Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыккан.  

Токтом долбоорунун максаты эсеп ачуусуз акча которуу системаларынын катышуучуларына жана операторлоруна карата акча которуулар жөнүндө маалыматты сунуштап туруу боюнча талаптарды белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин Улуттук банк менен төлөм системаларынын катышуучуларынын ФАТФнын сунуштарына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарга тиешелүү маселелер боюнча өз ара иш алып баруу талаптарын иштеп чыгуу саналат.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору эсеп ачуусуз акча которуу системаларынын банк-катышуучуларына жана акча которуу системаларынын операторлоруна карата акча которуулар жөнүндө маалыматты сунуштап туруу боюнча талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан, ошондой эле Улуттук банктын төлөм системаларынын катышуучулары менен ФАТФнын сунуштарына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарга тиешелүү маселелер боюнча өз ара иш алып баруу бөлүгү жеткире иштелип чыккан.  

Алсак, 3.2-пунктун кошумча талап менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык оператор (резидент жана резидент эмес) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө талаптарды сактоого тийиш. 

4.6 жана 4.9-пунктуларда катышуучу аны өзүндө сактоого тийиш болгон акча которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтар тизмеги толукталган. 

6.6-пунктуна ылайык оператор Улуттук банктын жана/же катышуучунун талабы боюнча талап кылынган акча которуу боюнча операция жөнүндө, акча которууну жөнөтүүчү жана/же алуучу жөнүндө кеңири маалыматты сунуштап турууга тийиш. Бул пунктта акча которууну алуучу жана/же жөнөтүүчү тууралуу маалыматтар тизмеги да толукталган. 

Мындан тышкары Эрежелерди 1.8-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык Улуттук банк акча которуу системалары боюнча ишке ашырылган которуулар жөнүндө маалымат алуу максатында, эсеп ачуусуз акча которуу системаларынын банк-катышуучулары жана акча каражаттарын которуу системаларынын операторлору менен өз ара иш алып барууга, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелерин кошо алганда, акча которуулар боюнча маалыматты сунуштоого жана консультацияларды берүүгө укуктуу. 

6.7-пунктуна ылайык катышуучулар жана операторлор Улуттук банкка ай сайын белгиленген мөөнөттө ар бир которуу жөнүндө маалыматты (жөнөтүү күнү, валютасы, суммасы, пункту (өлкө, шаар, айыл) жана аны берүү пункту (өлкө, шаар, айыл)) сунуштап турууга тийиш.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык натыйжаларды жана коррупциялык кесепеттерди болжолдоо 

Бул токтом долбоорунун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Кароого сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Бул токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкердик субъекттеринин ишине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасын бекитүү тууралуу» токтомунун талабына ылайык бул токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынбайт, анткени сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүнү чектебейт.  

 

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ: 

Төраганын орун басары М.А. Момункулова 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «___»____________ 

№ _____________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6  

«Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелердин: 

- 1-главасы төмөнкү мазмундагы 1.8-пункт менен толукталсын: 

«1.8. Улуттук банк акча которуу системаларынын банк-катышуучуларынын жана акча которуу системаларынын операторлорунун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салат жана жүзөгө ашырат. 

Улуттук банк акча которуу системалары боюнча ишке ашырылган которуулар жөнүндө маалыматтарды алуу максатында, акча которуу системаларынын банк-катышуучулары жана акча которуу системаларынын операторлору менен өз ара иш алып барууну камсыз кылат, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелерин кошо алганда, акча которуулар боюнча маалыматтарды сунуштайт жана консультацияларды берет.»; 

- 3.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Акча которуу системалары боюнча кызматтарды сунуштаган оператор Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагындагы мыйзамдарга ылайык ишке ашырууга тийиш. 

Эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналса, Кыргыз Республикасынын банктары менен акча которуу системасында катышуу боюнча келишим түзүүдө банктар жана операторлор акча которуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзам талаптарына таянууга тийиш.»; 

- 4.6-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) акча которуунун жыйынтыгында алуучуга төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасы жана валютасы жөнүндө;»; 

- 4.9-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Катышуучу ар бир акча которуу, ошондой эле бир нече которуу бир файлдар топтомуна бириктирилген учурда, файлдар топтому боюнча тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана ошол акча которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, туулган жери, жашаган жеринин дареги (катталган, келген жери), паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, которуу суммасы (сан жана жазуу жүзүндө) жана башка маалыматтарды төлөм документтерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык сактоого тийиш.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) чек ара аркылуу өтүүчү которууга тиешелүү жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын өзүндө сакталышын камсыз кылуу (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, туулган жери, жашаган жеринин дареги (катталган, келген жери), паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери);»; 

- 6.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Катышуучу да өз автоматташтырылган банктык системасында акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты сактоого тийиш.»; 

- 6.6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6. Оператор Улуттук банктын жана/же катышуучунун талабы боюнча ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, суроо-талап келип түшкөндөн кийин 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде, суралып жаткан акча которуу операциясы жөнүндө, акча которууну жөнөтүүчү жана/же алуучу тууралуу кеңири маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, туулган жери, жашаган жеринин дареги (катталган, келген жери), паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, которуу суммасы (сан жана жазуу жүзүндө) жөнүндө маалыматтарды бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү.». 

- Эрежелердин 6-главасы төмөнкү мазмундагы 6.7-пункт менен толукталсын: 

«6.7. Катышуучу жана оператор, ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Улуттук банкка акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган бардык операциялар боюнча маалыматты 3-тиркемеге ылайык сунуштап турууга тийиш.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

« 

 

 

Кыргыз Республикасында  

акча которуулар системаcына 

тиешелүү акча которууларды 

жүзөгө ашыруу  

боюнча эрежелерге карата  

3-тиркеме 

 

№ 

Күнү  

Валютасы 

Суммасы 

Жөнөтүү пункту 

Берүү пункту 

өлкө  

шаар 

айыл 

өлкө 

шаар 

айыл 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

».