Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө коммерциялык банктарга карата минималдуу талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. Алсак, долбоордо арбитраждык валюта операцияларынын аныктамасын берүү жана тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча минималдуу талаптарды жана кредиттик чектин максималдуу өлчөмүн белгилөө менен мындай операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салуу сунушталат. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Долбоор бүгүнкү күндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында коммерциялык банктар арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча талаптары жок болгондугуна байланыштуу иштелип чыккан. 

Ушуга байланыштуу, коммерциялык банктар арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди кыскартуу максатында, төмөнкүлөргө карата минималдуу талаптарды белгилөө сунушталат: 

- ал аркылуу арбитраждык валюта операциялары жүргүзүлө турган соода эсебиндеги максималдуу суммага; 

- максималдуу жол берилген кредиттик чекке; 

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү эрежелери, шарттары жана тобокелдиктери менен таанышкандыгы тууралуу макулдук алууга;  

- соода эсебин ачууда келишимдерге; 

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүнү жөнгө салган ички ченемдик документтерди иштеп чыгууга; 

- жана башка талаптарга.Долбоорго ылайык Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилүүдө:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» токтому менен бекитилген нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» токтому менен бекитилген жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» токтому менен бекитилген жобого.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Долбоорду кабыл алуу коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс таасирлерди алып келбейт.  

  

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат.   

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган токтомдун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган долбоордун кабыл алынышы кошумча каражат бөлүүнү талап кылбайт.  

  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Көрсөтүлгөн токтомдун долбоордун таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлөт.  

Долбоор   

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «___»___________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

   

  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нусконун: 

- 11-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Арбитраждык валюталык операциялар бул эл аралык/локалдык валюта рынокторунда валюта курсунун айырмасынын эсебинен же белгилүү бир убакыт аралыгында валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн эсебинен пайда алуу максатында кийин кайтарым бүтүмгө (контрбүтүмгө) келишүү аркылуу валютаны сатып алууну (сатууну) айкалыштырган валюта операциясы.”. 

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- соода эсептери.»; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын: 

«15-2. Соода эсеби бул кардарлар арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүсү үчүн каралган эсеп. 

Банк кардар үчүн (жеке ишкер же юридикалык жак) банк тарабынан кошумча каржылоо сунуштоо менен же болбосо сунуштоосуз банктык эсеп келишиминде белгиленген көлөмдө арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү үчүн соода эсептерин ачууга укуктуу.  

Соода эсебине салынган аманаттын суммасы 100 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жогору болбоого тийиш. Банктын кошумча каржылоону сунуштоосуз соода эсебинин иштөө режиминин талаптарынын бири катары, эсепте тараптардын макулдашуусу боюнча банктык эсеп келишиминде белгиленген минималдуу акча каражаттар калдыгын колдоо саналат. 

Банк кардарга арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү үчүн валюта операциялары боюнча кошумча лимит белгилеген учурда, анын өлчөмү кардардын жогоруда көрсөтүлгөн банктык эсебиндеги өздүк акча каражаттарынын жалпы суммасынын 1ден 10 эседен жогору болбоого тийиш. Мында, кардардын соода эсебиндеги өздүк акча каражаттары келишилген валюта бүтүмдөрү боюнча чыгымдар келип чыккан шартта алардын ордун жабуу үчүн пайдаланылат. 

Мындан тышкары, кардарга эсеп ачууда банк арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү эрежелерин жана талаптарын түшүндүрүүгө тийиш. Банк кардарды арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу бардык тобокелдиктер менен тааныштырууга жана алар тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардын тааныштырып чыгууга макулдугун алууга тийиш, анын тастыктамасы катары кардардын кол тамгасы саналат.»; 

- 48-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи-жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү үчүн кардарга соода эсебин ачуу жөнүндө келишимде ушул Нускоодо белгиленген талаптардан тышкары кеминде, кардар өзүнө алган төмөнкү тобокелдиктер жана шарттар белгиленүүгө тийиш: 

- бүтүмдөрдүн жана валюталардын түрлөрү

- эсептеги акча каражаттардын минималдуу төмөндөтүлбөгөн калдык өлчөмү

- котировкаларды белгилөөнүн жана баа түзүлүшүнүн тартиби; 

- кардардын электрондук соода платформадан пайдалануу шарттары; 

- кандай болбосун себептер боюнча, анын ичинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шарттарда электрондук соода платформасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок учурда тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө пайда болушу мүмкүн болгон валюта курсунун өзгөрүүсүнөн тобокелдик; 

- арбитраждык валюта операцияларын өткөрүү үчүн эсепке чегерилген каражаттарды жоготуу тобокелдиги; 

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө келип чыккан/ага байланыштуу башка тобокелдиктер; 

- арбитраждык валюта операциялары боюнча чыгымдардын ордун жабуу үчүн кардардын эсебиндеги каражаттарды акцептсиз тартипте эсептен чыгарууга банктын укугу; 

- банктын арбитраждык валюта операцияларды токтотуп туруу жана/же токтотуу шарттары; 

- нааразычылыктарды билдирүү жана талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- келишилген бүтүмдөр, эсептеги акча каражаттар калдыгы, алынган пайда/кеткен чыгаша, айыптык төлөмдөр, туумдар, комиссиялык жыйымдар жана кардардын башка чыгашалары жөнүндө отчетторду сунуштоо мезгилдүүлүгү

Эскертүү: электрондук соода платформасы дегенден улам финансы рынокторунда валюта операцияларын жүргүзүүнү автоматташтыруу үчүн каралган программалык-аппараттык комплексти түшүнүү зарыл. 

Кардар соода эсебин ачуу келишиминде белгиленген бардык шарттарды жана тобокелдиктерди өзүнө ала тургандыгы жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга тийиш.»; 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рынок тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рынок тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 5.3.1-5.3.6-пункттар менен толукталсын: 

«5.3.1. Банк өз атынан же кардардын тапшырмасы боюнча арбитраждык валюта операцияларын жүзөгө ашырууда валюта тобокелдиги деңгээлин контролдоо максатында, банк арбитраждык валюта операцияларын, анын ичинде кардарларга сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында жүзөгө ашыруу боюнча кеңири бизнес-план иштеп чыгууга жана ал банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

Арбитраждык валюта операциялары дегенден улам эл аралык/локалдык валюта рынокторунда валюта курсунун айырмасынын эсебинен же белгилүү бир убакыт аралыгында валюта курстарынын өзгөрүүсүнүн эсебинен пайда алуу максатында кийин кайтарым бүтүмгө (контрбүтүмгө) келишүү аркылуу валютаны сатып алуу (сатуу) боюнча операцияларды түшүнүүгө болот. 

Мындан тышкары, банк арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички ченемдик документтерди, кардарларды тандоо жана баалоо критерийлерин, арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүгө жана анын банктын кирешесине жана капиталына тийгизген таасирине байланыштуу тобокелдик деңгээлин контролдоо чараларын, банк-корреспондент менен өз ара мамилелерин иштеп чыгуусу зарыл. 

Мындан тышкары, банктын ички документтеринде арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүгө катышкан банк кызматкерлеринин жоопкерчилиги, анын ичинде казына кызматкерлеринин жана банктын ушул бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган банк Башкармасынын мүчөсүнүн функционалдык милдеттери жана ыйгарым укуктары төмөнкү маселелер боюнча белгиленүүгө тийиш: 

- даярдык иштери, анын ичинде банк тарабынан кошумча каржылоо (болгон болсо) өлчөмүн аныктоо, кардарлар менен арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү жөнүндө келишим долбоорун түзүү, тараптардын келишимге кол коюусу, зарыл учурда кардарлардын соода эсептерин блокировкалоо үчүн буйрууларды даярдоо ж.б.; 

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү тартиби; 

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу бардык документтерге кол коюу укуктары ж.б. 

5.3.2. Банк арбитраждык валюта операцияларын жүргүзгөнгө чейин банктын тобокелдик-менеджмент кызматы төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш: 

- арбитраждык валюта операцияларын өз атынан же кардардын тапшырмасы боюнча жүргүзүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарын жана банктын кирешелүүлүгүнө таасирин талдап-иликтөө

- арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди, анын ичинде укуктук тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо. 

Жогоруда аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында тобокелдик-менеджмент кызматы тарабынан тиешелүү корутунду даярдалууга жана ал Директорлор кеңеши, банк Башкармасы же банктын чечими боюнча башка ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан каралууга тийиш. 

5.3.3. Арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүгө чейин банк тобокелдик-менеджеринин, Комплаенс-контролдоо кызматынын жана банктын Директорлор кеңешинин ошол операцияларды ишке ашырууга макулдугун алууга тийиш. 

5.3.4. Арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү үчүн банк кардар менен Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун талаптарына ылайык банктык эсеп келишимин түзүүгө тийиш. 

5.3.5. Эл аралык рыноктордо арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүү үчүн банкта электрондук соода платформасы уюштурулуусу зарыл, ал мезгили менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасында таанылган эл аралык аудит стандарттарына ылайык көз карандысыз аудит уюмдарда ИТ-аудиттен (маалымат системаларына аудит) өтүүгө же болбосо эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын ИТ-аудиттен өткөн электрондук соода платформаны сунуштаган үчүнчү жак менен келишим түзүлүүгө тийиш. Электрондук соода платформасы үчүн дүйнөлүк валюта операциялар рыногуна түз чыгуу (кирүү) мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш. 

5.3.6. Банктын ички аудит кызматы тарабынан арбитраждык валюта операцияларынын банктын ички ченемдик документтеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү текшерилүүгө тийиш.  

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жана сунушталган чараларды/иш-чараларды көрсөтүү менен отчет даярдалууга жана ал банктын Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталууга тийиш.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 57-пунктунун 1-пунктчасында «жеке трейдерлер» деген сөздөр «(банктын кардарлары)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 58-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. Стресс-тестирлөөнү жүргүзүү мезгил аралыгы рынокто олуттуу өзгөрүүлөр орун алган учурда келип чыгышы ыктымал болгон чыгым өлчөмүн аныктоо үчүн портфелди стресс-тестирлөө мезгил аралыгы саясатта так белгиленүүгө тийиш. Банктын ички саясатында банктын чечими боюнча өз убагында стресс-тестирлөөнү жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча отчет түзүп, аны Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын же башка ыйгарым укуктуу жактардын кароосуна сунуштоо үчүн жооптуу кызматтар, түзүмдүк бөлүмдөр (зарыл болгондо) аныкталууга тийиш.».