Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) комиссиялык жана башка төлөмдөрдүн тизмесинин жана өлчөмүнүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун изилдөө, ошондой эле аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар кредиттерди берүүдө комиссиялык жана башка төлөмдөрдү белгилөөдө адилеттүү ыкманы камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталган долбоор аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Бул токтомго ылайык коммерциялык банктар тарабынан комиссиялык жана башка төлөмдөрдүн тизмесинин жана өлчөмүнүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун изилдөөгө, ошондой эле коммерциялык банктар тарабынан кредиттерди берүүнүн алкагында комиссиялык жана башка төлөмдөрдү белгилөөдө адилеттүү ыкманы камсыз кылууга кошумча талаптар белгиленет, мында Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 токтому менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого.  

Мындан тышкары, сунушталган долбоордо күрөөлүк камсыздоону баалоого карата талаптар белгиленет.  

Долбоорго ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилет: 

-Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого. 

 

3. Болушу мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди болжолдоолор 

Долбоорду кабыл алуу коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү болгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш.  

Ушуга байланыштуу долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

Сунушталып жаткан долбоордун жоболоруна баа берген учурда, анда коррупциялык факторлор аныкталган эмес.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Сунушталган долбоорду кабыл алуу каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын «__»__________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  

киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 23-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Көрсөтүлгөн учурда МФУ билдирмени карагандыгы үчүн кардардан белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу.»; 

- 24-пунктунун: 

экинчи пунктчадагы «...отуз» деген сөздөн кийин «календардык» деген сөз менен толукталсын;  

төртүнчү пунктчадагы «жана МФУнун макулдугу менен» деген сөздөрдөн кийин «комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы 24-1 пункт менен толукталсын: 

«24-1. Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө, МФУ аталган кардарларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо укугун сунуштайт: 

- кредиттик каражаттарды нак акчага айландырууда комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу; 

- Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен коммерцияылк банк ортосунда тейлөө шарттары тиешелүү келишимде белгиленген жана кардардын коммерциялык банкта ачылган эсептешүүүндөлүк) эсебине/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу. 

Мында жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарлар кредитти нак түрдө эле, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу. 

МФУ экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө, жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет.»; 

- 34-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи жана он экинчи пунктчалар менен толукталсын: 

«11) МФУнун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн, үч жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) сунуштоо милдети;  

12) эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, сот аркылуу гана күрөө предметинин эсебинен өндүрүү.»; 

- 36-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «зарылчылыгына жараша» деген сөздөр алып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи-он экинчи абзацтар менен толукталсын: 

«МФУ комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга; 

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык бекер сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

МФУ тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Кардар кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, МФУнун андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.»; 

- төмөнкү мазмундагы 39-1-пункту менен толукталсын: 

«39-1. Кредиттик келишимде карыз алуучунун финансылык отчетту жана/же кредитти максатка ылайык пайдалангандыгын тастыктоочу башка финансылык документтерди мезгил-мезгили менен берип туруусу каралууга тийиш. 

Эскертүү: Карыз алуучу кредитти максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, МФУ кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында МФУнун ички документтеринде карыз алуучунун жоопкерчилигине тиешелүү чаралар, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендерди көбөйтүү өлчөмдөрү боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген чектеги өлчөмдөн ашпоого тийиш.»; 

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Кредит боюнча камсыздоо катары кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөөгө коюлган мүлк эсептелген учурда, анда тараптардын колу коюлган жана кардардын күрөөлүк мүлктүн наркынан дооматтарды канааттандырууга артыкчылык укугун алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунда МФУнун укугун тастыктаган, күрөө жөнүндө келишим таризделет. 

МФУнун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:  

- МФУ карыз алуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу жөнүндө документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укугу) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда МФУ карыз алуучунун мал баккан жайынын, сарайынын аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу, анын малы бар экенине ынанат. Кардар кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл; 

- МФУ камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда тез сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; 

- МФУ өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат; 

- МФУ карыз алуучу сунуштаган мүлккө карата баа туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда МФУ камсыздоонун наркы төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш; 

- МФУ мүлктү камсыздоо катары эң аз дегенде карыз алуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу /кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо муктаждыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келет.»; 

- 1-тиркеменен II бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«II. Күрөө боюнча документтер 

14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (банктын кардарына тилди тандоо укугун берүү менен). 

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөсү (эгер болсо). 

16. Күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү жана күрөө жөнүндө келишим шарттарына макулдугу. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш. 

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөө коюу жөнүндө чечими. Кол коюуга укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

19. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгер болсо) кепилдик берүүгө макулдугу. 

20. Күрөө баалангандыгын тастыктаган, төмөнкү маалыматты камтыган документтер: 

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылдыгына жараша белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен); 

- бааланган күнү

- ким тарабынан бааланды; 

- баалоо ыкмасы. 

21. Күрөө келишим катталгандыгын тастыктоочу документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же МФУ каттоону талап кылса). 

22. Күрөөнү текшерүү актысы, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- күрөөнү текшерүү күнү

- күрөөнүн түрү;  

- күрөө бааланган күн; 

- баалоо ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан жери; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылдыгына жараша, белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен); 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен изилдеп туруу графиги. 

23. МФУнун көз карашы боюнча башка маалыматтар.»; 

- 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФУ кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөр) жана айыптык санкциялардын тизмеги  

 

МФУ кардарынын укуктары 

МФУ кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)  

Кредиттин суммасы 

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражатын алганга же лизинг алкагында мүлк үчүн төлөгөнгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда)  

Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар МФУ бекиткен тарифтерге ылайык кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) 

Келишимде МФУнун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган учурда, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм 

 Ссуда боюнча жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес түрдө жүргүзүлсө)  

 Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, МФУ кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

МФУнун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн 

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айыптык төлөм, туум) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөм, туум) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтому өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана башка МФУ тарабынан каралууга тийиш болгон объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо) 

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт  

 Башка чыгашалар  

  

_________ 

_________ 

_________ 

  

__________ 

_________ 

_________ 

(МФУнун кредит боюнча адисинин аты-жөнү

(кол тамгасы)  

үнү

  

(МФУ кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү)  

»; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 3.2.3-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: Катышуучунун кредитти максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, кредиттик союз кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде катышуучунун жоопкерчилигине тиешелүү чаралар, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендерди көбөйтүү өлчөмдөрү боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген чектеги өлчөмдөн ашпоого тийиш.»;  

- 5.2.2- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.2. Кредиттик келишимге кол коюуда, аны кайтарып алуу жагында келип чыгышы ыктымал болгон проблемаларды алдын алуу максатында, кредитти берүү жана кредиттин ордун жабуу боюнча бардык шарттарды тактоо зарыл.   

Катышуучу менен кредиттик келишим түзүүдө кредиттик союз катышуучуларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн берет:  

- кредиттик каражаттарды нак акчага айландырууда комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу;  

-  

Катышуучу менен коммерцияылк банк ортосунда тейлөө шарттары тиешелүү келишимде белгиленген жана катышуучунун коммерциялык банкта ачылган эсептешүүүндөлүк) эсебине/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу. 

Мында катышуучулар кредитти нак түрдө эле, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу.  

Кредиттик союз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө, жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет.”;  

- 5.2.6-пунктунун: 

тогузунчу абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союз билдирмени карагандыгы үчүн катышуучудан белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу.»; 

төмөнкү мазмундагы он экинчи-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:  

«- катышуучунун кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда жаңы төлөө графигин алуу укугу;  

- катышуучунун кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылуу укугу. Катышуучу кредиттик союзга кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана кат ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү;  

- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, мурдагы күрөөнү башка күрөөгө алмаштыруу, мында анын наркы кредиттик союздун ички документтеринин талаптарына ылайык жана кредиттик союздун макулдугу боюнча комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредит боюнча карыздын калган суммасын жабууга тийиш.  

- кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн, үч жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) сунуштоо милдети; 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, сот аркылуу гана күрөө предметинин эсебинен өндүрүү.»;  

- 5.2.7-пунктунун: 

экинчи абзацындагы “Зарыл учурларда” деген сөздөр алынып салынсын жана “кредиттик союз” деген сөз “Кредиттик союз” дегенге алмаштырылсын;  

төмөнкү мазмундагы алтынчы-он биринчи абзацтар менен толукталсын:  

«Кредиттик союз коммиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- катышуучу үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга; 

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык бекер сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

Кредиттик союз тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Катышуучу кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, Кредиттик союзга андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.»; 

- 6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.2. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын туруктуу контролдоо жана анын учурдагы наркында мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо максатында, кредиттик союз мезгил-мезгили менен(*) күрөө сакталып турган жайга жана жайгашкан жеринде барып мониторинг жүргүзүп туруусу зарыл. Мониторинг жүргүзүүнүн мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан анын кредиттик саясатына ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттин сапатына жана башка факторлорго жараша белгиленет. Мында, төмөнкү учурларга айрыкча көңүл буруу талап кылынат:   

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүүсү;  

- акыркы текшерүү учурунан тартып күрөөнүн ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү кандайдыр бир факторлордун орун алышы;  

- күрөөнүн сакталып турушун камсыз кылуу;  

(*) Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген кредиттин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде кредиттин мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары: 

- Кредиттик союз катышуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар  

экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу тууралуу документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда кредиттик союз катышуучунун мал баккан жайынын, сарайынын аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу, анын малы бар экенине ынанат. Катышуучу кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл; 

-кредиттик союз камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда ыкчам сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; 

- кредиттик союз өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат; 

-кредиттик союз катышуучу тарабынан сунушталган мүлккө баанын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Мында МФУ бул камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алуусу зарыл; 

- кредиттик союз мүлктү камсыздоо катары эң аз дегенде катышуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу /кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо муктаждыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келет.»;  

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашаларынын (төлөмдөр) жана айыптык санкциялардын тизмеги  

 

Кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары   

Кредиттик союздун катышуучусунун кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)   

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр  

Билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражатын алганга же лизинг алкагында мүлк үчүн төлөгөнгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда)  

Комиссиялык төлөм болгон учурда, алар кредиттик союз бекиткен тарифтерге ылайык, кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. 

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) 

Келишимде КСтин кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган учурда, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм 

 Ссуда боюнча жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес түрдө жүргүзүлсө)  

 Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө).  

Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кредиттик союз кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн 

Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айыптык төлөм, туум) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөм, туум) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын өз учурда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана КС тарабынан каралууга тийиш болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо)  

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. 

Башка чыгашалар  

   

_______________________________  

___________  

_________  

   

(Ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү)  

(кол тамгасы)  

үнү)  

   

   

_______________________________  

_____________  

_________  

(Кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү)  

(кол тамгасы)  

үнү)  

».