Улуттук банк Башкармасынын   

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Улуттук банк тарабынан ПРБОну өркүндөтүү, ошондой эле коммерциялык банктардан алынган отчеттук маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуу процессин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) иштелип чыккан.  

Бул долбоорго ылайык, Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет: 

- 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчету жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна

Долбоордо адаттагы банктар үчүн ПРБОнун 29.В, 29.Г жана 36-бөлүктөрүнө, ошондой эле ПРБОнун ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банктар үчүн 24.В, 24.Г жана 28-бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган. 

1. Башка отчеттор менен шайкеш келтирүү максатында, адаттагы кадимки банктар үчүн ПРБОнун 29.В жана 29.Г бөлүктөрүндөгү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банктар үчүн ПРБОнун 24.В жана 24.Г бөлүктөрүндөгү резидент эместердин депозиттери резидент эмес юридикалык жактардын депозиттери, резидент эмес жеке адамдардын депозиттери жана резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери боюнча өзүнчө беренелерге бөлүштүрүлгөн. 

2. Финансы жана акча-кредит статистикасын өркүндөтүү максатында, адаттагы кадимки банктар үчүн ПРБОнун 36-бөлүгүнө жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн 28-бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, атап айтканда: 

· «Кассадагы жана банкоматтардагы нак акча каражаттары» көрсөткүчү төмөнкү көрсөткүчтөргө бөлүнөт: 

1. «Банкоматтардагы нак акча каражаттары»; 

2. «Кассадагы нак акча каражаттары»; 

3. «Филиалдардын кассаларындагы жана сактык кассаларындагы нак акча каражаттары»; 

4. «Терминалдардагы нак акча каражаттары». 

· Резидент эмес кардарлардын кредиттери жана резидент эмес кардарлардын депозиттери боюнча көрсөткүчтөр резидент эмес юридикалык жактардын кредиттери жана депозиттери, резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин кредиттери жана депозиттери көрсөткүчтөрүнө бөлүштүрүлгөн. 

· Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча өзүнчө топ кошулган, тактап айтканда валюталар боюнча позициялык эсеп бөлүнгөн. 

3. Адаттагы кадимки банктар үчүн ПРБОнун 36-бөлүгүндө банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча көрсөткүчтөрүнүн ичинен резидент эмес банктардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери жана резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча өзүнчө көрсөткүчтөрдө белгилеп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, резидент эмес кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча көрсөткүчтөр резидент эмес юридикалык жактардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери жана резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча өзүнчө көрсөткүчтөргө бөлүштүрүлгөн. 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

20 -жылдын ___ __________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин: 

- «Мезгилдин акырына карата эсептешүү жана депозиттер эсебиндеги каражаттар калдыгы» деген 29.В бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

» 

- «Бир мезгил ичинде кабыл алынган депозиттер» деген 29.Г бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

» 

- «Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет» деген 36-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

» 

 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

Жогорудагы токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесинин: 

- «Бир мезгилдин акырына карата кардарлардын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы» деген 24.В бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

» 

- «Бир мезгил ичинде кардарлардын эсептерине каражаттардын түшүүсү» деген 24.Г бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

» 

- «Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет» деген 28-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

».