«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбооруна карата 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (мындан ары өзгөртүүлөрдүн долбоору). 

Бул өзгөртүүлөрдүн долбоору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбоору 2019-жылдын 12-мартындагы №10 жумалык жыйында берилген:Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы Төлөм системалары башкармалыгы жана Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы менен биргеликте банкоматтардын техникалык жактан жабдылышы боюнча талаптарды карап чыксын жана ага өзгөртүүлөрдү киргизсин деген тапшырмасын аткаруунун негизинде, банкоматтарды пайдаланууда коопсуздук деңгээлин жогорулатуу максатында, ошондой эле өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды аткаруунун алкагында иштелип чыккан. 

Бул өзгөртүүлөрдүн долбоорунда аралыктагы жабдууларды уурдоого жана бузууга байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн, ошондой эле банктар тарабынан жүргүзүлүүчү доомат иштеринин алкагында аралыкта орнотулган жабдууларга карата минималдуу талаптарды белгилөө каралган.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

 

Банк жана төлөм системасынын коопсуздугу маселелери күн өткөн сайын улам актуалдуу проблемага айланып бара жатат жана банкоматтардын жана төлөм терминалдарынын корголушун камсыздоо зарылчылыгы коопсуздуктун мындай факторлорунун бири болуп саналат  

2019-жылдын 1-ноябрына карата абал боюнча коммерциялык банктар тарабынан 2 882 610 карт эмитирленген. Нак акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча операциялар негизги үлүштү ээлейт: 2019-жылдын III чейреги ичинде нак акча алуу боюнча операциялардын саны жалпы суммасы 54 910,5 млн сом болгон 9 185,3 миң транзакцияны түзгөн. Бул акча агымы банкоматтар аркылуу өтөт, алардын саны бүтүндөй өлкө боюнча 1641 түзөт. Ушуга байланыштуу банкоматтардан жана өзүн түзөт. Мындай автоматташтырылган жабдуулардан акча каражаттарын уурдоо учурлары көбөйүүдө.  

Жыл ичинде кыянатчы адамдар тарабынан коммерциялык банктардын акча каражаттары бир канча жолу уурдалып кеткен, мындай көрүнүш айрыкча Кыргыз Республикасынын аймактарында көп байкалууда.  

Ушул фактыларды эске алуу менен өзгөртүүлөрдүн сунушталып жаткан долбоорунда банкоматтарды жана өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдарды жайгаштырууга карата минималдуу талаптар кайра каралган.  

Мындан тышкары, финансы-кредит уюмдары автоматташтырылган банктык программаларды колдонуп жаткандыгын эске алуу менен касса документтерин түзүүдө, ошондой эле нак акчанын калдыктары жана жылышы боюнча маалыматтарды так чагылдыруу максатында, жогоруда аталган жобонун “Кассалык жүгүртүү баалуулуктарын жана башка баалуулуктарды эсепке алуу китеби» деп аталган 8-тиркемеге өзгөртүүлөр киргизилген.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоолор  

Өзгөртүүлөрдүн долбоорун кабыл алууда болушу мүмкүн болгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;  

республиканын алыскы аймактарында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана калайык-калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.  

Озгөртүүлөрдүн долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектеген ченемдерди камтыбайт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Өзгөртүүлөрдүн долбоору Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунда кароонун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга чыгарылат.  

 

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, республиканын бүтүндөй мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам актыларынын ченемдерине каршы келбейт

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Өзгөртүүлөрдүн долбоорун кабыл алууда кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын талаптарына ылайык, өзгөртүүлөрдүн долбоору карата жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр талап кылынбайт, анткени, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор банктык жабдууларды орнотууда коопсуздукту күчөтүүгө, банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы № 2019-П-14/50-2-(ПС) 2019-жылдын 30-сентябрында «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө Жобо» бекитүү тууралу токтомуна ылайыка келтирүү.  

 

 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «___» ________  

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин. 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2 жана 3-пунктулары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул Жобо Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктарга, банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана төлөм уюмдарына (мындан ары ФКУ) таркатылат. 

3. Жобо ФКУдардын кассасы аркылуу жүргүзүлүүчү кассалык операцияларды жөнгө салат, ошондой эле аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу, жабдуу жана инкассациялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тастыктоочу документтер боюнча талаптарды белгилейт.»; 

- 9-пунктунун: 

экинчи, төртүнчү, жыйырма биринчи, жыйырма экинчи, жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

пунктча он төртүнчү абзацы менен толукталсын 

«- аралыкта орнотулган жабдуунун кассетасы (мындан ары-кассета) аралыкта орнотулган жабдуулардын ар кайсы акча каражаттарынын номиналдарын сактоо, кабыл алуу жана/же берүү үчүн бөлүгү.»; 

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Касса кызматкери кардарга банкнотторду таңычактардын үстүндөгү накладкаларда көрсөтүлгөн сумма боюнча толук жана толук эмес таңычакта, өзүнчө корешоктор менен, айрым банкнотторду бирден, барактап санап, ал эми монеталарды ярлыктарындагы жазуулары боюнча толук баштыкчаларда/ящиктерде менен, эгерде монеталар азыраак санда талап кылынса, 100 (жүз) даанадан салынган пакеттерде, айрымдарын бир-ден санап берет.»; 

- 21-пунктунун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «баштыкчаларды» деген сөз «баштыкчаларды/ящиктерди» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи сүйлөмүндөгү «баштыкчаларда» денег сөз «баштыкчаларда/ящиктерде» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документтер менен делолорду түзүү иштери касса башчысы же брошюралоо милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүү учурунда кириш жана чыгыш кассалары боюнча өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Автоматташтырылган программаларды колдонууда касса документтери чыгыш формаларга жана отчетторго ылайык түзүлөт. Касса документтеринин суммалары китептеги (8 жана 9-тиркемелер) маалыматтар менен салыштырылып текшерилгенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана делону түзгөн касса кызматкеринин колу коюлат.»; 

- 31-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нак акчалар инкассаторлор тарабынан касса кызматкерине банкноттордун топтомдору, монета салынган касседата, баштыкчалар/ящиктер, банкноттор жана монеталар же нак акча салынган баштыкчалар менен берилет.»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Инкассаторлор, касса кызматкери ташып жеткирүү үчүн банкноттордун топтомдорун корешоктордун санын, банкноттордун таңычактарынын/кассеталарынын жана пломбаларынын, клише оттискаларынын бүтүндүгүн, банкноттордун топтомдорунда жана пломбада, клише оттискаларында зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен банкноттордун топтомдорунун үстүңкү накладкаларындагы жазуулар боюнча, ал эми монеталар салынган баштыкчаларды/ящиктерди - көрсөтүлгөн сумманын тууралыгын жана монета салынган баштыкчалардын жана пломбалардын бүтүндүгүн, пломбаларда жана монета салынган баштыкчалардагы/ящиктердеги ярлыктарда зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен баштыкчаларга/ящиктерге тиркелген ярлыктардагы жазуулар боюнча кабыл алышат. Айрым корешоктор, банкноттор жана монеталар бирден, кайрадан бирден санап чыгуу менен кабыл алынат.»; 

 53, 54, 55-пунктулары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Агенттерди кошо алганда, ФКУ аралыкта орнотулган жабдууларды орнотууда жана туташтырууда аталган жабдууларды бузууга, иштен чыгарууга, иштөө жөндөмдүүлүгүн бузууга же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Аралыкта орнотулган жабдуулар үчүн жай тандап, аларды орнотуу, туташтыруу жана техникалык тейлөө, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана санкцияланбаган операцияларга жол бербөө жоопкерчилиги ФКУ жүктөлөт. 

54. ФКУдын аралыкта орнотулган жабдуулар тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

55. Аралыкта орнотулган жабдууларды орнотууда жана туташтырууда, аталган системанын коопсуздук талаптарынын сакталышын эске алуу менен жабдууларды коргоо жана санкцияланбаган операцияларга бөгөт коюу боюнча талаптар аткарылууга тийиш.»; 

- 56-пунктунун:  

«(кеңсе ичинде, дубалга ж.б.)» деген сөздөрдөн кийн «жана» деген сөз менен толукталсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Банкоматта ПИН-кодду терүүдө алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы тууралуу маалымат болууга тийиш.»;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 56-1-пункт менен толукталсын: 

«56-1. Банктык төлөм карттарын тейлеген жана банктык эсептерге аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган аралыкта орнотулган жабдуулар акча каражаттары менен бирге камсыздалууга жана/же: 

- дооматтарды кароо ишинин алкагында көрүнүктүү далилдүү базаны камсыз кылуу үчүн талаптагыдай сапаттагы видео сүрөттөрдү алууну камсыздай алган видео байкоо системалары менен жабдылууга тийиш. Тартылган видеолорду сактоо мөөнөтү кеминде 90 (токсон) календардык күн; 

- акча каражаттарына санкциясыз кирүү аракеттерине каршы аракеттенүүгө дайындалган скиммингге каршы түзүлүштөр, күзөт сигнализациясы, GPS-байкоо жүргүзүү системасы жана башка түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш; 

- бузуп кирүү тобокелдиги орун алышы жана скимминг жабдууларын орнотуу ыктымал болгон жерлерде жайгаштырылган жана орнотулган учурда, аралыкта орнотулган жабдуулардын корпусу жана панели сындырып кетпегендей абалда болууга тийиш.»; 

- 57-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«57. Эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруунун же эсебин толуктоонун, төлөөнүн жана акча каражаттарын которуунун жыйынтыгы болуп эсептелген аралыкта орнотулган жабдууларда ишке ашырылуучу ар бир транзакция милдеттүү түрдө чек берүү менен коштолууга тийиш. Жабдууда чек кагазы жок учурда, бул тууралуу маалымат кардарга транзакция ишке ашырылганга чейин маалымдалууга тийиш. Чек же электрондук билдирүү транзакция ишке ашырылгандыгынын тастыктамасы болуп саналат.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 57-1-пункт менен толукталсын: 

«57-1. ФКУ аралыкта орнотулган жабдуунун иштеп жаткан учурда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди эске алуулары зарыл, ошондой эле: 

- аралыкта орнотулган жабдуунун бүтүндүгүн жана санкцияланбаган жабдуунун жоктугун кошо алганда, анын тышкы абалына, ошондой эле инкассатор кызматтарынын жана аралыкта орнотулган жабдууну оңдоо, бузулууларды алдын алуу иштерин жүргүзгөн уюмдардын иш-аракеттерин мезгил-мезгили менен контролдоо/мониторинг жүргүзүү;  

- коргоо жабдууларынын жана программалык камсыздоонун талаптагыдай иштешин контролдоону камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдууларга аралыктан туруп мониторинг жүргүзүү системасын колдонуу; 

- аралыкта орнотулган жабдуулардын коопсуз иштешин жана колдонуучуларды тейлөөнү камсыздоо; 

- аралыкта орнотулган жабдуулардын чабуулдарга (маалыматтык, техникалык жана физикалык) жана аларды ишке ашыруу аракеттерине дуушарлануу тобокелдиктерине мезгил-мезгили менен баа берүү, ошондой эле аныкталган чабал жактарын өз учурунда четтетүү

- чабуулдарды же аларды ишке ашыруу аракеттерин аныктоого, белгилөөгө, идентификациялоого жана алдын алууга багытталган ички ченемдик документтерди өркүндөтүү

- аралыкта орнотулган жабдуулар үчүн коопсуз операциялык системаны колдонуу.»; 

- 9-главанын 2 жана 4-параграфтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9-главанын 3-параграфы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«§3. Банкоматтарды инкассациялоого карата минималдуу талаптар 

62. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо ФКУ тарабынан өз алдынча же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматы тарабынан ФКУдын ички жол-жоболоруна ылайык же инкассация боюнча тиешелүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо зарылдыгына жараша жүргүзүлөт. 

63. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо өз учурунда жана аралыкта орнотулган жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин гарантиялаган мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш. Аралыкта орнотулган жабдууларды өз учурунда инкассациялоо үчүн жоопкерчилик ФКУ же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматка жүктөлөт. 

64. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо инкассатор же ФКУ касса кызматкери тарабынан коопсуздукту жана ташылып жаткан акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында, аралыкта орнотулган жабдууну тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга ФКУ жол берилбейт.  

65. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо ФКУ кеминде эки адамдан турган касса кызматкерлери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү, ошондой эле ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгүн/пломба басылгандыгын текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.  

66. Аралыкта орнотулган жабдуудан айкын алынган нак акчанын суммасы тууралуу маалымат кагаз бетине басылып чыгарылууга тийиш.  

67. Аралыкта орнотулган жабдуунун ишине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле анын акча каражаттары менен толтурулушун камсыздоо ФКУ өзү жана/же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматы тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде ФКУ инкассация жүргүзүү жөнүндө маалымдоо убактысы жана тартиби каралууга тийиш. 

68. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо жол-жобосу инкассациялоо учуруна карата аралыкта орнотулган жабдуудагы акча каражаттарынын суммасы тууралуу отчетту жана аралыкта орнотулган жабдууга жаңы акча каражаттарын жүктөө операцияларын тастыктаган отчетту аралыкта орнотулган жабдуудан милдеттүү түрдө басып чыгаруу менен, аралыкта орнотулган жабдууларды инкассациялоо үчүн ачкычтарды/паролдорду сактоо жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салган нормалар менен коштолууга, ошондой эле алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик белгиленүүгө тийиш. Бул отчетторго инкассация жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш. 

69. Кассеталарды ачуу кассеталардагы пломбанын бүтүндүгүн алдын ала текшерүү менен жүргүзүлүүгө тийиш. Кассеталардагы акча белгилерин бирден барактап саноо тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен кеминде эки касса кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Аралыкта орнотулган жабдуулардан алынган нак акча белгилерин бирден барактап кайра эсептеп чыгууда суммасы ашыкча, кем чыккан шартта, эки нускада кайра эсептеп чыгуу актысы түзүлөт.»; 

- 8- тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында 

жана банктык эмес  

финансы-кредиттик 

уюмдарында кассалык  

операциялардын аткарылышы  

боюнча минималдуу  

талаптар жөнүндө» 

жобого карата 

8-тиркеме 

 

______________________________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

20__-жыл үчүн кассалык жүгүртүү баалуулуктарын жана  

башка баалуулуктарды эсепке алуу 

КИТЕБИ 

 

Башталган 20__-ж. «__» __________ 

Аяктаган 20__-ж. «__»__________ 

Бул китептеги жазуулар аны толук пайдаланып бүткөнгө чейин жүргүзүлөт 

20__-ж. ____________ айы 

 

КҮНДҮН БАШТАЛЫШЫНА КАРАТА БАНКТЫН КАССАСЫНДАГЫ АКЧА КАРАЖАТТАР  

Эсептин 

№№ 

____________ калдык 

____________ калдык 

Улуттук валюта 

  

Валюта түрү 

Суммасы 

Валюта түрү 

Суммасы 

КИРИШ 

  

  

  

  

  

  

  

ЧЫГЫШ 

  

  

  

  

  

  

  

КҮН АЯКТАГАНДАГЫ КАЛДЫК  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жетекчи 

  

__________________ 

Кол тамгасы 

_________________ 

Кол тамгасы 

Башкы бухгалтер 

  

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________ 

Кол тамгасы 

Касса башчысы 

  

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

Күбөлөндүргөн жазуу 

Жыйынтыгында бул китепте номерленген жана көктөлгөн барактар камтылган 

_____________________________________________________ 

_____________________________________________________ 

(саны жазуу менен көрсөтүлөт) 

№ _____ тартып № ______ чейин кошо алганда 

Жетекчи 

Башкы бухгалтер (бухгалтер) 

Касса башчысы 

20__-ж. «__» _________». 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбооруна карата 

 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунуш кылынган редакция 

2. Бул Жобо Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарга жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) таркатылат. 

2. Бул Жобо Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктарга, банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана төлөм уюмдарына (мындан ары ФКУ) таркатылат. 

3. Жобо өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдарды (кэш-ин терминалы) эске албаганда, ФКУдардын кассасы аркылуу жүргүзүлүүчү кассалык операцияларды жөнгө салат, ошондой эле айрым аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу жана инкассациялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тастыктоочу документтер боюнча талаптарды белгилейт. 

3. Жобо ФКУдардын кассасы аркылуу жүргүзүлүүчү кассалык операцияларды жөнгө салат, ошондой эле аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу, жабдуу жана инкассациялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тастыктоочу документтер боюнча талаптарды белгилейт 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

- Өзүн-өзү тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы (cash-in терминал) - бул, нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү коммуналдык кызматтардын, мобилдик байланыш, интернет операторлорунун дарегине накталай жана накталай эмес формада төлөмдөрдү жүргүзүү максаттарын кошо алганда, банктардын кардарларынын, карт ээлеринин, сервистерди пайдалануучулардын накталай акча каражаттарын депондоштуруу үчүн арналган терминал; 

 

- банкомат - нак акча каражаттарын берүү жана кабыл алуу, акча каражаттарын картка жазуу, карт ээлеринин ишке ашырган транзакциялары боюнча маалымат алуу, нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана өткөрүлгөн транзакциялардын бардык түрлөрү боюнча карт-чекти берүү үчүн арналган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат картка ээлик кылуучу операцияларды ФКУдун ыйгарым укук чегерилген кызматкеринин катышуусуз эле, картты пайдалануу менен өз алдынча жүргүзүүсү үчүн арналган; 

 

аралыкта орнотулган жабдуулар - терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөөчү терминалдар жана банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдуулар; 

 

- терминал - башкы компьютер менен байланышты түзүүгө, билдирүүлөрдүн ФКУдун төлөм системасынын түйүнүнө жөнөтүлүшүн жана келип түшкөн маалыматтарды кабыл алууга өбөлгө түзгөн аппараттык - программалык комплекс; 

 

- эквайер - эквайренгди жүзөгө ашырууга уруксат алган ФКУ, тиешелүү төлөм системаларынын технологиясына жана ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизацияларды жана транзакцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулардын ээси; 

 

- эквайринг - ФКУдун иши, анда соода түйүндөрү менен аралыкта жабдууларды орнотуу жана сатылуучу товарларга, иштерге жана кызматтарга төлөм каражаты катары карттарды кабыл алуу, соода түйүндөрү менен эсептешүүлөрдү жана/же карт ээлерине нак акча каражаттарын берүүнү камсыз кылуу боюнча келишимдик мамилелер камтылат; 

 

....... 

- аралыкта орнотулган жабдуунун кассетасы (мындан ары-кассета) аралыкта орнотулган жабдуулардын ар кайсы акча каражаттарынын номиналдарын сактоо, кабыл алуу жана/же берүү үчүн бөлүгү.  

4-глава. Нак акчаларды берүү 

20. Касса кызматкери кардарга банкнотторду таңычактардын үстүндөгү накладкаларда көрсөтүлгөн сумма боюнча толук жана толук эмес таңычакта, өзүнчө корешоктор менен, айрым банкнотторду бирден, барактап санап, ал эми монеталарды ярлыктарындагы жазуулары боюнча толук баштыкчалар менен, эгерде монеталар азыраак санда талап кылынса, 100 даанадан салынган пакеттерде, айрымдарын бир-ден санап берет. 

20. Касса кызматкери кардарга банкнотторду таңычактардын үстүндөгү накладкаларда көрсөтүлгөн сумма боюнча толук жана толук эмес таңычакта, өзүнчө корешоктор менен, айрым банкнотторду бирден, барактап санап, ал эми монеталарды ярлыктарындагы жазуулары боюнча толук баштыкчаларда/ящиктерде менен, эгерде монеталар азыраак санда талап кылынса, 100 (жүз) даанадан салынган пакеттерде, айрымдарын бир-ден санап берет. 

21. Кардар, кассадан алыстабай туруп, нак акчаларды берген касса кызматкеринин көз алдында таңычактардын тууралыгын жана бүтүндүгүн, ар бир таңычакта корешоктордун санын, накладкаларда көрсөтүлгөн суммалардын тууралыгын кылдат текшерүүгө, ал эми айрым корешокторду, банкнотторду - бирден, барактап санап чыгууга, монета салынган баштыкчаларды ярлыктагы жазуулары, пакеттеги реквизиттери боюнча текшерүүгө, айрым монеталарды бирден санап чыгууга тийиш. 

Алынган акча топтомдорунда, корешоктордо же баштыкчаларда кем чыгуулар аныкталган учурда (4-тиркеме) акт түзүлүп, ага касса кызматкеринин жана кардардын колу коюлат. Кем чыгуу касса кызматкеринин катышуусунда аныкталган шартта гана жетпей калган сумма кардарга кайтарылып берилет. 

Эгерде алынган сумма кайра эсептөө кассасында өз учурунда эсептелбесе, анда ФКУ кем чыгып калган сумма үчүн жооп бербейт. 

21. Кардар, кассадан алыстабай туруп, нак акчаларды берген касса кызматкеринин көз алдында таңычактардын тууралыгын жана бүтүндүгүн, ар бир таңычакта корешоктордун санын, накладкаларда көрсөтүлгөн суммалардын тууралыгын кылдат текшерүүгө, ал эми айрым корешокторду, банкнотторду - бирден, барактап санап чыгууга, монета салынган баштыкчаларды/ящиктерди ярлыктагы жазуулары, пакеттеги реквизиттери боюнча текшерүүгө, айрым монеталарды бирден санап чыгууга тийиш. 

Алынган акча топтомдорунда, корешоктордо же баштыкчаларда/ящиктерде кем чыгуулар аныкталган учурда (4-тиркеме) акт түзүлүп, ага касса кызматкеринин жана кардардын колу коюлат. Кем чыгуу касса кызматкеринин катышуусунда аныкталган шартта гана жетпей калган сумма кардарга кайтарылып берилет. 

Эгерде алынган сумма кайра эсептөө кассасында өз учурунда эсептелбесе, анда ФКУ кем чыгып калган сумма үчүн жооп бербейт. 

25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документтер менен делолорду түзүү иштери, касса башчысы же брошюралоо милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүү учурунда кириш жана чыгыш кассалары боюнча өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Касса документтеринин суммаларын китептеги (8-9-тиркемелер) маалыматтар менен салыштырып текшергенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана делону түзгөн касса кызматкеринин колу коюлат. 

25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документтер менен делолорду түзүү иштери касса башчысы же брошюралоо милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүү учурунда кириш жана чыгыш кассалары боюнча өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Автоматташтырылган программаларды колдонууда касса документтери чыгыш формаларга жана отчетторго ылайык түзүлөт. Касса документтеринин суммалары китептеги (8 жана 9-тиркемелер) маалыматтар менен салыштырылып текшерилгенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана делону түзгөн касса кызматкеринин колу коюлат. 

31. Инкассаторлордун касса кызматкерине ташып жеткирүү үчүн нак акчаларды берүүсү чыгыш кассалык ордери жана опистер боюнча, ал эми көрсөтүлгөн кызматкерлер тарабынан жеткирилген нак акчаларды кабыл алуу - кириш кассалык ордери боюнча жүзөгө ашырылат. Нак акчалар инкассаторлор тарабынан касса кызматкерине банкноттордун топтомдору, монета салынган баштыкчалар, банкноттор жана монеталар же нак акча салынган баштыкчалар менен берилет. 

31. Инкассаторлордун касса кызматкерине ташып жеткирүү үчүн нак акчаларды берүүсү чыгыш кассалык ордери жана опистер боюнча, ал эми көрсөтүлгөн кызматкерлер тарабынан жеткирилген нак акчаларды кабыл алуу - кириш кассалык ордери боюнча жүзөгө ашырылат. Нак акчалар инкассаторлор тарабынан касса кызматкерине банкноттордун топтомдору, монета салынган касседата, баштыкчалар/ящиктер, банкноттор жана монеталар же нак акча салынган баштыкчалар менен берилет

32. Инкассаторлор, касса кызматкери ташып жеткирүү үчүн банкноттордун топтомдорун корешоктордун санын, банкноттордун таңычактарынын жана пломбаларынын, клише оттискаларынын бүтүндүгүн, банкноттордун топтомдорунда жана пломбуда, клише оттискаларында зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен банкноттордун топтомдорунун үстүңкү накладкаларындагы жазуулар боюнча, ал эми монеталар салынган баштыкчаларды - көрсөтүлгөн сумманын тууралыгын жана монета салынган баштыкчалардын жана пломбалардын бүтүндүгүн, пломбаларда жана монета салынган баштыкчалардагы ярлыктарда зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен баштыкчаларга тиркелген ярлыктардагы жазуулар боюнча кабыл алышат. Айрым корешоктор, банкноттор жана монеталар бирден, кайрадан санап чыгуу менен кабыл алышат. 

32. Инкассаторлор, касса кызматкери ташып жеткирүү үчүн банкноттордун топтомдорун корешоктордун санын, банкноттордун таңычактарынын/кассеталарынын жана пломбаларынын, клише оттискаларынын бүтүндүгүн, банкноттордун топтомдорунда жана пломбада, клише оттискаларында зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен банкноттордун топтомдорунун үстүңкү накладкаларындагы жазуулар боюнча, ал эми монеталар салынган баштыкчаларды/ящиктерди - көрсөтүлгөн сумманын тууралыгын жана монета салынган баштыкчалардын жана пломбалардын бүтүндүгүн, пломбаларда жана монета салынган баштыкчалардагы/ящиктердеги ярлыктарда зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен баштыкчаларга/ящиктерге тиркелген ярлыктардагы жазуулар боюнча кабыл алышат. Айрым корешоктор, банкноттор жана монеталар бирден, кайрадан бирден санап чыгуу менен кабыл алынат.  

9-глава. Терминалдарды, банкоматтарды жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарын жайгаштыруу боюнча минималдуу талаптар 

§ 1. Терминалдарды жана банкоматтарды жайгаштырууга карата минималдуу талаптар 

53. Эквайер терминалдарды жана банкоматтарды орнотууда жана туташтырууда жабдууларды (тышкы же ички камералардын, атайын күзгүлөр жана экрандар, корголгон клавиатуралардын ж.б. болушу) бузууга, иштен чыгарууга же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Терминалдарды жана банкоматтарды орнотуу үчүн жай тандап, аларды орнотуу жана туташтыруу, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылыкка жол бербөө жоопкерчилиги эквайерге жүктөлөт. 

53. Агенттерди кошо алганда, ФКУ аралыкта орнотулган жабдууларды орнотууда жана туташтырууда аталган жабдууларды бузууга, иштен чыгарууга, иштөө жөндөмдүүлүгүн бузууга же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Аралыкта орнотулган жабдуулар үчүн жай тандап, аларды орнотуу, туташтыруу жана техникалык тейлөө, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана санкцияланбаган операцияларга жол бербөө жоопкерчилиги ФКУ жүктөлөт. 

54. Эквайер терминал жана/же банкомат орнотулган жер же ал жабылгандыгы тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

54. ФКУдын аралыкта орнотулган жабдуулар тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

55. Эл аралык төлөм системаларынын карттарын тейлеген терминалдарды жана банкоматтарды орнотууда жана туташтырууда, аталган системалардын жабдууларды коргоо жана алдамчылыкка бөгөт коюу боюнча талаптары аткарылууга тийиш. 

55. Аралыкта орнотулган жабдууларды орнотууда жана туташтырууда, аталган системанын коопсуздук талаптарынын сакталышын эске алуу менен жабдууларды коргоо жана санкцияланбаган операцияларга бөгөт коюу боюнча талаптар аткарылууга тийиш. 

56. Банкомат анын техникалык мүнөздөмөлөрүнө (кеңсе ичинде, дубалга ж.б.) жооп берген жерлерге жайгаштырылууга жана аларды бузууга, иштен чыгарууга жана уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербегендей орнотулууга жана бекемделүүгө тийиш. 

56. Банкомат анын техникалык мүнөздөмөлөрүнө (кеңсе ичинде, дубалга ж.б.) жана жооп берген жерлерге жайгаштырылууга жана аларды бузууга, иштен чыгарууга жана уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербегендей орнотулууга жана бекемделүүгө тийиш. Банкоматта ПИН-кодду терүүдө алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы тууралуу маалымат болууга тийиш 

........ 

56-1.  Банктык төлөм карттарын тейлеген жана банктык эсептерге аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган аралыкта орнотулган жабдуулар акча каражаттары менен бирге камсыздалууга жана: 

-  дооматтарды кароо ишинин алкагында көрүнүктүү далилдүү базаны камсыз кылуу үчүн талаптагыдай сапаттагы видео сүрөттөрдү алууну камсыздай алган видео байкоо системалары менен жабдылууга тийиш. Тартылган видеолорду сактоо мөөнөтү кеминде 90 (токсон) календардык күн; 

- акча каражаттарына санкциясыз кирүү аракеттерине каршы аракеттенүүгө дайындалган скиммингге каршы түзүлүштөр, күзөт сигнализациясы, GPS-байкоо жүргүзүү системасы жана башка түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш; 

- бузуп кирүү тобокелдиги орун алышы жана скимминг жабдууларын орнотуу ыктымал болгон жерлерде жайгаштырылган жана орнотулган учурда, аралыкта орнотулган жабдуулардын корпусу жана панели сындырып кетпегендей абалда болууга тийиш 

57. Карт ээлери банкомат жана терминал аркылуу өз эсебинен акча каражаттарын чыгарууда ар бир транзакция ишке ашырылгандан кийин милдеттүү түрдө карт-чектери берилүүгө тийиш. Жабдууда чек кагазы жок учурда, карт ээси транзакцияны аяктаганда чейин чек кагазы жок экендиги тууралуу маалымдалууга тийиш. Карт-чек транзакция ишке ашырылгандыгынын тастыктамасы болуп саналат. 

57. Эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруунун же эсебин толуктоонун, төлөөнүн жана акча каражаттарын которуунун жыйынтыгы болуп эсептелген аралыкта орнотулган жабдууларда ишке ашырылуучу ар бир транзакция милдеттүү түрдө чек берүү менен коштолууга тийиш. Жабдууда чек кагазы жок учурда, бул тууралуу маалымат кардарга транзакция ишке ашырылганга чейин маалымдалууга тийиш. Чек же электрондук билдирүү транзакция ишке ашырылгандыгынын тастыктамасы болуп саналат. 

........ 

57-1. ФКУ аралыкта орнотулган жабдуунун иштеп жаткан учурда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди эске алуулары зарыл, ошондой эле: 

- аралыкта орнотулган жабдуунун бүтүндүгүн жана санкцияланбаган жабдуунун жоктугун кошо алганда, анын тышкы абалына, ошондой эле инкассатор кызматтарынын жана аралыкта орнотулган жабдууну оңдоо, бузулууларды алдын алуу иштерин жүргүзгөн уюмдардын иш-аракеттерин мезгил-мезгили менен контролдоо/мониторинг жүргүзүү;  

- коргоо жабдууларынын жана программалык камсыздоонун талаптагыдай иштешин контролдоону камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдууларга аралыктан туруп мониторинг жүргүзүү системасын колдонуу; 

- аралыкта орнотулган жабдуулардын коопсуз иштешин жана колдонуучуларды тейлөөнү камсыздоо; 

- аралыкта орнотулган жабдуулардын чабуулдарга (маалыматтык, техникалык жана физикалык) жана аларды ишке ашыруу аракеттерине дуушарлануу тобокелдиктерине мезгил-мезгили менен баа берүү, ошондой эле аныкталган чабал жактарын өз учурунда четтетүү

- чабуулдарды же аларды ишке ашыруу аракеттерин аныктоого, белгилөөгө, идентификациялоого жана алдын алууга багытталган ички ченемдик документтерди өркүндөтүү

- аралыкта орнотулган жабдуулар үчүн коопсуз операциялык системаны колдонуу. 

§ 2. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын (кэш-ин терминалдары) жайгаштырууга жана бекемдөөгө карата минималдуу талаптар 

 

58. Кэш-ин терминалды жалпыга жеткиликтүү жерде орноткон эквайер аны бузуу, иштен чыгаруу же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-13/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

59. Эквайер кэш-ин терминал орнотулган жер же ал жабылгандыгы тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-13/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

60. Кэш-ин терминал анын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келген жерлерге жайгаштырылууга жана купюраларды кабыл алуучу жайга санкциясыз кирүү, ошондой эле аны бузууга, иштен чыгарууга жана уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербегендей бекемделүүгө тийиш. Кэш-ин терминалы орнотулуучу жерди тандоо жана бекемделиши үчүн анын ээси жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-13/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

61. Пайдалануучулар кэш-ин терминалы аркылуу эсепти толтурууда, акча каражаттарын төлөөдө жана которууда ар бир транзакция ишке ашырылгандан кийин милдеттүү түрдө чек берилүүгө тийиш. Жабдууда чек кагазы жок учурда, пайдалануучу транзакцияны аяктаганда чейин чек кагазы жок экендиги тууралуу маалымдалууга тийиш. Чек транзакция ишке ашырылгандыгынын тастыктамасы болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-13/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 3. Банкоматтарды инкассациялоого карата минималдуу талаптар 

62. Банкоматты акча белгилери менен толтуруу, ошондой эле аларды банкоматтан алып салуу эквайер тарабынан өз алдынча же болбосо эквайер инкассациялоо операцияларын аткарууга келишим түзгөн инкассациялоо кызматы/уюм тарабынан жүргүзүлөт. 

62. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо ФКУ тарабынан өз алдынча же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматы тарабынан ФКУдын ички жол-жоболоруна ылайык же инкассация боюнча тиешелүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо зарылдыгына жараша жүргүзүлөт.  

63. Банкоматты акча белгилери менен толтуруу, ошондой эле аларды банкоматтан алуу эквайердин ички жол-жоболоруна ылайык же эквайер менен тиешелүү уюм ортосунда түзүлгөн инкассациялоо операцияларын аткаруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Банкомат нак акча менен зарылчылыкка жараша толтурулат. 

63. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо өз учурунда жана аралыкта орнотулган жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин гарантиялаган мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш. Аралыкта орнотулган жабдууларды өз учурунда инкассациялоо үчүн жоопкерчилик ФКУ же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматка жүктөлөт.  

64. Банкоматтын ишине мониторинг, анын акча менен толтурулушун камсыздоо эквайер өзү же аны менен тиешелүү келишим түзгөн процессинг борбору тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде эквайерге операциянын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымдоо убактысы жана тартиби каралууга тийиш. 

64. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо инкассатор же ФКУ касса кызматкери тарабынан коопсуздукту жана ташылып жаткан акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында, аралыкта орнотулган жабдууну тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга ФКУ жол берилбейт.  

65. Банкоматты инкассациялоо өз учурунда, анын нак акчаларды кабыл алуу, берүү боюнча үзгүлтүксүз ишин гарантиялаган мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш. Банкоматты өз учурунда инкассациялоо жоопкерчилиги эквайерге же эквайер аны менен инкассациялоо операцияларын аткарууга келишим түзгөн уюмга жүктөлөт. 

65. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо ФКУ кеминде эки адамдан турган касса кызматкерлери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү, ошондой эле ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгүн/пломба басылгандыгын текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.  

66. Банкоматтын кассетасынан нак акча каражаттарын алуу/кассетаны толтуруу, ФКУнун кеминде эки адамдан турган касса кызматкерлери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү, ошондой эле ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгүн/пломба басылгандыгын текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Банкоматтан алынган акча каражаттарын бирден барактап санаганда ашык же кем чыккан учурда, эки нускада акт түзүлөт. 

66. Аралыкта орнотулган жабдуудан айкын алынган нак акчанын суммасы тууралуу маалымат кагаз бетине басылып чыгарылууга тийиш.  

67. Банкоматты инкассациялоо инкассаторлор же эквайердин касса кызматкери тарабынан коопсуздукту жана нак акча салынган кассеталардын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында банкоматтарды тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт. 

67. Аралыкта орнотулган жабдуунун ишине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле анын акча каражаттары менен толтурулушун камсыздоо ФКУ өзү жана/же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматы тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде катышуучуларга инкассация жүргүзүү жөнүндө маалымдоо убактысы жана тартиби каралууга тийиш.  

68. Банкоматты инкассациялоодо ал ачылган учурга карата банкоматтагы акча каражаттар калдыгы жөнүндө отчетту жана банкоматка акча белгилери менен жаңы кассеталар жүктөлгөнү жөнүндө отчетту банкоматтан милдеттүү түрдө басып чыгаруу зарыл. Бул отчетторго инкассация жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш. 

68. Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо жол-жобосу инкассациялоо учуруна карата аралыкта орнотулган жабдуудагы акча каражаттарынын суммасы тууралуу отчетту жана аралыкта орнотулган жабдууга жаңы акча каражаттарын жүктөө операцияларын тастыктаган отчетту аралыкта орнотулган жабдуудан милдеттүү түрдө басып чыгаруу менен, аралыкта орнотулган жабдууларды инкассациялоо үчүн ачкычтарды/паролдорду сактоо жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салган нормалар менен коштолууга, ошондой эле алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик белгиленүүгө тийиш. Бул отчетторго инкассация жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш.  

69. Банкоматты инкассациялоо жол-жобосунда милдеттүү түрдө банкоматтарды инкассациялоо үчүн ачкычтарды/паролдорду сактоо жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салган нормалар камтылууга, ошондой эле алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик белгиленүүгө тийиш. 

69. Кассеталарды ачуу кассеталардагы пломбанын бүтүндүгүн алдын ала текшерүү менен жүргүзүлүүгө тийиш. Кассеталардагы акча белгилерин бирден барактап саноо тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен кеминде эки касса кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Аралыкта орнотулган жабдуулардан алынган нак акча белгилерин бирден барактап кайра эсептеп чыгууда суммасы ашыкча, кем чыккан шартта, эки нускада кайра эсептеп чыгуу актысы түзүлөт. 

§ 4. Кэш-ин терминалын инкассациялоого карата минималдуу талаптар 

 

70. Кэш-ин терминалын инкассациялоо анын ээсинин касса кызматкерлери же инкассациялоо жөнүндө келишим түзүлгөн инкассатордук кызмат/уюм аркылуу жүргүзүлөт. 

 

71. Анын акча белгилери менен толтурулушун кошо алганда, кэш-ин терминалынын ишине мониторинг, кэш-ин терминалынын ээси же аны менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде процессинг борбору тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде кэш-ин терминалдын ээсинин анын абалы жана инкассация жүргүзүү убактысы жана тартиби каралуусу абзел. 

 

72. Кэш-ин терминалын инкассациялоо өз убагында, анын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш. Кэш-ин терминалын өз убагында инкассациялоо үчүн жоопкерчилик анын ээсине же ал инкассациялоо боюнча операцияларды аткарууга келишим түзгөн уюмга жүктөлөт. 

 

73. Кэш-ин терминалды инкассациялоо инкассаторлор же терминал ээсинин касса кызматкерлери тарабынан коопсуздукту жана нак акча каражаттардын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында кэш-ин терминалдарын тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт. 

 

74. Кэш-ин терминалынан алынган нак акча суммасы жөнүндө маалымат кагаз бетине басылып чыгарылууга тийиш. 

 

75. Кассеталардагы пломбанын бүтүндүгүн алдын ала текшерүү менен кэш-ин терминал кассеталарын ачуу, ошондой эле кассеталардагы нак акчаны бирден барактап саноо тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен кеминде эки касса кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

76. Кэш-ин терминалынан алынган нак акчаларды бирден барактап кайра эсептеп чыгууда суммасы ашыкча же кем чыккан шартта, эки нускада кайра эсептеп чыгуу актысы түзүлөт. 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдары кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 

8-тиркеме 

______________________________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

20__-жыл үчүн кассалык жүгүртүү баалуулуктарын жана башка баалуулуктарды эсепке алуу 

КИТЕБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-13/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Башталган 20__-ж. "__" __________ 

Аяктаган 20__-ж. "__" __________ 

Бул китептеги жазуулар аны толук пайдаланып бүткөнгө чейин жүргүзүлөт 

20__-ж. ____________ айы 

Банк кассасындагы акча каражаттары 

Эсептин 

№№ 

____________ калдык 

____________ калдык 

Улуттук валюта 

  

Валюта түрү 

Суммасы 

Валюта түрү 

Суммасы 

КИРИШ 

  

  

  

  

  

  

  

ЧЫГЫШ 

  

  

  

  

  

  

  

КАЛДЫГЫ 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жетекчи 

  

__________________ 

Кол тамгасы 

_________________ 

Кол тамгасы 

Башкы бухгалтер 

  

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________ 

Кол тамгасы 

Касса башчысы 

  

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

Күбөлөндүргөн жазуу 

Жыйынтыгында бул китепте номерленген жана көктөлгөн барактар камтылган 

_____________________________________________________ 

_____________________________________________________ 

(саны жазуу менен көрсөтүлөт) 

№ _____ тартып № ______ чейин кошо алганда 

Жетекчи 

Башкы бухгалтер (бухгалтер) 

Касса башчысы 

20__-ж. "__" _________ 

 

 

«Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында 

жана банктык эмес  

финансы-кредит уюмдары 

кассалык операцияларды  

ишке ашыруу боюнча  

минималдуу талаптар 

жөнүндө» жобого карата 

8-тиркеме 

_____________________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

20__-жыл үчүн кассалык жүгүртүү баалуулуктарын жана башка баалуулуктарды эсепке алуу 

КИТЕБИ 

(Башталган 20__-ж. «__» __________ 

Аяктаган 20__-ж. «__» __________ 

Бул китептеги жазуулар аны толук пайдаланып бүткөнгө чейин жүргүзүлөт 

20__-ж. ____________ айы 

 

КҮНДҮН БАШТАЛЫШЫНА КАРАТА БАНКТЫН КАССАСЫНДАГЫ АКЧА КАРАЖАТТАР 

Эсептин 

№№ 

____________ калдык 

____________ калдык 

Улуттук валюта 

  

Валюта түрү 

Суммасы 

Валюта түрү 

Суммасы 

КИРИШ 

  

  

  

  

  

  

  

ЧЫГЫШ 

  

  

  

  

  

  

  

КҮНДҮН АЯКТАГАНДАГЫ КАЛДЫК 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жетекчи 

  

_________________ 

Кол тамгасы 

_________________ 

Кол тамгасы 

Башкы бухгалтер 

  

_________________ 

Кол тамгасы 

_________________ 

Кол тамгасы 

Касса башчысы 

  

_________________ 

Кол тамгасы 

_________________ 

Кол тамгасы 

__________________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

Күбөлөндүргөн жазуу 

Жыйынтыгында бул китепте номерленген жана көктөлгөн барактар камтылган 

_____________________________________________________ 

_____________________________________________________ 

(саны жазуу менен көрсөтүлөт) 

№ _____ тартып № ______ чейин кошо алганда 

Жетекчи 

Башкы бухгалтер (бухгалтер) 

Касса башчысы 

20__-ж. «__» _________ .