«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

комиссиялык төлөмдөр маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармалыгынын долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык төлөмдөр маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор коммерциялык банктар тарабынан кредиттер берилүүдө комиссиялык жана башка төлөмдөрдүн тизмесинин жана деңгээлинин экономикалык максаттуулугун изилдөө үчүн түзүлгөн Улуттук банкынын жумушчу тобунун ишинин жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан.  

Долбоор банктар тарабынан кредиттерди берүүдө комиссиялык жана башка төлөмдөрдү коюууда адилеттүү ыкманы камсыз кылууга багытталган.  

 

2. Сүрөттөмө бөлүгү 

Жогоруда аталган жумушчу топтун ишинин алкагында кредиттер боюнча ар кандай аталыштагы чексиз комиссияларды камтыган тизме аныкталган. Мындан тышкары, бир нече банктарда, аларды көрсөтүүсүз негизги кызматты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болбогон операциялар үчүн комиссиялар белгиленген. Ошондой эле, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыктары, банктар кардарлардан комиссиялык төлөмдөр катары табияты айыпка туура келген төлөмдөрдү алуусун көрсөткөн.  

Өз кезегинде банктардын жогоруда көрсөтүлгөн ыкмалары жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү кредиттөө, зайымчыларга карата өнөктөштүк мамиле кылуу боюнча талаптарга туура келбейт жана белгилүү бир деңгээлде акыркылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат.  

Ошентип, долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- ипотекалык жана керектөө максаттарына, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында жеке адамдар жана жеке ишкерлер тарабынан алынган кредиттер боюнча, мындай кардарларга банк комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төөлөөсүз кредитти алуу ыкмасын жана кредитти төлөө формасын тандоо укугун берүү боюнча талапты; 

- комиссиялык жана башка төлөмдөргө талаптар;  

- бир эле операция үчүн проценттерди жана комиссияларды алууга тыюу салуу боюнча талапты; 

- кошумча төлөмдү (айыптык төлөм, туум) кардар кредиттик келишимдин талаптарына ылайык өз милдеттерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган үчүн гана алуу боюнча талапты; 

- жумушчу топтун ишинин алкагында банктар тарабынан берилген маалыматты эске алуу менен, колдонуудагы банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги актуалдаштырылган.  

Мындан тышкары, банктык тегерек столдордо бир нече жолу кардар тараптан кагаз түрүндөгү кредиттик келишимдин ар бир барагына кол коюуу боюнча талапты алып салуу тууралуу маселе көтөрүлүп келген. Ошого байланыштуу, бул талап алынып салынды, ошону менен бирге кредиттик келишим бардык тиркемелери менен кошо көктөлүп, ар бир бетине номер коюлуп, ага тараптардын кол тамгасы коюлгандан кийин, эгерде болгон болсо, мөөрү басылууга тийиш.  

Долбоорго ылайык Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилүүдө

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого.  

 

3. Мүмкүн болуучу коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, корупциялык таасирлер божомолдору 

Долбоорду кабыл алуу коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс таасирлерди алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча маалымат 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы 

Сунушталган токтомдун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган долбоордун кабыл алынышы кошумча каражат бөлүүнү талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуу ыкмасынын таасирин талдоо тууралуу маалымат 

Көрсөтүлгөн токтомдун долбоордун таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлөт.  

 

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «___»___________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын комиссиялык  

төлөмдөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 26-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кардардын кредит алуудан акысыз негизде баш тартууга укугу. Мындай учурларда банк кардардан билдирмени кароо үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу;»; 

төмөнкү мазмундагы алтынчы-онунчу абзацтар менен толукталсын: 

«Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө банк мындай кардарларга кредит алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет: 

- кредиттик каражаттарды комиссиялык төлөмдү жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз нак формада алуу; 

- кредиттик каражаттарды ссудалык/эсептешүүүндөлүк) эсептен алуу, аны тейлөө шарттары кредиттик келишимде же болбосо өзүнчө тиешелүү келишимде каралат. 

Мында кардар-жеке адамдар, анын ичинде жеке ишкерлер кредитти нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ. 

Комиссиялык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун банк, ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге берүүдө сунуштайт.»; 

- 30-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк карыз алуучу тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугунда таандыгы жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет.  

Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана баруу кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк карыз алуучунун мал-жандыгы бар экендигин анын малканасын, кой короосун жана булардын аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу күбөлөндүрөт. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди эгерде бар болсо сунуштоого тийиш.»; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Келечекте аны кайтаруу боюнча проблемалардын келип чыгышына жол бербөө максатында, кредиттик келишимди түзүүдө кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине жана/же милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. Банк карыз алуучу алган кредитти максаттуулугу боюнча колдонбогон фактыларын аныктаса, кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу.  

Карыз алуучу менен кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттин максатына жана карыз алуучунун иш багытына, карыз алуучу сунуштаган жана ал банк тарабынан текшерилген бизнес-планга, ошондой эле акча каражаттарынын болжолдуу жылышына көңүл буруу максатка ылайыктуу. Карызды төлөө графигинде, кеминде кредит берүү суммасы, ал боюнча пайыздык чен, берилген күнү, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш. Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аны түзүү каралбаган кредиттик продукттар боюнча (эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар, кредиттик линиялар ж.б.) карызды төлөө графиги талап кылынбайт.»; 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Кредиттик келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: 

- тараптардын аталыштары; 

- келишимдин аракеттенүү мезгили; 

- кредиттин негизги шарттары - суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоосу, жылдык эсептөөдө пайыздык чен, кредит сунуштоо формасы: нак (касса аркылуу) жана/же нак эмес формада (анын ичинде, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кардардын эсебине чегерүү аркылуу ж.б.); 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- кредит алуу ыкмасы; 

- кардар банкка кредитти толугу менен же анын бир бөлүгүн кайтаруу күнүнө чейинки 30 (отуз) календардык күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта айыптык санкцияларды төлөөсүз кайсыл болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабууга укугу. Мындай учурда көрсөтүлгөн шартта мөөнөт белгиленет жана ал мөөнөт (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) аяктаганга чейин карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн, мында банкка кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда билдирүү жиберилиши керек. Кошо жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусунун мөөнөтүнөн мурда төлөөсү анын катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана жол берилет; 

- кардар жөнүндө маалыматты кредиттик бюрого сунуштоо шарттары, ошондой эле кардарлар жөнүндө маалыматты мыйзам талаптарына ылайык башка учурларда колдонуу;  

- кайсы бир тарап тарабынан милдеттенмелерди бузууга жол бергендиги үчүн санкцияларды салуу, келишимди бузуу учурлары. 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана банктын макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.»; 

- 42-пунктунун: 

төмөнкү мазмундагы биринчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«Банк тарабынан коюлган комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- көрсөтүлүп жаткан кызмат карыз алуучу үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулукту түзүүгө тийиш; 

- көрсөтүлүп жаткан кызмат кредитти берүү боюнча негизги кызматтан өз алдынча жана көз карандысыз болууга тийиш; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбеш керек. 

Банкка ошол эле бир операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.  

Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн.»; 

үчүнчү абзацтагы «кредитти,» деген сөздөн кийин «комиссиялык жана башка төлөмдөр,» деген сөздөр кошулсун; 

- 46-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кагазга чыгарылган кредиттик келишим бардык тиркемелери менен кошо көктөлүп, ар бир бетине номер коюлуп, ага тараптардын кол тамгасы коюлгандан кийин, эгерде болгон болсо, мөөрү басылууга тийиш, же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыкталууга тийиш. Мында, көктөлүп, ар бир бетине номер коюлган кагаз жүзүндөгү кредиттик келишимде кардардын кол тамгасы бар болсо, ал кардардын кредиттик келишимдин бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын жана макулдашылгандыгын тастыктайт.»; 

- 2-тиркеменин жетинчи пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- «6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 6-тиркеме 

 

Банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ  

Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредит суммасы   

Келишимге ылайык көрсөтүлөт  

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 26-пунктунда каралган учурларда гана) 

Комиссия болгон шартта, банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздарда же нарктык туюндурулушунда көрсөтүлөт 

Ссудалык/эсептешүүүндөлүк) эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 41-пунктунун талаптарын эске алуу менен) 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча каражаттарын салуусу жана алуусу) 

Клиенттин өтүнүчү боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредитти реструктуризациялоо учурларын эске албаганда) 

Акча каражаттарын резервге коюу үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн)  

Банктан милдеттенмелерди алуу боюнча документтерди кайталап сунуштоо үчүн комиссиялык төлөм 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызматтар үчүн төлөө

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен ошол чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздар боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктирүү үчүн 

Банкта түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып калуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык, пайыздык катышта же нарктык туюндурулушунда чагылдырылат 

Кредит боюнча күрөөгө сунушталган депозит өз убагында толукталбагандыгы үчүн  

Максатына ылайык колдонуу боюнча милдетти бузуу үчүн 

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомун өз убагында кайтарбагандыгы үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга мүмкүн болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз убагында кайтарбаган учурларды эске албаганда)  

Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары 

Башка чыгашалар (төлөмдөр) 

 

__________________________________ 

_________ 

_______________ 

(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү

(кол тамга

үнү

__________________________________ 

_________ 

_______________ 

(банктын кардарынын аты-жөнү

(кол тамга

үнү

». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан коюлган комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- көрсөтүлүп жаткан кызмат карыз алуучу үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулукту түзүүгө тийиш; 

- көрсөтүлүп жаткан кызмат кредитти берүү боюнча негизги кызматтан өз алдынча жана көз карандысыз болууга тийиш; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбеш керек.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 18-пунктундагы «беш» деген сөз «үч» дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун: 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) кредиттик келишимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашууга карабастан, акы төлөө негизинде башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кошууга тыюу салынат. 

ФКУ тарабынан коюлган комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- көрсөтүлүп жаткан кызмат карыз алуучу үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулукту түзүүгө тийиш; 

- көрсөтүлүп жаткан кызмат кредитти берүү боюнча негизги кызматтан өз алдынча жана көз карандысыз болууга тийиш; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбеш керек. 

ФКУга ошол эле бир операцияны ишке ашыруу үчүн пайыздарды жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.  

ФКУ кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн.»; 

- 7-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик келишимде (лизинг келишиминде) карыз алуучу кайтаруу күнүнө чейинки отуз календардык күн мурда ФКУга бул тууралуу кат жүзүндө алдын ала маалымдаган шартта, анын айыптык санкцияларды (комиссиялык төлөмдөрдү жана башка төлөөлөрдү) төлөөсүз кайсыл болбосун убакта толугу менен же бөлүп төлөө менен кредиттин ордун мөөнөтүнүн мурда жабуу укугу каралууга тийиш;». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктундагы «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» деген сөздөр «Бузуулар жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жаза чарасын колдонуу тууралуу чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык Улуттук банктын бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.».