«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) ачык валюта позицияларынын эсептөө тартибин аныктоо жана алар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышын контролдоо, «ислам терезесине» ээ ислам банктары жана банктар тарабынан баалуу металлдар түрүндө ачык позицияны эсептөө тартибин аныктоо максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» нускоо тууралуу токтомунда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган

Мындан тышкары, анда төмөнкүлөр каралган: 

- баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдоону уюштурууга карата талаптарды белгилөө

- баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттерин, «ислам терезесине» ээ банктар жана ислам банктары тарабынан баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттеринин сакталышына карата талаптарды белгилөө

 

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди болжолдоо 

Бул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары мыйзам) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери»  

4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча өз ишин жүзөгө ашырган банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата ушул мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдери ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. Мында, «Банк иши жана банк операциялары» 111-беренесинин  

6-пунктуна ылайык, Улуттук банк ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин тизмесин жана аларды жүргүзүү тартибин белгилөөгө укуктуу.  

Мындан тышкары, жөнгө салуу вариантынын аткарылышын талдап-иликтөө Улуттук банк тарабынан долбоорду колдонууга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар мыйзамда жөнгө салынгандыгын тастыктайт. «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» мыйзамынын «Ушул мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер» 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча ыйгарым укук берилген банктардын иш-аракети ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Долбоордун кабыл алынышы кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

аталган токтомдун аталышы жана 1-пункту «ачык валюта позициясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициянын» деген сөздөр менен толукталсын;  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» нускоонун: 

аталышы «ачык валюта позициясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Ушул Нускоонун максаты болуп ачык валюта позициясын эсептөө тартибин аныктоо жана ислам банктары жана «ислам терезесине» ээ (мындан ары банктар), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) чет өлкө валютасындагы операцияларды жүзөгө ашыруу жана баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алышкан банктар тарабынан ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициянын (мындан ары ачык позиция) лимиттеринин сакталышын контролдоо саналат. Улуттук банктын максаттарын ишке ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн, Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул Нускоодо белгиленген ачык позиция лимиттеринин маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн.»; 

 

- 1.3-пунктунун «валюта тобокелдигин» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.4. Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат:  

Валюта тобокелдиги банк ошол валюта боюнча ачык валюта позициясына ээ болуп турган шартта, валюта курсу алгылыксыз өзгөргөн учурда, банктын чет өлкө валютасында туюндурулган талаптарынын (активдеринин)/милдеттенмелеринин наркы өзгөрүүсүнүн натыйжасында анын чыгымга учурап калуу тобокелдиги. Валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда валюталык позиция пайда болот жана ал банктын валюта тобокелдигине дуушарлануу даражасынын көрсөткүчү болуп саналат. 

Валюта операциялары бул чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу (конвертациялоо), алмаштыруу менен байланышкан бүтүмдөр, ошондой эле алардын натыйжасында чет өлкө валютасында туюндурулган талаптардын (активдердин) же болбосо милдеттенмелердин көлөмү өзгөргөн башка операциялар. 

Таза позиция нумизматикалык (коллекциялык) монеталарды кошпогондо, банктын айрым чет өлкө валютасында жана өзүнчө ар бир баалуу металл түрү боюнча (алтын, күмүш) баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптары (активдери) менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма. 

Ачык позиция бул, банктын чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө талаптарынын (активдеринин) жана банктын ошол эле чет өлкө валютасында/баалуу металлдын ошол эле түрүндө милдеттенмелеринин дал келбей калышы, ал эми барабар болгон учурда, позиция жабык болуп саналат. 

Ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык позиция өзүнчө эсептелет.  

Банктын ачык валюта позициясы (банктын тиешелүү валютадагы/тиешелүү баалуу металл түрүндөгү талаптары (активдери) анын ошол эле валютадагы/баалуу металлдын ошол эле түрүндө милдеттенмелеринен ашкан болсо) узун же (милдеттенмелер талаптардан (активдерден) ашкан учурда) кыска болушу мүмкүн. Узун валюта позициясы «+» белгиси, ал эми кыска валюта позициясы «-» белгисинде чагылдырылат. 

Суммардык позиция бул, банктын ушул Нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасын пайдалануу менен эсептелген, бардык чет өлкө валюталары же баалуу металл түрлөрү боюнча таза валюта позицияларынын суммасы.  

Ачык позиция лимиттери бул, банктын таза суммардык капиталына карата ачык валюта позицияларынын пайыздык катышында туюндурулган, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөр (ар бир чет өлкө валютасы/баалуу металлдын ар бир түрү боюнча жана суммардык). Ачык позиция лимиттери үтүрдөн кийин эки ондук белгиге чейин тегеректөө аркылуу пайыздарда эсептелинет.  

Банктын таза суммардык капиталы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептелинет.  

Ушул Нускоонун максаттарында ачык валюта позицияларынын лимиттерин эсептөөдө, ар бир айдын 1 (биринчи) күнүнө карата банктын таза суммардык капиталынын мааниси пайдаланылат.»; 

 

- II бөлүктүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын;  

 

- 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:  

«- баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча таза позициялар; 

- баалуу металл түрүндөгү суммардык позицияны.»; 

 

- 2.2 жана 2.3-пунктулары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Таза валюта позициялары ар бир чет өлкө валютасы жана баалуу металл түрү боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары эсептелинет:  

- банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө таза спот-позиция. Бул өлчөм валюталоо күнүн 2 күнгө чейинки бүткөрүлбөгөн «спот» контракттарды кошо алганда, баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелинет. Эсептешүү активдердин жана милдеттенмелердин таза баланстык наркы боюнча жүргүзүлөт;  

- ошол эле валютада/баалуу металлдын ошол эле түрүндө камсыз кылынган гарантияларды, аккредитивдерди жана ошол сыяктуу финансылык инструменттерди эске албаганда, банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө номинацияланган кайтарылып алынгыс гарантиялар, аккредитивдер жана ошол сыяктуу финансылык инструменттер. Ушул нускоонун максаттарында финансылык инструменттер дегенден улам, банктын векселдик тапшырмаларын (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган башка милдеттенмелерин түшүнүү зарыл. Финансылык инструменттерге кредиттик линиялар кирбейт. 

Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер жана ошол сыяктуу финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) милдеттенме боюнча акчалай сумманы төлөө талабын койгон же банк көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча төлөө талабынын коюлушу ыктымалдуулугу документ түрүндө тастыкталган маалыматтарды алган учурдан тартып, таза валюта позициясын эсептөөгө кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы (аткарууну кечиктирип жаткандыгы) жөнүндөгү каты, таза валюта позицияларын эсептөөгө гарантияларды кошуу үчүн негиз болуп саналат;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/тартылган жана өзүндө валюта тобокелдигин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди алып жүргөн чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү башка баланстык жана баланстан тышкаркы активдер/милдеттенмелер.  

2.3. Валюта операциялары жана баалуу металлдар менен операциялар мудараба жана шарика/мушарака контракттарында негизделген операцияларды эске албаганда, бүтүмдөргө келишүү күнү валюта позициясын эсептөөдө кошулат (анын ичинде бүтүмгө келишкен күн болуп саналбаган, келечектеги валюталоо күнүн камтыган операциялар). 

Мудараба жана шарика/мушарака келишимдерине негизделген чет өлкө валютасындагы бүтүмдөр, банк тарабынан чет өлкө валютасындагы суммалар алынган/берилген күнү таза позицияны эсептөөгө кошулат. Ушул бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган пайда же чыгым, алар айкын келип чыккан учурда таза позицияны эсептөөгө кошулат.»; 

 

- 2.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Баалуу металл түрүндөгү таза позицияларды эсептөөдө:  

- нак эмес формада баалуу металлдар сандык мааниде Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан белгиленген кечки фиксинг боюнча эсепке алуу күнүнөн мурдагы күнү Улуттук банктын отчеттук күнгө карата кросс-курс аркылуу белгиленген АКШ долларынын сомго карата расмий курсу менен эсептелинет;  

- айкын формадагы баалуу металлдар сандык мааниде банктын эсепке алуу саясатында белгиленген эсептик курс боюнча эсептелинет.»; 

 

- 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Суммардык позиция «short hand» ыкмасын колдонуу менен эсептелинет, башкача айтканда, ар бир валюта/баалуу металлдын ар бир түрү боюнча бардык узун таза позицияларды жана кыска таза позицияларды өз-өзүнчө суммасын чыгаруу аркылуу эсептелинет. Андан кийин алынган өлчөмдөр (абсолюттук өлчөмдө) өз ара салыштырылып, эки өлчөмдүн ичинен көбүрөөгү суммардык позициянын лимитин эсептөөдө пайдаланылат.»;  

 

- III бөлүктүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

 

- III бөлүк төмөнкү мазмундагы 3.1.3-пунктча менен толукталсын: 

«3.1.3. Баалуу металлдар менен жүргүзүлгөн сатуу-сатып алуу операцияларын жөнгө салуу максатында, Улуттук банк банктар үчүн баалуу металл түрүндөгү суммардык ачык позиция лимитин белгилейт: 

а) операциялык күндүн акырына карата ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык узун/кыска позициялардын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15 пайызынан ашпоого тийиш;  

б) операциялык күндүн акырына карата баалуу металлдар түрүндө суммардык позициянын чогуу алгандагы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

 

- 3.2 жана 3.3-пунктуларындагы «валюта» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 3.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.4. Ачык валюта позицияларынын өлчөмү операциялык күн ичинде валюта тобокелдигинин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктердин жол берилген деңгээлине жеке баа берүүгө жараша банк тарабынан өз алдынча контролго алынат. Мында банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдикти тескөө боюнча ички саясатына ылайык, тобокелдиктердин өлчөмүн күн ичинде кармап турууга тийиш.»; 

 

- 3.5-пунктундагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

 

- 3.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6. Эгерде банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс же нөлгө барабар болсо, анда банк ар бир валюта/ар бир металл түрү боюнча таза позицияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) ылайык келтирүүгө тийиш.»;  

 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 3.7-пункт менен толукталсын: 

«3.7. Банкта жооптуу сактоодо жана күрөө катары турган баалуу металлдар банктын милдеттенмелери болуп саналбайт жана баалуу металлдар түрүндөгү ачык позицияны эсептөөгө кошулбайт.»; 

 

- 4.1-пунктундагы: 

«валюталык» деген сөз алынып салынсын; 

«1- жана 2-» деген сөздөр «3- жана 4-» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. Банк бардык филиалдары, туунду банктар жана алмашуу пунктулары боюнча маалыматтарды эске алуу менен ачык позициялар боюнча төмөнкү отчетторду даярдап берүүгө тийиш: 

- ислам каржылоо принциптерине ылайык чет өлкө валютасында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча отчет (1-тиркеме); 

- банктын чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчету (2-тиркеме); 

- ислам каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылган операциялар боюнча отчет (3-тиркеме); 

- банктын баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылган операциялары боюнча жыйынтыкталган отчету (4-тиркеме).»; 

 

- V бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«V. Банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилгендиги үчүн таасир этүү чаралары»; 

 

- 5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. Банк тарабынан ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилген учурда, Улуттук банк бузууга жол берилген суммадан 5% өлчөмүндө, бирок банктын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 1% ашпаган чекте, Улуттук банктын ченемдик актыларында каралган айыптык төлөм өндүрүү түрүндө чараларды колдонот.»; 

 

- 5.2-пунктундагы: 

«санкцияларды», «санкциялардын» деген сөздөр алынып салынсын; 

«башка санкцияларды» деген сөздөр «таасир этүү чараларын» деген сөздөр менен толукталсын; 

«нормативдик» деген сөз «ченемдик укуктук» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

 

- 5.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3. Банктын кандай болбосун жол менен отчеттордо реалдуу позицияларды чагылдыруудан качуусу, Улуттук банк тарабынан: 

- Улуттук банкты жаңылыштыкка алып келүүгө аракеттенүү

- алгылыксыз жана коопсуз эмес банктык тажрыйба; 

- реалдуу өлчөмүн бурмалоо максатында, валюта позицияны жаап жашыруу, б.а. алардын келип чыгышын жана жүргүзүлүшүн так идентификациялоого мүмкүн болбогон шектүү операцияларды ишке ашыруу жана/же бул операциялар банктын финансылык отчетуна жана анын экономикалык ченемдерине таасирин тийгизген катары каралат

- банк тарабынан туура эмес финансылык жана регулятивдик отчеттун берилиши. Мындай операциялар ачык позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт.»; 

 

- 5.5-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык позиция лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө таасир этүү чаралары банкка карата колдонулбайт.»;  

 

- 5.6 жана 5.7-пунктуларындагы «акчалай» жана «валюта» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 6.3-пункту менен толукталсын: 

«6.3. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдоо «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жободо белгиленген ченемдерге ылайык уюштурулат.»;  

 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

«3-тиркеме 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялар жөнүндө 20__-ж. ______ карата абал боюнча күндөлүк отчет 

_____-жылдын «1» _____ карата абал боюнча таза суммардык капитал: _______________ миң сом 

  

Баалуу металл түрү  

Эсептик курс 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %) 

Лимиттин нормадан четтөөсү (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар  

  

  

  

баланс 

баланстан тышкары 

  

  

сатуу 

сатып алуу  

 алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар: 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

 

4-тиркеме 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялар жөнүндө 20__-ж. ______ карата абал боюнча күндөлүк жыйынтыкталган отчет 

_____-жылдын «1» _____ карата абал боюнча таза суммардык капитал: _______________ миң сом 

 

  

Баалуу металл түрү  

Эсептик курс 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %) 

Лимиттин нормадан четтөөсү (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар  

  

  

  

баланс 

баланстан тышкары 

  

  

сатуу 

сатып алуу  

 алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар: 

  

  

  

  

  

  

  

  

».