«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаты жана милдети 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору (мындан ары долбоор) ченемдик укуктук актылардын талаптарын микрофинансылык уюмдарда кредиттерди, кардарларды электрондук кол тамганы пайдалануу менен обочодон/аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жагында өркүндөтүү, ошондой эле кредиттик отчетту талдап-иликтөө шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында айрым операцияларды жүзөгө ашырууда электрондук кол тамганы колдонуу шартын караштыруу жана тобокелдиктерге бөгөт коюу үчүн аларды колдонуу талабын белгилөө, ошондой эле  электрондук кол тамганы колдонуу менен операцияларды жүргүзүү шартын тактоо жол-жобосу сунушталган. 

 

2.Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

 

Сунуш кылынып жаткан долбоор микрофинансылык уюмдардын электрондук кол тамганы колдонуусу жана электрондук кредиттик таржымал түзүүсү, кардарларды электрондук кол тамганы пайдалануу менен, обочодон/аралыктан тейлөө талаптарын жөнгө салуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле мындай кредиттер боюнча лимиттерди белгилөөгө багытталган. Колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр микрофинансылык сектордун өкүлдөрүнүн кайрылууларына байланыштуу демилгелинген. Өзгөртүүлөр суммалардын белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен микрофинансылык уюмдарга обочодон/аралыктан тейлөө аркылуу кредиттерди берүүгө жол берет. 

Мындан тышкары, долбоордо гарантиялык милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалын иликтөөнүн талаптарын күчөтүү каралган. Толуктоолор түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштары боюнча, ошондой эле жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптерин сактоо максатында сунушталат.  

Ушул менен да карыз алуучунун финансылык абалына баа берүүнүн жакшыртуу жана маалыматты анык ачып көрсөтүү максатында кредиттик рейтинг деген түшүнүк киргизилет. Кредиттик рейтинг кредиттин сапатынын негизги көрсөтүчү. Ал кредит берүүнүн баштапкы стадиясында берилип, ошондой эле кредитке андан ары мониторинг жүргүзүүдө жана башка учурларда берилет (кредиттин мөөнөтүн узартууда, келишимдин шарттары өзгөртүүдө, кредит реструктуризацияланганда). 

Сунушталып жаткан долбоор аманаттарды тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга таркатылат. 

Электрондук колтамга жөнүндө мыйзамга ылайык, электрондук документтер кагаз жүзүндө толтурулган документтер сыяктуу эле финансы-кредит уюмдары  тарабынан колдонулууга тийиш. Ал эми жөнөкөй жана күчөтүлгөн  квалификацияланбаган электрондук кол тамгалар маалымат алмашып жаткан тараптар ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде колдонулууга тийиш. 

Айрым операциялар боюнча келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди чектөө жана калайык-калкты аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында  Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында электрондук кол тамганы колдонууну жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү сунушталууда, атап айтканда: 

- электрондук кол тамганы обочо туруп/аралыктан тейлөө ишинде колдонуу; 

- кардарлардын ким экендиги тастыкталган, талаптагыдай текшерүүдөн өткөндө шартта жеке адамдар жана жеке ишкерлер үчүн аралыктан туруп эсеп ачуу мүмкүнчүлүгү менен банктык эсептер боюнча иш алып баруу, ошондой эле  электрондук документтерди сактоо; 

- кардарларды аралыктан тейлөө каналдары боюнча электрондук документ жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен электрондук кол тамга аркылуу кредиттөөдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди чектөө жагында толуктоолорду киргизүү шарты каралууда.  

Ошентип, долбоор Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына тиешелүү толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши сунушталууда. болжолдойт:  

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобосуна; 

-2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобосуна. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобо талабына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү болгон, ошондой эле  ишкердикти жөнгө салуу максатын көздөгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү жана алардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл.   

Ушундан улам, долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга салуу максатында, Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

 

Сунуш кылынып жаткан долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

            6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

 

Токтом долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Скорингдик кредиттик отчет кредит алуу үчүн билдирме берүүдөн мурдагы акыркы 2 жыл ичинде кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматты камтыган документ.»; 

- төмөнкү мазмундагы 10-1-пункту менен толукталсын:  

«10-1 МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптарды сактоо шартында жана МФУнун ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык, кредиттерди обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдерге ылайык, 15 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалент), ал эми күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалент) ашпоого тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

«11-1 МФУнун тиешелүү (байкоо) органы кредиттик саясаттын шайкештигин, кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча лимиттер, инструменттер жана жол-жоболор системасын жана ал боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. МФУнун тиешелүү (байкоо) органы, зарылчылык келип чыккан шартта, МФУда кредиттөө процессине таасирин тийгизген тобокелдик профили, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, банктын уюштуруу түзүмү жана кадрлар курамы өзгөртүлгөн учурда кароого алынууга милдеттүү.»; 

- 12-пункту төмөнкү реадкцияда берилсин: 

«12. Кредиттик саясатта МФУнун кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, аларга мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдикти тескөө ишинде таянууга милдеттүү болгон стратегия, критерийлер, параметрлер жана жол-жоболор аныкталат.  

МФУ карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча анда жайылтылган методиканы эске алуу менен, өз кызматкерлерин кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү, карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле кредиттөөнүн башка маселелери, анын ичинде кардарлар менен өз ара иш алып баруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптары жана жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп турууга тийиш. 

Эгерде кепилдик кредит боюнча жалгыз камсыздоо болуп саналса, анда гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө милдеттүү түрдө талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш. Ал эми гарантия (кепилдик) жалгыз камсыздоо катары саналган учурда, МФУ гарантиялык милдеттенмени аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзүүгө тийиш. 

МФУ гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) кесиптик аброюн, өз милдеттенмелерин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана аны аткарууга даярдыгын иликтөө иштерин жүргүзүүсү зарыл.   

Эгерде кепилдик кошумча камсыздоо болуп саналса, анда микрофинансылык уюмдар кредит боюнча тобокелдиктерди эске алуу менен, гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтебей коюусуна жол берилет.»; 

- төмөнкү мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын: 

«13-1. МФУнун кредиттик саясатында карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикасы да камтылышы зарыл. Бул максатта МФУ ички кредиттик рейтинг системасын иштеп чыгышы мүмкүн. Тобокелдиктердин ички рейтингинин системасы МФУ тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш түрлөрүнүн табиятына, көлөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш. 

Ички кредиттик рейтинг системасында карыз алуучунун келечектеги төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүү камтылууга жана карыз алуучулар жөнүндө маалымат ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

Кредиттик рейтинг кредиттин сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүүнүн баштапкы стадиясында берилүүсү зарыл, ошондой эле кредитке андан ары мониторинг жүргүзүүдө, анын мөөнөтүн узартууда же болбосо кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн, же кредит реструктуризацияланган шартта берилиши мүмкүн. Карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча иштелип чыккан кредиттик рейтиндер алфавит, сандык же альфа-сандык символдор түрүндө белгиленет, алар МФУнун кредит берүүдөгү тобокелдиктерин билдирет. МФУ карыз алуучу жана кредитке байланыштуу аныкталган мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен кредиттик рейтинг ыйгарат. 

Кредиттик рейтингди аныктоодо карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөө ыкмалары төмөнкүдөй ар башка методдорго таянышы мүмкүн: 

- сандык мында кредиттик рейтингди аныктоого мүмкүндүк берүүчү тиешелүү көрсөткүчтөр пайдаланылат (коэффициенттер методу, рейтинг моделдери, скорингдик моделдер); 

- болжолдоо бул өткөн жылдардын статистикасына таянат жана карыз алуучунун кредитин колдонуу мөөнөтүнүн жана анын төлөөгө жөндөмсүз болуу ыктымалдыгынын моделин түзүүгө багытталган; 

- сапаттык мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы пайдаланылат. 

МФУ кредит берүүдө карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, жеке моделин иштеп чыгышы мүмкүн, анда карыз алуучуларга жана МФУ тарабынан сунушталуучу кредиттерге баа берүү талаптарына жооп берген ыкмалар камтылууга тийиш. Төмөнкүлөр негиз катары алынат:  

- коэффициенттер методу, ал карыз алуучулардын финансылык абалына жана кредиттердин сапатына толук баа берүүгө мүмкүндүк берет; 

- рейтингдик модель колдонууга кыйла ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналган интегралдык көрсөткүчтү эсептөө аркылуу коэффициенттер методу менен автоматташтырылган баа берүү

- скорингдик модель карыз алуучуну белгилүү бир топко киргизүү аркылуу балл эквивалентинде кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымдарына баа берүүгө негизделген модель; 

- өткөн жылдардын статистикасын, ж.б. пайдалануу менен түзүлгөн модель. 

Ички кредиттик рейтинг системасы кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө МФУга көмөк көрсөтүү; потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү; алынган жана зарыл маалыматты тескөө; кредиттик рейтинг шкаласына ылайык, кредиттерди бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттик рейтинг шкаласы боюнча кредиттердин мурдагы абалын жана келечектеги абалын аныктоо; кредит портфелиндеги жалпы тобокелдиктерге жана тенденцияларга баа берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

Ички кредиттик рейтинг системасын пайдалануу мурдагы маалыматтар менен маалымат базасын түзүүгө мүмкүндүк берет, ал убакыттын өтүшү менен кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча кредиттердин белгилүү бир түрлөрүнө баа берет, бул МФУга өз кредиттик тобокелдигине кыйла так баа берүүсүнө шарт түзөт.  

МФУдагы ички кредиттик рейтинг системасында төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшү камтылууга тийиш:  

- карыз алуучуга баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредит алууга билдирме түшкөн учурда); 

- ыйгарылган рейтингге талдап-иликтөө жүргүзүү (кардардын иши, төлөөгө жөндөмдүүлүгү жана күрөөлүк камсыздоо боюнча бардык документтерди талдап-иликтөөдө); 

- кредит берүү жөнүндө акыркы чечим чыгаруу. 

Кредиттик рейтингге ылайык, кредит берүү чечими жеке адамдарга жана юридикалык жактарга 100000 (жүз миң) сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча кабыл алынат.  

Мындан ары жеке адамдарга жана юридикалык жактарга 100000 (жүз миң) сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча ушул Жободо аныкталган мониторинг жүргүзүү мезгилдүүлүгүнө ылайык, мезгил-мезгили менен төлөм мониторингин жүргүзүп туруу, ошондой эле кредиттик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана зарылчылыгына жараша, рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында, ыйгарылган кредиттик рейтингди талдап иликтөө зарыл. 

Мындан тышкары, МФУ аларды берүүдө стандарттан тышкары (индивидуалдуу пайыздык чендер, күрөөнүн түзүмү жана башка) чечимдер кабыл алынган кредиттердин маалымат базасын жана эсепке алуу журналын туруктуу жүргүзүүгө милдеттүү.»; 

- төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын: 

«14-1. Кредит берүү укугу кызмат адамдарынын бир нече деңгээлине бөлүнүүгө тийиш, жана бул адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредит берүүдө алар тарабынан жол берилген бузуулар үчүн жооптуу болуп саналат.  

МФУнун тиешелүү (байкоо) органынын компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, кредит берүүгө тиешелүү бардык маселелер кредиттик комитет же болбосо, комитет кредиттик саясатты жөнгө салуучу ички документтерге ылайык, бул укукту ыйгарып өткөрүп берген адамдар тарабынан чечилүүгө тийиш.»; 

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. МФУнун аткаруу органы анын кредиттик саясатынын ишке ашырылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат жана кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты, жобону жана жол-жобону иштеп чыгууга жана аны МФУнун ишине жайылтууга милдеттүү.  

МФУнун аткаруу органы валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу аныктоо, ага баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча комплекстүү системаны камсыз кылуусу, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти контролдоо, иликтөө жана ага мониторинг жүргүзүү үчүн отчет берүү системасын камсыз кылуусу зарыл.»; 

- 20-пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү мазмундагы 2-2) пунктчасы менен толукталсын:   

«2-2) мыйзам талаптарына ылайык алар бул шартка макул болгон болсо, карыз алуучуга жана МФУнун ыңгайына жараша, аны менен байланыштуу жактарга тиешелүү маалыматты (скорингдик кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга.  

МФУ кредиттик бюродон алынган скорингдик кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.  

МФУ скорингдик кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

Кредиттик бюродон алынган скорингдик кредиттик отчет кредиттик рейтингге ылайык кредит берген учурларда колдонулат.»; 

- 22-пункту төмөнкү мазмундагы 3) пунктча менен толукталсын: 

«3) электрондук кол тамганы пайдалануу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу МФУнун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. МФУ кредит алууга билдирмени талдап-иликтегенден кийин корутунду түзүүгө тийиш, анда карыз алуучуга кредит берүүнүн максаты көрсөтүлөт жана кардардын кредит алууга билдирмеси жана ушул Жобонун талаптарына жана МФУнун ички документтерине ылайык, анын талабы боюнча кардар тарабынан берилген башка зарыл документтер менен бирге Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна сунушталат. 

Эгерде ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин тизмеси МФУ тарабынан кардарларды электрондук кол тамганы пайдалануу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу алынса, анда мындай чечим кардарларды обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.  

Кредит берүүдөн баш тартылган шартта, корутундуда анын себептери көрсөтүлүүгө тийиш, ошондой эле МФУ кабыл алынган чечим тууралуу белгиленген тартипке ылайык карыз алуучуга билдирүүгө милдеттүү

Карыз алуучуга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу/максатка ылайыксыздыгы жөнүндө рейтингдин мааниси камтылган, МФУнун ички кредиттик рейтинги тарабынан берилген натыйжа тиешелүү корутунду катары каралууга.»; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. МФУ менен кардардын ортосунда, анын ичинде анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлган документ түрүндө түзүлгөн кредиттик келишим, бардык тиркемелери менен, башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (кардарга тил тандоо укугун берүү менен) түзүлөт.  

Ар бир келишим түзгөн тарап кредиттик келишимдин бардык тараптар кол койгон түп нускасын, же болбосо анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлган документ түрүндө алуусу зарыл. Кредиттик келишимдин талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. МФУ кардардан келишимдин туп нускасын, же болбосо электрондук кол тамга коюлган документти алгандыгы жөнүндө тил кат алуусу зарыл.  

Кредит боюнча келишимдердин туп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан аз болбоого тийиш. Чогуу жоопкерчиликтүү топ тараптардын бири катары катышкан топко бириккендерди кредиттөөдө, чогуу жоопкерчиликтүү топ үчүн кредиттик келишимдин анык нускасынын саны, топтун катышуучуларынын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

Мында обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада берилген кредиттер боюнча келишимдерге анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга аркылуу кол коюлушу мүмкүн»; 

- 33-пункту төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын:  

«33-1. Берилип жаткан кредиттин пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн жогорулаган учурда, МФУ аталган мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш, анын ичинде:  

- карыз алуучу кредитор алдындагы милдеттенмесин аткарбаган учурда, анын күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана өндүрүүгө;  

- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелери аныкталган шартта, кредит же насыяны колдонуу мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөмдөр, туумдар) өлчөмү берилген кредиттин 20 пайызынан ашпоого;  

- карыздар адамдын кредит боюнча карызын өндүрүп алуу жана анын мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алуу жөнүндө сотко даттануу арызын берүүдө, кредит берүү күнүнө карата эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашпаган пайыздык чен өлчөмдү эске алуу менен эсептөөгө.»; 

- 34-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) кардардын кредитти кайсы гана учурда болбосун, айыптык санкцияларсыз (комиссиялык жана башка төлөм), төлөөгө чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес мөөнөт ичинде МФУга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу. Мында көрсөтүлгөн шартта карыз алуучу анын ичинде (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алуучу мөөнөт белгиленет. Мөөнөтүнөн мурда төлөө күнүнөн кеминде 30 (отуз) күн мурда МФУга билдирүү жөнөтүлгөн шартта, билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн;»; 

- 35-пунктунун 5-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү сөздөр менен толукталсын: «Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жазуу түрүндөгү макулдугу болгон шартта, анын бир катышуучусу мөөнөтүнөн мурда төлөшү мүмкүн.»; 

- 35-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:  

«6) чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн анын ичинде электрондук кол тамганы пайдалануу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу алынгандарды кошо алганда, кредиттик акча каражаттарын алгандыгы тууралуу тастыктоосу.»; 

- 36-пунктунда: 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«36. МФУ кардарды анын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлөт, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тарап тең кол коёт, ошондой эле анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлган документ түрүндө да түзүлөт.»; 

- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«кредит боюнча милдеттенмелерди толук аткаруу үчүн жетишсиз болгон өткөрүлгөн төлөмдүн суммасы эң оболу карыздын негизги суммасынын, андан кийин кредитордун милдеттенмелерди аткаруу боюнча чыгымдарын, ал эми калган бөлүгү пайыздардын жана үстөк айыптын ордун жабат.»; 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Кардар менен келишим, анын ичинде келишим түзгөн тарапка таандык жана карыз алуучунун акча каражаттарын алгандыгын тастыктаган электрондук кол тамга коюлган документ түрүндө келишим түзгөндөн кийин, ага эң эле аз дегенде төмөнкү документтер өткөрүлүп берилүүсү зарыл:  

1) тараптар кол койгон кредиттик келишим, ага тиркелген бардык документтери менен;  

2) кредиттик келишимге тиркелген, төлөө күндөрү жана суммалары көрсөтүлгөн же болбосо электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө төлөө графиги.»; 

- 38-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«МФУ тарабынан маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээлдерин колдонуу, резервдик көчүрмөлөө талаптарын сактоо, ж.б. менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, санариптик маалыматтардын коопсуздугу камсыз кылынган шартта, кредиттик таржымалды тараптардын кол коюушун талап кылбаган документтердин түп нускасынан сканерленген версия жана/же электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө электрондук түрдө сактоого жол берилет. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы электрондук түрдө маалымат базасында (электрондук түрдө) кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлөт. Мында электрондук документтердин маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү мыйзамдарга ылайык камсыз кылынууга тийиш.»; 

- 39-пунктунда «Журналга жазууларды түшүрүүнү кошо алганда» деген сөздөрдөн кийин  «, же болбосо, электрондук кол тамга коюлган документ»; 

- 41-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кредитти кайтарууда проблемалар келип чыккан учурда, кредиттин кайтарылышына кошумча гарантияларды камсыз кылуу үчүн, экинчилик төлөө булагы зарыл болуп саналат. 

- 57-1-пунктунда «билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин» деген сөздөр «билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып, 15 календарлык күн өткөндөн кийин» дегенге алмаштырылсын; 

- 59-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«59. Эгерде МФУнун «проблемалуу» кредиттер менен иш алып баруу боюнча аракеттери оң натыйжага алып келбесе, анда МФУ төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт: 

- Гаранттарга жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу;   

- сотко кайрылуу;  

 - башка чаралар.»; 

 

«Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин: 

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы текст менен толукталсын: 

«(Тиешелүү кредиттик келишим, гарантия берилүүчү суммалар, гарантиянын мөөнөтү бүткөн күнү көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү гарантия же кепилдик.   

Гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү жөнүндө чечими.  

Кепилдик берүүчүнүн күйөөсүнүн/аялынын (эгер болсо) кепилдик берүүгө макулдугу.  

Гаранттын уюштуруучу документтери.  

Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде гарантия жалгыз камсыздоо болуп саналса).  

Акыркы 3-12 ай үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат (мында МФУ эмгек акысы жөнүндө маалымат берилүүчү мезгилди өз алдынча белгилөөгө укуктуу) же кирешеси жөнүндө маалыматты тастыктоочу башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү жеке адам болсо).  

Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөө)»; 

- төмөнкү мазмундагы 42-1 жана 42-2-пункттар менен толукталсын: 

«42-1. Эгерде гарантиялар жана кепилдиктер кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, анда карыз алуучу карызын төлөй албаган учурда, эрежедегидей эле, анын ордуна үчүнчү жак мүлккө жоопкерчиликтүү болуп саналат.  Гарантия же болбосо кепилдик менен камсыздалган кредитти берүүдө, МФУ гаранттын же кепилдик берүүчүнүн зарылчылыкка жараша, карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн, анын финансылык абалы жөнүндө толук маалыматка ээ болуусу зарыл. Ошондой эле кол тамгалардын аныктыгын жана кол койгон адамдардын кол коюу укугун кылдат текшерүү талап кылынат. 

42-2. Эгерде гарантия (кепилдик) жалгыз камсыздоо катары саналса, анда МФУ гарантиялык милдеттенмени аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзүүгө тийиш.»; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.2.5-пункту төмөнкү мазмундагы 5.2.5-1-пунктчасы менен толукталсын: 

«5.2.5-1. Берилүүчү кредиттин пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн жогорулаган учурда, кредиттик союз аталган Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш, анын ичинде:  

- карыз алуучу кредитор алдындагы милдеттенмесин аткарбаган учурда, анын күрөөлүк мүлкү соттук тартипте гана өндүрүүгө;  

- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелери аныкталган шартта, кредит же насыяны колдонуу мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөмдөр, туумдар) өлчөмү берилген кредиттин 20 пайызынан ашпоого;  

- карыздар адамдын кредит боюнча карызын өндүрүү жана анын мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алуу жөнүндө сотко даттануу арызын берүүдө, кредит берүү күнүнө карата эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашпаган пайыздык чен өлчөмдү эске алуу менен эсептөөгө.»; 

- 5.2.6-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- катышуучунун кредитти кайсы гана учурда болбосун, айыптык санкцияларсыз (комиссиялык жана башка төлөм), төлөөгө чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес мөөнөт ичинде кредиттик союзга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу; Мында көрсөтүлгөн шартта карыз алуучу анын ичинде (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алуучу мөөнөт белгиленет. Мөөнөтүнөн мурда төлөө күнүнөн кеминде 30 (отуз) күн мурда  кредиттик союзга билдирүү жөнөтүлгөн шартта, билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн;»; 

- 5.2.7-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Кредит боюнча милдеттенмелерди толук аткаруу үчүн жетишсиз болгон өткөрүлгөн төлөмдүн суммасы эң оболу карыздын негизги суммасынын, андан кийин кредитордун милдеттенмелерди аткаруу боюнча чыгымдарын, ал эми калган бөлүгү пайыздардын жана үстөк айыптын ордун жабат.»; 

- 7.3.4-пунктунда «билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин» деген сөздөр «билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып, 15 календарлык күн өткөндөн кийин».