КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2008-жылдын 7-майы N 78 

Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2010-жылдын 3-мартындагы N 42, 2013-жылдын 4-июлундагы N 113, 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2018-жылдын 6-августундагы N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 114, 2023-жылдын 23-майындагы N 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 


Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банктарында, микрофинансылык компанияларда жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда жеке адамдардын аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоо системасынын ишинин укуктук ченемдерин түзүүгө багытталган. Депозиттерди коргоо системасы кепилденген учур келгенде ушул Мыйзамда каралган суммада жана ыкмаларда компенсацияларды берүү жолу менен банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларын коргоого, ошондой эле бүтүндөй каржы тутумунун туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган. Ушул Мыйзамда депозиттерди коргоо системасын, администирлөөнүн жана каржылоонун, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы боюнча көзкарандысыз Агенттигин түзүүнүн жана анын иштешинин укуктук негиздери аныкталган. 

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 


1-глава 

Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу мамилелер 

1) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын банктарында, микрофинансылык компанияларында жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда аманатчылардын депозиттерин (аманаттарын), турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) (мындан ары - депозиттерди) милдеттүү коргоо системасын (мындан ары - депозиттерди коргоо системасы) түзүү жана анын иштөөсү боюнча мамилелерди, Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана пайдалануу, кепилденген учурлар келгенде аманаттар боюнча компенсацияларды төлөп берүү, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, Улуттук банктын, мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы мамилелерди жана ушул чөйрөдө жаралган башка мамилелерди жөнгө салат. 

2. Ушул Мыйзам аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу үчүн жеке адамдардын депозиттерин коргоонун башка ыкмаларына жайылтылбайт. 

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу банктарга, микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга жайылтылат. Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык депозиттерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу башка каржы-кредиттик мекемелерге жайылтылбайт. 

4. Депозиттерди коргоо системасын түзүү жана анын иштешине байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

(КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

Банк - Кыргыз Республикасынын банк-резиденти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана Улуттук банк тарабынан лицензияланууга жаткан (лицензиясы бар) четөлкөлүк банктын филиалы. 

Банк-катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык банктардын реестрине кирүүчү банк. 

Банк-агент - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн Агенттик тарабынан тандап алынуучу банк. 

Турак жай-сактык кредиттик компания - айрым банк операцияларын жүргүзүүгө укук берүүчү Улуттук банктын лицензиясы бар, банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, анын иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарына (депозиттерге) топтоого жана аманатчыларга жекече курулуш үчүн жана турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу, анын ичинде мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган. 

Турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык турак жай-сактык кредиттик компаниялардын реестрине кирүүчү турак жай-сактык кредиттик компания. 

Микрофинансылык компания - акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган жана юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистешкен финансылык-кредиттик мекеме. 

Микрофинансылык компания-катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык микрофинансылык компаниялардын реестрине кирүүчү микрофинансылык компания. 

Депозит боюнча компенсация - кепилденген учур келгенде ушул Мыйзамга ылайык аманатчыга төлөнүп берилүүчү акча суммасы. 

Аманат (депозит) - бул Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар банк, микрофинансылык компания тарабынан кайтарып берүү шартында (бул шарттар толук же жарым-жартылай кайтаруу же көбүрөөк сумманы кайтаруу болжолдонгонуна карабастан) аманатчыдан алынган акчанын суммасы, ошондой эле жеке ишкердин эсептешүү же депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы. 

Турак жай-сактык аманаты (депозити) - турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылары турак жай-сактык кредиттик компаниянын эсебине салган жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчысынын турак жай шартын жакшыртууга багытталган улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасы (мындан ары бул Мыйзамда депозит деп да аталат). 

Депозиттик база - депозиттер түрүндө юридикалык жана жеке жактардын депозиттик эсебинде банкта же микрофинансылык компанияда жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы, ал эми турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн - компаниянын аманатчыларынын эсептеринде жайгаштырылган депозиттердин жалпы суммасы. 

Аманатчы - банкка, микрофинансылык компанияга же турак жай-сактык кредиттик компанияга депозитин салган жеке жак жана юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзүүчү, өз ишине байланыштуу банктык эсептерде же микрофинансылык компаниянын эсептеринде өз акча каражаттарын жайгаштырган жеке ишкер. 

Ушуну менен бирге турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчысы жекече курулуш үчүн, турак үй (батир) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредит алуу максатында турак жай-сактык кредиттик компаниянын эсебине акча салат. 

Мүчөлүк акылар - ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жана формада кирүүчү, адепки, календардык жана чукул мүчөлүк акылар түрүндө депозиттерди коргоо фондун түзүү үчүн багытталган акча каражаттары. 

Депозиттерди коргоо (депозиттерди коргоо системасы) - ушул Мыйзамда жөнгө салуучу укук мамилелеринин чөйрөсү

Кирүүчү мүчөлүк акы - ушул Мыйзамга ылайык депозиттерди коргоо системасына кошулуу үчүн жаңыдан түзүлгөн банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан чегерилген акча каражаттары. 

Адепки мүчөлүк акы - ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин, иштеп жаткан банктар тарабынан депозиттерди коргоо фондун түзүү үчүн ушул Мыйзамда аныкталган суммада, формада жана мөөнөттө чегерилген акча каражаттары. 

Календардык мүчөлүк акы - ушул Мыйзамга ылайык депозиттерди коргоо фондуна квартал сайын банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания - катышуучулар тарабынан чегерилген акча каражаттары. 

Чукул мүчөлүк акы - ушул Мыйзамга ылайык милдеттенмелерди жабуу үчүн каражаттар жетишсиз болуп калган шартта банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания - катышуучулар тарабынан депозиттерди коргоо фондусуна, календардык төлөмдөргө кошумча багытталуучу акча каражаттары. 

Жаңыдан түзүлгөн банк - ушул Мыйзамдын 43-беренесинин 1-пунктуна ылайык ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн банк. 

Жаңыдан түзүлгөн микрофинансылык компания - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн микрофинансылык компания. 

Иштеп жаткан банк - ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата банктык операцияларды жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясы бар банк (мындан ары - банк). 

Кепилденген депозит - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, кепилденген учур келгенде компенсацияланууга жаткан, банк-катышуучунун, микрофинансылык компания-катышуучунун жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучунун аманатчысынын депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаты. 

Банктардын реестри - депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын тизмеси. 

Микрофинансылык компаниялардын реестри - микрофинансылык компаниялардын - депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын тизмеги. 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын реестри - турак жай-сактык кредиттик компаниялардын - депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын тизмеги. 

Кепилдик учур - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, банкты же микрофинансылык компанияны, же турак жай-сактык кредиттик компанияны мажбурлап жоюу жол-жобосунун башталышы. 

Банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга байланышкан жактар - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген аныктамага ылайык. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары - Улуттук банк). 

Депозиттерди коргоо фонду - ушул Мыйзамда белгиленген мүчөлүк акылардын эсебинен түзүлгөн жана ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте депозиттерди коргоо боюнча Агенттик тарабынан башкарылуучу фонд. 

Жакын туугандар - жарандык мыйзамдарга ылайык мыйзам боюнча мураскерлердин биринчи жана экинчи кезектүүлүгүнө ылайык келген туугандар. 

Мөөнөтү өткөн кредиттер жана кепилдиктер - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарылыш мөөнөтү 5 же андан көп күнгө өтүп кеткен кредиттер же кепилдиктер жана аларга теңештирилген милдеттенмелер. 

Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты - ушул Мыйзам менен белгиленүүчү Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынын суммасына катышуучу-банктардын, катышуучу-микрофинансылык компаниялардын, катышуучу-турак жай-сактык кредиттик компаниялардын кепилденген депозиттеринин жалпы суммасына карата катыш катары эсептелип чыгарылуучу Депозиттерди коргоо фондунун жетиштүүлүк көрсөткүчүнүн багыты. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

3-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттикти түзүү жана анын негизги милдети жана иши 

1. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик (мындан ары - Агенттик) ушул Мыйзамга ылайык Өкмөт тарабынан түзүлгөн депозиттерди коргоо боюнча Агенттик - өзалдынча уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак. Агенттик ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктар, укуктар жана милдеттер берилген, пайда табууну көздөбөгөн, көзкарандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн Агенттиктин көзкарандысыздыгы чечимдерди кабыл алуудагы жана Агенттиктин бюджетин түзүүдөгү көзкарандысыздыгын билдирет. 

2. Агенттиктин укуктук абалы ушул Мыйзамда аныкталат. 

3. Агенттиктин негизги максаты Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын ишин камсыз кылуу болуп саналат. Ушул милдетти аткаруу үчүн Агенттик депозиттерди коргоо Фондунун активдерин башкарат, ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде аманатчыларга депозиттердин суммасын жана алар боюнча үстөк пайыздарды төлөп берет. 

4. Агенттик Кыргыз Республикасынын аймактарында өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу. 

5. Кыргыз Республикасы ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Агенттиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

6. Улуттук банк Агенттиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

7. Агенттик Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

8. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Агенттиктин ишине кийлигишүүгө укугу жок. 

 

2-глава 

Депозиттерди коргоо системасынын камтуу чөйрөсү 

4-берене. Ушул Мыйзамга ылайык корголууга жаткан депозиттер 

1. Ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 1000000 (бир миллион) сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет. 

2. Эгерде бул мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана кепилдиктер боюнча талаш-тартыштар же соттук териштирүүлөр болбосо, ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык аманатчыга төлөнүп берилүүгө тийиш сумма аманатчыга берилип, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин жана аманатчынын өтүнүчү боюнча банк же микрофинансылык компания тарабынан берилип, мөөнөтү өтүп кеткен кепилдиктердин суммасына азайтылат. 

3. Депозиттерге чегерилген, бирок төлөнүп берилбеген жана капиталдаштырылбаган үстөк пайыздар, кепилденген учур келген күнгө карата эсептелинет. Мындай үстөк пайыздарды чегерүү банктык аманат келишиминде, микрофинансылык компаниянын аманаттар келишиминде, ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниянын депозит келишиминде көрсөтүлгөн ставка боюнча жүзөгө ашырылат, бирок Улуттук банктын кепилдеген учур келген күнкү эсептик ставкасынан жогору болушу мүмкүн эмес. 

4. Кайсы гана аманатчыга болбосун ушул Мыйзамга ылайык компенсацияланып берилүүгө тийиш сумманы аныктоодо, Агенттик жоюучу менен бирдикте аманатчынын ошол банктагы депозиттеринин, ошондой эле аманатчынын ошол микрофинансылык компаниядагы жана ошол турак жай-сактык кредиттик компаниядагы депозиттеринин жалпы суммасын аныктайт. 

5. Аманатчынын депозити бар бир нече банк-катышуучуларга, микрофинансылык компания-катышуучуларга, турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларга карата кепилденген учур келип чыккан мезгилде, аманатчы компенсацияны ар бир банктан, микрофинансылык компаниядан, турак жай-сактык кредиттик компаниядан өзүнчө алууга укуктуу. Банктар, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар кошулуу же биригүү формасында кайра уюштурулган учурда, алар кайра уюшулган күндөн тартып 6 айдын ичинде депозиттер кайра уюшулган ар бир банк, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания боюнча өзүнчө кепилденген болуп эсептелет. 

6. Четөлкөлүк валютада кабыл алынган аманаттардын суммасы аманатчыга кепилденген учур келген күнгө карата Улуттук банк белгилеген курс боюнча улуттук валютада төлөнүп берилет. Кайсы бир валюта боюнча Улуттук банктын котировкасы (эсептик курсу) болбогон учурда, ушул валюта боюнча орточо курс кепилденген учур келген күнгө карата кросс-курс аркылуу аныкталат. 

7. Эгерде келишимдин негизинде депозит бир нече жеке адамдын атына салынган болсо (биргелешкен депозит), анда бул адамдардын ар бири эсепти ачуу макулдашуусунда (келишиминде) белгиленген үлүштө, ал эми келишимдик шарттар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тиешелүү эрежелер болбогон учурда - бирдей үлүштө аманатчы болуп саналышат. 

8. Ыктыярдуу жоюлуу (өзүнөзү жоюу) мажбурлап жоюуга өткөн учурда, эгерде ыктыярдуу жоюу учурунда төлөнүп берилген сумма ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, кандай гана негиз болбосун компенсациялоо жүргүзүлбөйт. 

9. Жоюлуп жаткан банктын же микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылардын алдындагы милдеттенмелери ушул Мыйзамга ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылган төлөө суммасына азаят. 

10. Мыйзамдуу өкүл банктык аманат келишиминде, микрофинансылык компаниянын аманат келишиминде же турак жай-сактык кредиттик компаниянын депозит келишиминде көрсөтүлгөн жашы жетпеген баланын же бенефициардын депозитин колдонуу укугуна ээ болгон учурда, компенсация мыйзамдуу өкүлгө төлөнөт. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114, 2023-жылдын 23-майындагы N 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

5-берене. Корголууга жатпаган депозиттер 

Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жеке адамдардын төмөнкү депозиттери компенсацияланууга жатпайт: 

1) банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга байланышкан жактардын депозиттери; 

2) акыркы 3 жыл аралыгында банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын чет өлкөлүк консультанты же тышкы аудитору болуп саналган жактардын депозиттери; 

3) юридикалык жактын тапшырмасы (ишеним каты) боюнча жайгаштырылган жактардын депозиттери; 

4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык чектөөлөр коюлган же камак салынган депозиттер; 

5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган банктын-резиденттин филиалдарындагы, микрофинансылык компаниянын-резиденттин филиалдарындагы депозиттер. 

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

3-глава 

Депозиттерди компенсациялоо 

6-берене. Кепилденген учур келип чыкканда Агенттиктин, банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын өз ара аракеттенүүсү 

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

1. Кепилденген учур келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде, жоюучу Агенттикке Агенттик тарабынан белгиленген формада ушул Мыйзам жайылтылуучу жеке адамдардын депозиттери жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү

Жоюучу Агенттикке депозиттер жөнүндө маалыматты өз убагында бербегендиги үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат. 

2. Агенттик айына кеминде 2 жолу жоюлуп жаткан банктын, микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын жоюучусуна төлөнүп берилген компенсациялык суммалар жөнүндө жазуу жүзүндө билдирип турууга милдеттүү. Билдирүүнүн формасы Агенттик тарабынан белгиленет. 

3. Четөлкөлүк банктын филиалы бир жумушчу күндүн ичинде четөлкөлүк банкты каттоодон өткөргөн өлкөнүн соту же ыйгарым укуктуу органы тарабынан демилгеленген бул банкка же анын кайсы гана болбосун четөлкөлүк филиалына карата четөлкөлүк банкты каттоодон өткөргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кепилденген учур келгени (же ушул өңдүү, чет мамлекеттин мыйзамдарында аныкталгандай учурларда) жөнүндө Улуттук банкты жана Агенттикти кабарландырууга милдеттүү

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

7-берене. Компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу жолжобосу 

1. Агенттик ушул Мыйзамга ылайык төмөнкү варианттардын каалаганын пайдалануу менен аманатчыларга компенсацияларды төлөп берет: 

1) компенсацияларды төлөп берүү суммаларын банк(тарга)-агент(терге) которуу менен; 

2) ушул Мыйзамдын максаттарына ылайык аманаттарды (депозиттерди) натыйжалуу компенсациялоо үчүн эсептешүүлөрдүн накталай же накталай эмес формаларын пайдалануу жолу менен башка ыңгайлуу ыкмаларда. 

2. Компенсацияларды төлөп берүү кепилденген учур келгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен башталууга тийиш. 

Компенсацияларды өз убагында төлөп берүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар болгон жана Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган учурларда компенсацияларды төлөп берүү 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн. 

3. Кепилденген учур менен байланыштуу соттук териштирүүлөр келип чыкканда, бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылмайынча жана андан ары даттанууга жатпаган соттун акыркы чечими чыкмайынча компенсация төлөнүп берилиши мүмкүн эмес. Андан ары даттанууга жатпаган соттун көрсөтүлгөн чечими чыккандан кийин 30 күндү эсептөө башталат. 

4. Террористтик ишти финансылоо жана/же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча жазык иши козголгон менчик ээсине(лерине) карата жазык иши токтогонго же сот тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин депозит(тер) боюнча компенсациялык төлөп берүүлөр Агенттик тарабынан токтотулат. 

5. Компенсацияны төлөп берүү жол-жобосу баштала турган күнгө чейин жети күндөн кечиктирилбестен, Агенттик банк-агенттин юридикалык дареги жана жайгашкан жери боюнча компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруунун күнүн, убактысын, формасын жана тартибин басмасөз органында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоого милдеттүү. Ушул маалымат ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде республикалык гезитте жарыяланууга, банк-агенттин жана банкрот банктын, банкрот микрофинансылык компаниянын жана банкрот турак жай-сактык кредиттик компаниянын, алардын филиалдарын, сактык кассаларын, өкүлчүлүктөрүн жана банкоматтарын кошо алганда, борбордук (башкы) кеңселеринин кире беришинде жайгаштырылууга тийиш. 

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Агенттик төмөнкү талаптарга жооп берген бир же бир нече банк-агенттерди тандап алат: 

1) банк депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу болушу керек; 

2) капиталдын адекваттуулугуна жана Улуттук банктын талаптарына жооп берген өздүк капиталынын деңгээлине ээ болушу керек; 

3) кепилдик учур келип чыккан датага чейинки акыркы алты айдын ичинде ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир кылуу чаралары колдонулбаган болушу керек; 

4) компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн депозиттердин географиялык түзүмүнө тете филиалдык түйүнү болуусу тийиш. 

7. Агенттик тарабынан банк-агентке которулган каражаттарга үстөк пайыздарды чегерүү жана аларды төлөөлөр жүзөгө ашырылбайт. Аманатчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда банк-агент менен банктык аманат келишимин түзүүгө укуктуу. 

8. Улуттук банк банк-агенттерди тандап алуунун кошумча талаптарын белгилеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу. 

9. Банк-агент ар жума сайын Агенттикке Өкмөт тарабынан белгиленген форма боюнча төлөнүп берилген компенсациялык суммалар жөнүндө отчетторду берип турууга милдеттүү

10. Банк-агентти тандап алуунун жана талаптарды коюунун тартиби ушул берененин 5, 6 жана 8-бөлүктөрүнө ылайык Өкмөт тарабынан бекитилет. Аманатчыларга компенсацияларды төлөөлөр Агенттик менен банк-агенттин ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

11. Банк-агент компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда аманатчыга ага берилүүгө тийиш болгон компенсация жөнүндө көчүрмөнү берүүгө милдеттүү. Көчүрмөнүн формасы Өкмөт тарабынан белгиленет. 

12. Компенсациялык төлөөлөр башталган күндөн бир жыл өткөндөн кийин банк-агент 3 жумушчу күндүн ичинде аманатчылардын талап кылынбаган жана төлөнүп берилбеген каражаттарын Агенттикке кайтарып берүүгө милдеттүү. Мындай каражаттар Агенттиктин Улуттук банктагы өзүнчө эсебинде жайгаштырылат. 

13. Талап кылынбаган жана төлөнүп берилбеген каражаттарды андан ары төлөө жана алар жөнүндө маалыматтарды берүү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат. 

14. Агенттик кепилденген учур келген депозиттерге карата үстөк пайыздарды чегербейт. 

15. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу өз убагында башталбаган учурда, Агенттик төлөнүүгө жаткан суммадан ар бир кечиктирилген күн үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген жылдык эсептин чениндеги өлчөмдө үстөк төлөп берет. 

16. Компенсациялык төлөөлөрдүн өлчөмү (суммасы) жөнүндө талаш-тартыштар пайда болгондо, Агенттик аманатчынын кайрылуусун 15 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт. Ушул талаш-тартыш чечилбеген учурда аманатчы Агенттиктин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. Мында банк-агент аманатчыга зарыл документтерди берүү менен Агенттикке кайрылуу тартиби жөнүндө маалымдайт. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2018-жылдын 6-августундагы N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

8-берене. Талап кылуу укугунун өтүшү 

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга карата Агенттик кредитор катары чыгат. 

2. Кепилденген учур келген күнгө Агенттик тарабынан иш жүзүндө төлөнүп берилген төлөөнүн убактысына жана суммасына көзкарандысыз, кепилденген учур келген кепилденген сумманын чектериндеги аманатчынын банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга карата талап коюу укугу түз эле Агенттикке өтөт. 

3. Агенттиктин кепилденген депозиттеринин суммалары боюнча талаптары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген кезектүүлүккө ылайык канааттандырылат. 

4. Аманатчы ушул Мыйзам боюнча компенсациялоого жаткан банктык аманат келишиминде, микрофинансылык компаниядагы аманат келишиминде жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын депозит келишиминде белгиленген суммалардан тийиштүү түрдө жогорку суммаларда банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга карата өз талаптарын канааттандыруу укугун жоготпойт. Бул талаптар ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык канааттандырылат. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

4-глава 

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин ишмилдеттери жана ыйгарым укуктары 

9-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиктин ишмилдеттери 

Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик төмөнкү ишмилдеттерди жүзөгө ашырат: 

1) банк-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялардын-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын-катышуучулардын реестрлерин жүргүзөт; 

2) аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө жаткан суммалардын жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат. 

3) ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген, ушул Мыйзамда аныкталган суммаларды аманатчыларга төлөп берет; 

4) мүчөлүк акылардын өлчөмүн эсептейт жана депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акыларды жыйнайт; 

5) мүчөлүк акыларды өз убагында жана толук төлөөнү камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт; 

6) мүчөлүк акыларды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптарды жана үстөктөрдү белгилейт жана салат; 

7) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана чектерде депозиттерди коргоо Фондунун активдерин башкарат; 

8) мамлекеттик органдар жана башка органдар менен өз ара аракеттешүүнү жүзөгө ашырат; 

9) аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу максатында банк-агентти тандоону жүзөгө ашырат; 

10) жоюлуп жаткан банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан Депозиттерди коргоо фондуна төлөнүп берилген компенсациялардын ордун ушул Мыйзамга ылайык толтуруп берүүнү камсыз кылат; 

11) депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт; 

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өзүнүн иш-аракети жөнүндө жободо каралган, депозиттерди милдеттүү коргоо тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

10-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиктин ыйгарым укуктары 

1. Агенттик ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон Өкмөт тарабынан бекитилүүчү ченемдик актыларды иштеп чыгат. 

2. Агенттик анын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон келишимдерди жана контракттарды түзүүгө укуктуу. 

3. Зарыл болгондо Агенттик ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдарды жана көзкарандысыз эксперттерди тарта алат. 

4. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тийиштүү жоопкерчилик чараларын банктарга, микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата колдонуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылууга; 

2) ушул Мыйзамда аныкталган милдеттерди аткарууга зарыл болгон маалыматтар үчүн Улуттук банкка кайрылууга; 

3) банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан депозиттерди коргоо системасы жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну жана ушул Мыйзамда аныкталган формада жана тартипте банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан аманатчыларга кызматтарды көрсөткөн аймактарда депозиттерди коргоо системасына катышуусун талап кылууга; 

4. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

5) Аманаттар жөнүндө маалыматтарды жүргүзүүнүн банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылардын алдындагы милдеттенмелеринин белгилүү бир талаптарына, көлөмүнө жана түзүмүнө ылайык келишин аныктоо, Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акыларды төлөө, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан аткарылуу маселелери боюнча банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын көйгөйлөрүн баштапкы стадиясында жөнгө салуу процессине Улуттук банк менен биргеликте жана Улуттук банк менен макулдашылган тартипке ылайык катышууга. 

5. Агенттик ушул Мыйзамдын 3, 9, 10-беренелеринде белгиленген милдеттердин, ишмилдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинен чыккан иштер менен алектенүүгө, юридикалык жактарды түзүүгө жана катышуучусу болууга, ошондой эле Агенттиктин ишин камсыз кылууга байланыштуу мүлктү кошпогондо, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алууга укуксуз. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

11-берене. Кредиттөөгө жана каржылык жама каржылык эмес жардамдарды көрсөтүүгө тыюу салуу 

Агенттик Өкмөткө, башка мамлекеттик органдарга, юридикалык жана коомдук уюмдарга, ошондой эле жеке адамдарга кандай формада болбосун каржылык жана каржылык эмес жардамдарды көрсөтүүнү, кредиттөөнү жүзөгө ашырууга укуксуз. 

5-глава 

Депозиттерди коргоо боюнча агенттикти башкаруу 

12-берене. Агенттиктин башкаруу органдары 

Агенттиктин Директорлор кеңеши жана Аткаруучу директору Агенттиктин башкаруу органдары болуп саналат. 

13-берене. Агенттиктин Директорлор кеңеши 

1. Агенттиктин Директорлор Кеңеши (мындан ары - Директорлор кеңеши) Агенттиктин төмөнкүдөй 7 мүчөдөн турган жогорку башкаруу органы болуп саналат: 

1) Премьер-министри тарабынан дайындалуучу Өкмөттүн 3 өкүлүнөн, анын ичинде Экономика министрлигинен бир жана Каржы министрлигинен (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн эмес) 2 өкүл; 

2) Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан дайындалуучу Улуттук банктын (Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн эмес) 3 өкүлүнөн; 

3) Өкмөттүн жана Улуттук банктын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банк иши жаатындагы көзкарандысыз эксперттен. 

2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишмердиктерин акысыз негизде жүзөгө ашырышат. 

3. (КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө дайындалышат. 

5. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна удаасы менен 2 мөөнөттөн ашык дайындалышпайт. 

6. Директорлор кеңешинин төрагасы жана Директорлор кеңешинин төрагасынын орунбасары жөнөкөй көпчүлүк добуш менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланышат. 

7. Директорлор кеңешинин төрагасынын орунбасары Директорлор кеңешинин төрагасынын кызмат орду бош же ал убактылуу жок болгон учурда Директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткарат. 

8. Агенттиктин Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 

1) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча депозиттерди коргоо фондуна багытталган календардык жана чукул мүчөлүк акылардын өлчөмүн бекитүү

2) ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу жана аларды Өкмөткө бекитүүгө берүү

3) Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү

4) Агенттиктин ички аудит кызматынын ишине жетекчиликти жүзөгө ашыруу; 

5) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөө жөнүндө чечимди кабыл алуу; 

6) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык саясатты аныктоо, Агенттиктин контрагенттери боюнча чектөөлөрдү белгилөө

7) Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү

8) Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү

9) Агенттиктин аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу; 

10) Агенттиктин кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча комплекстүү саясатын бекитүү

11) тышкы аудитти жүргүзүү үчүн тендердик негизде көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктоо жана Агенттикте жүргүзүлгөн аудиттин натыйжаларын алуу;  

12) Агенттиктин милдеттенмелерин жабуу үчүн анын каражаттарды карызга алуусуна ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык макулдук берүү

13) Агенттиктин депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча программасын бекитүү

14) Агенттиктин аны жана депозиттерди коргоо тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

14-берене. Агенттиктин Аткаруучу директору 

1. Агенттиктин Аткаруучу директору жана анын орунбасары Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалышат. Аткаруучу директор жана анын орунбасары кызмат ордуна кайрадан дайындалышы мүмкүн. 

2. Агенттиктин Аткаруучу директору: 

1) Агенттиктин Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Агенттиктин ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат; 

2) Агенттиктин күндөлүк иши боюнча жооп берет; 

3) квалификациялуу персоналды жалдоого жана эксперттерди тартууга жооп берет; 

4) депозиттерди коргоо Фондунун каражаттарынын пайдаланылышына, ошондой эле Агенттик жүргүзүп жаткан инвестициялык иштердин ишке ашырырылышына жана анын натыйжаларына жооп берет; 

5) Агенттиктин атынан чыгат жана бардык соттук, мамлекеттик органдарда жана уюмдаштыруу-укуктук формасына карабастан, башка мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жеке ишкерлерге жана жарандарга карата мамилелерде Агенттиктин кызыкчылыгын жактайт; 

6) Агенттиктин депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларынын планын бекитет. 

3. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда бошотулат: 

1) жеке арызы боюнча; 

2) мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү менен тастыкталган, жазыктык жаза берилүүчү аракет-жосунду жасаганда; 

3) кызматтык милдеттерди аткаруусу мүмкүн эмес болгондо жана бул мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкталганда; 

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; 

5) ушул Мыйзамдын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келбегенде жана аларды аткарбаганда (бузганда); 

6) өзүнүн кызмат орундук ыйгарым укуктарын аткарбаганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарын кемсинтүү аракеттерин жүзөгө ашырганда, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн аткаруучу директорду жана анын орун басарларын дайындаган адамга берген сунушу боюнча. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

15-берене. Директорлор кеңешинин жыйналышы 

1. Директорлор кеңеши жыйналышты зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрөт. Директорлор кеңешинин жыйналышында кворум 5 мүчөдөн турат. Чечим Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда Директорлор кеңешинин Төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. 

2. Директорлор кеңешинин кезексиз жыйналышы Директорлор кеңешинин Төрагасынын же Директорлор кеңешинин 4 мүчөсүнүн демилгеси менен чакырылышы мүмкүн. 

3. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын башка бирөөгө өткөрүп бере алышпайт. 

4. Ар бир жыйналышта Директорлор кеңешинин катчысы Директорлор кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуучу жана катчы кол коюучу протоколду жүргүзөт. Протокол талкууланган маселенин кыскача мазмунун жана Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн пикирлерин камтууга тийиш. 

5. Директорлор кеңешинин чечими Төрага тарабынан кол коюлуучу токтом түрүндө кабыл алынат. Ар бир маселе боюнча Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү кол коюучу жана Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколунун бир бөлүгү болуп саналган добуш берүү ведомосту жүргүзүлөт. 

6. Директорлор кеңешинин чечимдери жана протоколдору дайым сактоодо турат. 

16-берене. Директорлор кеңешиндеги бош кызмат орундар 

1. Директорлор кеңешиндеги кайсы гана бош кызмат орду болбосун адепки дайындоо сыяктуу эле, ушул Мыйзамдын 13 жана 18-беренелерине ылайык толукталат. 

2. Эгерде бош орун пайда болсо Директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү дайындалышы мүмкүн. 

3. Кайсы гана бош кызмат орду болбосун 30 күндүн аралыгында толукталууга тийиш. 

17-берене. Отставка жана кызмат ордунан бошотуу 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү аларды дайындаган адамдар тарабынан төмөнкү учурларда гана кызматынан бошотулат: 

1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин; 

2) жеке арызы боюнча; 

3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталган жазалануучу жазык ишин жасаганда; 

4) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен бышыкталган кызмат милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой калганда; 

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; 

6) ушул Мыйзамдын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарды аткарбаганда (бузганда); 

7) Директорлор кеңешинин мүчөсү ыйгарым укуктарын 6 ай катары менен жүйөлүү себептерсиз аткарбаганда; 

8) ал өкүлү болуп саналган органдагы негизги ишинен бошотулганда; 

9) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын бузганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарына доо кетирген аракеттерди жүзөгө ашырууда же болбосо ушул Мыйзамды, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамын бузганда, аларды дайындаган адамга карата Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча. 

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

18-берене. Агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата квалификациялык талаптар 

1. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, аткаруучу директор жана анын орун басарлары: 

- жогорку билимге ээ болуулары; 

- банк, экономика жана каржы чөйрөлөрүндө кеминде 3 жылдан кем эмес тажырыйбага ээ болуулары; 

- банк жана/же каржы системаларында жетекчи кызматтарда же экономикалык (каржылык) ишкердик менен байланыштуу кызматтарда иш тажрыйбалары болуусу; 

- Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуулары керек. 

2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, аткаруучу директор жана анын орун басарлары бир эле убакта депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларында, микрофинансылык компания-катышуучуларында жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларында же алардын аффилирленген жактарында кызмат орундарын ээлөөгө же башка ыңгайдагы милдеттерди аткара алышпайт. 

3. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, аткаруучу директор жана анын орун басарлары коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, ошондой эле алар менен аффилирленген жактардын акцияларына (үлүштөрүнө) ээлик кыла алышпайт. Эгерде Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызмат ордуна дайындалып жатканда банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын акцияларына ээ болушса (башкарышса), алар 30 күндүн ичинде ушул акциялар боюнча мүлктүк укуктарын көз карандысыз ишенимдүү башкаруучуга өткөрүп берүүгө же болбосо аларды ээликтен ажыратууга же сатууга милдеттүү

4. Төмөндөгү адамдар Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, аткаруучу директор жана анын орун басары болууга укуксуз: 

1) эгерде ага карата соттун чечими боюнча каржы-кредит системасында иштөөгө тыюу салынган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо; 

2) эгерде ага карата экономика, каржы жана банк иштери чөйрөсүндө жасаган кылмышы, ошондой эле кызматтык кылмышы үчүн айыптоо өкүмү чыгарылган болсо; 

3) эгерде ал мажбурлап жоюу жана банкроттоо жол-жобосуна кириптер болгон каржы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин төрагасы, Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкармалыктын төрагасы, Башкармалыктын мүчөсү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкы бухгалтер, ички аудит кызматынын жетекчиси болсо жана анын аракеттери (аракетсиздиги) мажбурлап жоюу кырдаалынын келип чыгышына олуттуу таасир бергендигин күбөлөндүргөн ырастоолор болсо; 

4) эгерде ал Кыргыз Республикасындай эле, башка мамлекеттердин мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу болсо; 

5) эгер ал Агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн жана/же барандуу катышуучусунун, банк-катышуучунун, микрофинансылык компания-катышуучунун жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучунун Башкармалыгынын мүчөсүнүн, Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн жакын тууганы болсо. 

5. Агенттиктин жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жарыя кылууга тыюу салынат. Кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз жарыя кылууга жол берген же аларды жеке максаттарда пайдаланган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

6. Ушул берененин жоболорун аткарбай коюу кызматтык ыйгарым укуктарды бузгандык болуп эсептелет жана Директорлор кеңешинин мүчөсү ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 9-пунктуна ылайык, бузуу фактысы аныкталган күндөн тартып 30 күндүн ичинде же ушул берененин 2 жана 4-бөлүктөрүн бузган учурда - кызматтарынан дароо бошотулууга жатат. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

19-берене. Кызыкчылыктардын чатагы 

1. Кызмат ордуна дайындалганга чейин Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер жана Агенттиктин башка жетекчи кызматкерлер аларды дайындап жаткан органга Улуттук банк тарабынан иштелип чыгылган форма боюнча алардын коммерциялык, ишкердик, башка материалдык жана жеке кызыкчылыктарына жана алардын жакын туугандарына тиешелүү жазуу жүзүндө маалымат берүүлөрү керек. 

2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана Агенттиктин башка жетекчи кызматкерлер жыл сайын Агенттик тарабынан белгиленген форма боюнча Агенттикке алардын коммерциялык, ишкердик, башка материалдык жана жеке кызыкчылыктарына жана алардын жакын туугандарына тиешелүү жазуу жүзүндө маалыматтарды берүүлөрү керек. 

3. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү алардын же алардын жакын туугандарынын, ошондой эле алар менен байланышкан адамдардын жеке (түз же кыйыр) кызыкчылыгы бар маселелер боюнча талкууда же добуш берүүдө болууга жана катышууга укуксуз. 

4. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызыкчылыктар чатагынын келип чыгышына алып келүүчү фактыларды ашкерелөөгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү

5. Ушул берененин жоболорун аткарбоо өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын бузгандык болуп эсептелет жана ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 9-пунктуна ылайык Агенттиктеги ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралу маселенин каралышы үчүн негиз болуп саналат. 

6. Агенттиктин кызматкерлери, Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирген башка адамдар кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. 

Агенттик өз кызматкерлерин соттордо жана укук коргоо органдарында укуктук коргоону зарыл чыгымдарды өз эсебинен төлөө же болбосо кызматкерлер тарткан чыгымдарды компенсациялоо аркылуу камсыз кылууга милдеттүү

Агенттиктин кызматкерлери, ошондой эле Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирген башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттенмелерин же мыйзамдуу тапшырмаларды укук ченемдүү аткаруунун жүрүшүндө келген чыгым үчүн кайсы болбосун адамдын алдында жарандык жоопкерчилик тартпайт. Алардын укук ченемдүү эмес ишине байланышкан дооматтар жана доолор Агенттикке гана берилиши мүмкүн. Агенттик регрессивдик тартипте доо коюуга укуктуу. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-глава 

Депозиттерди коргоо фондуна катышуу 

20-берене. Депозиттерди коргоо системасына катышуу 

1. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында жайгашкан бардык банк-резиденттер, бардык четөлкөлүк банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын филиалдары үчүн депозиттерди коргоо системасына катышуу милдеттүү болуп саналат. 

2. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү

Улуттук банк "өткөөл" банктар үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган нормативдерди жана талаптарды аткаруунун өзгөчө шарттарын жана мөөнөттөрүн белгилейт. 

Турак жай-сактык кредиттик компания - депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү

Микрофинансылык компания - депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү

3. Улуттук банк депозиттерди коргоо системага катышуучу банк, микрофинансылык компаниялар-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар-катышуучулар үчүн үчүн кошумча критерийлерин белгилөөгө укуктуу. 

4. (КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

5. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар Улуттук банкка депозиттерди коргоо системасына катышууга табыштама берүүгө, бир эле учурда банк лицензиясын алууга, же болбосо жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууга болгон лицензияга чектөөнү алып салууга, же болбосо тийиштүү түрдө айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга документтерди тапшырууга тийиш. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын жана банк иштерин жүзөгө ашырууга, айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна жана жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банк белгилеген талаптарды аткарууда автоматтык түрдө депозиттерди коргоо системасына кабыл алынат. 

Улуттук банктан банк иштерин жүзөгө ашырууга лицензия алгандан же айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алынгандан кийин, же болбосо банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманаттарды кабыл алуусу боюнча лицензияга чектөөлөр алып салынгандан жана Депозиттерди коргоо фондуна кирүүчү мүчөлүк акы которулгандан кийин, Улуттук банк банктык лицензия жана айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендигин же жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензиядагы чектөөлөр алынгандыгын ырастоочу кабарламаны депозиттерди коргоо системасына катышуу жөнүндө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын арызын кошо тиркөө менен жөнөтөт. Улуттук банктын кабарламасы банкты депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын реестрине, микрофинансылык компанияны микрофинансылык компания-катышуучуларынын реестрине жана турак жай-сактык кредиттик компанияны турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларынын реестрине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Агенттик белгиленген тартипте каттоодон өткөргөн күндөн тартып банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары болуп калышат. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

21-берене. Банк-катышуучуларды, микрофинансылык компания-катышуучуларын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларын депозиттерди коргоо системасына каттоо жана реестрлерин жүргүзүү 

1. Агенттик депозиттерди коргоо системасында банк-катышуучуларынын, микрофинансылык компания-катышуучуларынын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларынын реестрлерин жүргүзөт. Банк-катышуучулардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрлерин жүргүзүү тартиби Агенттик тарабынан белгиленет. 

2. Банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны депозиттерди коргоо системасында каттоо Агенттик тарабынан аларды банк-катышуучулардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрлерине киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 

3. Банкты депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын реестрине, микрофинансылык компанияны микрофинансылык компания-катышуучуларынын реестрине жана турак жай-сактык кредиттик компанияны турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларынын реестрине киргизгенден кийин, 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен бул тууралуу маалымат Агенттик тарабынан  банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга жөнөтүлөт, алар маалыматты алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде аны республикалык газетага жарыялоого милдеттүү

4. Банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны депозиттерди коргоо системасына каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу үчүн төлөм алынбайт. 

5. Ушул Мыйзамда аныкталган депозиттер боюнча компенсацияларды Агенттик төлөп берүү жол-жобосун аяктагандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде, ушул Мыйзамдын 25-беренесине ылайык, Агенттик тарабынан  банк-катышуучулардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрлеринен чыгаруу жолу менен банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди коргоо системасындагы каттоодон чыгарылат. 

6. Агенттик 2 жумушчу күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен банк-катышуучуга, микрофинансылык компания-катышуучуга жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуга алардын реестрлерден чыгарылгандыгы тууралуу маалыматты жиберүүгө, алар өз кезегинде, 2 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде республикалык газетага жарыялоого жана бул маалыматты алгандан кийин банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын борбордук (башкы) офисинин кире беришине, алардын филиалдарына, сактык кассаларына, өкүлчүлүктөрүнө жана банкоматтарына жайгаштырууга милдеттүү

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

22-берене. Депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусунун, микрофинансылык компания-катышуучусунун жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучусунун милдеттери 

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

Депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучулары, микрофинансылык компания-катышуучулары жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулары: 

1) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө

2) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө жана ага банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын катышуусу тууралуу маалыматтарды банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын бардык бөлүмдөрүндө, банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу башка жерлерде Агенттик белгилеген формада жайгаштырууга жана бул маалыматты кардардын биринчи талабы боюнча акысыз негизде берүүгө

3) банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери тууралу жазууларды Улуттук банк белгилеген форма боюнча жүргүзүүгө

4) ушул Мыйзамда аныкталган айыптарды жана туумдарды төлөөгө

5) ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарууга. 

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

23-берене. Иштеп жаткан банктардын депозиттерди коргоо системасына катышуу үчүн талаптарга ылайык келиши (ылайыксыздыгы) жөнүндө Улуттук банктын чечими 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

24-берене. Улуттук банктын терс чечим чыгаруусунун же депозиттерди коргоо системасына кирүүгө банк тарабынан билдирме бербегенинин натыйжасы 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

25-берене. Депозиттерди коргоо системасына киргизилген банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын депозиттерди коргоо системасына катышуу талаптарына ылайык келбегендигинин натыйжалары 

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

1. Депозиттери коргоо системасына кирген банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар ушул Мыйзамдын жана банк ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө милдеттүү

2. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

3. Депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу, микрофинансылык компания-катышуучусу жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучусу ушул Мыйзамдын талаптарын бузган учурда, Улуттук банк ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган бардык таасир этүүчү чараларды колдонууга укуктуу. 

4. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

5. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

6. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

7. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

8. Ушул беренеге ылайык депозиттерди тартууга тыюу салынган банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар аталган тыюу салуу киргизилген күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен, депозиттерге акча каражаттарын тартуу укугу токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды банктын же микрофинансылык компаниянын борбордук (башкы) офисинин кире беришинде, банктын же микрофинансылык компаниянын операциялык залдарында, филиалдарында, сактык кассаларында, ошондой эле аманатчыларды тейлөөчү, кардарларга жеткиликтүү бардык орун-жайларында жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчыларды тейлөөчү борбордук (башкы) офисинин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кире беришинде жайгаштырууга милдеттүү

9. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

10. Депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүгүн токтотконго чейин кабыл алынган депозиттер ушул Мыйзамга ылайык банк аманаты келишиминде, микрофинансылык компаниядагы аманат келишиминде жана турак жай-сактык кредиттик компаниядагы депозит келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төлөнүүгө тийиш. Келишимдин мөөнөтү узартылышы мүмкүн эмес. Депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүгү токтотулгандан кийин депозитке жөнөтүлгөн бардык каражаттар аларды салган адамдарга кайтарып берилиши керек. 

11. Депозиттерди кабыл алууга тыюу салынгандан, депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүк токтотулуп тургандан жана (же) токтотулгандан кийин депозиттерди кабыл алгандыгы үчүн банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын Директорлор кеңеши, банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

12. Банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди коргоо системасына чегерилген төлөмдөрдү кайтарып берүүнү талап кылууга укуксуз. Банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенге чейин компенсацияланууга жаткан депозиттер боюнча төлөмдөрдү чегерүүнү уланта берүүгө милдеттүү

13. Депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүгү токтотулуп турган же токтотуп коюлган, же аларга карата депозиттерди кабыл алууга тыюу салынган агенттик, банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания төмөнкүлөргө милдеттүү

1) банктын, микрофинансылык компаниянын борбордук (башкы) офисинин кире беришинде, банктын, микрофинансылык компаниянын операциялык залдарында, филиалдарында, сактык кассаларында, ошондой эле кардарларга жеткиликтүү бардык башка орун-жайларында жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын борбордук (башкы) офисинин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кире беришинде, ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниянын кардарларга жеткиликтүү бардык башка орун-жайларында төмөнкүдөй маалыматтарды мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырууга: 

а) депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүгү токтотуп коюлган дата жөнүндө

б) депозиттерди кабыл алууга тыюу салуу киргизилген, депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүгү токтотулган же токтотулуп турган датага чейин кабыл алынган бардык депозиттер ушул Мыйзамга ылайык корголууга тийиш экендиги жөнүндө

2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты депозиттерди кабыл алууга тыюу салуу киргизилген, депозиттерди коргоо системасындагы мүчөлүгү токтотулган жана (же) токтотулуп турган датадан кийинки 2 жумушчу күндүн ичинде республикалык газетага мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоого. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

7-глава 

Депозиттерди коргоо фондун каржылоо 

26-берене. Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акылар 

1. Депозиттери коргоо системасынын банк-катышуучулары, микрофинансылык компаниялар-катышуучулары жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар-катышуучулары депозиттерди коргоо Фондуна Агенттиктин Улуттук банк менен макулдашуу боюнча аныкталган туруктар жана мөөнөттөр боюнча милдеттүү мүчөлүк акыларды төлөөлөрү керек. 

2. Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты 12 пайыз деңгээлинде белгиленет. 

3. Депозиттерди коргоо Фондунун ишин колдоо үчүн мүчөлүк акыларды төлөө ушул Мыйзамдын 27-31-беренелеринде каралган шарттарда жүзөгө ашырылат. 

4. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4-1. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

5. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

6. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын Депозиттерди коргоо фондуна төлөгөн төлөмдөрү анын менчиги болуп саналат, кайтарылып берилбейт жана ушул Мыйзамга ылайык гана пайдаланылат. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

27-берене. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары (кирүү мүчөлүк акылары) 

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

1. "Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар өткөөл" банкты кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзүүчү жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн тийиштүү түрдө белгиленген минималдык уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы суммасындагы кирүү акысын Депозиттерди коргоо фондуна төлөөгө тийиш. Кирүү акысын банк Улуттук банктын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки мезгилде, ал эми микрофинансылык компания - лицензиясындагы жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга чектөөлөрү алынганга чейин жана турак жай-сактык кредиттик компания - айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин төлөөгө тийиш. 

Банкты кайра түзүмдөштүрүүнүн жүрүшүндө түзүлүүчү "өткөөл" банк кирүү акысын төлөөдөн бошотулат. 

2. Банкттар , микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар уставдык капиталын көбөйткөн учурда кошумча мүчөлүк акылар алынбайт. 

3. Кийинки календардык мүчөлүк акылар ушул Мыйзамдын 29-31-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

28-берене. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары 

1. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары тийиштүү түрдө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызынын деңгээлинде, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттуу маанилерге жетишүү үчүн белгиленет. 

2. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийинки кварталдан баштап төлөнөт. 

3. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4. Мүчөлүк акылар кийинки кварталдын эсебинен айдын 15-числосунан кечиктирбей ар бир кварталдар аралык негизде төлөнөт. 

5. Мүчөлүк акылардын суммасын төлөө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн кырдаалда катышуучу-банк, микрофинансылык компания-катышуучу жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу менен Агенттиктин ортосунда түзүлгөн келишимде айтылгандай мүчөлүк акылар Депозиттерди коргоо фондусуна акцепсиз тартипте жүзөгө ашырылат. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

29-берене. Календардык мүчөлүк акылар 

1. Банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар жыл сайын тийиштүү түрдө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызы өлчөмүндө календардык мүчөлүк акыларды төлөп турууга тийиш. 

Мүчөлүк акылардын эсептелген өлчөмү ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мааниден кем болбогон өлчөмдө депозиттерди коргоо Фондун түзүүнүн жана колдоонун зарылдыгынан улам Агенттик тарабынан Улуттук банк менен бирдикте эсептелип чыгат. 

2. Жалпы депозиттик база ушул статьянын 5-бөлүгүнө ылайык эсептешүү мүчөлүк акы жүзөгө ашырылган мурунку кварталдан кийинки кварталда (эсептик квартал) аяктаган бир жылдык мезгил үчүн орточо күндүк негизде эсептелип чыгат. 

3. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн биринчи календардык мүчөлүк акы тийиштүү түрдө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасын 1/360 га, жылдык 0,2 пайызга көбөйтүү жана ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык депозиттерди коргоо системасына кабыл алынган датадан тартып эсептик квартал аяктаганга чейин калган күндөрдүн санына көбөйтүү жолу менен эсептелет. 

4. Кепилденген учур келгенде банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн мүчөлүк акылар ушул беренеге ылайык анын келген күнүнө карата эсептелинет. 

5. Календардык мүчөлүк акылар кварталдык негизде, эсептешүү кварталынан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирилбестен төлөнүп берилет. 

6. Депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акылардын суммасы төлөнбөй калган же толук эмес төлөнгөн учурда, мүчөлүк акылар акцептсиз тартипте жүзөгө ашырылат, бул банк-катышуучу, микрофинансылык компания-катышуучу, турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу жана Агенттик менен келишим түзүүдө каралышы керек. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2013-жылдын 4-июлундагы N 113, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

30-берене. Чукул мүчөлүк акылар 

1. Эгерде депозиттерди коргоо Фондунун каражаттары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык учурдагы милдеттенмелерди жабуу үчүн жетишсиз болсо, Агенттиктин Директорлор кеңеши төмөнкү чаралардын бирин же бир эле убакта бир нечесин көрүшү мүмкүн: 

1) жыл сайын төлөнүүчү мүчөлүк акынын көлөмүн көбөйтүшү, бирок ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген деңгээлден мүчөлүк акынын эки эселенген ставкасынан ашпаган өлчөмдө

2) өткөн жылдын мүчөлүк акыларынын суммасынан ашпаган атайын бир жолку мүчөлүк акыны белгилөөгө

3) Өкмөттүн кепилдиги алдында рыноктон карыз алууга; 

4) берилген гранттык каражаттарды пайдаланууга; 

5) Өкмөттөн Улуттук банктын эсептик ставкасынан ашпаган карыз суроого жана алууга. Өкмөт сурам келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде суралган сумманы берүүгө тийиш. Эгерде ушул сурамдын натыйжасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамы бузула турган болсо, же Өкмөт ушул сумманы бере албаса, маселе Жогорку Кеңештин жыйналышында, анын ичинде Өкмөткө сурам жөнөтүлгөн күндөн тартып 30 күндүн аралыгында чакырылган шашылыш жыйналышында каралуусу тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин карыз берүү жөнүндө чечим кабыл алынган болуп эсептелет жана Каржы министрлиги 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен зарыл акча каражаттарын которуусу керек. 

2. Мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн белгилөөдө Агенттиктин Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү эске алат: 

1) аманатчыларга компенсацияларды төлөөгө байланыштуу, депозиттерди коргоо Фондунун чыгымдарын; 

2) депозиттерди коргоо Фондунун күтүлгөн операциялык чыгымдарын; 

3) Агенттиктин инвестициялардан алчу кирешелерин; 

4) банктарды, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды жоюудан кайтарылуучу каражаттарды; 

5) мүчөлүк акылардын банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын кирешелерине жана капиталына тийгизген таасирин; 

6) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 5-пункттарына ылайык карыз алынган суммаларды төлөө зарылчылыгын; 

7) Директорлор кеңеши зарыл деп эсептеген кайсы гана болбосун башка факторлорду. 

Эгерде Агенттиктин эсеби боюнча компенсацияларды өз убагында төлөбөгөнү үчүн эки эселенген ставканы киргизүү банкта, микрофинансылык компанияда жана турак жай-сактык кредиттик компанияда маселелердин келип чыгышына алып келе турган болсо, анда Агенттик башка чечим кабыл ала алат. 

3. Мүчөлүк акылардын кандай гана болбосун көбөйүүсү же чукул мүчөлүк акыларды төлөө, же болбосо карыз алуулар Улуттук банктын жактыруусу менен Директорлор кеңеши тарабынан бекитилиши керек. 

4. Агенттик банктарды мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүнүн өзгөргөнү тууралу эсептешүү жүргүзүлгөн кварталдын акыркы күнүнө 30 күн калгандан кем эмес убакытта кабарландырууга милдеттүү

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

31-берене. Өзгөчө жоболор 

1. Бардык мүчөлүк акылар банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын милдеттүү төлөмдөрү болуп саналат, алардын салык алынуучу базасынын тиешелүү азайышы менен операциялык чыгашалары болуп эсептелет. 

2. Чет өлкөлүк валютадагы депозиттерди эсептөө үчүн Улуттук банк тарабынан төлөө жүргүзүлгөн кварталдын акыркы күнүнө карата белгиленген эсептик курс колдонулат. 

3. Эгерде банк, микрофинансылык компания же турак жай-сактык кредиттик компания ушул беренеге ылайык мүчөлүк акыны төлөбөсө, алар төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ар бир өткөрүлүп жиберген күн үчүн, Улуттук банк тарабынан белгиленген жылдык эсептик ставканын эки эсе өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү. Айып пулдарды төлөө банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны мүчөлүк акы төлөөдөн бошотпойт. 

4. Банк, микрофинансылык компания же турак жай-сактык кредиттик компания акыркы 6 айда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген чараларга жана санкцияларга дуушар болгон учурларды кошпогондо, Агенттик максаттуу көрсөткүчкө жетишкенден кийин Депозиттерди коргоо фондуна төгүлүүчү мүчөлүк акылардын өлчөмүн азайта алат. 

5. Депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акылардын өлчөмүн азайтуу Фонд тарабынан карыз алынган каражаттар толугу менен жоюлгандан кийин жүзөгө ашырылат. 

6. Фонддун максаттуу көрсөткүчү белгиленген деңгээлден төмөндөп кеткен учурда мүчөлүк акылар көбөйтүлүшү мүмкүн. 

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

32-берене. Депозиттерди коргоо фондун каржылоо булактары 

1. Депозиттерди коргоо фондун каржылоо булактары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) ушул Мыйзамда белгиленген жана банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулар төлөөчү мүчөлүк акыларды; 

2) Өкмөт тарабынан салынган мүчөлүк акыларды; 

3) Агенттик тарабынан бош каражаттарды жайгаштыруудан алынчу пайыздык жана инвестициялык кирешелерди; 

4) ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык банктарды, микрофинансылык компанияларды жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды жоюунун натыйжасында алынган акча каражаттарын; 

5) банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулар төлөгөн айыптарды жана туумдарды; 

6) (КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

7) жардам катары алынуучу жана кайтарылууга жатпаган акча каражаттарды; 

8) Өкмөттүн кепилдиги алдында рыноктук карыз алууларды; 

9) Өкмөт тарабынан берилген кредиттерди; 

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка каражаттарды. 

2. Депозиттерди коргоо фонду тарабынан алынган таза кирешелер капиталдаштырылууга тийиш жана бөлүштүрүүгө жатпайт. 

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

33-берене. Агенттиктин эсептери жана инвестициялык саясаты 

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төлөмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондусун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби Улуттук банкта ачылууга жана тейленүүгө тийиш. 

Агенттиктин операциялык чыгымдары жана башка сарптоолору үчүн каралган анын банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат. 

2. Агенттик төмөнкүдөй баалуу кагаздарды инвестициялай алат: 

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана/же сөзсүз түрдө кепилдикке алынган; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган; 

3) (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

3. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан, аны күтүүгө операциялык чыгымдар жана башка сарптоолор ар бир финансы жылына төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат: 

1) жылдын башталышына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынын жана Фондго кайтарылып берүүгө тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынын жылына 2 пайызынын; 

2) Фонддун бош турган каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынын; 

3) башка каражаттардын. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2010-жылдын 3-мартындагы N 42, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

34-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу 

Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары төмөнкү төлөмдөрдү жана чыгымдарды жүзөгө ашыруу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн: 

1) ушул Мыйзамда каралган тартипте жана суммада аманатчыларга компенсацияларды төлөөгө

2) Агенттиктин операциялык чыгымдарын жана Агенттиктин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга сарптоолорду жабууга; 

3) ушул Мыйзамга ылайык Агенттик тарабынан алынган карыздардын жана кредиттердин негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга; 

4) ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бош турган финансы каражаттарын инвестициялоого. 

Банктардын мүчөлүк акыларынын эсебинен чогулган каражаттар микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен келип түшкөн каражаттардан өзүнчө эсепке алынат. 

Банктардын мүчөлүк акыларынын эсебинен чогулган каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу максатында банктардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. 

Микрофинансылык компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен чогулган каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу максатында микрофинансылык компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен чогулган каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөө максатында турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

35-берене. Салыктарды төлөөдөн бошотуу статусу 

1. Агенттиктин жана депозиттерди коргоо Фондунун кирешелери, каражаттары, операциялары жана мүлктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык алууга жатпайт. 

2. Агенттик Кыргыз Республикасынын сотторунда мамлекеттик жыйымдарды төлөөдөн бошотулат. 

8-глава 

Отчеттуулук, аудит жана жарыялар 

36-берене. Агенттикке берилүүчү отчеттуулук жана маалыматтар 

1. Ушул Мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн ар бир банк катышуучу, ар бир микрофинансылык компания-катышуучу жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу Агенттикке жана Улуттук банкка Улуттук банк менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан белгиленген отчеттуулуктун зарыл формасын, тартибин, мазмунун жана мезгилдүүлүгүн берүүгө милдеттүү

2. Агенттиктин суроо-талабы боюнча Улуттук банк ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды берет. 

3. Ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн, Агенттик банктын кепилденген учур келген кызматтык, коммерциялык жана банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын сырларын түзгөн маалыматтарын алууга укуктуу. 

4. Агенттик же анын кызмат адамдары тарабынан кызматтык, коммерциялык жана банктык сырды түзгөн маалыматтары ачыкка чыгарылган учурда Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

5. Кызматтык, коммерциялык жана банктык сырды ачыкка чыгарган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. 

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

37-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиктин отчеттуулугу 

1. Агенттиктин каржы жылы 1-январдан 31-декабрга чейин белгиленет. 

2. Агенттик бухгалтердик эсептин эларалык стандарттарына ылайык, үзгүлтүксүз эсепке алууну жана отчеттуулукту алып барат. 

3. Агенттик ушул Мыйзамдын 40-беренесине ылайык жылдык каржы отчетун даярдайт. 

38-берене. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аудити 

1. Агенттиктин Директорлор кеңеши каржы жылы аяктаганга чейин 6 ай калгандан кечикпеген мөөнөттө, тендердик негизде Агенттиктин тышкы аудитин жүргүзүү үчүн көзкарандысыз аудитордук уюмду аныктайт. 

2. Агенттик аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык аудитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчеттуулукту жана маалыматтарды берет. 

3. Агенттиктин аудити боюнча аудитордук уюмдун кызмат акысын төлөө Агенттиктин операциялык чыгымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

39-берене. Ички көзөмөл 

Агенттик Директорлор кеңешине отчет берүүчү ички аудит кызматын кошо алганда, ички көзөмөлдүн адекваттуу тутумуна ээ болуусу керек. 

40-берене. Агенттиктин жылдык отчету 

1. Агенттиктин жылдык отчету Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнү жана бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык бардык зарыл ачууларды камтыган Агенттиктин каржылык отчетун; 

2) Агенттиктин ишинин жана депозиттерди коргоо Фондунун абалын талдоону; 

3) Агенттиктин иши жөнүндө, Агенттиктин операцияларын жана ишин адекваттуу ачып берүү үчүн зарыл болгон жана Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген башка отчетторду. 

2. Агенттик Жогорку Кеңештин профилдик комитетине, Өкмөткө жана Улуттук банкка жыл сайын отчеттук жылдан кнйинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен өз иши жөнүндө жылдык отчет берет. 

3. Кирешелер жана чыгымдар жөнүндө, бухгалтердик баланс боюнча каржылык абалы жөнүндө, акча каражаттарынын кыймылы жана капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралу отчетту камтыган Агенттиктин каржы отчеттуулугунун формалары кайсы гана адам болбосун биринчи талабы боюнча көрсөтүлүүсү тийиш. 

41-берене. Жарыялоолор 

1. Агенттик кварталдык негизде Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген жана Улуттук банк менен макулдашылган форма боюнча өзүнүн каржылык отчеттуулугун жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. 

2. Агенттик жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жылдык отчетуна киргизилген аналитикалык маалыматтарды жарыялайт. 

Агенттиктин жылдык отчёту отчёттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен Агенттиктин веб-сайтына жайгаштырылат. 

3. Агенттик ушул берененин 1 жана 2-пункттарында аныкталган маалыматтар жарыяланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн жарыялоолордун көчүрмөлөрүн Улуттук банкка көрсөтүшү керек. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

42-берене. Агенттиктин Улуттук банк менен өзара аракеттенүүсүнүн негиздери 

1. Агенттик жана Улуттук банк өз иштерин ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык координациялашат. 

2. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен Агенттикти кабарландырат: 

1) банкка банк ишин жүргүзүүгө лицензия берилгендиги жөнүндө, микрофинансылык компаниянын лицензиясындагы жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга чектөөлөрдүн алынгандыгы жөнүндө, турак жай-сактык кредиттик компаниянын айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендиги жөнүндө

2) ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй, Агенттиктин сунушу боюнча банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынганы жөнүндө

3) банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны кайрадан уюштуруу же жоюу жөнүндө

4) Улуттук банк тарабынан төмөнкүлөр колдонулгандыгы жөнүндө

а) депозиттерди кабыл алууга жана төлөөгө чектөө киргизүү

б) Убактылуу администраторду дайындоо; 

в) лицензиянын колдонулушун чакыртып алуу; 

г) (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

3. Агенттик тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка жазуу жүзүндө төмөнкүлөрдү маалымдоого тийиш: 

1) банктын банктар реестрине киргизилгендиги жана банктын аталган реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө

2) микрофинансылык компаниянын микрофинансылык компаниялар реестрине киргизилгендиги жана микрофинансылык компаниянын аталган реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө

3) турак жай-сактык кредиттик компаниянын турак жай-сактык кредиттик компаниялар реестрине киргизилгендиги жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аталган реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө

4. Агенттик Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада ушул Мыйзамдын 16, 21, 22, 30 жана 40-беренелеринде саналган маалыматтарды Улуттук банкка көрсөтүүгө милдеттүү

5. Улуттук банк ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл башка маалыматтарды талап кыла алат. 

6. Агенттик Улуттук банкка төмөнкү сунуштар менен кайрылууга укуктуу: 

1) банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын ушул Мыйзамдын талаптарын аткарышы боюнча Улуттук банк тарабынан банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга максаттуу текшерүү жүргүзүүсү жөнүндө

2) Улуттук банктын банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга карата таасир көрсөтүү чараларын колдонуусу жөнүндө

7. Улуттук банктын жана Агенттиктин өкүлдөрү ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын жана Агенттиктин ортосундагы аракеттерди координациялоо максатында маалымат алмашуу үчүн кеминде үч айда бир жолу жолугушууларды өткөрүшөт. 

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

9-глава 

Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

43-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

3. Өкмөт Депозиттерди коргоо боюнча агенттикти түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын өткөрсүн жана анын ишин каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин чечсин. 

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139, 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

44-берене. Корутунду жоболор 

1. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгү жана 35-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет. 

2. 35-берененин 2-бөлүгү "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет. 

3. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга кол коюлган күндөн тартып 3 айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайык келтирсин. 

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

К.Бакиев 

  

  

  

2008-жылдын 7-мартында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган