Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен коммерциялык банктардын кредиттерди берүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. Алсак, долбоор менен кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоону аныктоо жана бир катар талаптарды белгилөө сунушталган.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, анда жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясын кампага сактоону жүзөгө ашыруучу товардык кампалардын иштешинин укуктук жана уюштуруучулук шарттары белгиленгендигине, ошондой эле жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн жана кош кампа күбөлүктөрүн жана анын айрым бөлүктөрүн (кампа жана күрөө күбөлүктөрүн) чыгаруу (берүү), жүгүртүү, алмаштыруу жана жоюу учурунда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлу № 377 «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому кабыл алынышына байланыштуу, ошондой эле кампа күбөлүктөрүн күрөө катары кабыл алуу менен кредит берүү системасын өнүктүрүү максатында ушул долбоор иштелип чыкты. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында кампа күбөлүктөрүн күрөө катары кабыл алып, коммерциялык банктардын кредиттерди берүү талаптары каралган эмес.  

Ушуга байланыштуу кампа күбөлүктөрүн күрөө катары кабыл алып кредиттерди берүүдө тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында төмөнкүлөргө карата минималдуу талаптарды белгилөө сунушталат: 

- кампа күбөлүгүн чыгаруу (берүү) менен продукцияларды кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товардык кампага); 

- карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн документтерге; 

- чейрек сайын айыл чарба продукциясына сезондук баанын өзгөрүүсүнө көз салуу, күрөө менен камсыздалган продукциянын (товарга) наркына баалардын өзгөрүүсүнүн тийгизген таасирин талдоого; 

- кампа күбөлүктөрүн күрөө катары кабыл алып каржылоонун алкагында камсыздалган активдердин классификациясына; 

- күрөөлүк камсыздоонун сапатын баалоо үчүн документтерге. 

Ошентип, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыгын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибине. 

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. 

  

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча маалымат 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат.   

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт. 

  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат 

Сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн (тиркелген). 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор   

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ___ ___________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун: 

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) кармоочуларына берилген кредиттер. Берилген кредиттин мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.»; 

- 25-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банкка зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн башка документтерди (контрактылар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.).»; 

- 30-пунктунун 4-пунктчасынын жыйырма алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде 100 000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш. Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл;» 

- 63-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо берилсе, банк эң аз дегенде чейрек сайын айыл чарба продукциясына болгон баанын сезондук өзгөрүүсүнө көз салууга, күрөө менен камсыз кылынган продукцияга (товарга) баалардын өзгөрүүсүнүн тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.3-пунктунун 4.3.2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге таандык бардык мүнөздөмөлөргө ээ болгон;  

- контракттык каржылоонун (мисалы, каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.) жана кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон активдер;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин: 

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Фондулук биржалардын, анын ичинде эл аралык биржалардын листингине кирген, өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн жогорку рейтингге ээ жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды, ошондой эле кош кампа күбөлүгүнүн бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаздарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын эмитенттери-резидент эместери тарабынан чыгарылган жана жеке адамдардын ээлигинде турган жана/же жогорку рейтингге ээ болбогон депозитарийлерде сакталган жөнөкөй жана которулма векселдерди кошуу менен документтик, документтик эмес баалуу кагаздар»; 

- 14-пунктунун: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар күрөөлүк мүлк катары кабыл алына турган болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүүдө күрөөлүк мүлктүн курамын жана накта формасын күрөө коюучу төмөнкү шарттарда гана өзгөртө алары көрсөтүлүүгө тийиш:»; 

- «б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар менен гана камсыздалышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Эгерде, күрөөгө сунушталып жаткан жүгүртүүдөгү товарлар, ошондой эле кош кампа күбөлүгүн берүү менен товар кампасында сактоого алынган товарлар сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналса (күрөө коюучунун өзү өндүрбөсө), товарларды сатып алууга контрактылардын (сатып алуу-сатуу келишимдери) жана башка документтердин (коштомо кагаздар, инвойстор, сертификаттар, төлөм документтери, индоссамент), же болбосо күрөө коюучунун менчик укугун тастыктаган башка документтердин болушу зарыл.». 

 

 

Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен кредиттерди берүү тууралуу 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА  

 

№ 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо 

1.  

4. Ушул жобонун максатында кредит дегенден улам, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди, анын ичинде факторинг, лизинг жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерди түшүнүүгө болот. Чек аралык кредиттер деп резиденттерге/резидент эместерге, алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана жүргүзүшкөн иштерин каржылоо үчүн берилген кредиттерди түшүнүү зарыл, мында, резидент/резидент эмес деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган түшүнүккө дал келет. 

Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл. 

4. Ушул жобонун максатында кредит дегенден улам, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди, анын ичинде факторинг, лизинг жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерди түшүнүүгө болот. Чек аралык кредиттер деп резиденттерге/резидент эместерге, алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана жүргүзүшкөн иштерин каржылоо үчүн берилген кредиттерди түшүнүү зарыл, мында, резидент/резидент эмес деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган түшүнүккө дал келет. 

Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл. 

Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) кармоочуларына берилген кредиттер. Берилген кредиттин мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. 

2.  

25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш: 

…… 

- банкка зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн башка документтерди (контрактыларды, келишимдерди, сунуштама каттарды ж.б.). 

…… 

25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш: 

……. 

- банкка зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн башка документтерди (контрактылар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.). 

…… 

3.  

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

…… 

4) камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банк кызматкери карыз алуучу кредиттин кайтарылбай калышы тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш.  

…… 

Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш.  

…… 

 

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

……. 

4) камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банк кызматкери карыз алуучу кредиттин кайтарылбай калышы тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш.  

….. 

Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш. Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл; 

…… 

4.  

63. Банк бир айда кеминде бир жолу (ай ичинде чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу 5 жана андан жогору пайызга өзгөргөн шартта - токтоосуз) валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушар болгон кредиттерге чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн сомго карата таасир этүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнөн мүмкүн болуучу жоготууларды (чыгымдарды), анын карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш. 

63. Банк бир айда кеминде бир жолу (ай ичинде чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу 5 жана андан жогору пайызга өзгөргөн шартта - токтоосуз) валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушар болгон кредиттерге чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн сомго карата таасир этүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнөн мүмкүн болуучу жоготууларды (чыгымдарды), анын карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш. Эгерде кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо берилсе, банк эң аз дегенде чейрек сайын айыл чарба продукциясына болгон баанын сезондук өзгөрүүсүнө көз салууга, күрөө менен камсыз кылынган продукцияга (товарга) баалардын өзгөрүүсүнүн тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

 

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобо 

5.  

4.3.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди көзөмөл алдында турган активдер деп саноого болот: 

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.); 

…… 

4.3.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди көзөмөл алдында турган активдер деп саноого болот: 

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге таандык бардык мүнөздөмөлөргө ээ болгон;  

- контракттык каржылоонун (мисалы, каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.) жана кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон активдер; 

…… 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартиби 

6.  

7. Банктар/ФКУдер кредит боюнча күрөөлүк камсыздоонун ар кандай түрлөрү менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган, камсыздоолордун ар кандай түрлөрүнө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди ачып көрсөткөн ички ченемдик документтерди милдеттүү түрдө иштеп чыгууга тийиш. 

Банктарга/ФКУдерге күрөөлүк камсыздоо катары төмөнкүлөрдү кабыл алууга тыюу салынат: 

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган, бирден-бир күрөөлүк камсыздоодон болгон жүгүртүүдөгү товарлар; 

- Кыргыз Республикасынын эмитенттери - резидент эместери тарабынан чыгарылган жана фондулук биржалардын, анын ичинде эл аралык биржалардын листингине кошулган, өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн жогорку рейтинге ээ, жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды эске албаганда, жеке адамдардын ээлигинде турган жана/же жогорку рейтинге ээ болбогон депозитарийлерде жайгашкан жөнөкөй жана которулма векселдерди кошо алганда, документте чагылдырылган, документте чагылдырылбаган баалуу кагаздар; 

- тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген, оффшордук аймактарда катталган жана/же жайгаштырылган активдер. 

7. Банктар/ФКУдер кредит боюнча күрөөлүк камсыздоонун ар кандай түрлөрү менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган, камсыздоолордун ар кандай түрлөрүнө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди ачып көрсөткөн ички ченемдик документтерди милдеттүү түрдө иштеп чыгууга тийиш. 

Банктарга/ФКУдерге күрөөлүк камсыздоо катары төмөнкүлөрдү кабыл алууга тыюу салынат: 

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган, бирден-бир күрөөлүк камсыздоодон болгон жүгүртүүдөгү товарлар; 

- Фондулук биржалардын, анын ичинде эл аралык биржалардын листингине кирген, өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн жогорку рейтингге ээ жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды, ошондой эле кош кампа күбөлүгүнүн бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаздарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын эмитенттери-резидент эместери тарабынан чыгарылган жана жеке адамдардын ээлигинде турган жана/же жогорку рейтингге ээ болбогон депозитарийлерде сакталган жөнөкөй жана которулма векселдерди кошуу менен документтик, документтик эмес баалуу кагаздар; 

- тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген, оффшордук аймактарда катталган жана/же жайгаштырылган активдер. 

7.  

14. Эгерде жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар күрөөлүк мүлк катары кабыл алына турган болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүү учурунда күрөөлүк мүлктүн курамын жана накта формасын күрөө коюучу төмөнкү шарттарда гана өзгөртө алаары белгилениши зарыл: 

а) анын ликвиддүүлүгү, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктүн жалпы наркы күрөө келишиминде көрсөтүлгөн нарктан аз болбогон болсо; 

б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар менен гана камсыз кылынышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт. 

14. Эгерде жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар күрөөлүк мүлк катары кабыл алына турган болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүүдө күрөөлүк мүлктүн курамын жана накта формасын күрөө коюучу төмөнкү шарттарда гана өзгөртө алары көрсөтүлүүгө тийиш: 

а) анын ликвиддүүлүгү, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктүн жалпы наркы күрөө келишиминде көрсөтүлгөн нарктан аз болбогон болсо; 

б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар менен гана камсыз кылынышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт. 

8.  

15. Эгерде, күрөөгө сунушталып жаткан жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналса (күрөө коюучу аларды өзү өндүрбөсө), товарларды сатып алууга контрактылардын (сатып алуу-сатуу келишимдери) ж.б. документтердин (накладнойлордун, инвойстордун, сертификаттардын, төлөм документтеринин), же болбосо күрөө коюучунун менчикке укугун тастыктаган ж.б. документтердин болушу зарыл. 

15. Эгерде, күрөөгө сунушталып жаткан жүгүртүүдөгү товарлар, ошондой эле кош кампа күбөлүгүн берүү менен товар кампасында сактоого алынган товарлар сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналса (күрөө коюучунун өзү өндүрбөсө), товарларды сатып алууга контрактылардын (сатып алуу-сатуу келишимдери) жана башка документтердин (коштомо кагаздар, инвойстор, сертификаттар, төлөм документтери, индоссамент), же болбосо күрөө коюучунун менчик укугун тастыктаган башка документтердин болушу зарыл.