикке дуушарлануусу да эске алынбайт.  

7. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмү акыркы үч жыл үчүн орточо жылдык таза кирешени альфа (б) деп белгиленген коэффициентке көбөйтүү жолу менен эсептелинет.  

8. Таза киреше таза пайыздык кирешенин жана таза пайыздык эмес кирешенин суммасы катары аныкталат жана ссудалар боюнча жоготуулардын ордун жабууга каралган камды кармап калууга чейин эсептелинет. Ушул көрсөткүчтү эсептөөдө төмөнкүлөр алынып салынат: 

- банктын баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн кайсыл болбосун операциялардан чыгымдар; 

- бир жолку, кайталанбаган операциялардан киреше; 

- камсыздандыруудан алынган киреше. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн таза пайыздык киреше деп жайгаштыруу (каржылоо) операциялары боюнча алынган кирешелерден тартуу операциялары боюнча келтирилген чыгашаларды кармап калуу жолу менен эсептелинген кирешени түшүнүүгө болот. 

9. Таза пайыздык эмес киреше бардык пайыздык эмес кирешелерден бардык пайыздык эмес чыгашаларды алып салуу жолу менен эсептелинет. Пайыздык эмес таза кирешени эсептөөдө операциялык жана/же административдик чыгашалар кошулбайт.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын пайыздык эмес кирешелери/чыгашалары дегенден улам, жайгаштыруу/тартуу операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча алынган/келтирилген кирешелерди/чыгашаларды түшүнүүгө болот. Пайыздык  эмес таза кирешени эсептөөдө операциялык жана/же административдик чыгашалар, ошондой эле ижара/ижара мунтахия биттамлик келишимдери боюнча амортизациялык чыгашалар кошулбайт. 

10. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

 

КОР = [(ЧД1…n x б)]/n, 

мында: 

КОР базалык индикативдик ыкма чегинде операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү

ЧД өткөн үч жыл үчүн алынган ар жылдык оң таза киреше; 

n- өткөн үч жылдын ичинен таза киреше оң болгон жылдардын саны; 

б = 15%, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети тарабынан белгиленген камга коюу коэффициенти. 

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө мисалдары ушул тартиптин 1-тиркемесинде келтирилген.  

11. Ар жылдык таза киреше терс же нөл болгон кайсыл болбосун жыл үчүн көрсөткүчтөр орто маанини эсептөөдө алымдан алынып салынат, ал эми бөлүүчүдөн банк чыгым тарткан жылдардын саны алынат.  

12. Банктар зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн карап чыгууга жана бул тууралуу маалыматты банктардын каржылык отчеттуулуктун аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет кабыл алынгандан кийин банктын Директорлор кеңешине өз убагында берүүгө тийиш.  

13. Директорлор кеңеши операциялык тобокелдиктерди үзгүлтүксүз, талаптагыдай жана эффективдүү тескөө максатында банктын операциялык тобокелдиктерин тескөө боюнча саясатты ишке ашыруу процесси үчүн түздөн-түз контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү

 

3-глава. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө 

 

14. Банктардын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого жана 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык жүргүзүлөт.  

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эске алуу менен коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөө мисалы ушул тартиптин 2-тиркемесинде келтирилген.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

 

Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө 

 

 

1-мисал. 

 

Банктын 2016, 2017 жана 2018-жылдар үчүн таза кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 3 664 миң сомду, 3 574 миң сомду жана 8 616 миң сомду түзгөн. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн эсептөө төмөнкүчө келтирилген: 

 

К ОР = ((3 664 + 3 574 + 8 616) х 15%) / 3 = 792,7 миң сом  

 

Ошентип, банк тарабынан банктын операциялык тобокелдигинин ордун жабуусу үчүн 792,7 миң сом суммасында капитал каралуусу зарыл.  

 

2-мисал. 

 

Банктын таза кирешеси 2016-жылы 8 297 миң сомду, 2017-жылы 3 451 миң сомду түзсө, ал эми 2018-жылы банк чыгымдары 0,2 миң сом чегинде катталган. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн эсептөө төмөнкүчө келтирилген: 

 

К ОР = ((8 297 + 3 451) х 15%) / 2 = 881,1 миң сом 

 

Мисалдан көрүнүп тургандай, капиталды эсептөөгө тартиптин 12-пунктуна ылайык 2018-жыл үчүн көрсөткүч кошулган эмес. 

 

 

2-тиркеме 

 

 

Коммерциялык банктын капиталынын шайкештик коэффициентин  

эсептөө 

 

Мисал: 

 

Банктын таза суммардык капиталы 2500 миң сомду түзгөн. Тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган бардык активдердин суммасы 10 000 миң сом чегинде катталган. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү 792,7 миң сомду түзгөн (Базалык индикативдик ыкма боюнча эсептелинген). Тартиптин 15-пунктунда көрсөтүлгөн формуласына ылайык шайкештик коэффициентин эсептөө төмөнкүчө келтирилген:  

 

2 500 

К2.1 =  ____________________ *100 =15,1 

10 000 + 8.33 x 792,7 

 

Ошентип, операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эске алуу менен эсептелген капиталдын шайкештик коэффициенти 15,1% түзгөн.